Дилазык: Тагдыр тууралуу уламыш

  • 20.07.2020
  • 3330

Кудай таала ар бирибиздин маңдайыбызга жазган тагдыр бар: турмушта жолум болбой жатат деп нааразы болсоң төмөндөгү үч дарак жөнүндө уламышты эстей жүр.

Үч дарактын кыялы

Өткөн бир мезгилдерде калың токойдун четинде үч жаш дарак катар өсүп турчу экен. Күндөрдүн биринде алар өзүлөрүнүн көңүл тереңинде жүргөн таттуу кыялдары менен бөлүшө кетишти.

Биринчиси, келечекте көз жоосун алган оймо-чиймелер менен аземделип кооздолгон, казына салынган сандык болгусу келгенин айтты.

Экинчиси, жалаң королдор жана алардын вазирлери менен хансарайда маанилүү орундары бар, урмат-сыйга ээ адамдарды деңизге сейилдетүүгө алып чыгуучу чоң кеме болгусу келгенин билдирди.

Үчүнчүсү, токойдогу дарактардын бардыгынан бийик болгусу келгенин, аны адамдар тээ алыстан эле көрүп, анын асманга, асмандагы Кудайга жакын экендигине суктанып, алар ар дайым Кудайды эстеринен чыгарбай жүрүшүнө себепчи болсо, бактылуу болорун саймедиреди.

Алардын кыялдары ишке ашпай калгансыды

Бир нече жылдардан кийин алар өсүп турган жерге карагайчылар келишти. Биринчи даракка келген карагайчы аны айланып, балтасынын кыры менен тыкылдатып көрдү да, анын катуу жыгач экенин айтып, жыгач устага жарайт деп, аны кыйып алды. Дарак өзүн бактылуу сезди, анын кыялы орундап: керемет кооз сандык болуп каларын элестетип жатты.

Экинчи даракты көргөн карагайчы, бул дарактын бекемдигин белгилеп, кеме куруучуларга кереги тиет деп койду. Ал дарак да өзүн эмитен эле чоң кеме сезип, бактысы башынан ашып турду.

Үчүнчү дарак карагайчы жанына келгенде коркуп кетти, анткени ал кыйылгысы келген эмес да, ал дагы өсүшү керек болчу. Бирок карагайчы ал атайылап бир ишке керектөө үчүн издебегенин, ага ушул дарак деле боло берерин айтып, аны кыйып салды.

Биринчи дарактан жыгач уста малга акыр жасады. Аны короого орнотуп, чөп салып коюшту. Албетте, биринчи дарак өзүн бактысыз сезип, тагдырына нааразы болуп жатты.

Экинчи дарактан кичинекей кайык жасашып, анын чоң кеме болсом деген кыялын суу куйгандай өчүрдү.

Үчүнчү дарактан тактай тилип жыйнап коюшту. Ошентип, үч дарактын кыялдары ишке ашкан жок, бирок андан кийинки болуп өткөн окуялар, алардын ар биринин тагдырлары өзгөчө экендигин көрсөттү.

Жазмыштын кылганын караңыз

Бир жолу короого эрди-катын кирди. Алар жаңы эле балалуу болушкан экен. Экөө акырды бузуп, андан бешик жасап алышты. Ошентип даракка бул дүйнөнүн бардык казыналарынан да кымбат, наристе бала бөлөнүп, аны көтөрүү бактысы буюруптур.

Бир нече жылдан кийин экинчи дарактан жасалган кайыкка бир нече киши олтуруп деңизге чыгышты. Ал адамдардын бири чарчап уктап калат. Ошол убакта деңизде бороон башталып, бийик толкундар кайыкты ары-бери чайпай баштады. Дарак бул адамдарды сактап калууга алы калбай бараткан кезде, уктап жаткан киши ойгонуп, кайыкты оодарылтпай сактап калды. Ошондо дарак бардык королдордон да баалуу адамды салып жүргөнүн түшүндү.

Акыры үчүнчү дарактын да кыялы орундалар учур келип жетти. Короодо жыйылып турган жеринен эки тактайды алып чыгып, кайчылаштыра уруп салышты. Аны бийик дөңгө орнотуп, бетине Христосту керип өлтүрүштү. Дарак Кудайга дүйнөдөгү бардык нерселерден жакын болчу.

Бул аңгемени жыйынтыктасак, жашоодо бардык нерсе жөндөн-жөн эле, эч себепсиз боло бербейт, бардыгы бири-бирине байланыштуу, жаштын тилегин Жараткан керектүү учурда, керектүү жерде бербей койбойт.

Эгерде турмуш сыноолоруна чыдай албай, тагдырыңызга таарынып жүргөн болсоңуз, ушул уламыштан сабак алыңыз.

Жакшы тилектериңиз сөзсүз орундалат!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз