Дилазык: Аёо жөнүндө христиандардын икаясы

  • 11.01.2024
  • 4010

Жароокер сууга чөгүп бараткан адамды көргөндө жүгүрүп жетет да, дароо чачтан алып жээкке сүйрөп чыгат.

– Бу эмне кылганың? – дейт Экижүздүү нааразы болуп. – Денесин оорутуп!

Бирок ага Жароокер үн да катпайт. Чолосу да жок эле! Эң башкысы – сууга чөгүп бараткан адамга жардам берип сактап калбадыбы.

– Ыракмат! – дейт көзүн ачкан тиги Жароокерге шыбырап. – Мени ажалдан сактап калдың.

Кеменгерлик айтты ошондо:

– Эң туура кылдың. Чыныгы Жароокер, зарыл учурда аёо дегенди билбеши керек!

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз