Бахтияр Шаматов: Комсомолдор

  • 15.03.2022
  • 2568

Сезимтал кишилерге айла жок. Кичине эле бирдеме көңүлүнө барып тырс тийдиби, көзүнөн жашы жылтырайт да турат. Менин дагы бир кадырдан достум, мен абдан урматтаган Марифулла да ушундай көөнү назик, жашык жигит экенин билбептирмин.

Марифулла азыр Россиянын кайсы бир чер токойлуу аймагына көчүп кеткен деген маалымат бар. Иши кылса алтын башы аман болсун кайда жүрсө да. Мына ошо дос менен партиянын аптарыйкаты ооп бараткан мезгилде райкомдо чогуу иштешип калдык. Атын айтпай эле коёюн, бир эжебиз ошо кезде КПССтын карачечекей бир тууган боор үкөсү ВЛКСМдын райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган чагы. Айдай жамалы толукшуган, орусча окуп, орусча маданият күткөн, кыргызчага түк тили келбеген эжем комсомолдун ишин чындап катуу аткарды, күнү-түнү дебей ак иштеп берди, мен кээде ойлочумун, бу киши ушу кызматта туулгандан бери эле иштеп келаткан го деп.

Мени баса, КПСС мүчөлүгүнө да ушул эжекем кабылдаган. Алгачкы жолу бу кишинин сүрдүү, сөөлөттүү кабинетине киргенимде бутуман өйдө жактырбай тиктеп, чойройгон чочко тумшук батиңкечен бу шалпайган байкуш кайсыл тоодон түшүп келди дегенсип мурдун чүйрө кабыл алган эжекем менен кийин ынак болуп кеттик, алтургай, чогуу бир подъездде кошуна да болдук. Ошентип эжекем орусча, кыргызча аралашкан тумтак тили менен партия тарыхынан беш-алты суроо берип, автобиографиямдан өйдө такып сурап, айтор, кыйла тердетип барып сыноосунан араң өткөрдү, көрсө партиянын катарына талапкер болгон ар бир жаш комсомол ушу кишинин алдынан өтөт тура.

Анан эле күндөрдүн биринде ошол айымдын комсомолдогу көп жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгү аяктап, андан ары жогорулап өсүш үчүн кызматын башка келечектүү кадрга тапшырар болуп калды. Ордуна татыктуу талапкер катары картаңырак болсо да бир жигитти тикелешкен экен, ошентип кетип бараткан “биринчи” менен кызматка келе жаткан “биринчи” экөөсү райондогу биздей кара таман комсомолдорду Самат колхозунун заңгыраган чоң залына чогултуп, бири коштошуу, экинчиси көрүшүү аземин өткөрүштү.

Ажырашар аяк сөз сүйлөгөн эжекебиз адегенде жакшы эле баштап келип, анан “менин жаштыгымдын эң жакшы учурлары ушул комсомолдо калды”,- деген жерине келгенде мукактана токтой калды, андан ары деми кыстыга түшүп, доошу дирилдей каргылдана көзүнөн тыркырап жашы куюлду. Дымы чыкпай тыңшап отурган карапайым комсомолдор баарыбыз таасирлене тунжурап, терең ойго чөмүлүп кеттик эле, бир оокумда алдыда отургандардан бирөөнүн бет арчысын алып чыгып, ийин кага пыш-пыш эте үнсүз ыйлаган эчкириги кулакка шак угула түштү.

Мага негедир, жүрөгү назик бала эле, Бешкент совхозунун комсомол комитетинин катчысы Майназаров болуп жүрбөсүн деген шек кетти. Мойнубузду капталдата кыңая созуп карасак... атаңгөрү, ыйлап аткан неме жайы-кышы Майкл Жексондой болуп ак байпагы бутунан түшпөгөн, кээде немисче “Манас” айтып жиберчү куудул, шайыр, ак сөөк аристократ Марифулла дос болуп чыкпаспы! Ким ким, бирок ушу баланы мынчалык сентиментальный деп эч качан ойлобоптурмун.

Залдан чыгып кетип баратып: “Ээ өлүң аа достум, ушуга да шунчалык капа болосузбу?” - деп асыла тийишсем, кытмыр бырс этип алды да: “Ээ Бахтияржан, керек жерде амалдар чоңдор үчүн көздөн чыга турган иккита тамчы жашты аябаш керек”,- дебатпайбы ойрон Марифулла.

Дегеле комсомолдор менен жүрсөң, зерикпейсиң, качан болбосун, бир “фокус” ыргытышат да турушат. Менин жакын досторумдун бири, Лейлек комсомолунун ардагери, ошондогу жалындуу жаш жигит, кийинки финпол офицери, андан кийин белдүү ишкер, бу да партком Барис акемдин үкөлөрүнөн болот. Ыраматылык Абдырахим туурасында бир кызык окуялар эсиме түшө берет. Бу жигит мени менен курсташ, ары жакын дос элек. Биз үчөөбүз - мен, Абдырахим жана азыр эмне кызмат аткарып жатканын билбейм, экс-райаким Майназаров Суранычбек дос болуп күндө райкомдун жертөлөсүндөгү Мамажан ашпоздун ашканасынан обед кылабыз.

Бир жолу түшсөк ошол күнү өтүп жаткан партхозактивге келген адам абдан көп экен, эптеп бир орун таап отурдук, тамак келгени менен чай ичкенге чайнек жок. Аңдып күтүп туруп бир чайнекти араң таап алдык да Абдырахим чай куйдуруп келди, үстөлгө коюп, колун жууганы ары басты. Көңүлүбүз жайланып жаңыдан чай куялы деп атсак, ашкананын шефи Мамажан чуркап келип чайнекти кайра көтөрүп кетти. “Тиякта шептер келип калышты”,- дейт. Экөөбүз унчукпай тим болдук. Бир маалда Абдырахим келип отурары менен эле “чайнек кана?” деп калды. Айттык Мамажан кайра алып кетти деп.

Сары адамдын жини мурдунун учунда эмеспи, шарт ордунан турду да урган бойдон чоңдор отурчу вип-бөлмөгө кирип кетти. Биз кой-ай дегенге үлгүрбөй да калдык. Тез эле чайнекти көтөрүп кайра келип отурду. “Барсам биздин чайнек Канарботоёв менен Дердиевде экен, алып баса бердим”,- дейт кыйраткансып камаарабастан. Дили назик, тубаса дипломат Майназаров, ага мен да кошулуп:“Ээ шерик, бекер кылдың, шу кишилерден чайнек талашпай койсоң өлүп кетет белең? Жүда некрасивый иш кылдың, аттиң...”,- деп алмак-салмак кейип жибердик заманабыз тарып. Тамагыбыздан нан өтпөй калды. “Райондун аталары обед кылып отурса, бу чайнегин тартып алганың не жорук, ашепке борзуйлук эмеспи достум?”- деп айтайын деп баратсам принципиальный Абдырахим кепти шарт кести: “Биз да адамбыз, керек болсо Мамажан үйүнөн чайнек апкелип берсин, бул ошонун проблемасы!” - деп чарт этти. “Чоң төрөлөрдөн чайнек талашкандын залакасы кандай болорун кийин Абдырахим сездиби, жокпу билбейм, бирок жогоруда кеп кылган комсомолдун биринчиси эжебиз кетип баратканда ордуна дапдаяр талапкер ушул Абдырахим болчу, чайнек талашкан момундай болот дешти окшойт, чоңдор шак эле жалпайта чабышты. Бирок Абдырахимдин бактысына комсомолдун өмүрү кыска экен, партия канабайрам болуп чачыраганда ага кошула комсомол да артынан күмжам болду. Ошентсе да жалындуу комсомол досумдун ошол “эрдиги” эмкиче эсимден кетпей, эстеген сайын күлүп коём.

Абдырахимиң түшкүрдүн дагы бир окуясы эске түшөт. Мынчалык болду, аны да айта кетейин. Кайсы бир жылы Абдырахим Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштардын бириндеги жездесинин карапайым тамында оонап жатса, ызылдата “Лексус” айдатып бир досу келиптир учурашканы. Сөөлөт токуп жүргөндү жакшы көргөн, билимсиздер шагырап толуп алган билим министрлигинин бир бучкак бурчунда кайсы бир кызматта иштеген досу обу жоктонуп жанына эки жан сакчы ээрчитип алыптыр имиш. Бирөө кол салмак турсун, аны менен иттин иши барбы, ошентсе да “мени карап кой досум, ким элем, ким болдум”,- дегенчелик кылып мактангысы келсе керек да бечаранын.

Абдырахим эргулуң мындайда тийишпей жөн калабы, анүстүнө так ошо маментте ичине куюп алган оттуу суудан от алып кетиптир да досунун жан сакчыларынын бирөөсүн азил чынга сала тумшуктан ары берип калган экен, бечара жансакчы жигит кыйган теректей далп кулап, терең нокаутка кетиптир. Экинчисине умтулса анысы дырылдап безип, кашааны аттай секирген бойдон чоң көчөгө чыга качты дейт. Ошентип тигилер “Лексусун” айдап, алардын артынан Абдырахим байбача жездесинин 20-кылымдын башында чыккан эски “Москвичин” шалдырата минип алып чыкырган кафесине чай ичкени барыптыр.

Райкомдун кызматкерлери күрүч айдаганда...

Компартиянын күнү бүтүп бараткан 90-жылдары райкомдун биринчиси ким эле эсте калбаптыр, бирок экинчи катчы эсимде. Турмуш каатчылыгы элди жаңыдан өзүнө оп тарта баштаган кездер эле. Ар кайсы уюм-мекемелердин жетекчилерине кошумча жер бөлдүрүп алып, чарба күтүп, жамаатыңарды баккыла деген буйрук берилген. Элге үлгү бололу деген биздин райкомдун аппарат кызматкерлери да бу саясатты кызуу колдоп, Замборучтун (эми Аксуу) этегиндеги менин киндик кан тамган айылым Кара-Давандан (жака жагын Чоюнчу дешет) 2 гектир, Төө-Жайлоого кеткен Таңгинин оозунан 2 гектир жер алып, тоо жагына картөшкө, чөл жагына күрүч айдадык. Картөшкөгө барып жүрүп кийин ошол бойдон бир томолок да картөшкө көргөн жокпуз, бирок шалыга да абдан катуу иштедик. Баш бригадир райкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. Калгандарыбыз жалаң карапайым ишчилербиз. Ошол эле Барис акем, Хабилла, Баймырза Саттарович, ыраматылык Умар аке Усанович, иши кылып 7-8 адам аптанын дем алыш күндөрү экинчи катчынын чымкый жашыл УАЗ вилисине тыгылып алып Ак-Сууну көздөй уруп кетип жүрдүк.

Менин “коңкобай” кайын журтум айткандай, биз, “ботобайлар”, палоону жүда жакшы көргөнүбүз менен анын күрүчүн өстүрүш өтө оор, машакат иш. Башка күн түшсө өтүгүң менен суу кечесиң дегендей, каатчылык башка түшкөн биз да үркөрдөй райкомчулар, резиңке өтүк кийип алып палдагы ылай суунун ичине кирип кетебиз, бакасы, жыланы менен тебишип күрүч эгебиз, урматтуу агам Икрам Абдиевич айткандай, парса-пурс, зып-зып иштеп, бутубуз менен сууну шилей ары-бери тепкилеп атайын ылайкалатабыз (эрежеси ошондой, сууну ылайкалатпасаң тунук сууга үрөн таштаганга бовойт, үрөн ылай менен аралашышы керек). Анан отогуна барып жүрдүк. Айтор, жайы менен ит азапты тартып жүрүп түшүм жыйналган маалга да эптеп жеттик.

Жок дегенде ар бирибиз 4-5 мүшөктөн күрүч алабыз го деп ичибизден кымылдап, тышыбыздан шаңыраңдап турганда төбөдөн муздак суу куюп жибергендей суук кабар келип жетти. Райкомдо биз менен бирге иштешкен татар элинин шуулдаган шуттуу уулдарынын бири Равил аке (фамилиясын эстей албай жатам) ар бирибизге жарым мүшөккө жетип жетпеген күрүч калтырыптыр да калганын оптум машинеге жүктөтүп, кайдадыр алып кетиптир. Күрүчтү ашпоз Мамажан таратып берди. Баса, бечара Равилде муну сата коюп акча кылайын да, апкелип бизге, кембагалдарга бапырата бөлүштүрүп берейин деген асыл ою болсо керек деп үмүт кылып калдык. Анан билинди, күрүчтү сатаарын го сатыптыр, бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча Равил аке сатыктан түшкөн акчаны жөн эле белине түйүп кайта бербептир.

Болгон акчага бензинби же саляркабы жүктөп келатып, бензовозу менен ОБХССкеби, милийсагабы кармалып калган имиш да, кара башын араң аман сууруп чыгып келген имиш. Турган турпаты радикал чалыш Баймырза Саттарович акем дароо туталанып кетип мындай сунуш киргизди: “Кызыталактын партбилетин тартып алып, өзүн муунтуп өлтүрүш керек!”- деди шак эле. Калганыбыз да ичибиз муздап турган жаныбыз, ага кошулуп Равилдин ата-жотосун, катынын калтырбай айда ашата сөгүп, анчада барып араң басылдык.

Жадагалса, Виталий Тимофеевич Овчаров аксакал да жини келгенинен тармалчач куйкул башын чулгуп-чулгуп алды нараазы болуп. “Не видать нам риса, тамам ребята!”- деди. Равилдин бул бетпак жоругунан кийин жалпы татар элине болгон сый-урматыбыз сууй түштү. Орустардын “татар болгон жерде еврей ыйлап жибериптир” деген макалы бар эмеспи, каратып туруп колдон алдырган райкомчулар жапырт ошону эстедик, ким айтса да атасына ыракмат деген бойдон кала бердик.

Равил болсо караанын көрсөтпөй качып жүрүп, ошол бойдон дам-дарексиз жоголду, биротоло келгис болуп туугандарына уруп кеткен окшойт. Чоңдор болсо укмаксан билмексен болуп коюшту. Билсе бир Кудай, бир Равил билет иштин ырасы кандай болгонун ошондо. Кай жагынан кантип караба, баччагар коррупция жыттанат иши кылса. Жай бою эшектей иштеген элдин эмгегин каратып туруп жеп кетсе болорун мен ошондо биринчи мертебе өз көзүм менен көрдүм. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз