Жек Лондон: Бөрү тукуму

  • 23.12.2020
  • 3577

АҢГЕМЕ

Эркек аялдын баркына дайыма эле жете бербейт, – айрыкча ал үй-бүлөсүнөн ажырап калмайынча анын чыныгы баасын баалап биле бербейт. Ал үй ичинде аял түзгөн жылуулукту байкабайт; бирок ал жок болгондо анын жашоосунда аңгыраган боштук жаралып, болбогон нерселерге туталанып, кандайдыр бир өзү да сезип, билбеген белгисиз нерсени эңсей баштайт. Эгерде ошондой учурда тегерегиндеги достору өзүнөн да турмуш тажырыйбалары аз болсо, алар ага боор оорумуш болуп, ар түрдүү күчтүү дарыларды бере башташат. Бирок ал жардам бербейт – тескерисинче, көңүлү чөгүп, жашоого кызыгын жоготуп, айланасына кайдыгер карап, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей түнөргөндөн түнөрө берет; акыры бир күнү, качан жан-дүйнөсүн ээлеп алган сары оорусу ашынып, адам чыдагыс абалга жеткенде, селт этип эсине келет.

Мындай нерсе Юкондо болсо, жайында кайыгын камдап, а кышында чанасына иттерин куруп, түштүктү карай бет алып жөнөп кетет. Эгерде ал боюнда зор байлык каткан Түндүктүн азгырыгынан чыга албаган адам болсо, бир нече айдан кийин аны менен ушул чөлкөмдүн сөөктөн өткөн суугуна, оор эмгегине жана кадам сайын күтүп турган кыйынчылыктарына макул болуп, башын байлап берген аял менен кайтып келет. Мына, эркектин өзүмчүлдүгүнүн дагы бир айныгыс далили!

Мына ушул жерден тээ илгери, Клондайк лосось балыгын уулаганга ыңгайлуу жай катары гана белгилүү болуп, алтын издөөчүлөрдүн араандары ачылып, бул жакты каптаган жаңы адамдар келе элек кезде Бирюк Маккензинин башынан өткөзгөн окуясы эрксизден эске түшөт.

Бирюк Маккензини бир көргөн киши эле анын жаңы жерлерди өздөштүргөнү келген алгачкы пионерлерден экендигин таанымак. Жыйырма беш жыл тынбай кармашып келген катаал жаратылыш анын жүзүнө өз мөөрүн баскан болчу; айрыкча, Түндүк уюлдун асманы алдындагы катылган алтынды издеген акыркы эки жыл эң оор жылдардан болгон эле.

Анын көңүлүн чөгөргөн боштук сезим ээлеп алганда гана Бирюк өз өмүрүндө мындай оору менен ооруган көп адамдарды көрүп-билип жүргөн, ар бир ишти орду менен кылган эпчил, бүйрө адам болгондуктан, өз абалына көп деле маани берген жок. Болгону ал жумушка баш оту менен кирип, мурдагыдан да берилип катуу иштей баштады. Жайлата келечектеги кирешесинин эсебинен шаймандарын камдап, чиркейге таланып Стюарт дарыясынын жээктеринде тыным албай кум чайкап жүрдү. Андан соң жоон карагайлардан кесип алып бириктире таңып, сал жасап, Юкон аркылуу Кыркынчы чакырымга чейин сүзүп барды да, ал жерге келиштире үй салып алды. Бул бекем жана жайлуу үйдө Бирюк менен чогуу жашагысы келген ургаачылар чекеден табылды. Бирок ал андайлардын үмүтүн бир-эки ооз сөз менен эле таш каптырып, бирин да өзүнө жолоткон жок, жакын жайгашкан соода борборунан тамак-аштын корун эки эселентип камдап алды.

Мурда айтылгандай Маккензи бүйрө адам болчу. Адатта ал көздөгөнүнө жетмейинче жаны тынбай аракеттенчү, бирок ошол эле убакта өзүнүн көнүмүш адаттарын таштабай, бараткан багытынан мүмкүн болушунча четтечү эмес. Оор эмгек менен сыноолор ал үчүн жаңылык болбосо дагы, алты жүз чакырым жерге муз менен итке чегилген чананы башкарып барып, эки миң чакырым океанды сүзүп өтүп, андан ары дагы миң чакырым мурдагы жашаган жерине чейин баруу – ошонун баарын болгону аял алуу үчүн жасоону туура тапкан жок. Жашоо ансыз да кыска. Ошондуктан ал иттерин чанага куруп, ага бир аз демейдегиден башкача жүк артты да, Танан дарыясы агып чыккан тоо кыркаларынын батыш жак этектерин көздөп сапарга чыкты.

Ал жол жүрүүдөн чарчоону билчү эмес, анын иттери Юкондогу эң чыдамкай жана күлүк иттер катары таанымал. Үч аптадан кийин ал Танандын жогор жагында жайгашкан стикс уруусунун конушуна жете келди. Аны көргөн стикс уруусунун адамдары таң калып жатышты. Жогорку Танандагы бул уруунун жаман атагы бар эле; алар болбогон бир себептер менен, мисалы: курч балта же сынып калган мылтык үчүн эле ак адамдарды өлтүрүшкөн бир нече учурлар болгон. Ага карабай Бирюк Маккензи аларга батынып жалгыз келди, анын бардык кыймылынан тагдырына моюн сунуунун, кысылбай өзүн ээн-эркин алып жүрүүнүн, салкын кандуулуктун, оройлуктун укмуштуудай аралашмасын көрүүгө болор эле. Мындай көп түрдүү куралды ийгиликтүү колдонуу үчүн жапайылардын психологиясын терең билүү керек; Маккензи бул жагынан алдына киши чыгарбаган чебер, ал кайсыл учурда жылуу сөз менен алдашты, кайсыл учурда чагылган сыяктуу чартылдап сүр көргөзүштү мыкты билчү.

Ал адегенде эле уруу башчысы Тлинг-Тиннехтин алдынан өтүп, ага бир нече фунт кара чай жана тамеки тартуулап, анын жүрөгүн жибитти. Анан уруунун жигиттери, кыздары менен таанышып, ошол эле кечте кичинекей той уюштурду. Кары тапталган узундугу жүз футка жакын, туурасы жыйырма фут келген аянтчанын ортосуна алоолонгон чоң от жагышып, тегерете карагайдын жашыл бутакчалары менен кооздоп коюшту. Кары-жашына карабай уруунун адамдары алачыктарынан чыгып келишип, жүздөн кем эмес адам коноктун урматына индейлердин ырын созолонтуп ырдап жатышты.

Акыркы эки жылда Бирюк Маккензи индейлердин тилин үйрөнүп алган, – бир нече жүз сөздү жаттап, тамагынан аларга мүнөздүү үндөрдү чыгарганды, сүйлөшүүнүн өзгөчө, кызыктуу формалары менен айтымдарын, адамга сый көрсөтүүчү жана көмөкчү сөздөрдү туура пайдаланууну өздөштүргөн.

Мына эми ал алардын эң алгачкы коомдогу поэзияга бай тил өзгөчөлүктөрүн колдонуп, арасына одоно салыштырууларды эч тартынбай кошуп бакылдап жатты. Тлинг-Тиннех менен бакшы ошол эле стилде ага жооп беришти, андан соң ал эркектерге ала келген белектерин таркатып, алар менен чогуу ырдады, алардын сүйүктүү “элүү эки” деген кумар оюнун ойноп, мыкты оюнчусу экендигин көргөздү. Алар анын берген тамекисин чегип, ага абдан ыраазы.

Ошентсе да, уруунун жаштарынын пикири башкача эле, алардын көз караштарынан аны теңине албоочулук менен кыйынсынуунун белгилери сезилип; тиши жок кемпирлердин ыргыткан одоно тамашалары менен жаш кыздардын кыткылыктап күлүшкөнүнөн эле иштин жайы кандай экенин баамдаса болмок. Алар ак адамдарды – Бөрүнүн тукумдарын – көп деле жолуктурушкан эмес, бирок ошол бир аз эле келип кеткен адамдар аларга кандайдыр бир сабактарды берип кетишкен.

Сыртынан бейгам көрүнгөн менен Бирюк Маккензи бул абалды көз жаздымынан кетирбей байкап турган. Түнүчүндө төшөгүнө жатып алып, бардыгын кайрадан электен өткөзүп, таразалап чыкты, канжасын кайра-кайра түтөтүп майда-баратынан бери эске алып, эмне кылыштын долбоорун ойлоп койду.

Кыздардын ичинен бирөө анын көңүлүн өзүнө бура алды, ал уруу башчысынын өз кызы Заринка. Ал уруунун кыздарынын ичинен өзгөчөлөнүп турган; жүзүнүн, денесинин түзүлүшү, олтуруп-турганы ак адамдын сулуулук жөнүндөгү калыптанган ой-пикирине көбүрөк дал келди. Ал кызды кандай болсо да аялдыкка алат жана аны... мейли, Гертруда деп атап алат! Ушундай чечимге келип Маккензи, – жеңишчил тукумдун чыныгы уулу, капталына оодарылды да катуу уйкуга кетти.

Бул көп эмгекти жана убакытты талап кылган кыйын маселе, Бирюк Маккензи куулук менен аракет кыла баштады, анын камырабаган кебетесинен индейлер анын куулугун сезишкен жок. Ал эркектерге өзүнүн көзгө атар кыйын мергенчи экендигин далилдегиси келип, ал алты жүз ярд аралыктан багышты бир атып тоголоткондо бүт уруунун эли кол чабышты.

Бир жолу кечинде ал уруу башчысы Тлинг-Тиннехтин багыш жана бугунун териси менен жабылган алачыгына келди, ал андан мактоосу менен тамекисин аябады. Бакшыга да дал ошондой мамиле кылганды унуткан жок: анткени ал уруу анын пикири менен эсептешерин жакшы түшүнчү, анын колдоосу ага сөзсүз керек болчу. Бирок бул кадырлуу адам өзүн андан оолак тутуп, ага деген ачуусун басып, жумшак мамиле кылгысы келген жок, ошондуктан Маккензи аны келечектеги душмандарынын катарына эч ойлонбостон кошуп койду.

Заринка менен бетме-бет жолугушууга шарт болгон жок, бирок Маккензи аны көз карашы менен арбап, ага өз ниетин билдирүүгө бүт аракетин кылды. Албетте, Заринка анын ниетин жакшы түшүндү, бирок назданып айланасына толтура кыз-келиндерди ээрчитип, ошентсе да эркектер жок жерде Бирюк ага жакындап барууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал шашылган жок; ал кыз өз эркинен тышкары ал жөнүндө ойлонуп жүргөнүн жакшы билчү, мейли дагы бир-эки күн ойлосо жаман болбойт деп койгон.

Акыры бир күнү кечинде кыз менен сүйлөшүүгө убакыт жетти деп чечти; ал тез өйдө туруп, тамекинин түтүнүнө толуп, дем алууга кыйын болуп думугуп турган уруу башчысынын алачыгынан чыгып, кошуна алачыкка жөнөдү. Заринка адатынча топ келин-кыздын ортосунда олтуруптур; алар чогулуп алып, бири териден жумшак бут кийим тигип, экинчилери кийимдерге кооздоп шуру бастырып жатышкан. Маккензи кирип барганда катуу күлкү менен тосуп алышты, анын жана Заринканын дарегине ар кандай тамашалар жаады. Ал эч ойлонбой, кыз-келиндерди биринин артынан бирин алачыктан сырттагы кар үстүнө ыргытып кирди, коркуп кеткен кыздар болгон окуяны башкаларга айтып бериш үчүн шашылып, конушту аралай чуркап кетишти.

Ал Заринкага айта турганын индей тилинде (Заринка анын тилин билчү эмес) ишенимдүү айтып түшүндүрдү жана эки сааттан кийин кетүүгө камынганын айтты.

– Демек, Заринка ак адамдын алачыгында жашаганга макул экен да? Жакшы! Азыр барып атаң менен сүйлөшөм, балким ал дагы эле макул эместир. Мен ага көп белектерди берем, бирок ашык эч нерсе сурабасын. Ал балким “жок” десе анда сен айтасыңбы? Анда макул! Заринка баары бир ак адамдын алачыгына барат.

Ал сыртка чыгууга камданып, алачыктын эшигин калаган терини көтөрүп ача баштаганда, кыз акырын үн чыгарып, аны өзүнө чакырды. Ал артка кайтып кыздын алдына келгенде, кыз жерге салынган аюунун терисине чөгөлөп олтура калды; анын жүзү Еванын чыныгы кыздарынын жүзү сыяктуу нурданып; ал Маккензинин салмактуу курун уялыңкы чече баштады. Маккензи аны таң кала карап, сырттан чыккан ар бир шыбыртты чочулай тыңшап жатты. Бирок кыздын кийинки кыймылы анын шек саноосун жокко чыгарды, ал көңүлү көтөрүлүп жылмайып койду.

Кыз өзүнүн кол эмгегине керектүү буюмдарын салган баштыгынан багыштын терисинен тигилип, майда суу мончоктор бастырылып, кереметүү оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн бычактын кынын алып чыкты. Маккензинин мергенчилер үчүн жасалган чоң бычагын эски кынынан сууруп чыгып, мизин манжалары менен сылай кармап көрдү да, аны жаңы кынга салып, бычакты өз ордуна – анын сол капталына жылдырды да, курду кайра тагып берди.

Чынында эле бул өткөн бир алыскы замандын көрүнүшүнөн болчу: айым жана рыцарь. Маккензи кызды өйдө көтөрүп тургузду да, эрдин анын борсойгон кызыл эриндерине тийгизди – бул ал үчүн мурда угуп көрбөгөн, тааныш эмес, бөтөн, Бөрүнүн эркелетүүсү эле. Таш доору менен темир доору ушинтип жолугушту.

Маккензи колтугуна чоң таңгакты көтөрүп алып Тлинг-Тиннехтин чатырынын босогосун аттаган кезде, чатырдын айлансы адаттагыдан башкача жандана баштады. Балдар ары-бери жүгүрүп отко жагуу үчүн кургак чырпыктар менен бутактарды ташып келип жатышты, аялдардын кобур-собуру көбөйүп, кабактарын бүркөп алышкан жаш мергенчилер топ-топ болуп, бакшынын алачыгынан анын жиндерин чакырып ак урганы угулат.

Уруу башчысы аялы менен бозоргон көздөрү менен бир жерди тиктеп үтүрөйүп олтурушуптур, Маккензи дароо эле анын эмнеге келип, эмне жөнүндө сөз козгой турганы буларга небак белгилүү экенин түшүндү. Ал суу мончок менен шөкөттөлгөн кындагы бычагын көрүнөө кылып жылдырып койду, бул анын кыздын макулдугун алдым деген ишараты болчу. Ал токтолбой ишке киришти.

– О Тлинг-Тиннех, стикс уруусунун жана бүткүл Танан өлкөсүнүн кубаттуу өкүмдары, багыштын, бугунун, лосостун жана аюунун кожоюну! Ак адамды сага улуу максат айдап келди. Көп айдан бери анын алачыгы бош жана жалгыз. Жымжырттыкта анын жүрөгү кайгыга батып аялды эңсейт. Анын очогун күйгүзүп, аңчылыктан келгенде тамак-ашын жайнатып, күлүп тосуп алган зайыпты самайт.

Ак адамга кызыктай элестер келди, ал өз алачыгынан териден тигилген жеңил бут кийимдин жана кичинекей балдардын дабышын укту. Бир жолу ага аян келди.

Кузгун – сенин бабаң, улуу Кузгун, стикс уруусунун атасы ага келип аны менен сүйлөштү. Кузгун ак адамга эмне дегенин ук: “Бут киймиңди кий да лыжаңды байлан, чанаңды узак жолго камдап, Тлинг-Тиннехке арналган белектерди жүктө, жүзүңдү жазгы күн  жердин четиндеги уясына жашынган тарапка каратып, улуу Тлинг-Тиннех аңчылык кылган чөлкөмгө жөнө. Сен ал жакка көп баалуу белектерди алып барасың, менин уулум – Тлинг-Тиннех – сенин атаң болот. Анын алачыгында мен атайын сен үчүн жашоо берген кыз бар. Сен аны аял кылып аласың”. О жол башчы, улуу Кузгун дал ушинтип айтты. Ошондуктан бул белектерди таманыңдын алдына таштап тартуу кылам. Ошондуктан мен сенин кызыңды алайын деп келдим.

Карган жол башчы падышанын сөөлөтү менен териден тигилген кийимин кымтыланып жамынды, бирок жооп берүүгө шашылган жок. Ошол убакта чатырга бир бала кирип келди да, аны уруулардын кеңешине чакырып жатканын айтып чыгып кетти.

– О биз Багыштардын Коркунучу атаган, мындан тышкары Бөрү жана Бөрүнүн Тукуму деген ысымдар менен белгилүү ак адам! Биз сенин улуу уруудан чыкканыңды билебиз; биз сендей адамды коноктогонубузга сыймыктанабыз; бирок кета балыгы багыш менен жуп эмес. Ошондой эле Бөрү Кузгунга жуп боло албайт.

– Бул туура эмес, – деп жооп узатты Маккензи. – Мен Кузгундун кыздарын Бөрүлөрдүн жатактарынан жолуктургам – Мортемирдикинде, Тре Жидгонукунда –Бернебиникинде – анын үйүндө индей кызы эки жолу муз тоңгондон мурда кирген; мен башкалар жөнүндө өз көзүм менен көрбөсөм да уккам.

– Сен туура айтасың, уулум, бирок алар туура эмес, начар баш кошуулар болгон: суу менен кумду же кар менен күндү үйлөнткөн сыяктуу. А сен Мэйсон деген адам жана анын индей аялы тууралуу билесиңби? Ал Бөрүлөрдүн ичинен биринчи жолу бул жакка он жолу муз тоңгондон мурда келген. Аны менен гризли аюусундай күчтүү, тал чыбыктай ийкемдүү, жайкы толгон ай сыяктуу жүрөгү бар алп адам келген. Мына ошону...

— Ал Мейлмют Кид да! – Маккензи анын оозунан сөзүн жулуп кетти, анын сүрөттөгөнүнөн бүткүл Түндүккө белгилүү адамды таанып.

– Ооба, ошол алп. Бирок сен Мэйсондун аялын көрдүң беле? Ал Заринканын бир тууган эжеси.

– Жок, жол башчы, мен аны көргөн эмесмин, бирок ал жөнүндө уккам. Алыскы-алыскы Түндүктө кылымдап өскөн чоң карагай салмагын көтөрө албай жыгылып, Мэйсонду басып калып каза болгон. Ал аялын аябай сүйгөн жана анын көп алтыны бар болчу. Аял андан калган алтын менен баласын алып узак жолго сапарга чыгат, көп сандаган жолдорду басып өтүп, кышында да күн тийип турган өлкөгө барат... Ошол ызгаар суугу жок, калың кар жатпаган, жайында түн ортосунда күн чыкпаган, кышкысын да караңгы түндүн кучагында калбаган аймакта ушул убакка чейин жашап жүрөт.

Ушул жерден анын сөзүн экинчи жолу кеңешке чакырып келген чабарман бузду. Аны карга алып ыргытып жиберип, Маккензи оттун тегерегинде кеңешке чогулган адамдардын ары-бери чайпалып бийлеп, бир кылка чыккан бийик үндөрү менен ырдап жатышканын көзү чалды, ал бакшынын уруусунун адамдарын ага каршы тукуруп жатканын түшүндү. Убакыт күтпөйт эле. Ал жол башчыга кайрылды.

– Мени ук! – деди ал. – Мен сенин кызыңды аялдыкка алгым келет. Бери кара, мынакей тамеки, мына чай, биртоп табак кант, жылуу төшөк жана чоң жылуу жоолуктар, а бул чыныгы мылтык ок-дарысы менен.

– Жок, –деди карыя, алдына коюлган байлыктын азгырыгына чымыркана чыдап. – Азыр менин уруумдун адамдары кеңешке чогулушту. Алар менин Заринкамды сага беришимди каалашпайт.

– А сен алардын жол башчысы эмессиңби?

– Ооба, башчымын, бирок биздин жаштардын жиндери келип жатат, анткени Бөрүлөр алардын колуктуларын тартып кетүүдө.

– Мени ук, Тлинг-Тиннех! Түн күнгө өткүчө Бөрү өз иттерин Чыгыш тоолорун көздөй, андан ары алыскы Юконго айдап жөнөйт. А Заринка ал иттердин алдында чыйыр салат.

– А балким, бул түн жарымына жеткиче, жигиттер Бөрүнүн этин иттерине ыргытып, анын сөөгү кар алдында тепселип, ал жерде жазгы күн карды эриткиче жатпасын.

Опузага опуза менен жооп болду. Маккензинин коло сыяктуу каратору жүзү кызарып чыкты. Ал үнүн бийик чыгарды. Ушул мүнөткө чейин унчукпай угуп олтурган жол башчынын байбичеси анын жанынан сыртка чыгып кетмекчи болуп туруп жөнөдү. Сырттагы ыр токтоп, көпчүлүктүн күжүлдөгөн үндөрү чыга баштады. Маккензи байбичени, тери салынган ордуна катуу түртүп отургузду.

– Тлинг-Тиннех! Мен сага дагы бир жолу айтам, жакшылап угуп ал! Бөрү жаагы карышып тиштеген боюнча өлөт, аны менен кошо сенин урууңдун он мыкты жигити түбөлүккө уйкуга кетет. А эркектер керек, аңчылык кылар мезгил жаңыдан эле башталды, балык кармоочу мезгил да аз эле ай чыккан соң келип калат. Менин өлүмүмдөн сага эмне пайда? Мен силердин салтыңарды жакшы билем: менин байлыгымдан сага бир аз эле үлүш тиет. Кызыңды берсең, анын баары сеники. Дагы айтарым: бул жерге менин уруумдун адамдары келип өч алышат, алар абдан көп жана сугалак. Кузгундун кыздары Бөрүлөрдүн үйлөрүндө бала туушат. Менин уруум сеникинен күчтүү. Бул ушундай тагдыр. Кызыңды мага бер, бул оокаттын баары сеники болот.

Сырттан бут алдында кар кычырап келаткан адам дабышы чыкты. Маккензи белиндеги эки тапанчанын кабынын оозудагы топчусун ачып, мылтыгын атканга даяр турду.

– Тлинг-Тиннех, кызыңды бер!

– Бирок менин элим “жок” дейт!

– Бере бер, байлык сеники, а эл менен өзүм сүйлөшөм.

– Мейли, сен каалагандай болсун, Бөрү. Белектериңди кабыл алам, бирок эсиңде болсун, мен эскерттим.

Маккензи белектерин берип, ошол эле убакта мылтыгынын кулпусун ачканды да унуткан жок, белекке көз жоосун алган жибек жоолук кошуп койду. Чатырга алты-жети жаш жоокердин коштоосунда бакшы баш бакты, бирок Маккензи аларды сыртка түртүп салып артынан өзү да чатырдан чыкты.

– Камдана бер! – деди ал Заринкага, анын алачыгынын жанынан өтүп баратып, анан тез-тез кыймылдап иттерин чанага кура баштады.

Бир нече мүнөттөн кийин ал чанага курулган иттерин жетелеп кеңешке келди, кыз анын жанынан калбай жанаша жүргөн. Ал кары тапталган аянтчанын башында, жол башчы жанына барып аны менен катар турду. Заринканы өзүнүн сол жагынан, бир кадам арт жактан өзүнө тиешелүү орунга тургузду. Кокус бир нерсе болсо, анын арт жагын сактаган бирөө керек болмок.

Эркектер отко таазим кылышып, чурулдап байыркы унутулуп бараткан ырым-жырым ырларын ырдашты. Бул ырды укмуш ыр деп айтканга болбойт эле, кайрыктары бир кылка чыкпай кыйкырык аралаштыра ызы-чуу болушуп, капилеттен токтой калышып, тажатма кайрыктарын улам кайталашат. Бул ырдоо үчүн эмей эле кимдир-бирөөлөрдү коркутуу үчүн чыгарылган десе туура болчудай.

Аянтчанын ылдый жагында ондон ашык аял бакшынын жанында ырым-жырым бийин бийлешип, тегеренип жүрүштү. Бийди көңүлдөнүп бийлебеген аялдарга бакшы катуу жинденип, аларды зекип жатты. Далыларынан ылдый коё берилген узун кара чачтары, Кузгундун канаттары сыяктуу эки жакка жайылган аялдардын денелери улам өзгөргөн музыканын ритмине ээрчип ары-бери ийилип, чайпалышат.

Бул таң каларык көрүнүш, эски доордун бир үзүмү сыяктуу эле. Түштүктө он тогузунчу кылым аягына чыгып, анын акыркы он жылдыгынын соңку жылдары өтүп жатса – а бул жерде эң алгачкы, адамдар үңкүрлөрдө жашаган доордун көлөкөсү, анын унутулуп калган бир сыныгы өз бийлигин таштап кете албай тургансыйт. Көздөрү кызарып канталаган чоң сары дөбөттөрдүн кээси териден жасалган кийим кийген кожоюндарынын жанында тилдерин салаңдатып отурушса, айрымдары азууларын күйгөн оттун нуруна чагылыштырып бири-бири менен от жанына орун талашып ыркырашат.

Кар жамынган калың токой бул жерде эмне болуп жатканы менен иши да жок, катуу уйкунун кучагында мемирейт. Конушту көз ирмемге таштап, чытырман токойго кирип кеткен Аппак Жымжырттык, кайрадан кайтып келүүгө камданып алгансыйт; кадимки Улуу Суукта боло жүрчү адаты менен асманда жылдыздар жымыңдап бийлешип, Түндүктүн Ээлери бүткүл асманды жаркыраган оттуу кийимине ороп-чулгап турду.

Бирюк Маккензи, өз эркинен тышкары, бул жапайы кооздуктун улуулугун бир саамга сезиминен өткөздү да, оттун айланасында тизилип, кыймылсыз олтурган тери кийимчендерди кыдырата карай баштады. Бир көз ирмемге анын көз карашы энесинин жылаңач төшүнө башын коюп, бейкапар эмчек ээм жаткан жаңы эле төрөлгөн ымыркайга түштү. Суук кырк градустан төмөн – жетимиш градуска жакын болуп турган. Маккензи өз өлкөсүндөгү назик аялдары эстеп, ууртунан жылмайып койду.  

Ошентсе да ал, ошол назик аялдардын биринин төрөгөн уулу, бабаларынан кургактагы жана деңиздеги, жаныбарлар менен жер шарынын бардык булуң-бурчтарындагы адамдардын үстүнөн үстөмөндүк кылуу жөндөмдүүлүгүн мурас кылып алган эле. Жүз адамга каршы өзү жалгыз, арктикалык кыштын кучагында, туулган жеринен алыс турса да, бийликке жетишүүгө болгон эрки, тобокелчиликтерден качпай, ажалга тике карап, согушка жалтанбай кирип, жеңишке жетишүүгө болгон умтулуусу – мына ошол мурастын илеби экенин сезип турду.

Бир кезде ыр менен бий токтоп бакшы сүйлөп кирди. Татаал жана чатыштырган ыкмалар менен, индейлердин бай уламыштарын пайдаланып, ал ишенчээк угуучуларынын көңүлүн өзүнө билгичтик менен бура баштады. Анын айткандары жалындуу жана ишенимдүү эле.

Кузгундун тынчтыкты сүйгөн, жаратмандык башталышына ал Бөрү-Маккензинин согушчул-талоончул жаратылышын каршы койду. Бул башталыштардын согушу, Жогору жактагылардын эле кагылышы эмес, алардын тукумдарынын, бул жердеги адамдардын да кармашы, ар ким өз тотемин коргойт.

Стикстердин уруусу – Желкс Кузгундун, Прометейдин отун сактоочунун балдары; Маккензи – Бөрүнүн уулу, башкача айтканда, шайтандын тукуму. Бул эки башталыштын ортосундагы башы-аягы жок бүтпөгөн согушту токтотуп, уруунун кыздарын элдешкис душмандарга берүү – демек, улуу чыккынчылыкка баруу жана маскарачылык. Эң орой айтылган сөздөр, эң чоң кемсинтүүлөр Маккензиге – ишенимге кирүү үчүн акырын жылып сойлоп кирген уу жыланга, шайтандын элчисине аздык кылат.

Ушул жерден угуучулардын каардуу үндөрү чыгып, бакшы сөзүн андан ары улантты:

– Желкс кудуреттүү, менин бир туугандарым! Биз жылынган асман отун ал алып келген жок беле? Бизди көрүп турсун деп күндү, айды, жылдыздарды алардын асмандагы уясынан алып чыккан жок беле? Сууктун жана Ачарчылыктын ээлери менен кармашканды бизге ал үйрөткөн жокпу? А азыр ал өз балдарына ачууланып жатат, уруудан бир ууч эл калсак дагы, ал эми жардамга келбейт. Анткени алар аны унутуп коюшту, жаман иштерге барышты, жаман жолго түшүштү, душмандарды өз алачыктарына киргизип, очогунун жанынан орун беришти. Ал өз балдарынын жаман жоруктарына капа болуп жатат.

Бирок алар кандай пастыкка барышканын түшүнүп, Желкске кайткандарын билдиришсе, ал караңгы жерден чыгып келип аларга көмөк көрсөтөт.

О бир туугандарым! – Отту алып жүрүүчү бакшыга өз эркин жарыя кылды: – Эми аны силер да жакшылап уккула. Жигиттер кыздарды алачыкка кийирип, Бөрүгө тартынбай качырып киришсин, жана да алардын жек көрүүсү азайбасын! Ошондо аялдар силерге бала тууп, Кузгундун эли көбөйөт жана кубаттуу болот. Ошондо Кузгун аталарынын жана бабаларынын урууларын Бөрүлөр менен болгон кармашка баштап чыгып, аларды былтыркы оттун күлүнө айлантып, жок кылгыча согушуп, кайрадан өз өлкөлөрүнүн бийлигин колго алышат. Желкс, Кузгун мына ушинтип айтты!

Жакында аларга Жогору жактан келер мындай жардамды угушканда стикстер тамактары айрылгыча кыйкырып тура калышты. Маккензи кол кабынан манжаларын чыгарып күтүп калды.

“Түлкү!”, “Түлкү!” деген кыйкырыктар чыгып, ал улам катуулай баштады; акыры элдин арасынан жаш мергенчилердин бири суурулуп чыгып сүйлөп кирди:

– Бир туугандар! Бакшы акылдуу сөздөрдү айтты. Бөрүлөр бизден бала төрөп берчү кыздарыбызды алып кетип жатышат. Бизде саналуу, бир ууч кыз калды. Бөрүлөр биздин баалуу терилерибизди алып, ордуна бөтөлкөдөгү жин-шайтанды, жана сүлөөсүндүн, кемчеттин терисинен тигилген кийимдердин ордуна чөптөн жасалган кийимдерди беришүүдө. Ал кийимдердин жылуулугу жок, биздин адамдарыбыз белгисиз оорулардан өлүп жатышат. Мына менин, Түлкүнүн аялы жок. А эмне үчүн?  Анткени мага жаккан кыздар эки жолу Бөрүлөрдүн конушуна кетти. Мына азыр да мен кемчеттин, багыштын, бугунун терилерин чогултуп, Тлинг-Тиннехтин кызы Заринканы алыш үчүн атасынан бата алууга камданып жүргөм. Эми ал лыжасын байланып, Бөрүнүн дөбөттөрүнө жол баштап, чыйыр салууга даярданып калды. Мындай абалда калган жалгыз эле мен эмесмин. Мен айтканды Аюу дагы кайталап айта алат. Ал дагы Заринканын балдарынын атасы болгусу келип, Тлинг-Тиннехке берүү үчүн көп аң терисин камдап алган. Мен бардык жаш аңчылардын атынан сүйлөп жатам. Бөрүлөр дайыма ачка жүрүшөт. Аларга дайыма таттуу, чоң сындырым тийип, бизге Кузгундарга күкүмдөрү калат.

– Мына мобул Гуклды карагылачы! – Түлкү сөөмөйү менен аялдардын бирин көргөздү; ал аял аксак болчу. – Мунун буттары кайыктын кыры сыяктуу кайкайып турат. Ал отун терип, көтөрө албайт, аңчынын артынан жүрүп атылган кушту да жыйнап, алып келгенге жарабайт. Аны Бөрүлөр алышабы?

– О! О! – деп аны коштоп кыйкырышты Түлкүнүн туугандары.

– А бул Мойри, – деп сөзүн улантты ал. – Каардуу жиндер анын көзүн кыйшайтып салган. Анын кебетесин көргөндө жадагалса ыйлаган бала сооронуп, аюунун өзү жолдон чыга качат. Анын Бөрүлөргө кереги барбы?

Кайрадан анын сөзүн туура деп күүлдөп калышты.

– Эми бул жерде олтурган Писчетти карагыла. Ал менин айткан сөзүмдү укпайт. Ал эч качан бирөөлөрдүн сүйлөшкөнүн, күйөөсүнүн үнүн, баласынын былдырагын уккан эмес. Ал Аппак Жымжырттыкта жашайт. Бөрүлөр аны жок дегенде бир карап коюшат болду бекен? Жок! Алар олжолорун тандап алышат. Бизге калдыктары тиет. Туугандар! Мындан ары мындай болбойт! Бөрүлөрдүн биздин оттун жанында келишине мындар ары жол жок! Биз ага жол бербейбиз! Убакыт жетти!

Кочкул көк, жашыл, сары түстөр бири-бирине куюлушуп, жалынга окшогон зор тасмал – түндүк жаркырагы бүткүл асманды ээлеп алган эле. Түлкү жүзүн асманга каратып чалкалап, эки колун канат сыяктуу жайып, үнүн катуу чыгарып мындай деп сөзүн улады:

 – Карагылачы! Ата-бабалардын арбагы ойгонду! Бүгүнкү түнү улуу иштер болот!

Ал сөзүн бүтүрүп артка барып жоокерлерге аралашты, алдыга башка бир жаш аңчыны көчүгүнөн түрткүлөп чыгарышты. Чекинсиз чыккан бул жигиттин бою жанындагылардан алда канча узун экен, суукту тоотпогондой кең көкүрөгүн жакжайтып ачып алган. Ал салмагын улам бир бутуна оодарып, сөзүн эмнеден баштаарын билбей буйдалды. Ал эби жок жана уялчаак болчу. Анын бетин адам оңой менен тик карай албагыдай эле: кайсы бир убактарда оңбогондой катуу сокку жеген сыяктуу. Акыры ал жылаңач төшүн барабанды сокконсуп муштуму менен бир коюп алып, сүйлөй баштады; анын үнү күңгүрөнүп, океандын жанындагы үңкүрдө катуу толкундун үнү жаңыргансып чыкты.

– Мен, Күмүш найза жана Күмүш найзанын уулу Аюумун. Менин үнүм кыздын үнүндөй уккулуктуу кезинде сүлөөсүн, багыш жана бугу аткам; үнүм капканга түшкөн сүлөөсүндүн үнүндөй чагымда, мен Түштүк Тоолорун айланып өтүп, Ак деңиз уруусунун үч адамын өлтүргөм; ал эми ал үнүм Чинуктун үнүндөй күрүлдөп жоонойгондо мен күрөң аюуга жолуктум, жана мен ага жол бошоткон жокмун. – Ал үнүн басаңатып, алаканы менен жаагындагы тырыгын сылап койду. Анан сөзүн кайрадан улады: – Мен Түлкү эмесмин. Менин тилим дарыя сыяктуу тоңуп турат. Мен сулуу сөздөрдү сүйлөй албайм. Менин айтар сөзүм аз. Түлкү: “Бүгүн түнү улуу иштер болот!” дебедиби. Жакшы! Анын тилинен сөз жазында кирген суудай чыгат, бирок ишке келгенде ал кашаң. Бүгүн түнү мен Бөрү менен кармашка чыгам. Мен аны өлтүрөм, Заринка менин очогумдун жанында болот. Мен Аюу, айтарымды айттым.

Маккензинин айланасында накта тозоктун бороону удургуй баштады, бирок Маккензи козголгон жок. Мындай жакын аралыктан мылтыктан пайда азын билгендиктен, курундагы тапанчаларды акырын алдыга жылдырып, эми анын манжалары көз ирмемде ишке киришкенге даяр эле. Ал баары бир убакта каптап киришсе иш чатак жагына айланарын түшүндү, бирок жана өзү мактанып айткан сөзүнө туруп, тайманбай кармашып, душманынын тамагына азуусун матыра тиштеп, ошол боюнча коё бербей өлүүгө камданды.

Бирок Аюу өз туугандарын артка кайырды, кээ бир кызуу кандууларын муштуму менен тынчтандырды. Жаалданган элдин деми кайтып, бороон акырындап басаңдай баштагансыды, Маккензи көз кыйыгы менен Заринканы карады.

Бул эми укмуштуудай көрүнүш болчу. Ал бутундагы лыжасы менен, оозу бир аз ачылып, алдыга жүткүнүп, көбө түшкөн таноолору бүлкүлдөп, секиргенге камданган ургаачы арстандай комдонуп турган экен. Анын уруулаштарын тиктеген капкара көздөрүндө коркунуунун жана эрегишүүнүн белгилери бар эле. Бүт турпаты тартылган жаадай керилип, дем алганды да унутуп калгансыйт. Бир колун көкүрөгүнө коюп, экинчи колуна шапалакты бүктөй кармап кыймылдабай катып калыптыр. Маккензи аны караганда, ал өзүнө келе түштү. Чыңалган денесин бошотуп, терең дем алды да, аны берилген, сүйүүгө толо көз карашы менен карап койду.

Тлинг-Тиннех бир нерсе айтмакчы болду эле, бирок анын үнү ызы-чууда угулбай калды. Ошондо Маккензи алдыга чыкты. Түлкү ага бир нерсе деп оозун жаңы эле ачып келатканда Маккензи аны карай жулунду. Түлкү арттын карай кетенчиктеп,  чаңырып жиберди. Түлкүнүн коркуп кеткенин уруулаштары шылдыңдаган катуу каткырык менен тосуп алышты, эми алар Маккензинин айтканын угууга даяр болушчу.

– Бир туугандар! –деп баштады Маккези. – Силер Бөрү деп атаган ак адам, силерге ак ниети менен келди. Ал иннуиттер сыяктуу калп айтпайт. Ал силерге дос катары, бир тууган болсом деп келди. Бирок силердин эркектер өз сөздөрүн айтышты. Тынчтык менен сүйлөшчү сөздөрдүн убагы бүттү. Анда эмесе мени уккула: эң биринчиси,  силердин бакшыңар – былжыраган кара ниет жана калпычы адам, анын Жогору жактан айтты деген кабары – жалган кабар, ал Отту Алып жүрүүчүнүн каалоосу эмес. Анын кулагы Кузгундун айткандарын уга албайт, ал мындай арамза  ойлорду өзү ойлоп тапты, ал силерди алдап жатат. Ал алсыз. Силер өз итиңерди өлтүрүп аны жегенге мажбур болгондо; териден тигилген бут кийимиңерди ашказаныңар сиңире албай жатканда; ачарчылык менен оорудан карыялар менен байбичелер, эмчегинен сүт чыкпай калган энелердин ымыркайлары өлүп жатышканда; жериңерди кара туман каптап, тирүү жандыктардын баары кырылып жатканда – силердин бакшыңар мергенчилерге ийгилик алып келди беле? Кардыңарды этке тойгузду беле? Дагы айтам бакшы эч нерсеге алы жетпейт. Мына, карап тургула, мен аны бетине түкүрөм!

Бардыгы мындай күтүлбөгөн кордоого ооздору ачыла түштү, бирок эч ким үн чыгарган жок. Кээ бир аялдар коркуп кетишти, а эркектер толкунданып, азыр эле бир кереметтин болушун күтүп калышты. Бардыгынын көңүлдөрү болуп жаткан окуянын эки каарманында эле. Бакшы чечүүчү учур келгенин түшүндү, таасири бошоңдоп баратканын сезип, каяша айтууга оозун камдап калган, бирок ал өз оюнан кайра тартты: Маккензи муштумун түйүп, атып жиберчүдөй көз карашы менен аны көздөй жулунуп келаткан. Бакшы коркуп кетип, артка чегинди.

– Кана айткылачы, мага капилеттен ажал келдиби? Чагылган тийдиби? Же асмандан жылдыздар кулап басып калдыбы? Тьфу! Мен бул дөбөттү жок кылам. Мен азыр өзүмдүн уруум жөнүндө, жер шарынын бардык бөлүгүндөгү эң кубаттуу уруу тууралуу айтып берем. Биз адегенде аңчылыкка жалгыздан чыгабыз. Андан кийин бүт үйүрүбүз менен чыгып, бүт аймакты бугулардын үйүрү сыяктуу ээлеп алабыз. Биз өзүбүздүн алачыкка киргизип алгандар аман калышат, калгандарын өлүм күтөт. Заринка сулуу, бышык жана күчтүү кыз, ал бөлтүрүктөргө жакшы эне болот. Силер мени өлтүрүп салышыңар мүмкүн, бирок ал баары бир Бөрүлөрдүн аялы болот, анткени менин бир туугандарым сан жеткис, алар иттеримдин изи менен мени  издеп келишет. Угуп алгыла, Бөрүлөрдүн мыйзамы мындай: Бир Бөрүнүн өмүрүн алсаңар, өз урууңардын он жоокеринин өмүрүн бересиңер. Бул бааны көп жерлерде төлөшкөн, көп жерлерде дагы төлөшөт.

Мен эми Түлкү жана Аюу менен сүйлөшөм. Кебетеси аларга бул кыз жагат окшойт. Ушундайбы? Бирок билип алгыла, мен аны сатып алдым! Тлинг-Тиннех мен берген мылтыкка таянып турат, мен андан башка да очоктун жанында жаткан көп оокатты бердим. Ошентсе да мен бул жаш аңчыларга акыйкат мамиле кылгым келет. Көп сүйлөп тили кургаган Түлкүгө беш чоң таңгак тамеки берем. Мейли, тилин шилекейлеп алып, кеңеште бакылдай берсин. Аюуга болсо, мен аны менен таанышканыма сыймыктанам, ага мен эки жылуу төшөк, жыйырма табак ун, а тамекини Түлкүгө бергенден эки эсе кылып берем; эгерде ал мени менен Чыгыш Тоолоруна кошо барса, дал Тлинг-Тиннехтикиндей мылтыктын ээси болот. А эгер ал каалабасачы? Мейли, өзү билсин! Бөрү айткандан чарчады. Бирок Бөрүлөрдүн мыйзамын дагы бир жолу кайталайм: эгер силер бир Бөрүнүн өмүрүн алсаңар, уруунун жигиттеринин он өмүрү менен төлөйсүңөр.

Маккензи күлүп, мурдагы ордуна келип турду, бирок анын көңүлү тынч эмес эле. Түн дагы эле караңгы болчу. Кыз Маккензинин жанына келип, Аюу бычак менен урушканда кандай куулуктарга барарын тез-тез айтып берди, Маккензи аны көңүл коюп укту.

Чечим кабыл алынды, экөө согушмак болушту. Ондогон адамдар оттун тегерегиндеги аянтчанын карын таптап кеңейте башташты. Ал арада бакшынын утулуп калганы жөнүндө көп сөздөр айтылып; кээси ал өзүнүн кереметтүү күчүн дагы көргөзөт дешсе, айрымдары мурда болуп өткөн ар кандай окуяларды эстешип, Бөрүнүн айтканын туура көрүштү.

Аюу колуна орустар жасаган бычагын колуна алып алдыга чыкты. Түлкү эл көңүлүн Маккензинин курунда тагылып жүргөн тапанчаларга бурду эле, ал курун чечип Заринкага тагып, тапанчаларды анын колуна карматты. Ал башын чайкап атканда билбейм деп белги берди: бул баалуу куралды пайдаланганды ал кыз кайдан билсин.

– Андай болуп, кокус артымдан коркунуч пайда болсо “Менин Күйөөм!” деп катуу кыйкыр, жок мындай: “Менин Күйөөм!” Кыз өзүнө тааныш эмес англис тилиндеги сөздү кайталаганда ал күлүп, анын бетинен чымчып койду да, кайрадан ортого чыкты.

Аюунун бою да, колдору да узуну аз келгенсип, бычагы да аныкынан эки дюмча узун болчу. Бирюк Маккензи мурда да мындай согуштардын далайын башынан өткөзгөн, ал алдында чыныгы эркек, оңой эмес жоо турганын дароо түшүндү; ошентсе да ал жалаңдаган бычакты көргөндө, ата-бабаларынын каны ойноп чыйрала түштү.

Атаандашы аны уламдан улам бир күйүп турган отко, бир үйүлгөн карга сүрүп барып такаганга аракеттенди, бирок Маккензи тажырыйбалуу мушкерлердей аны аянттын ортосуна азгырып алып келип жатты. Аны эч ким сүрөгөн жок, ал эми атаандашы чабуул койгондо бакырып, өкүрүшүп, коркунуч туулганда эскертишип, кеңештерин айтып кыйкырык-сүрөөнгө алышты. Маккензи, бычактын миздери шыңгырап үн чыгара кагылышканда да, чабуул койгондо жана чегингенде да өз күчүнө бекем ишенген адамдай, өзүн жоготпой салкын кандуулук менен алып жүрдү. Адегенде анда эркинен тышкары душманын сыйлоо сезими пайда болгон, бирок бул сезим өз өмүрүн  сактоо инстинктине алмашты, анан адамдын канына суусап, душманын өлтүрүүнү көксөй баштады.

Он миң жылдык цивилизация Маккензиден кабыктай сыйрылып түшүп, ал таш доорундагы ургаачы талашкан үңкүрдө жашаган жапайы аңгиге айланды.

Ал эки жолу Аюуга бычак урду, бирок ал буйтап аман-эсен кутулуп кетти, ал эми үчүнсүндө согулган бычактан кутулуу үчүн Аюу менен жакындан кармашууга туура келди. Ар бири бош колдору менен каршылашынын бычак кармаган билегинен алышып тирешип калышты. Мына ушул жерден Маккензи Аюунун оңбогондой күчүн сезди. Анын кармаган жери сынып кетчүдөй кычырап, булчуңдары катуу оорудан кыймылдай албай шалдайып баратты... а орус болотунан жасалган бычак мизи анын төшүнө акырындап жакындап келатты. Ал бошонууга аракет жасады, бирок абалы баштагыдан да жаман абалга капталды. Тегеректеген тери кийимчендер улам жакындап кысып киришти, эч ким акыркы сокку жакындап калганынан шектенген жок, баарынын ошол учурду өткөзүп жибербей көргүлөрү келди. Бирок Маккензи тажырыйбалуу балбандын ыкмасына салып, сыртты көздөй кыйшая калып, атаандашын башы менен сүзүп жиберди. Аюу айласыздан тең салмактуулугун жоготуп, артка чалкалай түштү. Маккензи бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бүт күчүн жыйнап туруп аны көрүүчүлөрдүн катарынан ары чыгара алып ыргытты. Аюу ал жактан кыйналып жатып араң турду да, Маккензини көздөй жүткүндү.

Ошол көз ирмемде:

– О Менин Күйөөм! – деген Заринканын жакындап калган коркунучтан кабар берген заңк эткен үнү жаңырды. Жаа тартылып, учуп келаткан учу сөөктөн жасалган жебенин ышкырган үнү угулду, бирок Маккензи эңкейгенге үлгүрдү. Жебе анын башынан ышкырып өтүп, Аюунун төшүнө барып сайылды. Ал Маккензинин үстүнө кулап түштү. Бир секунддан кийин Маккензи Аюуну үстүнөн түртүп таштап турганга үлгүрдү. Аюу кыймылсыз жаткан, оттун ары жагында турган бакшы экинчи жебени коё бергенге даярданып калган эле. Маккензи оор бычагынын учунан кармап, күч менен бакшыны көздөй ыргытты. Бычак бакшынын кекиртегине сабына чейин матып кетти, ал теңселип барып жалындап күйгөн отко эт-бетинен кулады.

Клик! Клик! – Түлкү Тлинг-Тиннехтин колунан мылтыкты жулуп алып, шашкалактап октоого аракет кылып жаткан, Бирюктун каткырыгын укканда аны колунан түшүрүп жиберди.

– Демек, Түлкү бул оюнчук менен ойногонду үйрөнбөптүр да? Түлкү азырынча катын экен да? Бери бас! Мылтыкты алып кел, мен сага эмне кылышты көргөзөм.

Түлкү эмне кылышты билбей туруп калды.

– Мен сага бери кел дедим!

Түлкү таяк жеген күчүктөй шүмүрөйүп басып келди.

– Мына, момундай кылсаң – баары жайында болот.

Окту мылтыктын жатына салып, кулпусуна койду да Маккензи мылтыкты ийинине илди.

– Түлкү бул түндө улуу иштер болот деген, ал туура айткан. Улуу иштер болуп өттү, бирок аны Түлкү жасаган жок. Эмне, ал дагы эле Заринканы өз алачыгына алгысы келеби? Балким бакшы менен Аюу салган жолго түшкүсү келип жаткандыр? Андай эмеспи? Жакшы болот!

Маккензи андан жийиркенгендей тетири бурулду да, бакшынын тамагынан бычагын сууруп алды.

– Балким башка аңчылардын арасынан бул жолду каалагандар бардыр? Эгерде андай болсо Бөрү бирден, экиден, үчтөн, бири да калбай калгыча тигилердин аркасынан жөнөтөт. Эч ким каалабайбы? Жакшы.

– Тлинг-Тиннех мен сага экинчи жолу бул мылтыкты берип жатам.  Эгерде качандыр бир убакта Юконго барып калсаң, билип ал, Бөрүнүн үйүндөгү оттун жанында сага ар дайым орун жана толтура тамак-аш табылат. Ал эми азыр түн күнгө өтүп баратат. Мен кетем, балким кайрылып келем. Акыркы жолу айтып жатам, Бөрүлөрдүн Мыйзамын унутпагыла!

Ал Заринканын жанына келди, а тигилер аны башка дүйнөдөн келген немедей карап турушту. Заринка чананын алдындагы өз ордуна олтуруп, иттер ордунан козголду. Бир нече мүнөттөн кийин ак карлуу токой аларды жутуп алды. Өз кезегинде кыймылсыз турган Маккензи, кетүүгө камданып лыжасын байланды.

– Бөрү чоң беш баштык тамеки берем дегенин унуттубу?

Маккензи жини келип Түлкүнү карады, бирок аны карап күлкүсү келди.

– Мен сага бир кичинекей таңгак берем.

– Мейли, Бөрү каалагандай болсун, — деди акырын Түлкү колун созуп.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз