Кыргыз эл жомогу: Чык татырбас Чыгай бай

  • 31.03.2024
  • 4551

Илгери Чыгай бай деген бир бай жашайт. Анын кемпири, кызы, таз койчусу, аялы болот. Чыгай бай тамак-ашка кызганыч, эч кимге эч нерсе жылдырбаган адам. Элден обочо жалгыз үй олтурчу. Бөлөк-бөтөн киши келип калбасын деп, үйүн айланта камыш менен калап, астына камыш төшөөчү. Себеби камыш шуудурап, киши келатканын кабарлап турат эмеспи. Тамагын катып ичип, катып жечү. Ошондуктан ал бай чык татырбас Чыгай бай аталган.

Бир күнү Алдаркөсө чык татырбас Чыгай байдын айылына келди. Бир адамга жолукту.

– Жол болсун… – деди ал адам, Алдаркөсөгө кайрылып.

– Жолоочумун. Кудайы конок дейт ко силердин элде. Тетиги үй кимдики? - Четте турган үйдү сөөмөйү менен көрсөттү.

– Ал үй чык татырбас Чыгай бай дегендики.

– Барсам, кондурар бекен?

– Анда конбоңуз, ачка каласыз, ал эч кимге эч нерсе таттырбас сараң бай.

– Байкашайын барып… – деп Алдаркөсө эл орунга олтурганда чык татырбас Чыгай байдыкына жакын барды.

Атын коктуга байлап койду. Алты канат ак үй, айланасына камыш салынган. Бир короо кой жуушап жатат. Эки жалпак таш таап алып, камыштын арасын шырп алдырбай ачып, ачык жерге таштардан коюп отуруп байдын үйүнө жетет. Үйдүн тешигинен шыкаалап караса, төрдө бай олтурат. Байбичеси баладай камыр жууруп, кызы керчөө, таз койчу шыйрак куйкалап, күңү от жагып, казанда эт кайноодо.

Буларды көргөндөн кийин Алдаркөсө атына барып, куржунун алып келип, оңтойлуу жерге коёт.

– Ассалоому алейкум! – Алдаркөсө салам айтып, шоп этип үйгө кирип барат.

– Алейкума салам! – Чыгай бай шашып калат. – Жол болсун…

– Кудайы конокмун, жолоочулап келе жатат элем, айылым алыс. Жете албай калдым, ошондуктан түнөп өтсөм дедим.

– Кон, кон! Мейман, көргөн-укканыңан айта олтур.

– Көргөнүмдү айтсам, байбиче баладай камыр жууруп, кызыңыз керчөө, койчуңуз шыйрак куйкалап олтурушкан экен.

Экөө бир топко бажактап сүйлөштү. Анан бай уйкусу келген киши болуп:

– Мага жаздык бергиле. Уйку келди кыйшаяйын. Меймандын да башына бир нерсе койгула, сеп этип алсын, – деди.

Кызы эки жаздыкты алып келип, бирин атасына, бирин мейманга берди. Алдаркөсө уктамыш болуп, кээде көзүн ачып, карап коюп жатты.

Чык татырбас Чыгай бай чын эле уктап, анын артынан баары уктап калышты.

Алдаркөсө акырын туруп, казандагы этти чыгарып, куржунуна салып, көтөрүп барып атына бөктөрүп байлап келди. Кулдун шымын, күңдүн дамбалын уурдап, майдалап туурап, казанга салып койду да, уктабай аңдып жатты.

Бир оокумда бай:

– Байбиче-байбиче, тур этти чыгар, мейман уктап калды, – деп шыбырады.

Байбичеси турду, аткуур менен табагын алып, этти чыгарды, дасторкон салып, этти байдын алдына койду. Үй караңгы. Бай этти кессе эле кесилбейт.

– Ой, мунуң эт эмес го. Бир балээ го, – деп кайра жатып калышты. Байдын курсагы ач, өзөгү карайып, уктай албай койдум, – деп дагы шыбырады.

Экөөнүн шыбырашканын Алдаркөсө угуп жатты. Байбичеси:

– Карындагы майдан бир аякка салып берейин, жеп, жылуу-жумшак уктап калгын, – деди.

Чоң аякка сары майдан бычак менен томуруп салып сунганда, байга жеткирбей орто жолдон Алдаркөсө илип кетти. «Майды бай алды» деген ой менен карындагы майды ордуна коё салып, кемпир жатып алды. Алдаркөсө карындагы майды байкатпай алып, катып койду.

– Кана майың, качан бересиң? – деп бай шыбырады байбичесине.

– Э, кокуй, эми эле бербедимби?

– Алганым жок.

Байбичеси карындагы майды сыйпалап карап, таппай калды.

Алдаркөсө карындагы майды көтөрүп барып, канжыгасына байлап, кайра келип жатты.

Эртең менен бай коюн жайытка чыгарды. Алдаркөсө:

– Бай аке, өтүгүмдү жамап алайын, мисиңизди[1] берип турасызбы? – деди.

– Мисимди байбичеден сура.

Кемпирге барып:

– Мисиңизди берип туруңуз? – деди Алдаркөсө.

– Мисим жок, бербеймин, – деди байбиче.

– Бай аке эле, бай аке, байбичеңиз мисин бербей жатат! – деп кыйкырды Алдаркөсө.

– Бер, байбиче, берип кой! – деп бакырды бай.

Кемпири ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, Мис кызын берди. Алдаркөсө Мисти учкаштырып алып, жолго түштү. Бай үйүнө келсе, кызы жок.

– Кызым кана? – деди кемпири.

– Мейман алып кетти! – деди кемпири.

– Эмне үчүн бердиң?

– Өзүң бер, – деп бакырбадыңбы.

– Ал кызды эмес, мисти өтүгүмдү жамап алайын, – деп сураган. Мен өтүк жамоочу мисти бергин дебедимби! – деп өкүнгөн экен сараң бай.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

 

[1][1] Мис – шибеге.

 

Комментарий калтырыңыз