Кара жумушчу: Эмнеге эле бизге жармашып калдың? Деги сага эмне керек? Сен биздикилерден эмессиң... Жогол мындан!
Ак кол: Мен силерге өз кишимин, туугандар!
Кара жумушчу: Кантип эле ошондой болсун! Өз киши имиш! Ойлоп тапканын! Жок дегенде мына менин колдорумду карап койчу. Кандай капкара, кир экенин көрдүңбү? Колдорум кык жыттанат, кайыңдын чайыры жыттанат – а сенин колдоруң аппак. Эмне жыттанарын ким билет?
Ак кол: (колун сунуп) Жыттап көр.
Кара жумушчу: (жыттап көрүп) Эмне деген балээ? Темир эле жыттангансыйт.
Ак кол: Темир . Алты жыл бою колумдан кишен түшкөн жок.
Кара жумушчу: Эмне үчүн?
Ак кол: Силерге жакшылык кылууга кам көргөнүм үчүн. Билимсиз, караңгы адамдарды боштондукка чыгарайын деп силерди эзгендерге каршы чыгып, бунт көтөрдүм... Ошентип, камакка отургузуп коюшту.
Кара жумушчу: Отургузуп коюштубу? Бунт чыгарбай деле жүрсөң болмок!
Эки жыл өткөн соң
Баягы Кара жумушчу: (жанындагысына) Петра, уксаң!.. Эсиңде барбы, мурдагы жылы бир ак кол сени менен аңгеме куруп сүйлөшпөдү беле?
Башка Кара жумушчу: Эсимде... А эмне болуптур?
Биринчи Кара жумушчу: Бүгүн аны дарга асышат экен; буйрук чыгыптыр.
Экинчи Кара жумушчу: Тынч жүрө албаган го?
Биринчи Кара жумушчу: Тынч жүрө албаган да.
Экинчи Кара жумушчу: Ээ... Анда эмесе, Митряй тууган, аны дарга аскан жипти алып алсак кантет, ошол жипти алгандын үйүнө Кут кирет дейт!
Биринчи Кара жумушчу: Туура айтасың. Аракет жасап көрөлү, Петра тууган.
Апрель, 1878
Которгон Адилет ШАДЫКАНОВА