Дилазык: Бири бирибизге керек экенибиз жөнүндө икая

  • 07.01.2024
  • 4066

Кудай-таала Пайгамбарга бейиш менен тозокту көргөзүп жүрөт.

- Мен сага адегенде тозокту көргөзөйүн, – дейт.

Бир бөлмөдө үстөл тегеректеген ачка адамдар олтурган болот. Ортодо жыты буркурап буусу чыккан бышкан этти жесе, бардыгына жеткидей. Бирок алардын колдорундагы кашыктын сабы бир кулачтан ашык келип, тамакты суза албай шилекейлери чууруп, тамакка жете албай азап жеп жатышкан экен.

- Эми бейишти көргөзөйүн, – деп аны башка бөлмөгө ээрчитип келет.

Бул бөлмөдө деле тиги бөлмөдөгүдөн айырмасы жок, үстөлдө бышкан тамак, колдорунда сабы узун кашыктар. Бирок адамдар курсактары ток, ар нерсени айтып каткырышып, жыргап отурушуптур. Адегенде Пайгамбар эч нерсени түшүнбөйт.

– Бул өтө эле жөнөкөй нерсе, бирок бир аз жөндөмдү талап кылат, – дейт Жараткан, – алар бири-бирине тамак бергенге үйрөнүп алышкан.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз