Михаил Веллер: Нева проспектисинин уламыштары

  • 16.08.2021
  • 3269

ПОВЕСТЬ

Россия империясынын биринчи жана даңктуу көчөлөрүнүн бири, символго айланган хан көчө, борбор калаа ак сөөктөрүнүн белгиси, алардын мындай балант мартабасы куру көңдөй токтомдо гана айтылган эмес, тарыхтын духу менен даңкына терең жана өжөр тиешеси бар экенинде; - Нева проспектиси падышадан калган шаң көчө, мамлекеттин жүрөгүндөгү ийненин көзүндөй нур жана башка ушул сыяктуу кооз жана дымактуу сөздөр менен айта берсек түгөнбөс; - Нева проспектиси он жети жашка келгендер лондондук мырза дендидей сыланып-сыйпана жасана кийинип, алгачкы ирет эл көзүнө чыккан, эңсегенин ушул жерден гана таба алаар, торсок күчүктөй эпсиздигин акылы жеткенче оңдоп жымсалдап, балакатка жеткендердин катарына кошулаар өзүнчө кең мекен, мамлекет жана тагдыр; мында швейцарлардын көрөгөчтүгү менен сойкулардын баамчылдыгынын жанында Рентген (рентгенди ойлоп тапкан немис окумуштуусу -Б.Ш.)  өзүнүн эптеп-септеп колго жасаган, бар-жогу күмөн нурлары менен шоона эшпей калмак, чүркө төшөлгөн жол бетинен көгүш кийимчен гусарлардын аттарынын туяктары дагы эле дүпүрөп угулгансыйт, Кышкы сарай болсо Шкловскинин броневиктеринин курчоосунда тургандай, замбиректер атып киргенде көчөнүн ушул тарабы кыйла опурталдуу болор эле; аты уйкаш аракканадан башы чыкпаган, кудайын тааныбай көөп кетип, дипломаттын чүрөктөй карындашын азгырганы үчүн чекесине ок жеп, мүрт кеткен Фека деген неме да ушул жерде падышадан кем эмес кенен шапар тепкен; мансабынын мөөнөтү чексиз өкүлдөрү Парижден тартып Кейптаунга жана Каракаска чейин жатып алып, түшүнөн кетпей кусадар болгон, мода менен башкалардын жүргөн турганын үйрөнүп, ак сөөк чөйрөнүн сыртка чыкпаган көмүскө маданий чөйрөсүнөн тааныш күткөн Нева проспектиси, мында кино — театр — дүкөн — жаңылыктар — тааныш-билиштер — товар — акча — товар — адамдардын жүздөрү жана денелеринин башка мүчөлөрү жайнайт, кофе жана дөңгөлөкчөлөр, жин (спирт ичимдиги –Б.Ш.) жана ийне да табылаар, кыскасын айтканда, ар кандай өзүнүн кадырын билген өлкө сыяктуу эле Нева проспектисинин да өзүнө таандык тили бар, мыйзамы жана тарыхы (анын баары эле Санкт-Петербург менен Ленинграддын жалпы тарыхына кирбейт), анан да өз жарандары жана өз чыгармачылыгы бар. Бул да башка уламыш, ширин аңгемелер сыяктуу эле эски тургундардын жадында сакталып, акылы устарадай курч тапандар тарабынан улам өгөөлөнүп, жылмаланып, өзүнчө канон (мыйзамдардын жыйнагы) болсом дейт, бирок майдаланып, чачылып отуруп, акыры таптакыр жоголуп кетиши да ыктымал. Төмөндө баян этилген бул окуялар да башкалар сыяктуу эле ары кызыктуу, ары бетпак, ары сезимтал жана күлкүлүү.

Бир замандарда мен да Невада жашаган элем, анткени ал киндик каным тамган жер болчу. 

Өткөөл замандын каармандары туурасында чакан аңгемелер

Кызыл кулактыктын атасы Фима Бляйшиц жөнүндө уламыш

1. Интеллигентче

Маалым болгондой, бир миң тогуз жүз элүү үчүнчү жылы бүткүл элдердин жана уруулардын Жол башчысы жөөт атмайдын түгөл баарын жыргал жерге жеткирүүнү чечип, Ыраакы Чыгышка айдаган, бул акцияны ишке ашыруу үчүн ага кырк жылдын деле кереги болгон эмес. Үй башкармалыктарында шуулдата тизмелер түзүлүп, паспорт үстөлдөрдүн такымын жеген начальник аялдары керектүү тааныш-билиштерине бүгүн эрте бошогону жаткан батирлерди тымызын тандап кирсе, коммуналдык үйлөрдө чогуу жашашкан боорукер коңшулар болсо жөөттөрдүн өзү менен алып кете албай турган эмеректерин тигилер кете электе эле күдүңдөшүп ич ара бөлүшүп атышты. Питер шаарын аралай болсо кызыл капталына: «Орус, колуңа чырпыкты ал, жөөттү Палестинага кубалап сал!» деп кол менен жазылган урааны бар трамвай ары-бери калдырап каттап жүрдү. Мунун баары албетте, жөөттөрдүн жүлүнүнө чейин тийип, аларды тагдырдын өгөй тамашасы, жер бетиндеги  жашоонун оопасыз кыскалыгы жана турмуштун мааниси туурасында дагы бир жолу ойлонууга аргасыз кылып турду. 

Жыйырма эки жаштагы адамдарга жашоонун мааниси туурасында ой жүгүртүү негизи эле мүнөздүү эмеспи. Кеме куруу институнун студенти Ефим Бляйшиц диплом жазуу менен алек эле, ойлору ары-бери удургуп, дегеле ушул институтту, балким, жок дегенде, сырттан болсо да аяктай алар бекенмин деп өзүнчө камтама. Приморьеге жолдомо менен кетип, ал жакта кеме куруучу болуп иштесе кандай болор экен... Амур, Тынч океан деген деле оңойбу... жашаса болот да. Баса, ал картаң энеси менен  Васильев аралчасынын Сегизинчи багытында, кенедей бөлмөдө турушчу. Апасы башка апалардай эле жаш курагы улуу, тажрийбасы мол жана энелик сүйүүсү күчтүү болгондуктан, жаңыдан башталып келаткан уулунун келечегине, анын өзүнө караганда, кыйла кападар жана ишенимсиз карагандыктан, ал жокто дайыма көз жашын көлдөтүп отураар эле. Экөө чогуу болгондо дайыма баары жакшы болот, чынында эле өз элибиздин чинде жашасак жакшы эмеспи деп бири бирине дем беришип турушар эле, Кудайга шүгүр, Биробижжанга жетип алышса, ал жакта аларды эч ким бешинчи пункт боюнча өгөйлөй албайт;  балким, баары жакшы болуп кетер дешчү.  

Боюң жепирейип, чачың капкара, көзүңө көз айнек тагынып, анан да тилиң чулдурап турса, мындай үмүт үзүлгөн, күдүк ахыбалда жүргөн жаман эле да: кебетеңден улам жаман ишке кабылчу болсоң, паспорт көрсөтүп деле кереги жок.

Мындай кырсыкка Фима да бир жолу кечинде метродо баратып кабылган, аракка абдан тоюп алган үч-төрт балакай каргыш тийген жөөттүн тукумунансың дешип, ата-жотосунан бери сөгүп-сагып, жакшылап төпөштөп кетишкен, ошондо таманынан башына чейин акаарат жеген Фима караңгы жөлөк жолдо турган челектин жанында жайнап жаткан тамеки бүчөктөрүнөн узунуурак бирди алган да, эч кимден оттук сураганга даабай, эптеп тутантып, караңгы даараткана ичинде көпкө соруп, ачуу түтүндү ызасы менен кошо ичине жутуп отурган; соккудан зака жеп айлан-көчөк болгон башында болсо бирөөлөрдү каргап-шилеген, өзүнө өзү ант берген сөздөр өзүнөн өзү куюлушуп келе берген. Апасы үн чыгарбай туруп келип, эшикти ачканда эле тамекинин жыты бур эткен, бирок эч нерсе деген эмес. 

Аракетчил адам болгондуктан, Фима эртеси эле эки ишти жасады: мурда “Норд”, эми “Север” аталган тамекинин бир кутусун сатып алды да, институттагы бокс секциясына жазылуу үчүн жөнөдү.  

- Тамеки тартасыңбы?- сурады темир тиштерин тырсылдата чайнанган машыктыруучу. 

- Жок, - жооп узатты Фима. – Кокусунан бир эле жолу тарткам.

- Жашың канчада?

- Жыйырма экидемин.

- Карып калыпсың, - табалагандай түр менен жаза албасын айтып, баш тартты машыктыруучу, чынында эле бокска жараш үчүн Фима картаң эле. 

- Жок дегенде бир аз эле машыга турайынчы, - жүүнү бош интеллигентчесинен суранган болду Фима.

- Баары бир орун жок, - деди машыктыруучу жийиркенгендей, ныпым кашы жок, бырышынан тырыгы көп өңдөнгөн кебетесин тыржыйтты. – Бирок бир кол сынап көрөм десең мейли... Саша! бери келчи. Мобу жаңы келген немеге бокс эмне экенин көрсөтүп койчу. Түшүндүңбү? Бирок абайла, аша чаап кетпе, - деди машыктыруучу ичинен ызырынганын билдирбеске аракеттенип.

- Чечин, - деди да алиги Саша Фимага мээлейлерди ыргытты.

Уйпаланган турсийи менен апакай-көгүш денесинин ырбыйган арыктыгынан уялган Фима анын артынан арканга эңкейип, он чакты институттун мушкерлери чимириле бийлеп жүргөн рингге чыкты да, ошол замат көз илешпеген тездикте жыгачтай катуу күчтүн аёосуз токмогуна тушукту, бооруна тийген оңбогондой акыркы катуу соккудан соң анын ичиндеги болгон аба ичке ышкырык менен чыйылдап сыртка чыгып кеткендей болду да, бачагы чыгып тырайып жатып калды. 

- Тур, тур эй! - буйрук берди машыктыруучу, - бар, жуун.

- Соккуну такыр эле кармай албайт турбайбы, - деди актагансып түшүндүрдү мушкер Саша.

- Бар, иштей бер, - деди ага машыктыруучу. Анан мурдунан аккан канын билеги менен балжырата сүрүп жаткан Фимага кайрылды да: - Өзүң көрдүң, бул сен кылар иш эмес. Непадам майып кылып салышса, анан жүр сен үчүн жооп берип, - деп койду.

Сыртка чыгып көз айнегин тагынды эле, анысы ылдый шыпырылабы кандай, тамтыгы чыккан бетин эч кимге көрсөтпөй жүрүп отуруп, үйгө жетип күзгүдөн караса, бүркүттүкүндөй коңкогой, ичке мурду талкаланып, былкылдап жалпайып, жаагына жайылып калыптыр.   

- Машыгууга бардым эле, - деп түшүндүрдү ал энесине, апасы да башка суроо берип тынчын алган жок.

Ошентип боксту күсөп барып, талкаланган мурду Фиманын жөөт кебетесин «антисемиттин кыялына» куп жараштыра, так жанагы карикатурага окшоштуруп салды да, ошол бойдон бир аз кыйшык бүтүп калды. Ошондон кийин ал портфелине дайыма балка салып жүрчү болду, коркунуч кысмактап келгенде катылгандардын башын талкалай чабам деп өзүнө ант берген эле, бирок бактыга жараша, андай учур болбоду.   

Ал ортодо коңшу аялдар ашканада анын энесин чычкандан бетер акырын кемирип, жеп атышты; уулу менен энеси бул туурасында да экөөнүн ачык айтылбаган, бирок түшүнүктүү келишими боюнча кеп козгошчу эмес. 

Тарыхта жөөттөрдүн жолу такыр болгон эмес деп ойлогондор жаңылышат. Анткени 53-жылдын мартында Сталиндин каза табышы булардын бактысын ачкан жагымдуу окуя болуп берди, башка жакка көчүү маселеси ошол замат жокко чыкты, адам өлтүргүч врачтар да бүткүл улут менен кошо акталды, күн сайын эртең менен ашканада коңшулар баягыдай эле саламдашып, алтургай, майда-барат коммуналдык турмуш-тирилик иштери боюнча алыш-бериш кылып да башташты. Фима да окуусун ойдогудай аяктап, айына сегиз жүз сомдук маянасы бар заводко жумушка бөлүндү. Бирок ал баары бир бастек бой, өз көлөкөсүнөн өзү корккон, келечеги да бүдөмүк, кичинекей чепейген жөөт болчу.

2. Ачылыш

Адегенде стиляга дегендер чыкты. Адегенде алардын саны аз эле.

Кийгендери кыска пинжак-кастүм, шымдары болсо чучуктай ичке болчу. Үстүндөгү жегделери да, байланган галстуктары да кызыл-тазыл гүлдүү, чочко тумшук туфлийлеринин таманы – калың боло турган. Чачтарын француздук полька боруму менен тегиздеп кырктырып, маңдай жагын болсо тармалдантып туруп өйдө серптирип коюшчу; эркектердин көзгө басар мындай чачтарачканасы экөө гана болор эле: бири – «Астория» болсо, экинчиси – Нева проспектисине катарлаш эле Желябовада боло турган.

Буларды милицияга алып келгенде – милийсалар өзүлөрү эмес, патриоттуулук сезими ашып-ташкан элдик кошуундун мүчөлөрү алардын чучук шымдарын ыдырата сөгүп же маңдайындагы көкүлдөрүн кыркып салганга ынтызарланып, анан бул туурасында акты түзүп, аны деканатка же иштеген жерине жиберүүнү көксөп турушар эле. Басма сөз болсо мындай ашепке адеми кийинген адамдарды сойлоп келаткан жексур империализмдин тыңчылары катары сыпаттачу. 

Андан кийин партиянын тарыхый ХХ съезди болуп өтүп, толук эркиндикке жеткендей, өлкөдө жылымтык жарыя кылынды, жашоодогу коркунучтар азайып, оптимизм менен үмүт кыйла жанды. Бир жылдан кийин Союзда Жаштардын жана студенттердин Эл аралык фестивалы болуп, ага дүйнөнүн төгөрөк бурчунан жаштар агылып келди да ошондон кийин стилягалар ого бетер жер-сууга байтпай жайнап кетишти; батыш, түштүк жана чыгыш өлкөлөрүнөн келишкен жаштардын прогрессивдүү өкүлдөрү меймандос Советтик Россия өлкөсүнөн батиңкелерин коңултак кийип, көйнөгү жок жылаңач денелерин кастүмү менен кымтылап жапкан бойдон кайтып атышканы, анткени кийимдерин москвалык жана ленинграддык досторго эстелик катары жана өз ара алакалардын урматына таштап кетип жатышты.  

Майрамга чет өлкөдөн келген конокторго караганда «стукачтар» – сөз ташыгычтар арбын катышты, чет өлкөлүктөр менен – атайын достошууга бөлүнгөндөрдөн, демек, ким менен кантип достошуунун жол-жобосу үйрөтүлгөндөрдөн тышкары, эч нерседен тайманбагандар анан эч нерсеге кылчактабагандар гана достошуп атышты. 

Кебетеси серт Фимага кимдир-бирөө менен достошконго эч ким ыйгарым укук деле берген эмес, өзү деле достошконго ашыккан жок – абайлаш керек, келесоо бекен. Бирок жердештеринин колуна өтүп жаткан кооз, мыкты кийимдерди карап туруп, башына келе калган жөнөкөй эле кыйтыры жок бир ойду калчап турду.   

Мындай ой жалгыз эле ага келбесе керек, бирок ага жөөттүк тереңдик жана бүйрөлүк менен мамиле кылган биринчи адам ушул Фима болду окшойт. Анткени фестивалдын экинчи күнү эле апасына эски тааныштарыңдын арасында жакшы бир адвокат бар эмес беле, ошону таап берсең сүйлөшөт элем деди.

- Эмне болуп кетти? – чочуп кетти энеси.

- Эч нерсе болгон жок, - ишенимдүү айтты Фима.

- Анда адвокаттын сага эмне кереги бар?- энесинин өңү ого бетер кубара түштү.

- Мындан ары да эч нерсе болуп кетпеси үчүн керек, - деди уулу андан бетер ишенимдүү.

Адвокат да албетте, жөөт эле, ал Фиманы түз эле коммуналдык тамдагы кенедей бөлмөчөсүндө кабыл алды.

Фима энеси бышырып берген таттуу токоч оролгон түйүнчөктү чечти да, жанынан тамекисин алып чыгып ушалап, анан адвокатка карап калды.

- Розочка, нанга барып келе калчы, - суранды адвокат аялынан.

- Кана, эмне болуп кетти? – сурады ал. – Угуп атам.

- Абдан кунт коюп угуңуз, - деди Фима, - анан мүмкүн болсо дароо эле ушул жерден унутуңуз. Эч кандай жагымсыз окуя болгон жок, мындан ары да эч качан болбошу керек. Мага чет өлкөлүк адам галстугун белекке бере алабы?  

- Көзүң сонун экен дебелеби? – кызыгып сурады адвокат.

- Достуктун белгисине, - олуттуу сүйлөдү Фима.

- Сиздин чет өлкөлүк досуңуз барбы? Ким? Сиз аны кайдан таба койдуңуз – көчөдөнбү?

- Көчөдөн, - деди Фима.

- Кандайча таптыңыз?

- Ал менден Фин вокзалынын жанындагы Лениндин эстелигине кантип өтсөм болот деп сурап калды.

-Анан?

- Мен аны биздин шаардын эң ыйык жерине алып барып, 17-жылдын апрелинде Ленин так ушул жерге келгенин айтып бердим.

Адвокат таттуу токочтон ырахаттана тиштеп, ыракаттана чайнады да, чайдан ууртап туруп, Фиманы суроолуу карады.

- Ал галстугун түз эле мойнунан чечип бердиби? – сурады адвокат.

- Мен кой, кереги жок деп көпкө алган жокмун, бирок ал таарынып калды, мен болсо чет өлкөлүктөрдүн ленинграддыктарга таарынганын түк каалбайм, - жооп берди Фима.

Адвокат туура дегендей башын ийкеди.

- Болуптур, жакшы, - деди ал. – Чет өлкөлүк сизге галстугун белекке бере алат.

- Мен да ошентип эле ойлогом, - деди Фима. – А көйнөгүн да белекке бере алабы?

- Аны да так Лениндин эстелигинин астынан чечип бердиби?

- Жок. Кайра мейманкага узатып кой деп суранды.

- Адашып кетем деп корккон го?

- Ооба да.

Адвокат ойлоно түштү.

- Силер кайсы тилде сүйлөштүңөр? - уурусун кармагандай шаңдуу кыйкырып жибере жаздап сурады адвокат.

- Англисче.

- Ия де, бу англисчени сиз кайдан билип жүрөсүз?

- Кайдан дегениңиз кандай? – ого бетер таң калды Фима. – Мен бул тилди сегиз жыл бою окудум, алты жыл мектепте, анан эки жыл институтта. Мен деген жогорку билимдүү советтик инженермин. Советтик билим берүү – бул дүйнөдөгү эң мыкты система! Мен окуунун отличниги болгом.

- Чын эле, - макул болду адвокат, - туура айтасыз... Советтик билим берүү – дүйнөдөгү эң алдыңкы.

- Ал мага пинжагы менен батиңкесин да белек кылып берген, - чыдай албай кошумчалап айтып жиберди Фима.

- Эмнеге?! – таң калды адвокат.

- Ага биздин товарлар жагат экен.

- Жакса сатып албайт беле?

- Акчасы түгөнүп калыптыр да.

- Кантип түгөнүп калат?

- Ресторанга кирип чыккан экен.

- Кайсы ресторанга? – сурап жиберди ошол замат адвокат.

- «Европадагы» «Чатырга», - деген шар жооп болду Фимадан.

- Башка акчасы жок бекен?

- Кызык экенсиз, эмне, мен ага намыяныңды көрсөт же банктагы эсебиңди айт деп сурамак белем?

Адвокат токочту жеп бүтүп, манжаларын жалап койду.

- Макул анда, жигитим, - деди ал кубаттагандай. – Ал сизге галстугун да, көйнөгүн да, батиңкесин да белекке бере алат.

- Байпагы менен плащын да, - кошумчалады Фима. – Аялым ыразмери башка байпак алып салыптыр дейт, плащын болсо, жаанга суу болбой кийип кет деп берди. Аны үйгө чейин кийип барып, анан үтүктөп туруп кайра жеткирип берейин деп чуркап барсам, эчак кетип калыптыр. 

- Дагы эмнесин алдыңыз? – сурады адвокат.

- Чулкиден эки жуп, анан энеме деп француз ич кийимин алгам.

- Ишемби күнү кирсеңиз мага, - деди адвокат. – Мен бул маселени шек жаратпагыдай кылып изилдеп чыгышым керек болуп калды.

- Макул, - шак эле көндү Фима. – Эч кандай шек болбошу керек. Бирок ишембиде эмес, эртең келем. Убакыт кымбат.

- Жигитим, жигитим, - деп баштады эле адвокат, Фима ошол замат сөздү шарт кести:

- Достук достук менен, кызматтын жолу башка, - деди ал. – Сиз мага ушул иш боюнча кеңеш бересиз, мен болсо сизге эң жогору акыны төлөп берем. Анын өлчөмүн өзүңүз айтасыз.

Адвокат көз айнегин маңдайына жылдырды. Фима болсо кечээ эле алган айлыгын алып чыгып, толугу менен үстөлгө таштады. Эми энеси экөө эки аптадай кырк тыйынга жашап турушат.

- Макул, - деди адвокат. – Эртең саат алтыда анда.

- Белектер эми менин менчигим болуп эсептелеби?

- Албетте.

- Кааласам ыргытып жиберсем да болот да э?

- Кез келген биринчи эле челекке ыргытсаңыз болот.

- Белекке берсемчи?

- Каалаган кишиңизге бериңиз.

- Сатып жиберем десем мени ким кой дейт?

- Ооба... Ошондой го.

- Ошондой го дегениңиз кандай? Бул менин буюмдарымбы же жокпу?

- Сизди чайкоочулук боюнча статья кызыктырып атабы дейм?

- Сиз бул жерде чайкоочулукту көрүп турасызбы?

Адвокат Фиманын бопоросунан бирди алып түтөттү да, тор баштык көтөрүп кирген аялын карап жылмайып койду.

- Идишекопф, - деди ал Фимага мээримдүү кол жаңсай. – Бул баланын энеси эзели кор болбойт.

Мына ушинтип миң тогуз жүз элүү жетинчи жылдын жайында Ленинград шаарында жаш, бирок турмуштун запкысын көрүп калган, алган айлыгы сегиз жүз сом инженер жана көп жөөттүн бири болгон Фима Бляйшицтин башында чайкоочулуктун гениалдуу идеясы жаралды.

Шуулдаган учарлардын тилинде фарцовка деп аталган бул аталыш кийинчерек пайда болду, бирок ал жагы аны түк ойлондурган жок, анткени Фима кадыресе советтик материалист эле жана иш эле болсо, анын аталышы табыларын эң сонун билчү.

Жо, ага чейин деле чет өлкөлүктөрдөн чапырак-чупурагын сатып алышып, түртүшмө базарда, тааныш-билиштердин арасында «жылдырып» сатып келишкен дечи, бирок бул ишке алгачкы ирет илимий негизде жана олуттуу мамиле кылган мына ушул Фима болду. Кылмыш-жаза кодексинде кандайдыр бир укмуш моделге акча алганы үчүн жазалай турган берене жок экенин көзүн чыгара тактап билген да ушул жигит болду.   

Жаш, дээринен акылдуу жана жогорку билими бар серкайрат, анүстүнө саясый экономияны Маркстан абдан окуп үйрөнгөн адам болгондуктан, Фима баа жеткис бул идеяны ишке ашыруунун маанисин жана рынокту ээлеп алуу келечегин, башканын эмгегин пайдалана билүүнү эң сонун түшүнгөн.  

Анын тармал чач башы менен тар көкүрөгүндө катылып, бирок Мыйзам тарабынан катуу тыюу салынган иштин шумдук энергиясы менен андан карьера жасоого умтулуу ушинтип жолу менен багытын таап, баары жокту жемирип кетер дирилдеген катуу агым менен сыртка атып чыкты. 

3. Иштин башталышы

Эртеси эле ал, биринчиден, өзү тааныган элдин баарынан бир жарым миң рублден “айлыкка чейин”, “кастүм сатып алат элем” деп атып карызга акча чогултуп алды; экинчиден, элдик кошуунга жазылып, кереги абдан тие турган кызыл күбөлүккө да ээ болду.

Өзүнүн алгачкы курмандыгы болгон фирмачты Эрмитажга кире бериштеги кийим чечкен жерге катарлаш жайгашкан даараткананын жанынан кармап жайлады Фима. Эл кымгуут агылган мындай жерде кимди ким көрөт дейсиң, мелжеген керектүү кишиси эч нерседен бейкапар четирек турган экен, мисалы экөө чогуу дааратканага кирип кетчү болсо, бул атайын жасалган иш деп кимдин оюна келмек эле.

Голланддардан турган чакан топту ал англисче сүйлөгөн экскурсиячынын айткандарынан белгилеп алды да өнөргө суктанып ырахат алган кишидей түр көргөзүп, топтун артынан ээрчиди, эч кимисине жакындаган да, тигилип тиктеген да жок. Арасынан жашы отуздар чамасындагы кебетеси кең пейил өңдөнгөн бир жигитти бутага алды, тепкичтин алдынан топту кууп өтүп, гардеробго жетти да, чачын оңдогон киши болуп күзгүнүн жанында котолошкон аялдардын арасында күтүп турду.    

- Сори, - деди ал жигитке байкабай жөөлөп алган кишиче кайрылып.

- Сори, - деди тиги да жайдары жылмая.

Ага жаркылдаган жүзү менен бурулган Фима көз кыйыгы менен галстугун иле коюп, тимеле оозу ачыла суктанган кишидей түр көрсөтө туруп калды.

- Ар ю фром Парис? – суктанганынан өлүп кетчүдөй болуп түз эле галстуктан сурады.

 -Ноу, фром Свиден, — мээримдүү жооп узатты галстуктун ээси.

 -Зис ван из май оулд дрим, — кыялдана арманын айтып калды Фима галстукка. — Свиден из вандерфул кантри, ай ноу. Ай вонт мэйк ю литл призент фром Раша. Хэв ю ван минит?

Швед аягы дааратканага чейин жетип калган кадимки эле советтик өчүрөттө турган топтогу айымдарга карап койду да, ооба дегендей башын ийкеп, хэв бар экенин билдирди.

Фима акырын көзүн кысты да, колу менен акырын эркектердин дааратканасы жакка ымдады, ал жакта да топурап кезек күткөндөр толтура экен, ал калп эле шымынын бүчүсүн чечимиш эткен болуп, берки бош колундагы матрешканы тигиге суна койду.

- Оу, сэнк ю вери мач, — деп жиберди барбалаңдаган швед.

- Нот ит ол, — деген муңайым жоопту узатты Фима галстукка. — Из ит вери експенсив синг фор ю? Ченч, иф ю пли-из, ее?

Швед бир ирмемге буйдала түштү, колу менен галстугун калкалап калды, - не берем дегени, не галстугун аяганы билинбейт.

- Фор э мемори оф ауэ мэн френдшип, —деди Фима коштошуп аткан эркектин сабырдуу кейиши менен, анан кастүмүнүн боорун шак ача коюп, ички чөнтөгүнөн башы соройуп чыгып турган арактын шишесин көрсөттү. 

Швед аракты тааныгандай карап койду да, оозу кулагына жеткичекти маашырлана жылмайып жиберди. Кыязы, ал муну да белек деп ойлодубу, же ушул эле жерден туруп тартып ийгиси келдиби, айтор, азыр эле көргөн бөтөлкөнү унута электе запорождук марттык менен мойнундагы галстугун шыпырганын бир билет, анан эле карай салса: галстугу Фима менен кошо дайынсыз жоголгон экен. 

Табарсык бошотоор кезегин акырына чейин күткөн швед жеңилденип атып, табышмактуу орус адамы жөнүндө ойлоп койду да, ошентип Фиманын тагдырынан да, биздин баяныбыздан да жоголду.

Атаңгөрү, Тарых бизге фарцовка деп аталып, анан оңбогондой ири бизнеске айланган ишкерчиликтин алгачкы объекти болгон швед адамынын аты жөнүн жеткире албай калганы өкүнүчтүү.

Фима болсо чыгып баратып, кыжылдаган эл котолошкон музейде жүрө берип ысып кеткен кишиден бетер үстү-башын тартипке келтиримиш болуп, галстукту акырын өзүнүн мойнуна иле салды да, андан ары жайбаракат басып, Александр гүлбагын аралап сейилдемиш этти, Пржевальскийдин эстелигинин жанына жеткенде чарчаган кишиче отургучка отура кетти. 

- Бул сага төө саагандай иш эмес, - деп койду эстеликке карап акылдуусуна насаат айткансып.

Анан эсине келе калып, чөнтөгүнөн колго жасап алган орус-англис сөздүгүн алып чыкты да, майдалап туруп тытып ыргытты.  Ал кадыресе советтик инженердей эле англисчени алынын жетишинче үйрөнүп алган, бирок үйрөнгөнү маймылдыкынан жакшыраак болсо, эскимостукуна караганда алда канча начар эле.   

- Кудай сакта, укмуш го! Жыгылып калбасак болду! – деп баа беришти аны менен чогуу бөлүмдө иштегендер, мойнундагы тотукуштай кызыл-тазыл олжосун көрөр менен.

- Абам Швециядан белекке деп ала келиптир, - деген жайдары жооп айтты Фима. Аялдын амалы кырк эшекке жүк деп ким айткан болсо, эркекетики деле андан калышпайт, ошондуктан Фима каратып туруп эле чет өлкөгө бат-баттан сапарга каттап турчу улуураак аталаш агасы бар экенин ойлоп таба койду.  

 Галстукту ал ошол эле жерден четтин кийими дегенде ак эткенден так эткен бир сылаңкорозго бысмылла деп туруп, он беш рублге пулдап жиберди.

Ошентти да мындан ары жумушунда эч кандай соода-сатык кылбаганга шерт бекитти. Түлкү жанында турган тоокканага тиймек беле.

4. Кедей инженерден капчыктуу ишкерге айланды

Чет мамлекеттен келгендерди тоноонун ыкмалары толтура.

Түз эле меймаканалардан жана аэропорттордон, ресторандардан, театрлардан, музейлерден же көчөдө кетип бараткан жеринен кармасаң болот. Же жөн эле кедеймин деп кайыр сурап алсаң деле болот, сүйлөшкөнүң же меймандостугуң үчүн берген майда акчанын ирирээктерин ылгап алып, сувенир белектерге же аракка алмаштырып алсаң андан жакшы. Ичирип салсаң же коркутуп койсоң деле уттурбайсың.

Москвадагы дүңгүрөгөн фестиваль да өтүп кетти, бирок андан дүйнөгө таанымал катышуучу адамдардын бири да пакене бой, бар-жогу билинбеген Фима Бляйщиц тапканчалык пайданы таба алышкан жоктур. Бир ай бою Фима билгичтик жана абдан сактык менен, оперлердин, элдик кошуунчулардын, башкысы – коркунучтуу КГБнын көзүнө түшпөй, кез келген ар бир адамды “стукач” санап, кечкисин отуруп алып, бирдеме болуп кетсе өзүнүн таптакыр күнөөсү жок экенин далилдей алгыдай кылып, бир баскан жерине экинчи кадам таштабай, кайдан кирип, кай жактан чыгып кете турган тешиктин баарын иликтеп, жасай турган жүрүштөрүн тактап чыкты. 

Алчы таасын жеген соодагерлердин жана кылмыш дүйнөсүнөн жакшы кабардар билермандардын күлкүсүн келтирген баёо ачылыштарды Фима өз алдынча жасап жатты, чечимдерди да өзү издеп атты, - мыйзамдарды билбеген жаңы үйрөнчүк тыюу салуу дегенди билмек беле, - ойлогон ою, түзгөн пландары боюнча ал ага чейинкилерге жана айланасындагыларга караганда алда канча ашып түштү.

Биринчи ачылышы бул болду: мыйзам алдында үч жолу таза болсоң да, чет өлкөлүктөр менен жытыгышууга болбойт деген ачык айтылбаган эреже дайыма катуу көзөмөл астында болгондуктан, андайыңды күндөрдүн бир күнүндө милийса байкап калса, өпкөңдү үзүп коюшу турган кеп, мөөнөт да берип камап салышы ыктымал, же болбоду эле дегенде үстүңөн арыз жазып, комсомолдон да, жумуштан да кууп чыгышы мүмкүн, анан өздүк ишиңе түшкөн андай кара такты өмүрү жууп кетире албассың.

Бүтүм – эски: ооз майлабасаң – ишиң жүрбөйт.

Ошондуктан Фима кимдин алаканын кызытып туруш керек, деги аларга кантип жол табыш керек деген ой менен алектенип кирди.

Швейцар атмайлар тегиз эле акча алып, керектүү жерлерге тегиз сөз ташышат экен.

“Интурист” мейманканасынын гиддери менен шоопурлары да жапырт КГБнын “кабарчылары” болуп чыкты (азыр деле ошондой). Ар бир аракканада, ар бир мейманканада жөн кийимчен менттер менен кгбышниктер такай нөөмөттө турушат экен. Чет өлкөлүк атмайдын ар бирин тынымсыз изинен аңдып турушат экен. 

- Баарынан качып кутула албайсың, - насаат кылчу Фима өзү жакшы көргөн Пржевальскийдин эстелигине келген сайын. – Маалымат – бизнестин канышасы.

Ошол кезде ал бейкапар жаткан Парижге Ватерлоонун кабарын көгүчкөн жеткирген Ротшильдди билген билбегенин айтыш кыйын, бирок муну ал жогорудагыдай маалыматтык жандануу жаралганга чейин эле өздөштүрүп алган болучу.

“Майда-чүйдөлөргө эмес, кожоюнга төлөш керек”. Кээде ээ жаа бербеген дымагы демин кыстыктырып келгенде, Фима түз эле ленинграддык КГБ начальнигин колго алсам деп кыялданып кетер эле. Бирок эси бар экенин белгилеп коюш керек, ушул жерден кадыресе акылы жеңип кетти да, тескерисинче, азырынча так ошо майда-чүйдөлөргө төлөп турууну чечти, анан ар кимиси өз кызыкчылыгын сактап, шыбагасын начальниктери менен бөлүшүп алышат деди. Эгерде ал аларга начальниктерден көбүрөк төлөсө, анда алар албетте, чоңдоруна эмес, ага көбүрөк иштей баштаарына да көзү жетти. Мына ушул ыңгайлуу жана уч жагы кууш, негиз пайдубалы кенен табигый пирамида азыр деле сакталып турат. 

Өзүң чуркаба, башкаларды чуркаганга аргасыз кыл, анткени – сен жалгызсың, тигилер болсо көп деген айкын түшүнүк Фиманын экинчи ачылышы болду. 

Ал дароо маалымат чогултууга киришти, болгон классташтарын, бала кездеги досторун жана туугандарын тактап чыкты, жадагалса, “Интуристтин” системасына жана мейманканалардын тресттерине чейин кирип чыкты. Ал эми түнкүсүн англис тилин өздөштүрүү менен алек эле, тааныш мугалим аялды таап алып, туура сүйлөгөндү ошол үйрөтүп жатты. Жумушка барып келчү унаада да баарын камтыган жана бекем корголгон тармактын чийимдерин ойлончу болду. 

Кечкисин жана дем алыштарда чайкоочулук менен алектене калчу, бирок беш колун оозуна тыкчу эмес, эртеңки келер жаркын келечекти ойлоп, анын варианттарын даанышман көрөгөчтүк менен дыкат текшере аз-аздан колдонуп жүрдү.

Акча күргүштөп түшө баштады: иштин жүрүшү барган сайын чыгымдарды талап кылып турду.

Ал чалгынчылар мектебинин алдыңкы окуучусунан бетер көзүн да машыктырып жатты: байкаса, театрларда, аракканаларда жүздөрүндө искусствону ышкылап сүйгөнү дегеле байкалбаган, бирок туруктуу келип отурчу кунарсыз адамдарды мелжей белгилеп, көз кырына басып койду. Чүпүрөктөр адегенде арзандатылган дүкөндөргө тапшырылып турду, ал дүкөндөрдү кезектештирип тизмелеп алган эле. Ошентип бир жарым ай ичинде Фима таптакыр башка адам болуп чыга келди – ал чынында эле башкача адам: бул кадимки чөнтөгү калың ишкер болчу.  

Бул өзгөчө категория, бул жырткыч –акуладай, Уолл-стрит менен кошо мафиянын үшүн алган, баары жоктун баарын чылгый баскан советтик жөөлүмөйлөрдүн ичинде унчукпас балык болуп кубулуп алган, акча белгилери чийилген кагаз үчүн эч кимди аябас профессионал-мушкер эле. Жалгыз өзү Бөрү да, Бөрүбасар да деген ушул эмеспи. Ток этер жерин айтканда, биология мүнөздүү жандык. Мыйзам бизнести коргой албаган жерде – бизнес Мыйзамдын акеси ким экенин Анжияндан көрсөтүп, ошол Мыйзам бийлей турган музыканын пулун төлөй тургандар ушулар эле.   

5. Иймек ыргытуу

Флотто ушундай буйрук бар. Тростун учуна байланган темир иймекти душмандын кемесине ыргытып туруп кырынан илип алышчу да, анан кемедеги олжону алыш үчүн өзүлөрүнө жакындатып тартып алышчу. Болжолу менен Фима ыргыткан ушундай иймекке биринчи болуп интуристтик автобустун шопуру илинди. Бул деле биздин башка шоопурлардай эле, руль башкаргандыктан ичпегенге аргасыз болгону үчүн жумуштан кийин өзүн сыйлап, арактан өкүртө бастырып туруп, тамакка өлө тойгонду жакшы көргөн неме эле.  

Шопурду Фима атайын издеп барып, үлпөттөштөрү менен отурган жеринен жолуктурду, дароо таанышып, ынакташа достошуп алды, атүгүл илип койгон плащынын чөнтөгүндө ага деп атайын ашыкча салып алган бир бөтөлкөсү менен анан тилин булдуруктамыш этип өзүнүн ага айта турган сөздөрүнө дейре даярдап койгон эле: анын чыныгы эркек кыла турган оор, ары кызыктуу шоопурлук жумушуна суктанаарын, ал шумдук акча табарын, айтор, кай жагынан алып караба, толук кандуу чыныгы эркек экенин айтмак. Ошентти эле, бечара шопур Фиманын кайырмагына кантип илингенин сезбей да калды.

Шопур менен жаралган ысык достук эртеси да “Метрополдо” уланды. Аякка Фима атайын эле тааныш кызын чогуу ала барган. Отуруш аяктаган соң албетте, кыз аны чанып, эр көкүрөк шоопурга чапташып калган соң Фима тамактын акчасын төлөп туруп, аларды таксиге салып ийди.   

Сый да, кыз да абдан жакканы менен шоопур ичинен ушу да кишиби дегенсип, Фиманы жектеп теңсинбей турса да, экинчи чакыруудан баш тарткан жок, бул жолу да өзүн кудайдын мурдунан түшө калгандай сезгени менен, бирок колу ачык, арам ою жок байкуш жөөткө ылым санагансып калды.

Экинчи отурушта арактан ойда согуп, көзү тунарган шопур Фимага боору ооруп, бир сыйра насаат айтып, кантип жашоо керектигин үйрөттү, анан мейли, кыялыңды орундатканга жардам берейин деп модалуу чет элдик кастүмдү таап бергенге макул болду. 

Шопурдун таң калганы таап берген пинжагы үчүн болжогонунан эки эсе артык акча тапты, ошондой эле акчаны таманы калың, бышык тигилген туфлийге да алды. Шопур атмайдын баары эле сол акча дегенде жантыгынан жата калат эмеспи, бул деле ошондой. Бир нече импорттук кийим таап берген соң мээсин ачыштырып эсептеп чыкса, андан түшкөнү өз тапканынан эки эсеге көбөйүп кетиптир. Ичинен кым дей түшкөн шопур акеңде бара-бара Фиманы сыйлоо сезими ойгонду. Чогуулашып арак ичмейди токтотушту да, экөөлөп өнөк бизнеске киришип кетишти. 

Баса, мунун күлкү келе турган жери жок, шопур ичкенин такыр токтотту. Социализмдин мекенинде адамды акча эмес, анын жоктугу буза турганы моюнга алынгандан кийин, шопур деле киши эмеспи, кирешелүү иштин акыбетин туяры менен кайра эле ар бир шопурдун эңсеген кыялы – өз машинем болсо деген дегдөө пайда болду да чайкоочулуктан тапкан акчасына “Победа” сатып алып, эски түнөгүнөн Ленинграддагы көзгө басар кооперативдик батирлердин бирине көчүп алды, ошентип үстү-башы майланышып жүргөн неме оокат жайлуу, кычыраган жарандын бири болуп чыга келди. Ал азыр деле көзү тирүү, “Электросила” метросунун жанында турат, жекшемби күндөрү эртең менен баш жазганы пийваканага келген сайын ким кезиксе, улуту жөөт болгону менен Фиманын гениалдуу адам болгонун үлгү кылып, алиге түгөтө албай уламыштап айтып келет.  

Чүпүрөктү кийинчерек ал Фиманын өзүнө эмес, ресторанды айланчыктап жүргөн бекерпоз балакайлардын бирине тапшырып жүрдү, бирок аны да Фима эки-үч ирет оозун майлап, колго алып койгон. Ага тапшырганы түккө турбаган бир иш – бала чүпүрөк салынган портфелди чачтарач аялга жеткирип бериши керек эле, ошентип иштин алгачкы чынжыры ишке кирди: тиги болсо анын баарын сатып, Фимага нак акчаны санап берди, аны алаары менен Фима пайданын баарын кичинекей бул фирманын эмгекчилерине маңдай акыңар деп калыстык менен бөлүштүрүп, таратып берди.

Чынжырдагылар албетте, ар кимиси өзүнчө жок жерден пайда тапкан босстон арылсам деп ичинен кыялданат, бирок босс деген босс да, кимисинин кантип дем алганына чейин билип турат, керек болсо чынжырдын алсыз жерин оңдоп да коёт, мисалы, анын байланыштыруучу тогосу болгон жанагы сомке ташыгыч балакай чолок акылында өзүн бул иштин мээси сезип, боссту чачтарач катын менен тааныштырууну түк каалаган жок, антсе эле өзүнүн кереги жок болуп калбайбы. Бирок мунун эсебин Фима бат эле тапты, блатной чалыш эки-үч зөөкүрдү сыйлап, акырын балакайга тукуруп койду эле, алар дароо жетип, тигинин өпкөсүн жакшылап үзүп, кызматына дал келбей турганын эскертип кетишти, жөн кетпей, кийинкисинде түз эле жайлап туруп каналга ыргытабыз деп опузалап кетишти. 

Ошентип бул чынжырга башкалары да кошулуп отуруп, фирма концернге айланып баратты. Кара башын тобокелге сайып, жалгыз иштегендер да эмгектин мыкты уюшулгандыгын жана акча табуунун бекем кепилдигин түшүнүп, артыкчылыгын баалашты. Кошулгусу келбей кежирленгендерди аёосуз жазалап турушту. Чөнтөгүндө сокур тыйыны жок көчөдө жүргөн милийсаларды түп-тамырынан сатып алышты, эми Фима мындай майда-бараттарга көңүл бурбай деле калды.

6. Биз жомокту чындыкка айлантыш үчүн жаралганбыз    

Көп өтпөй мунун баары сырттан караган көзгө момундай даражага жетти: сегизинчи линиядагы үйгө жылтыраган интуристтик автобус келип токтоп, ичинен эки чаманданды көтөргөн кычырап кийинген жаш жигит түшөт да, экинчи кабатка көтөрүлүп, Фиманын батиринин коңгуроосун басат. Эшик ачылып, ал кабылдамага кирип барат, ал жерде болсо килейген үстөлдө андан да кычырап кийинген башка жигит отурат. Чамадандардын ичиндегини ошол бир сыйра ачып караган болот да, анан үстөлдүн ылдыйкы суурмасынан бир пачке акча алып чыгып келген немеге ыргытат. Тиги шак чыгат да, автобуска секирип минген бойдон кетет. 

Жаркыраган батир абдан кенен эле. Коңшуларды мындан абдан кымбат турган ыкма менен чыгарып салышкан эле: үй капремонтко коюлуп, андагы тургундарга жаңы, жакшыртылган турак жай аянты берилген эле. Анан жаңы комиссия келген да, үй жарактуу, бирок коңшулардын бөлмөлөрү гана жарактуу эмес деп бүтүм чыгарып берген. Эми анын баарын Фима ээлеп, бир сыйра оңдоп алган соң, эки жүз чарчы метрлик кан сарайлардын кожоюну болуп отурбайбы.

Тамак-аш болсо мыкты деген Елисеев базарынан гана ташылып турду.

Подъездди болсо дайыма лөкүйгөн эки неме кайтарып турчу болду.

Эки телефондун жаагы күнү-түнү тынбай, чалгынчылардын түшүнүксүз тили менен сүйлөшүп турушчу.

Эң арт жактагы бала кездегидей тар, кичинекей бөлмөдө болсо Володар фабрикасында тигилген арзан кастүмчөн, бутунда калдыркан туфлийи, колуна таккан “Победа” сааты бар Фиманын өзү отуруп алып, зор иштин айланган дөңгөлөгүн тынымсыз тескеп турчу. Ал эски адаттарын таптакыр таштаган жок. Аз жеп, арак дегенди дегеле оозанчу эмес, акырын жана сыйлык сүйлөчү, ары-бери жүргөнгө гана кереги тийип калар деп болгону эски “Москвич” гана сатып алган. Бурчта турган милийса болсо ага честь бергенге аракет кылар эле. Бир жума өтпөй эле кошоматты жакшы кыла билген ошол милийсаны Москвага которуп ийишти. Милийса атмай Фима Бляйшиц деген адамдын бар экенин таптакыр билүүгө тийиш эмес болчу.  

7. Шляпа

Ал ортодо финн чек арасын да ачып калышты – бирок финндер бул жакка келгени менен биздикилер алар тарапка чыга алчу эмес. Чек ара ачылары менен эле арак туристтер жамырап каптап, өзүлөрүнүн жарым кургак мыйзамынан качып, эс алганы келип атышты. Чет өлкөлүктөр менен болгон мамиле күн санап өсүп, аны менен кошо Фима да өсүп жатты.

Бир ирет текшерүүлөр учурунда ал жазында Выборг шоссесине жөнөдү, ал жакта балдары финндер түшкөн автобустарды токтотуп, шаарга жеткирбей, чек арадан өтөрү менен эле каймагын кагып турушчу.

“Москвичин” бурулуштун алдынан четирек чыгара токтотуп, далдага кирди да тамеки жандырды. Карап туру: биринчи бала арагын белендеп мотоциклдин бешигинде отурат, экинчиси болсо отко айландыра шишкебек кактап атыры. Автобус көрүнөрү менен балдар кол булгалап калышты, айнектин артынан тигилген көздөр жандана түшүп, сүйүнө, убактысы да, акчасы да коробогон, ташпиши аз он мүнөттүк эс алууга даяр экенин билдиришти.

Шопур алчусун алаары менен мотоциклдин жүк салгычындагы бир жащик арактын оозу ачыла берди да жаратылыштын койнундагы интерционалдык туугандашуу табигый түрдө арак-буюм алмашууга айланып кетти.

Фима ыраазы боло башын чайкап койду да, машинесине кайтты.  Отура берейин деди эле, бирок бирдемени көзү чала калып, кызыга токтоп калды. Автобустан килейген семиз, чочко этине өлө тойгондуктан бети мала кызыл, кебетеси пийвадан шишимек тарткан киши түшүп келатыптыр. Бышык кездеме – замшыдан тигилген шортасы чытырган сандарына жабышып калыптыр, эмчек кап тартканга ачык эле муктаж төшү болсо алачакмак чыптамадан салаңдайт. Чайкоочулуктун кылтагына илер турмалай финнге караганда кебетеси тиролдук немиске көбүрөк түспөлдөш. Чын эле ошол жактан келген турбайбы, Финляндияга болсо мейманчылап келген болуп чыкты.

Немистин башында шляпасы бар экен. Бул жөн эле эмес, болгондо да укмуш, башкача шляпа эле. Ал көгүлжүм кардай апапакай эле, канышанын бриллиант шурусундай нур чачып куюлушуп, кубулуп турат. Кыргагын тегерете кымбат баа жибек тасма оролгон, эрдиктин символундай болуп жебе өңдөнгөн, кыпкызыл чоктой күйгөн рыцарлык бир тал канат да капталынан койкоё үлпүлдөп турат. Кыскасын айтканда, шляпаны сүрөттөгөнгө сөз жетпес. Терең ойго бата түшкөн Фима жанагы байкап турган ордуна кайра кайтты. 

Элдикинен башкача шляпаны балдар да көз жаздымында калтырышкан жок. Тиролдук немиске ошол замат шишкебек менен бир ыстыкан аракты сунушту. Ал шак уруп жиберди да артынан шишкебекти тиштеди. Фиманын баласы шляпаны көрсөтүп, мына бул болбогон буюмуңду жакшылап пулдап алганга бирден азыр бир сонун учур болуп турат дегендей колу менен жаңсап түшүндүргөнсүдү. Немис жок дегендей башын чайкады.

Бала дагы эки мүнөттөй күйпөлөктөдү да, анан шляпачанды таштай салып, сөзмөрүрөк башка конокторго ооду, алардын саны кырк болсо булар болгону эки гана бала, ошондуктан баарын бир саатка жеткирбей тейлеп чыгыш керек эле.

Бутактын далдасында турган Фима тамекисин ыргытып, эс алгандарды көздөй басты. Балдар мындай текшерүүлөр кадыресе көрүнүш болсо да ооздору ачылгандай таң калган түр көрсөтүп, боссту көргөндө какая туруп калышты. Шопур саатына, финндер болсо көл четине кылкылдап батып бараткан күндү карап коюшту: бирок биердегини ичип түгөтүп, анан мейманкананын ресторанына жеткенди самап турушту.  

Фимага эки финнди ары түртүп таштап, оттун жанына көлдөлөң жайышты, ыстыканды сууга шаша-буша малып чайкаган болушту да шишкебектин эң жакшысын тандап, “Мальборонун” кутусун ачып сунуп калышты. Мындай мамиле калгандары беркилерди таң калдырды. Фима ыстыканын көтөрө берип немис менен тиктеше түштү да, жанынан орун бергенин билдирип, колун жаңсады. “Бул биздин чоң босс. Миллионер. Абдан күчтүү киши”, - шыбыраган балдар алаңгазар немистин кулагына куюп жатышты.  

Тиги болсо урмат көрсөтө келип жанына отура кетти да Фима менен ыстыкан кагыштырды. Экөө аба ырайы сонун болуп турганын жана элдердин достугу баарынан кымбат экенин айтышып, эки ооз сүйлөшүштү. Балдар болсо бул убакытта автобусту кагып бүтүп, сумкелерди мотоциклдин бешигине тыгып атышты.  Фима чөнтөгүнөн алтын ручкесин алып чыкты да эстелик болсун деп немиске сунду, алмашалы дегендей шляпага ишара кылды. Немис ыраазы боло белекти алды бирок, шляпасынан айрылуудан баш тартты. 

- О' кэй, - деди Фима. – Жүз рубль берейин.

- Найн.

- Эки жүз. Мен муну бир атактуу кинорежиссёрго белек кылсам дедим эле. Эйзенштейн деген, балким атын уккандырсың? “Броненосец Потемкин” деген тасманы тарткан.

Немис Эйзенштейн туурасында укканга макул эле, бирок кеп шляпага бурулары менен таптакыр эле дудук болуп калды.

- Миң рубль, - деди акыры Фима.

Балдардын көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Финндер болсо ичип аткан жеринен токтоп калышты.

- Эй, төөнүн жарты этиндей болгон кеңкелес, - деди тигинин жоон белинен араң кучактаган Фима жайдары жумшак орусча. – Бавардын чочкосу. Айтчы, мунун сага эмне кереги бар? Малакайыңды бере сал да, айбан, маа десе, жатып калганча иче бербейсиңби анан!

Ал балдарга машиненин ачкычын ыргытты да бир мүнөттөн кийин тиролдукту эки жактан коньяк менен үйлөп киришти, оң тараптан армян коньягын, сол жактан француз коньягын бастыртып атышты. Тиролдук асыл баа ичимдиктин үч литрин көңтөргөн соң кырт кекирди, эриндерин арчып, өз жүрөгүнө кымбат шляпасынан өлсө да айрылбай турганын дагы бир ирет кайталады.   

- Башынан жула качайынбы? - деген сунушун айтты балдардын улуусу.

- Тийбе, - деди оор басырыктуу Фима.

Тиролдук ыйлап жиберди да, булдуруктаган тили менен бул укмуш баш кийимге байланышкан кандайдыр бир романтикалуу окуяны айтып кирди.

- Гитлер капут! –анын сөзүн бөлдү Фима. – Сен согуш маалында эмне кылып жүрдүң? ССте кызмат кылдыңбы? Россияда согушкансыңбы?

- Найн! – бакырып жиберди тиролдук. - Их бин швейцармын!

 — Франциялык королдордун швейцариялык гвардиясы, — көтөрө чалып билимдүүсүнө айтып койду Фима. — Армияга ден соолугуң жарабайт деп албай коюштубу? —деди Фима тигинин бултактап турган май курсагын жийиркене чапкылап. — Жүрөгүң да оорулуу болсо керек? Араң басасыңбы?

— Мен спортчу болгонмун, — деди таарына түшкөн тиги.

— Ал эмне болгон спорт экен? Ким көп ичмейби?

— Ватерполо! Мен алтургай, Швейцариянын курама командасында ойногом!

— Ушул былкылдаган сулпу эт сууда сүзгөндү билеби?

— Майы чөктүрбөйт да, — жийиркене айтып калды сөзгө аралашкан балдардын улуусу. — Жүрү, кетели эми, Ефим Данилович.

— Сага караганда мен жакшы сүзөт болушум керек, — деди Фима.

Ошентип атып акыры мелдешке жыкканы, Фима менен жиниккен букадай кыжырданган немис кийимдерин чечип киришти. Выборг шоссенин жээгиндеги суу эми укмуш бир муздак дейсиң, жайында сай-сөөктү какшаткан бул суу май айында кирген кишини тимеле чочконун мурдундай түйрүп салбайбы.

Жалаңкат турсийчен Фима немиске көз кырын салып коюп, биринчи болуп жээкке жакындаганы. Балдардын улуураагы мотоциклин от алдырып, кичүүсү болсо шляпаны аңдып калганы.

Тиролдук болсо турсийчен, анан башында шляпасы. Ошол бойдон сууга кирип баратат. Шопур каркылдап күлүмүш болот. Фиманын өңү кубаргандан кубарып барат. Бала болсо чалынып кулап, кайра турат.

Сууга кирери менен Фима немистин башындагы шляпасын шак жулуп алып, сууну буркулдата жирей, тынымсыз айланган сузгучтан бетер, жанталаша алдыга сүзүп жөнөдү. Тиролдук немис колдору менен бир нече ирет сууну жирей калактап жиберип, бирок таштай муздак суудан деми кыстыга баштады. Алды артын карабаган Фима сууну көбүктөнтө түз бет алды сүзүп баратат, башында болсо апакай шляпа  жаркырайт. Тиролдук болсо аны кууп жетсем дейт, артын карай койду эле, жээктен алыстап кетиптир, финндер колдорун булгалап, ышкырып атышат, алардын ортосунда колдорун көкүрөгүн кайчылаштыра, эки буту эки жакка талтайтып Фиманын эки баласы туру. Тиролдук алдан тайып, акырын чөгө баштады. Фима болсо батып бараткан күнгө чагылышкан сууну шарпылдата ургулап, чачырата чапкылай кутулуп кетер эзели жеткистей болгон жээкти көздөй өлө тала уруп баратканы.

Дүрбөлөң түшкөн балдар эмне кылышты билбей, турган жеринде туйлап секирип киришти, жанында турган финндерди сууга киргиле, чөгүп бараткан тигини алып чыккыла дешип, түртмөлөп жатышты. Мастар кыйкырып-өкүрүп, ичиркенип, бултуктап секирип атып сууга киришти да, таламандын тал тушунда тонолгон шляпанын ээсин эптеп сүйрөп чыгышып, чуру-чуу түшүп калышты.

Түйшүктөнө чабалактаган Фима болсо көлдүн чок ортолоруна жетип калган, карарган башы гана араң көрүнөт, көлдүн болсо туурасы эки чакырымдай, узуну болсо учуна көз жетпейт, кеминде он беш чакырымдай чыгат ко, аны айланып чуркап жете албайсың. 

Балдардын жүрөгү түштү: босс чөгүп өлсө эмне болот – табыт буйрутма кылыш керек, өзүлөрүнүн баштары да соо калабы. Секирип, сөгүнүп бакырып турушат, жан далбаста жанагы эси чыккан тиролдук немисти да тумшукка коюп алышты, анан мотоциклге секирип миништи да, сууну, сазды карабай аңыраңдаткан бойдон көлдү айлана тиги жээкти көздөй урушту. Анткени эби жок тарталаңдап сүзгөн шеф эми артка бурулбайт, түз кеткен багытынан буруп көр.   

Аңгектен дөңгөккө бир урунуп, эттери камышка тилинип, сазга тыгылып отуруп, шашкалактап ого бетер жүрөгү түшкөн немелер эптеп тиги жээкке жетип карашса, Фима жанын куткарып кетер кургакка жүз метрдей гана калган экен, көздөрү алайып, оозу мурдунан көбүк атып келатыры. 

Балдар сууга чуркап кирип, боссту колтуктап сүйрөп чыгышты, ошол замат жан алекетке түшө куткаруу иштерин жасап киришти: жасалма дем алдырып, оозуна шишеден арак куюп, эмеле чайкоочулук менен алынган жемпир менен сүргүлөп жатышты, анан сумкадагы чапырак-чүпүрөктөн баарын чачып, Фиманы жылуулап киришти. 

Өзү чала жан болуп, тигилердин камкордугуна баш ийип туруп бергени менен Фима башындагы кымбат баа шляпаны унутпай, улам кармалап коёт.

Анан аны мотоциклдин бешигине отургузушту да машинеге чейин жеткирип, андан ары үйгө алып барышты, барганда да мотоцикл алдыга озуп кетти, үйдө болсо Фиманы жеке догдуру, ысык ванна, оттуу калемпирден пластырь, ром, малина, аспирин, дүрбөлөң түшкөн жакындары менен энеси күтүп турган экен. 

- Фимажан, - сурады энеси кийинчерек, - башыңдагы эмне?

- Сага жакында эле жаңы көз айнек сатып бердим эле го, - жооп кайтарды уулу. – Аны мыкты профессор өзү тандап берген. Бул шляпа, апа. Эмне, мен шляпа кийсем болбойбу?

Ал жүндөн тигилген жумшак шымчан, күрөң булгаары курткасынын астынан кийип алган төөнүн жүнүнөн согулган свитери бар, мойнунда чакмак шарф, бутуна кийип алганы таманы калың туристтик батиңке, тармал чач башында болсо падышанын таажысынан бетер бриллиант шляпа жаркырайт.

Түндө ага ысык сүт ичирип атып энеси сүйлөшүп атты.

- Анын сага эмне кереги бар? – сурады ал.

- Жагат, - деди таң калган көзү менен караган уулу.  

 Ошондон тарта Фима кайда барса да шляпаны башынан түшүрбөй кийип жүрдү. 

 

8. Зэк

Коммунизмге жайбаракат баратканыбызга кыжыры кайнаган Хрущев мунун себептеринин бири – жарандардын уурулукту көп кылганында болсо керек деген чечимге келип, күчү кайра жана турган атууга чейинки жаңы мыйзамдарды ишке киргизди. Башкаларга сабак болсун үчүн бир-эки кишини атып, бир-экөөсүн катуу жазалоо боюнча көрсөтмө процесс өткөрүүгө тапшырма берилди.  

Кылмыш иши Бродскийдин ишиндей дүйнөгө таанымал болбосо да Фиманын тагдыры ленинграддык жогорку сотто чечилди: эмне дейлик, акындын жазмышы – атак, ишкердин жазмышы - акча эмеспи, ар кимисиники өзүнө.  

Ишке салабаттуу түр көрсөтүү үчүн аны түнкүсүн келип кармап кетишти. Токтом менен ордерди көрсөтүп, үйүн үч көтөрө тинтишти да, сакчылардын коштоосунда Кресты абагына жеткиришти. Алар Фиманын ким экенин билишкендиктен, ага этияттана сылык-сыпаа мамиле кылып жатышты. Булардын кимдер экенин Фима андан бетер жакшы билчү, бекем калканычка алынып, жакшылап туруп ишин жымсалдап жаап-жашырып коюшту, ошондуктан ал Мыйзамга баш ийгиси келип унчукпай отурду, мунун кийин айыпсыз экенин ого бетер далилдеп, сүттөй ак болуп чыгып кеткенге кереги тиймек.

Адвокат сотто тимеле Карузодон бетер сайрап, ырдап жатты. Күбөлөр болсо күңк-мыңк эте оолактап качып атышты. Зал болсо дуулдата алакан чаап атты. Прокурор тердеп кургап, аргасы кетип турду. Фима чынында эле Мыйзамдын алдында периштенин үшкүрүгүндөй таза болуп чыкты. Бирок болбой эле аны он эки жылга кесип ийишти, анткени өкүм алдын ала эле Смольныйда чыгарылып калган болчу.   

Аны этап менен айдап барган лагерге тимеле узакка созулган майрам түшкөндөй болду – тагыраак айтканда, лагердин начальниктери жыргашты. Анткени бул корпорациянын абийирин бийик тутуп, жетекчиликти дароо колго алган лениграддык мафия эле. Колониянын начальниги, тарбия иштери боюнча орун басар жана отряд начальниги  ай сайын туруктуу акча менен белектерди – машинелерди, гарнитураларды, телевизорлорду алып турушту. Белгисиз ажат ачуучулардан кадыр-барктуу мыйзамдагы ууруларга күтүлбөгөн жерден чүйгүн тамак-аш, таза арак келе баштады. Фима абакта канзаада Уэльстен артык жашап жатты – аны жел тийгизбей саксактап кадырлап атышты.

Китепканачылык кызматка орноштуруп коюшту, өзүнчө жашаган бөлмөсү бар эле. Разводго дегеле барчу эмес, колун муздак сууга урбай, лагердин тамагына карап да койбой, ич кийими да өзүнүкү эле, кылган иши - радио угуп, китеп окуп, гантел көтөрүү менен гана алектенүү. Бир жолу Фима оюн тамаша үчүн колониянын начальниги менен зонанын башкы уурусун бир рүмкө коньяк ичип кеткенге да чогуу чакырган, аңгеменин светтик өзгөчөлүгүнө ырахаттанып, кырдаалдын кызыгына ойда баткан. Бул тарыхый кечеде аларды  офицерлердин ашканасында иштеген официант келиндердин бири тейлеген эле, ал ошол түнү Фима менен түнөп калды, анткени Фиманын француз духисин, француз ич көйнөгүн, акчаларын жогору баалап, айрыкча поселоктогу ыңгайы жайлуу үйдөн өзүнчө сатып берген бир көмүттүү үйүнө чексиз ыраазы эле. Келиндин кемпайыраак акылында Фима Соломон падыша менен Аль Капоненин (эгер а бул экөөнүн атын уккан болсо) ортосундагы укмуштуудай бир адам эле.

Фиманын миллиондору бүткүл Пермь областын сатып алганга жана лагердин айланасын алтын зым менен курчап чыкканга жетишерлик болчу. Мурда ал миллиондорго иштесе, эми миллондор ага иштеп атты, тиякта, эркиндикте болсо ага кам көргөндөр да арбын эле.        

Ошентип ал алтымыш жетинчи жылдын жетинчи ноябрында Кызыл аянттагы демонстранттардын арткы колоннасында, өзү отурган үч жылдын ичинде орун алмашкан Мавзолейдеги жол башчыларга кол булгалап, ала-чолодо: “Советтик соода эмгекчилерине даңк!” деп кыйкырып коюп, патриоттуулугу андан кем калышпаган “Жашасын советтик чекисттер!” деген чакырыкты да үн чыгара колдоо менен ырахаттана басып өттү.   

Бутунда керзи батиңке, көк кендир шымчан жана үстүндө кара купайкеси бар эле. Ал көздөрү теше тиктеген, бир нече чымыр денелүү жигиттердин курчоосунда баратты. Аны колоннага ким кошуп жибергени ошол бойдон купуя сыр болуп калды, бирок ага карабай, бул болгон факты. Бир чанага чегилгендей Брежнев, Косыгин, Подгорный үчөө туурасында ал: “Менин колумда булар райондорду карагандардан өйдө көтөрүлө алмак эмес” деп койчу. 

Кызыл аянттан түз эле Ленинград вокзалына, бүтүндөй ээленген, тамак-ашы жайнаган вагондо күтүп атышкан досторун көздөй жөнөп кетти да, анын урматына берилген зыяпат өзүнүн туулуп өскөн Ленинградындагы так Москва вокзалына жеткенде гана соңуна чыкты.   

Фима керзи өтүгүн кычырата басып, улам-улам “Наполеондон” ууртап коёт, икрадан кайдыгер чайнап коюп, кирип чыккандардан маалымат алып, өзүнүн кадыресе милдетине киришип жатты. Совет бийлигинин 50 жылдыгына карата жарыяланган амнистия анын абактагы бейкапар жашоосун токтотуп, кийинчерек аны эң бактылуу учуру катары көпкө эстеп жүрдү.

Башында болсо баягы эле бир жери чийилбеген, эч кимдин колу тийгис, нечен азап-тозокту чогуу көргөн кардай апакай шляпа жүрдү. Ал Кызыл аянттан өтүп баратканда абак кийими менен шумдук коошуп калган шляпасын көргөн элдин баарынын ооздору ачылып, кылчактап улам-улам тиктешкен.   

9. Сүйүү

Күнөөсү арбын кара жер бетиндеги жашоосу тең ортолоп, Гамлеттин курагына келип калган чакта отко сууга чөкпөгөн ишкер Фима кудум атактуу Гэтсби сыяктуу аялзатын сүйүп калып, махабатка баш оту менен малынды. Тарыхтын таржымалында ал ургаачынын аты ким экени сакталып калган эмес, кыязы, буга татыбаса керек. Башка кыздардан өнтөлөгөн эч бир деле өзгөчөлүгү жок жаш кыз бир жигитти берилип сүйгөнү менен жигит аны жактырган эмес, эми болсо кыз ичинен Фиманын улутун чанып, ысык мамилеге баргандан бир аз тартынып турган жери бар. 

Махабаттан акылдуу башын таптакыр жоготкон Фима баарын унутуп коюп кыздын көөнүн тапканга жанталашты. Кызга күн сайын эртең менен бир себет гүл, кечинде болсо атагы ааламга чыккан өнөрпоздордун концерттерине билеттер келип турду. Ал кызга Ялтадан, Сочиден люкс батирлерди жалдап, аларды роза гүлдөрүнө толтуруп салаар эле, терезенин түбүндө болсо сатып алынган оркестр тынбай бапылдап, ойноп турчу. Мунун баары кыздын акылын тумандатып, чындыкка коошчу эмес, ошондуктан болсо керек, таасир да этчү эмес.

Нева проспектисиндеги зыңгыраган эки буттуу жырткычтар ага баш ийип саламдашса, курбулары эсинен таңгычакты кубарып, ичтери күйгөндөн өлүп кетишер эле: бул кызга жагып, аны кай бир даражада Фимага жакындатчу. Ал кызды үч көмүттүү батирге, “Жигулиге” жана түлкү терисинен тигилген тонго сатып алса болмок эле, кыздын эңсеген кыялы мындан артыкка жетмек эмес. Бирок махабатка чыныгы берилген адам катары Фима аны башка масштаб менен ченеп карачу. 

Кыздын кудурети күчтүү миллионер менен атаандаша албаган, өзү жакшы көргөн кайдагы бир балакайга турмушка чыга турганы маалым болгондо, Фима таптакыр башын жоготту, мартабасын унутуп салып, подъезддин түбүнө келип акмалап турганга чейин жетти, алтургай, жалынып-жалбарган каттарды жазып, эч кимге көрсөтпөй, көз жашын да төкчү болду.

Тигилер акыры үйлөнгөндө жанагы батирди, анан Парижге эс алганга эки жолдомо тартуу кылып бердиртип жиберди. Өзү болсо өмүрүндө биринчи жана акыркы жолу “Асторияны” тикесинен тик тургузуп, жер сүзүп калганга чейин аракка тойду, түнкүсүн болсо дарыя кайтарган милийсанын катерин алып, таң аткычакты “Варяг” деген ырды өкүрүп-бакырып, Невада ары-бери зуулдап учуп жүрдү, баса, оңбогондой акчага сатып алынган милийсалар болсо ага кошулуп ырдап, чөгүп бараткан япондорду туурап көрсөтүүгө тийиш эле.   

10. Таажы кийген жаркын жашоонун соңу

Ал ортодо алтымыш жетинчи жылдагы израил-араб согушу да өтпөдүбү, алтымыш сегизинчи жылдагы окуялар да өттү, Союздун башка жерлериндегидей эле Ленинградда да тартип катаалдашып, ачык айтылбаган, бирок расмий, башкача айтканда, мамлекеттик деңгээлдеги антисемитизм жана жөөттөргө карата “жок” деген үч тыюу күчөй баштады, алар: жумуштан бошотулбасын, жумушка кабыл алынбасын жана кызматта жогорулатылбасын деген болду; баары жоктун баарын эшилме зымдай буралган, бирок уюшулбаган, ээ жаа бербеген атаандаштыгы менен кыжырды келтирген коррупциянын арааны кулачын жайды, аны басуу көптөгөн күчтү жана каражатты талап кылып турду, иштеги баягыдай спорттук кумар менен ырахат жоголуп, сааттай так иштеген концерндин ишинде күнүмдүк майда-барат менен алектенүү гана калды; ошентип акырындап, жөөттөрдүн эмиграциялануусу башталды.  

Фима да кеткенге кам урду. Негизи ал Ленинград менен Союзду жойлоп, жетер жерине жеткен эле, андан ары жол да жок болчу, ошондуктан жашоонун деле кызыгы калбагандай. 

Ишти сатып, акчаны валютага айландыруу керек болуп турду. Маалымат бүткүл Союзга тарады да дөңгөлөк айлана баштады. Болгон рубль акча асыл баа таштарга айландырылды. Таштарды болсо жеринде долларга алмаштырып алганга оңой эле.  

Чакыруу да келип калды, уруксат да алынды жана бейшемби күндөрү Пулководон шаан-шөкөт жана тумшугун көккө көтөргөн менменсинген бетпактык менен асманга көтөрүлчү Ленинград-Вена каттамындагы “жөөт ташыгычка” билеттер да белен болду. 

Акыркы операцияны Фима өзү жүргүздү. Кеп абдан эле ири акчалар туурасында жүрүп жаткандыктан, муну башка бирөөгө ишенүүгө эч болбос эле. 

Жаркыраган жай күндөрүнүн биринде кечке жуук ал үйүнөн чыгып, Чоң проспекти менен Неваны көздөй илкиди. Колунда эски, курсагы чыккан портфели бар, анысынын алдыңкы оозунан мончодо чапкылачу кайың шыпыргы, арткысынан болсо пийванын башы кылтыят. Ал ысык мончого түшүп бууга чапкыланганды жакшы көрөрүн баары билчү. Жанына эч кандай баалуу нерселерди да албай турганын, акчадан көп болсо жүз сом гана салып коёрун да билишчү; кыскасы, ал таза, эч нерсеге тиеше катыштыгы жок, жүз элүү сомдук кадыресе советтик инженер эле. Ар кимге жайдары жылмая Неваны бойлой, Софья Перова атындагы жашыл жалбырактуу, тынч көчөгө чейин сейилдеп  барды, бирок багытынын ар бир жүз метри сайын өзүн кайтарууга коюлган башкесерлердин улам бирине көз кырын салып баратты.  

Ички чөнтөгүндө тандалма бриллиант менен зымырат таш салынган кичинекей мүшөкчө бар эле, колтук астындагы тапанча капта болсо машаасы баса бергенге даяр - “Макарову” белен. 

Ал жөө баратты, анткени көчөдө эл кыжылдап кайнаган маал, авто-унаадагыга караганда жөө адамды кармоо кыйын жана житип кеткенге оңой.

Анын сыры эч кимге маалым эмес эле. Перова көчөсүндөгү батирде келери ким экени белгисиз, бирок товарды алып келе турган адамды күтүп жатышкан. Cакчылар дегеле эч нерсе билиши керек эмес. Портфелдин ичи толтура гезит болчу.

Үй анын адамдары менен курчалган болчу. Терезеден да шыкаалап карап турушкан. Анын ал жакта канча убакыт болоруна дейре такталган. Ал үйдөн жалгыз өзү гана чыгып кетиши керек. Ал күтүп жатышкан батирге аман-соо жетип алды да тийиштүү убакытка чейин ал жерде болду. Кайра келген жолу менен жайбаракат чыгып жөнөдү. Алып келген таштарын бүт тапшырган эле.    

Эми тула бою Американын Улуттук банкындагы сейфтен бетер долларга шыкалып, кайра кетип баратканы. Алып баратканы өмүрүндөгү болгон тапкан байлыгы. Портфел оозунан болсо баягы эле кайың шыпыргы менен пийванын башы сороёт.

Ал жүз метр сайын турган балдарына көз кысып коюп, жайбаракат кетип баратты. Балдар да жооп кыла көз кысышып, шеф өткөн сайын курчоону алып салып, орундарын таштап, өз иштерине тарап кетип жатышты. Ошентип жүрүп отуруп өз үйүнө жеткенде токтой калып, жанынан тамеки алып чыгып жандырды. Подъезддин жанында туруп терең дем алды да, каршы жакта турган балага баш ийкеп коюп, эшиктин туткасын тартты. Ошол маалда артынан кимдир-бирөөнүн:

- Токто! –деген өкүм, орой үнүн укту.

Кайрылып карай электе ийинден орой апчый кармаган милийса кийимчен неменин карылуу колун сезди.

Фима акырын эшиктин туткасын коё берип, кайрылып карады.

- Кана, эмне дейсиң? – жыртая сурады милийса.

- Кечиресиз, түшүнгөн жокмун? – жай унчукту Фима.

- Сиз кылып аткан мобу иш кандайча аталат? – деди милийса жек көрө акшыя карап.

- Мен эмне кылып атыптырмын? – андан бетер токтоо сураган Фима кашын өйдө серпти.

- Өзүңүз түшүнгөн жоксузбу?

- Эмнени? Мен өз үйүмө баратам.

- Үйгөбү? – кекээр сурады милийса. – А бул эмне?     

- Пийванын бөтөлкөсү, мончодон келатам.

- Мончо дечи? Портфелде эмне бар?

- Самын, сүлгү, анан кир кийим, - таң калгандай айтты Фима. – Эмне экен?

- Эмне?! – кыйкырды милийса. – А мобул эмне-е? – деди да азыр эле ыргытып, челекке жетпей жерге түшкөн тамекинин калдыгын сөөмөйүн сая көрсөттү. - Бүчөктү жөлөк жолго ким ыргытты?! – Кечээ эле кыштактан келе калган дөөпөрөс аксаргыл Вася милийса ушинтип шляпачан жөөт интеллигенттин үстүнөн болгон өзүнүн бийлигине маашырлана кысмактап, күчөгөндөн күчөй берди.

- Кечиресиз, - деди абдан сылык Фима. Айтты да жерде жаткан бүчөктү алмакка эңкейе берди, так ошол учурда башындагы шляпасы асфальтка түшүп кетсе болобу. Кармап калганга үлгүргөн жок, портфель кармаган колун бошотпошу керек эле, берки колу менен болсо бүчөктү алып туруп челекке салышы керек болчу. Ошентип эңкейип турган калыбында ал апакай, кымбат баа, кардай апакай шляпага милийсанын килейген, кара, ыплас, сасыгы саңырсыган казыналык өтүк май жыттанган өтүгүнүн тумшугу тийип, аны түкүрүк менен какырык толгон асфальттын чет жагына ыргыта тепкенин көрдү.  

Бул кулагына көктөгү литавралардын үнсүз кагылган доошундай угулду, Фима андан ары эмне кылып атканын өзү да билбей, колтугундагы тапанчаны шак эле сууруп чыкты да, милиционерди катары менен үч жолу көкүрөккө атып жиберди. Анан шляпаны этиеттик менен жерден алып, күбүп туруп башына кийди, бүчөктү таманы менен эзип, акырын подъездге кирди да эшикти жапты.

Тиякта мунун баарын көрүп, ооздору ачылган эки бала чуркап түшүп, артынан киришти.

- Бара бергиле, - деди чарчаңкы Фима. – Бошсуңар. Бул жерде силер болгон жоксуңар, - деди да тепкичтен өйдө чыга баштады.

- Эне, - деди ал. – Эгерде бирөө коңгуроону басса, мага кийирип кой, мен чарчадым, эс алгым келип турат.

Анын соттогу акыркы сөзүнөн кийин атууга кетиши анык эле, бирок судья чыдабай кетип, баары бир сурап жиберди:

- Айтсаңыз эми, сиз милийсаны эмнеге өлтүрдүңүз?

- Шляпамды тепкени үчүн, - деп жооп берди Фима.   

Марина

1. Жеңил ойлуу кыз

Марина Ленинграддын аймагына кирбеген, бирок ага капталдаш турган өзүнчө шаарча Сосновый Бордон эле. Башка чакан район шаарчалардай эле адамды бат эриктирген, тургундарына кимдин эмне болуп атканын, ким ичип, ким канча тапканын, кимдин аягы суюк экени беш колдун манжасындай таанымал жер эле Сосновый Бор.  

Мындай жерде өңү башы татынакай, өз баасын билген, жашоодон каалаганын алууну чыдамсыздык менен күсөгөн ар бир кыз бирдеме жетпей аткандай кысылат. Же туура жүргөн эки жүз рублдик, бүлөгө камбыл эрге тийиши керек, же жергиликтүү аракканадагы суу кошулган коньяктан согуп коюп, ал жакты айланчыктаган бузулган топко кошулуп кетиши керек, башка келечектүү жол да, тандоо да бул жерде жок. Жашоо ушундай эле...

Маринаны абдан сулуу кыз дегенге деле ооз барбас, бирок колунан баардык иш келген, мүчүлүштүгү жок, шатыраган шойкому да кем калышпаган кыз. Кыскасы, төгөрөгү төп келишкен кыз: сымбаттуу буттары бар, бети тегерек, аксаргыл чачтуу, жадагалса, көздөрүндө кандайдыр бир ой да бардай.

Бул ойдун мааниси жашоо деген пок, андыктан андан болушунча ыракат алып, кийин бекер өткөн жылдарга жер муштап өкүнүп калбаш үчүн орун табыш керек дегенде болчу.

Бешинчи класска келгенде эле анын жумуруланып бараткан жамбаш белинен кармалай башташкан, алтургай, жата койсок дегенге чейин жабыша асылып турушчу;  жетинчиге келгенде ал өзүнүн аялдык маани-маңызын түшүнүп калды, анткени комсомолдук идеологияны эсептебегенде, түшүнө турган башка нерсе жок эле.

Сегизинчи класстан баштап балдар менен жүрө баштады. Тагыраак айтканда, жата баштады. Маринага сыланып таранып, кычырап кийинген, жашы чоңураак, тийишкендин катыгын берген, чөнтөгүндө акчасы бар, аракканада март бала менен колтукташып алып, борбор көчөдөн койколоктоп баскан абдан жакчу. 

Анан да башка бир армандаганы – жигити гүл берип турса, шампан менен сыйлап, машинеси болсо дечү. Керебетти кычырата  эркек бала менен алдасташа алышып жаткан ага кадыресе, табигый көрүнүш болчу; он бешке келип, толукшуп турган аялга мындан башка не керек, мунун эмнеси бар экен. Жыргал деген ушул эмеспи.

Энеси эки жолу чачынан сүйрөп, бүт короого “мен сага сойкулук кылганды көрсөтөм!” - деп угуза өкүрүп-бакырып жулмалаган, элдик тарбиянын эрежелерине салып, чапкылап сабаган; бирок бара-бара тагдырга баш ийүү христиандык ырайымдын башаты экенин эстеп жазмышка моюн суна багынган, анүстүнө баары бир эч нерсени өзгөртө алмак да эмес. Кызынын жүрүм-туруму менен алектенгенге анын убактысы да жок эле, эртеден кечке тоңкочук аткан иштен, үй түйшүгүнөн бери боло алчу эмес. Атасы болсо бөтөлкөнүн түбүнө түшө ичип жүрдү, ала-чолодо бешиктен бели чыкпай жалап атанган кызын ашата сөгүп, бирок ичинде анын курбуларын бир көрсөм деп кыялданар эле.   

- Сен шуркуя, мындан ары кантип жашаарыңды деги ойлойсуңбу?

- Ойлойм.

- Ал эмне жыргаткан ой экен?

- Же жалап болом же эрге тием. Жанымды багып алам. Жүз сомго иштебейм, коркпой эле койгула.

- Эмнеге иштебейт экенсиң?

- Косметика менен ич кийимге эле андан көп кетет.

- Ошондойбу! Сага жүз сом аз болуп аткан экен, анда колуңан башка эмне иш келет!?

Колунан эмне иш келерин Марина атасына ачык эле айтып салды. Чынында эле колунан келгени ошо болчу, аны жигиттердин баары билчү, бири бирине уламыштап да айтып жүрүшчү.

Ошенткен менен аны бузулган деп айтууга болбос эле, бул кыз жаратылыштын баласындай табигый, шаардагы асфальтты жарып чыккан гүл болчу.  

2. Жаза басып алды

Албетте, шойкомдуу кыз бат эле этегинен чалынды, тагыраак айтканда, боюна бүтүрүп алды, жүрөгү түшүп, бир апта бою түнү менен ыйлап чыкты. Ага боор тарткан эркек балдар болбоду: “Эмне, мени менен эле жаттың беле?” – дешип баары шарт эле тескери карашты, ата-энесинен болсо ырайым күтүүнүн кереги да жок эле. “Акыры боюңа бүтүрүп, жаның тынган экен да, шуркуя?!”- дегенден башка жакшы сөз укмак беле алардан. Аялдарга кеңеш берчү жерде деле ага көңүл буруп, же аяп, же жок дегенде сыпайылык көрсөткөн эч ким болбоду.   

 «Ушуну менен мектепте окуган үчүнчү кыз келип отурат бүгүн…» — деди парданын артындагы кол жуугучутун жанында турган врач аял медсестрага. «Анык жыргалга жеттик дешсе керек. Мейли, эми азабын да тартышсын», — деди зиркилдеген медсестра.

Марина азапты тартты. Аракка кезекке тургандай эле көнүмүш болуп калган бойдон алдыра турган жерде адегенде ага кыйкырып, ооз ачырбай, кагып салышты, анан эч кандай наркоз-маркозу жок эле, баса калышып, тоок тазалагандай курсагындагыны алып салышты да макулукка айткансып кайдыгер, тарптан жийиркенгендей: “Кийинки кирсин!” – дешти догдурлар.

Жанды сууруп алган оорудан бүгүлүп, Марина эптеп дааратканага жетти, чылым жандырып, бир соруп алууну ушунчалык көксөгөндүктөн, форточканын түбүнө тура калды да тартып кирди. Өзүнө боор ооруганы ушунчалык, жанды суурган операциядан качам деп арактан ичип туруп, горчица салынган ысык ваннага жатып алып, тирүүлөй кайнаганын эсине түштү, анан эмелеки дарыгерлерди эстеп, аларга ызырына жини келип турду. Чана тепкен, сүйрөгөнгө караганда оңой эмеспи.

Бирок чаналар да ар кандай болот да. Анткени ал көп өтпөй триппер кармап калды, эми мунсуз да болбойт эмеспи, ошентип азап менен тозоктун, кордуктун дагы айлампасынан өттү. “Катнаш кылган бардык өнөктөрүңүздү таап келиңиз”, “окуган мектебиңизге билдиребиз”, “сиз али жашыңыз жетелек экенсиз, ошондуктан ата-энеңиз менен келиңиз”, – дешти. Мына ушул окуядан кийин анын маңдайына тийиштүү мөөр биротоло басылганын түшүндү.

Эми аны ишке толук жарайт деген Карла аны так мына ушул жерден кармады.  

3. Сойкукана

Карла кадимкидей эле сойкукана кармачу. Башкача айтканда, бул антип айтаар үй деле эмес, болгону он беш чакты кызды чогултуп алган, анан аларды жакын арадагы гарнизондон дем алыш күндөрү жергиликтүү мейманкага келип, ыңгайлуу жерде отуруп арак ичип кетчү учкучтарга, командировкага келгендерге салып беришчү. 

Марина адегенде баш бербеске мөңкүп көрдү эле, өпкөсүн үзүп туруп, бетине устараны такашты, үчөөлөп зордуктап туруп, анан минтип түшүндүрүштү: же кебетеңен айрыласың да үйүңөн чыкпай отуруп каласың, же азыр отуз сегизинчи номурлуу бөлмөгө барып, ал жакта күтүп жаткан жагымдуу, картаң эмес жигит менен көңүл ачасың дешти.

- Акчасычы?

- Ала турган ыракатың үчүн акча да төлөйлүбү? Акчаны биз алабыз, тотукан. Айтканды кылып, тынч жүрө турган болсоң, дайыма чүпүрөк-чапырыгыңа, таксиге түшүп турат.

Ошентип тагдырын каргап шилеген Марина ар түнүнө он сомдон, кээде анча-мынча сыйлык алып, Карлага бир жарым жылдай эшектей иштеп берди. Үйүнөн болсо эчак кетип калган, курбу кызы менен батир жалдап турушчу.  

Бир жылдан кийин анын оюнда багып жүргөн бир планы ачык-айкын болду. Бир күнү, ыңгайлуу маалды чамалап туруп, Карланын маанайы кушубак, жанында акчасы көп болгон кезде сыланып сыйпанып, назик өтүнүп, аны менен төшөккө жатат; анан ыңгайы келген учурда аны жайлап салат да, акчасын шыпырып туруп, шарт түштүккө, Одессаны көздөй урат. Анан шамалды талаадан изде дегендей.  

Ал сабы пилдин сөөгүнө окшоштуруп жасалган тырмак өгөөлөй турган узун өгөөчө сатып алып, шашпай мизин курчутуп жүрдү, кез-кезде машыгып, учун эки колдоп кармап, дивандын желкесине матыра сайып көрүп да жүрдү. 

Көңүлү да барган сайын куунак тартып, тимеле баягы он беш жашындагыдай шатыра-шатман, бейкапар да боло баштады. Марина чыдамкай болууга көнгөн, күтүнгөн учур болсо эртедир кечтир келбей койбойт.

4. Чет элдиктер

Бирок бул учурда Сосновый Бордун жашоосунда болуп көрбөгөндөй эки ири окуя болуп кетти да, коомчулукту көпкө дүрбөлөң түшүрүп, Маринанын тагдырын болсо түп-тамырынан бери өзгөрттү.

Биринчиден, Карла сызга отуруп, сойку жайы жабылды. Боло келгендей эле аны болбогон бир майда-барат менен илишти, ал эргул абдан бир ири мансапкордун жашы абдан эле жетелек кызын ишке тарта койгон экен, мансапкор сатып алынган милийсага түкүрүп туруп, ишке дайыма милийсанын бир жумшак жерине шиш сайганды жакшы көргөн КГБны салыптыр. Айтор, ишти ызы-чуу кылбайлы дешти, Ленинградда сойкулук гана эмес, сойкуканалардын бүтүндөй тармагы бар деген чуулган ансыз да чет өлкөлөргө чейин жеткен, Марина башынан бир тал чач түшпөй, башы аман бойдон азат болду да калды.

Кудайым, баары бир акча жогун түшүнүп билгенге дейре эркиндик деген кандай бакыт. 

Экинчиден, Сосновый Борго жаңы химиялык комбинат курууну чечишти, болгондо да жөн комбинат эмес, Европадагы эң ири химиялык жип чыгаруучу комбинат курмай болушту. Советтик өнөр жайдын бел жеңиши туурасында Италиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри теледен мындай деди: “Бул комбинаттын курулушу Италиянын айлана-чөйрөсүн коргоого кол кабыш кылат”. Кырсык басып, бул сюжетти биздин эл аралык кызматташтыктын ийгиликтүү мисалы катары “Время” көрсөтүүсүнөн бир-эки жолу айлантышты эле, көп узабай, башкы редактор кызматынан куулду. 

Аны албетте, түз эле шаарга курмай болушту, анткени алыска караганда, бул кыйла үнөмдүү болот дешти, тиякка жол куруп, авто-унаа жүргүзүп, жумушчуларга үй куруп отургандын түйшүгү канчалык дешти. Экономика экономдуу болууга тийиш.

Курулушка жетекчилик кылганга чет элдиктерди, өз долбоору менен кошо чакырып келмей болушту. Силер адегенде бизге куруп бергиле, анан продукциясын силерге беребиз дешти. Совет бийлигиндей эле баары гениалдуу, жөнөкөй: жумурткасы тигилердики, аны бышырган суу биздики. Чет элдиктер жашаар люкс деп сонун жаңы мейманкана курушту. Баарынан да ушул чет элдиктер менен бир кызык болду.   

Адегенде англичандарды алып келишти. Алар келип, өзүлөрүнүн англис мурундары менен искегилеп, суу менен абанын үлгүсүн алышты, мейманканаңарга турбайбыз, анткени бул келишимде каралган шарттарга туура келбейт, мунуңарга жашагыдай биз турист эмеспиз дешти. Дегеле борбордо жашабай турушканын айтып, анткени аба абдан газдуу экенин, андан көрө четте, токойдун ичине жаңы мейманкана куруп бергиле деген талап коюшту. 

Ошентип өлөт алгыр колонизаторлорго токойчонун ичине укмуш чакан отелче куруп беришти да, тигилер курулушка жетекчилик кылып, комбинаттын биринчи кезегин ишке киргизишти. Андан кийин Министрликте чыгаша кирешенин эсеби алынып, чыгашага ким күнөлүү экенин таппай узакка күпүлдөштү да, экинчи кезекти курууга фргчыларды –немистерди чакырып келишти. 

Фргчылар келишти да заводдун газын жыттап, мурдун чүйрүп калышты, арасында согушта жүргөндө лагерлерден газ жыттап калган бирөөсү бар экен, айрыкча ошонусу көбүрөк жыттап, бул жерде жашаганга болбойт, дем алганга болбойт, эгерде алардын иштешин кааласа, анда комбинаттан ары беш чакырымдан кем эмес жерге турак-жай салып берсин деп ошонусу чалкасынан кетти. Жарым чакырым арыраак өткөн газ куурга жакын мына бул тактай үйдө адамзатка кылган кылмышы үчүн өлүмгө өкүм кылынгандар жашасын деди газды көбүрөк жыттаган жанагы неме.  

Албетте, аларга да алысыраак жерден эки жаңы үй куруп беришти, күндө жумушка автобус менен ташып турушту.

Немистер баса, бундесмарканын рублге карата кара алмаштыруу курсуна жана ичимдик менен шоколад баасынын ит бекер экенин көрүп чексиз кубанычка батышты, ичинен “Красное крепкое” деген винонун орусча көлөмүн шоколад менен ичсе да мүрт кеткен бирөөсү болду, ит билеби, балким ал ошол шоколаддан каза тапкандыр, бирок анын эртеси эле эч нерсе болбогонсуп, сопсоо, аман-эсен жумушка келген советтик бөтөлкөлөштөрүн ишинен кууп чыгышты.

Немистердин арасынан булар биздин тууганды атайын өлтүрүшкөн, ошондуктан соттош керек дегендер да чыгышты. Ошол ошо болду, немистер менен чогуу ичкенге катуу тыюу салынды, анткени алар валютага сатылып келинген, биздин тамакка аларды кайсы жинди болсо да имерип алат дешти окшойт.  

Үчүнчү кезекти курууга технологиясы укмуш, өзүлөрү да сылык-сыпаа, ыңгайлуулуктарды көп издеген калк дешип жапондорду чакырып келишти.

Карапайым дешкен жапондор автобуста келатканда эле жандарынан Гейгердин эсептегичтерин, түккө жарабас башка майда-барат аппараттын баарын алып чыгышкан. Аппараттары ишке кирген соң, жүрөктөрү түшүп калган немелер автобустун эшигин жап дешип шопур байкушка өкүрүп-бакырып, бул жерде атайын кийим, беткап болбосо иштемек тургай, жөн эле турганга да болбойт, бизге мындан он беш чакырымдан кем эмес жерден турак-жай керек дешти. Арга жок, бул самурайларга да комбинаттан он беш чакырым ары токой ичине коттеж үйлөрдү куруп беришти.

Ишке келаткан убакытты да жумуш убактысына кирсин деп эсептеттирип алышты, негизи бул мыйзамдуу эле талап болчу, бирок мындан биздин чоңдордун жаны чыгып кеткидей эле, ошентсе да чор баскан колуңду сунуп турсаң ага түкүрүп, өйдөсүнүп жаткан жапондорго карата чексиз урматтоо сезими ойгонуп турду.  

Эми буларды коё туруп, англичандарга, сыймыктуу улуттун алгачкы чыйыр салуучулары менен ээлик кылуучуларынын уулдарына, стерлингдердин фунту үчүн башын тобокелге салгандарга, жергиликтүү соснобордук өзгөчөлүктөрдүн биринчи соккусуна төшүн тоскондорго кайталы. Буга чейин атомдук электр станциясы жана аскер учактарынын аэродрому жайгашкан шаар катары Сосновый Бор чет элдиктерге жабык, жашыруун боло турган.  

Англичандарды адегенде эле тооругандар официанттар менен сойкулар болду. Булардын каалагандары эле чет элдин буюмдары менен валюта эле, буга жетиш үчүн сойкулар жадагалса, идиш-аяк жууганга, официанткалар болсо келген кардарлар менен төшөккө жатканга даяр эле.

Англичандар тамакка ичи чыкпай, ичимдик абдан көп экен, баалар болсо ит бекер деп атышты. Алардын валюта менен берген чай пулу официанттарды элиртип, төбөсүн көккө жеткирчү. Анличандардын карааны көрүнөр замат өз кардарларын ичип бүтө элек шишелерин чөнтөктөрүнө тыгып берип: үйүңөн барып иче кой, алтыным, үстөл ээленип калган деп кууп чыгышчу.

Сойкулар болсо тигилерге тимеле айчүрөктөй аруу көрүнчү, анткени Союздагылар англичан аялдардын жадагалса, атка гана окшош эмес, аттын скелетиндей серт, ала-чоло сепкилдүү келерин билишчү. Сойкулардын сураган баасы болсо, Глазгодон келген бир техник “бул акчага бизде мышык менен гана жатса болот, анда да анын тукуму жөнүндө паспорту жок болсо”, - деп айтканчалык эле.   

Хрущев маалында советтик аялдын баасы текейден арзан эле. Эми биз азыр эркин дүйнөгө жүз буруп, бирок ошол эле маалда Батышты коркутуп албайлы деген чочулоо менен артыбызды эптеп бирдеме менен жабууга аракет кылып жаткан азыркы заманда мындай болбой калды.

Бирок ким ким, жарыбаган советтик кирешесине карабай, Марина өзүн арзан баа аял деп түк эсептечү эмес. Ага болгону жалгыз гана мүмкүнчүлүк керек эле, андан ары эмне кыларын жакшы билет, карыштыра тиштеген жерин өлүп баратса коё бербеген бульдог ит сыяктуу ага бир жабышат, бүттү.     

5. Болт

Анын ысмы Уолтер эле, досторчосунан кыскарта айтып койгондо, Уолт же Волт деп орусча да айтып коё берсе болот, Болт деп окшоштуруп, аны кийинчерек Маринанын тааныштары атап алышкан.

Ал  аталган кылым курулушунда иштеген катардагы эле инженер болчу, анча-мынча орусча чалып сүйлөгөндү да билчү. Марина аны аракканадан илди да жаза кетирбеген аялдык туюму менен андагы британдык тууралык менен ак көңүлдүүлүктү дароо байкады.

Англичанин баралына келип турган эркектана эле, кебете сымбаты анчалык болбогону менен бою бастында кемчилдиги жок эле. Сыпайы сылык, бетпактыгы жок болчу.

Жалжылдаган көздөрү менен кайра-кайра кылгыра атып, байкушту үмүткөр кылган соң, өзүнүн ал ойлогондой жеңил ойлуу кыз эмес экенин айтты Марина, бизде, Россияда мындай болбойт, ал түз жүргөн кыз, ошондуктан аныкына бара албайт, капа болбосун, бирок ал жага турганын айтты эле, - карбаластаган англичан кайра-кайра ыракматын балдырап, кошомат кыла жанында коштоп жүргөн бирөөгө такси чыкыртты да үйүнө жеткирип барды, түшөрдө арак жыттанган оозу менен анын кичинекей, жумшак колунан назик өөп коштошту.

Марина түнү менен кирпик какпай ойлонуп, кыялдар менен таң атырды, анан бир чечимге келгендей көздөрү жана түштү, эртеси эле бала бакчага тарбиячы болуп орношту. Эми ал эч жерде иштебеген жатып ичер бекерпоз эмес, эң жоопкерчиликтүү болгон кичи курактагылар боюнча педагог эле.

Жолугушууга англичан калдалаңдап, кубанып жетип келди, салтанатка барчудай кийинип да алыптыр; бирок колунда гүлү жок келгенине ызалана түшкөн Марина шак эле бизде кыздарга гүл берет деп айта салды. Тиги буйдала түшүп, аны ледини карагандай көзүн чоң ача карап калды, анын Англиясында аялдарга гүлдү канзаадалар менен миллионерлер гана берет эмеспи, ичинен көтөрүлө түштү да, Маринаны сыйлоо сезими ого бетер артып, ошол замат кооз гүлдестеден бирди алып карматты.   

Марина аны эки айдай колго үйрөттү, өзү да жүрүм-турум эрежелери жазылган китепчени колунан түшүрбөй, үтүр тамгасынан өйдө жаттап чыкты, шампанды майдалап ууртап, жарымысына чейин гана ичкенди адат кылып, үйүнө кечки тогуздан кечикпей келчү болду. Англичан болсо мындай эскиче такыба адептүүлүккө жакасын кармап, оозу ачылып жүрдү.  

Анан акыры англичан менен төшөккө жатып чыкты, карап турсаң тимеле периштедей ийменчээк, аруулугун айтпа, жатты да ошону менен тартынчаак, ыймандуу аялдай бир жума жолугушпай койду. Тиги болсо кусалыктан өлүп кетчүдөй болуп, махабаттын мындай табышмагына чыдабай, араң жүрдү. Анан жолугушканда Марина алардын жакын мамилесинин келечеги жок экенин, ошондуктан аны тынч, жайына коюусун жалбарып суранарын, жашоосун бузбасын айтып, ыйлап жиберди да, бетинен өөп, качып кетти. Англичан болсо таптакыр дендароо болуп, акылын жоготту. Марина ал жатып чыккан аялдардын ичинен эң эле сулуусу жана ажарлуусу эле, ошондуктан тиякта, Англияда үй-бүлөсү, аялы менен эки баласы, карыган ата-энеси, орун-очоктуу турмушу бар экенин да таптакыр унутуп койду.  

Ошентип жүрдү эле, бир күнү Марина ага өзү келди, ансыз жашай албасын, эмне болсо ошол болсун, ага эми баары бир экенин айтып, - Мени кууп чыкпайсың да, жаным, чынбы? - деди, тимеле эле акылынан адашкансып, анын кучагына атырылды да, анан түнчүндө анын көзүнө алмазы жыбыраган асманды ойда бир көрсөттү дейсиң, тигини эртеси жумушка темирдей бекем англисттик тартиптүүлүгү гана ордунан араң тургузду.    

Керели кечке теңселип, өзүнөн өзү мылжыйып жүрдү. Ал Маринага күчүктөн бетер ашык болуп калган эле.  Жумуштан келсе өзү жашаган батирчеси тимеле мизилдете тазаланыптыр, көйнөктөрүнүн баары жуулуп, үтүктөлүптүр, үстөлдө болсо буусу буркураган ысык тамак турат, мунун баарын көргөн англичан ыраазы болгонунан эбедейи эзилип кетти. 

Маринанын өткөн жашоосун ал кайдан билсин, ага кызыккан деле жок. Башы бош, эч кимге көз каранды эмес, өз алдынча жашоосу бар чопчоң аял, анан да жүрөктү ысытып, сызгычтай туура жүргөнүн айтпайсыңбы.

Ошентип алар араларынан кыл өтпөгөн ынак эрдик-катын болуп жашап калышты. Маринанын жаны тынбай тытынып оокат кылганычы. Ишенимине кирген соң англичан өз бүлөсү бар экенин ачыкка чыгарды; акыры айтмаксың деди ичинен Марина. Калп эле абдан таң калгандай түр көрсөтүп, алданган кишидей таарынымыш этип, кетип калмакчы болду эле, тиги чап чабышты.

Бирок мындай арсар жашоо менен жашай албайт Марина! Билбейм деди ал, мени эмне кылсаң өзүң бил деди англичанга.

Ошондо англичан отурду да үйүнө чечкиндүү мырзанын сезиминен оргуп чыккан жүрөк канаттаарлык кат жазды, анда чоочун жерде жүрүп, чыкылдаган аяздардын, арактын жана жапайылардын арасынан өзүнүн чыныгы, чоң сүйүүсүнө жолукканын айтты.

Арына келген аялы, ал да англичан, тиги жактан жооп кат жазып, төрт тарабың кыбыла деди, бирок мыйзам ага алиментти кепилдей турганын эскертип, балким, акылыңа келип, балдарыңды ойлоорсуң деди.    

Улуу британиялык Империянын эски тарбия-таалимин алган, неберелерин жандарынан артык көргөн ата-энеси ага бүт каргышын толук формада жазып, мындай уулдан баш тартышаарын, мындайга мурас эмес, таш балекет да калтырбайбыз дешти. 

Байкуш англичан түнү менен бышактап ыйлап чыкты, Марина аны жооткотуп, кара күчкө өзүн курмандыкка чалууга аракеттенип жатты, күндүзү жумушта болсо англичандын шишиген башы маң, «Не стой под стрелой!» деген ыйык насаатты да элес албай, аз жерден кран көтөргөн плитанын астында жалпайып кала жаздады. 

Баса, өзүнүн романтикага толгон катын жазып атып, ага кандай жооп күткөнү кызык. Кейпи, жакындары анын мүшкүлүн жеңилдетип, боор ооруп, болгон жоопкерчиликти өзүлөрүнө алышат десе керек, мындай жалакайлык эркектерге мүнөздүү эмеспи.

Ошентип бир жыл зуу өтүп кетти, англичан эмгек өргүүсүн алып, үйүнө кетер маал да келди. Ал Маринага чакырууну алдын ала бүт формага ылайыктап жасады, кудай жалгап, саясый ахывал да ошол кезде жумшак болуп турган, ошентип никеленбеген колуктусун алып, ата-энеси менен тааныштырмакка Англияга жөнөдү. Минтпегенге аргасы да жок эле, бир жагынан жан дүйнөсү тынчылыкты, анан да ата-энесинен калар болочок оокат мурастан кур калбоону каалады, бир жагынан уялымыш этип каршылык көрсөтүмүш этсе Улуу Англияга жасай турган той сапарын дегдеп кулагынын кужурун ала сайраган Марина себепкер болду окшойт.    

Маринаны көргөн Болттун атасы менен энеси ооздорун ачып эле калышты. Алар ырайы суук,  шөлпүйгөн уулуна мындай татынакай, жылдызы ысык, анан да оокатка тың келинчек туш болот деп дегеле ойлобосо керек. Анан бат эле жүрөктөрүнүн музу эрип, баарын түшүнүп, жарашып алышты, алтургай, келечектеги келинди жактырып да калышты. Маринанын аларга жаксам дегенде жан алы калбайт, үй оокатын тытынып жасап, көчүгү жер жыттабай, чимирик атып эле калды. Бул үй асемдүү камин меши бар, алты көмүттүү заңгыраган менчик үй эле. Дагы бир жыл чыдап койсо болду, Марина – чыныгы леди болуп чыга келет! Англичан айымга айланып, момундай укмуш үйдүн кожейкеси болуп калат! Дүкөндөр менен машинелерге оозу ачылган Марина бул керемети артык ажайып ааламдын ажырагыс бир бөлүгү болгон өзүнүн британдык күйөөсү Болтту дээрлик сүйүп калды. Анүстүнө анын биринчи аялы да Маринаны бир көргөндө эле ага биротоло утулганын түшүндү. 

Экөө отуруп алып бир сыйра көз жаш кылган болушту, натыйжасы ансыз деле ачык көрүнүп турса да калп эле ар бири асылзат мүнөзүн көрсөтүмүш этип, тымызын атаандаша да кетишти, күнүлөшү Маринага күйөөсүнүн ооруларын, жакшы-жаман адаттарын санап берип, аны сактай көр деген каалоосун айтты, непадам жардам керек болсо дайыма даяр экенин билдирди. Экөө бекем кучакташып, өлөөрчө жек көрүү менен ажырашты. Англичан бат эле аялы менен ажырашты, Марина экөө баш кошуп алышты да артка, Россияга кайтышты.

Бул Сосновый Бордогу алгачкы интернационалдык той эле, кыжылдаган күүлдөктөн араккана титиреп турду, дүйшөмбү күнү комбинат аларды куттуктап, кире бериштин үстүнө куттук каалоолор бадырайта жазылган килейген ураан-траспарант илди жана жаш бүлөгө куруучулардын жаңы үйүнөн үч көмүттүү батир бөлүп берди.     

Марина дароо жумушунан бошонду, эми ал күйөөсү бар леди, абдан тандап туруп, баасын да кыйла ылдыйлатып эмерек сатып алды да, турмуш-тириликти така-тука жөндөп, күйөөсүнүн контракт мөөнөтүнүн аякташын чыдамсыздык менен күтө баштады. Жекшемби күндөрү базарга чыгат, ал жакта даамдуу дегендин баарын жайнаган тааныштары аркылуу баасын ылдый түшүрүп алат да, тамакты чүйгүндөтө жасап, англичанын багат, тиги да бат эле болпоюп толуп, бети жылтырап, көзгө толумдуу, кадимки эле салабаттуу сэр болуп чыга келди.

Андан ашкан бактылуу адам жок эле. Аны баары сыйлап турушчу. Ичкен-жегени да мыкты. Экөө апта сайын миллионерлер гана барып эс алган Сочиге учуп барып эс алып турушту! Англичан баасы арзан “Фиат” машине сатып алып, ай сайын алган акчасын чыпчыргасын коротпой чогулта берди. Марина болсо акырындап эски тааныштары менен болгон байланыштардын баарын үзө берди. Туура да, өткөн жашоо өттү, анын ордуна бапыраган бай, мүмкүнчүлүктөрү чексиз жаңы, жыргал жашоо башталыбатпайбы! Марина европалык чоң дүкөндөрдөрдүн каталогдорун казып аңтарып, саякаттын жаңы багыттарын аныктап тактап жатты!  

6. Левер понч

Профессионалдык бокста бир кезде ушундай бура айтылган термин болор эле, күтүлбөгөн жерден урулган оңбогондой соккуну ушинтип атап коюшчу; сөзмө сөз которгондо, бул лом менен урулган сокку дегенди түшүндүрөт. Ошентип англичандын иш контрагынын мөөнөтү да соңуна чыкты, бирок күтүлбөгөн жерден ал Советтер Союзу тимеле сонун өлкө турбайбы, андыктан бул жерде биротоло калам деп чыкса болобу.

Марина муну укканда эсинен танып кала жаздады, анан өзүнө келип дагы бир кайталачы, же жөн эле кулагыма угулуп атабы деп сурады.

— Силер кандай сонун өлкөдө жашап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер, — деди чын дилинен суктанган англичан.

— Ме-е-ен эчтеке түшүнбөйүмбү?! — оозу ачыла сурады Марина.

— Сен али жашоонун ысык-суугун билбеген жаш кызсың, — деди мээримдүү күйөөсү.

— О кудайым ай, — деди Марина. — Сага эмне болду, Болтик? Мүмкүн, кечки тамактын эти анчалык эмес болуп калгандыр?

— Силерде жашоо абдан арзан, — деди англичан.

— Ооба, тимеле түккө тургус ит бекер, — деди Марина.

— Силердин адамдарыңар да абдан ак көңүл, ачык-айрым, мамилеге да жакын.

— Ооба, ооба, укмуш. Айлык алган күнү пийва ичкиң келбейби алар менен?

Англичан бул сөздүн маанисин таптакыр түшүнбөй уланта берди:

— Бул жерде мен өзүмдү абдан керектүү, пайдалуу адам катары сезем.

— Сенин кимге керегиң бар, айтчы!? Сен менден башка кимге керексиң?! Сенден кайсы жыргаткан пайда болмок эле!

— Мен заманбап, ири комбинат куруп атам, — деди өзүнүн тарыхтагы ордун өтө эле ашыра баалаган англичан.

— Сенин комбинатыңдын кимге кереги бар?

— Адамдарга, — сыймыктануу менен жооп айтты британиялык.

— Адамдын баары эле адамдай, сен эле к... салган табактай, — өзү күтпөгөн жерден тарс оозунан чыгып кетти жаны кашайган Маринанын.

Англичан муну да түшүнгөн жок, бул эмнени билдирет деп кызыгып калды, кыязы, укканыма караганда, бул табак менен эч кандай байланышы жок орой сөз болсо керек эле деди маңыроо оюнда.

- Ооба тимеле табактай... – дагы түшүнүксүз жооп узатты аялы, ичинде мунун ойлогонунун канчалык опурталдуу экенин, эми бул мээси кыйшайган келесоону, өзүнүн эпчилдиги менен советтик пропаганданын курмандыгы болгон мобу кеңкелести эми кантип эсине келтирем деп санаа тартып турду.

Бирок канчалык аракет кылбасын, үмүтү таш каап, чапкысы ташка тийгендей болду. Англичан болсо жаңы өлкөдө, жаңы аялы менен жаңы жашоо баштайм деп мадыраңдап турду. Чын эле өмүр бою издеген махабатын ушул жерден таппадыбы. 

Сабырдуу, турмуштан жакшы эле кагылып-согулган Марина аны эптеп опуртал жолдон кайтарам деген үмүттө дагы эле чеңгелдеп кармаган жерин коё бергиси келбеди. Эч нерсе эмес, ары жак бери жагын караса, эсине келер деди.

Англичан болсо коммунисттик идеалдарга баш оту менен малынып, коммунизм аталган жаркын келечекти курууга өз салымын кошууну дегдеп жатты.

Достору таң кала ийин куушуруп жатышты, ал болсо аларды кышында Сибирге аюуга аңчылыкка чакырып болбойт. Чын эле орустун жашоосу эң эле акылы тунук улуттардын мээсине да терс таасир этет. Англичан өз чечимин жетекчилерге билдирип, тигилер аны кубана кучакташып, азаматсың дешип, далысынан тапташты, бирок чыгып кеткенден соң сөөмөйлөрүн чекелерине сая тегеретип, бизге акылы ордунда эмес ушул жетишпей атты эле дешти да көрсөтмө сурап Москвага телефон чалышты.

Анан англичанга фирма менен түзүлгөн контракттын мөөнөтү бүттүбү, демек, биздин мыйзам боюнча чет элдиктерди жумушка тарта албайбыз дешти.

- Эмнеге? Менин ишиме ыраазы эмессиңерби? – деди тиги.

- Жок, абдан ыраазыбыз. Бирок бул жерде мыйзам жагынан бир топ көйгөй бар.

- Анан эмне кылышым керек?

Акыры көйгөй жөнөкөй эле чечиле турган болуп чыкты: ишке калыш үчүн туруктуу катталган дарек болушу керек, ага болсо советтик паспорт талап кылынат, паспорт алыш үчүн советтик жарандык болушу керек дешти.

Ошондо бул көкмээ шак эле англис паспортун тапшыра салып, совет жарандыгын кабыл ала койсо болобу.

Марина болсо өкүрүп-бакырып бир сыйра калаймакан салды. Өлөөрчө ичип, англичанды жакшылап төпөштөдү да, арзаныраак идиш-аяктан төрт-бешти чагып, түнөгөнү курбусунукуна кетип калды. 

- Урганың барбы аны, эмне болсо ошол болбойбу, - сооротту курбусу. – Келесоо деген Англияда деле келесоо да. Мүмкүн, баары жакшы болуп кетер?

Чын эле баары ордуна келди, бирок ойлогондой болуп кеткен жок: бул тыкыр үйрөтүлгөн советтик ыкма эле. Биринчиден, экөөн үч көмүттүү батирге каттаган жок, коммуналкадагы түйтөйгөн бир бөлмөгө кууп чыгышты. Катардагы эле ар бир инженерге жаш аялы бар экен деп үч бөлмөлүү үй бере бергенге каражат кайда.  

Эмне болуп атканын түшүнбөй калган англичан Маринага эмерек ташышып жүрдү, анысы же он үч чарчы метрлик бөлмөгө батсачы, “кошуналар” дегенге да таптакыр түшүнбөйт, ал кошуналар болсо сенин ашканаңда тамак ичишерине, сен түшкөн ваннага түшүшөрүнө, даараткана да чогуу болоруна англичандын мээси таптакыр жетпей, башы маң. Кыскасы, коммуналдык батир жөнүндө мунун таптакыр түшүнүгү жок болчу. Өз алдынча батир алыш үчүн кезекке туруш керек, кезек мөөнөтү болсо он эки жыл деп түшүндүрүшкөнүн укканда англичан бул катачылык болсо керек деген ой менен баарын өзү териштирип, билип келүү үчүн башкармалыкка барды, өзүмө азыр эле батир сатып алгым келет деп айтмакчы эле. Бул жерде да батир алганга, башкача айтканда, кооперативдик батир алганга беш жылга кезек күтүү керек экен, бирок ага жетиш үчүн бул жерде он жылдан кем эмес жашашың керек дешти, ошондо батир сатып алганга укугуң болот дешти, анүстүнө батир алмак тургай, иттин уясын алганга да акчасы жок болуп чыкты. Анткени, тарифтик торчого ылайык, иш стажы беш жылдан ашпаган  жогорку билимдүү адис анын айлыгы туптуура жүз сом экен.

Келесоо англичан ошентип эки ай өзүнүн бөлмөчөсүндө баш калкалап, жүз кырк рублин алып турду, баарынан да Маринанын жаңжалы жан чыдагыс эле, дүкөндөн алып турчу капкара картөшкө менен тишке жабышкан кесмеге өтүшкөнү качан. Кечкисин отуруп алып, акча жаатын эсеп-чоттоп отуруп, көзү төрт бурчтук болуп чыга келди, кайра эсептеп кирди.

- Годдэм! – бакырды ал бүт кварталга угуза. – Мындай акчага кантип жашап болот!!!

- Көк мээге эми жетти, - деди Марина.

- Эмнеге мындай?

- Не дегенде социализм, - кыска түшүндүрдү Марина.

- Швецияда деле социализм! – буркан-шаркан түшө берди Болт.

- Анда ошол Швециянын канышасын куттуктап кой.

- Мурда мага мынчалык аз төлөшчү эмес!

- Анткени сен чет элдик болчусуң.

- Эмичи?

- Эми боксуң.

- Эмнеге мен чет элдик эмес, бул өлкөнүн жараны боло туруп, эми бок болуп калат экем?

- Анткени бул өлкөнүн өзү – бок.

- Андай болсо урдум, кетебиз мындан!!! – ичегисиндеги газдан улам кекиргенин токтотмокко аракет кылган жаңы жаран бакырып калды.

- Ырас болбодубу, - деди жеңилдене түшкөн Марина аны куттуктап. – Мен сенин гана камыңды көргөнүмдү эми түшүндүңбү? Мен жашай алам бул жерде, анткени ушул жерде туулганмын, көнүп калганмын, сен болсо цивилизациялуу дөөпөрөс бул жерде өлүп каласың.

Идеалдарынын кыйраганына ичи күйгөн англичан ыйлап жиберди да, эртеси эле бул жерден кетүүнүн камын көрүүгө убада берди.  Так мына ушул жерден ал оозуңа кара таш деген кырдаалга кабылды.  Анткени эгерде ар бир эле советтик жаран Англияга кете берсе, анда бул жерде ким калат деген маселе келип чыкты.

- Кечиресиз, сиз кандай негизде Англияга эмиграцияга кеткиңиз келет?

- Кандай негизде деген эмнеси? Мен ал жакта жашагым келет!

- Бир эле каалоо жетишсиз. Мыйзам бар, мыйзамдуу негиздер бар. Айталык, үй-бүлөгө кошулуу. Сиздин бүлөңүз болсо бул жерде турат, сиз советтик жарансыз... 

Бул маселе шордуу англичандын мээсине ал советтик жаран экени, Англияга кайра кайтып бара турган жол жок экени жеткенче дагы бир нече айга созулду.

Ал англиялык консулга кирем деп жулунуп, пикетке да чыгып көрдү, бирок милийса тарабынан кармалып, төпөштөлүп, катуу эскертилди.

Ошентип чычкан уулаган капкан бекем чабылды да калды.  

Көзү ачылбаган бул кеңкелестин айынан Англия биротоло ойрону чыкканы байкуш Маринага жеткенде, калыстыкка айтып коюш керек, Болт ошол замат аны кызыктырбай калды. Ал англичандын айлыгын толугу менен шыпырып алды, алтын төөнөгүчүн сатып жиберип, эзелки тааныш, көнгөн адатына түштү – жанын жай алдырган аракканага ыктады. 

Ал ичинен ызырынган куунактык менен шапар тебе берди, англичанга болсо күн көрсөтпөй, тирүүлөй жей берди. Үйгө эс алганы, анан кийимин которгону гана келчү болду.

Ошентип англичанды жетер жерине жеткиргенде бир күнү ал Маринанын көзүн көгөртө сокту эле, тиги да жөн калабы, парткомго, анан профкомго сабаттуу кылып арыз жазып, көгөргөн жерин кошо көрсөттү, англичан дароо профсоюздун чогулушунда талкууга алынып, моралдык жүрүм-туруму катуу айыпталды. Акылынан ажырагансыган шордуу англичан эмне болгонуна башы да жеткен жок.

- Эки жылга түрмөгө отургузуп коём, - деп коркутуп койду аны Марина. – Отургузам да, бөлмөнү өзүмө өткөрүп алам.

Байкуш Болтко жандары ачыган кесиптештери бир жолу аны жумуштан кийин арак ичкени чакырышты. Кырдуу чоң ыстыкандан бирди бастырган соң чын эле жеңилдей түштү, чиеленишкен көйгөйлөр өзүнөн өзү жумшарып, артка сүрүлдү, жашоо баштагыдай жан чыдагыс эмес, кадыресе сонун көрүнүп калды:

- Сен эмне, баары ойдогудай болот, карачы: жумушуң барбы? Бар. Алыбаткан айлыгың барбы? Бар. Аялың баш бербей оюн салып кетип атабы? Ал шуркуяга жакшылап туруп коммунизмди көзүнө көрсөтүп кой, бирок из калбагыдай кыл, жалаң курсак менен бөйрөккө сок, түшүндүңбү? Кааласаң бир бөтөлкөгө бирөөнү жалдап берели, сырактаган ойсокени эзели четке баскыс кылып берет! Же боюна бала бүтүрүп салсаңчы, отурсун ошону кучактап. Эч нерсе эмес, Болтяга, мурдуңду бадыраңдай тике көтөр, артка сийбе -  утуш биз тарапта болот!- дешип көңүлүн улашты шериктер.

Мына ушундай алагүү болуп турганда гана жаны жай алчу болгон англичан бат эле шишенин түбүнө түшө ичип кетти. 

Соолуктуруучу жайга бир түштү, эки түштү, комбинаттагы ишинен да айдалды, ага боор ооруп, кароолчу вахтер кылып орноштуруп коюшту, бирок анда да ичкенин таштаган жок, дүкөндү айланчыктап, ар кимге жабышып, тыйын-тыпыр өнөгөндү үйрөндү; ошентип бара-бара ал ар кайсы айылда болгон эч кимге зыян пайдасы жок, ак көңүл, көргөн элдин көөнүн көтөргөн бир жинди болуп чыга келди да, Сосновый Бордун көзгө урунган адамдарынын бирине айланды.   

Марина болсо эмеректин баарын сатып, үйдү жылаңач дубалдары менен гана калтырды, Англиядан жолу болбой калдыбы, демек, жок дегенде Ленинградды багындырайын деп чечти.

7. Маринанын университеттери

Момундай бир анекдот бар эле: философиянын профессору сойкуканага барып калбайбы. Махабат майданындагы катуу салгылашуудан кийин ал кыз менен эс алып жатып, өзү билген бир гана нерсе туурасында – адабият жөнүндө кеп салып калат. Анан жанында жаткан айжамал күтпөгөн жерден көп окуганын, эрудициясын жана өзгөлөрдүкүнө түк окшобогон өзгөчө ой чабытын көрсөтсө болобу, айран таң кала оозу ачылган профессор: “О кудай, чоң кыз, бул жерде эмне кылып жүрөсүз? сиздин ордуңуз... бул жер эмес, университеттин филфагында!” – дейт. Кыз уяла түшүп: “Коюңузчу, эмнени айтып жатасыз, профессор, апам мени бул жерге эле араң жөнөткөн”, - дейт имиш.  

Филфакта жаралган бул анекдоттун, өзүн өзү жарнамалаган мындай бетпак мактанчаактык – кыздар жатаканасынын сойкуканага караганда, турмушка көбүрөк жакындыгы бар.

Марина кантип филфакка кирип кеткени туурасында тарыхта маалыматтар калган эмес. Сынактарды лотерея деп коюшат, сөзсүз эле ошондой болушу керекпи, анчалык таанымал эмес, бирок кирешеси арбын, башка азгырыктуу да оюндар бар эмеспи. Окууга өтөм деп далай алтын медаль менен бүткөндөр деле боодой чабылган, оозун ачкан далай дөдөйлөр жолдуу болгон, андан да таң калыштуусу - ал дөдөйлөрдүн колдогон кишилери деле болгон эмес. Анткени сынактарды ошолордун өзүндөй дөөпөрөстөр алышкан.

Филфак, маалым болгондой, жеңил окуу, анда студентти кыйноого салган чиймейлер, анатомиялар жана башка сопроматтар жок; үстүртөн маданият, маани-маңызы бүдөмүк темалар боюнча тилди сабап, куюлуштура кооз сайрагандар бааланчу дөөрдүрөктөрдүн факультети деп коюшат филфакты. Бардык жердегидей бул жерде да аялдын сулуулугу бааланат – эркектердин жетишпестигинен жана айымдардын басымдуулугунан улам аны “келинчектердин факультети” дешет.

Филфакта окуган эркектана дегеле эркекке аз окшошот: арык, нымыжан жана алсыз, көз айнекчен, маңыроо чалыштайбы кандай, же келечектеги чет тилден котормочу – шыпылдаган, колдон суурулган эпчил, анан да тилинде сөөгү жок.  

Алыбеттүү, мушташа билген жана иштин майын чыгарган, аялдардын жайын да мыкты билген чыныгы эркектер филфакта сейрек учурайт.

Өзүнүн жаңы макамына жана окумуштуулугуна маашырланган Марина күн сайын эртең менен окууга барат – ал эми университеттин студенти эмеспи!!! Кечинде студенттик жатаканадагы кедей турмуштун сулуулугуна суктанганын айт: бири бирине жабышкан төрт керебет, ага отуруп алышып, таттуу токоч менен чай үстүндө окуу китептериндеги даанышмандыкты казмай. 

Ошенткени менен стипендия алгандан кийинки ишемби күндөрү мындагыларга той түшөт, жатакана түндүн бир оокумуна чейин ичмей, бийлемей менен күүлдөп турат, ачык-кычык жердин баары жуптар тарабынан ээленип, анан дайыма эртеси жекшембиде комендант Марья Ивановна чатырга чыга турган эшик алдындагы аянтчадан ар ким жата берип кычысы чыккан шакмар жер төшөктү сүйрөп түшүп атканы, “мындай бети жоктук деги качан бүтөт?” деп күңкүлдөй сүйлөнүп атканы. Анан да астынан чыга калган жалактаган бир студент жөн өтпөй: “Кечиресиз, Марья Ивановна, студенттер деле адам, алардын деле жыныстык жашоого укугу бар”, - деп ого бетер жинине тийгеничи.     

Марина биринчи сессиясын жакшы эле тапшырды, байкаса, башкалардыкынан дөдөй эмес экен анын мээси деле. Тапшыргандан кийин ишенимдүү боло түштү, Ленинградды багынтуу боюнча конкреттүү иш-аракеттерге киришүүгө убакыт жеткен эле. Жашоонун башка деңгээлине көтөрүлө турган да убакыт жетти, жашоо ансыз да кыска болсо, жаштык андан бетер кыска эмеспи. 

Бирөө менен тааныша турган болсоң, китепканадан өткөн ыңгайлуу жер жок экенин филфактагылардын баары жакшы билет. Китеп же тамеки сурасаң болот, кааласаң окутуучу туурасында сура. Марина чет тил факультетинин бешинчи курсунда окуган, партиянын мүчөсү “англичан” Витя Захаровду так ошол китепканадан кайырмакка илди. Бул чет элдеги жакшы бир жерде тилмеч болуп иштей турган келечектүү бала эле. Витянын үйлөнө турган маалы келип калган, анткени үй-бүлөсү жок адамды чет мамлекетке чыгарышпайт. Кыскасы, Марина болгон чеберчилигине салып, анын башын бат эле айландырды, имере чүлүлөп, колго да үйрөтүп алды, анан бир күнү кечинде, чогуу жашаган кыздары маданияттарын жогорулатыла дешип концертке кеткенде, Витя Захаров анын бөлмөсүнө коноктоп келди.

Адегенде адабияттан кеп салышты, анан винону ачышты да, музыканы коюшту, шам жагып, чыракты өчүрүштү, эзилише чапташкан соң Марина уялымыш болуп тигинин кучагынан бошонду да керебетке келип отуруп алды, Витя жанына отурду, иши кылып, экөө протоколдо айтылгандай, жыныстык катнашка барышты.

Так мына ошол учурда эшик кагылып, шарак ачылды да күйгүзүлгөн чырак күйдү, көз уялткан чакыйган жарык махабаттын купуя улуу сырын толугу менен кирип келгендердин көзүнө жайып салды. Протокол деген сөз бул жерде бекеринен айтылган жок. Анткени бөлмөгө кирип келгендер парткомдун толук курамдагы комиссиясы болчу, ал топурап кирип келди да, партия мүчөсү Витя Захаровдун жылаңач көчүгүнө жек көрүү менен кадала тигилип карап калды.

Эркектин алсыздыгы мына ушундай психалык жактан жабырлануудан келип чыгат. 

-Бул эмне деген жорук?! – деп бакырды прокурор – комиссия төрагасы Шонка. Шонканын кебетеси кудум эле эгиздин түгөйүндөй Захаровдун көчүгүнө – формасы менен да, көлөмү боюнча да, интеллектин көрүнүш даражасы боюнча да окшошуп турду; көз айнек гана жетишпейт, аны тигинин көчүгүнө илип койсоң болду, тимеле доцент Шониндин так өзү болуп чыга келет.

- Жок дегенде эшикти жаап албапсыңар, - деди кейигенсиген түр менен комиссия мүчөсү Алик Скуратов деген неме.

Иши кылып, парткомиссия жатаканага жасаган текшерүүлөрүндө аныктап, бетин ачып күрөшө турган моралдык жактан бузулуу көрүнүшү айдан ачык болуп турду.

- Мынчалык оройлуктун кереги не, - деди коммунист Захаровду үстүнөн түртө салып, боюна жуурканды тарткан Марина токтоо. – Биз балагатка жеткен адамдарбыз, мен өз үйүмдөмүн.

Муну уккан Шонка ачууланганынан “СССР-1” деп аталган үйлөмө стратостаттай тарсайып кетти да, өзүнүн идеологиялык стратосферасына атып чыкты.

- Дубалда икона турбайбы! – буулуга бакырды сасискедей болгон манжасын чычайта сайгылап.

Скуратов кызарып кетти. Икона дегени “Огонек” журналынан кесип алынган “Сикстин Мадоннасы” деген сүрөт эле.

- Ал икона эмес, Рафаэль, - билими терең студент Марина дымактуу түшүндүрдү. 

-Анда мобул Рембрант окшойт! – деп бакырды эси чыкканынан көйнөгүн шым деп бутуна кие албай аткан Захаровду көрсөтүп. – Чечип сал! – буйрук берди ал. 

Захаров аны жагалдана карады да, көйнөгүн кайра бутунан ылдый шыпырды.

- Аны эмес, дубалдагыны чечип сал деп атам!

Ал ортодо ызы-чууну кулагы чалгандар эшик сыртына топтолуп калышты, алардын ичинде Маринанын концерттен кайткан курбулары да бар эле.

- Түү силерге, - деди Марина. –Демографиялык кырдаал деген мына ушул. Силерди атаңар менен энеңер жыгачтан таарып жасап алса керек. Жалаң дөңгөч жыгачтар туш келген тура аларга, - деп токтоно албай быдылдап жиберди.

Комиссия эмне дээрин билбей, ич ара коркулдашып калды. Шонканын өңү көпкөк болуп кетти. Марина баарыңар чыккыла, кийинип алышым керек деди.

- Искусствонун чыгармасын дубалдан албайбыз, - дешти курбулары. – Мунун эмне экенин билбеген уят.

- Жатаканадан баарыңарды кууп чыгабыз! – деди калчылдап титиреп алган Шонка.

Ошентип чуулган аяктап, комиссия жаза ойлоп табуу үчүн чыгып кеткен соң Маринанын курбулары чай коюшту, түз жүргөн кыздардын шойкомдуу кыздарга карата жаман көрүүсүн билгизбегенге аракет кылышып, Маринага боор тарткан болушту.

- Эшикти жапканды кантип унутуп калдың? – деп сурашты.

- Эшик эмес, махабат жөнүндө ойлош керек, - деди Марина бош келбей.

- Болгону болду, эми эмне үшкүрөсүң?

- Моокумум канбай калды, - деди Марина өкүнө.

Ошол окуядан соң “советтик студенттердин” бийик наамына шек келтирген аягы суюктарды бир айлык стипендиясынан ажыратып, “катуу эскертүү” беришти да, жатаканадан кууп чыгышты.

- Дүйнөлүк революция толук жеңишине чейин аялдык жашоодон баш тартуу жөнүндө тил кат берүүгө даярмын, - деп каратып туруп балп эттирди Марина комсомолдук жалпы чогулушта.

Өзүнүн “моралдык кебетесин” сактай албаган Захаровдун келечегине биротоло балта чабылды. Ошондон кийин Маринаны көргөндө бурула качып, айланып өтчү болду.

8. Жоржи

Бир айдан кийин Марина филфактагы эң эле таанымал кыз болуп чыга келди. Дүйнөгө таанымал бир атактуунун шарапаты менен анын күнөөгө баткан жылдызы кайрадан жаркырады. Ал атактуу ырчы эле, аты - Жоржи Марьянович. Ленинграддын жаш кыздары анын концертине дайыма түртүшө топурап, туфлийлерин, топчуларын жогото умтулуп, толуп турушчу, аба жетпеген ысык концерттик залдарда сыйкырчынын үнүнө арбалып, эс-учунан танганга кайыл эле ал кургур кыздар.

Марина бул чепти төшү менен жиреп кирди. Ал колундагы гүлдестесин танкага гранат ыргыткандай сахнага ыргыткан жок, ал атаандаш кыздардын сабын жирей барып, сахнага эптеп чыкты да, колундагы гүлүн ийиле таазим кыла сунуп калды. Атактуу ырчы бетинен өөп коёюн деп эңкейер замат эриндерин тосту да, ырдап атып тердеп чыккан Марьяновичти ушундай бир укмуш өбүшүү менен сыйлады дейсиң, тиги эсин жоготуп, бир мүнөткө болгон ноталарын да унутуп койду.

- Эртең таң атпай университетте лекция болуп атканы кандай өкүнүчтүү, - деди ал олуттуу, анан кеткенге кам уруп бурула берди. - Сиз Шекспирдин каарманысыз, - деп кошумалап койду ал тирсийген төшүн жакшыраак көрсөтө алдыга чыгара берип.

Шекспирдин ким экенин Марьянович болжолдоп болсо да уккан жайы бар. Бирок бул анын интеллегенттик даражасынан кыйла жогорураак болчу. 

Ал котормочу кылып филфактын бешинчи курсунда окуган студент кызды жанына алып жүргөн. Марина дароо ал кыз менен таанышты да, ыраазычылык иретинде анын мойнундагы интуристтик төш белгисин байкатпай согуп кетти. Бул белги менен мейманканага кенен кире берсе болот. Ошентип «Европа» мейманкансындагы өз бөлмөсүнө кетип бараткан Марьянович күтүлбөгөн жерден килейген томдук китеп окуп отурган Маринаны байкап калды.

- Мени сиздин ырларыңыздын текстинин абдан эле жогорку адабий деңгээли кызыктырат, - дей салды ага Марина жагымдуу жылмая.

- Акын атмайдын баары эле көкмээлер, - деди Марьянович.

- Анткени алар өз ырларында сиз көргөн нерселерди көрө алышпайт, - каршы чыкты Марина.

Таң калган Марьянович уккан кулагына ишенбей, Маринаны дароо бөлмөсүнө такилип кылды.

- Кеч кирип кетти окшойт, - демиш болду, эшикти ичинен илип алса экен деп артынан кунт коё караган Марина.

- Мен ичимдикке жокмун, - деп баш тартымыш этип, жарым ыстыкан коньякты тартып жиберди Марина.

- Мен адабиятты гана сүйөм, - деди Марьяновичтин жаагынан эркелете сылаган Марина.

- Мен эч качан сиздики болбойм, - деген антын айтты Марина Марьянович аны чечиндирип атканда.

Анан экөө ваннага кирип, “кайыкчаларды агызып” ойношту, адабиятты көрөйүн дегенге көзү жок болуп турса да, сүйлөшүүдөн ыракат алгандай түр көрсөттү Марина. Ошол күндүн эртеси эле антракка чыккан жеринен Марьянович жупуну кийинген сыпайы-сылык музыка таануучу бирөө менен сүйлөшүп турду.

- Мен аны адам катары урматтайм! Маданияттуу, билимдүү аял катары сыйлайм! – деди кыжыры келген ырчы. Марина болсо факультеттин кгбычысынын катуу эскертүүсүнө капа болгонсуп:

- Биз Чайковскийдин музыкасы туурасында эле сүйлөштүк, - деген жоопту айтты.

Алардын ысык махабаты элдин баарына белгилүү эле, кайда барышты, эмне кылышты, толугу менен билип турушчу. Ашыгын аэропорттон узатып жатканда Марина өнөр менен чет элдик концерттик сапарлардын ааламына биротоло киргендей болгон! Экөөн туш тараптан шакылдата сүрөткө тартып жатышты; Жоржи Марьянович болсо  артистене көз жашын сүртүмүш болду; анан учуп кетти. Малдан айырмасы жок акмак десе, Парижге, Грецияга алып барам, отелдерди кыдыртып, машине сатып берем, казинолорго алып барам деп убада бербеди беле деп кала берди алданган Марина.

Ошондон кийин Маринаны да ызы-чуусу жок, бирок экинчи кайра келгис кылып университеттен айдап чыгышты.  

9. «Европадагы» өрт

Аны атагы уламышка айланган Фима Бляйшицтин балдары илип кетишти. Курсагын тоюндуруп, кебетесин сылап-сыйпап бир сыйра оңдошту да ишке салышты. Иш мындай эле: алар Выборгго кире бериштен финндердин автобусун токтотуп, чүпүрөк-чапырак алмаштырышчу. Марина аларга башкача тейлөөнү, комплекстүү, ургаачылык кызмат көрсөтчү. Ооба да, акчанын чөнтөктө жөн эле жата бергени болобу, кардардын ар биринен жүз марка алынат, анын жыйырмасы аткаруучуга, б.а. Маринага, калганын уюштуруучулар алышат.  

Аткарган жумушуңа жараша акы алуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырат. Бул экономикалык акыйкатты жакшы өздөштүргөн Марина төшөктүн прогрессивдүү француз технологиясын өздөштүрдү. Ал шексиз таланттуу кызматкер эле. Анын атагы Невага алгачкы финн автобусу Ленинградга келип, анын жүргүнчүлөрү толугу менен тейленип чыккандан кийин тарап кетти.  

Бул абдан оор жумуш болгондуктан, жарыгы жанып келаткан жылдыз Марина кечкисин дайыма Невадагы кайсы бир ресторанда эс ала турган...

Нева проспектисинде ошол кездерде он финн маркасын үч эле советтик жыгач рублге алмаштырчу. Рубль күчтүү болгонбу, же марка алсыз беле, же алмаштыргычтар келесоолор беле ким билет, антпесе курс мындай күчтүү болсо, анда валюталык сойкулук кандай себептен улам гүлдөгөн? Сексти совет бийлиги жаман көрчү, аны буржуазиялык жаман адат катары баалачу эмес беле.

Башка жагынан алып караганда, орустун чыныгы жана терең жазуучусу Салтыков-Щедрин Михаил Евграфович мындан жүз жыл мурда эле минтип жазып кеткен: «Финндер табиятынан ичимдикке жакын эл эмес, бирок Петербургга келгенде таптакыр чочко болуп калгычакты ичишет». Марина филфактын программасы боюнча Щедринге жеткен эмес, андыктан улуу жазуучунун чындыгына өз тажрыйбасынын аркасы менен жеткен.

Турмалай –финндерди аракканадан кармашчу. Жагымдуу нерсе – ал убакка келгенде финндер айгырлардан көрө жогоруда айтылган ача туяктуу эмес жаныбарлардын кейпине көбүрөк келип калышчу да, скандинавиялык чынчылдык менен акчасын аянбай төлөгөн нерсеге таптакыр жараксыз болуп калышчу. Бирок «Европада» жайгашкан куркуйган узун финн тимеле капиталисттик эмгектин ударниги сыяктуу эле. Ой ичкиликтин азабын берет экен да, рүмкө артынан рүмкөнү шыңгытып атып, көздөрү ого бетер көгөрүп, алардан тимеле арак кылкылдап чыгып кетчүдөй. Ал кээде рүмкөдөн колун тартып, Маринанын жамбашы ордундабы дегенсип, текшерип коюп, анткени арак ичип атып, акыркы умтулган максаты ошо болчу.  

Ошентип ресторан жабылганда денесинин токсон жети пайызы арактан, калган үч пайызы гана темирден турган финн эптеп Маринага жөлөнүп-таянып, өз номерине сүйрөп жеткирилди. Анан Маринага күч келгенин айтпа, өз айлыгын бул жолу абдан оор эмгек менен тапты, эмгеги жылдык планды толтурам деп жанталашкан жыйырма төрт тигүү машинесинде иштеген тигүүчүдөн да өткөн маңдай тер менен тапты. Жер айдоочулар менен токой кыюучулардын урпагы темир аркандай карылуу, тегирмендей чарчабай иштеген неме болуп чыкты.

- Мен орустун аялдары ысык келет деп ойлодум эле, - деди күшүлдөгөн финн алтынчы тамекисин тутандырып жатып.

- Мен сага алмаз жыбыраган асманды али көрсөтөм, - деди кекээр жооп узаткан Марина.   

Орустун дагы бир гениалдуу жазуучусу Гоголь суктангандай, дүйнөдө орустун күчүн багындырчу күч барбы. Албетте, туура айткан. Анткени таңкы саат бешке келгенде суомдук чабандес алдан биротоло тайып, денеси жансыз болуп шалпайып жатып калды. Көзүнөн арак гана тамчылап атканы. Төшөнчү болсо кир жуугучтан азыр эле сыгылып чыккан ак желекти элестетип калды.

Титиреген манжалары менен эмгек акысын эптеп санаган Марина душка чайынып, эс алган болду да, сенделе басып таңкы аязга чыгып кетти. 

Оруска жакшы нерсе немиске өлүм деп коюшат ко. Кийинки болгон окуя муну тастыктап турат. Эмеле биз кеп кылган финн бул дүйнөдө мындан күчтүү эч нерсе жок эки нерсени – орустун арагы менен орустун аялын түнү менен ченинен ашыра татып көрбөдүбү; ошентип мас неме башка чапкандай, тагыраагы, уйкуга өлүктөй сулк кетти, оозуна тиштеген даңкы далайга кеткен гавана сигарасы болсо кадимкидей өзүнөн өзү быкшып, түтөп, чегиле берди. Алтургай, коңурукту кош тартып кеткен финн ары оодарылганда оозунан килемге түшүп кеткенде да түтөй берди. Килем болсо бухараныкы эмес, синтетика болчу. Чылымдын оттуу башынын тегереги ошол замат кара кызыл так болуп оюлуп түштү, анан дүрт этип, тийген жеринен сасыгы укмуш сары жалын чыкты. Оттун жалмаңдаган учу нейлон терезеге пардага жабышты, бети лакталган тумбучкеге да тийди, андан ары дубалга чапталган туш кагаздарга өтүп, кадимкидей жалбырттап, дүркүрөп күйдү.

Кыскасы, даңкы алыска кеткен «Европа» ушуну менен тамам болуп, күлү асманга сапырылды да калды.

10. КГБнын сойкусу

Ар бир чет элдиктер келип түнөгөн мейманканада, алардын аракканаларында кгбышниктер отурушчу: алар тикирейе карап, ар бир совоктун (советтик адамдын) чет элдиктер менен сүйлөшкөнүн аңдышар эле. Жыргал булардыкы, ичкен арагы, жеген тамагы баары бекер. Фарцофщиктер алар жинсыларды, «Сейко» сааттарын белекке сунуп турушса, бармендер тынбай америкалык чылым менен ыраазы кылышчу, сойкулар тапкандарын бөлүшкөнгө аргасыз эле. Кыскасы, булардын отурган жери майталкан да.

Аларга Марина да мамлекеттин коопсуздугу үчүн төлөп турчу. Анан бир күнү ушул эле «Октябрдын» жанында аны кимдир-бирөөлөр колтугунан акырын, бирок бекем кармашты да, ызы-чуусуз Литейныйга жеткиришти. Коркконунан Марина шордуунун ичи түйүлүп, ахыбалы начарлай түштү. Эми мындай жерде ким өзүн жакшы сезсин. Санаторий эмес да.

— Ии, сулуу кыз, турмашты жайлап салып жүрөсүң анан? — үстөлгө чалкалаган жаш комитетчик мылжыйды.

Кептин кайсы жакка бурулганын сезген Марина ордунан атып туруп, турган жеринде тегеренип кетти.

— Чет элдик жаран өлтүрүлгөн жана тонолгон, — таңдайын шыкылдатып ырахаттана сүйлөдү кгбышник. — Мейманканачы? Сен канча миллион сомдук элдик мүлктү өрттөп жибергениңди деги билесиңби!..

— Мен ага тийген эмесмин! — шыбырай кыйкырып жиберди Марина.

— Ооба, тийген эмессиң. Облико морале, — үшкүрүп алды комитетчик: — жатып ичер, сойку, валютчица. Бомужсуң. Ким экениңди дагы айтайынбы?

Марина социалдык курмандыктын кейпин кийе, көзүнөн эки тамчы күнөөсүз жаш чыгарды. Комитетчик болсо бир папкени сууруп чыгып ачып, Маринаны басып өткөн күжүрмөн жолунун даңктуу барактары менен бир сыйра тааныштырды. Көздөн аккан жаш ошол замат токтоду.

— Мен аны эмнеге өлтүрмөк элем!!!

— Азыр так мына ошону өзүң айтып бересиң.

Бир сааттан кийин Марина органдар менен ыктыярдуу кызматташууга милдеттенген тил катын жазып, кол коюп берди. Мындан ары көрсөтүлгөн адамдар менен гана мамиле кылат, эч кандай сырды эч кимге айпайт. Эмне маалымат керек дешсе, ошону чогултуп берет. Агентуралык лакабы «Четин».

— Мен канткен менен сиздин советтик киши экениңизди билгем.

— Анан эмне, — бурк этти Марина.

— Тил иштеткенди билесиңби?

Марина кызарып кетти.

— Англис тилин билесиңби деп атам, келесоо! Курстарга барасың. Мен сени котормочу кылам, түшүндүңбү? Сонун келечек күтүп турат сени. Бирок – кара!

…Алгачкы объекти чепейген швед инженери болду. «Асторияда» аны башка атаандашы илип кетмек болду эле, ошол замат чыга калган кебетеси шөлпүйгөн бирөө аны эки ооз сөз менен артка чегинүүгө мажбур кылды.

Швед эми тимеле укмуш. Маринаны «вольво» машинесине салып, айлантпаган жери жок, кымбат парфюм буюмдардан сатып берет, достору менен да тааныштырып чыкты. Бирок куу швед кеп анын иши жагына бурулганда тимеле дудуктан бетер унчукпайт, лам деп ооз ачкысы жок.

Отчет бергени келгенде:

- Иши туурасында дегеле эч нерсе деп айтпай койду, - деди.

- Эч нерсе айтпай койду дегениң кандай? Кагазды ал да жаз!  - деди чалгын кызматынын майору наамына жетсем дегенде ак эткенден так эткен кгбычы шефи.

- Эмнени жазам? – сурады Марина.

- Порттогу курулуш башталып жатат деп айтты деп жаз... - андан ары жаза тургандын баарын айтып берди да анан: - Болдубу? Ии, эми колуңду, числону коюп кой. Түшүндүңбү?

- Түшүндүм, - деп кирпигин ирмеди Марина.

- Башкысы иштин натыйжасы, - деп койду тиги. – Эч нерсе айтпай койду дейт да. Мунун баары эске алынат кийин.

Кийинки объект болгон семиз немис боюнча Марина отчетту ушунчалык катыра берди дейсиң, байкуш немисти Нюренбергдин соту менен соттоп жиберсе да боло турган болуп калды.

Кгбычы кызыл ала чиймеленген кагазды көтөрүп бат эле чыкты да минтип эскертти:

- Абдан эле ашырып ийиптирсиң чоң кыз, байка, кичине жупунураак болушу керек отчет деген.

Бара-бара Марина иштин кыныгын абдан алды, отчет деп ойго келген былжырактын баарын жаза бер, аныңа ыракмат да айтышат турбайбы деди. Ошентип катуу иштеп, жарым жылдан кийин эки көмүттүү кооперативдик батир, жапжашыл «волга» сатып алды. Анан бат эле «Ленинградга келчү таанымал адамдарды коштоп жүрүүчү айым» деген атка конду. Анткени таанымал адамдар оңой эмес, арзан да эмес адамдар болушар эле.

Бир жолу Фима Бляйшицтин өзү ага жолугуп калып минтип эскертти:

- Сен байбиче, бу күнүнө жүз сомго жашап аткан экенсиң, - деди.

Агезде жүз сом эң жогорку бир айлык маяна боло турган. Бирок Марина баары бир өзүнүн келер ооматын күтүп жатты.

11. «Мерседес» минген шейх

Шейх токсон алтынчы пробадагы алтындай жаркыраган адам эле, анан да Ясир Арафаттын бир тууган инисиндей ага окшоштугун айтпа. Башынан таманына чейин көз уялгыдай апакай, башына кептеп кийип алган шириси да бар. Шейх келери менен «Асториянын» люкс-канааларынан төрттү ээледи. Мында келип кылган иши кадыресе шейхтердей эле нефти менен, анан курал-жарак менен соода кылуу. Мунун тияктагы араб чөлүндөгү кадыр-баркы да салмактуу эле. Айткандарына караганда шейх өзү жактагы бир килейген барханды россиялык аскер базасына ижарага берсемби деген да ою бар имиш. Ошондой барктуу болгону үчүн аны мындагылар абыдан кастарлап, көзүнүн агы менен тең айланып турушту.

Маринаны ага аткаруу комитетинде өткөн чоң үлпөт отурушта кгбычылар шумдуктуудай чеберчилик менен колуна салып беришти. Марина алдыга коюлган милдетти ошол замат так аныктап, келечегин саресептеп баалап чыкты да,  шейх менен бир төшөккө жатаарга келгенде өзүнүн аялдык чеберчилигинин болгон мегатонналык  кубатын ишке салды. Арап кайда бармак, багынды! Арап кайырмакка илинди! Эртеси кызматчы болуп кийинип алышкан кгбычылар Маринага кофени түз эле жаткан төшөгүнө алып келип сунушту.      

Чыгыштын байманасы ашкан кишилеринин бири катары бул шейх деле өзүнүн узак жашоосунда болгон ырахаттын баарын көргөнү менен, көздү уялткан бриллианттай мындай лазаттуу ургаачыны башына жүн чыкканы көргөн эмес: чогуу болгон түндүн эртеси эси ооп, эки көзү эки жакка кыйшайып калса болобу! Көздөрү кайра ордуна келгенден баш тартса, шейхтин Маринадан түк айрылгысы жок. Ичке мурутчасы тикчийип, көздөрү жайнайт, эки көзүнөн эки Марина көрүнөт чиркин!

Маалымат каражаттарында жазылгандай, арап дүйнөсүндө чуулгандуу окуялар бат-баттан болуп турат эмеспи. Ошол жылы да жанагы шейх Маринаны өзүнүн канайымы кылууга ниети бар экенин чуулдатып жазышты. Болсом канайым гана болом деп ага Марина өзү ушинтип талап койгон, бирок ушуга да намысым жол бербей жатат демиш болуп, шейхти кыйноого салгандыктан, шордуу шейх акчасын самандай чачып, анын каалаганын орундатканга аракет кылган. Тактап айтканда, атагы алыска кеткен «Березкадан» кубулуша жылтылдаган сүлөөсүн тон, бир нече килограммдык алтын сөйкө, шуру-билериги менен сатып берген. Анан мунун баарын кийген, тагынган Марина анын кан сарайын нурдантып турууга тийиш эле.

Шейх эски аялдарын баарын кууп чыгып, же биротоло көзүн тазалап, болбоду дегенде, Москвадагы Патрис Лумуба атындагы элдер достугу университетине окууга жиберип, айтор, алардын баарынан кутулат. Мына ошондо, Марина күтүнгөн күн келет, ал эңсеген максатына акыры жетти!

Марина бул күнгө чейин согуштагы жоокердей узак, азаптуу жолду басып өттү, ал дагы эле татынакай ажарлуу, жаш эле, алдыда нечен түркүн түс болуп кубулган жаркын келечек дагы эле азгырып чакырып турганы. Алтын менен жакут чагылышкан көксөгөн көк жээги эми анын бут астында көгүлтүр жайыктай мелмилдеп жайылып жатты. Марина «мерседес» минем деди. Алтын балык болсо ошол замат куйругун бир чапты:

- Эртең эле сатып берем, жаным.

Ошол эле күнү эң акыркы моделдеги жылтыраган «мерседес» Хельсинкиден Ленинградды көздөй зуулдап жөнөп чыкты да, эртеси күнү алардын терезесинин астына келип туруп калды.

Той сапарын Парижге буйрутма берди Марина, бир саат өтпөй ага шейхтин кайтаар маалына чет элдик паспорту да даяр боло турганын кабарлашты.

Мына ошондо Маринанын каалоолорунун чеги жоголуп, анда көктө жашаган адамдын баары жоктун баарына кайдыгер, мартаба пейил улуулугу пайда болду.

Ошол апта атагы Нева жээгине жайылып, уламыштарга бай таржымалы эл оозунан түшпөгөн эрмек дастанга айланды. Күмүш түстүү «мерседесте» чалкалаган Марина Нева проспектисинен зыпылдап кетип баратат, кымгуут калк толгон троллейбустардын жүргүнчүлөрү болсо жардана ооздорун ача, көздөрүн алайтып эңкейе карап калып атышканы. Жол четиндеги маичилер аны жакшылап көрүп алмакка, анан да кайрымдуулукка бериле турган жүз сомдукту алып калуу үчүн гана токтотуп атышканы: анткени алар да баарынан кабардар эле.

Сүлөөсүн тондун ичинде сүлкүлдөгөн Марина суйсала басып, «Чыгыш таттуулары» аталган атактуу дүкөнгө баш бакты, ал жакта котологондорго көңүл бурбай туруп сатуучу келинге шаңк этти:

- Сиздерде таттуу атмайдын баары сатылабы?

- Ооба, - деди шыпылдаган сатуучу келин, - сизге эмне керек эле?

- А мына бул ширин канча турат? – анын ичке сөөмөйү кезекте турган сулуучасынан келген, уюлгуган кара чач, сымбаттуу жаш жигитке сайылды.

- Булбу? Миң рублдей турса керек, - мылжыйды тамагы ууга какагансыган сатуучу келин.

- Алыңыз, - Марина кассага бапыраган акчаны санап ыргытып койду да: - Буюмумду алып кете берейин, - деди да сулуу жигитти шак колтуктан алды.

Тиги адегенде дендароо боло түштү, анан шак эсине келди да кудуңдай сүйүнгөн бойдон ээсинин артынан илкиди. Карап турган эркек атмайдын баары онтоп жиберди. Аялдардын болсо өңдөрү бозоро түштү. Өтүп бараткандар турган жеринде селейип калышты.

Марина «Нева» ресторанынан килейген бир залды ээледи, официанттарын да түгөл сатып алды, ошентип тоодой үйүлгөн икра менен ананастардын үстүндө кызуу үлпөт куруп отурган чакта, алты жигит кирип келип, аны шампан толтурулган ваннага колтуктап барышты, ал жерден Марина үстүндөгү беш миң долларлык Диор көйнөгүн шыпырып ыргытты да, көбүрүп-жабырган жылтылдаган көбүккө чумкуду.

Ошондон эртеси күнү ал дайынсыз жоголду. Төшөктө жалгыз ойгонгон шейх болсо эмне кылаарын билбей, соксоюп отурду. Жер жутуп кеткендей жоголду аялы.

Шейхтин буюмдарынын бири да жоголбоптур, бирок баары түгөл Маринанын эски  батирине көчүп, орун которуп калыптыр. Айтор, баары ордунда турат, бир гана күмүш «мерседес», сүлөөсүн тон, кымбат баа алтын буюмдар, анан Маринанын өзү абага сиңгендей жоголду. Шейх жер тепкилеп, эл аралык ызы-чуу салды. Кылмышкерлерди издөө тобу болсо суй жыгылды.

Аны чек арадан чыгып кетти дешти, кавказдыктар жайлап кетишти дешти, бул кгбнын иши дегендер болду. Айтор, Марина күсөгөн бийиктигине жетти да, ошондон ары изин суутуп, абага эрип кетти. Баса, ал миң рублга дүкөндөн сатып алган жигитти да жакшылап суракка алышты. Акыркы жолу ажырашып атканда ал эмне кылды эле деп сурашканда, жигит үшкүрдү да, кыска гана минтип жооп берди:

- Ыйлап отурган болчу.

Шакирт жөнүндө уламыш

Советтик адам жана чет тилдер – бул өзүнчө тема. Эл аралык байланыштар кеңейе баштаган алтымышынчы жылдары бизде чет тилди билген адамдар жок болуп чыкты. Мында калкты чет элдиктер менен сүйлөштүрө койбой, кысмактап турган КГБнын да салымы зор болгонун тана албайбыз. Жадагалса, тил бөлүмдөрүндө окуган студент тилчилер да программа боюнча тилди марксизм менен ленинизмден азыраак окушаар эле.

Ал замандарда тилби же башка илимби – эң башкы нерсе катары каралчу эмес. Башкысы – адам жакшы болсо болду, болгондо да туура жүргөн, биздин адам бааланчу. Бардык усулдук колдонмолордо советтик адис деген ким деген суроо коюлуп, бул биринчиден, марксизм-ленинизмдин негиздерин толук билген адис деп жазылар эле.

Ошондуктан биздин каарман – эркин күрөш боюнча кайсы бир областтын чемпиону аталган ден соолугу мыкты, олбурлуу жигит да эч нерседен бейкапар жашап жүрдү. Аны Краснодардан табышкан эле. Ошол кездерде кандай жогорку окуу жайы болбосун, спортчуларды издегени издеген эле, анткени мелдештерде, спартакиадаларда окуу жайынын намысын коргой тургандар керек болчу.  

Ленинграддагы университеттин спорт боюнча проректору ошол кезде мурдагы таанымал мушкер-боксчу Геннадий Шатков болчу. Анын таржымалы эми өзүнчө тарых. Ал жарым оор салмакта мушташып жүргөн, жылдызы жаркырап турган алтымышынчы жылы Римдеги олимпиадада финалга чыккан. Бирок анын жылдызы он жети жаштагы Кассиус Клейдин (Мухаммед Али) аёосуз токмогуна туш келип, Клей аны ушунчалык катуу төпөштөгөн экен, көп өтпөй Шатков рингди биротоло таштап кеткенге аргасыз болгон. Университеттин спорттук даңкын көтөрүү менен алектенген мына ошол киши эле.

Анан Краснодардан таап келишкен балбанга университеттеги билим алуунун бардык артыкчылыктарын жакшылап түшүндүрүштү. Ленинградда окуйсуң, жашайсың, жатакана болот, стипендия аласың, атактуу машыктыруучулардын колунда болосуң, анан тандалма командага автоматтык түрдө кирип калышың да ажеп эмес дешти. Ал заманда жалаң офицерлерден куралган ЦСКАдан башкасында спортчулар же студенттер, же кампачылар ж.б. катары каттоодо турушчу.  

Эми табигый илимдерге келсек, биздин спортчу мойнун чыңдап, мостко турганды гана билчү. Болгон билгени эки жерде эки төрт, калганына башы жетчү эмес. Ошондуктан спортчуларды баш оору талап кылынбаган гуманитардык багыттагы факультеттерге каттап коюшчу. Англис жана немис тилдер бөлүмүн гимнаст кыз менен боксчу ээлеп алышкандыктан, аны француз бөлүмүнө тыга коюшту да ошондон тарта балбан француз бөлүмүнүн студенти аталды да калды. Негизи бул тилге биздин студент 1812-жылдагы партизандардан аман кутулган француз чачтарачка мамиле кылгандай мамиле кылчу. 

Группадагы студенттердин баары он сегизде болсо, биздин спортчу жыйырма төрттө, армия кызматын да өтөп келген. Тээ бир түнт айылдан чыккан букадай күржүйгөн, олбурлуу жигит французча үйрөнөм деп башын оорутпай, болгону «бонжур», «пардон» жана «мерси» деген гана үч сөздү жазып жаттап алды. Зачет сынактардын баарын ал мына ушул сыйкырлуу үч сөздүн, анан Шатковдун колдоосу менен гана алып жүрдү. Башка студенттер тилди үйрөнөбүз дешип, тилдерин сындырып, кыйналып жатканда, бул университеттин намысын коргоп, мелдештерде утуп, байгелүү орундарды багындырып жатты.   

Айтор, ал килемде күшүлдөп бышылдап күрөшүп, башкалардын кулактарын сындырып жатканда, эл аралык байланыштар да ого бетер чыңдала берди. Студенттерди бири бирине чакырмай сыяктуу маданий алакалар башталып жатты: биз аларга идеологиялык жактан сугарылган коммунизмдин эртеңки ээлерин, алар болсо бизге идеологиялык майыптарды, буржуйдун көк мээ балдарын жиберип жатышты. Биздикилер албетте, машыгууда кыйын, согушта оңой! дегендей, душмандын аймагына барып окуганга жулунуп турушат. Борбордук окуу жайларына, ар кайсы европа мамлекеттеринин окуу жайларына орундар бөлүнө баштайт, анын ичинде биздин каарман окуган университетке да Париждеги Сорбонна университетине алты айга бир орундук гана жолдомо берилет. Муну уккан студенттер ого бетер тырышып окуп (ким эле Парижге баргысы келбесин), Франциянын тарыхын, географиясын, жолдош Морис Терездин өмүр баянын жана башка Францияга байланышкан толгон-токой маалыматтарды тимеле жаттап киришет. Биздин балбан болсо эч нерсе менен иши жок, жайбаракат килемине жатып алып, штанга түртүп, өзүнүн кырк бешинчи ыразмердеги мойнун чыңдап, күрөш менен машыккандан башка кайгысы жок. Днепропетровскиде спартакиада башталганы турса, кайдагы бир Сорбонанны урган жери барбы.

Ошентип деканат чогулуш кылып, Францияга бара турган татыктуу талапкерди ылгап киришет.  Биринчиден, биринчи курстагылар барбай турган болду – алар али жаш, студент деп да атоого болбойт азырынча. Билими анчалык эмес экинчи курстагылар да жарабайт. Бешинчи курстагылар болсо батыштын стандарттары боюнча бакалавр даражасына жетишип, адис болгону тургандар. Аларды чет мамлекетке жиберсең ал жакка барган соң жакшы иш таап алып, калып да калышы ыктымал, ошондуктан бешинчи курс да болбойт дешти. Демек, үчүнчү же төртүнчү курстан издеш керек. Кыздарды ал жакка жибергенге болбойт, анткени бирден буржуйдун этегин кармап күйөөгө тийип кетиши турган кеп, анүстүнө насили ургаачы болгондон кийин кыздарың башкалардын таасирине да бат эле берилип кетиши мүмкүн.

Деканаттагылар ушинтип четинен ылгай беришти, еврейлерди да жөнөткөнгө болбойт дешти, комсомолдо жокторго ал жакта суутуп коюптурбу дешти. Буту кыйшыктар, оорукчандар, кебетеси серттер да четке кагылды. Андайлар барчу болсо, француздар советтик кишилердин кебетелери ушулбу деп бир жери менен күлбөйбү! Непадам ооруп калчу болсо, анда аларды ким карайт, валютаны кайдан табат? Айтор, булардын баары жарабайт дешти, ошондуктан партия мүчөсүнөн ашкан ишенимдүү талапкер жок дешти. Моралдык жактан сыноодон өткөн, идеологиялык жактан да бекем, анча жаш эмес, бирок кары да эмес орто жаштагы студент барышы керек деген чечимге токтошту.

Комиссия карап көрсө, буга жанагы биздин балбан гана туура келет экен, топураган эл көп, бирок тандап келгенде беш манжа бүгүлбөй калып атпайбы. Кафедрадагылар балбаныңар болсо французча ныпым билбейт, Франция эмне өлкө деп сурасаң, аялдардын ич кийимин тиккен фабрика дейт, Наполеон ким десең, Гитлердин генералы деп боорду эзет, андыктан аны жиберип уят болобуз деп каршы чыгышты.    

Партбюронун катчысы тил билбесе бул силердин күнөөңөр деп кайра кафедрадагыларды өзүлөрүн жарга такады. Буга али жооп бересиңер деди. Балбан – биздин чыныгы советтик адам. Аскерден ала келген мыкты мүнөздөмөсү да бар, курстун партбюросунун мүчөсү, мыкты спортчу да, эч кандай кыйтың – мыйтың иштери байкалган эмес. Окуу жайынын намысын коргоп келе жатат деп баарынын оозун жапты. 

Акыры балбан тандалып, ага жарым жылга Парижге бармай болдуң дешет. Тиги болсо мындай кабарды жайбаракат гана кабыл алып, Париж болсо Парижине да кете беребиз дейт деле камырабай.

Парижге кетер балбанды ошол күндүн эртеси эле алты катмар инструкциядан өткөрүп башташат: спирттик ичимдик ичкенге тыюу салынат! Жыныстык катнашка баргандан өлөрчө коркуш керек, бирок «өтүк капты» ала жүрүш керек! Чет элдиктер менен сабактар боюнча гана мамиле кылып сүйлөшүүгө болот! Бардык түшүнүксүз маселелер келип чыкканда советтик жердешчилик коомуна же советтик консулдукка кайрылуу зарыл! Түнчүндө көчөгө чыгып басканга тыюу салынат! Чагымга алдырбаш керек, ак эмигранттар менен эч кандай учурда жолугушпаш керек! Талаш-тартышка аралашууга тыюу салынат, бирок эгерде кимдир-бирөөлөр өзүлөрү баштаса, анда советтик түзүлүштүн артыкчылыктарын жүйөөлөр менен ынанымдуу далилдеп бериш керек деген осуят насааттарды үйрөтүп, кулагына өлө куюшту Парижге окуганы бараткан балбандын.   

Булар жетишпегенсип, студент шериктери да акыл үйрөтүп бир жактан күйгүзүштү. Балбан болсо баарын унчукпай угуп отурат, кез-кезде гана:

- Муну түшүнбөгөндөй, эмне, жаш бала белем, армияда да замполит бул туурасында көп айткан, - деп күңкүлдөп коюп отура берчү. Анын замполит дегени элдин санаасын тынчтандырып, көңүлүн жай алдырчудай сезилчү. 

Бир гана аны машыктырган тренери, ал өзү да карапайым киши, коштошуп атып, бир үшкүрдү да мындай деди:

- Бүттү, Васька, чоң спорт сени жоготту. Өкүнүчтүүсү – келечеги кең жигит элең, чемпион да болмок элең. Мейли эмесе, кайра кайтып келчү болсоң эгер, бир бөтөлкө койгонго жараарсың...

Мына ушинтип биздин балбан, чамаданына эки сыйра кийимин, жанында жарыбаган франк акчасы бар, бактылуулардын тобуна кошулуп Парижге келип түшөт. Аларды жатаканага жайгаштырышат да ошол замат советтик жердешчилик коомунун чогулушуна чакырышат. Ал жакта да коомдук төрагасы, штатта иштеген кгбычы баягы эле инструкцияны кайра кулактарына куят. Куйганда да акырын шыбыш менен, душман тимеле тетиги түп бадалдын түбүндө бекинип угуп тургандай аярлык менен сүйлөйт. Анын айтымында, Франциянын башкы милдети – аларды окутуу эмес, эптеп азгырып, шпиондукка тартып, жашыруун маалыматтарды билип алуу имиш. Антпесе, булар бапыраган акча коротуп, силерди бул жакка эмнеге чакырмак эле деди кгбычы. 

Баары лам дебей угуп отурушат, биздин балбан гана анча-мынчада күңкүлдөп:

- Туптуура, муну бизге армияда замполит да эскерткен…

Ушинтип койсо эле төрага дароо жандана калып, мына бул карапайым, ишенимдүү орус жигитке абдан ичи жылып, бекем ишенип калат.

- Көрдүңөрбү жолдоштор, чыныгы советтик студент ушундай болот! Түз эле айтайын, жанагы чирик интеллигенттерге караганда бул жигит сөөм артык! Ленинграддан – революциянын бешигинен келгени көрүнүп эле турбайбы!

- Кыскасы, жолдоштор, эми тарайлы, кечки тамакты ичкиле да буюм тайымыңарды жайгаштыргыла, кичине окугула да анан жаткыла, - деди төрага. – Азырынча жаңы келдиңер, бир айдай эч жакка чыкпайсыңар, анан акырын шаарга чыгабыз, адегенде Ленин музейине барабыз, Лувр эч кайда качпайт, аны да көрөсүңөр. Бирок баары уюшкандыкта болсун! Эч кандай кыйшаң-мыйшаң болбосун. Суроолор барбы? Жок. Тарагыла.

Биздин балбанды болсо ага орун басар жардамчы кылып коюшту. Балбан аскерде сержант болгондуктан, команданы катыра берет экен – анысына жетине албай, төрага ыраазы. Өз тобундагыларды аскерчесинен тизип, корпустардын арасынан жер тептирип, сабы менен өткөрүп турайынбы деди эле, бирок бул абдан мактоого татырлык ишти төрага араң токтотту: француздар муну түшүнбөйт – Европа эмеспи деди...

Балбандын шаштысы кайтып, өз канасында ойго батып отурат, анда-санда жарыбаган франк акчасын санайт. Акыры акылынын жеткени бул болду, ал начальникпи, демек мындай абалынан пайдаланууга тийиш. Демек, чектен сырт жакка чыгып, чалгын чалып келүү керек. Тартипти болсо уюштуруп койгон, кечки саат туура ондо эл уйкуга жатат, бул деген тартип, болгондо да аскерий тартип, анткени айлана тегеректин баарын буржуазия курчап турат. Ким кың этсе эртең эле үйүнө кайтарылат, укпай койгонго аргасы жок. Тиги кол астындагылар болсо балбанды ичинен өлөрчө жаман көрүшкөнү менен баш ийбегенге аргалары барбы.

Балбан – сержант болсо ошентип бурамалардын баарын зыңкыйта тарта бекемдеп, өзү түнкү Парижге чыгып, сейилдеп келмекчи. Бирок ошо кеткен боюнча балбандан дайын жок, түнчүндө да, эртең мененки тамакка да кайтып келбейт.

Балбан ошол кечте саатына карап, эсептеп көрсө, автобуска отуруп, Парижди бир кыдырып чыкса болорун түшүнөт. Дыйкандын тукуму эмеспи, чарбалык акыл туюму менен калчап көрсө, тилди таптакыр билбейт экен, анын баары эртеңки сабакта эле маалым болуп чыга келет эмеспи. Ошондо коммунисттерге каршы француздар аны бул дөөпайыңар жараксыз экен деп, артка кайтарып жибериши да турган кеп. Демек, азырынча жок дегенде колунан келип турганы ушул, бул жердин баарын жакшылап кыдырып алса болду. Кийин барганда акидей асылган достору да чет элден эмне көрүп келдиң деп жанды койбой сурайт эмеспи, аларга эмне дейт? Негизи мунун баарын урган жери жок эле балбандын, ал спортчу, кайсыл жерге барбасын, колу бутунан жулуп кетишет. Парижде аны кызыктырган булар эле: париждик сойкулар, француздардын арагы анан... Эйфель мунарасынан жерге бир түкүрүп алса болду, башкасына башы оорубайт. Болгон жупуну программасы ушул. Франциянын даңктуу борбор калаасы туурасында анын башка түшүнүгү жок.

Ал аялдамага жетери менен автобус да келип калды, шоопурунан «Парижгеби?» деп сураса, ичиндеги отургандар «о ла-лала, Париж, Париж!» дешип чуулдап ийишкендиктен, дароо чыгып отуруп алды. Борборго жетти окшойт, түштү да жөө кыдырып басты. Анын нерви ордунда эле, чет мамлекетке деле оозу ачылып, шилекейи чубурган жок. Тескерисинче, чет мамлекет анын итиркейин келтирип турду, тегерегиңдин баары обу жоктоно чулдурап сүйлөгөн немелер, анан да көйрөңдөнгөндөрүн айтпа. Андыктан алган таасири эле, ыңгайы келип турганда булардын арагын татып көрүү керек деп гана эңсеп турду. Караса маңдайында «Ресторант» деген жазуусу бар имарат туруптур, кым дей түштү, жүздү ушул жерден согуп алса болот деди.

Кирсе киши жок, ичи да абдан тар, чакан жер экен, таза да окшойт. Шак эле отурары менен лепилдеп жетип келген гарсонго: «Коньяк» деп барк этти. Тиги кичинекей рюмкага куюлган коньякты апкелип сунду. Балбан бир шыпкап рүмкөнү бошотту да, гарсондун жеңинен кармап, колу менен чоңураак ыстыканга толтура куюп кел деп жаңсап түшүндүргөн болду. Тиги баш ийкеди да, эки рүмкөнү апкелип койду. Туй ата, бир бөтөлкө десе бул келесоо эмне эле кайра-кайра төөнүн көзүндөй ыстыкан алып келгени эмнеси? деген балбандын кыжыры да келе түштү. Гарсонго кайрадан ымдады, тиги келе калып, куштукундай башын ызаат менен ийип уга баштады, бирок эч нерсе түшүнгөн кебетеси жок. Ошондо балбан  тигинин уручкесин колунан жулуп алды да менюга бөтөлкөнүн сүрөтүн чийип туруп карматты, ушундай апкел, закүскөсү да  болсун деди, анын да сүрөтүн тартып койду жанына.

Гарсондун көзү тептегерек болуп кетсе да сыйлаган түр көрсөтүп, урган бойдон кетти, көпкө жоголуп, анан желеси куюлган, топурактан казып келгендей эски, колтойгон бөтөлкөнү колуктап жетип келди.  Балбан мунун узак ачытылган жүз жылдык ичимдик экенин кайдан билсин, оюнда арзан аракканага кирип калган турбайымбы, акыр-чикирдин арасында жаткан шишени алып кетип атканына караганда деп нараазыланып турду. Бөтөлкөнү кол арчый турган кагаз менен сүрүп жиберип, гарсонго куя турган сенин ишиң дегенсип сунуп калды. Тиги куйду эле, баса куя бер, колтойгон чоң рүмкө алдырып келип толтура куйгузду. Анан үф деп туруп, кылкылдата тартып жиберди да, өңү тырыша-бырыша түшүп, манжасын кырс эттирди:  тамак апкел!

Гарсон менюну жылдырды да жыбыраган жазууларды көрсөтүп, кайсынысын каалайсыз дегендей суроолуу тигилип калды. Тизмедеги туш келген үчөөнү сөөмөйү менен сая көрсөттү да, мына ушуларды апкел деди.  Парижге келип бир дуулдаса эмне болуптур! Көп өтпөй тамак да келди, балбан караса: баканын саны, краб (деңиз чаяны) анан чөп-чар, жашылча болуп чыкты.  Итиркейи келе түшүп, анын баарын нары сүрдү да “эт” деген французча кандай болорун көпкө ойлонуп отуруп калды. Нан деген гана эсинде калыптыр, эт дегенди түк эстей албады. Акырын караса, тушундагы үстөлдө отурган бир аял эт сыяктанган тамак жеп отурган экен, сүйүнүп кетти да, дароо гарсонду чакырып: мына бул тамак сөрөйүңдү кайра апкет да, мага тетиги аялдыкындай тамактан төрт порсуну алып кел деп  манжаларын арбайта жанагы аялдын үстөлүн көрсөттү. Ошентип французчасынан дуулдай баштады, улам тарс согуп коёт ичкиликтен, артынан ысылыгын сугунат да, бирди жарым сулуураак аялзаты учурап каларбы деген тейде тегерегин карап коюп отурат.

Арыраак отурган жанагы айым болсо улам ага карап мылжыйгансып коёбу, кандай. Караса, келбети келишкен, сулуучасынан келген ургаачы экен. Кийген кийими жупунураак, бирок жарашыктуу. Кемпир эмес, жапжаш эле, сыртынан отуз бештерге барып калгандай, айтор, ширеси агып турган маалы экен чиркин. Мындай ургаачыны төшөктөн чыгара койбой эле ура бериш керек. Баса, бул эмнеге жалгыз келди экен? Винодон да согуп коюп отуру го?

Жакыныраак барып сүйлөшө кетсе болот эле, бирок кашайып “мадам”, “пардон” деген эки сөздөн башкасы башына келбейт.

Ичип аткан коньягы болсо шумдук окшобойбу. Жүз жыл ачытылган ичимдик болсо, анан күчтүү болбой эмине. Ошентип ичимдик башка тепкен биздин балбан тиги аялга колу менен ишара кылып, тамактан кийин кичине сейилдесек жакшы болор эле деген ниетин билдире баштады. Баары сылык, ордунда болот, эч нерседен кабатыр болбоңуз дегендей. Айым болсо жылмайып коюп отура берди. Жашы отуз бештегидей көрүнгөнү менен чынында элүүдө. Биздин жигит болсо Жерар Депардьеге окшошуп кетет, бирок өңү тигиникиндей бырыш-тырыш эмес, алда канча жаш, сымбаты да келишип турат, аялбаакы париждик ыркыйган эркектаналарга караганда, мунун тойго бара турган кебетеси бар. Айтор, айымдын көзүнө чыныгы эркектей көрүнөт. Ал эптеп кебетесин француздай түр көргөзгөнгө аракеттенип, айымды өз столуна чакыргысы келди эле, тиги айым оозундагы тамагына какап кетип, ээгин көтөрө калды. Бул ишараны биздин балбан чакыруу катары кабыл алып, ошол замат ичип аткан табагын, коньягын алды да айымдын жанына которулуп отура калды.

Таанышуу үчүн деп коньягынан куйду. Айым болсо кыткылыктап күлүп атыры, бирдеме деп атканына караганда, акчаң барбы деги деп аткандай болду.  Бар, бар мен төлөйм, иче бер дегенсип, айымдын колунан кармай калып өөп да жиберди. Кыязы, экөө тил табышты окшойт. 

Отуруш аяктап калганда гарсон апкелген эсепти көрүп, балбандын көзү төрт бурчтук болуп кеткенсиди, тимеле оор салмактагы атаандашы астына баскансып, кыйналып, деми чыкпай калды. Өңү бир көгөрүп, бир кызарды. Келтек менен бирөө баштан ары тартып жибергендей болуп турду. Бул жерде мындай шумдук баалар бар экенин, алтургай, университетте дарс окуган профессорлор да айтышкан эмес. Ананчы, Енисей талаасындагы ресторанда, жүз жыл ачытылган күчү бар коньяк ичип отурган оңой бекен, арзан бекен.

Аргасы куруган балбан чөнтөгүнөн болбогон майда-барат акчасын алып чыгып санап кирди, полицияны чакырып салып бере электе бул жерден тез из суутуп кетиш керек деген бир гана ой бийлеп турду. Айым болсо аны тынчыткандай, колун жаңсап, кичинекей кол сумкесинен бир тутам акча сууруп чыкты. О-хо-оо! Кандай жакшы! Акчаны гусарлар албайт, биз болсо башка аскерде кызмат өтөгөнбүз, эркек каалап турасыңбы, анда ага бөтөлкө кой деген ушул эмеспи, француз болсо да түшүнүктүү аял турбайбы бул деп ыраазы болгон балбандын ичи ого бетер ысып чыкты.

Ошентип экөө ээрчишип чыгышты да, аял аны көздү уялткан апакай “Ситроенго” отургузду, мына сага! Аял чапкың келсе, мына ушинтип чап! деди балбан, машинеге отураары менен эле аялдын жоон сандарынан аткып, кармалап кирди.  Тиги кыткылыктап күлүп, аны колго чаап, айдап баратат. Ошентип отуруп үйүнө апкелгени балбанды.

Эми анын жашаган батирин айтпа! Калың жумшак килемдеринен бассаң, таманың кызыл ашыгыңа дейре батып кетет, кай жагын караба, лампочка жаркырап, үстөлдөр коюлган. Барда болсо ичкиликтин не деген түрү шыкалып туру. Жыргаганы эмеспи бул, жо, канткен менен Париж жакшы жер турбайбы...

Балбан аялды сыга кучактап дароо эле аэродромдой болгон баркыт диванга басат, тиги болсо күлүп, аны ваннага түрткүлөйт. Ваннамды көр деп атабы деген балбан, ал жакты көрчү эмнем бар эле, анүстүнө мен периштедей таптазамын, эмне машыгуудан кийин келип атыптырмынбы бул жерге, тердеген эткен жерим жок деп болбойт. Андан көрө адегенде жата калалы, анан ваннага деле киребиз, бири бирибиздин далыбызды жышышып, кемечелерди агызып деле ойнойбуз деп түшүндүргөн болот. Айтор, экөө кучакташкан бойдон эптеп кенен эки эмес, төрт киши батчудай керебетке жетишет.

Эми балбандын бир гана санаасы – мунун күйөөсү келип калбайт бекен, ошону тактап алышы керек. Сураса, тиги эмне деп атканын таптакыр түшүнбөйт. Ии, чириген капиталисттин аялы тура бул деди балбан. Мейли, күйөөсү келип алса көрө жатат, канткен менен тап душманы эмеспи, тумшукка бирди жейт да ошону менен иши бүтөт. Анүстүнө балбан анын аялын колунан сүйрөп кеткен жери жок, буга жанагы ресторандагы гарсон бала да күбө. Париждик каада-салтты билбеген балбанды аял өзү торуна илип кетип атканын көрбөдүбү. 

Мына эми аял акыры анын маңдайына киндигине жетпеген шуудураган жибек майкечен чыга келди, тула боюнан атыр шанель жыттанат. Балбан болсо дароо тура калып, кыштактагы бээлерди биздикилер кандай ийге келтирерин, махабаттын бир кадак балы канча турарын, бир рублде канча алтын болорун көрсөтүп кирди. Ургаачы болсо тимеле акылынан адашып, жаны чыгып кете жаздай тургансып онтоп акыштайт, анткени өзүнүн француздук жашоосунда мындайды дегеле көргөн да, таткан да эмес.  Француз эркектаналардын эч нерсеге жарабаган төшөк чабалдыгы ушундан эле байкалып турбайбы. Балбан болсо кесипкөй спортчу, кыштактын таза абасынан жутуп, таза тамагын жеп чоңойгон неме, анан калса килемде ал мындан да кыйын атаандаштар менен алышып көргөн, бул эмне экен... Эй, мындай күрөштүн өзү жыргал эмеспи! Аял болсо төшөктө үч аласала чимирилип, жаны чыгып кетчүдөй онтоп атканы, махабаттан аккан көз жашы тыйылбайт, кыйкырса үнү жарым Францияга угулчудай. Ал балбанга башка дүйнөдөн түшүп келген кереметтей таң кала бакырайып, карап да жатканы. Анан өз кезегинде балбанга ушунчалык шумдук бир назик өнөрлөрүн көрсөтөт дейсиң, балбандын өпкөсү куушурулуп кетчүдөй, анткени мындай ыкмаларга аны машыктыруучулар алтургай, Союзга аты чыккан таанымал, эмгек сиңирген экс-чемпиондор да үйрөткөн эмес.

Эртеси болсо айым бирдемелерди чулдурайт, уктап албасам өлүп каламбы дегендейби кандай, жашоонун баркын ушул түндө сездим деп атыры го.

Кечинде болсо айым аны машинесине салып алып, кайра ресторанга алып барат, ал жакта балбан курсагы жарылганча этке тоюп, ичкиликтин акесин да кошо таанытып дегендей, айтор бир сыйра кыдырып келишкен соң аларды баягы эле төрт киши кенен баткыдай килейген диван күтүп турганы.

Ошентип жатаканага эки күндөн кийин кайтып келсе, элдин баары аны ажына көргөндөй аңкайып карайт. Төрага болсо калтырап-титиреп, үч кабаттап бир сыйра сөккөн соң бул жерден экинчи чыкпайсың деп тыюу салат.

Ал болсо тигиге: койсоңчу! жакшы бир аял таап алып, бир аз сейилдеп келдим, төшөктөгү жорголугун айтпа! Жашаган үйү, керебети, ваннасын айтпа!.. Төрага болсо жини келип турса да аялдын төшөктө жасаган кылыктарын баштан аяк кайра-кайра сурап, ичинен тилин жаланып, анан оор улутунат да: болду, эми бул жерден жылмай жок, өзүң билесиң, тартип катуу, - деп кала берет.

Балбан болсо: кантип чыкпайм, ал машинеси менен кечинде саат бештерде келип калат мага. Мен чыгып жолугушум керек, сен эмне? Чыкпай койсом эмне деген ойдо калат? Канткен менен чет элдик аял эмеспи! Элдердин достугу деген кайда дебейби?

Төрага кайра эле: чыкпайсың дедимби, болду! дегени. Анда балбан жүз франкты тигинин колуна карматат. Ал да ишти жабалы. Төрага болсо олку-солку, эки жүз кыл дегенсийт. -Кошпой турган болсоң, тиякка кайтып барганда сени Кудай ташбаканы саткандай сатып коём, апыртып болсо да ушундай кылам дейсиң, алтургай, Монголияга да чыга албай каласың, - дейт күпүлдөйт. Балбан болсо бош келгиси жок: душманды жакындан билем десең, аны менен жакындаш деп мени замполит армияда үйрөткөн. Мен ошону жасап атам аргам жок, француз тилин урган да жерим жок, анын мага кереги канча? Өмүрү билген эмесмин. Сен мага, мен сага дегендей эле иш тутпайлыбы андан көрө, мобу жүз франкты ал да акырын коё бер мени душманга. Тиякка барганда болсо, сени колдойм, элдин баарына мактап, добуш да бердиртем. Түшүндүңбү?

Ошону менен сөз бүттү. Балбандын карааны ошол күндөн тартып, Сорбонна университетинен жарым жыл бою дегеле көрүнгөн жок. 

Ошенткени менен «Максим» ресторанына келчүүлөр күн сайын эртең менен бир нерсени көрчү болушту: кардай апакай люкс моделдүү «Ситроен» подъезддин жанына келип токтойт; андан курагы улуураактай сезилгени менен жамалы али да жайнаган айым менен анын жан сакчысындай, сымбаты келишкен, чымыр денелүү, сулуучасынан келген, тимеле Депардьенин жаш кезиндегиге опокшош, зыңгырай кийинген, айтор, кебете-кепшири лорд менен тоту куштун аралашмасынан жуурулгандай жигит түшөт.

Экөө кирип келип кичинекей үстөлгө отурушат, гарсон күмүш патнуста бир кесим кара нан менен кырына чейин арак мелт-калт куюлган хрусталь стаканды апкелет. Жигит ошол замат аны шыпкап жиберет да, артынан кара нанды жыттап калат. Анан тура калат да, гарсонду тумшуктан ары коюп туруп орусчасынан: «Эй айбан, ысылыгына дурусураак бирдеме таппай калдыңбы?», - деп ашата сөгүп калат. Гарсон тетиякка тоңкочук ата томолонуп кетет, ресторанда отургандар болсо бул оюнга чын дилден кызыга карап, шатырата кол чабышат. Ошентип ансыз да Париждеги эң бай, кымбат делинген ресторандын эртең мененки кирешеси ошол замат көбөйө түшөт. Анткени биринен бири уккан француздар мында тынымсыз агылып келип атканы, орус адамынын катышуусундагы, тагыраак айтканда, аткаруусундагы мындай экзотикалык оюн-зоокту көрсөк деп күсөгөндөрдүн саны өскөндөн өстү.    

Ойдо жок жерден кирешеси көбөйгөн ресторандын кожоюну болсо буга чындап маани берип, алтургай, гарсонду кол каптай күндө алмаштырат. Бара-бара гарсон кылып, рингде мушташып жүргөн мурдакы боксчулардан чакырып коё баштаганы, бирок алардын бири да орустун барскандай муштумуна туруштук бере албайт. Кыскасы, бизнестин битин чыккан француз кожоюн: «Колорит а'ля рюсс! Бизде гана фирмалык тамак, убактысы саналуу, кыска гана мөөнөткө, келип көрүп калгыла!», - деп алдын ала жарыя да айтып турат.

Булар болсо жарым жылдан кийин экөө эки жакка ажырайт, балбан мекенине кайтат, айым болсо кайрадан жалгыздыктын кучагына киргенге аргасыз, баарынан оору – бул аял өмүрүндө бир да эркекти мынчалык сүйгөн эмес, андыктан таштап кетип калчу болсо, ансыз жашоодон кечип кеткенге да кайыл. Ажырашаар кезди ойлогон сайын көзүнөн жашы он талаа болуп куюлганы; мындай эркек жомоктордо гана болсо керек деп жүрбөдүбү ал, көрсө жашоодо да болот тура. Балбанга да мындай жайлуу жашоо ойда жаккан, килемде кара тер төгүп, казыналык ашканалардагы картөшкө менен капустадан башка ырыстуу азык жок  супсак тамакты талонго жеп, жатаканада жашагандан көрө бул жер анык бейиш эмеспи, бирок мекен деген мекен, парз деген бар, окуу программасы деген да бар эмес беле, виза да бүтүп баратат, айтор, артка кайтпаска арга жок. Анан калса буржуйлардын жашоосуна да кокосунан тойгондой эле болду жакшылап, жадай да баштады. Бирок бейиштегидей жашоо чын эле бар тура, антисоветтик пропаганда болсо бул жакты чириген капитализм деп келатпайбы, чирибей этпей эле, чыныгы жашоо ушулардыкы турбайбы...  

Аял болсо чебелектейт, кылар аргасын таппайт, визаңды узатып берсем болобу? Бирок аның үчүн болгону советтик консулга бир гана кирип чыгып коюшуң керек, калган жагын өзүм бүтүрөм деп акидей асылып, жалдырайт. Сага кыйынчылыгы деле жок эмеспи жаным дейт. Балбан болсо: жинди болбочу, мен ансыз деле университеттен көрүнбөйм – бизде болсо патриотизм менен улуттук коопсуздук дегендер бар, сен КГБ эмне экенин уктуң беле деги? Анын чеңгели жетпеген жер жок, керек болсо сенин жумшак төшөгүңөн эмес, жердин жети катмарынан сууруп чыгат мени.  Бирок аялдын угаар түрү да жок, өзүнүкүн бергиси келбейт, эптеп алып калуунун камын көрсөм дегени деген, менин маркум күйөөм чоң кызматта иштеген, ишенимдүү адамдары толубатат, андайлар өзүмдө деле бар, ошондуктан аракет кылып көрөйүн, каршы болбочу... суранам, макул деп койчу деп атып жалынып жалбарганы. Дагы жарым жылга мындай жашоого балбан өзү деле макул, бирок аялдын колунан келбейт ко деп ойлойт, бирок анысын билдирбей, башта айткандарын дагы кайталап бааланымыш этет ого бетер. 

Бейжайлана ээленип алган аял айтканынан кайтабы, тияка, биякка чапкылап баштайт, көрсө Франциянын тышкы иштер министри мунун күйөөсү менен классташ да тура. Андыктан эми бүтүндөй министрлик советтик консулдукка баланча мырзанын визасын дагы жарым жылга узатып берүү өтүнүчү менен кайрылат, ал өтүнүчтө советтик-француздук достук мамилелерин өнүктүрүү зарылдыгы, анан да балбан тимеле баа жеткис адис, азыр кетип калса, Франция мындай адамга абдан муктаж болот деп айтылган. Кайрылуунун бир нускасы жердешчилик жамаатынын төрагасына да жиберилет, балбандан кечээ эле тумшукка бирди жеп, пара кылып берген миң франк акчасын чөнтөккө урган төраганын макул болбоско аргасы барбы. Ток этери – ошентип балбан дагы жарым жылдык бейишти Францияда уланта турган болду.

Андан аркы жашоосу тимеле түшкө кирбеген жомок: акчасы батпаган жалгыз бой айым ага Диордун дүкөнүнөн тандап кийим кийгизип, эс алганы Ницага алып барып турат, балбан бара-бара кофени тикесинен турган ордунда мурдакыдай шоркурата шыпкап жибербей, төшөктөн турбай, кыңая чалкалай отуруп ичкенди үйрөндү. Келишкен жигит, тимеле Апполон кудайдын жаш кезиндегиси, жашы болгону жыйырма жетиде, кара күчү ашып турат, маа демектен айгыр кылып бээлердин бир үйүрүнө салып коё бер. Айтор, балбан бул жердеги жашоонун кыныгын абдан алганы, баркы жогору экенин билген соң өнөрү ого бетер чыкты, кээде айымды төпөштөп да коёт, мунусуна жетине албай кубанган айым «Оо, азиялык ышкынын күчүн карачы!», - деп тимеле сүйүнгөнүнөн жинди болуп кете жаздайт. Балбан болсо андан бетер эркелейт, менин жеке массажчым болушу керек, анан да Монте-Карлого алып барып, казино ойнотуп келип турушуң керек деген талапты коёт айымга, махабаттан башын таптакыр жоготкон ал байкуш  баарына макул, баарына даяр.

— Ооба, — дейт ал эркекчесинен ток этер жерин айтып,- сага жашыраак болгонуңда үйлөнүп да алат элем, бирок жашың улуу, өзүң түшүнөсүң да калганын...

Андан ары балбан экөөнүн достугу бекем болуп калышы үчүн мындай планды сунуштайт: айым ага жаш кыз таап үйлөндүрсө, үчөө чогуу жашай беришмек. Парижиңерде андайлар толтура болсо керек дейт.  Бирок мындай план айымга жага берген жок, дегеле анын өзүнүн да үй-бүлө курганга куштарлыгы жок болчу, анткени байлык мүлктүн баары колунда турбайбы, кимдир бирөөгө жарымын бергиси келеби.  Мындай шумпайларга ии деп койсоң, эчкини тамаркага коё бер, анан көрөсүң дегендей эле кеп болуп атпайбы. Баары жоктун баарын отоп кетпейби...

Ошентип бир жыл зуу деген бойдон өтүп кетип, Париждин Орли аэропортундагы жүргүнчүлөр мындай көрүнүшкө күбө болушат: самолёттун тепкичинен асемдүү кийинген жаш жигит чыгып баратат, ага жабышып алган сымбаттуу зыңгыраган айым көз жашын көлдөтүп, улам асылып бетинен өпкүлөп барат, ала-чолодо советтик туристтердин оозун ачыра орустун ашата сөгүнгөн оттуу сөздөрүнөн да кошуп коёт, ага таң калып, кубанган советтик адамдарды байкаганга чолосу да жок, анын баарын балбан үйрөткөн.

Кызыктын баары балбан мекенге кайтып келгенде башталды. Көрсө, бир жыл ичинде француз тилин шумдук мыкты үйрөнүптүр! Болгондо да Париждин тили менен таптаза сүйлөп калыптыр, сөз байлыгы да укмуш, тилинен тимеле чаң чыгат дейт. Албетте, укмуш мектептен өтпөдүбү ал жакта, орусча ашата сөгүнгөнү гана болбосо башка бир ооз сөз айткан жок. Тил үйрөнүүнүн мындай усулун кезинде атактуу акын Байрон өзү жайылткан тура.

Партиялык бюронун катчысы мунун баарын партиянын сиңирген эмгеги деп отчётунда көрсөттү: партия мыктылардын мыктысын тандаган деди. Адистер практикада өзүн жакшы жагынан көрсөттү, ошондуктан силер студенттерди бул жакта жакшы үйрөтпөй жатасыңар жолдоштор деп, кафедранын мугалимдерин да четинен кагып, сындап өттү. 

Айтор, натыйжада ойдо жок жерден француз тилин шыпырылта сүйлөгөндү үйрөнүп алган кеңкелес балбанды партиянын мүчөсү, мыкты спортчу, Сорбоннадагы стажировкадан да ийгиликтүү өтүп келди дешип, эй, жадагалса, муну дагы бир жылга калсын деп Франциянын тышкы иштер министрлиги өзү өтүнүп кайралбадыбы дешип ай-асманга көкөлөтө мактап атып, окууну аяктаган соң аспирантуруга тапшыртып, кафедрага мугалим кылып калтырып коюшту. Кийин илимий даражага жетиш үчүн кандидаттык эмгек да жазып беришти. Азыр да балбан ошол окуу жайда чет тилдер кафедрасын башкарып атат, Парижди да эстеп коёт экен, анан да балдарга айткан насааты бул: филфакта башкысы – дене-тарбия жагың мыкты болсо болду, ошондуктан мына бул окуу китептерине көп эле үңүлө бергенден майнап чыкпайт деп коёт дейт. Баарынан кызыгы, ал сүйлөгөндү билгени менен французча жазганды да, окуганды да ошол бойдон үйрөнө албаптыр дешет. Бирок профессор деген наамы бар имиш.

Кылыч бийи

Советтик музыканын тарыхы «Европейская» мейманканасынын бешинчи кабатындагы буфетте жаралган. Бул дүйнөдөгү эң музыкалык шам-шум эте турган жай эле. Так тушунда, көчөнүн аркы өйүзүндө филармония жайгашкандыктан, музыканттар репетиция алдынан жана андан кийин кээде репетициянын ордуна да тынбай буфетке чуркап келип турушчу.  Келген сайын аспаптын кылдарын тытчу манжалары ийкемдүүрөөк болгондой, көңүл кушу да көкөлөп турар эле.

Бул бара-бара салтка айланып калган иш болчу. Бул жерле иштеген буфетчилердин кимиси болбосун, музыканттардын турмушу жөнүндө Ленфилармониянын деректиринен же композиторлор Союзунун катчысынан дурусураак кабардар эле. Музыканттарды бул жердегилер жакшы билишчү жана алардын апенди жоруктарына көз жуумп коюшар эле, чыгармачыл адамдардын баары эле келесоо чалыш келишерин, анан да бул музыканттар шаардын атагы менен даңкы экенин буфетте иштегендер андан сонун билишчү. Келгендер эмне жейт деген маселе жок эле, болгону санын эсептеп туруп, баарына коньяктан жүздү куюшар эле, жумуштан кийин болсо жүз элүү граммдан бастырып кетишчү, ал кезде жүз грамм коньяк бир гана рубль турар эле.

Театрлуу Москвага караганда Ленинград кыйла филармониялуу шаар болгондуктан, филармонияга мен деген кыйындын баары чогулуп турчу, мындагы айтылган кептер, талкууга алынган маселелер, окуялар анан бат эле Невага тарап кетчү.

Социалисттик Эмгектин Баатыры жана шайтан албаган сыйлыктын баарын эчак алып бүткөн атактуу композитор Арам Ильич Хачатурян да Неванын бурчундагы Бродский көчөсүндөгү бул буфетке көп келчү. Мында анын атайын отура турган жери да бар эле.  Бул адам Москва, ленинграддан тартып туулуп өскөн Арменияга чейин өз  киши эле, кайда барбасын сый-урмат менен тосула турган, мартабасы балант киши айтор. Анан да Франция менен Испанияга тынымсыз каттап, көбүнесе ошол жактардан башы чыкчу эмес...

Ошентип бир жолу Испаниядагы ийгиликтүү гастролу аяктап калганда – испандар абдан музыка жандуу калк келет эмеспи, темпераменти күчтүү, оттой жалбырттаган музыканы айрыкча сүйүп баалашат, - гастролдун уюштуруучулары Хачатуряндан Испанияда дагы эмнелерди көрүп, эмнелерди алгысы келерин сурашат, тартынбаңыз, сиздей улуу, мыкты музыканттын таманына гүл төшөп турсак аздык кылат, оозунуздан чыккандын баарын бажарууга даярбыз, бир гана жок дей көрбөңүз деп латынамерикалык дагы далай табы ысык, гүлдүү, кооз сөздөрдүн башын айтып, акидей асылышат.    

Хачатурян болсо улуу өнөрпоз, мүнөзү да карапайым, ченемсиз атак-даңкын татыктуу көтөрүп жүргөн адам. Эң эле жакшы көргөн ичимдиги бөдөнөнүн сүтү - «Арарат» деген аты бар армян коньягы, ошондон гана ууртап коймойу бар. Эми минтип испан туугандар пейилин кенен салып, каш кабагы менен айланып турганда улуу музыкант буга эмне демек. Бир азга ойлоно калат да анан: мына ушул ченемсиз сыйкор, меймандос Испания өлкөсүндө менин эч кандай каалоом деле жок, болушу да мүмкүн эмес, бирок мында 20-кылымдын теңдешсиз кыл калем чебери Сальвадор Дали жашайт, дүйнөлүк атактын туу чокусунда турган ал киши менин да кумирим. Мүмкүн болсо эгерде, ушул инсан менен таанышсам деген да каалоом бар, ушу кишиге жолуктурсаңар, ага ызатымды көрсөтүп, эстеликке кол тамгасын алсам дейт. 

Муну уккан испандардын кебетеси өзгөрүп, оң бутунан сол бутуна ооп туруп калышат, анткени Дали эч ким алдын ала билип болбогон, каалаганын жасап жиберчү  апенди мүнөз адам, ал Хачатурянды кабыл алабы да жокпу, муну да эч ким айта албайт. Анүстүнө жашаган жери да ыраак – Америкада, Испанияга кез-кезде гана чочугансып келип калганы болбосо, келбейт деле.  

Бирок болбой тургандай сезилген бул иш өзүнөн өзү эле бир чети жүрөктү түшүрүп, жеңил эле ишке аша турган болуп кетти. Океандын ары жагында жаткан Дали телефондон айтылган кабарды шашпай укту да: мен да улуу композитордун ышкыбозумун, аны өзүмдүн карапайым испандык жер кепемде кабыл алып, дидарлашуу мен үчүн да айтып бүткүс оомат, качан жетип барайын, ушул да кеп бекен, албетте барам. Мындай бир келген бакыт үчүн болгон ишимдин баарын таштап салууга даярмын, деги картаң, эч кимге кереги жок абышканы бул жерде ким издемек эле, эртең түшкү саат экиге жетип барам, ошентип айтып койгула Хачатурян мырзага, мына азыр эле машинеге отуруп, аэропортту көздөй жол тартам дейт. Анан да минтип кошумчалайт: эгерде гениалдуу композитор Хачатурян төрө жолугушууга макул болсо, анда карапайым шыбакчы, жашоодон жолу болбогон Дали буга өмүрү өткүчөктү бактылуу болмок. Дүйнөлүк музыканын жаркыраган жарык жылдызы мен сыяктуу бир бечарага көңүл буруп жатканына жетине албай, уккан кулагыма ишенбей  да турам дейт. 

Анын айткандарын Хачатурянга жеткирип которуп берип аткан тилмечтин да эси ооп, Хачатуряндын атагы ааламга жайылып кеткенине дагы бир ирет таң калып, Далинин айткандарына кулап түшө жаздайт. Ойго келе турган ишпи! Керек болсо кайсы президентти болбосун, реклама үчүн эмес, манайына жараша турчу ары деп жиберип койчу Дали минтип Хачатурянга өзү суктанып, баалап, жолугушууга атайын учуп келе турган болуп атпайбы!  

Ошонун эртеси эле күнү  болжошкон убакытка жакын мамлекеттик класстагы эки лимузин Хачатурянды жардамчысы, тилмечи жана катчысы менен кошо чогуу Далинин апакай мармар таштан салынган заңгыраган мавритандык сарайына жеткирет. Жалтыр-жултур алтын топчулуу бешмантчан сакчылар менен кызматчылар тосуп алышып, дарбазаны ачышат да кожоюн келгенин, бирок ал Хачатурян менен бетме-бет отуруп гана, ээн-эркин дидарлашкысы келерин, котормочунун да кереги жогун, анткени монсеньор Далинин аялы орус экенин айтышат да,  кимиңиздер сеньор Хачатурян болсоңор, ошонуңар гана ичкериге мархамат дешет.  Беркилер болсо аргасыз сыртта калышат, бирок Далинин кулк-мүнөзүн жакшы билгендиктен, буга таң калышпайт.  Келген машинелерине түшүп алып кайра кете беришет, анткени Хачатурянды Далинин машинеси кайра жеткирип да коёрун жанагы сырттагы сакчылар эскертишкен. Ошентип конокту килейген ак залга киргизип отургузуп коюшат да бир эшикти көрсөтүп, сеньор Дали мына ушул жактан өзү чыгып тосуп алат деген бойдон көздөн кайым болот.  Айланасын караган Хачатурян ичинен: кап, падышанын кан сарайындай болгон бул жерге смокинг кийип келсем болмок экен деп өкүнгөнсүп калат, муну эч ким эскертип койбоптур да. Анан калса ал өзү да Далиден атагы кем эмес улуу инсан эмеспи. Эмнесинен тартынат.

Ошентип Хачатурян туштагы эшикти карап коюп килейген залда жалгыз отурат, жанындагы үстөлдүн бети толтура дүйүм тамак, ичинде койкоюп армян коньяганын эки-үчөө койкоёт. Хачатурян чачын сылап, галстугун оңдоп, ичинен айта турган мактоо сөздөрүн дагы бир ирет жакшылап кайталап калат.  Жолугушуу саат экиге делинген.

Сааттын жебеси экиден он мүнөт өткөндө композитор Дали ана мына чыга калат деп эшикти тикирейе тиктеп калганы. Жыйырма мүнөт өткөндө ал отургучка жайлаша орношуп, жашиктен сигаранын бирин сууруп чыгат. Эки жарым болгондо ичинен бир аз кыжыры келе баштайт, - саат экиге дебеди беле, кайда жүрөт жоголуп! - коньяктан рүмкөгө куюп туруп, ичип жиберет да жүзүмдөн термелеп жей баштайт.

Саат үчкө кетип баратат. Этикеттин бузулганы ушул эмеспи.  Айбанчылык деген эмеспи бул! Ал эмне, жаш бала бекен, жалдырап күтүп отургудай? Ордунан туруп галстугун бошотуп коюп залдан ары-бери кадамдай баштайт. Алтын капастагы павлин кушка карап аны сөгүп коёт, ары жок, келесоо куш десе, эшектен бетер кыйкырат да тимеле! Саат дагы бир жолу какты. Бүттү. Ушинтип кантип болсун, акыл-эси соо немеби деги мунун? Саат туура үч болгондо чыгып кете берем дейт ичинен кыжырдана сөгүнүп. Улам ууртап ичип атып кыйналып да чыгат, табарсыгы толуп. Же дааратканасы кайда бул жердин? Эшик атмайдын баары жабык. Улам бирин тарткылайт.  Аргасы куруйт. Бул шылдыңдагандык эмеспи! Жо, кетиш керек! Рүмкөгө ичимдиктен толтура куюп дагы бир жолу согуп жиберет Хачатурян.  Балким Дали келбей калдыбы? Келди дешпедиби эми эле, анан бул кылганы эмнеси? Курсагы да ачып чыкты, атайын тамак ичпей келбеди беле, бул жерден ичем деп. Бирок жылас алгыр даараткана деген кайда? Эшиктин баары жабык, кайда барып табарсык бошотот эми?..

Пакене бойлуу композитор сөгүнүп, мыртыйган кыска буттары менен зал ичинде тыпылдап ары-бери чуркайт. Даараткана жок, алын сураар тирүү жан да жок. Саат төрт болгондо эмне болсо ошол болсун, урган жери жок, шымына сиймек беле, тигине ваза дегенден көп нерсе жок экен, бирин алат да, табарсыгын бошотмок болот. Сааттын жебеси ура баштайт, бир, эки... Вазадан бирди тандап алып, эми эле шымынын топчусун чечип, шырылдатып киргенде сааттын жебеси төртүнчү ирет даң урат: так ошол кезде музыка ойнолуп, туштагы ачыла берген кенен эшиктен “Кылыч бийи!” деп бакырган бойдон энеден туума жылаңач Салвадор Дали пол сүргөн швабра жыгачты ат кылып минген бойдон атып чыкса болобу!

Ошентип кылычын төбөсүнө булгалаган бойдон кыйкырып-өкүрүп алган Дали башка туштагы эшикти көздөй чаап өтөрү менен эшик ачылып жабылат да, ошол бойдон кирип кетип жок болот.  Музыка да тып басылат. Алиги азем уюштуруучу неме чыга келет да,  кабыл алуу аяктаганын кабарлап, шымы шыпырылып, оозу ачыла нес болуп калган Хачатурянды кете бер дегенсип, сыртка жаңсайт.  

Таштай каткан композитор эс-учун араң жыйнап, сийип салган суу шымын көтөрүп кийет да сыртка чыгат, ал жерден ага сарай кызматчылары Далинин алтын мукабалуу альбомун белек катары сунушат.  Машинеге отургузушат да, мейманканга жеткирип коюшат.  

Жолдо келатканда да гана кичине эсин жыйган Хачатурян караса, альбомду мыкчып алган экен, бул ыплас нерсени терезеден алыс ыргытайын деп барып кайра ойлонуп калат.

Отелге жеткенде эми ага жабышып, эки дөө-шаанын жолугушуусу кандай өткөнүн сурамжылап, башын ооруткан адамдын көбүн айтпа. Эмне демек, искусство туурасында бирдемелерди күңк-мыңк айткан болуп, эптеп кутулат. Кызыктын баары ошол эле күнү кечинде башталат.  Испаниянын кечки гезиттери болгон окуяны баштан аяк ширесин агыза, чып-чыргасын коротпой жазып чыгышат. Салвадор Далинин өзү да маек куруп, анда алыскы жапайы Россиядан келген советтик коноктун наркы жүз миң доллар, алты жүз жылдык тарыхы бар коллекциялык вазаны күлтүк (горшок) катары колдонгон жоругун сыпайы кечиримдүүлүк менен келекелеп, согуп кетиптир. 

Ошондон кийин советтик улуу композитор Арам Хачатурян Испанияга экинчи баргыс болгон дешет.    

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз