Жаңырык: Жашоо маңызы жөнүндө икая

Ата-бала тоо аралап барат. Уулу ташка мүдүрүлүп жыгылат. Катуу жыгылат. Эти ооруйт:

– А-а-а-й!!!

Ошол замат кайдан-жайдан аны кайталаган үн жаңырат тоо арасынан:

– А-а-а-й!!!

Балада коркунуч коштогон кызыгуу жаралат:

– Ким бул?

Жооп да алат:

– Ким бул?

Бала ачуулуу кыйкырат:

– Коркок десе!

Жооп жаңырат:

– Коркок десе!

Бала атасынан сурайт:

– Ата, бул эмне?  

Атасынын күлкүсү келет буга: 

– Балам, зээндүү бол, – деген атасы үн салат: – Тоолорду сүйөм!

Жооп угулат:

– Тоолорду сүйөм!

Дагы кыйкырат:

– Сен – кереметсиң!

Жооп угулат:

– Сен – кереметсиң!

Бала аң-таң калат. Түшүнсө буюрбасын. Атасы кобурайт ошондо:

– Уулум, муну жаңырык дейт, чынында эле бул турмуштун дал өзүндөй. Баары өзүңө кайтат. Эмне дебе, эмне кылба – баары кайтарык дүйнө.

Жашоо бул – биздин кылган, эткенибиз. Агер айлана чөйрөңдү канчалык сүйсөң, жашоо сени ошончолук сүйүүгө чулгайт. Бак-таалайлуу болгуң келсе – айланаңдагыларды бактылуу кыл. Чын дилиңден күлгүң келсе – айланаңдагыларга күлүп-жайнап жүр. Жашоого өзүбүз эмнени берсек, анын кайтарымы бар. Биздин жашоо – кокустук эмес, кайтарым. Сенин оозуңан эмне кеп чыкса, тоолор аны жаңыртып угузгандай кеп бул, – деген экен.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз