Марк Твен: Күчүк

АҢГЕМЕ

Жүрөгүмдүн түптүрүндө дайыма адам чынчыл болууга тийиш деген ой жашар эле. “Эмгегиң өтпөгөн акчаны сураба” деп айланамдагыларга дайыма айтар элем. Азыр мен сиздерге өмүр бою чынчыл болуума түрткү берген окуяны айтып берейин.

Бир күнү досумдун үйүнөн генерал Майлзга жолугуп калдым.

– Сизге жолукканыма кубанычтамын, – деди генерал, – Эртерээк жолукпаганыбызда бул окуя болмок эмес эле.

Менимче, ал мени тааныган жок, бирок биз мындан он жыл мурун Вашингтондо көрүшкөнбүз.

Менин кембагал экендигимди ушундан билсе болот, жада калса нан алганга да акчам жок болучу. Ошол күнү досум экөөбүзгө үч доллар абдан керек болуп калды. Бир жерден экинчи жерге барам, тааныштарымдан сурадым. Бирок бир да бирөө сокур тыйын карматкан жок. Акыры темселеп жүрүп бийик салынган мейманканага келдим да, залына кирип отурдум. Ошол учурда кичинекей тойпоңдогон күчүк залга чуркап келди. Куйругун шыйпаңдаткан күчүк абдан сүйкүмдүү эле. Эмне кыларымды билбегендей аны менен ойной баштадым. Ушул учурда залга формачан адам кирип келди. Мен аны гезиттеги сүрөтүнөн көргөндүктөн дароо эле тааныдым. Ал генерал Майлз эле.

– Кандай, сүйкүмдүү күчүк! – деди ал. – Сиздикиби? Сатпайсызбы?

Бул сөздөрдү укканда көктөн издегеним жерден табылгандай болду.

– Болуптур. Мен... Мен ойлонуп көрөйүн...

– Жакшы, – деди генерал. – Канчага баалайсың?

– Үч доллар, – оозумдан чыккан сөз ушул болду.

– Үч доллар? Мен сага бул үчүн жыйырма доллар берем, – деди.

– Жок, жок. Мага болгону, үч доллар керек.

Генерал Майлз мага үч доллар берди да, күчүктү алып мейманканадагы бөлмөсүнө кетти.

Чай кайнамга жетпей абышка залга баш бага тегерете көз жүгүрттү.

– Күчүк издеген жоксузбу? – деп сурадым.

– Ооба! Көрдүңбү? – деди чал. – Кичинекей куба күчүк.

– Ооба. Бул мейманканага кирген бир кишинин артынан ээрчип баратканын көргөм. Кааласаңыз сизге табышканга аракет кылайын.

Абышка кубанганынан жүзүндө жылмаюу пайда болуп, күчүктү табышып коюумду суранды.

– Сизге жардам бере алам, бирок бул менин убактымды алат, ошондуктан...

– Сенин убактың үчүн төлөп бергенге даярмын, – деди ал. – Канча сурайсың?

– Үч доллар, – деп жооп бердим.

Андан кийин генерал Майлздын бөлмөсүнө көтөрүлүп бардым.

– Күчүктү кайра алганы келдим, – дедим.

– Бирок ал сеники эмес да азыр. Мен аны үч доллар төлөп албадымбы, – деген жооп алдым.

– Мен сиздин үч долларыңызды кайрып берем, күчүктү алышым керек.

Мейманкананын залына күчүктү алып келдим да, абышкага кайтарып бердим. Кудуңдаган ал, мен сураган үч долларды берди. Мен да кубандым, анткени бизге керек болгон акчага ээ болдук. А муну мен өз эмгегим менен иштеп таптым деп ойлодум.

Ошентип, эмне үчүн эмгегиң өтпөгөн акчаны сураба деп айтканымды түшүнө алдыңыз деп ойлойм.  

Которгон Эрмек ШОРУКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз