Армян эл жомогу: Жардамга жардам

  • 27.03.2020
  • 4316

Бир дыйкан ажалы жетип көз жумат. Аны акыркы сапарга узатууга жардам берер киши издешип, акыры үч адам табылат ыктыярчы. Мүрзөгө бараткан жолдогу бакчадан көрүнгөн кароолчуга кайрылат тигилер:

– Йе, тууган, маркумдун сөөгүн көтөрүшкөнгө жардам берчи.

– Жок, – дейт кароолчу, – колум бош эмес, иш көп.

Табытта жаткан маркум башын көтөрүп айтат дейт анда:

– Менде деле бүтпөгөн иштер толо, бирок ажал келди. Баарын калтырып, бу жарыктан кетип баратам. Мүрзөгө чейин cөөгүмдү көтөрүшкөнгө жардам берип кой эми, сен өлгөндө деле башкалар жардам бергендей болсун, – деген экен.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз