Валентин Распутин: Мария үчүн акча (шедевр)

ПОВЕСТЬ

Кузьма терезеге тийген машиненин жарыгынан ойгонду. Жарык шыпка тийип, андан дубал менен ылдый шыпырылып түшүп, бөлмө ичин жарык кылды да, оң жак капшытка барып сиңип жок болуп кетти. Бир мүнөткө жетпей машине үнү басылды, кайрадан караңгы жана тынчтык өкүм сүрүп, эми ага бул көзгө сайса көрүнгүс жымжырт түндө кимдир-бирөөлөр ага жашыруун белги берип кеткендей сезилди.

Кузьма өйдө туруп чылымын күйгүздү. Ал терезенин түбүндө айнектен сыртты карап, өзү да белгисиз бирөөлөргө белги берип жаткансып чылымын кайра-кайра кызарта соруп бир аз отурду.

Чылымын соргон сайын көз ирмемге айнектен акыркы күндөрү чарчап, жүдөй түшкөн өз сөлөкөтү көрүнө калганы болбосо, жылт эткен учкун же шырт эткен добуш угулбаган караңгы түндө, көзүнө башка эч нерсе урунган жок. Кузьма кар таң аткыча басылбай жаайт деп ойлоп койду.

Ал кайрадан Мариянын койнуна кирип уйкуга кетти. Түш көрө баштады, түшүндө жаңы эле аны ойготкон машинеде экен. Машине жарыгын күйгүзбөй караңгыда келе жатыптыр. Анан ал бир үйдүн жанына келип токтоп жарыгын күйгүздү. Кузьма кабинадан чыгып, үйдүн терезесин черткилей баштады.

– Сизге эмне керек? — деп сурайт ичкериден.

– Марияга акча керек эле, – дейт ал.

Ага акча алып чыгып беришет, машине кайрадан караңгы түндү аралап жөнөйт. Жолдон акчалуу үйгө туш болгондо ага белгисиз бир механизм иштеп, машиненин жарыгы күйүп жатты. Ал кайрадан терезени черткилейт, ага кайра эле жанагы суроону беришет:

– Сизге эмне керек?

– Марияга акча керек эле.

Ал кайрадан ойгонду.

Караңгы түн. Дагы эле айланада не бир жарык, не бир дабыш жок, ушул жылчыксыз, тунжураган караңгы түндү жарып чыгып, өз учуру келгенде таң агарып, күн чыгаарына да ишенбейсиң.

Кузьманын санаасы санга, ою онго бөлүнүп, уйкусу качты. Тээ өйдөдөн, капыстан жааган катуу жамгырдын шоокумундай шуулдап, ышкырган реактивтүү учак үнү жакындап, бир заматта узап бараткан учактын артынан ээрчип жок болду. Кайрадан жымжырттык орноду, бирок Кузьмага ал жымжырттык көпкө созулбачудай, мына-мына адаттан тыш бир нерсе болчудай туюлду. Бул кооптуу сезим андан бир топко чейин кеткен жок.

Кузьма көпкө ойлонду: барсамбы же барбай эле койсомбу? Ал бул жөнүндө кечээ да, мурда күнү да ойлогон, бирок анда ойлонуу үчүн убакыт бар эле, ошондуктан бир чечимге келе албай жаткан, эми болсо убакыт таптакыр калган жок. Эгерде эртең менен аттанып чыкпаса кеч. Мына азыр чечиш керек: баруу керекпи, жокпу? Албетте, барыш керек. Жөнөш керек. Кыйналып олтурбай жолго чыгуу керек. Бул жерде акча сурай турган эч ким калган жок. Эртең менен турат да, автобуска жөнөйт. Азыр болсо укташ керек, – ал көзүн жумду. Укташ керек, укташ керек, укташ керек...

Ал уйкуну төшөк сыяктуу жамынып, анын бейпил, жылуу кучагына сүңгүп киргиси келди, бирок  андай боло койгон жок. Ал оттун жанында жаткансыйт: бир капталына которулса, экинчи капталы муздайт. Уйку-соонун ортосунда чайналды, кайрадан баягы машине көрүнө баштады, бирок ал көзүн ачса эле биротоло ойгонорун жакшы түшүнүп жаткан. Башка капталына оодарылып жатты, – бул түн дегеле бүтпөчүдөй сезилет.

Акыры күткөн таң да атты. Кузьма туруп терезени карады: кар жаабаптыр, бирок мына-мына жаачудай болуп асман түнөрөт. Бозомтук тарткан жагымсыз таң шооласы чачыла албай думугат. Терезе түбүнөн башын салаңдаткан ит жортуп өтүп, кичинекей көчөгө кирип кетти. Баскан кишинин карааны көрүнбөйт. Түндүктөн соккон катуу шамалдын толкуну дубалга урунуп барып тынчый калат да, арадан бир мүнөткө жетип-жетпей улам кийинки толкун мурдагысынын кылыгын кайталайт.

Кузьма ашканага кирип мештин жанында бир нерсе кылып жүргөн Марияга кайрылды:

– Жолго бир нерсе салып бер, мен барып келейин.

– Шааргабы? – деп тынсыздана сурады Мария.

– Ооба.

Мария колун алжапкычына сүртүп, ысык илептен улам албырган жүзүн тырыштыра мештин алдына олтура кетти.

– Ал бербейт, – деди ал.

– Анын дареги жазылган конверт кайда? – суроо узатты Кузьма Мариянын сөзүн укмаксанга салып.

– Жоголбосо, төркү үйдө болсо керек.

Балдар ойгонбой уктап жатышкан. Кузьма төркү үйдөн конвертти таап чыкты.

– Таптыңбы?

– Таптым.

– Ал эч нерсе бербейт, – деп кайталады Мария.

Кузьма дасторконго олтуруп унчукпай тамагын жеди. Чынында анын берер же бербесин өзү да билбейт, аны бир кудайдан башка эч ким билбейт.

Ашкана ысып чыкты. Кузьма жанына келип сөйкөнгөн мышыкты буту менен ары түртүп койду.

 – Деги өзүң кайра келесиңби? – деди Мария.

Ал табагын ары жылдырып, унчуккан жок. Мышык бурчта жонун үрпөйтүп турду да, кайрадан келип Кузьманын бутуна сөйкөнө баштады.

Бир кезде ордунан туруп, эмне айтарын билбей буйдала, анан тез-тез басып сыртка жөнөдү. Кийинип жатып, Мариянын ыйлап жатканын укту.

Кетер мезгил да келди – автобустун жөнөр маалы. А Мария ыйлагысы келсе ыйлап алганы жакшы деп койду оюнда.

Катуу соккон шамал алдынан чыккан нерсенин баарын жулмалап, көчөнү калдыр-шалдыр кылып жаткан.

Автобус келип, Кузьма эң артына, терезе жакка барып олтурду. Эл аз экен, бош орундар алды жакта деле көп болчу, бирок алгач олтуруп алган ордунан туруп барып кайра башка жерге отургусу келбеди. Ал башын моюнуна катып алып терезени карап баратты. Жыйырма чакырымга жакын созулган жерде бардыгы окшош болчу: шамал, шамал жана шамал. Токойдо деле шамал, талаада деле шамал, кыштакта деле шамал. Ызылдап автобустун бет маңдайынан соккондо илеби терезенин тешиктеринен ичке чейин кирүүдө. А качан автобус шамалга боорун тоскон кезде учкан кум менен майда шагыл терезенин айнегине чаап, шыңгыраган үн чыгып турду. Чыйрыгып чыкты.

Бул шамал суук түшүрүп карды алып келчүдөй, кыш түшөрүнө деле бир аз убакыт бар, октябрдын аягы болуп калбадыбы.

Автобуста сүйлөгөн киши жок, – аба-ырайы алардын кабактарына кар жаадырып, тилдерин байлап дудук кылып салгансыйт. Сүйлөшсө да шыбырашып, сөз эмне жөнүндө жүрүп жатканын түшүнбөйсүң. Ойлонгуң да келбейт. Бардыгы автобус жаман жолдон секирген сайын унчукпай, отургучтардын арткы темиринен тырышып кармап алышып, ыңгайлуу олтурганга аракет кылып келишет, – иши кылса ар ким өзү менен өзү. Кузьма шамал менен мотор үнүн ажыратып уккусу келип тыңшады – болчудай эмес, күүлдөгөн үн шамалдыкыбы же мотордон чыгабы, билинбейт.

Жол улам өйдөлөп барып түзөңгө чыкканда чоң айылга туш болушту. Автобус колхоз кеңсесинин алдына токтоду, бирок бул жерде күткөн жүргүнчүлөр жок болуп чыкты, эч ким түшкөн жок. Кузьма терезеден ээн көчөнү сапырылтып жаткан шамалдан башка тирүү жан көргөн жок.

Автобус кайрадан ордунан жылды. Жаш шоопур бала артына кылчайып жүргүнчүлөргө көз чаптырып, чылымын издеп чөнтөгүнө кол салды. Кузьма кубанып кетти, ал чылымды таптакыр унутуп койгон экен. Бир мүнөткө жетпей автобус ичин көк түтүн аралап жүрдү.

Кайрадан айылга киришти. Шоопур автобусту ашкана жанына токтотуп, ордунан турду:

-- Эс алып алгыла, – деди ал. – Тамак ичкиси келгендер мени ээрчигиле, барар жерибизге жеткиче дагы бир далай бар.

Кузьманын тамак ичскиси келген жок, бирок буту-колун жазып алыш үчүн сыртка чыкты. Ашкананын жанында так эле өзүнүн айылындагыдай дүкөн бар экен. Кузьма дүкөндүн кире беришиндеги бийик аянтчага чыгып, дүкөндүн эшигин ачты. Баардыгы алардыкындай: бир тарабында азык-түлүк, экинчи ыптасында кийим-кечек жыйналып турат.

Соода кылар үстөлдүн жанында үч аял сүйлөшүп турушуптур, сатуучу аял колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып, тигилердин сөздөрүнө кулак салып турат. Ал Мариядан жашыраактай, бейкапар, жайдары жүзүнөн иши жайында экени байкалат.

Кузьма бурчтагы ысык мешке жакын келип, алакандарын жылыта баштады. Шамал терезенин капкагын калдыратып жиберди эле, сатуучу менен үч аял бурулуп аны карап калышты. Ал сатуучуга жакын барып, ага өзүнөн айылындагы дүкөн да кудум ушул сыяктуу экенин, анда аялы Мария сатуучу болуп иштерин айткысы келди. Бирок ордунан жылган жок. Шамал кайрадан терезенин капкагын калдыратканда, аялдар бул жолу да Кузьманы карап калышты, аны бир нерсени түшүрүп жиберди деп ойлошсо керек.

Кузьма шамал бүгүн эле башталганын жакшы билет, түндө ойгонгондо шамал жок эле, ошентсе да бул шамал көптөн бери басылбай болуп жаткандай сезимге кабылды.

Мындан беш күн мурда кырк жаштар чамасындагы же шаардыктарга, же айылдыктарга окшобогон ак плащчан, бутуна керзи өтүк, башына кепка кийген киши келген. Мария үйдө эмес эле. Ал эртең келип дүкөндө текшерүү жүргүзөрүн, дүкөндү ачпай турушун айтып кетти.

Айткандай эле, ал эртең менен келип текшерүүсүн баштады. Түш маалында Кузьма дүкөнгө баш бакканда анда баары будуң-чаң болуп жатыптыр. Банкелерди, кутучаларды таңгактарды Мария менен текшерүүчү бирден чачып санап жатышкан, калем сабын кулагына кыстарып алган текшерүүчүнүн кыймылдаганы ыкчам, улам бир товарды санап, кагазына жазып, чотту шакылдатып кагып, айтор өз ишин мыкты билери көрүнүп турду.

Мария ал күнү үйгө кеч келди. Аябай чарчаган экен.

– Иштериң кандай? – деп сурады Кузьма андан.

 – Кандай болсо да азырынча билине элек. Эртең кийим-кечек, кездемелерди санайбыз.

Ал ызы-чуу түшүп ойноп жаткан балдарын урушуп тынчтандырды да дароо жатып алды.

Кузьма сыртка чыкты. Кимдир-бирөө чочко куйкалап, анын жыты буркурап бүт айылга жыттанып турду. Эл эгиндерин жыйнап, картошкаларын казып алышкан, эми кашыктап чогултканын чөмүчтөп чачып той бере башташат. Кышка да даядык көрүш керек. Иш кычап, көчүк басып ысык чай ичээрге убакыт жок мезгил, тегерек башын жыйнап, эс алып, мындан аркы жасай турган иштерин шашпай ойлонор убакыт келди. Азырынча тынч болгону менен бир жума өтүп-өтпөй көрүп ал, айыл ыр менен күлкүгө, оюн менен шаңга толуп, күндө майрам күндө той болуп эле жатып калат. Эски, жаңы майрамдардын бирин калтырбай эстешет, бири-бири менен кучакташып, үйдөн-үйгө кыдырып кыйкырып-өкүрүп ырдашат, бийлешет, тамак-ашы жайнаган үстөлдөрдө олтуруп согушту эстеп бир сыйра ыйлап-сыкташат, бири-биринен кечирим сурашат.

Кузьма үйгө кирди, балдарын жаткыла деди да, өзү барып төшөгүнө жатты. Мария дем алганы билинбей уктап жатыптыр. Кузьма жаңы эле көзү илинип баратканда сырткы бөлмөдөгү балдарынын ызы-чуусунан ойгонуп кетти, туруп барып аларды тынчтандырып келишке туура келди. Жымжырт боло түштү. Сырттан өтүп бараткан кимдир-бирөөгө көчөнүн иттери жабыла үрүп барып басылышты.

Эртең менен Кузьма ойгонгондо Мария эчак туруп кетиптир. Ал таңкы чайын ичип алып экинчи бригадада аны күтүп жаткан жумушуна жөнөдү – кечинде ага башкарма жашылча сактаган кампага барып, аны оңдоо үчүн эмне иштерди жасаш керек, кандай материалдар талап кылынат, карап, эсептеп келишин тапшырган. Иштин кызуусу менен жүрүп, Кузьма текшерүү тууралуу таптакыр эсинен чыгарып коюптур, кечинде үйүнө жакындаганда гана эстеди. Эшиктин алдында олтурган балдарынын улуусу Витька аны көрө калып үйгө жүгүрүп кетти. “Буга эмне болгон?”— деп ойлоду да, бир жамандыкты сезгендей, шашыла басып үйгө кирди.

Аны күтүп жатышыптыр. Мария үстөлдө олтуруптур, ыйлап жатып көздөрү шишиген. Каалганын жанында отургучта олтурган текшерүүчү Кузьма менен күнөөлүү кишидей учурашты. Балдары орус мешинин жанына биринен бири кыска болуп тизилип калышыптыр. Кузьма дароо түшүндү. Ал унчукпай кир өтүгүн чечип, бөлмөдөн тапичкесин издей баштады. Тегеренип издеп эч жерден таппаган соң, балдарынан сурады:

– Менин тапичкемди көрдүңөрбү?

Мария чыдай албай ыйлап жиберди да, башка бөлмөгө кирип кетти. Кузьма ага эч таңыркабастан салкын көз караш менен узата карап койду да, балдарына кыйкырды:

– Деги бүгүн менин тапичкем табылабы?

Ал бири-бирине жип менен кошоктоп койгонсуган балдарынын ээрчишип алып бирде керебеттин астынан, бирде тиги бөлмөдөн, бурчтан бурчка жүгүрүшүп, үйдү үч көтөрүп тинтишип, үндөрүн чыгарышпай карбаластап жүрүшкөндөрүн унчукпай карап турду. Акыры тапичке да табылды. Кузьма аны бутуна илип Марияга жөнөдү. Ал керебетке көмкөрөсүнөн жатып алып шолоктоп ыйлап жаткан. Ал аны ийининен акырын тартып өзүнө каратып сурады:

– Канча?

– Миң.

– Эмне, жаңы акча мененби?

Мария жооп берген жок. Ал кайра ары карап, токтоно албай боздоп ыйлай баштады. Кузьма анын солкулдап жаткан денесин карап туруп кандайдыр бир көз ирмемге өзүн жоготуп жиберди, – бул ушунчалык күтүүсүздөн келген чоң кырсык эле. Бир аздан кийин эсин жыйып, сырткы бөлмөгө чыкты да, текшерүүчүнү үстөлгө отурууга чакырды. Текшерүүчү унчукпай ал көргөзгөн жерге олтурду. Адегенде ал бир аз өзүнө келиш керек эле. Кузьма калдалактап чылымын күйгүздү да, анысын сууну улам ууртап жаткансып дембе-дем соро баштады. Аңгыча балдардын бөлмөсүнөн катуу чыккан радио үнү жаңырып, Кузьма селт эте түштү.

– Өчүргүлө!.

Балдар орус мешинен түшүп, катарын бузбай тиги бөлмөгө чыгып кетишти. Радио үнү чыкпай калды. Ал башын көтөргөндө балдары анын айткан буйругун оозун ача электе аткарууга даяр болуп, мештин жаныда тизилип калышкан экен. Жини акырындап тарап, балдарын аяп кетти. Алардын эмне күнөөсү бар эле.

Ал текшерүүчүгө кайрылды:

– Мен сенден эч нерсе жашырбайм, биз ал жактан бир чымчым нерсени да бекер алган жокпуз. Муну мен атайын балдарымдын көзүнчө айтып жатам, алар алдымда турганда мен эч качан калп айта албайм. Өзүң көрүп турбайсыңбы, ашып-ташып кеткен байлыгыбыз жок болсо да, уурулукка барбайбыз.

Текшерүүчү унчуккан жок.

– Айтсаң, мынча акча кайда кетти? Миң дейби?

– Миң, – деп башын ийкеди текшерүүчү.

– Жаңы акча мененби?

– Азыр эски акча жүгүрбөй калган.

–Бул эмне деген гана акча, – деди Кузьма ойлуу. – Мен мындай акчаны өмүрүмдө колума алып көрө элекмин. Колхоздон үй салабыз деп жети жүз сом ссуда алганбыз, ошол да көп болуп, эмдигиче кутула элекпиз. Миң сом... Отуз сом, кырк сом, макул жүз сомго жаңылсын, муну түшүнсө болот,  а миң сом кайда кетет? Сен көптөн бери бул кызматта иштесең керек, балким эмне болгонун билерсиң?

– Билбейм, – деп башын чайкады текшерүүчү.

– Сельподогулар документерди тууралап, алдашкан жокпу?

– Билбейм, ошондой болушу да мүмкүн, билими жетишсиз турбайбы.

– Кайдагы билим, эптеп кат тааныйт! Мындай билим менен өкмөттүн акчасын эмес, менин айлык акымды гана санаса болот. Мен ага канча жолу колуңан келбеген ишке асылба деп какшадым. Иштегенге киши табышпай макул кылып коюшпадыбы. Анан бардыгы жакшы эле болгонсуп жаткан.

– Товарды өзү алып келчү беле?

– Жок, барган кишилерден алдырып алчу.

– Албетте, бул жаман. Анткенге болбойт да.

– Мына, мына...

– Эң негизгиси, жыл бою эсеп жүргүзүлбөптүр.

Алар унчукпай калышты, тынч боло калгандыктан уктоочу бөлмөдөн Мариянын дагы эле басылбай ыйлап жатканы угулуп турду. Ачык эшиктен сыртта бирөөнүн дарылдап ырдаганы угулуп, кайра тынчып калды, андан кийин Мариянын ыйы баштагыдан да катуулагансып, сууга кулап түшкөн таш сыяктуу булк-булк эткен үн чыгып жаткансыды.

– Эми эмне болот? – деп кобуранды Кузьма же текшерүүчүдөн сураганы, же өзү менен өзү сүйлөшүп жатканы билинбей.

Текшерүүчү балдарды карап калды.

– Ары жакка баргыла! – деди Кузьма балдарын кубалап, балдар акырын жылып өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип кетишти.

– Мен эртең мындан аркы айылдарга кетем, ал жакта дагы эки дүкөндү текшеришим керек. Бул болжолу беш күндүк жумуш. А беш күндөн кийин... Ал бир аз токтоло калды, себеби ал тобокелчиликке барып жаткан. – Кыскасы, мен келгиче жетпеген акчаны таап койсоңор... Мени түшүндүңүзбү?

– Кантип түшүнбөй коёюн.

– Балдарыңарды көрүп жатпаймынбы, – деди текшерүүчү...– Сотко беришсе, кесилип кетет, андан эмне...

Кузьма текшерүүчүгө жалынып жиберчүдөй жалдырай карап аянычтуу күлүп койду.

– Бирок туура түшүнүңүз: бул жөнүндө эч ким билбесин. Менин мындай кылганга укугум жок. Тобокелчиликке барып жатам.

– Түшүнүктүү, түшүнүктүү.

Акча тапсаңыз, билгизбей жаап салабыз.

– Миң сомбу? – деди Кузьма.

– Ооба.

– Түшүнүктүү, миң сом болсо, миң сом. Таап беребиз. Соттотпойбуз. Мен аны менен чогуу жашаганыма көп болду. Балдарыбыз бар.

Текшерүүчү кетүүгө камынды.

– Сага рахмат, – Кузьма текшерүүчүнүн колун кысты.Тиги чыгып кетти, сырттагы короонун эшиги кыйчылдап ачылып жабылды да тынчып калды.

Кузьма жалгыз калды. Ал кечээтен бери жагылбаган мештин жанында көпкө олтурду. Башында бир да ой жок –  ойлонууга алы да жок, бир жерди тиктеп  катып калгансыйт, башы уламдан улам ылдый салаңдап барат. Бир саат өттү, эки саат өттү, түн кирди.

– Ата!

Кузьма башын акырын көтөрсө, алдында жылаң аяк, майкечен уулу Витька турган экен.

– Сага эмне керек?

– Ата, жакшы элеби?

Кузьма башын ийкеп койду. Бирок Витька кеткен жок, ал атасынын сөзүн уккусу келди.

– Албетте! – деди Кузьма. – Жерди чукусак да таап беребиз. Апаңды эч кимге кор кылбайбыз. Беш эркек турбайбызбы, биз колдон келгендин бардыгын жасайбыз.

– Бөбөктөрүмө баары жакшы болот деп айтсам болобу.

–Айт, так ошентип айт, жерди чукусак да акча таап, апаңды куткарып алабыз. - Витка көңүлү жайланып, бөбөктөрүнө кетти.

Эртең менен Мария ордунан турган жок. Кузьма туруп улуу балдарына кечээкиден калган сүттөн берип курсактарын тойгузду да, мектепке жиберди. Мария кыймылдабай шыпты тиктеп жатты. Ал кечээ дүкөндөн келген боюнча чечинген эмес, бети көпчүктөй болуп шишип калган экен. Жумушуна кетерде Кузьма анын жанына барды:

– Кечке ойлонуп жата бербей тур. Эчтеке эмес, эл-журт деген бар, кутулабыз. Эчтеке боло электе өзүңдү кыйнай бербе.

Ал жумушка чыга албасын айтып коюу үчүн кеңсеге жөнөдү.

Башкарма кеңседе жалгыз олтурган болчу. Ал туруп келип Кузьмага кол берди да аны тиктеп, күрсүнүп койду.

– Эмне болду? – деди Кузьма тигини түшүнбөй.

– Мария тууралуу уктум, – деди башкарма. – Эми айылда бул жөнүндө укпаган киши калган жок болуш керек.

– Баары бир элден эч нерсени жашыра албайсың, мейли угушса угушсун, – Кузьма колун шилтеп койду.

– Эмне кылганы жатасың?

– Билбейм. Кайда барышты да билбейм.

– Бир аракет кылыш керек.

– Ооба, керек.

– Өзүң билесиң, мен азырынча сага ссуда бере албайм. Жыл аягы болуп калбадыбы. Отчёттор өткөндөн кийин кеңешип туруп бергенге аракет кылалы. Беребиз да, кантип бербей коёбуз!А азырынча ссуда алганда берем деп сура карызды. Оңой болот, – деди башкарма.

–Рахмат сага.

–Мага рахматыңдын канча кереги бар! Мария кандай?

 – Жаман.

– Бар ага барып айт.

– Айтыш керек.

Сыртка чыгып баратып эстей койду:

– Мен бүгүн жумушка чыга албайм.

– Бар, бар, Сен ушул абалыңда эмнени жыргатмак элең. Тааптырсың эмнени айтышты!

Мария дагы эле жатыптыр. Кузьма керебеттин жанына олтуруп, анын ийининен тартты, бирок ал эч нерсе сезбеген немедей кыймылдаган жок.

– Башкарма отчёттор бүтсө ссуда бермей болду, – деди Кузьма. Ал болор-болбос кыймылдамыш болуп, кайра катып калды.

– Сен мени угуп жатасыңбы?

Мария капыстан баш көтөрүп Кузьманы моюнунан кучактап өзүнө тартып, керебетке басып жыгылды.

–Кузьма! – деп шыбырап жатты ал энтигип. – Кузьма бир нерсе кыл, мени сактап кал!

Ал бошонуп чыгууга аракет кылды, бирок Мария жүзүн Кузьманын жүзүнө тийиштирип аны кучагына бекем кысып алган болчу.

– Кымбаттум!—деп өзүн жоготуп койгонсуп шыбырады. – Кузьма, мени сактап кал, мени аларга бербе!

Ал эптеп бошонуп чыкты.

– Жинди катын, – деп күбүрөнүп койду. – Сага эмне жин тийдиби?

– Кузьма! – деп чакырды ал алсыз.

– Дагы эмнени ойлоп таптың? – Ссуда алабыз, баары ойдогудай болот, сен эрте эле жинди боло бербе.

–Кузьма! – анын үнү барган сайын акырындап, алыстап баратты.

– Дагы эмне дейсиң?

– Кузьма!

– Мен жаныңдамын.

Ал өтүгүн чечип ыргытып анын жанына жата кетти. Мариянын бүткөн боюн калтырак басып, үшүгөн кишидей титиреп жаткан. Аны бекем кучактап колу менен далысынан өйдө-ылдый сылай баштады. Мария ага таптакыр эле жабышып алды. Кузьма бир топко чейин аны сылай берди, ал акырындап тынч алып, уктап калды. Кузьма дагы бир аз жатып, акырын туруп кетти.

Кузьма ойлоно баштады: уй менен чөптү сатса болот, бирок анда балдары сүтсүз калат. Чарбасында сата турган башка эч нерсеси жок. Уйду азырынча сатпай туруш керек, таптакыр айла түгөнсө анан көрөт да. Демек, өзүндө бир тыйын жок, бардыгын карызга алыш керек. Мынча акчаны кимден сурарын билбеди, сумма өтө эле чоңдой, ал кээде аны эски акча менен чаташтырып, кайра эсине келгенде денесинен муздак тер чыпылдайт.

Ал мындай чоң акча болорун, миллиондор менен миллиардар бар экенин билчү, бирок ушундай сумма бир адамга, болгондо да өзүнө тиешеси болору үч уктаса түшүнө кириппи, эми ал кандайдыр бир акча издей баштаса эле экинчи кайра оңоого болбой турган жаңылыштык кетирчүдөй сезилди.

Ал көпкө чейин ордунан козголгон жок, ага азыр бир сыйкырдуу күчтүн жардамы менен бирөөлөр келип, азыркы болуп жаткан окуяга Мария экөөңөрдүн эч тиешеңер жок, бул жөн гана тамаша болчу деп айтып жибечүдөй туюлду. Чынында эле тегерегинде бул ишке тиешеси жок канча адамдар жүрүшөт!

Шоопур автобусту так вокзалдын оозуна жакын токтоткону жакшы болуптур, болбосо үйдөн чыккандан бери басылбаган, муздагы чучуктан өткөн шамалда калмак экен. Станцияда кутургандай шамал чатырды жапкан темирди жулуп кетчүдөй калдыратып, көчөдө ар кандай кагаз менен тамекинин калдыктарын учурган, ал эми этек-баштары делбелектеген адамдардын өздөрү чуркап баратышканы же шамал учуруп чуркоого мажбур кылганы билинбейт. Поюздардын келип-кеткенин жарыялаган радио үнүн шамал жула качып, үзүл-кезил. Ары-бери жүргөн паровоздордун мээни көзөгөн ышкырыктары мына-мына болчу бир чоң коркунучту эскертип жаткансыйт.

Куьма поюз кетерден бир саат мурда белет алуу үчүн кезекке турду. Кассаны алигиче ача элек эле, кезектегилер ар бир жаңы келген кишини шектүү карап, алдыга киши өткөзүшпөй сак турушту. Дубалда илинген чоң электр саатынын жебеси, тык-тык этип үн чыгара алдыга секирген сайын кезектегилер аны карап, чыдамдары кетүүдө.

Акыры касса да ачылды. Кезектегилер жандана түшүштү. Кезекте биринчи турган аял кассанын терезесине эңкейди: бир мүнөт өттү, эки мүнөт, төрт мүнөт өттү, бирок кезек жылган жок.

– Эмне, соодалашып жатабы? – арттан жинденген үн чыкты. Кезекте биринчи турган аял бурулуп жооп берди:

– Белет жок экен.

– Жолдоштор, жалпы жана плацкарт вагондоруна белет жок! – деп кыйкырды кассир айым.

Кезектегилер нааразы болуп күңкүлдөп киришти, бирок таркашкан жок.

– Эптеп көбүрөк акча шыпырып алыштын айласын кылышат, – деди семиз, кызыл жүздүү, жашамал аял нааразы болуп. – Жумшак вагондорду жайнатып жиберишти, – анын кимге кереги бар дейм да? Белеттин баасы учактыкы менен теңеп салышты.

– Учак менен уча бергиле, – деди кассир аял кебелбей.

– Учса учабыз, – деди жини кашая түшкөн семиз аял. – Дагы ушундай бир-эки фокус көргөзсөңөр силерге бир да киши басып келбейт. Уятыңар жок.

– Каалашыңарча уча бергиле, кылыбыз кыйшайбайт!

– Ишсиз калганда көрөбүз, алдагындай сүйлөгөнүңдү.

Кузьма кезектен чыгып кетти. Эмики поюзга чейин беш сааттан кем эмес убакыт бар. А балким жумшак вагон менен кетсемби! Шайтан алсын! Кийинки поюзда жөнөкөй вагонго орун болобу же болбойбу, ким билет. Жөн эле убакыт кетип жатпайбы. Эмнегедир “Баш кийимин алдырган, чачына кайгырбайт” деген сөз эсине келди. Чындап келгенде ашык беш сом кетет экен, миң сом издеп жатканда беш сом эмне болуп калыптыр.

Кузьма кассага кайра келди. Кезек тарап кетиптир, кассир алдына китебин ачып жайып алып окуп олтурган.

– Мага шаарга чейин бериңизчи.

– Белет жумшак вагонго эле бар, – деди кассир аял китептен башын көтөрбөй.

– Болгонун бере бер.

Ал окуп жаткан жерине сызгычты коюп белгиледи да, каптал жактан белетти алып компостерге салды.

Ал анын поюзу качан келерин жарыялашын күтүп олтуруп, кыялдана кетти. Буюрса, поюз келсе жумшак вагонго олтурат да кыйналбай шаарга жетип алат. Эртең менен шаарга жетет. Агасына барып, андан миң сомго жетпей жаткан акчаны сурайт. Агасы сактык китебинен алып берсе керек. Жолго чыгарда экөө олтуруп, бир бөтөлкө аракты бөлө тартышат да, анан ал текшерүүчү келгиче кечикпей үйүнө жетип алат. Анан Мария экөөнүн иши мурдагыдай жүрүп, эл катары жашай беришет. Бул кырсыктан кутулуп, Мария өзүнө келсе балдарына жакшы тарбия беришет, кудай буюрса балдары менен киного барышат, кантсе да беш эркек, анан энеси болуп өздөрүнчө бир кичинекей колхоз эмеспи. Алардын жакшы жашоолору дагы алдыда. Кузьма мурдагыдай эле кечкисин төшөккө жатканда Марияга тийишип, көчүгүнө чапкылап ойнойт, а Мария калп эле урушумуш болуп кабагын бүркөйт, чынында ал деле эркелешип ойногонду жакшы көрөт. Алардын бактылуу жашоосу үчүн көп нерсенин деле кереги жок.

Кузьма кайрадан эсине келди. Миң сом аябай эле көп, ох, кандай көп. Азыр эми миң эмес дечи, ыйлап-сыктап миң сомдун жарымын чогултту. Убада кылды, жалынды, бербей коюшабы деп коркуп кереги барбы, кереги жокпу – ссуда жөнүндө кеп кылды, анан сурап алган акчаны уялып, кысылып араң алып жатты, бирок баары бир дагы эле аз болчу.

Ал ар бир башына иш түшкөн айылдыктар сыяктуу эле, эң алгач Евгений Николаевичке барды.

– А Кузьма, кел, – деп тосуп алды Евгений Николаевич, каалгасын ачып. – Кир, кир, өйдө өтүп олтур. Эмне келбей калды, таарынтып алдымбы деп жүргөм.

– Сизге эмнеге таарынмак элем, Евгений Николаевич?

– Ким билсин. Таарынычын бардыгы эле айта беришпейт. Олтур, олтур. Жашоо кандай?

– Алынча.

– Байкуш боло бербесеңчи. Жаңы үйгө кирдиң да?

– Кирдим, ага мактаныштын деле кереги жок ко.

– Билбейм, көптөн бери келбей калганыңдан айтам.

Евгений Николаевич үстөл үстүндө ачык жаткан китепти жаппай, ошо бойдон акырын алып текчеге койду. Ал Кузьмадан кичүү, бирок айылдыктар карыялардан бери аны ушинтип чакырышат, анткени ал он беш жылдан бери айылдагы адегенде жети жылдык, андан кийин сегиз жылдык мектептин деректири. Өзү ушул айылда туулуп өскөн, институтту бүтүп келгенден кийин деле дыйканчылык иштерин таштабай, чөбүн өзү чабат, жыгач усталык кылат, айтор колунан баары келет, чарбасын ийгиликтүү жүргүзүп, бош боло калганда эркектер менен балыкка да бара коёт.

Кузьма Евгений Николаевичте дайыма акча болорун билет, ошондуктан адегенде эле ага келбедиби. Ал мугалим болуп иштеген аялы экөө эле турушат, маяналары жакшы, алган акчаларын көп коротушпайт, айран-сүтү, эти, жашылча жемиши өздөрүнүкү дегендей.

Евгений Николаевич китептерин жыйнай баштаганын көргөн Кузьма ордунан тура калды:

– Тоскоол болгон жокмунбу?

– Олтур, олтур. Эмнеге тоскоол болмок элең! Убакыт кенен. Үйдө жүргөндө убакыт өкмөттүкү эмес, өзүмдүкү. Демек, аны кандай коротуш өзүмдүн ишим, туурабы?

– Балким, ошондойдур.

– Эмне үчүн балким? Чынында эле ошондой. Убакыт бар. Азыр чай коёбуз.

– Чай ичпейм, жаңы эле ичип келгем.

– Мейли, өзүң бил. Конокту тогунан берсин деп коюшат эмеспи, ошондойбу?

– Ооба, ошондой.

Кузьма үстөлдө ийненин үстүндө олтургансып араң олтурган, чымырканып бүт эркин чогултту да, сөз баштады:

 – Евгений Николаевич, мен сага бир көйгөлүү иш менен келдим.

– Иш мененби? – Евгений Николаевич кулак түрүп тыңшап калды. – Кана, эмне болгон иш, айта бер. Иш деген иш, көйгөй чыкса аны чечиш керек. Темирди кызуусунда сок дешет эмеспи.

– Кантип башташты да билбейм, – деди Кузьма мукактанып.

– Айт, тартынбай айта бер.

 – Кыскасы, мен акча сурап келдим.

– Акчабы? Канча керек эле?

 – Мага көп керек, канча бере алсаң ошончо.

– Көп болгондо канча – онбу, жыйырмабы, отузбу?

– Жок, – баш чайкады Кузьма, мага көп керек. Адегенде эмнеге керегин айтайын, түшүнүктүү болсун. Мариянын моюнуна көп акча түшүп жатат. Балким уккандырсың?

– Жок, мен эч нерсе билбейм.

– Кечээ текшерүү бүттү – жыйынтык ушундай болуп калды.

Евгений Николаевич манжалары менен үстөлдүн бетин чертип койду.

– Жаман болгон экен, – деди ал.

– Эмне дейсиз?

– Жаман болгон экен дейм. Канча. Кантип ушундай болду экен?

– Болору болду да.

Унчукпай калышты. Сааттын тыкылдап какканы угулат; Кузьма аны издеп таппай койду. Евгений Николаевич кайрадан манжалары менен үстөлдүн бетин черткилеп, чекесин тырыштырып койду.

– Соттоп жибериши мүмкүн, – деди Евгений Николаевич.

– Сотко жеткизбейин деп акча издеп жүрөм да.

– Баары бир соттоп жибериши мүмкүн. Өкмөттүн мүлкүн орунсуз жок кылуу тамаша эмес да.

– Жок, соттой алышпайт. Ал бир тыйын да алган эмес. Мен билем.

– Сен аны мага эмне айтасың? – деп таарына кетти Евгений Николаевич. – Мен сот эмесмин. Сен ошолорго айт. Мен абайлаш керек, акчаны төлөтүп алып соттоп жиберишпесин деп жатам.

– Жок, – деди ал, бул жолу ага караганда, өзүнө көбүрөк кайрылып, Кузьма өзү да ушундай болбосун деп чочулап турганын сезе койду. – Азыр ак-карасын териштирип карап калышты. Биз ал акчаларды алган эмеспиз, бизге анын эмне кереги бар эле. Билими тайкы болгон үчүн ушундай ишке кабылып жатпайбы.

– Алар муну баары бир түшүнүшпөйт, – деди Евгений Николаевич колун шилтеп.

Кузьма ссуда жөнүндө эстей койду.

– Мен бир-эки айда эле кайра берем, Евгений Николаевич, башкарма жаңы жылдан кийин ссуда бермек болду, – деди ал ыйлап жибечүдөй жалдырап. Ал өзүнүн мындай шөмтүрөгөн абалынан өзү жийиркенди.

– А азыр бере албайт бекен?

– Азыр бергенге болбойт, биз мурдакы үйгө деп алган карызыбыздан кутула элекпиз. Ансыз деле биздин абалыбызгө түшүнүп берем дегенине шүгүр. Башка бирөө болсо бермек эмес.

Ортодогу жымжырттыкта Кузьма кайрадан сааттын тынбай соккон тыкылдаганын эшитти, бирок бул жолу да ал саатты көрө албады. Саат парданын ары жагында болушу мүмкүн, балким китеп текчесиндедир, бирок үн негедир жогору жактан чыккансыганынан чыдабай шыпты карады, анан бул кереги жок, ашыкча жасаган кылыгына жини келип, өзүн тилдеди.

– Дагы кимден сурадың? – деп сурады Евгений Николаевич.

– Биринчи эле сизге келдим.

– Эмне кылмак элем – берем да! – Евгений Николаевич капыстан жандана түштү. Бербесем Евгений Николаевич сараң экен, атайын барсам бербей койду деп таарынасың. А аны эл укса эмне болот?  

– Элге сиз жөнүндө эмнеге айтмак элем, Евгений Николаевич.

– Билем, билем. Мен сен жөнүдө эмес, дегинкисин айтам. Элде ар кандай адамдар бар да. Бирок менин акчам райондо, сактык кассасына салып койгом. Болор-болбоско коробосун деп ошол жакта сактайм. Барыш керек. Азыр убактым жок эле. – Ал кайрадан чекесин тырыштырды. – Барууга туура келет. Жүз сомум бар, алып берем. Ушундайда бири-бирибизге жардамдашпасак болобу.

Кузьма эмнегедир шалдырай түшүп, унчуккан жок.

– Кыйынчылыкта бирге болбосок, адамгерчиликтен кетпейбизби, – деп сөзүн улады Евгений Николаевич. – Мен жөнүндө ар кандай ушактарды айтып жүрүшөт, мен бардыгына эле колдон келген жардамымды берем. Бири беш сом сурайт, бири он сом. Кээде акыркы тыйыныма чейин берем. Албетте, кайырып беришсе жакшы, маңдай тер менен тапкан акчаңды жөндөн-жөн эле чачып жибергенди ким жакшы көрсүн, туурабы?

– Мен берем.

– Мен сени айткан жокмун, сенин берериңди билем. Мен дегинкисин айтам. Сенин уятың бар экенин жакшы билем. Уят-сыйытты билбегендер толуп жүрөт. Муну сен мен айтпасам да билесиң да. Беш кол деген тең эмес.

Евгений Николаевич токтобой сүйлөп, Кузьманын башы ооруп чыкты. Ал чарчаган эле.

Кузьма көчөгө чыкканда түшкө чейин тарабай басып турган жөө туман өйдө көтөрүлүп, күндүн көзү көрүнүп калган экен. Айыл четиндеги токойдогу дарактардын жалбырактары түшүп жылаңач калгандыктан, мурдагыдай дүпүйбөй, аралары ачылып айылга жакындап калгандай. Күздүн жылуу, кашкайган тунук абасына чыкканда Кузьманын баш оорусу басылып эс ала түштү. Ал жакшы маанай менен бараткан, бирок көкүрөгүн бир нерсе тынбай мыжыгып жаткансыйт. Кузьма бул эми оңой менен кетпесин түшүндү.

Мария ордунан туруптур, жанында Комариха олтурган экен. Кузьма иштин жайын дароо түшүндү.

– Жетип келдиңби? – Ал Комариханы сыртка сүйрөп салганга даяр эле. – Тарп аңдыган кузгундан айырмаң жок.

– Кубалаба, мен сага келген жокмун, – деп быдылдап жиберди Комариха. – Мен Марияга келдим, анда жумушум бар.

– Билем, сенин эмне жумуш менен келгениңди.

– Кандай иш керек болсо ошо иш менен келдим, аны сенден сурабайм.

– Мына-мына.

Кыймылсыз олтурган Мария ага бурулду.

– Кузьма, биздин ишке аралашпачы. Жакпаса ары кет, же үйгө кир. Коркпо, Комариха, уланта бер.

– Коркпойм, – ал юбкасынын чөнтөгүнөн алып чыгып, Кузьмага көз кыйыгы менен карап коюп, картасын жая баштады. – Эмнеден коркмок элем, ууру кылып жаттым беле. Айткан кишинин баарын уга берсем жинди болуп кетпейминби.

– Азыр башыңды тегерете баштайт! – деп шылдыңдады Кузьма.

– Карта эмнени айтса ошону айтам, мен калп айтпайм.

– Ой, тим эле үстүнөн түшкөндөй айтасың!

Мария башын буруп бурк этти.

– Кетип калчы, Кузьма!

Кузьма өзүн токтотуп, унчукпады. Ал ашканага кирип кетти, бирок Комариханын манжаларына улам түкүрүп коюп, картаны аралаштырып, андан Марияга үч картаны сууртканы, аларды карап алып кобураганы угулуп турду.

– Кудайым буюрса өкмөттүн үйү түшкөн жок. Бирок алыс жол түшүп жатат, мен калп айткан жокмун. Мына бул карта айтып жатат.

– Ооба, Москвага чакырып орден берет, –деди өзүн кармана албай калган Кузьма.

– Башың азапка түшөт, көп азап тартасың. Мынакей карта. Үч жолу тартыш керек. – Сууру кызым, жок, өзүң суурганда болбойт, башка бирөөгө сууртуш керек. Балдарың үйдөбү?

– Жок.

– Эми эмне кылсак?!

– Кел, мен сууруй берейин.

– Жок, жок сага болбойт. Карта жаңылып калат. Эй, Кузьма, – Комариханын үнү эркелетип жаткансып жумшак чыкты.

– Бир мүнөткө бери келчи. Сен биздей күнөөкөр пенделерге таарынба. Сенин өз ишенимиң бар, а биздики өзүбүздүкү. Кел, андан көрө келип картаны түртүп койчу.

– Тилиңе тибиртке чыксын! – Кузьма келип үстүнкү картаны жылдырды.

– Мына ушундай. Күйөө балам да сага окшоп ишенчү эмес, партыянын мүчөсү болчу, анан эмне болду дебейсиңби? – Кырк сегизинчи жылы аны сотко беришти эле, мага дуба окуп бере гой деп жүгүрүп келген.

Ал карталардын сүрөтүн ылдый кылып тизип жатты, жаагы тынбай сүйлөнө берди.

– Турмуштары жакшы кезде эч ким ишенбейт. Анан баштарына бир кырсык келип, иш түшкөндө буга чейин тилдеп-сөгүп келген Кудайды да, ага кызмат кылган адамдарды эстеп, жүгүрүп келишет.

– Урдура бер, каалашыңча урдур, Комариха, – деди Кузьма андан  тажагандай кол шилтеп.

– Мен урдуруп жаткан жерим жок. Мен чындыкты айтам. Мына сен, менин төлгөмө ишенбейсиң? Бирок сен өзүң ишенбейм деп ойлоп жүрөсүң. А эртең согушка алып кетебиз десе сен тирүү каласыңбы же өлүп каласыңбы, сага эмне кызык эмеспи?

– Көп сүйлөй бербей картаңды ачсаңчы, – Мария аны шаштырды.

Комариха карталарын ачып көрүп, жанагы айткандарын кайра кайталады.

Комариха кеткенден кийин үйдө экөө эле калды. Мария үстөлдө Кузьмага далысын салып, терезени тиктеп телмирет. Кузьма чылымын күйгүздү. Мария кыймылдаган жок. Кузьма Мариянын артына келип, ал караган жакты карап көрдү эле, көзүнө адаттан тыш эч нерсе чалдыккан жок. Ал унчуккан жок, кокус сүйлөп жиберсе кийин өкүнүп калчудай, кайра ордуна келгис бир нерсе болуп кетчүдөй сезилип, ооз ачкандан коркту. Унчукпай тура бергенге да болбойт эле. Башы кайрадан ооруп чыкты, чекесиндеги кан тамырлар жарылып кетчүдөй лукулдайт.

А Мария үн катпай мелтирейт. Ал аны көз жаздымынан кетирбей байкап турду, бирок мунусу ашык эле, ал кыймылдаса кандай шыбырт чыкса да кулагынын сыртынан кетирмек эмес. Ал күтүп жаткан.

Мария кыймылга келгенде Кузьма селт эте түштү.

– Кузьма, – деди ал акырын.

Ал дагы эле терезени телмире тиктеп олтурган. Аңгыча ал каткырып жиберди. Бул күлкү Кузьма үчүн күтүүсүз болчу. Ал башын ылдый кылып, кайра өйдө кылгыча күлкү кайрадан, бирок бул жолу алыстан чыкты. Кузьма башын көтөргөндө Мария ордунда жок эле. Ал коркуп кетти. Айланасын айланта карап, акырын жыла басып уктоочу бөлмөгө баш бакты. Ал керебетке барып жатыптыр.

– Бери кел, – деди ал аны карабай. Ал ага жакын барды.

– Кел, жаныма жатчы.

Ал анын жанына жатканда  Мариянын денесин калтырак басканын сезди.

Жарым сааттан кийин ал мындай деди:

– Сен мени жинди болуп калды деп ойлодуң окшойт. Чынында эле келесоо болгону калдым. Бирде ыйлагым, бирде күлкүм келет. Мен аялдар түрмөдө бири-бири менен эмне кылышарын уккандарымды эстедим. Кандай жийиркеничтүү. Ойлоп алып жаман болуп кеттим. Анан ойлоп койдум: азырынча мен бул жактамын да. – Ал Кузьманы кучактап ыйлап жатты. – Мына, кайра ыйлай баштадым, – деди ал жалбарып. – Мени аларга бербе жаным, аларга бере көрбө. Мен ал жакка баргым келбейт...

Поюз акырын келип токтоду, токтогондон кийин да бир силкинип, кыйчылдап-чыйкылдап барып, анан жоошуп берди. Кузьма үшүгөнүнө карабай вагонго кирүүгө шашылган жок. Өткөн-кеткендерди карап турду. Бир нече жүргүнчү перрондо бир дүкөндөн экинчи дүкөнгө жүгүрүп, сырттан караган кишиге аларды шамал чимирилте айдагандай көрүнөт.

Күндүн өзү көрүнбөсө да, асманды каптаган калың туманды көзөп өткөн күн нуру перрондун, вагондордун үстүндө кургаган жалбырактай жабышкан жарык тактарды калтырар замат, жинденген шамал аларды кайдадыр белгисиз жактарга учуруп жатты.

Кузьма эки жакка аз чыкчу, жолго чыккан сайын жашоодо буга чейин тапкан нерселеринин бардыгын жоготуп, эми башка нерселерди издеп чыгып, аны табар, таппасы белгисиздей абалга туш боло берет. Бул жолу баштагыдан да жаман болду: барыш керек бирок баргандан коркту. Ал аз келгенсип бул шамалды айтпайсыңбы.

Албетте, шамалдын Мария менен болгон окуяга, анын шаарга барышына эч тиешеси жок, ал былтыр деле, андан мурунку жылы Кузьма менен Мариянын иштери сонун жүрүп жатканда деле болчу, ошондо да Кузьма алардын кайгысы менен бүгүнкү шамалдын кандайдыр бир байланышы бар, ал жөндөн жөн эле токтобой дуулдап жаткан жери жок деген сезимден арыла албады. Жалпы вагонго белеттин жок болушу да жинди болбосоң убара болуп жолго чыкпай эле кой деген белги берип жаткансыйт.

Аңгыча радиодон поюз эки мүнөттөн кийин жөнөйт деп жарыялады, Кузьма шашкалактап өз вагонун таап, ага олтурардын алдында: жолум болор бекен, кайра кандай абалда кайтар экенмин? – дегенсип, артына бир кылчайып карап алды. Таң калыштуусу, бул ага жардам берди, ал кандайдыр бир дуба окуп, эми өз тагдырын кимдир-бирөөлөрдүн колуна тапшырып, эми эмне болорун жөн гана күтө берсе болчудай сезип, эс ала түштү.

Ал вагондун терезесинен жолдун жээгиндеги үйлөр биринин артынан бири чууруп артта калып жатканын карап, эртең менен эле үйүндө олтурганын элестете албады. Үйүнөн чыкканына бир топ убакыт өткөнсүйт. Үшкүрүндү. Чыдаш керек, акча табылабы же таба албай калабы, – эмнеси болсо да баардыгы жакында бүтөт, эки күндөн кийин текшерүүчү келет да, чечимин чыгарат. Эки күн – бул көп деле убакыт эмес. Ал аябагандай чарчаганын сезди, болгондо да бул көнүмүш болуп калган кара жумуштан же тыным албай басып-туруп жүргөндөн чыккан чарчоо эмес, андан да эң коркунучтуу, жан-дүйнөсүнүн чарчоосу болчу.

– Белетиңизди көргөзүңүз! – деген үн чыкты арт жагынан.

Кузьма артына бурулуп улгайып калган, дайыма жол үстүндө жүргөндөн улам, кебетеси чарчаңкы тарткан, вагонду тейлөөчү аялды көрдү.

Аял белетти Кузьма бирөөдөн уурдап алгансып, бирде аны тиктеп, бирде белетти кармалап, ар жак-бер жагын айланта карады; ал бул көз ирмемде белетке аны сатып алган адамдын сүрөтүн чаптап коюшпаганына чын дили менен өкүнүп жаткансыды.

Аялдын көзү анын өтүгүнө түштү, мизилдете тазаланган килем үстүндө узак жолдо чаң баскан кырк үчүнчү размердеги эски керзи өтүк, гүл бакчаны тебелеген трактирдин каз таманы сыяктуу эле көрүндү. Кузьма күнөөлүү кишидей актана кетти:

– Башка вагонго белет жок экен.

– А сиз ошого сүйүнүп алдыңыз, – деди тиги какшыктап, аны кууп чыгууга шылтоо жогуна өкүнгөндөй. Аны менен сүйлөшкүсү келбей, артымдан бас дегенсип колу менен жаңсап койду.

Аял оюнчуктай болгон кичинекей жашыл эшикчелердин бирин такылдатты да, каалганы жылдырып ачып, босогонун жанына артындагы керзи өтүк, купайке кийип солдаттар көтөрчү баштыгын колуна кармаган Кузьма даана көрүнүп тургандай кылып капталын салып турду да, эмеле Кузьма анын алдында шөмтүрөп турган сыяктуу, алардын алдында өзүн күнөөлүүдөй сезип актана кетти:

– Кечирип коюңуздар, бай болгурлар, бул жүргүнчүнүн... – ал бир тыным жасап алып сөзүн жыйынтыктады: – Белети бар экен.

– Чын эле белети бар бекен? – көзүн жүлжүйтүп, таң калып койду аскер кийимчен адам; Кузьма анын полковник экенин кийин байкады.

– Мындай болушу мүмкүн эмес! – полковниктин жанында курсагы салаңдаган ак майкечен адам, чочуп кеткенсип кайталап койду. – Мындай болушу мүмкүн эмес!

 – Аял бети-башын тырыштырып күлүмүш болду:

 – Белети бар экен...

– Бизге белети жок бирөөнү олтургузсаңыз болбойт беле?!– полковник нааразы болгонсуп башын чайкады. – Биз сизден сурандык эле го.

Ак майкечен адам кыйналып кысталбай, мотоциклдин моторунун орточо айланып иштеп жаткансыган жеңил, бир калыпта чыккан тырпылдаган үнү менен күлкүсүн тыя албай каткырып жиберди. Бул күлкү менен айыбы ачылган полковник да жыргап күлө баштады.

– Тамашалайсыздар да, – деди жеңилдей түшкөн аял, баштагыдай эле босогодо турган калыбында.

– Чынында эле башка жакта орун жок. – Кетип баратып ал да тамашалап койду. – Бирок анын белети бар...

– Кир, кир, – полковник ага башын ийип учурашкандай ишарат жасады.

Кузьма босогодон аттап, андан ары эмне кылышты билбей эшиктин жанына туруп калды.

– Сенин текчең тиги, – деди полковник Кузьмага үстүнкү текчени көргөзүп. – Кааласаң ылдый түшүрүп, жатып эс ал. Уялба, бул жерде бөтөн жан жок.

– Уялган деле жокмун.

– Согушка катыштың беле?

– Катышкам.

 – А жакшы. Анда сен корко турган эч нерсе жок экен.

– Башка жакта орун жок деп жөн эле айтып койду, – деп сөзгө аралаша кетти ылдыйкы текчеде жаткан адам. – Бизге катарлаш тогузунчуда үч эле киши бараткан. Ал жакка эмне үчүн барган жок.

– Алардын үстүнө кирип баруу оңой эмес, – деди ак майкечен киши.

– А биздин тынчыбызды ала берсе боло берет турбайбы, ээ?

– Ал аял, Геннадий Иванович кимдин ким экенин жакшы билет. Ага күбөлүк кагазыңды көргөзүүнүн кереги жок. Сени көргөндө эле кайсы бир радио станциянын болбогон бир деректири экениңди билип койгон, – ак майкечен полковникти карап көзүн кысып койду.

– Станциянын деректири эмес, радио берүүлөр боюнча облустук комитеттин төрагасы, – деп оңдоп койду Геннадий Иванович.

– Ишенип коюңуз, ага мунун айырмасы жок.

– Түшүнбөйм... – Геннадий Иванович эмнеге түшүнбөй жатканын айтпай эриндерин кымтып унчукпай калды. Ал үйдө киер жука бешмант-шым кийген, шымынын багалегин байпагына кыстарган, жүзү аялдарга окшогон сулуу, бакырайган көздөрүндө жылуулук илеби да жок, кодойгон адам болчу. Геннадий Ивановичтин башын акырын буруп, саамайына түшкөн узун, жакшы таралган сулуу чачын улам сылап оңдоп коймой адаты бар экен.

Кузьма дагы эле босогодо турду; купайкесин чечип илейин десе, анын текчеси жактагы эки илгич тең бош эмес экен, илинип турган таза күрөң пальтонун үстүнө эски купайкесин илгенден тартынды. Купайкеси таза болсо да тиги жаңы немени булгап аламбы деп чочулады. Баштыгын эшиктин жанында орун бар экен, ошол жерге жайгаштырды.

Текчени түшүрүп көрүш керек эле, купайкесине балким ошол жерден орун табылар, бирок Кузьма текчени кантип түшүрүштү билбей; эмнеси болсо да аны ылдый тартып көрдү, бурулуп артын караса, Геннадий Иванович мыйыгынан жылмайып турган экен.

– Токтой тур, шашылба, – полковник туруп келип текчени кармаган илгичти жылдырды.

– Мына мындай. Техника, тууганым. Абайлабасаң алдагы өгүздүкүндөй күч менен вагонду аңтарып саласың.

– Айылдыксыңбы? – деп сурап калды ак майкечен челкейген адам.

–Айылдыкмын.

–Төшөк тигил жакта болуш керек, – полковник каалганын үстүндөгү оюкчаны көргөздү.

Жата турган текчеге ак шейшеп салыныптыр, ал жерге купайкесин койгондон уялган Кузьма аны төшөктүн ордуна, оюкчага салды. Кудайга шүгүр, бардыгын ордуна койду. Ал бир аз жеңилдей түшкөнсүдү, эми өзү жайгашса болду.

– Сен кандай ойлойсуң, Геннадий Иванович, бул жолдош айылдык экенин мен кайдан билдим дейсиң? – деп сурады ак майкечен.

– Баскан-турганынан да.

– Жок, кебетесинен. Байкасаңыз, айылдыктардын баарынын жүздөрү окшош, карайып, күнгө тотуккан. Алар дайыма таза абада жүрөт эмеспи.

– Мен баскан-турганынан го, – деп ойлогом деди Геннадий Иванович кытмыр жылмайып.

Полковник жылып Кузьмага орун бошотту, Кузьма адегенде четкерээк коомай көчүк баскан, кийин Геннадий Иванович карап калганын байкап оңдонуп олтурду. Ал эшикке жакын, терезе жагында ак майкечен, а ортодо полковник орун алды. Экинчи текчеде буттарын тизесинен бүгүп Геннадий Иванович чалкасынан жатат. Кузьма ал жакты карап, кайра көзүн тартып алды: Геннадий Иванович аны көзү менен аңтара карап жатыптыр. Кузьмага Геннадий Иванович андан көзүн албай тикирейип тиктеп жаткансып сезилди, бирок ал адам бир эле жерди кечке тиктеп тура албайт болуш керек, демек мага ошондой сезилсе керек, – анын көздөрү өзү эле ушундай окшойт деп ойлоду. Көптөн бери башчы болуп иштесе керек, өзү анча деле жакшы киши көрүнбөйт. Үнү начар экен, кыйкыра албагандан кийин кол алдындагыларга көз карашы менен сүр көргөзүп үйрөнгөндөй.

– Айылыңарда кандай, кымбаттуу жолдош? Түшүмүңөрдү жыйнап алдыңарбы? – деп сурады ак майкечен.

– Жыйнап алдык.

– Түшүм кандай болду?

– Быйыл жакшы. Биздин жерлерибиз анча деле көп түшүм бербейт, бирок быйыл гектиринен он эки центнерден буудай алдык.

– Быйыл бардык жерде эле түшүм жакшы, – деп кошулай кетти полковник. Айылдыктардын жашоосу оңоло баштады.

– Айылдыктарга дайыма эле жакшы, – деди Геннадий Иванович. – Түшүм болбой калабы, өкмөттөн карыз алат, төлөй албайбы, кайрадан карыз сурайт. Ошентип, өкмөт айла жоктон карызды биротоло кечип жибергиче ала беришет.

– Бул дагы жакшы турмуштан болгон жок да, – деп каршы чыкты ак майкечен.– Өзүңүздөр билесиздер да.

Геннадий Иванович аны менен макул болгон жок.

– Күзүндө түшүм жыйноо учурунда сиздин завод канча жумушчуну жоготот?

– Айла канча? Айылдыктардын алы жетпей жатса башка эмне кыла алабыз?

– Коюңузчу, келиңиз башка жагынан алып карайлы. Эмне үчүн жыл аягында сиз планыңызды толтура албаган кезде, ошол учурда бош жүргөн айылдыктар жардам беришпейт? Мындайча айканда жакшы кошуна катары, адепти сактап дегендей.

– Заводдо иштөө үчүн квалификация керек.

– Силерден квалификацияны талап кылбаган жумуштарды деле толтура тапса болот.

– Геннадий Иванович, сиз заводду менден жакшы билгенсип айттыңыз го.

–Албетте, заводду мен сизчелик билбейм дечи, бирок айылды жакшы билем.—деди Геннадий Иванович. – Бирок иштин жайы башкада. Бир жолу мага кургак учук менен ооруган адам аябай кызыктуу нерсени моюнуна алганы бар. Мен дейт ал, кааласам эчак эле айыгып кетмекмин, бирок ден-соолугу соо адам болуп жүрүштүн мага кызыкчылыгы жок. Түшүнбөй калдыңарбы? Мен дагы адегенде түшүнгөн эмесмин.

Ал мага мындай деп түшүндүрдү: ал бир жылда төрт, беш ай мамлекет эсебинен ичип-жеп ооруканада жатат же санаторийлерде балык уулап, же бак аралап сейилдеп жүрөт. Мамлекет бекер тамак-аш, дары-дармегин, жатаканасын төлөгөнү аз келгенсип, иштеген жерде айлыгы толугу менен сакталат. Дарылаганы бекер, эң күчтүү тамак-ашы бекер, үйдүн кезегине жеңилдик берилип, оорулууга бардык камкордуктар көрүлсө, сакайбаганда эмне? Анан ал санаторийден келгенден кийин эмне кылат? Атайылап эле арак ичет, тамеки чегет, айрыкча жакшы болуп айыгып баратса. Эмнеси болсо да берилген жеңилдиктерден ажырап калгысы келбейт. Ал ошого көнүп алган, анысыз жашай албайт.

Муну менен эмне айткыңыз келет? – деди ак майкечен.

–Эмне болсун. – Геннадий Иванович жылмайып койду. – Айылдыктарга бир топ эле жеңилдиктер берилип жатканын тана албайсыздар да. Машинелерди арзан беребиз, эгинди кымбат сатып алабыз, а бул мытайымдар, өз көйгөйлөрүн өз күчтөрү менен чечүү кымбатка турарын эчак эле эсептеп алышкан. Алар түшүм жыйноо маалында өкмөт техникасын, адамдарды жиберерин жакшы билишет. Керек десе кайрадан акча бөлдүрүп алышат. Ушул маселелерди каалоолору болсо өз күчтөрү менен деле сонун чече алышмак.

“Баары келесоо, сен эле акылдуусуң”— Кузьма ичинен ушинтип ойлоп койду, бирок унчуккан жок.

– Нанды баарыз жейбиз, – деди ак майкечен.

– Биздин заводдон чыккан машинелер деле заводдо калбайт, – деп жооп берди ага Геннадий Иванович, ак майкечен ага макул болгонсуп башын ийкеди.

– Нанды баарыбыз жейбиз, бирок ар бирибиз өзүбүзгө тиешелүү тармактарда ишенип берилген милдеттерибизди кыйшаюусуз аткарышыбыз керек. Бизден катуу сурашат. А айылдыктарга катуу талап коюунун ордуна эркелетип, алар менен соодалашабыз.

– Бүгүн эмне эле буларга асылып калдыңыз? – деди полковник. Ал муну жайбаракат айтса дагы, анын үнүндө бул тажатма сөздү токтокула деген буйрук болбосо да, талаш сөздүн нугун башка жакка бурбайлыбы деген сылык өтүнүч бар болчу.

– Эмне үчүн асылып жатам? Асылайын деген кенедей да оюм жок. Болгону мен булардын артта калышынын себептерин билгим келет. – деди Геннадий Иванович дароо эле багынып бергиси келбей. – Менин оюмча буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Азыр муну жакшы түшүнө башташты. Кээ бир жерлерде шаардыктарды айылга жардамга жибербей калышты, көрсө алар өз күчтөрү менен эле маселени чечүүгө кудуреттери жетет экен.

– Сөздүн чындыгы, Геннадий Иванович, биз жок эле бул көйгөйдү чечип алышат, жөн эле баш оорутуп эмне кылабыз?—деди полковник көздөрүн жүлжүйтө жылмайып. Келгиле, алыбыз жеткен ишти кылалы. Маселен: карта ойнолу.

Ак майкечен адам жандана түштү:

– Туура. Баштайлык,  эмнени талашып жатканыбызды өзүбүз да билбейбиз. Биз жүргүнчүлөрбүзбү же Совет Министрдин кызматкерлерибизби?

Ал Кузьмага кайрылды:

– Сиз “преферанс” ойнойсузбу?

 – Преферанс? – Кузьма мындай оюнду билчү эмес.

– Ал “дурак” ойнойт, – деп ал үчүн жооп берди Геннадий Иванович.

– Ооба, “дурак” ойнойм. – деп куулук-шумдугу жок жооп узатты Кузьма.

Каткырык жаңырды, – полковник, ак майкечен адам күлүп жатышты, а Геннадий Ивановичтин жүзүндөгү күлкүдөн өзгөчө канаттануунун белгиси бадыраят, ак майкечен адамдын мотоциклдин моторунун орточо айланып иштеп жаткансыган жеңил, бир калыпта чыккан тырпылдаган күлкүсү вагон ичин жаңыртты. Полковник күлкүсүн тыйып Кузьманы далыга таптады:

 –“Дурак” да жакшы оюн, бирок бизге преферанс ойногон адам керек. А “дуракты” кийики жолкуда ойнойбуз...

Сиз кайрадан тиги досуңузга барып келет окшойсуз, – деди полковник ак майкечен адамга. Тиги секирип туруп колун чекесине тийгизди:

 – Жарайт!

Алардын ары-бери басып, бакылдап сүйлөшкөн катуу үндөрүнөн купе ичи тарый түшкөнсүдү. Геннадий Иванович гана ордунан турбады. Ак майкечен кемселин кийип, боорун топчулап, купшуңдап мурдунун үстүн тырмады да, Геннадий Ивановичке:

– Геннадий Иванович, кечээ сиздин эсебиңизге канча жаздык эле?

 – Көп  деле эмес.

 – Эмне, жетпейби?

 – Жетет, жетет. - Геннадий Иванович саатын карады. – Бирок азыр алар тыныгууда.

– Аны эми сүйлөшсө болот.

Ак майкечен адам көңүлдүү ыргактардын бирин ышкырып, коридорго чыкты, ал жактан анын үнү угулду:

 – Чоң кыз, берекем, биздин купеге баш багып кетчи, бай болгур.

Бир мүнөткө жетпей босогодо вагонду тейлеген аял чарчаңкы көздөрү менен полковникти тиктеп турду. Полковник ага Геннадий Ивановичти көргөздү. Геннадий Иванович ага буйрук бергенсип сүйлөдү:

– Жакшылыкка, жакшылык, чоң кыз. Биз сиздин белети бар жүргүнчүңүздү жайгаштырдык, эми сизден биз үчүн бир кызмат өтөп коюшуңузду суранабыз. – Ал ага акча сунду. – Жаман көрбөсөңүз бизге бир бөтөлкө коньяк алып бериңиз. Сиз өз киши эмессизби, сизге беришет.

– Мейли, – деди ал көнүмүш адаты боюнча.

Кузьма эмне кылышты билбеди, текчесине чыгып жата берсеби же коридорго чыксабы. Жумшак вагонго белет алганына өкүнүп, өзүн сөгүп алды.

Коридорго чыкса деле өтүгүн чечиш керек, антпесе тиги аял көрсө кайра баштайт. Мага окшогон эле айылдык неме көрүнөт, эми карабайсыңбы тыңсынганын. Иши эле башка болбосо, биздикилерден эмне айырмасы бар. Иш деген адамды өзгөртөт экен да.

Кузьма өтүгүн чечип, чулгоосун тоголоктоп орой баштаган, ошол учурда Геннадий Ивановичтин андан көзүн албай тиктеп турганын сезе койду. Же уялдыбы, же тигиге жини келдиби, айтор Кузьма өзүн бир башкача сезди. Мен анын көзүнө чыккан тирсек болдум го деп ойлоп койду. Жанында кычыратып майланган полковниктин хром өтүгү турган, Кузьма өз өтүгүн отургучтун алдына тыга салды да байпакчан коридорго чыкты. Эми тийише берсин.

Ал коридордо терезенин жанында туруп, коньяк алып келген тейлөөчү аялдын үнүн эшитти, анан көп үндөргө чоочун үн кошулду, ак майкечен киши преферанс ойногонго бирөөнү ээрчитип келген эле. Алардын каткырыктары, кандайдыр бир сандарды айтышып, анан бир аз тынч боло калып, ага тааныш булк-булк эткен үн чыгып, улам биринин ыракатка батып кулкулдатып жутуп жатканы ага даана угулуп турду.

Сыртта шамал басаңдагансып калыптыр. Бозоргон асманда самсаалаган булуттар, кирген сууда агып бараткан таштандылардай жылып өтүп жатты. Жол боюнда бири-биринен анчейин алыс эмес жайгашкан алты-жети үйдөн турган кичинекей конуштар, шамал учуруп келип ар кай жерге чачып кеткен чоң станция бөлүкчөлөрүндөй сезилет. Электр зымдарынынын күүлдөгөн үнү вагон ичине чейин угулуп, болгон күчү менен термелген электр зымдары, аны жулкулдатып жанын койбогон шамалдан болушунча керилип-чоюлуп жерге үзүлүп түшүп, кутулгусу келип жаткансыйт.

– Эй, жолдош, – деген ак майкечендин үнүн угуп Кузьма артын бурулуп карады.

– Уксаң,  сен бул адам менен орун алмашып албайсыңбы, ал кошуна купеден болот. – Ак майкечен преферанс ойногон кишини көрсөттү, – алмашып алсаң бизге жакшы болгон турат. Сен кандай дейсиң?

 – Макул болсоң сага ал жакта деле жаман болбойт, – деп кошула кетти тиги адам.

– Мага баары бир, – деди Кузьма көңүл кош.

Полковник ага тигиле карады:

– Эгерде каалабасаң жөн эле кой, сени эч ким кыйнабайт. Болгону биз көпкө ойноп олтуруп калсак сени уктай албай кыйналбасын деп жатабыз.

– Мага баары бир, – деп кайталады Кузьма.

– Мына эми сонун болду, – деп кубанып койду ак майкечен. – Мен макул болот дебедим беле. Эми тиги кыздар менен макулдашып койсок болду. – А сен кааласаң бизге конок болуп кетип тур, – деди ал Кузьмага кайрылып. – Бул мына бул эле кошуна купеде. Азыр барып сүйлөшө коёбуз.

Кузьма чулгоосун оронуп, өтүгүн кийди. Секирип, купайкесинин жеңинен кармап тартып алды да, чыканагына илди. Эңкейип сумкасын колуна алды. Мына эми ал даяр болду. Алмашса алмашып алабыз. Иши кылып жетип алсам болду. Жалпы вагонго алмашып алса, мындан да жакшы болмок. Ким билет, андай болуп да калышы ажеп эмес. Префаранс ойногон киши аны күтүп калды.

– Жакшы калгыла, – деди Кузьма коридорду көздөй бурулуп баратып.

– Ден-соолукта бол, – деп узатып калды полковник.

Дүкөндүн эшигин печаттап, каалганы буроо менен тарттырып бекитип салышты, каалгада чапталган “Дүкөн текшерүүгө жабылды”  деген кулактандырууну сыйрып алып салышкан жок;  адамдар ал кулактандырууну көрүшкөндө атайын токтоп, көпкө чейин аны үңүлө окуп жатышты. Ал кагазды жулуп салышса деле болмок, бирок Марияга зыяны тийбесин деп чочулашты: мейли, Кузьма керектүү акчаны чогултканча текшерүү бүтө элек сыяктуу илинип турса, балким Мариянын шоркелдей тагдыры алданып калгысы бардыр.

Бул каргашалуу дүкөн эле, буга чейин ал канча адамдын тагдырын шорлотподу! Дагы кудайга тобо, согушка чейин Илья Иннокентьевич он жылдан ашык иштеп турганда эч жаман нерсе болгон жок. Бирок Илья Иннокентьевичтин атасынын илгери эле жеке дүкөнү болгондуктан, ал бала кезинен соода кылып ишке каныгып бүткөн эле да.

Кырсыктын баары Илья Иннокентьевич өлгөндөн кийин башталды. Согуштан кийин эң биринчи эле айылдыктар хохолчо чалып сүйлөгөнү үчүн шылдың кылып күлүшсө да, согуш учурунда оор тагдырды башынан өткөзүп, анын азап-тозогунан эки баласы менен эптеп аман-эсен чыкканын аяшып, жакшы көрүшчү Марусяны кырсык тооруду. Маруся айылдыктардын арасындагы билимдүүлөрдүн бири болчу, ошентсе да ал сактана алган жок. Азыр ал канча акчаны моюнуна илгенин эстеген адам жок. Марусяга беш жыл беришип, балдарын жетимдер үйүнө жөнөтүшкөн, андан кийин алардын тагдыры эмне менен бүткөнүн айылдыктар угушкан жок.

Андан кийин бир колу чолок Федордун кассасынан ашык акча чыкты, бирок ал өз акчасын дүкөндүн акчасы менен чогуу сактап жүргөнүн кан какшап айтып жатып бошонуп чыкты. Адегенде ага ишенбей районго алып кетишкен, бирок ал айтканынан кайтпай, өзүнүн айтканын далилдеп берип кутулду, бирок экинчи ал дүкөнгө кайтып иштеген жок, ага ат башындай алтын берсе да экинчи ал ишке жолобосун азыр деле ыңгайы келе калганда унутпай айтып жүрөт.

Мариянын алдында райондогу дүкөндөн кайсы бир кылыгы үчүн бул айылга жиберишкен Роза деген жапжаш кыз иштеди. Роза дүкөндү саат менен эмес, каалаган убагында ачар эле. Кааласа ачат, каалабаса дүкөндү бекитип салып, айрыкча майрам күндөрүндө районго кетип калып, эки-үч күндөн кийин келчү. Келатканда болбогон бир нерселерди ала келет да, товарга бардым деп шылтоолойт, эр болсоң ойноп жүргөнүн далилдеп ал. Айылдыктар аны жактырышчу эмес, бирок анын да айылдыктар менен ушул айылды көрөйүн деген көзү жок болчу, канча жолу кетем деп аракет кылды, бирок иштегенге башка киши табылбагандыктан аны бошотушчу эмес. Александровкадагы механизация училищасынан жигиттер көп келип, ойноп-күлүп кетишчү, мына ошолор Розанын үч жыл мөөнөт алышына себеп болушту көрүнөт.

Розадан кийин дүкөн иштегенге киши табылбай төрт айча жабык турду. Элге туз менен ширеңке алыш үчүн да жыйырма чакырым алыс турган Александровкага барууга туура келчү, ал да бирде барсаң ачык, бирде жабык болор эле. Айылдын эли жакшы эле кыйналды, он мүнөттүк жерде өздөрүнүн дүкөнү турса, бир күн, кээде эки күндү бекер коротууга мажбур болушчу.

Селсебет райпотребсоюздагылардын кулак мээсин жесе, алар дүкөнчү тапкыла деп жооп беришчү, а айылдыктар түрмөнүн планын толтура бермек белек дешип, ал жерде иштегенден коркуп баш тартышчу. Дүкөнчүлөрдүн тагдыры эмне менен бүткөнүн өз көздөрү менен көрүшпөдүбү, а көрөкчө башка айылга барып келгенге, убарасы эле болбосо, анчалык деле көп акча корочу эмес.

Жазында бир үмүт пайда болгонсуду: үчүнчүсүн боюнда көтөрүп жүргөн Надя Воронцова төрөгөндөн кийин иштегенге макулдугун берди. Ал төрөрүнө дагы эки ай калган, төрөгөн соң дароо чыга албасы белгилүү да, демек, дагы эки айдан кем эмес баласы торолгуча үйдө олтурууга туура келет. Мына ошол убакта иштегенге киши издей башташты. Улам ушул иштей алат дегендерди селсебетке чакырып сүйлөшүп жатышты. Ошондо Марияны да чакырышкан.

Ошол учурда Мариянын кичүү уулунун ден-соолугу жакшы болбой оорулуу болуп калган эле, аны дайыма карап туруу керек болчу, ал аз келгенсип Мариянын өзү да дарыланып жүргөн, дарыгерлер ага оор жумуш иштөөгө тыюу салышкан, а колхоздо жеңил жумушту кайдан табасың?  Аны кайра-кайра айта бергенден уялып, өзүн аябай болгон жумуштарды жасап жүргөн кези. Жасарын го жасачу, бирок минтип жүрө берсе көпкө узабасын сезчү, а балдары али чоңоюша элек, алар бой жетип чоңойгуча жүрө турсам деп ойлочу.

Ал кезде жаңы үйлөрүнө кирише элек, эски үйү дүкөндүн жанында эле. Кирип-чыгып балдарына көз болуп, бош боло калганда жаба коюп огородун карап акырын иштей берсе ыңгайы келип турган. Анын үстүнө Кузьма жаңы үй салыш үчүн колхоздон алган карыз акчаны төлөөгө да тыгын болмок. Кыскасы, бардык жагынан алып караганда Мариянын дүкөндү алышына ыңгайы келип турган.

Ошентсе да аны алгач ирет селсебетке чакырып дүкөндү алууну сунуш кылышканда асман айга секирип каршы болгон.

– Менден кыйындар иштей албай эмне болушту, мен кантип иштемек элем, – деп чалкасынан кеткен.

Эртеси Кузьма үйүнөн чыга электе селсебеттин төрагасы өзү келди. Ал ары жак, бери жагына чыгып, аларды Надя Воронцова чыкканча Мариянын иштеп беришин суранды.

Кузьма эмне кылышты Мариянын эркине койду:

– Мария, өзүң бил. – Анан тамашалап минтип кошумчалап койгон: – Эгерде бирдеме болсо уйду сатабыз, жылда чөп чаап жатып тажап бүттүм.

Мария айылдыктардын көйгөйүн жакшы түшүнүп турду, чынында эле бирөө батынып чыкпаса бул абал канчага чейин созулмак эле. Эми ал баштагыдай башын чайкабай, колдорун тизесине коюп унчукпай ойлонуп олтурду, ал төраганын жүйөлүү сөзүнө каршы чыга албай, бирок макул болуштан да коркуп турган.

– Билбейм, эмне кылышты, – деп кайталаган.

Акыры кара жаак төрага көздөгөнүнө жеткен, бир жумадан кийин Мария дүкөндү өткөзүп алып иштей баштады. А төрт айдан кийин Надя Воронцова иштебейм деп чыкты. Жүрөгү түшкөн Мария дүкөндү жаап, текшерүү өткөзүүнү талап кылды. Тагдырдан кача албайсың дешет эмеспи, ал жолу текшерүүнүн жыйынтыгы жакшы болду, болгону бир аз сом айырма чыккан эле.

Текшерүүдөн кийин Мариянын көңүлү жайланып, андан ары иштей баштаган болчу. Баардыгы мына ушинтип башталган.

Дүкөндүн жумушу жоопкерчилиги чоң болгон менен колхоз жумушуна караганда бир кыйла жеңил болчу, оор нерселерди кампадан дүкөнгө көтөрүп келиш керек болсо, Кузьма же болбосо дүкөнгө келе калган эркектердин кимиси болбосун суранса жардамдарын аяшчу эмес. Мария дүкөндү эртең мененки саат сегизде ачып, он экиден төрткө чейин түшкү тыныгуу жасап, кайра төрттөн сегизке чейин иштөөсү керек эле. Бирок Мария мындай күн тартибин сактачу деле эмес. Ал эртең менен убагында ачып, эл жокто үйүндө болчу. Бирөөлөр келе калганда көчөдө ойноп жүргөн балдары дароо кабарлап, ал соодасын жасап келе калчу. Айылдагы катындар саат менен иштери жок, тыныгуу убактысы болобу, жаап салгандан кийинби, айтор өздөрүнүн ыңгайына жараша келе беришет, Мария биринин да көңүлүн калтырбай кайсы убак болсо да барып ачып бере турган, ал эч убакта бирөөлөрдү акыйтып күттүрчү эмес. А эркектер адатта саат тогуз, ондо караңгы киргенине карабай арак алганы келишчү. Аларга дүкөн жабылып калганын айтып түшүндүрө албайсың. Сураганын алмайынча акидей асылып жаныңды коюшпайт. Ошондуктан кийинки учурларда бир жащик аракты үйгө ала келип керебеттин алдына коюп коё турган. Кээде сыртка чыкпай эле аларды терезеден узаткан күндөрү болгон. Мария бошобой калганда Кузьма же улуу уулу Витьканын да сатып жибермейи бар эле. Бирок Мария аракты карызга берчү эмес. Алардын эркине койсоң, түбүнө түшкүчө ичип, төлөгөнү келгенде аялдарына эле күч. Эркекке эмне, мас кезинде бүгүн эле акчасы жок, а эртең баарынан бай болом деп ойлошот, канча болсо да карыздап иче бергилери келет, үй-бүлөсү нанга тыйын таппай олтурганы менен иштери да жок.

Акчаң жокпу, ичпе. Бир кездерде эринин мас кезде жасаган кылыктарынан көз жашы кургабаган Михаил Кравцовдун аялы Дарьянын суранычы менен ага акчасына да арак сатпай койгон эле. Михаил кыйкырып, өкүрүп сөксө дагы, жалынып жалбарып суранса да бербей айласын кетирген. Акырында ал селсебетттин төрагасына арызданып, аны ээрчитип келип, анын көзүнчө чабуулун баштады.

– Мына сен советтик бийликтин өкүлүсүң, – деген ал кызууланып, – айтсаң, бизде өз акчасына каалаган нерсесин сатып алганга тыюу салган мыйзам барбы? Бул өзүн киммин деп ойлойт? Менин укугумду бузганга кандай акысы бар? Мына бул аялга түшүндүрүп берчи. Айт, айтпайсыңбы.

– Берип койчу, – деди төрага тигинден эптеп кутулгусу келип.

Мария куулукка барууну чечти:

– Ишеним кат алып келсин, анан берем.

–Эмне болгон ишеним кат? – Михаилдин оозу ачылды.

 – Дарьядан арак алганга уруксат берем деген ишеним кат алып кел, каалашыңча берем.

Төрага колун шилтеп басып кетти.

Михаил дагы бир топко чейин чыр салып, кыйкырып-өкүрүп, дүкөнүңдү өрттөйм деп коркуткан боюнча каалганы тарс жаап чыгып кеткен. Кийин Дарья келип андан ишеним кат жазып бер деп, аз жерден сабап коё жаздаганын, андан араң качып кутулганын айткан.

Баары бир ошол күнү Михаилдин мас болуп жүргөнүн көрүштү, башка бирөөгө алдырып албай эмне болуптур. Албетте, бул учурда Мария эч нерсе кыла албайт эле.

Ал иштеп жатканда эл дүкөнгө тартылып турушчу. Катындар ала турган буюму болбосо деле дүкөнгө чогулуп, кезекке тургансып тизилип алышат да, өздөрүнүн кылган иштери жөнүндө айтышат, же бирөөнү кулагы кызаргыча ушактап, ичтериндеги  буктарын чыгарып алышар эле. Кемпирлер Мария атайылап эле жыйнабай калтырган жащиктерге көчүк басып, кобурашып олтурушчу. Эркектер кышында жумушка кетер алдында келип, тамеки чегип жылынып кетишчү, Мария аларга от жактырып койчу. Эски майрамдардын учурунда дүкөндүн ичи толуп чыгат, күүлдөшүп кызып алган немелер ырдап-бийлеп, акырында дүкөндү жаптырып Марияны өздөрү менен барбайм дегенине болбой кошо алып кетишет, ал көбүнчө орто жолдон эптеп качып кете турган.

Ага айылдагы ал жок болсо болбой турган керектүү кишилердин бири болуу аябай жакчу. Эгерде санай келсе мындай адамдар аз эле: селсебеттин төрагасы, колхоз башкармасы, дарыгер, мугалимдер, адистер, анан өзү. Ошондо да эгерде агроном бир айга бир жакка кетсе, анын бар-жогу билинбей калышы мүмкүн эле, ал эми ал бир жолу ооруп үч күн дүкөндү ачпай койсо, качан ачасың дешип, жанын сууруп ала жаздашкан. Мария менен көпчүлүгү жакындап курбу, дос болууга умтулушканын байкар эле, бирок ал баары менен бирдей мамиледе болгусу келчү. Ал жаңы иштей баштаганда дүкөнгө көптөн бери келе элек клёнка алып келгени эсинде; клёнка келгенин уккан катындардын улам бири үйгө чейин келип, ар бири өзүнө жок дегенде бирди калтырып коюуну өтүнө башташкан. Ошондо Мария оюн-чыны аралаш аларга мындай кеп айткан:

– Силерге эмне болгон? Шаарда го тааныштар аркылуу алышат, анткени сатуучулар бирин тааныса бирин тааныбайт. А бул жерде мен баарыңарды жакшы билем, бириңе катып берсем, бириңе бербей койсом, эртең силердин бетиңерди кантип карайм? Эрте туруп келгиле, кимиңер жетсеңер аласыңар, жетпей калганыңар таарынбагыла, буюрса дагы алып келермин.

Эртең менен Кузьма таң атпай сыртка чыкса, эшиктин алдына толтура катын кезекке тизилип калышкан экен. Мария тура калып эле, төшөгүн да жыйнаганга үлгүрбөй соода кылганга киришкен, анткени ал бир киши келсе да күттүрүп коё алчу эмес. Саат сегизге чейин эле, дүкөн ачыла турган маалга жетпей клёнканы талап кетишкен болчу.

Алгач иштеп баштаганда эле Мария карыз дептерин ачкан. Ал дептерге улам берген карыздарын жазып, кайра кайырып бергендерин чийип турчу. Анан кантмек эле, кечээ эле бирге ойноп, бирге жүргөн курбусу эки балалуу Клава келип, кызын формасы жок мектепке киргизбей жатышканын, азырынча акча жогун айтып, абалын түшүндүрүп жатса, кантип карыз бербейсиң? Мария кымбат буюмдарды, карызга көп берчү эмес, көбүнесе майда-барат нерселерди берчү. Карызы көбөйүп баратса, адегенде эски карызын төлөтүп алчу, анан кайра бере баштачу. Бирок текшерүү жакындап калганда Чижовтордун төрт сом сексен тыйынынан башкасын чогултуп алган болчу.

Ал кийинки убактарда товарга барып калган сайын кеңсеге кирип, текшерүү жүргүзүүлөрүн суранып жүргөн. Мүнөзү жумшак неме катуу талап кыла алчу эмес, жиберебиз деп убадаларын берсе, унчукпай чыгып кете берчү. Көп убакыттан бери эсеп-кысапсыз иштей берип, өзүн караңгы түндө белгисиз жол менен бараткан адамдай сезген Мария уйкудан да кала баштаган.

Акыры текшерүүчү келгенде ал карбаластап коркуп кетпесе да, эми эмне болуп чыгар экен деген ой басса-турса мээсинен кетпей аны селейтип салгансыды, текшерүүчүнүн берген суроолоруна дароо жооп бере албай селт этет десең...

Бирок мынчалык болот деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Качан текшерүүчү бардык эсептөөлөрүн бүтүрүп, ага жыйынтыгын көргөзгөндө ал бирөө башынан ылдый кайнак суу куюп жибергенсип эси ооду, ошол кечтен баштап, эртеси кечке чейин өзүнө келе албай дендароо болуп жүрдү.

Ал өзүн аяп да, сөгүп да жатты, ыйлады, өлгүсү келди. Өлүм оюна түшкөндө кандайдыр бир башка дүйнөдө жүргөнсүп, ал өлгөндөн кийин Кузьма менен балдары кандай күндү көрүшөт деген ойго жетеленип, өзү жөнүндө бир саамга унутуп, жеңилденгенсип калды. Бирок мындай абал көпкө созулбай, бул кырсык бир аз тыныгуу берген желдеттей, аны өлгүсү келген жеринен кайра сууруп чыгып, өз колу менен кайрадан өлүм жазасын аткарууга камданып, – бул аябагандай коркунучтуу жана оор эле, ал эмне кылбасын, эмне ойлобосун – бул сезим чап кенедей жабышып кетпей койду, ал кыймылдабай сулк жатты.

Андан кийин Кузьма келип колхоз башкармасы ссуда берем деп убада кылганын айтты. Адегенде бул сөздүн мааниси ага жеткен жок, бирок бир кезде аны сактап калуу мүмкүнчүлүгү ушунчалык жакындай туюлуп, ал мүмкүнчүлүктү Кузьма кокус өткөзүп жиберчүдөй көрүп коркуп кетти, Кузьманын моюнуна асылып, жанына жыга тартып, бекем кучактап алып, аны сактап калышын суранып жалына баштады, – ал жөөлүгөндөй абалга жетип калган эле. Кузьма үнүн катуу чыгарып аны силкилдетти да, анан жанына жатып далысынан сылап эркелете баштады, түнү бою кирпик какпаган Мария уктап калды, тагыраак айтканда уктаган жок, а өзүн кандайдыр бир туңгуюкка таштап салды, жан дүйнөсү аңгырап бошоп, жыргай түштү.

Аны Комариха ойготту, Мария анын келгенине сүйүнүп кетти, ага төлгө ачып беришин суранды. Карта жакшы түштү; Эми Марияда үмүт пайда болду, кудай буюрса Кузьма керектүү акчаны чогултуп үлгүрсө бардыгы жакшы бүтчүдөй. Жата бербей өзү да айылдыктардан акча сурашым керек деген чечимге келди.

Аңгыча мектептен Витька келди, ал төрт сом сексен тыйын алып келиптир, Чижовтор жолдон тосуп берип жиберишкен экен.

Түштөн кийин Мария бала чагынан бери бирге өскөн курбусу Клавага жөнөдү. Клава Марияны керебетке отургузуп, өзү да жанаша олтуруп, аны бекем кучактап алып, ырчылардыкындай таза, бийик үнү менен ыйлап кирди. Марияны кайрадан коркунуч басты, ал да ыйлады. Клава анын ыйлаганын көргөндө ого бетер озондосо болобу. Мария ыйлап жатып Клаванын канчалык кааласа да ага жардам кыла албасын сезди, көз жашын сүртүп, ордунан туруп сыртка чыгып кетти.

Чоң сууга бурулган жерден Марияны Надя Воронцова токтотту. Ал бул дүкөн жакшылык алып келбесин билип туруп, иштегенге макулдук бергенде эле акылынан айныганын, өзүнө түрмөгө жол ачып алганын айтып сайрап кирди. Мария анын сөзүн аягына чейин укпай бурулуп басып кетти. Андан кийин ал сыртка чыккан жок. Ал Кузьманын керектүү акчаны чогулта аларына да ишенбей калды. Эмнеге ишенбей жатканын өзү да билген жок.

Кузьма преферанс ойногон адам менен алмашып алган купеде экөөнүн тең баштары куудай аппак, аппак жазысынан келген жүздөрү да окшош кемпир-чал баратышкан экен. Үстүнкү текченин бирининде уйпаланган төшөк жатканына караганда үчүнчү жүргүнчү бир жакка чыгып кеткенсийт.

Кузьма кайрадан өтүгүн чечип, өз текчесине чыкканы жатканда купеге мас болуп алган жаш жигит кирип келди. Ал бир азга Кузьманы таңыркай карап турду да, кемпирдин жанына барып олтурду, бирок ордунан тез эле ыргып туруп Кузьмага көңүлдүү жылмайып колун сунду.

– Таанышып алалык.

Кузьма өз атын атады.

– Түшүнүктүү, – деди ал баштагыдан да көбүрөк ырсайып, бирок заматта каадалуу адамдай мостоё түштү.

– Демек, Кузьма экенсиң да. Биле жүрөлү. Бул менин чоң атам.  Бир колу менен сол жакты көргөздү.  А бул чоң энем. Экинчи колун оң жака шилтеди. А бул менмин. Ал колдорун көкүрөгүнө коюп, каткырып койду.

– Ой, шумдук! Ой, шумдук! – деп башын чайкады байбиче. Тааныбаган чоочун адамга кантип ушундай сүйлөйт. Сиз ага көңүл бурбай эле коюңуз, ордуңузга жайгаша бериңиз, – деди ал Кузьмага. – Ал кайра дагы ресторанга барган тура.

– Мен эмне дедим, – деди жигит күрүлдөп. – Мен ага таарына турган сөз айттымбы? Кузьма, айтсаң, сен мага таарындыңбы?

– Азырынча таарына турган эч нерсе жок, – деди Кузьма.

– Во! Уктуңбу чоң апа? Кузьма таарынган жок. Ай, чоң апам ай, дагы эле мени тарбиялаганыңды койбойсуң! Ал байбиченин жанына олтуруп, Кузьмага көзүн кысып койду да аны кучактай кетти.

– Ары болчу! –деди байбиче зирпилдеп. – Батыраак эле жетсек экен. Тажатып бүттүң!

– Койчу, чын эле тажаттымбы? Абышкаң менен өмүр бою жашап жүрүп тажабай, мен бир жолу кучактап койсом тажап! Чоң ата! Сенден кемпириңди тартып алайынбы?

– Ал сенин колуңдан келер бекен, – деди карыя шашылбай.

Жигит бир паска унчукпай абышка-кемпирди карап турду да, оозун ачып эстеп алып жамакташтырып кирди:

– “Абышка-кемпир жашаптыр, сүт менен ботко ашаптыр”.

– Ой, шумдук! Ой, шумдук!

– “Кемпир чалын таарынтып коюптур, чалы аны курсакка согуптур”.

Жигиттин көңүлү ачылып, жайдары эле.

– Чоң ата, а сен жаш кезиңде чоң апамды урдуң беле?

– Өмүрүмдө чыпалагымды да тийгизкен эмесмин, – деди карыя сыймыктануу менен.

 – Бир да жолубу?

–Бир дагы.

 – Менин абышкамдай кишини азыр таппайсың, – деди байбиче.

– Кантип эле!

Жигит тигилер жооп берет деп күтүп калды, бирок бирөө да үн катып жооп бергкен жок. Ал баарын бир сыйра кыдырата карады да, чекесин тырыштырып Кузьмадан сурап койду:

– Кузьма, демек сен биз менен барат турбайсыңбы?

– Ооба.

–А мейли. – Ал башын ылдый салаңдатып, бутунун учун кечке тиктеп калды. Вагон бир калыпта жумшак термелет. Жигит үргүлөй баштады. Алдыдан шарактап чыккан поюздун дөңгөлөгүнүн үнүн да уккан жок.

Кузьма өзүнүн текчесине чыгып жатты. Байбиче жигиттин ийнинен тартты.

– Жатып эс ал, ушинтип кантип уктасын. Жок дегенде менин ордума кыйшайып жат.

– Эмне, менин өзүмдүн ордум жок беле?

Ал тырмышып өз текчесине чыкты да эмне айтканы билинбей булдуруктап уктап калды.

Кузьма да көзүн жумду, бирок дароо уктай албады. Дөңгөлөктөрдүн шарактаган добушу андан алыстап баратып, кайра жаңы күч менен жакындайт. Кузьма чочуп, көзүн ачып тыңшап калат. Терезеден сыртка көз жүгүртсө шамал дагы эле басыла элек экен. Оңдонуп жатты. Оюна ар кандай нерселер келип, тыбырчылап жатып акыры уйкуга кетти.

Ал бир кызыктай түш көрдү. Колхоздун жалпы чогулушу болуп, Марияга акча чогултуу тууралуу маселе каралганы жатыптыр. Эл отчёттук чогулушка келгенден да көп. Клубда эл жыкжыйма, ортодогу бош жерлерге өздөрү менен көтөрө келген олтургучтарды коюп алышыптыр. Эл дагы эле токтобой келип жатты.

– Жолдош колхочулар, – деди башкарма ордунан туруп. Эшикти жабыш керек деген сунуш түшүп жатат. Каалагандардын бардыгы баары бир батышпайт.

Эшикти жабышты.

– Чогулушту өткөзүү үчүн жумушчу президиум шайлап алышыбыз керек, – деди башкарма. – Башкармачылык тарабынан биз Кузьма менен Марияны сунуш кылабыз. Балдары жашы жетелек болгондуктан алар сунушталбайт. Добушка коём.  Ким макул болсо колуңарды көтөргүлө.

Бир добуштан сунуш кабыл алынды. Кузьма менен Мария дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда сахнага чыгып, президиумдун үстөлүнө келип олтурушту. Залда олтургандарды карап Кузьма өзүнө тааныш бирөөнү да көрө албады.

–Мария, – дейт ал чочулап, – карасаң, бардыгы чоочун адамдар, а биздикилер кайда”.

– Сага эмне болгон, Кузьма? Биздикилер эле олтурушпайбы”,— дейт Мария.

Кузьма кол чабуулар токтогон соң, жакшылап караса, өздөрүнүн эле кишилери экен.

– Жолдош колхозниктер! – дейт башкарма. – Марияга жардам берели деген сунуш бар.

Кайрадан дүркүрөтүп кол чаап киришти.

– Биз бул маселе боюнча кеңешип көрдүк да,  – дейт башкарма, – мындай деп чечтик: азыр бардыгыбыз каттоодон өтүп саныбызды аныктап  алалык, анан Марияга керек акчаны отургандардын санына бөлүп, кимибиз канча акча берерибизди эсептеп алабыз.  Башка сунуш барбы?

– Жок.

– Анда эмесе олтурган катарыбыз менен эле санай берелик. Бирок эскертип коёюн, бир киши эки жолу катталбагыла, андай адамдар болсо залдан чыгарылат.

Алар санап жатышканда кубанычы коюнуна батпаган Кузьма Мариянын капталынан кытыгылап ойноп кирди. Ал боюн жыйырып күлүп жатты.

–Уяты жок, – деп шыбырайт ал, – президиумда олтуруп алып кантип ушинтсин. Тынч олтур.

Ал тынч олтуруп калат.

– Эки жүз жыйырма беш киши, – деген үн чыкты залдан. – Миң сомду эки жүз жыйырма бешке бөлгөндө, – эсептеп кирди башкарма, – ар бирибизге төрт сом, кырк тыйындан айланат.

– Ар жагында көп деле эмес экен беш сомдон эле чогулталы, – дешти бир топ адам залдан.

Аңгыча эле Кузьма менен Мария олтурган үстөл, үстөл эмей эле чоң кутучага айланды, ага туш тараптан сунулган колдордон акчалар жаай баштады. Беш мүнөткө жетпей куту толуп чыкты. Мария чыдабай ыйлап жиберди, анын көз жашы буурчактай куюлуп, акчанын үстүнө тамчылап, шыңгырап үн чыгарган боюнча акчанын арасына сиңип жатты.

– Бардыгыңар бердиңерби? – деп сурайт башкарма. Берип бүтсөңөр эсептөө комиссиясын өз милдеттерин аткарууга чакырам.

Залдан бир нече киши чыгып, акчаны санай башташат. Алар беш сомдуктарды өзүнчө, үч сомдуктарды өзүнчө бөлүп пачкелеп, банктагы сыяктуу үстүлөрүнө суммаларын жазышып, иреттеп жыйнап киришет.

– Бир миң бир жүз жыйырма беш сом, – дешти алар санап бүтүшүп.

Башкарма нааразы болгонсуп башын чайкайт.

– Жүз жыйырма беш сом ашып калды. Аны эмне кылалык?

– Мейли, баарын ала беришсин, – деп кеңеш беришти залдан.

– Жок, болбойт, – деп каршы болот башкарма. – Жүз жыйырма беш сом чоң акча. Менде мындай сунуш бар: келгиле, акчанын бардыгын музыка бөлмөсүнө алпарып коёлу да, анан бирден кирип чыгалы. Ким акчага муктаждыгы болсо бир сом, же эки сом алып чыксын. Чурулдабагыла, биз деле миллионер эмеспиз. Ким каалабаса албай эле койсун, бирок алса албаса да бөлмөгө бири да калбай кирип чыксын, ошондо кимдин акча алган, албаганы белгисиз боюнча калат. Башка сунуш барбы?

– Жок.

Акчаны алып кетишти. Адамдар музыка бөлмөсүнө улам бири кирип, кайра келип орундарына олтуруп жатышты. Эң акырында Комариха кирди. Кузьма анын ордунан ыргып туруп, арт жагын кылчактай карап алып бөлмөгө кирип кеткенин көрдү. Аңгыча музыка бөлмөсүнөн анын чаңырыгы чыкты. Комариха жүгүрүп чыгып, залда олтургандарды алаңдай карап кыйкырып кирди:

– Акча жок калыптыр! Бир тыйын да жок!

Залды жарып жиберчүдөй күлкү жаңырат. Адамдар ичтерин колдору менен басып боорлору эзилгиче каткырып, бири-бирин, Комариханы сөөмөйлөрү менен көргөзүшүп ыкшып күлүп жатышты. Комариха оозун ачып тигилерди бир аз карап турат да, анан чыдабай кетип ал дагы каткыра баштайт. Кузьма залдагы элди таңыркап, эч нерсе түшүнбөй, кандайдыр бир коркуу сезими менен карап турду, бурулуп Марияны караса ал олтура калып, катуу күлгөндөн улам өйдө боло албай калган экен.

Кузьма ойгонуп кетти, байбиче чалына:

– Серёжа , грелкаңды бер, ысык суу куюп келейин, – деп жаткан экен.

Байбиче грелканы көкүрөгүнө кысып чыгып кетти. Тыптынч. Поюз дөңгөлөгүнүн рельсти чапкылаган сыяктуу гана үнү угулат, аны да жакшылап тыңшабасаң уга албайсың. Терезеден шамалдан азып-тозгон алсыз жарык төгүлүп, бешиктей терметкен вагон адамды мемиретип, бейкут сезим тартуулайт. Жигит чоң муштуму менен ээгин таянып уктап жатты.

Аңгыча байбиче грелкадагы суусун чулкулдатып алып келип, чалынын төшөгүнүн алдына сойлотту. Кузьма күзгүдөн карыянын бутун сунуп, тынч алып жатып калганын көрдү.

– Бүгүн ооруган жокпу? – деп сурады байбиче.

– Жок, бүгүн кудайга шүгүр.

– Жакшы анда.

Алардын бири-бирине болгон камкордук сезимге бөлөнгөн, акырын шыбырашкан жумшак, жылуу үндөрү жымжырттыкты бузбай, аны менен куюлушуп кеткенсип билинер-билинмексен угулат. Кузьма эми уктай албасын сезди, бирок муну мойнуна алгысы келген жок; ойгоо жатса оюна ар нерсе түшүп кыйнала берерин жакшы билет. Ал уктоого тырышып, көздөрүн бекем жумуп алды.

Баарынан да ал эмеле эле көргөн түшүн кандай жорушту биле албай, коркуп турду. Түшкө эмнелер гана кирбейт! Албетте, ага көңүл бурбай койсо деле болот дечи, бирок бир нерсени ойлоп алсаң, кубаласаң да кетпей кайта-кайта келе берип, башың ооруп чыгат эмеспи. Көңүлү жай болбой, санаасы удургуп чыкты.

Анан калса биринин үстүнө бири: шамал, белет, эми бул түшү. Чынында эле барган жеринен жолу болбой, куру кол кайтабы? Ушунча убарасы, убактысы текке кетеби?

– Серёжа , – деген байбиченин үнүн угуп Кузьма сүйүнүп кетти, бир аз болсо санаадан алаксыганына куштар эле.

– Серёжа , биздин телеграммабыз эмдигиче жеткендир, кандай дейсиң?

– Албетте эмдигиче алышты, – деп жооп берди карыя.

– Күтүп жатышат ко.

Байбиченин жазы жаактары ого бетер кеңейгенсип, жүзү күлүмсүрөп жайнай түштү. Жүзүндөгү күлкү бир нече көз ирмемге кетпей катып калды да, акырындап асылып тургандан чарчаган немедей шыпырылып түштү.

Кузьма Евгений Николаевичтин үйүнө барып келген күнү мектеп директору бир окуучусун жүгүртүп жибериптир.

– Евгений Николаевич эртең районго бара албай калыптыр, бүрсүгүнү сөзсүз барып, айткан убадасын аткарам дейт, – деди ал бала.

– Макул, макул, – деди Кузьма

Ошол убакта мештин жанында түрк элдери сыяктуу малдаш токунуп Гордей чал олтурган. Бала кайра чуркап кеткенде ал сурап калды:

– Ал канча берем деди?

– Жүз сом.

– Андан көп деле берсе болмок, анда акча бар.

– Болгон акчам ошол деди.

– Муну кара! – мыйыгынан күлүп койду Гордей чал. – Жок дейби? Кантип эле ошондо акча жок болсун! Укмуштай акылдуу да, кара баскыр! Акылынан да куулугу өтөт! Биздин эл кууланганды билишпейт, ал болсо култуңдап кууланып турат, кууланганын дароо эле билесиң, билгенде эмне, Евгений Николаевич кууланганда, ал эмес эле өзүң куулангандай уяласың. Оо, ал оңой куу эмес!

Кузьма унчуккан жок.

Гордей чал бир жарым саатча кетпей олтурду. Кузьма бир жерге бармак, анын ордуна чалдын аркы-берки кебин тыңшап олтурду. Же кет деп айта албайсың, карган адам дароо таарынат. Ошондуктан Кузьма кепти көбөйтпөйүн деп унчукпай тыңшап олтура берди.

Гордей чалдын жашы жетимиштен өтүп калган менен, дагы эле карылыкка алдыра элек. Анткен менен акыркы жылдары ал эмнегедир бир капталына ооп басып, айылдыктар аны отуз жылдан бери алардын дарыясында ары-бери жүк ташып, тынбай сүзүп жүргөн, эскилиги жеткендиктенби же бир жери сынып, бузулганбы, айтор  согуштан кийин бир нече жолу оңдоодон өтсө да эмнегедир бир жак капталына кыйшайган “Лейтанант Шмидт” аттуу эски кемеге салыштырып, аны лейтенант Шмидт деген каймана ат менен атачу болушкан.

Ал бир жагына кыйшайганы менен, мурдагы соо кезиндей эле салып-уруп тың жүрчү. Түнкүсүн ал устакананы кайтарчу, а күндүз кыларга иши жок айылды түрө кыдырып жүрө берчү. Эгер ал бир жерге көчүк басып, эскилиги жетип, ыш баскан канжасын алды дегиче болду, шек санабай эле койсоң болот, эми ал ордунан оңой менен козголбойт. Чалдын шашканда барар жери жок. Ал айыл четиндеги каралбай кебетеси кеткен кичинекей эски тамда жашачу, өзүнүн беш бөлмө тамын уулуна таштап кеткен, уулунун, ызы-чуулуу чоң бүлөсү менен тил табыша албай, кемпири өлгөндөн кийин ушул “тоокканага”, ал өзүнүн кичинекей үйүн ушинтип койчу, көчүп алган. “Тоокканасы” чынында кир эле, ал өзү өмүрүндө үй жыйнап көргөн эмес, ага кандайдыр бир тууганчылык жагы бар Комариха айына бир жолу, кээде эки айда бир келип кобуранып жатып тазалап кетчү. Чал аны байкачу деле эмес.

Гордей чал бир бутун алдыга сунуп ыңгайлашып олтуруп алып сөзүн баштады:

– Кара баскыр, менде акча жок болгонун карабайсыңбы, өзүм эле куткарып албайт белем.

– Койсоңчу, чал, – деди Кузьма колун шилтеп, – сенде кайдагы акча болсун!

 – Ошону айтып жатпаймынбы. Болсо бул жерде олтурмак эмеспиз, дароо эле бермекмин.

– Өзүм эле издеп табам, – деди Кузьма, чалга сенин эмне керегиң бар эле дегенсип. – Сени бул ишке аралаштырганда эмне?

Чал таарынып унчукпай калды. Ал канжасын алып чыгып, тизесине кагып күлүн түшүрдү да, үйлөгөн соң, ага бармагы менен тамекини маашырлана шыкап кирди. Анын кете турган ою жок эле. Канжасын күйгүзүп, ыракаттана сорду да таарынычын заматта унутту.

– Демек сен Евгения Николаевичке барган турбайсыңбы? – деп кайрадан баштады ал.

– Ооба, бардым.

– Анда акча бар, сенден аяп коюптур. Мен барып сурап көрөйүнбү?

– Жок, кереги жок. Өзүм табам. Бул менин көйгөйүм, сенин буга эч тиешең жок. Андан көрө барып эс алсаң болмок.

Бул жолу чал чындап таарынды.

– Кузьма, сен эмне жаш баласыңбы. Мен эмне өзүм үчүн сурап жатыпмынбы. Мен буга чейин деле акчасыз жашап келгем, калган жашымды деле ансыз жашай берем, мага анын кереги да жок. Тамеки өзүмдүкү, бир сындырым наным деги бар, а тамекини чок менен деле күйгүзүп алам. Мендей абышкага акчанын бар жогу баары бир, мен ага билесиңби ...

—Макул, чал, макул, – деди Кузьма жумшаргансып.

– Өлөр өлгүчө кийсем жыртылбай турган киймим бар. А ичким келсе аппаратымды коё койсом, күйгүзсөң жалыны көпкөк болуп күйгөн ысык тамчыларды чогултуп алам, сенин спиртиңден ашса ашат, кем калбайт. Өмүрүмдө акчаны колума алган учурларды беш манжам менен санасам болот, жаштайымдан бардык нерсени өз колум менен, өз маңдай терим менен тапканга үйрөнгөм. Керек учурда жыгач кармап усталык кылдым, үстөл жасадым, там жаптым. Отуз үчүнчү жылкы ачарчылыкта тузду шор топурактан кайнатып алчумун. Азыр бирдеме болсо эле дүкөнгө чуркашат, а мурда бир жылда эки жолу барчу элек. Баары өзүбүздө боло турган. Ошентип өлбөй эле жашап келдик. А азыр акчаң жок бир кадам да шилтей албайсың. Кайда барсаң акча. Башың тегеренет. Баары дүкөндө, даяр ашка көнүп бүттүк. Бирөөнүн колун карап калышты. Чоңу дагы, кичинеси дагы.

– Бук болуп калган экенсиң, чал.

– Мен чындыкты айтып жатам. Мурда качан жардам бергени үчүн бири-биринен акча алышчу эле? Үй салышабы, мешин оңдойбу, ошентип эле айтышчу: жардамга барабыз дешчү. Кожоюнда самогону барбы, берчү, жокпу, мейли, кийинкиде сен мага жардамга келесиң. А азыр акчасыз кыймылдашпайт. Жер айдатсаң – он сом, чөп тартырсаң — он сом. Акча үчүн иштеп, акча үчүн жашап калышты. Пайда издеген эле жан, бул пейилдин кеткени эмеспи?

– Болду эми чал, сөзүңдү кыскарт, сүйлөй берсе сөз бүтмөк беле.

– Мен айтарымды айтып бүттүм. Карып калса эле, мени жинди деп ойлойсуңбу. Мен баарын түшүнөм, көп жашадым, көптү көрдүм.

Ал сүйлөп жатканда канжасы өчүп бараткан эле, ал эстей коюп соруп-соруп кайра тутандырды. Көзүн бекем жумуп, түтүндү ыракаттана сорду. Кузьма аны эми кетет ко деп ойлогон. Күүгүм кире баштаган, короодогу саан убагы өтүп бараткан уй кайра-кайра мөөрөп, бирок Мария бир жакка басып кеткендиктен, анын мөөрөгөнүнө эч ким көңүл бөлгөн жок.

– Эгерде өйдө жактан алса, – деди көзүн ачкан чал кайрадан сүйлөнүп. Мен сага кимге барыш керегин ойлоп жатам. – деп түшүндүрдү ал Кузьмага: – Ал тарапта кимде акча болушу мүмкүн? Евгений Николаевичтикинде болупсуң. О-о, ал оңой киши эмес. Ал өйдө жактагы үйүнөн оосурса, бүт айылды сасытат, а ишиң түшүп жардам сурап барсаң бир сомун бергиче он жолу айлантып карап жатып араң берет ко чиркин!

– Эмне болсо, ошо болсун, Евгений Николаевичке эмнеге эле жабышып калдың, бул сөздүн мага эмне кереги бар!— Кузьманын ачуусу келе түштү.

Гордей чал аны укмаксан болуп кебин улантты:

– Петр Ларионовдон эч нерсе таппайсың, ал өтө жөнөкөй неме. Анда болсо аямак эмес, болгонун акыркы тыйынына чейин берип коюп карап турмак. Жашоо ушул турбайбы, Евгений Николаевичти кара да, муну кара. Айырмасы асман менен жердей. Бир жерде туулушту, бир тилде сүйлөшөт, анан таптакыр башка адамдар. Чал таң калып, башын чайкап, сөзүн улантты. Балким агрономго кайрыларсың, бирок ал жакында эле дарыланып келди, акчасын коротуп салды го. Барып көрүш керек, балким калган катканы бардыр. Ал жакшы табат: ага мамлекет да төлөп, колхоздон да эмгек күнгө алат дешет, ошол чынбы?

– Чын.

– Андай болсо барып көр. Балким берип калар. Ал бербесе кошунасы Мишкага кайрыл. – Ал жөтөлүп жаткансып кырт-кырт этип каткырып алды. – Андан бир тыйын табыш кыйын го! Ал таба электе эле үч жылдык акчасын ичип алган. Ой-ой, укмуштай ичет ко! Дагы кимден сурасаң болот? – чалдын токточудай түрү жок, сөзүн андан ары улады. – Билбейм Кузьма, кимди айтышты да билбейм. Элдин жашоосу кудайга шүгүр, жакшы эле жашап жатышкансыйт, бирок тапкан ташыгандары күнүмдүк жашоолорунан ашпайт. Ар биринин балдары бар, керектөөлөрү бар дегендей. Дагы сенин багыңа азыр жакшы убак, жазында болсо кантмек элең, картөшкө же буудай беришсе чогулталбай жүрмөксүң. Чогулткан күндө да аны кимге сатасың? Тегерегибизде жүз чакырым барсаң да бизге окшогон эле дыйкандар.

Гордей чал Кузьманын оюнда жүргөн нерсени айтты: чындыгында эле акча аз, жок десе да болот. Эмгек күнгө эгин беришкен, чынында аны кимге сатасың, анын саткан күндө да жыргатпайт, баасы өтө эле төмөн. Бирок Кузьма чал менен кантип макул болуп калсын, анын антип ойлошко да акысы жок болчу. Ошондуктан ал ишенимдүү үн катты:

– Табабыз, чал, табабыз.

– Табабыз, –деп аны туурап койду чал. – Бээнин куйругунун астын кара – ошол жерден табасың.

– Элде акча бар.

– Каяктан алышыптыр?

– Балким Степанидада дагы акча жок деп айтарсың? Ал жыл сайын же уюн, же букасын колхозго этке өткөзөт.

– Степанидада чынында эле болуш керек.

– Мына, Степанида, анан механизаторлордо болот. Аларга түшүм жыйнашкандан кийин сыйлык, байге дегендерди көп эле берип жүрүшөт.

– Аны алышканы качан.

– Элде акча бар, чал. Бүт айылды кыдырсам таппай калмак белем? Эмне жардам беришпейби? Жок, чал, сен жаңылышасың, сөзсүз жардам кылышат.

– Мен сага бербейт деп айткан жокмун.

– Болуптур.

Кузьма өз сөзүнө өзү ишенип, көңүлү көтөрүлө түштү.

– Чал, коркпо, абалдан чыгабыз. Сен өзүңдүн күзөтүңө бар, мен бир кыдырып келейин. Мына эмесе деп кап алып алайын. А эмнеси бар экен? Бирөөнүкүнөн чыгып экинчиси барам. Капты толтуруп сага кайтартып коём.

– Келжирексиң да, Кузьма, – Гордей чал көзүн жүлжүйтүп күлүп койду.

Ал жер таянып турду да кыйшайган капталын ушалап, башын ийип Кузьма менен коштошту:

 – Келип-кетип кабар алып турам.

– Келип тур, чал, келип тур. Темир кайтаргыча менин акчамды кайтарасың. Күзөтчү болгонго сен ылайыктуусуң, канжаңды түтөтүп олтурганыңды көргөн уурулар жолобойт.

– Кхе-кхе-кхе, – чал жөтөл аралаш күлүп жатты.

Элүүгө жашы чамалап калган адам жакын досу бар же жок экенин биле бербейт. Ушунча жылдан бери канча адам менен келип-кетип дос болуп жүрүштү. Жылдар өткөн сайын айланандагы жакын адамдарга акыл токтотуп каласың. Башкалардай эле алар менен анда-мында жолугушасың, башкалардан жашырар эч бир сырың да жок, бирок муктаждыкка кабылганда аны эстеп, жардам сурап барасың же өзүң жардам бересиң.

Кечинде Кузьма Василийге жөнөдү. Согуштан кийинки жылы бир убактарда алар полуторка деген машинени чогуу айдашчу, – колхоздо алар айдаган жалгыз машине эле. Машинени да айдашып, өз жүктөрүн өздөрү жүктөп түшүрүшчү. Кийин Кузьма Американын “студебеккер” деген машинесин айдап калды, а полуторка Василийде калып, ал таптакыр шалдырап жүрбөй калгыча колхоздун жумуштарынан калбай кылдырап жүрдү. Ал иштен чыгып жарабай калганда колхоз жаңы эки ЗИС-150 деген жаңы машинелерди алып, бирин Кузьмага, экинчисин Василийге беришкен, бирок Василий өзүнүн ЗИС-150-сүн көпкө айдаган жок: анын көздөрү ооруй баштаган, ошол кезде колхозго комиссия келип, аны бул ишке жараксыз деп машинесин алып коюшкан. Акыркы төрт жылда Василий жашылча өстүрүүчүлөрдүн биргадири болуп иштеп жүргөн.

Алар бардык эле айылдыктардай кээ бир күндөрү гана жолгушчу, мамилелери жылдар өткөн сайын акырындап алыстай баштаган. Жолугушуп калганда ал-ахыбал сурашып, бир аз ар нерселерди сүйлөшүмүш болуп, анан үйлөрүнө таркап кетишер эле. Бирок эски, эч бир нерсе өзгөртө албаган, Василий өз адам деген сезим Кузьманын жүрөгүнүн тереңинде сакталып жүрчү, ал Василий жөнүндө жакшы пикирде болчу, жана өзүнө ишенгендей эле ишенчү. Кузьма өз жолдошу деп санаган дагы бир адам бар эле, бирок ал башкарма болгондуктан Кузьма ага себепсиз баргандан качып турчу, анткени бийликтеги адамга дос болумуш болуп жабышып жүрөт деген сөздөр чыгат деп чочулачу.

Василий Кузьманы кайдыгер тосуп алды, унчукпай колун кармап, сыпайгерчилик үчүн ал-жайын сурамыш болду. Ал Кузьмалардын үй-бүлөсүнө келген жаман ишти кулагы чалгандай, эми өзүн бул жагдайда кандай кармашты биледи, калп эле боору ооруган кишидей өзүн жакшы көргөзгөнгө да, керектүү кеңеш бергенге да шыгы жок эле. Алар унчукпай чылымдарын чегип олтурушту. Ашканадан Василийдин аялы чыгып, Кузьмага бооруу ооругансып карады да, кызыктуу кеп угулбагандыктан кайра кирип кетти. Кузьмадан иштин жайын сураштан уялды, а Кузьма унчуккан жок. Ал өзүн түнүчүндө чоочун айылга туш келип, ошол үйгө кудай конок болуп кетүүнү суранып барган адамдай сезди. Жатканга али эрте, буга чейин бири-бирине чоочун кожоюн менен коноктун ортосунда сөз уланбай, убакыт тез өтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатышкансыйт.

Кузьма унчукпай туруп, кетүүгө камынды. Василий эшикке чейин узатып чыкты. Дарбазадан чыгып кайрадан унчукпай туруп калышты, эмне айтышты экөө тең билбей чайналышат. Мындан көрө келбей койгону жакшы болмок, бирок болору болду, эми өкүнүштүн кереги жок эле. Василий үн катты:

– Кузьма, убакыт болсо дагы бир жолу кайрылып кет.

– Макул. – деди Кузьма убада бергенсип.

Ошондо Кузьмага агасы жөнүндөгү ой биринчи жолу келген. Айылдан акча чогулбай калса шаардагы агасы Алексейге барса болот. Аны жакшы жашайт деп уккан. Кузьма шаардагы агасыныкына бир да жолу бара элек, алар мындан жети жыл мурда, атасы өлгөндөн бери көрүшө элек. Ал кезде күркүрөгөн күз эле, жыйым-терим кызуу жүрүп, элдин ысык чай ичкенге чолоосу жок учурда атасынын өлгөнү тууралуу телеграмма алган Алексей айылда эки күн болгондон кийин кайтып кеткен. Жыйым-терим бүткөн соң келип, жайчылыкта атасынын кыркылыгын өткөзмөкчү болушкан, бирок ал эмнегедир кайрылып келген жок. Эки айдан кийин кызматы боюнча бир жакка кетип келе албай калганын жазган болчу.

Кузьма Алексейди кээде эле эстебесе, унутуп деле бараткан. Атасы менен апасы жөнүндө ойлоно калган учурларда бул дүйнөдө ал жалгыз эмес экендигин, эки агасы бар экени эсине түшчү. Бирок алардын аралары ушунчалык алыстап кеткендиктен, Алексей тууралуу ойлогондо, ал кандайдыр бир башка адамдай сезилип, ага бирөөлөр аны таңуулап жаткансып сезилчү. Анан аны көпкө чейин унутуп койчу. Алардын бир тууганчылыгы жолугушкан учурларга, анан бала кезде чогуу өскөн кездерге эле тиешеси бардай, калган учурларда бөтөн адамдар сыяктуу.

Мындан үч жыл мурда Мария шаарга догдурга көрүнүп бара калып, Алексейдикинде болуп келген. Алардыкында эки түнөп келгенден кийин, башка эле бирөөлөрдүкүндө жатсам болмок экен деп өкүнүп келген. Алексейдин бардар турмушта турарын ал эч бир ич күйдүлүксүз айтып берген.

“Телевизору да турат, кир жууган машинеси да бар, оокат-ашы жайнайт, бирок кайда бассаң да артыңдан көз салып, бир балээнин ичинен чыкпасын дегенсип аңдып, баскан изиңди сүртүп тазалап турушат экен. Сүйлөшүп деле жыргаткан жокпуз. Аларга биздин бары-жогубуз деле баары бирдей көрүнөт. Мен экинчи алардыкына оозума бал салса да барбайм” деген эле ал шаардан келгенден кийин.

Былтыр Алексейдин согуштан кийин ФЗУда чогуу окуган, өзү менен бала кезинен бирге чоңойгон жашташ курбусу Михаил Медведев Кузьмадан анын дарегин сурап кеткен. Кышында жумуш аз учурда колхоз Михаилди бригадирдин окуусуна жиберген экен, ошондон пайдаланып ал Алексейге жолуга келейин дептир. Ал шаардан кайтып келгенден кийин ага жолугуп калган Кузьма суроо берген:

– Кандай, агамдыкына бардыңбы?

– Ооба, бардым.

– Кандай жүрүптүр?

– Жакшы, ден-соолугу жакшы. Фабрикада мастер болуп иштейт экен, – деген ал андан ары сүйлөшкүсү келбегендей.

Кийин ичип олтурганда кызуулугу менен таарынычын айткан:

– Мени таанырын го тааныды, бирок досундай көрбөдү. Жок дегенде бир бөтөлкө бузуп берген жок.

Ушулар жөнүндө ойлоп олтуруп, Кузьма агасы айылга чоочун болуп калганын, ошондуктан ал айылга келүүгө шашылбаганын, айылдыктар менен жолугушуп илгерки бала кезде баштарынан өткөзкөн окуяларды эскерүүнүн ага таптакыр кызык эместигин сезди. Көңүлүнүн тереңинде Кузьма Алексейге таарынган менен, ал жан-дүйнөсүнөн бери аңтарып, оорута турган таарыныч эмес болчу. Анан калса агасы кичинекей бала эмес, ал бардыгын өзү түшүнүш керек эле. Айыл менен анын ортосундагы мамиле бирдей эле: агасы айыл жөнүндө, демек өзүнүн балалыгын унута баштаса, айыл кайсы бир учурларда ушундай киши бар экенин эсинен чыгарып бараткан.

Бирок Кузьма ага, Алексейге барса, ал албетте сөзсүз жардам берет. Канча кылса да бир жатындан чыккан каны бир бир тууган эмеспи. Анын акчасы болуш керек. Кузьма көпкө созбой эки айдан бир аз өткөндө эле колхоздон ссуда аларын, ошондо келип берип кетерин айтып түшүндүрөт. Мурда эле агасын эмнеге эстеген жок дейм да?

Үйүндө Марияны жооткотуп койгон:

– Эгерде айылдан акча чогулталбай калсам, Алексейге барып келем.

– Ал бербейт, – деген ал бир аз унчукпай ойлонгондон кийин.

Ал ошенткенде агасына сөзсүз барып келүү тууралуу ою дароо бузулган. Кузьма өз жашоосунда акчага көп маани берчү эмес: болсо – жакшы, болбосо –мейли. Мындай мамиле дайыма акчанын тартыштыгынан улам пайда болгон. Анын үйүндө тамак-аш дайыма кенен эле: эгинди ал түшүм болбогон жылы деле жетишерлик таап келчү, сүт менен этти өздөрүнүн жеке чарбасынан алышчу. Ал эми акча... Ал кээ бир колхоздордо эмгек күнгө бир жарым, ал тургай эки сомго чейин төлөйт дегенди укчу, анын ошондой болоруна ишенчү, бирок алардын тайганын чак ортосундагы айдоо аянтары жамаачыдай болуп токойдун ары кай бурчунда чачырап жаткан колхозунда ушул убакытка чейин эмгек күнгө элүү тыйындан көп алган жан боло элек.

Акыркы үч жылы үй салууга жаз, күз төлөп берүү келишими менен ссуда алгандан бери Кузьма колхоздон бир тыйын да ала элек болчу. Мариянын дүкөндөн тапкан маянасы балдарды ичинтип, кийинткенге жетчү. Үйдөгү төрт эркек балага кийим түтчү эмес, алеки заматта тытып-жулуп отко салышчу. Мария аларды кантип элдин балдарынан кем кылбай таза кийинтип жүргөнүнө таң калса да болот; улууларын мектепке уялбай эле жиберсе болот, ал эми кичүүлөрү атам замандан бери болуп келе жаткандай, улууларынын кийимдерин кийип чоңоюп келатышкан. Кузьма өздөрүн начар жашайбыз деп эсептөөчү эмес. Керектүү нерсенин баары бар, жылаңач, жылаң аяк жүрүшкөн жери жок. Ал бирөөгө көз артып, ичи тарыган жан эмес. Өзүнөн жакшы жашаган адамдарга, ал өзүнөн бою бийик адамга кандай мамиле кылса, ошондой эле мамиле кылчу. Андан бою кыска болсо, бутунун учу менен басмак беле. Акыры, ар бир адам өз жолу менен жүрөт да. Кузьма элдин акчасы кантип жашоосунан ашып, чогулуп каларын түшүнчү эмес, түшүнгүсү да келчү эмес. Ал үчүн акча болгону тешикти бүтөй турган жамаачы сыяктуу. Ал нан менен эт жөнүндө ойлонушу мүмкүн – аларсыз жашоо болбойт эмеспи, бирок акчаны арттырып алуу ага тамаша, түш сыяктуу кызык нерсе болчу. Ал колунда болгонуна ыраазы.

Алардын бир эле убакта сактык кассасынын кызматын аткарган почтасы жайгашкан имарат дубалында илинген плакатта, бир топ жылдан бери айылдыктардын бирине да окшобогон кызыл жүздүү адам ал жакка башбаккан ар бир адамга: “Сандыкчаңды ыргыт, акчаңды сактык китебинде сакта” деп тынымсыз эскертип турчу. Бирок Кузьма почтага барып калганда ал адам аны карачу эмес. Кузьма кантер экен деп улам ордун которуп көрчү, бирок плакаттагы кишинин көз карашы анын жанынан кыйгай өтүп, кайдадыр бир жактарга тигилгенсип турчу. Кузьма анын карабай койгонуна капа болчу эмес.

Анан эле капилеттен, болгондо да дароо көп акча керек болуп калды. Кузьма эмне кылышты билбей далдырай түштү. Эмне үчүн акча аны тандады? Буга чейин аны менен көп деле иши жок эле да. Ошон үчүн өч алганы жатабы? Мына, эми каалайбы, каалабайбы ал жөнүндө “эми акчаны кайдан табам?” – деп тынымсыз ойлонууга мажбур.

Ал Евгений Николаевичке дароо барган себеби, анда акча бар деп дайыма угуп жүрчү. Андан арычы? Ал Гордей чал менен сүйлөшкөнгө чейин эле ою менен айылды бул башынан тиги башына чейин аралап көрүп, куру кол келген: бирөөлөрүнүн жашоосу жакшы, экинчисиники андан начар, бирок ар биринин жамаачылай турган өз жыртык-тешиктери бар.

Кузьма алардан акча сураштан оюнда да тартынып турган. Ал өзүнүн алардыкына барганын да кыялында көрүп турду: ал барат да, унчукпайт. Адамдар ал барганда эле эмнеге келгенин түшүнүшөт. Бирок алар да унчугушпаса, анда бардыгы түшүнүктүү. Көп сөздүн кереги жок. Ал коштошот да жүрүшүн андан ары улайт. Ар бир үйгө кирүүнүн кереги жок, ал өз ою боюнча акча бар деп болжогон үйлөргө эле кирет. Бирок акчаны босогодон аттап киргенде эле көрбөйсүң, эмнегедир аны ар кайсы көздөн далдоо жерлерге, эски кемселдердин чөнтөктөрүнө, чамадандардын түптөрүнө катышат. Акча жарыктан коркот дешеби? Эгерде акча үй ээлеринин сүрөттөрү сыяктуу көрүнөө жерде турганда, ал кайсыл үйдөн сурашты, кайсыл үйдөн унчукпай кете беришти билип турмак.

А азыр акчасы катылуубу же таптакыр эле жокпу, баары эле унчугушпайт, же чындап эле акчасы жокпу, же сараңданып жатышабы, же анын кайгысын түшүнгүлөрү келбейби, бул ага түшүнүксүз.

Баары бир Кузьмада бардыгы жакшы болот деген үмүт бар болчу. Бирөөлөр унчукпай койсо да, бирөөлөр анын жагдайын түшүнүп: “Биздин жайында мотоцикл алалык деп чогултуп жүргөн бир аз акчабыз бар, бирок азыр сага зарыл болгон соң алып тур, биз кийин деле алсак болот” деп катылуу акчасын алып чыгып берет да, анан ал акча тууралуу унутуп коюшуп, аркы-беркини сүйлөшүп бир топко олтурушат.

Ошондуктан Кузьма адегенде эле Василийге жөнөгөн, кудай буюруп жолу болуп калса, ал андан ары көңүлдүүрөк барам деп үмүт кылган. Бирок андай болон жок.

Кузьма үйүнө келип терезенин жанындагы олтургучка олтурган боюнча кыймылдабай көпкө чейин ордунан козголгон жок, ал эми акчаны кайда барып, кимден сурашты билбей эси кетип, эңгиреп турду. Анан агасын эстеп, бир аз жеңилденгенсип калды.

Ал айылда аз болсо да, акча бар экенин жакшы билчү. Ар ким эле башкалардан кем болбой жашагысы келет. Кээси мотоцикл алыш үчүн тапкан акчасын чыпчыргасын коротпой катып, шымын кырк жамаачы салып кийип жүрө бергенге да кайыл; мотоцикл десе, таңдайы такылдап, басса-турса оюнан кетпей, ал тургай түшүнө да кирет.

Кузьма мына ошондой акчаларын берип турат деп ишенип жатты. Мотоцикл алганга азырынча жетпейт, а акча эч пайдасыз катылып жатат. Ошондой акчаларын Марияны сактап калыш үчүн кантип эле аяп, бербей коюшсун? Андай болушу мүмкүн эмес!

Терезенин сыртындагы капкагын бирөө черткилей баштады.

– Ким бул? – Кузьма ордунан турду.

– Кузьма, бир мүнөткө сыртка чыкчы.

Мария уктоочу бөлмөдөн атып чыкты, жүзүнөн чочуп калганы көрүнөт.

– Ким экен?

– Василийдин үнү окшойт. Эмне коркуп кеттиң?

– Өзүм да билбейм.

Василийдин чоң фигурасы караңгыда ого бетер чоңоюп кеткенсип дардайып, дарбазанын жанында туруптур.

– Үйгө эле кирбейт белең?– деди Кузьма.

– Туура эмес болуп калды окшойт, – деди суроого жооп бербей Василий. – Келерин келдиң да сүйлөшпөй кетип калдың, эмнеге келдиң эле?

– Өзүң билесиң да.

– Билгенсип турам.

– Ошол. Дагы эмне демек элем? Сенде акча жок экенин билем, – деди Кузьма, бирок анда дагы эле болсо үзүлбөгөн, үлбүрөгөн үмүт шооласы бар болчу.

– Жок. Катынымда болгону жыйырма сом бар экен. Болду.

– Үйгө кирбейсиңби?

– Жок. Ал жактан сүйлөшө албайбыз. Кел, ушундай эле олтуралы.

Алар дарбазанын жанындагы олтургучка барып олтурушту, тамекилерин күйгүзүп, улам соруп, түтүндү үйлөп унчукпай алдындагы түндүн караңгысына үңүлүшүп, бир топко үн чыгарышкан жок. Алардын оң тарабында улам арылап кеткен айылдын оттору жылтылдайт, ал жактан ар кандай үндөр угула калып, клуб жактан күлкүнүн үнү чыгып барып басылды. Кеч жаңы эле кирген, айыл бейпил түндүн кучагына жаңыдан көнүп, тынчтанып бараткан. Чыккан үндөр уламдан улам сээлдеп баратты.

Папиросторун бир убакта тартып бүтүп, ыргытышты да дагы эле унчугушкан жок. Жымжырттыкты Кузьма бузду:

– Эч нерсе ойдо жок жашап жүрөсүң, анан бир күнү эле кырсык айттырбай капыс жерден басып калат экен.

– Аның чын.

– Кечээ эле баары ойдогудай эле.

– А эртең башка бирөөнүн кезеги. Балким биздин айылдан эмес, башка айылдандыр, анан бизге кайтып келет, – магабы же башка бирөөгөбү, келбей койбойт. Мына ошондуктан чогуу болуп, бири-бирибизге өбөк-жөлөк болушубуз керек.

– Туура айтасың.

– Евгений Николевич берем дептир, башка дагы ким берем деди?

– Азырынча ошол эле. Эртең Степанидага барсамбы дегем, береби бербейби – билбейм.

– Степанидагабы? – ал ишенбегендей баш чайкап, ойлонуп турду да мындай деди:

—Жүрү, азыр эле баралы. Экөөлөйлүк. Ал менин бригадамда эмеспи, балким менден уялганынан жок дебестир.

– Кетсе, кеттик.

– Евгений Николаевичке барганымды кайдан уктуң? –деп сурап калды Кузьма жолдо баратканда.

– Катыным айтты. Ал өзү деле элге жайып жиберди болуш керек. Бирөөгө жакшылык кылып жатса – кантип эле мактанбай тим калсын!

– Мен азыр космонавтардай эле белгилүү болдум го, – деп тамашаламыш болду Кузьма. – Айылдын бардыгы билишет.

– А сен эмне деп ойлодуң эле? Сен короосуна кирерден мурда, жакшылап карап кир, сүрөткө тартып алышпасын. Күлкү, күлкү менен дечи, а сенин акчаңды азыр бүт айыл санап жатышканы айтпасаң да белгилүү.

– Азыр Степанидага эмнеге келгенибизди айтпай койсок да болот. Ал таң аткандан бери күтүп жатса керек.

– Кайда жашынышты да ойлоп койгондур.

Алар күлүп алышты. Василий келгени Кузьма жеңилдей түштү, жүрөгүндө дүпүйүп уюп турган оор санаа эми бошоңдоп, бүт денесине тарап кеткенсиди. Азыр жолу болоруна көп ишенбесе да, Степанидадан Василий экөө чогуу чыгып, үйлөрүнө кетерден мурда эртең эмне кылышты сүйлөшүп алышарына көзү жетти. Бул ой анын көңүлүн көтөрүп, бир эле нерсени кечке ойлой берүүдөн алаксытып койду.

Степанида эки үй-бүлөгө ылайык салынган чоң үйдө өлгөн эжесинин кызы Галька менен турчу. Галька он жети жашты жаңы эле жашап жатса да, Степанидадан бою да, туурасы да чоң далдайган кыз. Алар эмнегедир ыркы кетип, ит менен мышыктай; кээ бир күндөрү үйгө батпай бараткансып, короосуна чыгып алышып, бири-бирин оозго алгыз сөздөр менен сөгүшкөндө, алардын ачуу үндөрү айылдын бул башынан тиги башына угулуп, кошуналардын иттери куйруктарын кыпчып, көчөнүн аркы өйүзүнө өтө качышчу.

Кузьмалар барышканда Степанида карбаластап шашып калды, анын көздөрүндө: булар эмнеге келишти экен?—деген кооптуу суроо жаралып, ошол боюнча кетпей турду. Жүзүндө пайда боло калган жылмаюуну улам кубалап, чыдамы кетип, эркектердин келген максатын тез эле билгиси келди. Тигилер чечинип, олтургучка олтурушту. Бөлмөсүнөн кобур-собур үндөрдү угуп, жарылып кетчүдөй тасырайган жоон сандарын бултуңдатып кыска юбка кийген Галька чыгып келди.

– Чыга калганын кара! – сүйлөгөнгө шылтоо табылган Степанида бакылдап кирди. – Карагыла бул сулуунун кебетесин. Жок дегенде тасырайтпай алдагы сандарыңды жапкан кийимиңди кийип чыкпайсыңбы.

– Алар эмне мындайды көрбөй жүрүшүптүрбү! – деп каяша айтты Галька.

– У-у, уяты жок!

– А өзүңдүкү барбы?

– Жогол бул жерден.

Галька эркектерге көз кысып чыгып кетти.

– Азабымды гана жедирди ,– Степанида арыз-муңун айта баштады. – Мындай кызды кудай эч кимге бербесин. Канча канымды ичип бүттү!

– Ичкидей кайсы каның бар эле, – Галька кетип баратып жооп берди. – Сеники кан эмей эле жугунду.

– Мына, уктуңарбы? Бир сөз айтсаң, он сөз кайтарат. Он сөз айтсаң, миң сөз айтат. Ага кантип чыдап жүргөнүмдү өзүм да билбейм. Карыган кезде шорумду кайнатты бул кыз!

– Кыларга ишиңер жок кармашып жатасыңар да, – деди Василий. – Степанида, андан көрө айтчы: сен эмне бизди куру кол кайтарган турасыңбы?

Степанида көзүн жүлжүйтүп, шашып калды.

– Куусуң ээ, Василий.

– Бул жерде эмне куулук бар дейсиң? Мен түз суроо бердим. Кузьма экөөбүз сага келатып ойлодук: бир үмүтүбүз Степанидада, анда болсо аябайт, акыркысы калганга чейин берет.

– Ой, Василий, жакшы кишилер үчүн, мен дагы жакшымын. Болсо аямак белем. Жакшы кишилер келип калса, жок болуп калбасын деп сактап жүрөм да.

– Мунуң абдан туура.

– Степанида юбкасын түрүп белине кыстарды да жертөлөгө түшүп, ал жактан оозу сургуч менен чапталган, чаң баскан жашыл бөтөлкөнү алып, тигилерге сунду. Жертөлөнүн оозуна жакын олтурган Кузьма сунулган бөтөлкөнү алып, жарыкка тосуп, бир көзүн жүлжүйтүп анын ичин карап койду.

– Ошол, ошол, – деди Степанида жертөлөдөн чыгып келатып.

– Бая эле ушунтпейт белең, Галька менен кармашпай. – Василийдин маанайы көтөрүлө түштү.

– Аны мага эстетпе. – Степанида бөтөлкөнү алып этеги менен анын чаңын сүртүп, үстөлдүн ортосуна коюп, кампасына жүгүрдү. Артынан чайнаганга бир нерсе издеп кетти көрүнөт.

– Акча жөнүндө кеп козгобой тур, – деп эскертти Василий. – Жибигиче күтө туралык.

– Өзүң эле айт.

– Мейли.

Бөлмөдөн Галька чыгып, үстөл үстүндөгү бөтөлкөнү көрдү.

– Оо, тай эжемдин башын айландырып жибердиңерби! Кыйынсыңар го!

– Уу жыландай эле барсың, Галька! –деп таарына кетти Василий. – Сенин эмне ишиң бар? Мени менен минтип сүйлөшкөндөй жашка жете элексиң.

– Муну кара! А кантип сүйлөш дейсиң? Атаңдын аты мененби же апаңдын аты менен чакырайынбы?

– Сени менен сүйлөшкөндө эмне? Өзүңдүн айканыңды бермек белең?

– Сени ким сүйлөш деп жатыптыр. Сага жабышып жаткан жерим жок. Мени таарынткысы бар! Бул жакка эмнеге сүйрөлүп келгениңерди билбейт дейсиңби?.

– Акырын! – деп шыбырады Василий.

– Аа, коркуп кеттиңби! Коркпой эле кой, айтпайм, бирок жиниме тийбе, түшүндүңбү? Жакшы сүйлөсөңөр жардам беришим да мүмкүн.

Ал Кузьманы карап, боор ооругандай үн катты:

– Мария эжеге боорум ооруйт. – Ал кайрадан Василийге кайрылды:  – Жашың улуу болсо эле, мага кыйкырса болот деп ойлойсуңбу? Катыныңа кыйкыр. Мен сага жалдап алган күңүң эмесмин.

– Укмуштуудай эле тилдүүсүң, – деди таңгалганын жашыра албаган Василий.

– Кимге тийишкенди билип жүр.

– Болбодубу эми. – Кузьма тынчтандыра баштады.

Степанида келип үстөл үстүнө даамдарын коё баштады. Эркектерди үстөлгө чакырып, алар олтурганда ушундай коноктор келген убактарда дуба сыяктуу айтыла жүрчү сөздөрүн эбиреп-жебиреп жатты:

– Келериңерди билгенде бир нерсе даярдай койбойт белем. Дасторконго коёрго эч нерсе жок, уят болдум...

– Сен Степанида, жөн эле сүйлөй бербе. Мындай ысытма менен бир жума кенен ичсе болот. – деди Василий анын көңүлүн жайгарып.

– Койчу, Василий кишини ого бетер уялтпай.

Үч стаканга куюшту. Так гана кагышып туруп, ичүүгө камынып демдерин ичине алган учурда Галька үн катты:

– А магачы?

Степанида ачуусу келип, титирей түштү.

– Кана айткылачы, бул кыз желмогуз эмес деп ким айта алат? Мындай кылышты да билиш керек! Эрте да эмес, кеч да эмес, так убагында адамдардын табитин бузганын көрдүңөрбү. Ой-ей-ей! Кудайыма эмнеден жаздым экен?

Галька мыйыгынан жылмайып, стакан алып келди да, аны Степаниданын алдына коюп, анын стаканын өзү колуна алды.

– Коюп кой, каргыш алгыр! Кимге айтып жатам: ордуна кой!

– Буга куйсаң, коём.

– Элдин көзүнчө сени менен ажылдашкым келбейт, болбосо бир тууган тай эжең менен кантип сүйлөшүштү үйрөтөт элем...

– Эмнени үйрөтүп кыйратмак элең!

– Ой, каргыш алгыр! Каргыш алсын сени! – деп кыжыры кайнап жатты, бирок баары бир стаканга арактан куйду. Галька ал стаканды алып, Степаниданын стаканынан дагы бир аз куйду да, кагышууга колун созду.

– Эркектер менен ичүүгө сага эртелик кылбайбы? –деди анын бул жоругун туура көрбөгөн Василий.

Галька көздөрүн жүлжүйтүп Василийди жаман көрүп тиктеп калды, Василий ага көңүл бөлбөй сөзүн улантты:

– Эне сүтүң оозуңдан кете электе ушинтип жүрсөң, кийин кайда барасың?

– Мына-мына, тай эжеңдин айтканын каакы ордуна көрбөсөң да, улуу кишилердин айткан акылын ук, – деди Степанида Василийге кошулуп.

Бирок Галька анын сөзүнө көңүл бурбай Василийге жооп берди:

– Мага лекция окубай эле кой, – деди ал, – Өз акылым жетиштүү, түшүндүңбү?

– Уятсыз, бөтөн адамга кантип ушинтип айтып жатасың, же бул сенин бир тууган агаң беле? Акылыңдан айнып калдыңбы! – Степанида калчылдап чыкты.

– Өзү мага сүйлөбөсүн, болбосо мен аны тез эле ордуна коюп коём.

Кузьма үстөлдүн астынан Василийди тизеси менен түртүп, Галькага эрегишпей эле кой дегендей белги берди.

– Бир жакшы жигит өзүнө сыйыртмак камдалып койгонун билбей жыргап жүргөндүр –Василий дароо эле токтой алган жок. – Бул алтын бирөөнүн бактысына жазылды го.

– Коркпой эле кой, сага эмес.

– Андай тагдырдан кудай сактасын.

– Жанагы көйнөгүм менен чыкканда шилекейиң чууруп кетти го.

Кузьма чыдабай кетип сөзгө аралашты:

– Муну ичпей эле бөтөлкөгө кайра куюп коюп, силерди уксак кантет?

Алып жиберишти. Галька Кузьмага көз кысып, Степанида жакты карай көзүн ымдады. Кузьма байкатпай башын чайкап койду. Галька тай эжесинин акчасын кантип көндүрүп алышарын тез эле көргүсү келген. Бул жыланды кара! Жардамчы болом деп коёт, а акылы алигиче жаш баланыкындай, ушинтип жатып тескерисинче баарын бүлдүрбөсө болду.

– А сен эмне клубга барган жоксуң? – деди ал капилеттен орунсуз суроо берип.

Галька кабагын бүркөдү.

– Тоскоол болуп жатамбы? Мен тигил тийишпесе сен жактамын дебедим беле, – деди ал Василийди көргөзүп.

– Бул эмне деп жатат? – деди Степанида бир нерседен шек алгандай.

– Кеттик, – Галька кесе сүйлөдү.

Кузьма унчукпай калды. Галька менен сүйлөшүш кыйын эле. Ал жылмалап, айланып өтчү ыкмалар бар экендиги жөнүндө түшүнүгү жок болчу же андай нерселерди тай эжесине колдонбой эле, тооктой баса калып жүнүн жулуп, ишти бүтүрсө болот деп ойлосо керек. Кузьма кабагын бүркөп Гальканы унчукпа дегендей белги берди. Галька тетир бурулду.

– Тай эже, сен эмне аягына чейин албайсың, – деди ал. – Баарынан куусуңбу?

– Э, жок, мындай кылганың жарабайт, – Василий ордунан тура калды. – Бул эмне кылганың, кожойке? Кел ал, алып кой. Кантип ушундай болсун.

– Ой, муну ичсем эле ооруп калчу болдум, – Степанида актана баштады.

– Степанида, сен кызык адам экенсиң, сен ичпей олтурсаң биз кантип ичмек элек, бул эмне, кымбаттуу менин конокторум, тургула да ушул тойгонуңар менен топоюп жолуңарга түшкүлө дегениңби?

– Койсоңчу, Василий кантип ошентейин? Мен эмне ошондой белем? Сүйлөйт десе сүйлөп коёсуң да. Аясам бербей койбойт белем? Шашпай олтуруп иче бергиле.

– Кожойке ичпесе биз кантип ичебиз.

– Азыр, азыр. – Степанида шашкалактап стаканын алып көтөрүп жиберди. – Василий, сага таарындым. Эми кечке бул оюмдан кетпейт. Мен жакшы кишилерден эч нерсе аябайм.

– Көрөбүз го. – деди Галька.

– Бул уу жыландын эмнени көргүсү келип калган?

Кузьма шашып кетти:

– Киного белет калбай калса керек. Киного киргизе турган жигит таба элек окшойт да.

– Бул жалапты кино механиктердин баары бекер киргизет. Айылдын баары мунун жигиттери. Жакшы кишилер акчасы менен кире албаган жерге, бул жалап жамбашын чайкап койсо эле болду, акчанын да кереги жок. Тим эле Василиса Сулуу болуп чыга келет. Элден уялганымдан киного да барбай калдым.

Галька жарылып кетчүдөй кызарып чыкты, бирок Кузьма аны сүйлөгөнгө үлгүрткөн жок.

– Келгиле, дагы бирден алалык. Галька сага куяйынбы?

– Ичким келбесе да ичем, мейли ал жинди боло берсин.

– У‑у, каракчы! Менин өлүмүмдү эле тилеп турат, а мен муну тогуз жашынан колума алып, энесинин ордуна эне болдум. Ичиндирдим, кийиндирдим. Эми минтип өзү эле чоңоё калгансып, көргүлүктү көргөзүп жатат. Кылган жакшылыгы ушул!

Степанида көзүнө жаш алып, этеги менен аарчыды.

– Болду эми, – деди Кузьма. – Кел, Степанида, сен жүзгө чыкканча кайгы көрбөй жашашың үчүн көтөрүп коёлу.

– Ээ, Кузьма, мага жүз жаштын эмне кереги бар? Жадап бүттүм, эртерек эле кудай алса экен. Сыртымдан жакшы жүргөнсүп көрүнгөнүм менен, араң эле жаным бар. Бул азыр күлүп жатпайбы, убагы келгенде түшүнөт. Башыңа келгенде түшүнөсүң, күлбөй коё тур, ал күн деле заматта келет, – ал жашын тыйып кайра кайратына келе түштү.

– Степанида, быйыл канча эмгек күнүң бар? – деп сурады Василий.

– Эки жүз элүү.

– Көп эмес го.

– Оорулуу болуп калдым, Василий.

– Менин аны айтканым, бригадир катары мен сени таарынткан жокмунбу?

– Жок ай, Василий, кайдагы таарыныч! Башка жактан мен ушунча таба алат белем,  кудай билет? Сага рахмат.

– Чогулушка да салышпайт, минимумду аткарыптырсың.

– Ооба, ооба. Мага быйыл тийише алышпайт, санаам тынч. Мен сага сыйынганга даярмын, а сен бөтөлкөңдү аяп жатасың деп, адамдын оюна келбеген нерсени айтасың. Ой, Василий, кантип ошентип ойлодуң?

– Степанида, биз эмнеге келгенибизди билесиңби?

– Жо-ок. – Степанида, Кузьманы шектүү карап тынчсыздана түшкөнүн өзү да сезбей калды. – Мен жөн эле олтуруп кетели деп келди го дегем.

– Калп эле билмексен болуп жатат, – деди Галька.

Василий аны кагып койду.

– Унчукпай коё тур! Сенсиз эле чечебиз. – Степанидага карап сөзүн улантты: – Албетте, олтурабыз. Бирок Кузьма экөөбүздүн сага дагы бир ишибиз бар. Мариянын моюнуна көп акча түшкөнүн уксаң керек?

– Угарын уккам, бирөөлөр айткандай болгон.

– Жардам кыл, Степанида. Иш чатак: эгерде бүгүн, эртең акча табышпаса Марияны алып кетишет. Сенде акча болуш керек.

– Ой, менде кайдагы акча?

– Антпей бер, Степанида. Мен бүт айылдын атынан сенден суранам. Жардам кыл.

– Көпкө созбой эле кайра беребиз, – деди Кузьма. – Мага жылдык отчёттен кийин ссуда бермек болушту. Буюрса жакында акча болот.

– Көрдүңбү, көпкө созушпайт, – деп улантты Василий. – Буларга ишенсе болот, берип тур, Степанида.

– Болсо бермекмин. Бербей коймок белем?

Галька бир жактан кыйкырып чыкты:

– Анда акча бар, ага ишенбегиле! Тай эже, сенин акчаң бар! Эмнеге калп айтасың?

– Сен көрдүң беле же санадың беле, жок экенин өзүм кантип билбейин.

– Сенде акча жок болсо, эчак эле асынып өлмөксүң. Жок болсо бирөөдөн уурдап алмаксың. Сен кулактын тукумусуң, сени кулакка тартыш керек!

– Бул сөздөрүң үчүн жооп бересиң. – Степанида ордунан тура калды. – Сотто жооп бересиң, сөзсүз жооп бересиң!

– Коркуп кеттим! Көрөбүз дагы, ким жооп берерин. Кулактын кызы, кулактын кызы!

– Токтогула! – деп кыйкырды Василий. Алар тынчып калганда Василий сөзүн улантты: – Степанида, канча болсо да карап көрчү, бир аз болсо деле жардам кыл, Мариянын төрт баласын ойлосоң.

– Кереги жок, Василий, – деди Кузьма.

Галька аны карап ыйлап жиберди.

– Мария эжеге боорум ооруйт, – деди ал. Көзүнүн жашы шорголоп моюнуна чейин куюлуп жатты. Степанида да эңкейип этеги менен көз жашын аачымыш болуп, ыйламсырап үн катты:

– Марияны мен өз сиңдимдей көрөм. Мен андан эч нерсе аябайт элем. Ал мага далай жакшылык кылган.

Кайрадан унчукпай калышты. Степанида улам-улам этеги менен көзүн сүртүп, башын жерге салып, эркектерди кылтыйып көзүнүн кыйыгы менен карап, бышактамыш болду.

– Болду, Галька ыйыңды токтот, – деди Василий. - Коркпо, Марияны куткарып алабыз.

– Ал калп айтып жатат! – Галька кайрадан кыйкырды. – Мен билем. Анын акчасы бар. Мен аны көргүм келбейт.

– Көрүң келбесе жогол! – деди Степанида. – Азыр жогол! Сени көрөйүн деген көзүм жок.

– Кеттик, Василий, – деди Кузьма.

– Кеттик.

Алар кийинип, чыгып кетишти. Степаниданын үйүндөгү ызы-чуу күчөп, арсылдап үргөн кошуналардын иттери аны коштоп кетти. Василий эртең эле Степаниданы бригадасын кууп чыгам деп жинденип баратты. Кузьма эч нерсеге көңүлү чаппай шалдырай түштү. Жана акча жөнүндө сүйлөшө баштаганда балдарынын, Мариянын тагдырын ойлоп жүрөгү ооруп жаткан, эми аларга келген кырсык азыркы иттердин арсылдап үрүп жатканы сыяктуу эле болбогон бир иштей сезилди. Болору болду, кудайдын буюрганын көрөбүз да деген маанай жаралды. Ал аябай чарчап, уйкусу келди. Азыр ага уйкудан өткөн маанилүү иш жок эле.

– Эртең барам, – деди Василий, үйүн көздөй бурулуп баратып.

– Макул.

Кузьма жалгыз калды. Анын жашоосун оңдоп, эл катары өмүр сүрөлү деген тилек менен салган жаңы тамы айылдын аягында болчу. Айылда иттер бири-бирин коштоп үргөндөрү болбосо, айыл тынч алып уйкуга кеткен. Адамдар эртеңки күнгө жаңы күч-кубат менен кирип эс алып алуу үчүн, көйгөлөрү менен кошо уйкуга киришкен эле.

Кузьма үйүнө кирип эле жатты. Башы жаздыкка тиер дүйнөдө эмне болуп жатканын унутуп, бир замат катуу уйгуга кетти.

Биринчи күн ушинтип аяктады.

*     *     *

Поюз жол боюндагы шамалга теңселген бозомтук жарыктарды аралап алдыга карай жуткунат. Улам бир жарык артта калып, терезени жарыктын нуру толук кете элек караңгы түндүн карааны ээлеп алгыча, кайрадан алыстан жалгыз, үлпүлдөгөн жарык көрүнөт, артынан капыстан эки-үч жарык чыга калып, кичинекей үйдү, анын короосунда жыйылган отундарды, малканасынан бери көргөзгөнгө үлгүрөт да, кайрадан караңгыга сүңгүп, кийинки жарык, кийинки үйлөрдүн караанын күтөсүң. Кантсе да бул адамды алаксытып, жолдун арбышына себеп болгондой.

Кузьма жатып алып терезени карап баратты. Ал кыймылсыз жаткандан, кара дубалдай караңгы түндү кароодон тажап, бирок анын ушинтип жаткандан башка эмне аргасы бар эле? Ошондуктан алдынан чыккан жарыктарды эрмектеп бараткан.

Текчесинде уктап жаткан жигит тишин кычыратып, оодарылды, ылдыйкы текчеде көзү илинип кеткен байбиче ойгонуп саатын карады.

– Серёжа , – деди ал акырын. – Ойгон, Серёжа .

– Мен ойгоо элемин, – деди абышкасы. – Жөн эле жатам..

– Дарыңды иче турган убакыт болуп калды.

– Болсо алып кел.

– Азыр ооруган жоксуңбу?

– Жок, жакшы элемин.

Кузьма чалкасына которулду; эми кемпир-чал сүйлөшүп жатканда алардын кобурашкандарына кулак салып терезени карабай койсо деле болмок. Алардын үндөрүн уккан жигит да ойгонуп, текчесинен бутун салаңдатып олтура кетти.

– О‑о, – деди жигит карыянын стакандан бир нерсе ичип жатканын көрө калып.

– Мына сага. Чоң атабыз баш жазып кирген го.

– Сенин оюңдун баары эле ошол, – байбиче наалый кетти. – Серёжа  дары ичип жатат, а мунун ойлогонун кара.

– А эмнеси бар экен, – чоң атам деле мурда ичип жүрсө керек.

– Жок, Серёжа  эч качан мас болгуча иччү эмес. Мен анын мас болгонун бир да жолу көргөн жокмун.

– Өткөндөн кийин баары эле ошентип айтышат. Карыганда мен деле квастан башка эч нерсе ичкен жокмун дейм.

– Өзүң айтсаң, Серёжа.

– А айтканда эмне? – деп койду карыя.

– Аның да туура. Азыркылар баары бир түшүнүшпөйт.

Башка убакыт болгондо балким жигит тамагы айрылганча талашмак, бирок азыр анын талашууга чамасы аз эле. Ал онтолоп жатып, эптеп ылдый түштү да мойнуна алды:

– Башым сынып жатат!

– Кантип сынбасын, ошончолук кыйнасаң оорубай коймок беле, – деди байбиче.

– Кимди кыйнаптырмын?

– Кимди болмок эле, өзүңдүн башыңды.

Жигит башынын  ооруп турганына карабай тыржыйып күлүп койду.

– Башыңды кыйнадың дейсиңби? Мени кыйнайсың деп аялым кулак мээмди жеп жүргөнүнүн билем, а сен башыңды кыйнайсың дейсиң. Кызык эле адамсың да.

– Карачы кебетеңди, кимге окшоп калгансың? Айбандан айырмаң аз.

– А муну оңдосо болот, энекебай. Кузьма билет болуш керек, баш жазмай деген эмне экенин. Чыдап жүргөнчө өлүп калган оңой.

Жигит батинкесин кийип, катуу кыймылдаса жарылып кетчүдөй чыңалган башын мыжыга кармады да, кемселинин чөнтөгүнө колун салды. Азыр сыйкырдуу сөздү айтабыз да, бул ооруну бир заматта жок кылабыз. Биринчи жолу эмес да. 

Ал чыгып кетти. Байбиче үшкүрүп, башын чайкаган боюнча кала берди. Кузьма күзгүдөн байбичесин байкап турган карыянын мыйыгынан жылмайганын көрдү.

– Эмне болду, Серёжа ? – деди байбиче.

– Эч нерсе болгон жок.

– Мен бир нерсени туура эмес кылдымбы?

– Баары жакшы. Ойлонбой эле кой.

– Эгерде туура эмес кылсам айт.

– Сөзсүз айтам, мен сенден эч нерсе жашырбайм, аны өзүң билесиң да.

– Билем.

Кузьмага алардын сүйлөшкөндөрү жагымдуу таасир калтырып жаткан, ошол эле убакта эрди-катындын ич ара сүйлөшкөндөрүнө капыстан күбө болгонуна өзүн ыңгайсыз сезип турду. Ал көздөрүн бекем жумуп, уктап жаткан кишидей кыймылдабады, бирок капталына ары-бери оодарылгысы, башка бир жакты карагысы келип араң чыдады. Кузьма жаш баладай тыбырчылап, көздөрүн ого бетер бекем жумду. Аңгыча эшик ачылганын укту. Бирок бул жигит эмес эле, вагонду тейлеген аялдын үнү чыкты:

– Чай ичесиңерби? – деп сурды ал.

– Серёжа, чай ичесиңби, – деди байбиче.

– Алып кел. Чай – бул жакшы нерсе.

Кузьма ылдый түштү.

– Мага да бир стакан бериңиз, – деди ал.

– Сөзсүз ичиңиз, – деди байбиче. – Сизди ойготсомбу деп ойлоп жаткам.

Жашыл үстөлгө жайгашып олтуруп алып чай иче башташты, байбиче Кузьманы өзү бышырган печений менен сыйлады. Кузьманын баштыгында жумуртка менен чочконун туздалган майы бар эле, аны алып чыксамбы деп көпкө ойлонду, бирок алып чыгышка батынган жок. Буларга анын майынын эмне кереги бар? Булар аябай интеллигенттүү адамдар экен, кечээ эле табышып, сүйүүлөрү эми башталгансып бири-бирине жылуу мамиле кылышканын айт. А чогуу жашагандарына көп жыл болуптур; байбиче Ленинградда жашаган уулунукуна баратышканын айтты, уулу жылда өзү келип кетчү экен, быйыл иши боюнча чет өлкөгө жиберишип, келе албай калыптыр.

Байбиче кайдан чыгып, кайда баратканын сураганда Кузьма шаардагы жети жылдан бери көрүшө элек агасыныкына баратканын айтты. Карыя сүйлөбөй тыңшап олтурду. Кузьма алар менен кысылбай жакшы олтурду, айрыкча байбиче өзүнүн айылда өсүп чоңойгонун, айылдыктарды жакшы көрөрүн айтканда өзүн эзелтеден тааныш адамдардын арасында жүргөндөй сезди. Байбиче Кузьмага бардык адамдар айылдан чыгышканын, болгону бирөөлөрү шаарга мурда келсе, бири кийинчерээк келишкенин, бирөөлөрү муну жакшы түшүнсө, экинчилери түшүнө алышпаганын айтты. Анын айткандары Кузьмага жакты, буга карыя эмне дээр экен деп акырын аны карады, бирок ал унчуккан жок. Адамдардын кенен пейили, улууларга сый-урматы, эмгекчилдиги да айылдан башталарын айткан байбиче эми абышкасына карады:

– Туура айтамбы, Серёжа?

– Балким.

Аңгыча башы жазылып ыры чыгып, көңүлү ачылган жигит келип калды. Ал каалганы жаап ырын токтотпой созуп кирди:

Катын-кыз көп супсулуу,
Менин Кара деңизим,
Менин Кара деңизим.

– Эх шумдук! Эх шумдук! – деп башын чайкады байбиче нааразы болуп. – Мындай ырларды ким үйрөттү экен?

– А эмне – жаман ыр бекен?

– Кайсы жери жакшы экен?

– Койчу эми, чоң апа! Кантип тийишишти эле билбей турасың. Жаман сөзү жок, кадимкидей эле ыр. Концертте ырдаса да жарайт.

Жигит Кузьманын жанына олтурду да, башын чайкап-чайкап койду.

– Баары жайында, – деди ал кубанычтуу. – Бир аз калды, жакшы болуп кетет. Жана эмне дедиң эле, чоң апа? Башыңды кыйнадың деп жаттың беле?

– Анан эмне дейин. Ичип эле жатасың, ичип эле жатасың. Канча акчаны ичип салдың?

– Ага кайгырба, баш аман болсо акча табылат.

– Акчаны да аяп коротуш керек, аны эч ким бекер бербейт. Убактыңды, ден-соолугуңду коротуп табасың.

– Менде акча көп, чоң апа. Ал мени жакшы көрөт. Алар деле аялдар сыяктуу: канчалык көңүлүңдү бөлбөй койсоң, ошончолук жакшы көрүшөт. Ар бир тыйын үчүн тырыша берсең, акчасыз каласың.

– Сендей болуп акчасын шамалга чачпай сарамжал пайдаланса кантип эле жок болуп кетсин?

– Жок болот. Анын сараң экенин түшүнөр замат жок болот.

– Мен мындай сөзүңө түк ишенбейм.

– Мен калп айткан жокмун, чоң апа. Акча дагы кимге келишти билет. Майдачыл адамга майда акча келет, а мендей жөнөкөй адамдарга акча жөн эле келе берет. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Мен аларды аябайм, алар өздөрүн менден аяшпайт. Келиштиби – кетишет, кетиштиби – кайра келишет. А аларды чогултсам, алар менин алар каалаган адамы эмес экенимди дароо билишет, анан сөзсүз бир окуяга кабылам: же ооруп калам, же трактордон түшүрүп салышат. Мен баарын эчак эле изилдеп чыккам.

– Кызык философия экен, – деп кепке аралашты карыя, – Жупуну адам боло калымыш болсоң эле акчанын баары сага агылып келет экен да?

— Жок, кантип ошондой болсун? Иштеш керек, – деди ал олуттуу. – Мен иштегенди жакшы көрөм, айына эки жүз элүү, үч жүз сомго чейин табам. А кышында кыйылган карагайларды жыя баштаганда төрт жүзгө чейин. Баары эле мендей таба алышпайт. Иштешпесе кайдагы акча?

—Мындай акча кайда экен? – деп чыдай албай сурады Кузьма.

– Биздин леспромхоздо. Бизде механизаторлор жакшы табышат.

– Тапканың кайсы? – деди байбиче. – Баары бир ичип түгөтөсүң.

– Ичем. А эмнеси бар экен? Керелдин кечке суукта тоңуп, тынбай иштеп жүрсөм ичпегенде эмне кылат элем? Эмне деген жашоо болот? Мен да эс алышым керек.

– Аялың күндө кечинде бөтөлкөсүн даярдап күтүп олтурса керек?

Жигит күлүп калды.

– Тийишип жатасыңбы, чоң апа? Андай аял болсо мен бардыгын бергенге даярмын.

– Демек, сенин ичкениңди жактырбайт экен да?

 – Түшүнбөйт! Бирок эми бул маанилүү эмес. Мен аны менен ажыраштым.

– Ажыраштым дейсиңби?

– Ооба, жакында ажыраштык. Ажырашкандан кийин үйдөн чыгып кеттим.

– А эмне себептен ажыраштың?

– Түшүнүгү жок, мени түшүнбөдү. Ээ, койчу ошону! Алам десем катын толуп жүрөт.

– Кагылып кетейиним, ошол толуп жүргөн катындын баары сенин ичкениңди каалабайт. Ар ким эле адам сыяктуу жашагысы келет. А сен ичкенден кийин жөн жатып калбай, өнөрүңдү көргөзсөң керек да.

– Жок, андай иттигим жок. Өзү тийишпесе унчукпай жатып алам. Ичип келгенде ажылдап беттен алганды жаман көрөм. Айткысы келсе эртең менен айтсын, канча айтса да көтөрөм, мас кишиге унчукпай эле койгону жакшы.

– Аялдарга орой мамиле кылуу да айылдан чыккан, – деди карыя байбичесине карап.

– Жок, мен макул эмесмин, Серёжа.

– Эмне дейсиң? – Жигит түшүнбөй калды.

– Серёжа  шаарда аялдарды көбүрөк сыйлайт дейт.

– Аларды сыйлаганда эмне? Сыйлап мойнуңа олтургузсаң, башыңа өзү эле чыгып алат, анан эр болсоң түшүрүп ал. Мен муну жакшы билем. Катынды бекем кармаш керек. Алсыздыгыңды билдирсең өлдүм дей бер. Укугун талашып үстүңөн түшпөй жайдак минип алат.

– Сен эле болсоң миндирип коёрсуң, – деди байбиче башын чайкап.

–А мен жөнүндө башка кеп. Мен кээ бир жүүнү бошторду айтам. Ошолорго боорум ооруйт.

– Сен эмне дейсиң? Боорукер боло калат! Өзүң ичесиң да, аялыңды күнөөлөйсүң, – деди байбиче же жини келгени, же таңгалганы билинбей. – Мына, эми кокоюп жалгыз калдың.

–Эмнеге жалгыз? Мен кайра эле таап алам.

– Сендей аракечке ким тиймек эле?

– Чоң апа! – эркелей кетти жигит. – Ышкырып эле коёюнчу...Бул дүйнөдө эр таппай жүргөн аял көп, чекесинен чертип тандайм. Аларга да жашоо керек. Катындар алсыз келишет, туурабы? Алар бизсиз жашай алышпайт. Мына мен айылдыкмын, а шаарга кайсы убакта келсем да аял табылат. Аларга акча бериш керек дешет, бул болбогон кеп, бул балким ынкылапка чейин болгондур. Азыр алар акыл-эстүү. Алар сыйлап, ар жак, бер жагына чыгып турганды жактырышат. Аларга оройлонбой жакшы мамиле кылсаң эле жетиштүү.

– Аялың сенден кетип калып туура кылыптыр, – деди байбиче.

– Сен эмнени айтып жатасың? Башкаларга барганымдыбы? Бул олуттуу маселе эмес. Баары эле ошентишет.

– Элдин баарын эле өзүңдөй көрбө.

– Койчу ай, чоң апа. Жакында мага бир китепти оку деп беришкен. Жазуучунун фамилиясын унутуп калдым, мына ошол китепте  жазылыптыр... аялынын көзүнө чөп салбаган адам, оорулуу же кем акыл, жашоо кызыгын билбейт деп. Туура айтыптыр! Бирөө менен жүрө берсең тажайсың да. Анан айла жок, башканы издөөгө туура келет.

– Серёжа , мунун айтканын уктуңбу? – деди байбиче жылмайып.

 – Уктум.

– Буга айтсаң.

– Эмнени айтмак элем?

– Жок, сен буга түшүндүрүп койчу, ал чын эле бардыгы ал айткандай болот деп ойлойт окшойт.

– Эмне кылса, өзүнүн иши.

– Чоң ата, айта бер да ал каалагандай. Аны аяп жатасыңбы?

– “Чоң ата, айта бер да ал каалагандай” – деп аны туурай сүйлөдү байбиче. – Мына, алдыңда тирүү мисал, чоң атаң өмүрүндө бир да жолу мени алдаган жок. А сен баары эле барат дейсиң. Чоң атаңды жакшылап карап ал, мындай адамды башка жактан көрбөйсүң.

Жигит чоң атасына көз кысып койду.

– Чоң апа, мен эмне аялыма келип, башка жакка барып келдим деп айтмак белем? Антсем эмне болорун өзүң ойлоп көр, – жигит чын дили менен каткырып күлдү. – Чоң тамаша болмок да, ал мени...

Байбиче аны унчукпай, жылмайып карап турду да анан жүзүндөгү жылмаюусун жазбай мындай деди:

– Бирок ал мени чынында эле бир да жолу алдаган жок. Сен эмне үчүн ага ишенбейсиң?

Жигит кайрадан каткырды.

– Сен аны кайдан билесиң, чоң апа?

– Мен ага ишенем.

– А-а...ишенесиңби?

– Серёжа , айтчы ага, Серёжа. Бул эч нерсеге түшүнбөйт экен.

– Мен эмне үчүн аны алдашым керек эле? – деди карыя жигитти карап.

– Эмне үчүн дегениң кандай?

– Ооба, ...эмне үчүн?

– Эмне үчүн экенин өзүң жакшы билесиң да. Ал сенин кемпириң, меники эмес.

 – А сен өз аялыңды эмне үчүн алдайсың?

– Кызык да.

 – Анын эмне кызыгы бар экен?

Жигит жылмайып койду.

– Бардыгы кызык. Кандай аял... кыскасы бардыгы... Аялдар ар кандай болушат.

– А Серёжага мен кызыктуу болчумун, – ал башкаларга кызыкчу эмес.

Жигит чоң атасын чет элден келген немедей кызыга карады.

– Ошого эле ишенип калдым дейт, – деди ал.

– Ишенесиңби, ишенбейсиңби ал сенин ишиң.

Жигит бир байбичени, бир карыяны карап, ортодо бир аз тыным боло түштү. Аңгыча жигиттин көзү унчукпай олтурган Кузьмага түштү.

– А сенчи Кузьма, аялыңдан башкаларга бардың беле?

Кузьма эмне дешти билбей жылмайып койду. Бул сөздөр башталгандан бери ал Марияны кайра-кайра эстеп, анын өзүнө ушунчалык керектигин бүт дүйнөсү менен сезип жатты. Алардын ортосунда ушул убакытка чейин болуп келген жакшысы да, жаманы да унутулуп, экөө мурда жашап көрбөгөндөй, бирок мындан ары ансыз жашоо болбосун Кузьма жон териси менен билип турду. Ал ортодо пайда боло калган эмне үчүн адамдар бири-бирине ушунчалык көнүп алышат болду экен деген суроосуна жооп издеди, бирок таба алган жок. Же ортодогу балдар аларды ажырагыс кылып бири-бирине байлап салганбы? Жок, андай деле болбосо керек. Азыр карыя менен байбиче жигит менен талашып жатканда ал балдары жөнүндө ойлогон да жок, а Мария тизесинде олтургансып, анын дем алганынан бери угулуп жаткансыды.

– А сенчи Кузьма, аялыңдан башкаларга бардың беле?

Кузьма мойнуна ала сүйлөдү:

– Бир жолу болгон.

– Көрдүңбү, Кузьма дагы... – жигит бир нерсе айткысы келди эле, Кузьма анын сөзүн оозунан жулуп кетти:

– Коё тур. Меники таптакыр башкача болгон. Мен аны менен согушка чейин жашагам, бирок катталган эмеспиз. Согуштан келгенден кийин Мария менен жолугуп ага үйлөндүм. Бир жолу мурдагы аялыма жолугуп калып...кыскасы аны менен болгом...

Байбиче Кузьманы жактырбагандай карады.

– А Марияңыз билген жокпу?

– Билди. Ал кетип калган, бирок кечирим сурап, экинчи андай ишке барбайм деп убадамды берип жарашып алганбыз. Андан кийин убадамды бир да жолу бузган жокмун.

– А сен бизге ишенесиңби? – деп сурады байбиче.

– Ишенем. Айылда мындайлар көп.

– Айылдабы! Ал жакта бири-бирин жакшы таанышат. Кылганыңдын баары заматта бүт айылга угулат, ошондуктан коркушат, – деди жигит кызууланып.

– Андай эмес, – деди Кузьма макул болбой. – Айылда бирге жашоо үчүн үйлөнүшөт.

– Мына, биз дагы Серёжа  экөөбүз бүт жашообузду бирге өткөздүк, ал кайда болсо, мен да ошол жакта болдум. Ал жок болсо мен жаман болчумун, мен жок болсом Серёжа  сагынчу. Чынбы, Серёжа?

– Ал жөнүндө айтуунун кажети барбы?

 – Биз ал кезде жаш элек, дал ушинтип жашайбыз деп чечкенбиз, ошентип жашап келатабыз. Кубанычыбызды да, кайгыбызды да тең бөлүшүп, тирүү болсок да, өлсөк да жаныбыз бирге. Серёжанын жүрөгү оорулуу болуп калды, а меники кудайга шүгүр, бирок экөөбүздүн бир оорулуу жүрөгүбүз бар деп билем.

– Силер эмне жанагы...баптистсиңерби?

– Кайдагы баптист экен?! – кемпир күлүп, абышкасына карады: – Уктуңбу, Серёжа ? Бул бизди баптист кылып салды.

А поюз дүкө-дүк болуп кетип баратты, шаарга барган сайын жакындай берди.

Экинчи күн таң эрте, балдар мектепке кете электе Гордей чалдын келиши менен башталды. Ал адатынча мештин жанына барып жерге олтурду да, канжасын соруп, унчукпай олтурду. Кузьма анын келгенин жактырган жок. Таң атпай эмне келди дейм да, же уйкусу качып таңды атыралбай чыкканбы? Пайдасы тийбегенден кийин анын кеңешинин кимге кереги бар? Кузьма эртең менен туруп жатканда Марияга булардын баштарына түшкөн мүшкүлдү айылдын аялдарына көп эле айта бербе дегенде Мариянын жини келип айтканы эсине түштү:

– Үйрөт, үйрөт! Мен эми акылдуу болуп калдым. Мен эми эмне болорун миң жыл мурда билем, баардыгы үйрөтүп жатышат.

Улуу балдары мектепке кетип, Мария үй оокаты менен сыртка чыгып кеткенде Кузьма Гордей чалга кайрылды:

– Чал, менде жумушуң бар беле?

Чал  карбаластап ордунан турду.

– Мына... – Кузьмага акча сунду. – Кечээ уулумдан он беш сом сурадым, а мен аны эмне кылмак элем...

– Жок, кереги жок. Тим эле кой.

– Кантип кереги жок? – чал жаман боло түштү. – Анда эмнеге алып келдим? Сен ойлонбо, мен ага сага берем деп айткан жокмун.

Ал түтүкчө кылып ороп алган беш сомдуктарды сунуп, Кузьма аны албай коёт деп чочуп турду. Кузьма алды.

– Сен ойлонбо, – деди чал кайталап. – Болсо бересиң, болбосо мендей чалга анын кереги деле жок. Өзүң бил.

Ал адатынча сүйлөшүп отуруп албай кетүүгө камынды.

– Олтурбайсыңбы, чал.

– Жок, кеттим.

– Чал!

– И-и?

– Сен мындан кийин мага акча алып келбей эле кой.

– Эмне үчүн?

– Мен өзүм издейм. Болбосо сен бүт айылды аралап акча сурап кетесиң.

– Мейли, сен айткандай болсун.

 – Кереги жок, андай кылба.

Аңгыча Евгений Николаевичтен баягы келген кошунасынын баласы чуркап келди.

– Евгений Николаевич районго бүгүн кечинде барып келерин айтып кой деди.

– Ал чычканы баратканда сага айылдыктарга айтып кой дебейби?— тамашалады Кузьма.

Бала кыткылыктап күлүп, жолуна түштү. Андан кийин Василий келди.

– Кийинип чык, кеттик.

– Каякка?

– Апама барабыз.

Кузьма көптөн бери, мындан үч, төрт жыл мурда төшөккө жатып калгандан бери Наталья эжени көрө элек болчу. Ал анын өлүмүн күтүп жаткан башка кемпирлер сыяктуу төшөктөн тура албай, эч жакка шашпай, келген-кеткен адамдардын суроолоруна эптеп жооп берип, алсыз жатканын элестете алчу эмес. Мындай жатыш кимге болсо дагы, ал тургай Кузьмага да жарашмак, бирок Наталья эжеге ал такыр эле ылайыксыз болчу. Кузьма анын бир мүнөт да тыным албай, ар дайым бир ишти кылып жүргөнүн көрчү, ал үйдөгү жумушун да колхоздогу ишин да жасап үлгүрчү. Жылына алты жүз эмгек күн иштеп, атасы жок үч баласын эч нерседен кем кылбай чоңойтту, улуусу Василий болчу. Аны эмгекчил деп айтуу аздык кылчу, андай эмгекчил адамдар колхоздо көп болчу, бирок Наталья эжедей иштеген адам жок эле. Анын жай баракат басканын көргөн киши жок. Анын көчөдө тызылдап баратканын көргөндөр ага суроо бергенди жакшы көрүшчү:

 – Наталья эже, кайда шашып баратасың?

Ал токтобой, кетип баратып жооп узатчу:

 – Кайда барба, кечигип калба.

Бул ылакап сөзгө айланып, айылдыктар аны көп кайталашат, бирок ал сөз Наталья эженин оозуна жарашкандай эч кимдин оозуна жараша бербейт.

Колхоздо азыркыга чейин Натаья эженин чөп үйгөнүн унутпай айтып жүрүшөт. Ал үйгөн үймөктөр кандай гана жаан чачынга калбасын шаардагы тамдардай зыңкыйып, борумун бузбай жазга чейин турар эле. Анан да ал эркектерден кем калышпай балык кармачу. Күзүндө ал камданып алып кайыгы менен дарыяга чыкканда, эркектер сөгүнүп алып, андан алысырак кетишчү.

Ал ошо боюнча жай басканды үйрөнө алган жок, акыркы күчү менен жүгүрүп жүрүп керебетке жетип жыгылды окшойт. Мына эми өзүнө окшобой, күнү-түнү тура албай, чоң бөлмөнүн ага деп бөлүп койгон бурчунда жалдырап жатат. Мурда жай олтуруп сүйлөшкөнгө беш мүнөт да убакыт таба албаса, эми минтип ага учурашабыз деп келген кемпир-кесектердин арыз-арманын унчукпай угуп жатууга мажбур.

Василий менен Кузьма келгенде Наталья эже уктап жаткан, ал алардын келгенин сезген жок. Бир терезенин пардасы жабык, экинчи сырткы капкагы жарым-жартылай ачык терезенин пардасы бир аз ачык болчу, бөлмөнүн ичи күңүрт тартып турган. Ошондуктан Кузьма Наталья эжени дароо эле көрө албады.

– Апа! – деди Василий.

Ал ойгонуп, буларды мурдатан эле күтүп жаткансып карап койду да үн катты:

 – Василий, келдиңби? А сен Кузьмасыңбы? Сени көрбөгөнүмө көп болду.

– Көп болду, Наталья эже.

– Мени көргөнү келдиңби, ушинтип жатам ооруп. Көргүдөй деле эч нерсем калган жок.

Ал арыктап, териси менен эле сөөгү калыптыр, алсыз, кыйналып жай сүйлөсө үнү араң угулат. Бети да эмнегедир баштагысынан кичирейип, жансыз болуп калгансыйт; сүйлөп жатканда бир да булчуңу кыймылдабай, ал тургай эриндеринин кыймылдаганы да билинбегендиктен, жанаша жаткан башка бирөө сүйлөп жаткансып сезилди.

– Мен анча деле карый элекмин. Жетимишке да чыга элекмин. Менден каргандар деле басып жүрүшпөйбү. А мен минтип жатып калдым. – Ал ушунчалык шашпай жай сүйлөп жаткандыктан, ал кийинки сөзүн айткыча, башка бир ишти бүтүрүп алсаң үлгүрсө болчудай эле.

– Кайсы жериң ооруйт? – деди Кузьма.

– Эч жерим деле оорубайт. Туруп баса албайм. Буттарымдын караманча алы жок.

 – Оорубаса жата бер да, Наталья эже, эс алыңыз, жүгүрүп жүрүп чарчагандай деле болдуңуз го.

– Мунун айтканын кара! Менин да баскым келет, Кузьма. Быйыл жайында сыртка өзүм басып, чыгып келдим.

 – Чыксаң анда дагы чыгасың.

– Жок, эми чыга албайм. Барган сайын ылдыйлап баратам.

Василий анын сөзүн бөлүп жиберди:

 – Апа, сенде акча барбы?

 – Бир аз бар. Бирок Василий мен аны сага бербейм. Тим кой жата берсин.

– Апа, берип тур. Мага эмес, мобул Кузьмага. Марияга керек. Ал эч жерден таппай жатат.

Наталья эже башын бир аз буруп, көзүн ачып жумуп Кузьманы карады. Кузьма дымып унчукпай күтүп калды. Василий апасы менен чогуу жашаган карындашына чыгып барып бир нерсе айтып кайра келди.

– Мен бул акчаны өлгөндө керек деп сактап жүрөм. – деди Наталья эже.  Кузьма таңгалды:

– Азыр эмне өлүш үчүн акча төлөш керекпи? Бул нерсе эзелтеден эле бекер эле го.

– Жо-к.

Наталья эженин жүзүнөн жылмаюу сыяктуу нерсе жылт этип жок болду.

- Мен балдарды кыйнабай өзүмдүн кара ашымды өзүм төлөйүн дегем.

– Сенсиз биз көмө албай калмак белек, – деп бурк этти Василий.

– Көмөсүңөр. Бирок мен өмүр бою эч кимдин колун караган эмесмин. Бирөөдөн ашык тыйын алган жокмун. Ошондуктан өз эмгегимден тапкан акча менен узагым келет. Көп эл келип, көпкө унутпай эстеп жүрүшсө дейм.

Ал чарчап унчукпай калды. Анын кыймылдабай калганын көргөн Кузьма Василийге карап турбайлыбы дегендей ишарат кылды. Бирок Наталья эже кайрадан үн катты:

– Мария ыйлап жатабы?

– Ыйлап жатат.

– Сага акчамды берейин... анан өлүп калсам кандай болот?

– Кайра баштадыңбы, апа.

Василийдин чекеси тырыша түштү.

– Мен ага баш ийип бербедим беле, – деди Наталья эже күнөөлүү немедей, анын ажал жөнүндө айтып жатканы түшүнүктүү эле.

Кузьма селт дей түшүп Наталья эжени чочулай карады. Ажал ар дайым адамдын маңдайында турат, бирок Наталья эжеден ыйык нерсени көргөн сыяктуу аны аркы дүйнө менен бул дүйнөнү бөлүп турган босогодон өткөзүп коюп, бир аз сырттан байкап тургансыйт. Наталья эже эми артка кайта албайт, бирок алдыга да дароо кирип барбай күтө турса болот; ал токтогон жеринде аркы тарапка көз салып карап турат. Балким бул Наталья эже өмүр бою жүгүрүп жүрүп, өз ажалын жиниктирип салып, ал демин басалбай жаткандан уламдыр.

Наталья эже колун керебеттин алдын карай шилтеди.

– Василий алып чыкчы.

Василий эңкейип, керебеттин алдынан эскилиги жеткен чамаданды сууруп чыгып, андан кызыл түйүнчөктү алды. Наталья эже  түйүнчөктү чечип жатып кобурады:

– Мен муну көп жылдан бери чогултуп жүрөм. Болушунча берейин. Бербесем болбостур. Бирок Кузьма, көп кечиктирбе. Мен сенден суранам. Алым калбай баратат.

 – Андан көрө тез айыгып кет, Наталья эже, – деп койду Кузьма эмнегедир.

Ал ага жооп кайтарган жок.

– Кокустан өлүп калсам Василийге бер. Угар замат бер. Ушундай шарт менен берип жатам. Өз акчам менен көмүшсө дейм.

– Берем, Наталья эже.

– Мен өлгөндө келесиңби?

Кузьма эмне деп жооп айтышты билбей унчукпай калды.

– Кел. Мени эскерип ичип кой. Эл көп болот, сен да кел.

Ал ага акчаны сунганда Кузьма аны аркы дүйнөдөн келгендей кабыл алды.

Кузьма Наталья эжеге Мария ыйлап жатат деп айтканы менен ал эми ыйлабай калган. Ал сүйлөбөй калды. Бир нерсе сурасаң бир-эки ооз сөз менен жооп берет да, кайрадан унчукпай, же таптакыр укмаксан болуп суроону жоопсуз калтырат. Үйдөгү жумуштарын адатынча эле жасап жүргөнсүйт, бирок эч нерсени сезбей, кылып жаткан ишин бирөөлөрдүн жетегинде жасап жаткансыйт. Анан барып керебетке кулайт, кыймылдабай көпкө жатат. Балдар мектептен келгенде кайрадан туруп уйку соо ортосунда жүргөнсүп аларга тамак берет. Балдар да баштагыдай чурулдашпай жоошуп калышты. Чоңдордун сүйлөшкөндөрүн тыңшап, мындан ары эмне болоруна көздөрү жетпей сабырлары суз. Бири-биринен алыстабай, тизилип алып апасын тиктешет, а апасынын аларды көргөн түрү жок. Кенен салынган жаңы үйдүн ичи киши жашабагандай жымжырт.

Кузьма мындан көрө үйгө келбей койсо жакшы болмок окшойт. Ал Марияга Наталья эже берген акчаны көргөзүп сүйүнтөйүн деп ойлогон. Мария аны жөн эле кагазды карагансып карап койду да, унчукпай басып кетти. Ал эми ага баары бир болуп калганын түшүндү. Кечээ, биринчи күнү ал коркконунан ыйлап, Кузьмага куткарып ал деп жалынып жаткан. А бүгүн ал сезимдери өлүп, эч нерсени туйбай, карап туруп көрбөй, угуп туруп түшүнбөгөн абалда болчу. Эми бул абалы маселе бир жаңсыл болуп чечилмейинче: аны алып кеткиче же бардыгы жакшы бүтүп, кутулганча ушинтип улана берчүдөй. Ошондо гана кайрадан көздөрүнөн жаш төгүлүп, таштай каткан жан дүйнөсү эрий баштамак. Анын абалын түшүнсө болот.

Кузьма үйдө чыдап олтура алган жок, ал кайрадан сыртка чыгып кетти. Күн кабагын карыш салып, оор кара булуттар жерге түшүп басып калчудай салаңдайт. Айлана тыптынч, бирөө көчүп кетип, экинчиси көчүп келе элек конуштай иретсиз эле. Ошондой болчу – же күз эмес, же кыш эмес. Күз тажатып кетпей жатса, а кыш келгиси келбегенсип маалкатат. Убагынан эрте келип алгансып, асманга созолонуп түз көтөрүлө албаган морлордон чыккан көк түтүн үйлөрдү аралай сойлойт. Кыларга иши жок иттер айыл аралап шимшилеп жүрүшөт. Суукта көчөгө чыккандан заарканган балдар терезеден сыртка шыкаалап, көчө ээн. Айылдын ары жагында жалгызсыраган токой карааны дүпүйөт.

Айылдыктар жаңы иштерди, жаңы түйшүктөрдү алып келаткан кышты, ойноп-чардай турган майрамдарды жана кышка жакындаткан эртеңки күндү күтүп жатышкан. А бүгүнкү күн өз милдетин өтөп бүткөн соң, анын эми эч кимге кереги жоктой. Бир гана Кузьма ийгиликтүү башталган ушул күндүн андан ары ушундай эле уланышын күтүп, ага үмүтүн артат.

Кузьма эми кимге барсам деп ойлоп баратты, бирок оюна эч нерсе келбей, бирок артына кайра кайрылгысы келбей кеңсени көздөй басты. Башкарма аны менен учурашкан соң суроо берди:

 – Иштериң кандай?

 – Жаман эместей.

– Канча чогулттуң?

 – Азырынча аз эле.

– Канча болуп калды?

 – Эгерде бүгүн Евгений Николаевич алып келип берсе эки жүз элүүгө бир аз жетпейт.

– Ошол элеби?

– Азырынча ошол.

Башкарма бир нерсеге нааразы болгондой, үстөлдөгү кагаздарын аралаштырып кирди. Бир папкени жаап, ары алып экинчисин алды. Кагаздардан баш көтөрбөй суроо узатты:

 – Калганын кайдан сурайын дейсиң? Эмне кылайын деген оюң бар?

 – Кыдырып жатам, – деди Кузьма ийинин куушуруп.

Башкарма кагаздарынан башын көтөрбөй унчукпай калды. Кузьма анын ишине тоскоол болбой кетүүгө камданды.

– Отур! – деп буйра сүйлөдү башкарма.

 Ал кайрадан анын бул жерде олтурганын унутуп койгондой үн катпады.

Кузьма кырк жетинчи жылдын сентябрын эстеди. Жыйым-терим маалы келип калган, а машинелер токтогон. Күйүүчү май тартыш эле. Башкарма жуманын беш күнүн район борборунда болуп, райком менен МТС ортосунда жүгүрүп алган бензин эки күнгө жетпей түгөнүп, айлалары кетти. А аба-ырайы сурап алгансып бир дагы булут жок, чайыттай ачык. Ансыз да аз байлаган эгин бышып, даны күбүлүп түшө баштады. Согуш жылдарында, андан кийинки эки жылда ачарчылыктын азабын тарткан элге эгиндин жыйналбай күбүлүп жатканын карап туруу кыйын эле. Кайрадан колдоруна орок алышты, ат машинелерди оңдоп чыгышты, – бирок согушта үч эсе азайган адамдар менен аттар менен эмнени кыйратышмак?

Ошондо ал баржаны шайтан өзү жээкке алып келип токтотуп бергенсиди. Баржанын шкипери аялдарга окшогон жумшак эттүү киши, шымынын багалегин түрүп алып керелдин кечке балык кармады, а кечинде от жагып балык сорпо бышырды. Түтөп күйбөй жаткан отко кичинекей челекче менен бензин чачып күйгүзгөнүн көргөн башкарма ага барып сүйлөшө кетти. Алар бат эле келишишти. Эртең менен жээкке эки челек бензинди калтырып, биржа сапарын андан ары улады. Ал күнү трактор кайрадан комбайнды чиркеп чыкты, Кузьма машинеси менен эгин ташыды. Шкиперден бензин сатып алганын айылдагылардын баары эле билишти, бирок ал эмне менен бүтөрүн башкарма гана жакшы түшүнгөн. Аны ноябрдын башында эгин жыйылып бүтөр замат камакка алышты. Ал майрамдан кийин камагыла деп суранса да болушкан жок, алып кетишти. Айылдагы майрамдык маанай бузулду. Бардыгы түшүнбөдү: бензинди ал уурдаган жок, сатып алды. Өзүнө эмес, колхоз ишине жумшады. Анткени МТСте бензин жок, эгин бышып, күбүлүп калмак. Андан кийин түшүндүрүштү бензин мамлекеттики болчу, шкипер аны сатканга, ал эми башкарма сатып алганга укуктары жок экен. Муну бири түшүнсө, бири түшүнгөн жок. Чогулушта элдин атынан аны бошотууну суранып барып келгенге үч кишини шайлашты. Алар колунан келгендин баарын кылышты: кайра-кайра районго барышты, бир жолу облуска чейин барып, Москвага арыз жазышты, бирок эч жардам кыла алышпады, кайра анын ишин татаалдантып жиберишкендей болду, анткени ага он беш жыл беришти.

Ал элүү төртүнчү жылкы мунапыстан кийин бошонуп келди. Кайрадан башкарма кылып шайламак болушту эле, бирок соттолгондон кийин партиядан чыгарылгандыктан болбойт дешти. Бригадир болуп иштеп жүрдү. Мындан беш жыл мурда, ондон ашык башкарма алмашып, колхоздун жарым эли туш тарапка тарап кеткенден кийин обкомго жазып суранышкан соң гана алар уруксат берип кайрадан башкарма болуп иштей баштаган. Аны мурдагы иштеген ордуна, күзүндө жыйым-терим бүткөндөн кийин коюшту, ортодон он жыл өтүп кеткени болбосо эч нерсе өзгөрбөгөн сыяктуу эле.

Башкарма кагаздарын таштап, сыртка карап кыйкырды:

 – Полина!

Бухгалтериядан Полина келди.

– Полина, карап көрчү, биздин адистер бир айда канча алышат?

– Бардыгыбы?

 – Ооба, бардыгы.

– Мен аны карабай эле билем: алты жүз кырк сом.

Башкарма ойлонуп туруп суроо берди:

– Бухгалтер келдиби?

 – Ал кечинде келет.

–Макул, бара бер. Бирөөнү жибер, адистер мага келишсин.

– Кимдер?

 – Айлык алгандардын баары. Тез келишсин де, биринин артынан бири чууруп жүрө беришпесин. Мен аларды эки саат күтө албайм. – Кузьмага карап: – Олтуруп тур, – деп койду. Ал кайрадан кагаздарына үңүлдү.

Адистер келе башташты. Эң алгач жакында эле дарыланып келген агроном кирди; ал жыйым-терим ортолоп калганда капыстан ашказанындагы жарасы чыдатпай ооруп, курортко барып келген.

Айылга ал эки жыл мурда айыл чарба башкармасында иштеп жүргөн жеринен өз каалоосу менен которулуп келген, а дегенде аны ишенбегенсип тосуп алышканы менен сыйлашчу: жылуу кабинетте башчы болуп жүрүп келген неме менен кантип сүйлөшүү керек, балким ал агроном болумуш болуп, мурда колхоздорго келип жүргөн атайын өкүлдүн ишин кылганы жүргөндүр деп ойлогондор болду. Бирок кийин агрономдун жүргөн-турганын байкашкан соң, ал шектенүүлөр өзүнөн өзү унутулуп кетти. Ал өз ишин жакшы билчү жана жакшы көрчү, жайкысын таң аткандан иңир киргенче талаалап жүрөр эле, көп өтпөй ал элге аралашып өз адамга айланган.

Ал кирип учурашты да башкармага суроолуу карады. Башкарма аны карап олтургучка колун шилтеди:

 – Олтура тур.

Андан кийин айылда көп жылдан бери жашап, анын адис экендигин да унутуп коюшкан мал догдур келди. Ага удаа эле үнү эркектикиндей күрүлдөгөн зоотехник болуп иштеген чоң аял кирди. Ал аз сүйлөп, тынч жүрсө да айылдыктар андан мындай жоон үндүү зор аялда катылган зор күч, көпкө чейин сыртка чыкпай жата бербесин, мына-мына чыга калып бир балээнинин үстүнөн чыгарын билген немедей  чочулап турушчу.  

Механикти күтүп калышты. Башкарма эшик жакты карап кобуранып койду:

 – Ал дароо келсе кудай бербейби! Аны он жолу чакырыш керек.

Акыры институтту аяктаганда алган төш белгисин алигиче чече элек жаш механик жигит да келип калды. Булар бул жерде иш кылбай олтурган учурда кыйратып келип чарчаган кишидей илең-салаң басып келип, дивандын четине келип көчүк басты.

Адистер Кузьманын маңдайындагы диванда тизилип олтурушту.

Башкарма ал ойлогон иш оңой нерсе эместигин эми түшүнгөндөй болду. Ал сөзүн эмнеден баштаарын билбей буйдала түштү. Адистер да муну сезип унчугушкан жок.

Акыры ал сөзүн баштады:

 – Мен силерди чогулткан себебим, өзүңөр билесиңер, эртең айлык акыңарды аласыңар. Эгерде бухгалтер кечинде алып келсе, эртең алганга укугуңар бар. Бирок мындай бир иш болуп жатат. – Башкарма бул жөнөкөй маселе эместигин сезишсин дегенсип бир азга унчукпай калды. – Бирок мындай бир иш болуп жатат, –деп кайталады ал эми ишенимдүү, бир кылка чыккан үнү менен. – Жайында, ага чейин жазында да бир нече жолу айлык акыңарды кечиктирип бергенбиз. Ошол кезде деле оокатыбыз өтүп жатты, туурабы? Менин сунушума макул болсоңор Кузьмага жардам кылсак, кыйналсак да чыдасак болот деп ойлойм. Анын иши аябай оор болуп турганын бардыгыңар билесиңер. Үч күндө миң сом чогултуп бериши керек, биз жардам бербесек мындай акчаны ал кайдан табат? Кийинчерээк биз ага ссуда берелик деп чечкенбиз, бирок аны күткөнгө мунун убактысы жок. Кеч болуп калат. Биз эптеп жашай турарбыз. Тигине колхозчулар деле айлык акы албай эле жүрүшпөйбү. Менин сунушум ушундай. Келгиле, ойлонуп чечели. Бул иште бер деп эч кимди кыйнай албайбыз.

Кузьма тыбырчылай түштү:

 – Сен мени кандай абалга калтырганыңды билесиңби, мени менен бир ооз кеңешип койсоң болбойбу?

 – Сенин оюңду эч ким сураган жок. Сураганда – айтасың.

Ал адистерди карады:

 – Кана, жолдоштор эмне дейсиңер?

– Адистер унчукпай калышты.

Кузьма аларды карай албады. Ал уялганынан жерге кирип кете жаздады. Ал тигилер аны соттоп жатышкандай, ал болсо алардан ырайым күтөр күтпөсүн билбей жаткан адамдай шөлбүрөп, бир гана катуу уялууну, чоң кишинин, бир топ жашка барып калган кишинин уялуусунан башка эч нерсе сезбеди. Ошол мүнөттө андан ары эмне болорун ойлобостон, ага акча бериштен баш тартууларын каалады, ошондо ал эч кимге милдеттүү болмок эмес.

Бирок алардын арасынан бирөө үн катты:

 – Албетте, жардам бериш керек.

– Жардам бериш керек, – деп кайталады башкарма бул жолу ишенимдүү. – Мен айтып жатпаймынбы, биз өлбөйбүз, а булардын тагдыры чечилген турат. Албетте, силердин да ойлогон оюңар, кылар ишиңер бар экени түшүнүктүү, бирок ноябрда банктан акчаны эртерээк алганга аракет кылабыз. Мына ушундай. Эртең келип акча алган тизмеге кол коюп бериш керек. Ким макул эмесмин десе, азыр айтсын.

– Макулбуз,  макулбуз! – бардыгы үчүн агроном жооп берди.

Калгандары унчугушкан жок.

 – Кузьма, сен эртең менен келип алып кет. Полина алты жүз кырк сом болот деди. Сага бул жетпейт, бирок болгону ушу. Мен бухгалтерге айтып коём.

– Мен түшүнбөй калдым, биз айлык акыбызды толугу менен беришибиз керекпи? – деди адистерди айланта карап мал доктур.

 – Сен эч нерсе бергенге милдеттүү эмессиң, – деди башкарма аны жактырбай. – Бул ар кимдин ыктыярына жараша. Бергиң келбесе, акчаңды ала бер. Мурда эле эмне айткан жоксуң? Биз өзүбүздүн акчабызды толугу менен беребиз. А сен өзүң чеч. Мына ушундай.

 – Мен макулмун, – деп мал доктур шашкалактап башын ийкеди.

 – Өзүң бил.

– Макулмун, макулмун.

– Баарын албайм. – Кузьма башкарманы карап ордунан турду. – Мен эмне чоң жолдогу каракчы белем? Алар да жашашы керек да, баарын мен алып алсам болмок беле. Келгиле, силер макул болсоңор мага жарымын бергиле, жарымы өзүңөрдө калсын. Эми ал адистерге карады: – Ошентели. Болбосо кандай болот? Силер иштесеңер...

Башкарма анын сөзүн оозунан жулуп алды:

 – Сен бул жерде соодалашпа. Берсе – ал, соксо – кач. Соодалашуунун кереги жок.

 – Менин уятым жок деп ойлойсуңбу?

 – Уятыңды жыйыштырып кой! Мунун уяттуусун кантейин. Эмне сенин эле уятың бар бекен? Сен андан көрө калганын кайдан табышты ойлон. Уятыңды коё тур. Сен эмне акчаны бирөөлөр үйүңө алып келип берет деп ойлоп жатасыңбы? Күтүп жата бер! Тиги Степанида сенин уяттуу экениңди билдиби?

Башкарма ачууланып алдындагы папкелерди бир жерден алып бир жерге таштады.

 – Эртең келип акчаны алып кет, болбосо Марияга наныңды кургатып даярдана бер. Эгер билсең мага да акча керек, бирок мен ал акчасыз кыйналсам да жашай алам. А акча таба албасаң шоруң катат. Башкалар деле ошондой. Уят бизде деле бир аз бар.

– Мен эмне...

– Болду, сөз бүттү! Бара берсеңер болот.

Механик дароо чыгып кетти. Анын артынан зоотехник ордунан туруп, фермадагы жумуштар жөнүндө башкармадан бир нерсе сурап, ал дагы кетти. Эки жагын каранган боюнча мал догдур да алардын артынан жөнөдү. Үчөө калышты: башкарма, агроном жана Кузьма. Кузьма кайрадан агрономдун бет маңдайындагы ордуна олтурду. Эч ким унчуккан жок. Агроном ордунан туруп башкарма менен андан кийин Кузьма менен кол кармашып коштошуп, башкарманы көргөзүп Кузьмага кайрылды:

– Сен бул бизди кыйнап алып берди деп ойлобо. Ал туура кылды. Уялбай эле ала бер.

Башын ийкеп чыгып кетти. Башкарма Кузьма дагы кеткени жатканын көрүп аны токтотту:

 – Мени күтө тур.

Ал үстөлдүн үстүндөгү кагаздарын иреттеп, сейфин бекитип, кийине баштады. Иңир кирип калыптыр. Эки-үч үйдүн терезелеринен күйгөн жарыктын шооласы чыкканы болбосо, калгандары караңгы. Айыл бир жактан чарчап келип, эс алып, кайра сапарын уланта турган табор сыяктуу дарыя жээгинде үргүлөп жаткан.

Чындыгында, айыл уктабай эле, күн менен түндүн ортосундагы өткөөл учурду өткөзүп жаткан, бул сезим өзүнүн чарчоосунан улам келип чыккан болчу; кийин, качан түн өз бийлигин алып, айлананы чүмбөттөп алганда кайрадан кандайдыр бир иштерди жасаса болмок, а азыр жөн гана күтө туруу керек, – бул ушундай пайдасыз саат эле.

Алар унчукпай баратышты, башкарма үйүнүн тушуна келгенде гана үн катты:

 – Шашпасаң үйгө кирелик.

Башкарма кулпусун ачып, үйгө кирип жарыкты күйгүздү. Үйдө башка киши жок болчу. Башкарма оозу ачылып, мурда ичиле баштаган бөтөлкөнү алып чыкты. Стакандын жарымынан куюп, чөмүчкө суу сузуп келди. Бөтөлкөнү көргөзүп:

 – Спирт, – деп койду.

 – Кайдан таптың?

– Көптөн бери эле турат. Жазында рудникке барганда ала келгем. Кел эмесе, Мария аман-эсен кутулуп кетсин деп тилек кылып алып коёлу.

Бул сөздөрдү укканда Кузьманын жүрөгү туйлап; ал тутанып келаткан жалынды өчүрүш үчүн спиртти тез алып жиберди. Артынан чөмүчтөгү суудан ууртап, демин басты.

– Буюрса кутула тургандай болуп калдык. Сен аябай жардам кылдың.

– А жанагы Степанида деген неменин атасын таанытам. Коё тур, жыл жаңырсын.

– Балким анда чынында эле жоктур.

– Сен эмне деп жатасың, сентябрда эле уюн этке төгүп, анысын төлөп бергенбиз! Ошонун баарын жеп жиберди дейсиңби? Түйүнчөккө түйүлүп жатат да!

– Сен ага тийбей эле кой. Андай немеге теңелип эмне кыласың.

 – Кысып коюш керек, ким экенин биле жүрсүн. Каткан акчасынын эми ага  пайдасы аз болуп калды, сага жок деп коюп, эми аны кантип чыгарат? Алып чыгып бир нерсе сатып алайын десе, эл калп айтканын билип калат деп коркот. Четинен бир сомдон алып майдалап алып жатып жок болот. Анысы аз келгенсип сараңдыгынын айынан элдин ишениминен кетет. Өзүнө өзү жамандык кылып алды.

– Койчу эми ошону. Аны берет деп деле ойлогон эмесмин. Адистер менен бир аз ыңгайсыз болуп калды, көңүлүм дагы эле тынчыбай жатат. Айлыктарын зарыгып күтүп жатышса, мен келип шыпырып алсам. Мага жиндери келип жатышса керек, сени деле жакшы көрүшпөстүр. Кыйнап эле алып бергендей болдуң да.

– Эч нерсе эмес, өлүшпөйт. Эртең сен агрономго барсаң, бир аз акча берсе бермек. Өзүнө керек экени чын да. А мал догдур бир тыйын да бермек эмес. Жалгыз калганда адам оңой эле шылтоо таап жолго салат. Ошон үчүн чогултуп алып айтпадымбы. – Башкарма мыйыгынан күлүп койду. – Мен билем да: көпчүлүктүн көзүнчө эч кимдин башкаларга жаман көрүнгүсү келбейт, а жалгыз киши күбөлөр жок болгон соң ар кандай шылтоолорду ойлоп таба берет. Бул башынан белгилүү нерсе.

 – Сенин айтканың чын, – деп таңгалып койду Кузьма.

– Мен туурасын айтам. Лагерде олтурганда кызык адам бар эле, анын толтура жазылган калың дептери боло турган. Анда көп эле нерселер жазылган, бирок бул жөнүндө мен андан окуй электе эле билчүмүн.

 – Мен сенден көптөн бери эле сурай албай жүрөм, – деп калды Кузьма. – Сени кесип жиберишкенде бизге таарынган жоксуңбу?

 – Кимге таарынмак элем?

 – Мага, айылдыктарга. Бензинди өзүңө эмес айыл үчүн алдың, а сен жалгыз жооп берип калбадыңбы.

– Силерге эмнеге таарынышым керек эле? Силердин эмне тиешеңер бар.

– Тиешебиз бар да, жок да десе болот дечи, ошондо да...

– Ой койчу, Кузьма, эми аны козгогондо эмне? Кайра сотко бермек белек?

Калган спиртти куюп ичишти. Башкарма тунжурап унчукпады, ичкенден улам бети-башы моюнуна чейин кызарып,  адатта кайраты жүзүнөн көрүнүп, адамды сүрдүү тиктеген көздөрүнөн өкүнүчтүн, чарчоонун белгилери байкалат, эми Кузьма менен башкарма эмей эле эрки бош башка бирөө олтурган сыяктуу. Эгерде Кузьма анын бир аз эле бирдеме ичкенин өз көзү менен көрбөсө, ал аны мас деп ойломок.

– Сен менден силерге таарынган жоксуңбу деп жатпайсыңбы? – деди ал Кузьмага кайрылып. – Албетте, бул жерде силердин эч кандай тиешеңер жок. Балким адегенде мен үчүн жакшы чуркабай коюшту деген ой болгондур. Мен деле өзүм үчүн эмес, колхоздун кызыкчылыгы үчүн кылганымды эсепке алышат деп ойлогом. Колхоз кепилдикке алабыз деп жазып берсе, жеңил эле кутулам го дегем. А сотто мага зыянкеч деген оор күнөөнү тагышпадыбы. Мына ушундай, – ал мындай өкүмдүн чыгышына эмдигиче макул эместей, мыйыгынан күлүп койду. – Таарыныч кийинчерээк болду, бирок башка нерсеге. Албетте, менин күнөөм бар болчу, аны моюнга алам. Бирок ойлонуп көрсөк, жалгыз эле мен күнөөлүү эмесмин да, мен зыян кылайын деп бензин сатып алган жокмун. Шарт ошондой эле. Түшүмдү жыйнай албай калмакпыз. Демек, жогор жактагылардын да күнөөсү бар болчу, ошолордун кетирген жаңылыштыгынан бензин жетишпей ошол абалга кептелгенбиз. Бирок эч ким күнөөсүн моюнга алгысы келген жок, баары унчукпай сыртка чыга беришти, жалгыз мени соттоп жиберишти.

– Бул айканың чындык.

 – Мени кайрадан башкарма бол деп сунуш кылышканда, адегенде макул болгум келген эмес. Анан ойлодум, мен кимге өчөшүп жатам? Кимге таарынам? Колхозгобу? Анын күнөөсү жок. Мамлекеткеби? Мага ошол эле жетишпей жатты эле... – Башкарма токтоп калды да, анан күлүп, ишенимдүү добушу менен кошумчалап койду: – Өмүрүмдүн жети жылы бош кеткени гана өкүнүчтүү.

Үйүнө келсе аны Евгений Николаевич күтүп жатыптыр.

– Көрүнбөйсүң, Кузьма, көрүнбөйсүң. Күтүп олтуруп ойлодум: тоо Мухамбетке жылбаса, анда Мухамед тоого өзү келет дейт эмеспи, өзүм барайын дедим.

 – Көпкө күтүп калдыңызбы, Евгений Николаевич?

 – Көп эле болду. Аягына чейин чыдап күтөйүн дедим. Мен ошондой адаммын: убада кылдыңбы – аткарыш керек. Бүгүн сактык кассага барсам, ал жакта кашайып ремонтко жаап жатышыптыр. Ары айтсам да болушпайт, бери айтсам да болушпайт. Башчысынын үйүнө бардым. Дагы жакшы, тааныштык кылып беришти.

– Убара болуптурсуз да!

– Ооба, ооба. Жакшы эле чуркадым. Анан келсем сен жоксуң. Жөн эле убара болдумбу?.. Балким таап алдыбы? – деп ойлодум. Бирок туруп кете албадым. Убада кылгандан кийин аягына чейин чыдайын, таарынып калбасын дедим.

– Кайдагы таарыныч, Евгений Николаевич! Сизге рахмат.

– Демек, акча керек экен да?

 – Керек, Евгений Николаевич.

– Ме, анда, санап ал.

Кузьма Евгений Николаевич сунган бир пачке акчаны алып, санабастан чөнтөгүнө салды:

 – Санаганда эмне, толук эле да.

– Өзүң бил. Мен эмне алдамак белем. Канча убада кылсам, ошончо алып келдим. Сенден бир бөтөлкө.

– Ал турган иш, Евгений Николаевич, азыр эле уюштура коёбуз.

– Жок, жок. Тамашалап жатам. Бул жөн эле айтылган сөз. Баары бүткөндөн кийин ичсек болот, а азыр кереги жок. Ар бир сом кымбат болуп турганын билем. Уят деген болуш керек. Биз мындайда бири-бирибизге жардамдашыбыз керек. Байыркы заманда орус княздары половецтерге каршы кандай чогуу турушса, биз дагы кырсыкка ошондой биримдикте турушубуз керек. Сага келген кырсык – бул эмне экенин билесиңби? Бул половецтер, алардын армиясы. Тарыхты билесиңби? Ага каршы биз орус княздары сыяктуу ынтымакта күрөшөбүз. Эр болсо бизге тийишип көрүшсүн. Биз көппүз, жөндөн-жөн эле багынып бербейбиз. Туурабы, Кузьма? Кандай дейсиң?

– Туура, – деп күлдү Кузьма. Тапкан салыштыруусун кара!

Бөлмөдөн Витька чыгып келип, экөөнө кубанычтуу жылмайып койду.

 – Мен туура айтып жатамбы, Витька? – деди ага Евгений Николаевич. – Половецтер жөнүндө сабак өттүңөр беле?

 – Туура. Мен алар жөнүндө китеп окугам.

– Кандай анан? Биздин абалыбыз алардыкына окшошобу?

– Окшошот.

– Көрдүңбү, силердин директоруңар бир нерсеге түшүнөт бекен?

Витька уялып, көздөн кайым болду. Евгений Николаевич өзүнө ыраазы болуп турса да, калп үшкүрүп ордунан турду.

 – Кеттим. Половецтердей болуш деле оңойго турбайт. Бүгүн аябай чарчадым. Барып эле уктайм.

– Убара кылып койдум окшойт, Евгений Николаевич.

 – Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес. Мен сени күнөөлөбөйм. Керек болдубу – мен жасадым. Өз адамдарбыз. Кийин керек болсо сен да менин ишиме жарап бересиң. Адамдар менен жашап жаткан соң – адам болуш керек. Андай кылбасаң, сый-урматтан каласың. Мен туура айтып жатамбы?

 – Туура айтасыз.

– Көрдүңбү? – Евгений Николаевич айланасын сыдыра карап алды.

– Мария эмне көрүнбөйт, ооруп калганбы?

Кузьма Мариянын кайда экенин билген эмес, ошондуктан жөн эле айтып койду:

 – Ооба, ооруп жатат.

– Эмнеси ооруйт?

 – Башы ооруп жатат.

 – А коркунучтуу деле эмес экен.

Босогого жетип калган кезде Евгений Николаевич артына кылчайып акырын сурады:

 – Тигилер кандай, ссуда беребиз деп жатышабы?

 – Убада кылышты.

– Качан беришсе, ошондо берерсиң. Мен сага ишенем, шаштырбайм.  Мейли анда, кеттим.

Мария керебетте тизесине бурчтары жыртылган эски альбомду коюп алып сүрөт көрүп олтурган. Кузьма келген убакта ал өзүнүн отуз жыл мурда түшкөн сүрөтүн карап жаткан эле. Сүрөттөн аны ошол кездин модасы менен өрүлгөн жоон чачын далысынан ылдый коё берген толугунан келген, төрөп көрө элек, турмуштун азап-тозогун башынан өткөзбөгөн, көзүнөн наристенин жашынан бөлөк жаш төгө элек колукту болууга жаңыдан бышып, даяр болуп калган жаш кыз карап турган. Ал кезде өз ысымынан, ушул айылда туулуп өскөндүгүнөн жана ушул эле айылда мындан ары жашоосун улантарынан башка эч нерсе билчү эмес. Согуш тууралуу, өзүнүн балдары жөнүндө, анан да дүкөндө иштеп моюнуна көп акча түшөрү үч уктаса түшүнө кирген эмес, мындай кырсык дүйнө жүзүндөгү көп сандаган адамдардан аны, эч кимге залакасы тийбеген айылдык кызды тандап аларын, мындан аркы турмушу муң-зар, ый менен уланарын ал учурда кайдан билиптир.

Ал азыр кыйналып жатып, ошол учурдагы эч нерсе билбеген, эч нерсени капарына илбеген, наристедей таза кезине суктана карап, ичи өрттөнүп, аны менен түбөлүккө кош айтышып жатты. Мурда жашоодо болуп өткөн нерселер менен коштошууну ойлоп да койчу эмес, мына эми убакыт табылды, азыр олтуруп, ал андагы ойноок кыздан ысымы менен эскерүүлөрдөн башкасы, согушта дайынсыз жоголуп кеткен сыяктуу кайрылгыс болуп кеткенин түшүндү. Ал эми эртеңки күндү ойлоо өтө оор эле.

Аңгыча Кузьма келди:

– Бүгүн жакшы күн болду. Эми бир аз эле калды.

Мария жооп берген жок. Ал альбомду терезенин кырына коюп, сыртка чыгып кетти. Ал анын артынан чыккан жок. Керебетке олтуруп, аябай чарчаганын сезди. Уйкусу келип, үргүлөй баштады. Бирөө карагандай болду, көзүн ачып караса, Мария аркы бөлмөдөн анын эмне деп айтканын эстей албаган немедей карап турган экен; ал андан ары ашканага кирди, Кузьмага ал ошол жактан деле бир нерсени эстей албай аны карап жаткансып туюлду. Ал анын бир нерсе деп сурашын күттү, бирок Мария эч нерсе сураган жок.

Ал чечинип төшөгүнө жатты. Экинчи күн да бүттү.

Тээ, илгери жаш кезинде эле Кузьма ар бир таң бардыгына бирдей ата бербестигин, ал кээ бирлерине эле жакшы кабар алып келерин түшүнгөн. Эгерде адамга бир-эки ай бою кадимкидей эле күндөр уланып же жолу болбогон күндөр келсе, анда бул ага арналган күндөр эмес, башка бирөөлөрдүкү, демек, анын күндөрү али алдыда.

Уктап баратып Кузьма бүгүнкү күн сөзсүз анын күнү экенин ойлоп койду. Эртең менен мынчалык жолу болору кыялында да жок эле. Адегенде Гордей чал он беш сомун берип кетти, андан соң Наталья эже жүз сомдон ашык акчасын берди, андан кийин башкарма адистерин чогултуп толтура акча бергенге макул кылды, аны эртең менен барып алыш гана калды, а кечинде Евгений Николаевич убада кылган жүз сомун алып келди. Кабагын бүркөп, тунарып турган күндүн ушундай түшүмдүү болгонун кара! Болгондо да Кузьманын амал-айласы кетип, чоң жолго чыгып алып: “Жардам кылгыла!” – деп кыйкыргандай абалга жеткенде ушул күндүн келгенин айтпайсыңбы.

Кузьма ошол өзүнүн бактылуу күнүнө, ак көңүл адамдардын кайрымдуулугуна ыраазы болуп, көшүлүп бейпил уйкуга кеткен. Бактысына магдыраган Кузьма ошондо өзүнүн күнү өтүп кеткенин байкабай калган болчу.

Азыр аны поюзда түн ортосунда тигил жигит ойготту.

– Кузьма! Эй, Кузьма! Уктап жатасыңбы?

 – Эмне болуп кетти?

 – Тамекиңден берчи, өзүмдүкү түгөнүп калыптыр,  чыдай албай калдым.

Кузьма башын көтөрүп вагондун капталындагы темир тордон сыйпалап жатып папирос алып, аны жигитке сунду.

– Сообума калдың, өлүп каламбы дегем, – деди жигит онтолоп.

Кузьманын уйкусу ачылып кетти. Ал туруп ылдый түштү да, жигиттин артынан жөнөдү. Кыбыр-сыбырдан байбиче ойгонуп кетти.

– Укта, чоң апа, уктай бер, – деп шыбырады жигит.

Алар коридорго чыгышты. Бул жер жан адам жок ээн эле, терезеге тартылган күлгүн пардоо чайпалып, сырттан караңгы түндү киргизбей тосуп алган, күңүрт жарыкта жерге салынган таар бир аз титиреп баратат.

Маңдай-тескей туруп алышып тамекилерин тарта башташты: жигит ыракаттана ылдам-ылдам сорсо, Кузьма адатынча шашылбай, жайбаракат кыймылдайт. Түтүн коридордун ичи менен созулуп барып алыскы бурчка жетип сиңип кетип жатты.

Жигит чыдатпай бараткан кумарын басып, эми жайбаракат чеге баштады. Ал Кузьмага суроо узатты:

– Ойготуп койду деп ачууланган жоксуңбу?

 – А эч нерсе эмес, ансыз деле уктай албай үргүлөп жаткам.

– А эмнеге?

 – Күндүз уйкумду кандырып алсам керек. Эми аз калды, келип калдым.

– А мен дайыма ичкенден кийин жакшы уктай албайм.

Анан ал Кузьмага карап, чал-кемпирге бөтөн немеден бетер суроо узатты:

 – Кемпир-чал кызык адамдар окшойт. Сен байкадыңбы?

 – Ооба.

– Алар чынында эле ушундайбы же калп эле эл көзүнө ушундай көрүнөлүк деп жатышабы?

 – Менимче, өздөрү эле ошондой. Адамдар ар кандай болушат эмеспи.

– Чалынын алдында бөйпөлөңдөйт да: Серёжа, Серёжа  деп башынан сылап. Анысы болсо эч нерсе болбогонсуп, чыдап уга бергенин карабайсыңбы. Мени элдин көзүнчө ушинтип эркелетсе, уялганымдан кирерге жер таппай калмакмын.

– Алар дайыма эле ушундай мамиледе болушса керек.

– Башка аялга барган жокмун деп жанын жеп калп айтып жатат.

– Ким билет? Балким чын эле айтып жаткандыр. Менимче калп айткан жок.

 – Байбичеси ага ишенет экен. Көрүнүп турбайбы. Сен байкадыңбы?

 – Ооба.

– Чалына ишенсе, өзү да таза да. Согуш бүткөнчө чыдап күткөндүр ээ. Ойлоп көрсөң! – Жигит тамекисин таштап, эрдин тиштеп ойлоно калды да анан кошумчалап койду: – Муну үчүн ага орден бериш керек. Аялдарга ушундай орден ойлоп табыш керек.

Алардын добушун уккан вагонду тейлөөчү аял өз бөлмөсүнөн чыгып алардын жанына басып келип унчукпай карап калды.

– Чегип жатабыз, – деди жигит.

– Башка жер табылбай калдыбы?

– Сөзсүз эле кыйкырыш керекпи, эмне болгон адамсыңар! Биз менен бир байбиче кетип баратат,  абышкасына өмүрүндө бир жолу да үнүн көтөрбөптүр. Мына ошондон үлгү алгыла. А силер эч нерсе боло электеле арсылдап беттен аласыңар. Эмне үчүн мурдагы аялдар башкача эле?

– Ошентип мени кемсинте бер...

– Сени ким кемсинтип жатыптыр? Сени менен менин эмне ишим бар! Мен сага  жөн эле түшүндүрүп жатам.

Жигитттин чындыгында эле аны кемсинтейин деген ою жок болчу, ал тескерисинче, ыза көрүп таарынып калган немедей, жалооруй сүйлөп жаткан. Аял бир аз ойлонуп кетип калды. Жигит экинчи папиросту күйгүздү. Кузьма эсине түшө калып, вагон тейлөөчү аялды кубалап жетип, шаарга канча калганын сурады. Болгону үч сааттык аралык калган экен. Кайрадан жатпай койсо деле болот экен. Ал шашпай жигиттин жанына келди. Жигит Кузьманы карабай эле сүйлөй баштады:

 – Аялым анча деле жаман адам эмес эле, бирок турмушубуз ойдогудай болбоду.

 – Балким өзүң күнөөлүүдүрсүң.

– Кандай десем, Кузьма? Балким мен күнөөлүүмүн. Албетте, ичем дечи. Башка бирөө балким ичкениме көнүп калмак. Ичкен мен жалгыз бекенмин. Башкалардын аялдары жашап эле жүрүшпөйбү. Алар деле урушат, кайра жарашып алышат. Көрүп эле жүрбөймүнбү. А меники принципке турду да, оокатын жыйнап алып баса берди. Күндө ичсем да бир жөн. Мен алкаш эмесмин. Кээде, маанайыма жараша жолдошторум менен иче коём. Акчаны деле кудайга шүгүр, жакшы эле табам, үй-бүлөмө да жетет,  аракка да калат. Айттым го, ал жөн эле принципке туруп алды. Бир паска ойлонуп сөзүн улады: – Өзүм күнөөлүүмүн, алаарда карап алышым керек эле. Башкаларга балким жакшы күйөө болмокмун, а буга жаккан жокмун, сорттум туура келбеди.

– Балдарыңар барбы?

– Бир кызыбыз бар. Төрттү жашап жатат.

– Кайра келет да. Кызыңды атасыз калтырмак беле.

 – Билбейм. Айта албайм. Мурда да бир жолу кетип кайра келген. Бирок анда кайра келерин билгем. Кантип билгенимди айта албайм, жөн эле кыялын көргөзгүсү келгенин сезгем. Мейли, бир күнү кайра келесиң, кайда бармак элең деп, артынан басып да барбадым. Анан өзү келген. А азыр андай сезим жок. Чындап кетсе керек.

– А сен ага артынан барып, сүйлөшкөн жоксуңбу?

– Жок. Ал кетер замат эмгек өргүү алып, путёвка алдым да баса бердим. Сен андай кылсаң мен мындай кылам, мен да жөн адам эмесмин дедим.

– Ошондой де.

Вагон уйкунун кучагында. Алар эч кимдин уйкусун бузбоого аракет кылып акырын сүйлөшүп жатышты, бул экөө баары тегиз уктап калбай, кимдир-бирөөлөр күзөттө калып жашоо, турмуш, өмүр тууралуу сүйлөшүп туруу үчүн атайын калтырылгандай. Электровоз улам-улам ышкырган сыяктуу добуш чыгарып кайра басылат, эми анын кайрадан үн чыгарышын тыңшайсың. Түн сырдуу да, кооптуу да сезилет, эртеңки күндүн келер-келбеси арсар, бул күн менен түндүн түбөлүктүү кыймылы кандайдыр бир кырсыкка кабылып ордунан жылбай калчудай туюлат. Мындай болбойт деп ким эле кепилдик бере алат дейсиң.

Жигит үн катты:

 – Кайра ойлойм: бала менен жалгыз бой аялга кыйын эле болсо керек. Ары урунуп, бери урунуп, түшүнөбү дейм. Ал алигиче жаш, жашоодон өз  энчисин алып бүтө элек. Алар урушуп жатканда биздин керегибиз жок деп ойлошот. Сен андайсың... мындайсың дешет, айтпаган сөздөрдү айтышат. А качан эстерине келгенде кошомат кылып, жагалданып калышат. Тирүү адам болгондон кийин аларга деле адам керек да. Жалгыз жүргөн жакшы дейсиңби? Чыдаш кыйын го.

– Эмнеге жалгыз калмак эле? – деди Кузьма жылмайып: – Башка бирөөнү таап алат.

– Ошентип эле көрсүнчү!  Мен эмне, жөн эле карап калат бекемин? Экөөнө тең көргөзөм сонунду. – Жигит кызуулана кетти: – Тапканын көрөбүз!

– Силер ажырашып кеткенсиңер да...

– Андай болсо, көзүмө көрүнбөй башка жакка көчүп кетсин. Менден башкалардан деле сурап көрсөң, ажырашып кеткен күндө да, аны менен башка бирөө жүргөнүн көрүш эмне, жеңил дейсиңби? Этиңден тирүүлөй эле кесип алгандай нерсе да бул. Биздин айылдан ага бирөө да жолой албайт. Менин ким экенимди жакшы билишет. – Жигит папиросунун калдыгын таштанды челекке ыргытмакчы болуп, буту менен анын баскычын байкабай катуу басып алганда, челектин капкагы катуу ачылып, калдырап барып кайра жабылды.

 – Шайтан алгырдыкы! – деди жигит сөгүнүп.

Вагонду тейлеген аял эшигин ачып, акшырая карады да, кайра кирип кетти. Купеден кимдир-бирөө кобуранып алып тынчып калды – ойгонуп кетип кайра уктап калды көрүнөт. А поюз кандай баратса ошондой эле жолун улантып баратты. Жигит папиростун калдыгын ушалап алган экен, күйбөй калган тамеки килемдин бетине күбүлүп түштү. Ал эки жагын карап койду да, эңкейип килемдин үстүн үйлөп кирди. Анан челектин капкагын акырын ачып, папиростун калдыгын салып жиберди. Кабагын түйүп үн чыгарган жок. Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Шамалдын басылганы, басылбаганы билинбейт. Поюздун кайда баратканы, дегеле бутуңдун алдында катуу жер бар экенин сезбейсиң. Уктап жаткандардыкы эле жыргал. Ойгонушса эле таң атып, балким күн чыгып калат. Күндүз өзүңдү жакшы сезесиң.

Кузьма жакында шаарга келип калабыз деп ойлоду. Атаганат, ушинтип эч нерсе билбей кете берсе кана, жок, андай болбойт, жакында жетер жерине жетип, жакшыбы же жаманбы, көздөп бараткан ишинин аягына чыгат.

Жигит капыстан суроо берди:

 – Шайтан алгырдыкы, балким баарын таштап ушул жерден кайра кетсемби? Алар биздин жакшы көргөн нерсебизди буттарынын алдына алпарып курмандыкка чалганыбызды жакшы көрүшөт. Барып ушундай кылдым деп айтсам кандай болот, Кузьма, сен кандай деп ойлойсуң?

– Билбейм, – деди Кузьма – Мындай иштерди өзүң чечишиң керек...

– Аның чын дечи, билем, өзүм чечишим керек. – Жигит катуу толкунданып, мурдун жаш балдарча шуу эткизип тартып алды. – Билбей жатам...

Ал ойлонгуча поюзд улам арылап баратты. Акыры ал бир чечимге келди:

– А-а, эми кеч болуп калды. Жолго чыгып алгандан кийин биротоло барып келейин. Кайра келгенде чечилип калар. Жок болбойт десе анысын көрөрмүн, ошону менен жашоом токтомок беле. – Ал сөзүн тамашага бурду:  – Кайра барсам акчамды кайда жиберем, кайрадан ичиш керек болот. Андан көрө эс алып келейин. Анан моюнуна ала сүйлөдү: – Баарын кылган кемпир-чал да. Аларды карап туруп өзүңдү бир башкача сезет экенсиң. Сезимтал боло калганымды кара. Же ушундай туура эмес болуп туулуп калгамынбы. Кээде кино көрүп жатып, ыйлабасам да көздөн жаш тегерене түшчү болду. Балдар менен чогуу олтургандан уялам. Алар каткырып олтурушат, а мен ыйлап ийчүдөй болуп, тиштенип араң олтурам. Аял сыяктуу болуп баратам...

Поюз кыйкырып барып, кыйчылдап токтой баштады. Вагонду тейлөөчү аял чырагын көтөрүп шашпай сыртты көздөй жөнөдү, демек коркунучтуу эч нерсе жок, жөн гана аялдамга келген окшойт. Жигит пардону жылдырып терезеден сырттагы караңгы түнгө үңүлдү. Ал жактан жылтылдап чыккан жарыктарды көрдү.

– Бул жерде да адамдар жашайт, – деп койду ал.

Шаарга чейин эми болбогон аралык калды.

Үчүнчү күн башталды.

Кузьма эртең менен иши оңунан чыгып келип уктаган адамдай, жакшы маанай менен турду. Балдарды ойготуп, алардын туруп, кийингендерине көз салып, алар мектепке кеткиче акча тууралуу айтып коюш керек, көңүлдөрү көтөрүлүп калсын деп ойлоду. Дасторконго олтурушуп, Мария адаттагыдай эле балдарга сүт, өзүнө анан Кузьмага чай куюп бергенде Кузьма Витькага көз кысып, стаканын көргөздү:

– Кел, алмашалы.

Витька аны таңдана карап, атасынын жакшы маанайын байкап көңүлү көтөрүлө түштү:

 – Мейли.

 – Эмне сүт калбай калды беле, баладан талашасың! Керек десең куюп берем да! – деп нааразы боло унчукту Мария.

– Кереги жок.

Кузьма Марияга таарынган жок, ал анын ачууланып жатканына ичинен сүйүндү, нааразы болуп жаткан соң, кубана да алат, демек, сезимдери таптакыр мокоп калган жок, жакында буюрса өзүнө келип, кадимкидей болуп калат. Дасторкондон турганча Витька экөө Марияга билгизбей көз ымдашып жатышты, Кузьма эми Витьканын иштер жакшы экенин түшүнгөнүн билди. Витька мектепке кудуңдап сүйүнгөн боюнча жөнөдү.

Кузьма күн көтөрүлгүчө күтүп олтурду да, шашылып турса дагы жайбаракт кыймылдап кийинди. Кетип баратып Марияга бурулуп:

– Барып акча алып келем, – деди.

Мария жооп берген жок, бирок ал андан жооп күткөн эмес, болгону ага иш оңунан кете баштаганын билдирип, анын көңүлүн бир аз болсо да тындырып койгусу келген.

Бүгүнкү күн дагы кечээки Кузьмага арналган күн сыяктуу бүркөк эле, – буюрса бул күн да анын күнү болчудай. Ошондой болоруна үмүтү бар эле. Кузьма кадамын таштаган сайын денесине күч-кубат толуп, канчалык бийик ашуу алдынан чыкса да, эч кыйналбай өтүп кетчүдөй сезим менен демдүү баратты. Мындай абал анда мурда да бат-бат болчу, токтобой баскысы келип, баскан сайын жан-дүйнөсү эс алып калар эле.

Ага бүгүнкү күн эмнегедир сынып кетчү үлбүрөгөн жука айнектей көрүндү. Ойлоп көрсө чынында эле же күз эмес, же кыш эмес;  күз ар бир мүнөттө сынып түшүп кыштын келе турган маалы экен. Ушул убакка чейин бир да жолу кар жааган жок. Эми көп деле күттүрбөйт болуш керек.

Кеңсеге жете жаздаганда аны механик күтүп турган экен, ал келип кол алышып учурашты. Кузьма анын алдында өзүн ыңгайсыз сезип, кантсе да анын акчасын алганы баратпайбы. Мында жагымдуу эмне бар дейсиң? Адамдын көзүнө тике карай албайсың.

Механик үн катты:

– Кузьма, сен мени кечирип кой, мен туура эмес кылып жатканымды түшүнөм, бирок башка арга таба албадым. Мени түшүнсөң, майрам күнү үйгө досумду чакырып койгон элем, институтта чогуу окуганбыз. Ичкилик алганга акча жок.

– Мен берем! – деп сүйүнүп кетти Кузьма. – Мына кызык. Өз акчаңды сурагандан эмнеге уяласың?

– Андай болсо жыйырма сом берип тур. Мен бул жактагыларды жакшы тааный элекмин. Кимден карыз сурашты билбей жатпаймынбы.

– Берем, берем. Кантип бербей коймок элем!

Алар кеңсеге киришти, механик адистердин бөлмөсүн карай баш ийкеди:

– Мен бул жакта болом.

Кузьма бухгалтерге жөнөдү. Ал Кузьманын кирип келатканын көрүп, үстөлүнө чалкалай олтуруп, аны күтүп калды. Бардык эле бухгалтерлердей ал дагы майдачыл, эзме жана сараң адам болчу, Кузьма ушул убакытка чейин акча алалбай калышы мүмкүн экендигин эсине да албаганын ойлоп шашкалактай түштү; окуянын мындай өнүгүшү толук мүмкүн эле, анткени бухгалтер акчаны биринчи эле келгенде колуна кармата койчу эмес, эки-үч кирип жатып араң алышчу. Кузьма бул жөнүндө кечээтен бери бир дагы ойлобогонуна таң калды, ал акчанын бүгүн эле колго тиерине ишенген.

Ал бухгалтерге жакындаганда андан жакшы сөз угарына ишенбей, бүрүшө түштү.

– Амансыңбы!

– Шүгүр, – деди бухгалтер жактырбагандай.

 – Келдиңби?

 – Келдим.

 –Акча алайын дедиңби?

 – Берсең алам.

Бухгалтер азыр Кузьма андан канчалык көз каранды абалда экендигин сезип жатканын түшүндү көрүнөт, Кузьма дагы толкундана түшсүн дегенсип бир азга тыным алып сүйлөй баштады:

 – Бир аз туура эмес иш болуп калды, – деди ал кабагын калп бүркөп, убакытты дагы бир аз чоюп. – Мен сенин биздин акчаларды аларыңды билбей калыптырмын. Айлыгымды алып жок кылып салбадым беле.

– Кантип жок кылдың?

– Акчаны кантип жок кылчу эле. Дүкөнгө бардым. Эмне кылганымды айтып берейинби: аялыма жылуу кемсел алып бердим, өзүмө чокой алдым.

Кузьмага анын айтканы эми жетти.

– А калгандарыныкычы?

Бухгалтер дароо жооп бербей бааланганды жакшы көрсө керек, ал Кузьманы тиктеп унчукпай туруп, бир кезде бурк этти:

 – Калгандарыныкы сейфте. Тизмеге баары кол коюша элек. Эгерде Полина жоопкерчиликти мойнуна алса, бере берсин.

Кузьма Полина олтурган жакка бурулуп жөнөгөндө бухгалтер анын артынан кыйкырып калды:

 – Кимге канча карыз экениңди жазып ал, кайтарып бересиң.

Ал аны тез эле бошотуп жибергенине өкүнгөнсүп калды.

Полина ага акырын шыбырады:

– Мен бере берейин, бирок сен зоотехник менен мал догдурду издеп таап, кол коюп берип кеткиле деп айтып кой.

– Макул.

Полина акчаны көзгө илештирбей санап жатты. Ошентсе да бул бир топ убакытка созулду, анткени, жалаң үч сомдук менен бир сомдуктар эле, аны ал эки сыйра санап чыкты. Кузьма Полинанын акча санаганын кайдыгер карап, унчукпай күтүп турду. Акчаны берип жатып ал кайрадан шыбырап сурады:

– Дагы көп керекпи?

 – Ооба, кайра көбөйүп калды.

Кузьма акчаны алып шымынын чөнтөктөрүнө тыкты, чөнтөктөрү томпоё түштү. Ал акчаны алаканы менен ылдый шыкап жатып механикке жыйырма сом бериш керектигин эстеди. Чөнтөгүнөн таңгакталган үч сомдуктарды алып чыкты; ал жыйырма эмес, отуз сом санап алды, анткени үч сомдуктардан жыйырма сом так чыкпайт эле. Бухгалтер өзү олтурган бурчтан Кузьманын кылган кыймылын кызыгып карап турган, Кузьма да андан тартынбастан ал бурулуп кеткиче тиктешип турду. Бухгалтер шылдыңдагысы келди көрүнөт:

 – Ичип алба! – деди кытмыр жылмайып.

 – Барчы ары... – деп колун шилтеди ичинде эч арамдыгы жок Кузьма.

Ал адистердин бөлмөсүнө кирип, пара берип жаткансып механиктин колуна башкаларга көргөзбөй отуз сомду кармата салды. Механик ордунан козголгон жок:

– Макул.

Коридордон ага мал догдурдун аялы жолукту, бирок ал анын олжосун алдырып жиберген немедей жаман көзү менен караганын байкаган жок. Башкармага кире кетейин деп ойлосо, анда эл көп экен. Ага эмне деп айтмак эле? Андан көрө кете берейин деп чечти.

Боз түшүп бүркөлүп турган күн, жанатан бери сынып калбай, эми жумшарып, эски тунук кагазды желимдеп койгонсуп көрүндү. Үйлөп койсоң учуп кетчүдөй, бирок шамал дагы, аны үйлөй турганга да эч ким жок эле. Айланада күңгүрөнгөн, каңгыраган, арсылдаган кандайдыр бир үндөр жаңырып – ушул жука кагаз сыяктуу күндүн дубалдары дирилдеп жаткансыйт.  Кузьма бүгүнкү күн бухгалтер үчүн келген окшойт, анын үңүрөйгөн кебетесине окшоп калыптыр деп ойлоп койду.

Кузьманын чөнтөгүндөгү толтура акча басканго жолтоо болуп, акча эмей эле чөйчөккө суу көтөрүп алып, аны төгүп алчудай акырын жылып келатты. Ал эмнегедир сүйүнбөдү, сезимдери мокоп калгансыйт. Акчанын аябай керектигин билип турду, бирок анын табылганына кубанган жок. Тезирээк чөнтөгүн бошоткусу келди.

Кузьма үйүнө жетип, акчаны согуштан кийин Австриядан ала келген момпосуйдун чоң челегине салып, шкафка койгондон кийин жеңилдей түштү. Азыр айылда менин ушул челегимдегидей көп акча эч кимде жок болсо керек деп ойлоп койду. Ал колдон келгендин баарын жасады, эми калган эки күндө акчаны миңге жеткизиши керек. Кантип чогултарын ал билбейт эле. Бир нерсе ойлоп табат да, кантип эле ушуну менен бүтүп калсын. Миң сом керекпи, демек, кандай да болсо табуу керек. Бирок бүгүн эмес. Ал бүгүн эч кимден акча сурай албасын сезди, анда башка күч калган жок. Эс албаса болбойт.

Сырттан бирөөнүн басып келаткан дабышы угулду, Кузьма дабышты уккан менен бирөө келет деп ойлогон эмес. Ошондуктан мал догдурдун аялы үйгө кирип келгенде ал кайдан келе калды деп таң калды. Мал догдур менен зоотехникти издеп таап, кол коюп кеткиле деп айтпай калганын эми эстеди.

Мал догдурдун аялы кире беришке келип, титиреген эриндерин кымтып туруп калды. Ал жалпагынан келген, көзгө сүйкүмсүз аял эле, Куьма эмнегедир аны көргөн сайын айай берерин эстеди. Ал мал догдур экөөнүн ынтымагы жок экенин жакшы билчү, бул аял ага үй-бүлөдөн ырк кеткенде аял кандай абалга жетеринин далили сыяктуу көрүнчү.

Кузьма ойлонбостон эле, адатка айланган сөзүн айтты:

 – Эмне босогодо турасың, өйдө өт.

Ал ордунан козголгон жок. Эриндери баштагыдан да катуу титирей баштады:

 – Биз кантип жашайбыз, Кузьма? Ойлодуңбу? Эмне үчүн мындай кыласың?

Кузьма адегенде түшүнгөн жок, а түшүнгөндө сүйлөй албай калды.

– Бир ай бою күтсөк. – Анын үнү калтырап чыгып жатты. – Элүү сом карызыбыз бар. Аны кандай кылабыз?

Кузьма унчукпай өйдө туруп шкафтан акча салынган челекти алды. Үстөл үстүнө көңтөрүп төгүп, адистерге канча карыз экендиги тууралуу жазылган кагазды тапты да, мал догдурдун акчасын жаңылбай санап алып, аны аялга сунду. Ошол убакта ал Марияны көрдү. Ал бир секундага гана токтоп, ашканага кирип кетти. Кузьма ал акчаны Мариядан уурдап жатып кармалып калгансып уялып кетти.

 Мал догдурдун аялы акчасын алар замат көрүнбөй жок болду.

Кузьма калган акчаларды чогултуп челекке салды да, кайрадан шкафка барып койду, бирок баштагыдай ары катпай, алганга оңой текченин четине калтырды. Мынчалык көп акча турганда албетте аны  алыш үчүн келбей коюшпайт. Күтө туруш керек. Дагы бирөөлөргө акча керек болуп калышы мүмкүн.

Ал күтө баштады. Бир нече жолу жанынан Мария ары-бери өтүп аны карап жатты, бирок ал ага бурулуп караган жок.

Ал күтүп жатты. Бир саат өттү, эки саат өттү, Кузьма эмне үчүн ушул убакытка чейин бири да келбейт деп тынчсыздана баштаганда сырттан дабыш угулду. Ал эми жакшы билип калган, дабыш чыктыбы, демек бирөө келатат. Ал күткөндөй эле болду.

Агрономдун кызы үйгө кирди, Кузьма эмне үчүн өздөрү келбей аялдары менен балдарын жиберишет? – деп ойлоп адистерди жаман көрө баштады. Бул кыз акчаны жолдон жоготуп жиберсе эмне болот? Ким жооп берет?

– Саламатсызбы, – деди кыз уялыңкы, башын жерге салып.

– Саламатчылык, саламатчылык, – деди Кузьма, акча салган челекти алмакчы болуп баратып.

Аны четке койгону жакшы болуптур.

– Кузьма байке, – деп бат-бат сүйлөй баштады кыз. – Витькаңызга айтып коюңузчу, мага жабышпасын.

–Эмне дейсиң? – Кузьма ордунан жылбай, сунулуп бараткан колун таштап жиберди.

– Витькаңызга айтып коюңузчу, мага жабышпасын. Антпесе жолдошторубуз бизди “күйөө бала-колукту” деп шылдыңдап жатышат.

Кузьма ишенбеген немедей жылмайып койду.

– Чын элеби?

 – Ооба, эмне үчүн ал менин артымдан калбайт? А мен ага канча жолу айттым, болбой койду. Башка кыздарга барсын, айтып коюңуз.

– Мына сага!—деп каткырды Кузьма. – Артымдан калбай чуркайт дейсиңби?

 – Ооба, мени жок жерден эле шылдыңдап жатышпайбы.

– Келсинчи, мен анын моюнун толгоп коёюн! Муну карасаң!

– Жок,  урбай жөн эле айтып коюңуз. Ал атасынын айтканын угат да.

– Макул, айтып коём. Сөзсүз айтам.

– Анда эмесе мен кеттим.

– Бара кой, мындан кийин ал сени бир да жолу карабайт. Көрөсүң го.

Кыз башын ылдый кылып жүгүнүп койду да, артына бурулуп жүгүрүп кетти. Кузьма анын артынан жылмайып карап турду, бирок көп өтпөй эле ага кыз келгенге чейинки шаабайы сууган маанайы кайтып келе баштаганын сезди. Ал челекти карады да олтура кетти. Акчаны санаш керек болчу, бирок туруп барып алгысы келген жок; андагы акча таптакыр эле аз болуп калса мындан да жаман абалда каларын ойлоп коркту.

Ал кечээ күнү мынчалык акча чогулат деп ойлобогонун эстеп, өзүн сооротуп көрдү. Бул да жардам берген жок. Ал мындан көрө иш менен алектенейин деп чечти. Дагы кимге барып сураса болот?

Бир убакта өзүн жоготуп койгонсуду, кимге барышты ойлоноюн деп жаткан, бирок оюна эч нерсе келген жок. Челектин жанында күзөтчүдөй болуп, ордунан козголбой жок уурулардан кайтарып олтурду. Кыймылдап тамеки чекти.

Аңгыча балдар мектептен келишти, Кузьма Витькага эмнени айтыш керектигин эстей албай койду.

Балдар ашканада Кузьма менен Мариясыз тамактанышты. Үй ичи үңүрөйүп тынч эле; бардыгы үйдө, бирок үй бош калгансып тыптынч.

Кечке жуук шашкалактаган Гордей чал жетип келди. Үйгө олтура албай Кузьманы көчөгө чакырып чыкты. Сырттан ал Кузьмага шыбырады:

– Кузьма, сен акча издебей эле кой. Акчасы жок эле кутулса болот экен.

– Дагы эмнени ойлоп таптың?

Гордей чал кытмыр жылмайып койду:

 – Ойлоп тапканды айтпа! Чал эч нерсени ойлоп таппайт, бирок ал даанасын билет. Мен азыр сага кантип кутулуштун жолун айтып берем...

Кузьма унчуккан жок.

 – Анда угуп тур. Акчасы жок эле кутулса болот. Бир тыйындын да кереги жок. Марияга тийишпейт. Мыйзам ошондой. Чал Кузьманын кулагына шыбырады:

 – Анын боюна бүтүр, болду, ошол жетиштүү. Мыйзамда боюнда барларды түрмөгө олтургузбайт деп жазылыптыр.

 – Сен эмне деп жатасың, чал?

Чал кызууланып бакылдап кирди:

 – Мага ишеничтүү киши айтты, ал калп айтпайт. Бул кашкайган чындык. Марияны боюна бүтүр, болду. Бул сага эмне кыйынбы? А?

– Бар ары, чал, экинчи мага келбе. Кеңешчи боло калат!

– Эмне үчүн?

Кузьма бурулуп үйгө кирип кетти.

– Мен сага болор ишти айттым, а сен ийинге кире качтың! – деп кыйкырды чал анын артынан. Билгениңди кыла бер, менин ишим эмне. Бирок кийин мени келбей койду дебе.

Гордей чал кеткендерден кийин анын сунушу анчалык деле чычалай турган нерсе эместей көрүндү. Андай болсо чындыгында эле жакшы болмок. Көйгөйдүн баары чечилмек. Ал мурда боюнда барларды соттобойт деп уккан, бирок ага анча маани берген эмес, анткени анын чын-калпын даана билчү эмес эле да. Алты кишини баккан, жетинчисин бага албай калмак беле. Төрт бала чоңойгон жерде, бешинчиси да чоңоёт. Ар бир баланын өз шыбагасы бар. Бирок эми кеч болуп калды болуш керек. Мурда билгенде эмне. Баары бир Марияга четин чыгарып айтып көрсөмбү. Жок, болбойт, ал акча таба албай жаткан турбайбы деп ойлоп алып, караманча чөгүп кетет. Ансыз деле өлүү-тирүүсү билинбей араң жүрөт. Кайда барсаң – Мамайдын көрү. Эмне кылыш керек? Эртең дагы кимге барсам? А кимге барасың? Барчу киши калбай калды. Балким баарына түкүрүп салып, агама барсамбы? Анын акчасы бар болду бекен? Болсо да береби?

Эмнеси болсо да, болор иш болду.

Үчүнчү күн да бүттү. Убактысы бүткөндө ал мүрөзөгө кирип кеткенсип жок болду, эми анын сөөгүн да таппайсың. Текшерүүчү келерине эки күн, ашып кетсе үч күн гана калды.

Кузьма кечинде уктап калган, бирок түн ортосунда аны терезеден кирген машиненин жарыгы ойготуп, уйкусун качырды. Кузьма туруп, терезенин жанына барып олтурду. Сыртта көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле, ал бардык жандууларды эч качан бүтпөчүдөй чеги жок кучагына алып алган сыяктуу. Жан дүйнөсүндөгү пайда болгон тынчсызданууну басуу үчүн тамекисин күйгүзүп чеге баштады. Көңүлү бир аз тынчый түштү. Түнкүсүн башка ар кандай ойлор келе берет, мына ошондуктан адамдар түнүчүндө уктоого аракет кылышат окшобойбу.

Ал кайрадан Мариянын койнуна кирип уйкуга кетти. Түш көрө баштады, түшүндө жаңы эле аны ойготкон машинеде экен. Машине жарыгын күйгүзбөй караңгыда келатышыптыр. Анан бир үйдүн жанына келип токтоп жарыгын күйгүзөт. Кузьма кабинадан чыгып, үйдүн терезесин черткилей баштайт. Ал чыккан адамдарга Марияны куткарып алуу үчүн акча чогултуп жүргөнүн айтат.

Ага акча алып чыгып беришет, машине кайрадан караңгы түндү аралап жөнөйт. Жолдон акчалуу үйгө туш болгондо ага белгисиз бир механизм иштеп, машиненин жарыгы күйүп жатты. Ал кайрадан терезени черткилейт, ага кайрадан акча беришет.

Ал ойгонуп кетти. Дагы эле таң ата элек болчу, түндүн кетейин деген түрү жоктой, ордунан козголбоптур. Башына кайрадан ар кандай ойлор келе баштады, анын бири ага эң жаман таасир калтырды. Кузьмага бул жарык дүйнөдө жападан жалгыз калгандай, – ал кайра ойлоп койду, жарык дүйнөдө эмес, караңгы дүйнөдө, а күн таптакыр эле чыкпачудай туюлду. Аңгыча учак кулап түшүп майда бөлүкчөлөргө чачыраган сыяктуу үн чыгып, басылды. Кузьма тыңшап калды. Башка үн чыккан жок, эми анын оюна ушул күндөрү тынбай келип, жүрөгүн сыздаткан Мария жана аны куткарып алуу үчүн керек болгон акча тууралуу ой кайтып келди. Бул ойдун уландысы сымак, агасы эске түштү. Кузьма эртең менен агасына жөнөөнү чечти.

Эртең менен шамал катуулай баштаганда Кузьма шашылып камдана баштады. Ал Марияга шаарга, агасына барып акча сураганы жатканын айтты, акыркы күндөрү үн катпай жүргөн Мария ал бербейт деген оюн билдирди. Бирок Кузьманын андан бөлөк барар жери жок болчу. Мария ал кетсе жалгыз каларын ойлоп, барбай эле кой, ал баары бир бербейт деп кайталап, ыйлай баштады. Кузьма аны соороткон жок, мейли ыйлап бугун чыгарып алсын, унчукпай жүргөндөн көрө бул жакшы эмеспи деп ойлоп койду.

Аягы.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

18.11.20 12:14

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз