Жек Лондон: Бир кесим эт

  • 05.01.2024
  • 5248

АҢГЕМЕ

Том Кинг акыркы үзүм нан менен табактын түбүндөгү аталанын жугун калтырбай таптаза шыпырып, аны жутканга ыраа көрбөй көпкө чейин майпаңдап чайнады. Болгон тамакты жалгыз өзү жесе да тойгон жок. Өзөгү дагы эле карайтты. Эки баласын ачкалыкты сезбей калышар деген үмүт менен кошуна бөлмөгө төшөк салып, эрте эле уктатып салышкан. А байкуш аялы тамактан ооз тийген да жок, ал унчукпай эрине көз салып четте олтурган.

Анысы арыктап, жүдөп калса да мурдагы жагымдуулугун алигиче жогото элек, жумушчунун жупуну кызы болчу. Ал атала бышырыш үчүн унду кадыр көңүлүн салып, кошунасынан карызга сурап келген. Акыркы эки пенниге нан сатып алган.

Том Кинг салмагынан кычырай түшкөн, буттары бошоп, шалкылдап калган эски олтургучка көчүк басты, канжасын оозуна салып, көнүмүш адаты менен колун каптал чөнтөгүнө узатты. Колу чөнтөгүндөгү боштукка урунганда гана өзүнүн унутчаактыгына кыжырданып сөгүнүп алды да, канжасын ыргытып жиберди. Өз салмагын көтөрө албай жаткан немедей очорулуп, кыймылы оор, олдоксон. Бул далдайган зор киши; анын сырткы келбети адамды өзүнө тарта берчү эмес. Эскилиги жеткен кийими кап жамынып алгансып шөмтүрөп, бутунда эчак эле ыргытып жиберсе таштандыдан өз орунун тапчудай болгон кырк жамаачы, таманы калың батинке эле. Эки шиллингдик эски көйнөгүнүн жууса да кетпес, жедеп тер сиңе берип саргайган жакасы, кырылып жиби чыга баштаптыр.

Том Кингдин кесибин жүзүнөн эле жаңылбай аныктаса болмок, анын жүзү кадимки мушкердин жүзү. Көп жылдар бою рингде өткөзгөн жылдар ага өз мөөрүн басып койгон, ал кайсы көз ирмемде болбосун, жырткыч айбан сыяктуу, жашоо үчүн болгон күрөшкө комдонуп даяр. Түнөргөн жүзүнөн мүнөзүнүн ар бир кыры даана көрүнүп турсун дегенсип, сакал мурутун таза кырынчу. Карттанып айыккан жаранын изине окшошуп, формасы билинбеген калың эриндери калбыйып, сөөктүү келген алдыңкы жаагы астыга бир аз чыгып турчу. Шишимик тартып салаңдаган кабагы менен түксүйгөн калың каштын алдындагы көздөрүнүн кыймылдаганы билинбей, бир да сезимин сыртка чыгарчу эмес.

Кингдин кебете-кепширинде жырткыч айбанга мүнөздүү бир нерсе бар, өзгөчө ирмебей тик караган көздөрүнөн кармашканга качан болсо даяр арстандын сүрүн көрүүгө болот. Тар маңдайы дөңкөйүп, чачы кырылып, буржуйган баш терисинен эски жараттын тактары даана көрүнчү. Эки жолу талкаланып, сансыз сокку жеп кыйшайган мурду, өзүнүн кадимки көлөмүнө эки эсе чоңоюп шишимик тартып делдейген кулактары анын көркүнө көрк кошчу эмес, а жаңы эле кырылган сакалы бетине көгүш түс берип турчу.

Кыскасы, Том Кингдин караңгы жерден капыл-тапыл чыга калса анча-мынча адамдын жүрөгүн түшүрчүдөй кебетеси бар. Ошондой болсо да ал кылмышкер эмес, эч кандай кылмыш да жасап көрбөгөн. Анча-мынча сөгүнмөй анын чөйрөсүндөгүлөр үчүн көнүмүш иш дечи, бирок анын эч бир жанга зыяны жок. Анын бирөлөр менен урушуп, чырлашканын көргөндөр жок. Том Кинг профессионал мушкер болгондуктан, бүт дитин, күч-кубатын рингдеги мушташууларга арнай турган. Рингден тышкары жүргөндө ал камаарабаган, кой оозуна чөп албаган жоош, жумшак адам, жаш кезинде колуна тийген акчаны эч ойлонбостон оңду-солду чачып жүрөр эле. Ал кек сактаганды билчү эмес, душмандары да жок. Рингдеги мушташ ага жашоо үчүн каражат табуунун жолу. Рингде ал каршылашын жеңиш үчүн катуу соккуларды жасачу, бирок анда жаман ниет болчу эмес. Бул ага жөн гана анын кыла жүргөн жумушу. Көрүүчүлөр аларга акчаны  бири-бирин аябай талкалап, былчылдашып согушкандары үчүн төлөшчү. Жеңүүчүгө байге сайылган акчанын көпчүлүк бөлүгү тийчү.

Том Кинг мындан жыйырма жыл илгери Улумулу Гуджер менен мушташканда, ал Гуджердин ылдыйкы жаагы сынып айыкканына төрт эле ай болгонун жакшы билчү. Мушташ учурунда ал дал ошол жаакка урууга аракет кылып, тогузунчу раундда максатына жеткен, муну ал Гуджерди жаман көргөндүгүнөн эмес, аны жыгуунун бирден-бир мүмкүнчүлүгү катары пайдаланып, байгенин чоң бөлүгүн утуп алууну көздөгөнүнөн жасаган. Гуджер да ага таарынган эмес. Оюн эрежеси ошондой эле, муну экөө тең жакшы түшүнүшчү жана аны бузбоого аракет кылышкан.

Том Кинг көп сүйлөгөндү жактырбайт. Ал терезенин жанында үн-сөзсүз түнөрүп, шадылуу колдорун тиктеп олтурду. Барсайып көөп чыккан жоон күрөө тамырлары, муундары талпайып, шишип, кебетеси кеткен манжалары алардын ээсине кылган ак кызматынан кабар берип турчу. Том Кинг адамдын жашоосу – бул анын артерияларынын жашоосу экени жөнүндө уккан эмес, бирок бул көөп турган жоон веналар эмне экенин жакшы билчү. Жүрөгү ушул кан тамыр аркылуу өтө көп канады, бүт денесине жогору басым менен кубалап жаткан.

Эми кан тамырлар өз милдеттерин так аткара албайт. Алы жетпеген милдеттерди койду, алардын ийкемдүүлүгүн, аны менен бирге чыдамкайлыгын да жогото баштаганы. Азыр ал баштагыдан тез чарчап, жыйырма раундду жин ургандай ыргак менен тынбай, бирде рингди курчаган арканга жөлөнө калып, бирде атаандашын арканга такап үстөккө-босток соккулап, барган сайын чабуул үстүнө чабуул жасап, акыркы жыйырма биринчи раундда залдагы эл ордуларынан жапырт туруп өкүрүп жатканда, бүт эркин, күч-кубатын бир муштумга топтоп, атаандашына удаа-удаа сокку уруп, өзү да ошондой эле соккуларды жеп, ошол учурда жүрөгү эч кыйналбай, ийкемдүү кан тамырларына шакардай кайнап жаткан канды кубалаган кездерди мурдагыдай көтөрө албай калган. Мушташ учурунда көөп чыккан кан тамырлары, бара-бара ордуна келчү, бирок аягына чейин калыбына келе албай, ар бир жолку мушташтан кийин көзгө көрүнбөсө да мурдагысынан бир аз кенен болуп чоюла түшчү.

Том Кинг кан тамырларын, майрыйып-чойройгон манжаларын карап олтуруп, көз ирмемге жаш кезинде “Валлийдик Мокочо”деген каймана аты бар Бенни Джосту башка согуп, биринчи жолу манжасы сынганга чейин, эч бир жеринде кемтиги жок чытырап турган колдорун элестетип жиберди. Курсагы баштагыдан да катуу ачып, көздөрү караңгылай түштү.

– Эх, чынында эле бир кесим эт табылбайбы! — деп кобуранып сөгүнө кетти чоң муштумун түйүп.

– Издедим, Берктен жана Соулдан сурадым... - деди аялы күнөөлүү немедей башын салып.

– Бербей коюштубу?

– Бермек тургай Берк...— Аялы мукактанып унчукпай калды.

– Айт! Ал эмне деди?

– Анысыз деле карызыңар толуп кетти, бул мушташта Сэндл эриңе көргүлүктү көрсөтөт болуш керек деди.

Том Кинг колун шилтеп койду, бирок унчуккан жок. Негедир жаш кезинде каалаганча эт берип баккан бультерьери эсине келди. Ал учурда Берк миң котлет сураса да карызга бермек, анткени ал ага ишенчү. Эми бардыгы өзгөрдү. Том Кинг улгайды, ал эми жашы өтүп, экинчи разряддагы клубдарда мушташка чыккан мушкерлер, дүкөнчүлөрдүн ишенимине анчалык ээ эмес болчу.

Том Кинг эртең менен бир кесим уй этин эңсеп ойгонуп, ал эңсөөсү таптакыр кетпей койду. Өзөгү ого бетер карайды... Ал бүгүнкү кармашка анча даярдыгы жогун жакшы билчү. Бул жыл Австралияда кургакчыл болуп, бардык жерде эле иш жакшы жүрбөй, жумуш табуу өтө эле кыйын болчу. Машыгуу үчүн өнөктөшү да жок, тамак-аш жетишсиз болгондуктан тоё жеген күнү аз. Кээде табыла калса ар кандай кара жумуштарга жалдана калчу, а эртең мененкисин буттарын машыктыруу үчүн Домен паркын айланып чуркайт.

Бирок өнөктөшү жок машыгуу өтө оор, ал аз келгенсип үйдөгү катын-баланы да багуу керек. Дүкөнчүлөр боло турган мушташта анын жеңишке жетерине көздөрү жетпегендиктен карыз бергенден баш тарта башташкан. Гейети клубунун катчысы ага жеңилген мушкерге берилер байге фонддун эсебинен үч фунт берип, андан көп бербей койгон. Анда-мында Кинг эски досторунан бир аз шиллинг карызка алчу; эгерде кургакчылык болуп, өздөрү да кыйналбаганда алар мындан көп деле карыз беришмек.

Жашырганда эмне, анын алдыдагы мушташка даярдыгы өтө эле начар. Аттиң, жакшы тамактанып, куу турмуш желкесинен ныгыра баспаганда жыйынтык таптакыр башкача болмок. Анын үстүнө кырк жаштагы адам, баягы жыйырма жашындагыдай тез эле табына келиш кайда.

– Лиззи, саат канча болду?

Аялы аянтчанын ары жагындагы эшиктеш кошунасыныкына чуркап барып, саатты сурап келди.

– Сегизге жыйырма беш мүнөт калыптыр.

– Биринчи мушташ бир канча мүнөттөн кийин башталат, – деди ал. – Бул мушташ сыноо үчүн болгон мушташ. Андан кийин Диллер Уэллс менен Гридли төрт раунд беттешет, андан соң Скайлайт кайсы бир матрос менен он раунд согушат. Менин кезегим бир сааттан ашык убакыттан кийин.

Ал дагы он мүнөтчө унчукпай олтуруп ордунан турду.

– Чынын айтканда, Лиззи, мен жакшы деле машыга алган жокмун. – Ал калпагын алып эшикти карай жөнөдү. Ал аялын өпкөн жок, ал эч качан бир жакка чыгарда аялын өпчү эмес, бирок бул кечте аялы өзү басып келип күйөөсүнүн моюнуна асылып, анын башын ылдый тартып өпкүлөй баштады; ал алп күйөөсүнүн жанында кичинекей кыздай көрүнчү.

– Ийгилик каалайм, Том. – деди ал шыбырап. – Сен аны сөзсүз утушуң керек.

– Ооба, мен утушум керек, – деп кайталады ал. – Бул жерде эч кандай талаш жок. Кандай кылсам да аны жеңип чыгышым керек. Ал жайдары адамдай жасалма күлүп, а аялы ага ого бетер кынала түштү.

Аялын кучактаган калыбында ал анын ийининен өйдө, бош бөлмөгө көз жүгүртүп койду. Анын бул дүйнөдө тапкан-ташыганын баары ушул жерде эле: бир топтон бери ижара акысы төлөнбөгөн аңгыраган бош бөлмө, аялы, балдары.

Мына эми ал түн катып жубайы менен балдарына тамак-аш табуу үчүн, болгондо да, азыркы жумушчулар сыяктуу станоктун жанында бир кылка, тажатма жумуш кылуу менен эмес, а эң эски, байыркы кылымдардагы айбанаттар сыяктуу, каршылашы менен беме-бет кармашуу аркылуу оокатын табууга бел байлап аттанып чыгып барат.

– Мен аны сөзсүз жеңишим керек, – деп кайталады ал, бирок бул жолу үнү аргасы түгөнгөн адамдыкындай чыкты. – Эгерде утуп алсам, отуз фунт алам, карыздын баарын жапкандан кийин дагы бир топ акча калат. Эгерде утулуп калсам, бир пенни да албайм, жада калса трамвайга төлөгүдөй да эч нерсе болбойт. Жакшы кал, кемпирим. Жеңсем эч жакка кайрылбай, түз эле үйгө келем.

– Мен жатпайм, сени күтөм! – деди аялы артынан кыйкырып.

Гейети-клубга чейин дээрлик эки миль боло турган, Том Кинг басып баратып, жаш кезиндеги бактылуу учурларды эстей кетти. Оо, ал кезде оор салмак боюнча Жаңы Түштүк Уэлстин чемпиону эле, мелдеш болчу жерге аны жеңет деп ишенип көп акчасын сайган бай күйөрмандарынын бири төлөп, бир ат чегилген жеңил араба менен жеткизип койчу. Мына эми Томми Берне менен негр Жек Жонсон кычыраган автомобилдер менен жүрүшөт, ал болсо минтип жөө басууга мажбур!

А мелдештин алдында эки миль жерди жөө басып өтүү жакшылыкка алып барбасын бардыгы эле билсе керек. Ал улгайды, а жашоо каргандарды аябайт тура. Эми ал кара жумуш кылгандан башка эч нерсеге жарабайт, сынган мурду, жулмаланган кулактары да эми ага душман. Атаңдын көрү ай, бир кесипти өздөштүрүп албаганы кандай өкүнүчтүү. Жок дегенде бир өнөр үйрөнүп алганда эмне. Мынчалык кыйналмак эмес экен. Убагында ага эч ким мындай кеңеш берген эмес, бирок ал убакта бирөөнүн акылын баары бир укмак эместигин көңүл түпкүрүндө билип турду. 

Анткени ал кезде жашоо керемет эле да! Акча деген толтура, атак-даңк алып келген мелдештер, мелдештердин ортосундагы аралыктагы көңүл ачуулар, бекерчилик... жанында аягы тыйылбай келип-кетип, коштоп жүргөн достор, карегиң менен тең айланган кошоматчылар... Далыга таптоолор, кол кысуулар... беш мүнөттүк сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алышканына кубанышып, биринен сала бири виски менен сыйлашкан көтөнкороздонуп кийинишкен коомдун каймактары...

Ошонун бардыгынын туу чокусунда – өздөрүн жоготконго чейин өкүрүп-бакырып ызы-чуу болгон күйөрмандар, татыктуу, жеңиштүү финал, “Кинг жеңишке ээ болду!” – деген калыстын жарыясы, жана эртеси күнү чыккан гезит беттерин бүт ээлеген, спорт хроникасындагы анын даңазаланган аты-жөнү...

Ооба, ал сонун мезгилдер эле! Бирок адатынча шашпай, көпкө ойлоп, убагында ал улгайып калган далай мушкерлерди жолдон чыгара түртүп салганын эми жакшы түшүндү. Ал кезде ал жаңы чыгып келаткан жылдыз, Жаштык, ал эми жол четине итере түртүп салып жаткан кары мушкерлер, өмүрүнүн калган кичинекей бөлүгүн жашап жаткан Карылыктын өзү эле. Албетте, аларды жеңүү оңой болчу: алардын тарам-тарам болуп көгөргүчө көөп калган кан тамырлары, майрыйып-чойройгон манжалары, шишиген муундары, денелериндеги көп сандаган беттешүүлөрдө кийин калган чарчоо, – мына ушунун баардыгы Томдун жеңиши үчүн кызмат кылчу.

Анын эсине Раш-Каттерс-Бейде улгайып калган мушкер Стоушер Биллди он сегизинчи раунда жеңип алганы, мушташтан кийин чечинип-кийинүүчү бөлмөдө анын жеңилүү ызасына чыдабай, жаш баладай шолоктоп ыйлаганы келе калды. Балким ошондо Билл ижара акысын төлөй албай жаткандыр? Үйүндө аялы менен ачка балдары зарыгып күтүп олтурушкандыр? Мүмкүн мелдеш болор күнү ачкадан кесерип, бир кесим этке зар болгондур? Ал катуу каршылык көргөзгөн, бирок ал аны бир топ эле жанчып салган. Мына бүгүн ал анын абалында турган кези. Жыйырма жыл мурда ошол кечтеги мелдешке Стоушер Билл, атак-даңк, оңой келген көп акча үчүн салгылашып жаткан жаш Томго караганда, ортого алда канча көп нерсесин сайган болчу. Анан Стоушер Билл ыйлабай коймок беле!

Ар бир адамга күч-кубат белгилүү бир сандагы мушташка эле берилет окшойт. Көрсө, мушташтын темирдей катуу мыйзамы ушундай турбайбы. Бирөө жүз жолку кармашка туруштук берет, экинчисине жыйырма мушташ жетиштүү; ар ким дене түзүлүшүнө, темпераментине жараша ченемдүү бир убакытка чейин чыдайт, андан кийин бүттү, ал рингде бүткөн адам.

Том Кингдин үлүшүнө жүрөктү кабынан чыгып кетчүдөй туйлаткан, кан тамырлары ийкемдүүлүгүн жоготуп, жаш булчуңдары таштай каткан булчуңдарга айланып, мээсин чыңалтып, чыдамкайлыгын кемирип азайткан оор кармашуулар көбрөк тийди. Ошентсе да ал рингде башкалардан көп убакытка чыдап, кармала алды! Анын досторунун бардыгы рингден кетишти. Эски гвардиядан жападан жалгыз өзү эле калган. Алардын көпчүлүгү анын көз алдында катардан чыгышты, бир топторунун кетишине өзү себепкер болду.

Аны улгайган мушкерлерге каршы көп жолу коюшту, ал аларды биринин артынан бирин Стоушер Билл сыяктуу чечинүүчү бөлмөдө ыйлатып туруп, жолдон чыгарган. Мына ал да карыды, эми жаштар анын күчүн сынап көрө турган мезгил жетти.

Мисалга Сэндлди эле алалычы. Ал жаңыдан эле Жаңы Зеландияда таанымал боло баштаган, бирок бул жердегилерге анын аты-жыты алигиче белгисиз. Мына, аны минтип карт Том Кингге каршы коюшту. Эгерде аны жеңсе, аны күчтүүрөк атаандаш менен кармаштырышат, байгеси да өсөт. Ошондуктан, ал бүгүн бул кармашты жеңиш үчүн болгон күчүн жумшаары бышык. Анткени ал уруштан көп нерсени: чоң акчаны, атак-даңкты, карьераны утууга мүмкүнчүлүгү бар. А Томдун үй ээсине ижара акысына төлөгүдөй 30 фунттан башка ута турган эч нерсеси жок.

Ушул ой башына келгенде анын желе баскан ийкемсиз мээсинде жеңиштерине кубанган, ийилчээк булчуңдуу, жибектей жумшак эттүү жана чарчаганды билбеген өпкө, чаалыкпаган жүрөктүү Жаштыктын жаркыраган элеси көз алдына тартыла түштү.

Жаштык күч-кубатын аяп сактагандарды шылдың кылат. Ооба, Жаштык – бул Жаза! Ал өзүн кошо жок кылып жатканын билбей, карыган адамдарды аёсуз жазага тартат. Анын кан тамырлары көөп, манжаларынын муундары талкаланат, акыры кезеги келгенде жеңилүүнү билбеген Жаштык аны жок кылып тынат. Анткени Жаштык карыбайт. Бир муундагы адамдар гана карыйт.

Кеслри көчөсүнөн солго бурулуп, дагы үч квартал баскан соң, ал Гейети клубуна жетти. Клубдун алдында топураган жаш балдар, ага жарыла жол беришти, ал өтүп баратып аркасынан чыккан үндөрдү угуп жатты:

— Мына, ал! Бул Том Кинг!

Чечинүүчү бөлмөгө өтүп баратып адамды жалтанбай тик караган, түлкү тумшуктанган жаш катчы жигитти жолуктурду:

– Акыбалың кандай Том? – деп сурады ал.

– Абдан жакшы! Бардыгы жайында! — деп жооп берди Кинг, өзүнүн жалган айтып жатканын билсе да, азыр чөнтөгүндө жок дегенде бир фунт болгондо, ойлонбой туруп бир кесим эт алып жемек.

Ал чечинүүчү бөлмөдөн эки секунданттын коштоосу менен олтургучтардын ортосун аралап, залдын ортосундагы аркан менен тосулган төрт бурчтуу аянтчаны көздөй бет алганда, мелдештин башталышын зарыгып күтүп жаткан күйөрмандар дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Том Кинг эки жагына жүгүнүп келатты, бирок тааныш адамдарын көрө алган жок. Залдагы күйөрмандардын көпчүлүгү ал биринчи жеңишин майрамдаган учурда бул жарык дүйнөгө алигиче келе элек сүт ооз жаш жеткинчектер эле.

Ал тез эңкейип аркандын алдынан шып этип рингге секирип чыгып, өз бурчундагы бүктөмө орундукка барып олтурду. Мелдештин калысы Жек Болл анын жанына кол кармашуу үчүн басып келди. Мурдагы мушкер Боллдун рингден кеткенине он жылдын жүзү болгон. Аны калыстыкка дайындашканда Кингдин кубанганын айтпа. Экөөнүн жашы бирдей. Том Боллго ишенчү. Кантсе да ал Сэндлге каршы анча-мынча эрежесиз ыкмалар менен аракет кылса, Болл көрмөксөнгө салып коймок.

Оор салмактагы жаш мушкерлер кербезденип, биринин артынан бири аянтчага чыгып келишти, калыс аларды элге тааныштырып, алар үчүн сайылган байге өлчөмүн жарыялады.

 – Түндүк Сиднейден келген жаш Пронто, – кыйкырып жатты ал, – жеңүүчүнү эрөөлгө чакырат. Байге элүү фунт!

Эл дүркүрөтүп кол чаап жатты. Сэндл аркандан секирип өтүп өз бурчуна барганда аны да кол чаап тосуп алышты. Том Кинг атаандашын кызыгуу менен карай баштады. Бир нече мүнөттөн кийин алар жеңишке жетиш үчүн болгон күчтөрүн аяшпай, бири-бирин эсинен танганча жанчыш үчүн аёсуз мушташты башташат. Бирок Сэндлди жакшылап карап чыга алган жок, анткени ал дагы өзү сыяктуу эле спорт костюмдун сыртынан узун шым менен свитер кийип алган. Сэндлдин сулуу жүзүнөн кайраттуулуктун белгилери байкалат, маңдайында алтын түстүү чачтары тармалданып, буржуйган бука моюнунан чоң кара күчтүн илеби согуп турду.

Жаш Пронт бир бурчтан экинчи бурчка атаандаштары менен кол алышуу үчүн басып келди. Жарыя уланып жатты. Азырынча эч кимге аты-заты белгисиз, бирок кайраты башынан ашып, жеңүүчү менен күчүн, шамдагайлыгын сыноого даяр экенин бүткүл дүйнөнүн алдында далилдөөгө даяр жаш мушкерлер биринен сала бири аянтчага келип тизилип калышты.

Мындан бир нече жылдар илгери жеңилүүнү билбей, өз ийгиликтеринин туу чокусуна чыккан Том Кингге мына ушул мелдешттердин алдындагы жөрөлгөлөр ашыкчадай көрүнчү. Бирок бүгүн Жаштыктын салтанаттуу жүрүшүнөн көзүн албай суктанып карап олтурду. Бул эзелтен берки көрүнүш, – улам жаңы келген жаштар, аркандан ашып өтүп, бүт дүйнөнү эрөөлгө чакырат. Улгайгандар дайыма алардын кысымына туруштук бералбай  жеңилип, башын ийип берүүгө мажбур. Жаштар өз жеңиштерине улгайгандардын башын тебелеп өтүп, анан жетишет. Алар барган сайын көбөйүүнүн үстүндө, Жаштык – тойбойт дагы, жеңилбейт дагы.

Ар дайым алар карыларды жолунан сүрүп, анан өздөрү да карып, мурдагы карылардын артынан калбай такымдап, төмөн көздөй жылбыша берет, улам жаңы муундар биринин артынан бири алмашат. Жаштыктын түгөнбөгөн сапары ушинтип кылымдар бою эч бир өзгөрүлбөй, уланганы уланган.

Кинг журналистер олтурган секичеге көз жүгүртүп, анда олтурган “Спортчу” гезитинин кабарчысы Морган, “Рефери” журналынын кызматкери Корбетт менен баш ийкешип учурашты. Анан колдорун секунданттары Сид Сэлли-вен жана Чарли Бейтске сунду. Алар ага кол кап кийгизип, Сэндлдин секундантынын биринин көзөмөлүндө кол каптын боосун бекем байлап, Кингдин муундарына оролгон оромону тыкыр текшерип чыгышты. А Кингдин секундантынын бири Сэндлдин кол кабы менен оролгон билектерин текшерди.

Секунданттары Сэндлдын шымын, свитерин чечип алышты. Том Кингдин көз алдында дымагы күчтүү, от менен суудан тартынбаган Жаштыктын дал өзү турду, – кең көкүрөгүндөгү таштай катуу булчуңдары кыймылдаган сайын жибектей жылмакай, жылтылдаган теринин алдында бирде түйүлүп, бирде бошоңдоп суудагы балыктай туйлайт. Бул денеде азырынча Жаштыктын ажайып доорону жүрүп, андагы ширеси толуп турган жашоо, ар бир айыгышкан аёсуз беттешүүлөрдөн кийин улам бир тамчыдан кемип, ар бир беттешүүдөн кийин Жаштыгынын бир бөлүгүн мушташ аянтчасында калтырып, улгая түшкөн учурга алигиче жете элек болчу.

Атаандаштар өз бурчтарынан бири-бирин көздөй бет алып жөнөштү; Гонг кагылып, секунданттар бүктөмө олтургучтарды жыйнап, рингден түшүштү. Том Кинг менен Сэндл кол алышып, мушташка камынышты.

Адегенде эле Сэндл жакшы майланган болот пружиналуу механизм сыяктуу серпилип, чабуулун баштады, алдыга, артка секирип, кайрадан аны кайталап келип камданганга үлгүртпөй, Томду сол колу менен көзгө, оң колу менен кабыргага согуп, анын жооп катары урган соккусунан эңкее калып буйтап кутулуп, бийлеп келип, кайрадан коркунуч жараткан сокку урууга камынды. Анын кыймылы ыкчам жана эптүү болчу. Кармаш кызыктуу башталды. Зал дуулдап, кыйкырыктарга толду. Бирок буга ал козголуп да койгон жок. Ал жаш мушкерлер менен мындай кармаштын далайын өткөзгөн, мындай өтө катуу коркунуч жарата албаган чагылгандай тез, ыкчам соккулардын баасын жакшы билчү. Сэндл бул урушту тез аяктоону максат кылса керек. Мындай болорун ал күткөн. Дымактуу Жаштык ар дайым өз артыкчылыгын аябай, жин ургандай ылдамдыкта каршылашын төгүлүп-ташып турган кара күчүнө салып, жүдөтүп жеңгиси бар.

Жеңил кыймылдаган өткүр, жарыкка чагылышкан аппак денелүү, булчуңдары ойногон Сэндл – чабуул коюп, артка чегинип, улам бир жерден көрүнө калып тездик менен ордун өзгөртүп, чимириктей чимирилип, атак-даңкка жетүү үчүн алдындагы Том Кингди кандай болбосун талкалоого жан үрөп жатты. Том бардыгына чыдады. Ал өз ишин жакшы билчү, улгайган кезде Жаштык кандай экенин жакшы түшүнөт.

Ага эми атаандашынын чарчашын гана күтүү керек. Ушундай чечимге келип жылмайып койду да, бүкчүйүп, бети-башын колдору менен бекем калкалап, төбөсүн тигинин оор соккуларына салып берди. Бул алдамчы ыкма эле, бирок ага тыюу салынчу эмес. Ар ким өз муунуна өзү кам көрүшү керек, эгер атаандашың төбөңө соккусу келсе, өзүнөн көрсүн. Ал соккудан буйтап кете алмак, бирок ага “Валийдик Мокочо” менен болгон алгачкы мушташында анын чоюндай башын согом деп биринчи жолу сынган манжаларын эстеди.

Мына эми ал өзү ошол ыкманы колдонуп жатат. Бул амалдын максаты – төбөгө муштайм деген Сэндлдин манжаларына зыян келтирүү. Кармаштын кызуусу менен, ал адегенде манжаларынын сынганын байкабай, эч нерсени капарына илбей оор соккуларды удаа-удаа жасамак. Мушташ канчалык узакка созулган сайын, Сэндл анын кесепетин көбүрөк сезет да, акыры байкабай Томдун төбөсүнө жасаган соккусуна өкүнө турган учур келмек.

Биринчи раунд жалаң Сэндлдин чабуулу менен өттү, чагылгандай тез соккулардан кийин кызуусу канган күйөрмандар, зал ичин үч көтөрүп кыйкырып жатышты. Ал Кингге соккуну катуу жамгыр жаагандай жаадырды, а Кинг бир да жолу жооп кылбады. Ал бир да жолу сокку жасаган жок, болгону колдору менен башы-көзүн калкалап, ары-бери жылып, тигинин чабуулунан буйтап качып, ашык кыймыл жасабастан, күчүн сактады. Ал шашпай кыймылдап, анда-мында чабуул жасамыш болуп айбат көрсөтүп, оор сокку алганда башы чайкала түшүп, бирок бир да жолу алдыга да, артка да кескин кыймыл жасап секирип, күч коротчу кыймылдарды кылган жок.

Кыйды Карылык Сэндлдеги ала көөдөн Жаштыктын деми суугуча чыдамкайлык менен буктурмада өз кезегин күттү. Кингдин ар бир кыймылы эсептелип, өлчөнүп, ашыкпаган кыймыл, катуу соккудан жабыр тартып, жыгыла жаздап, эс-учун мына-мына жогото турган адамдыкындай тунарган көздөр менен жашырылып турду. Чынында анын көз жаздымынан эч нерсе тайган жок – жыйырма жылдан ашык рингде иштеген жылдар аны атаандашынын ар бир кыймылын жаза кетирбей байкап-көрүп турууга үйрөткөн. Ал соккуларга жалтанбай тик карап, өзүн жоготпой, ортодогу маанилүү аралыкты туура кармоого аракет кылып жаткан.

Раунддан кийинки эс алууга берилген мүнөттө Том Кинг өз бурчунда буттарын талтайтып, кулачын жайып арканга жөлөп, көөдөнү менен терең дем алып, ичин кагып, акактап олтурду, а секунданттары сүлгү менен шамалдатып, желпип жатышты. Көзүн жумуп алып залдагы күйөрмандарын тыңшап калды.

— Эмнеге мушташпай жатасың, Том? — деп кыйкырып жатышты айрымдары. – Сен эмне андан коркуп жатасыңбы?

— Булчуңдары түйүлүп калса керек! – деди кимдир-бирөө биринчи катардан – Ал ылдам кыймылдай албай калды. Мен Сэндлдин жеңиши үчүн эки фунт сайдым!

Гонг кагылып, атаандаштар өз бурчтарынан туруп жөнөштү.

Сэндл ортодогу аралыктын төрттүн үч бөлүгүн басып өттү, – ал мушташууга ашыгып, а Кинг аралыктын көбүн атаандашы басып өткөнүнө кубанып турду. Бул анын күчтү үнөмдөө саясатына эп келди.

Ал жакшы, сапаттуу машыгуу өткөзө алган жок, начар тамактанды, ошондуктан ар бир кадамды санап шилтөө керек. Аттиң, ал мелдешке чейин эле эки милди ашык басып салбадыбы!

Бул раунд да мурунку раунддун кайталанышы болду: Сэндл атаандашына куюндай тийип, күйөрмандар Кингдин аракетине нааразы болуп кыйкырып жатышты. Бир нече максатына жетпеген алсыз сокку жүргүзүп, алдамчы жүрүштөрдү жасаганы болбосо Кинг бир да чабуул жасаган жок, болгону буйтап, колу менен денесин жаап, анан атаандашын кучактап калып жатты. Сэндл кармашты жогорку ылдамдыкта өткөрүүгө мажбурлоого жандалбастап аракет жасаган болду, бирок бай тажырыйбалуу Кинг ага барган жок. Ал күчүн Карылык гана коргой турган сактык менен коргоп, ошол учурда анын жүзүнөн өзүнүн аргасыз абалын табалаган кайгылуу жылмаюунун издерин көрсө болот эле.

А Сэндл Жаштыктын өзү болчу, ал жаштыкка гана тиешелүү улуу камырабастык менен күчүн аябай чачып, жеңиш үчүн күч үрөй берди. А Кинг рингдин чебери эле, – рингдеги көп жылдар бою өткөзкөн оор кармаштардан алган бай тажырыйбасы туру. Ал ашыкпай кыймылдап, бир секундга да өзүн жоготпой, Сэндлдин ар кыймылына көз салып, анын деминин суушун күттү. Көпчүлүк күйөрмандарга Кинг таптакыр алсырап, чеберчилигин жоготуп койду деген ой келди, өз пикирлерин угуза эле айып, утуштун төрттөн үчүн Сэндлиге сая башташты. Бирок айрым мурдатан бери Кингди жакшы билген күйөрмандар албетте, аз болчу, – Кингге ишенип, мелдештин мындай шартын кабыл алышты.

Үчүнчү раунд да мурдагыдай эле башталды – демилгени Сэндл алып, чабуул артынан чабуул койду. Өзүнө эбегейсиз ишенген Сэндл ачыла түшкөндө раунддун башталганына жарым мүнөттөй болуп калган. Кингдин көздөрү күйө түштү да, ошол көз ирмемде оң колун шилтеп калды. Бул анын эң алгачкы, сокку күчтүүрөк болуш үчүн жарым жартылай бүгүлгөн чыканагына денесинин салмагын салып, айландыра, даана урган, мушкерлердин тили менен хук деп койчу соккусу эле. Уктамыш болуп жаткан арстан капыстан күчтүү буту менен чапчып алгандай эле болду. Сокку Сэндлдин жаагына оң жактан тийип, ал соё турган өгүз сымал талп этип кулады. Күйөрмандар дуу дей түштү. Көрсө, бул чалдын булчуңдары ордунда экен да, анын соккусу барскан менен соккондой турбайбы!

Сэндлдин айласы куруй түштү. Ал сендиректеп, жер таянып өйдө турмакчы болду эле, анын секунданттары калыстын санагын күтүп, андан соң тур деп кыйкырып токтотушту. Бир тизесине сыңар тизелей олтуруп, турганга даярданып, кулагына катуу кыйкырып санап жаткан калысты тыңшап калды. Тогузунчу секундда ал мушташка даяр болуп туруп калды, Том сокку анын ээгине дал тийбей бир дюм өйдө тийип калганына өкүндү. Ошондой болгондо бул нокаут болмок да, үйүндө күткөн аялы менен балдарына отуз фунтту алып бармак. Раунд оюндун белгиленген тартибине ылайык үч мүнөткө уланды.

Сэндл биринчи жолу атаандашына олуттуу карап, аны сыйлай баштагансыды, а Кинг баштагыдай эле шашпай кыймылдап, уйкусурап жүргөндөй кебетеленет. Секунданттар рингге чыгууга камданып калганын сезгенде Кинг, мушташты өз бурчуна жакын бүтүрүүгө Сэндлди азгырып келди. Гонгдун үнү жаңырганда, ал орундугуна шып этип барып олтуруп калды, а Сэндл өз бурчуна жетиш үчүн аянтчаны диогонал боюнча кесип өтүүгө туура келди. Бул болбогон майда нерселер болчу, бирок ошол майдалар чогулуп көп мааниге ээ. Сэндл бир нече кадам ашык таштап, күч-кубатын короткону аз келгенсип, эс алууга бөлүнгөн кымбат баалуу убактысын да коротуп алды. А раунддун башталышында Кинг ордунан жай туруп өз бурчунан көп узабай, атаандашын бир нече кадам ашык жасоого мажбурлады. А раунддун аягында кайрадан атаандашын өз бурчуна азгырып келип, гонгдон соң дароо олтургучунан орун алып жаткан.

Кийинки эки раундда Кинг дагы эле күчүн үнөмдөп, Сэндл баштагыдай эле болгон күчү менен мушташып жүрдү. Сэндл урушту тез аяктаганга аракет көрдү, бул Кингге бир топ эле оорчулук алып келди, анткени ага көп соккулар даана тийип жаткан. Ошентсе да Кинг өжөрлүк менен ал соккуларга туруштук берип, чабуулсуз коргонуусун улантты. Кээ бир кызуу кандуу жаш күйөрмандар андан тез арада чабуулга өтүшүн талап кылып кыйкыра башташты.

Алтынчы раундда Сэндл кайрадан жаңылыштык кетирди, кайрадан Кингдин салмактуу оң колу абаны жарып өтүп, ээк талаш сокку жеген Сэндл кыйган талдай кулап, калыс кайрадан тогуз секундду санаганга мажбур болду.

Жетинчи раундда Сэндл баштагыдай адыраңдабай калды: ал оор, узакка созулган мушташ болорун түшүндү. Ооба, Том Кинг ал үчүн карыган чал болчу, бирок ал ушул убакка чейин мындай чал менен беттешип көрө элек эле: бул ар кандай абалда өзүн жоготпогон, мыкты коргоно билген, ошол эле убакта ар бир соккусуна нокаут катып алгансып, оор таяктай тийген күчтүү муштуму бар, кексе чал болчу. Бирок Кинг тез-тез сокку уруп турганга батына албады. Ал өзүнүн талкаланган манжаларын бир мүнөткө да унуткан жок, мушташтын аягына чейин чыдап согушуу үчүн сынган манжаларын аяп, ар бир соккусун эсептеп, тактап жасоого туура келди.

Өз бурчунда олтуруп, аянтчанын карама-каршы бурчундагы Сэндлге көз жүгүртүп, эгерде анын жаштыгы менен өзүнүн тажырыйбасын кошкондо оор салмак боюнча дүйнөнүн чемпиону чыкмак экен деп ойлоп койду. Бирок маселенин маңызы ушундай: Сэндл эч качан дүйнө чемпиону боло албайт. Азыр анда тажырыйба жок, аны жаштыгын коротуп гана жыйнай алат, ал эми тажырыйба топтогондо жаштыгы артта калган болот.

Кинг тажырыйбасы берген артыкчылыктарды калтырбай пайдаланып жатты. Ал бир да жолу кучактап калуу мүмкүнчүлүгүн кетирген жок, кучактаганда да жөн эле жабышып калбай, ийиндери менен атаандашынын кабыргасына салмагын салып, кабыштыра кучактап жаткан.

Рингдин философиясында атаандаштын денесине муштум менен ийин бирдей зыян жасай алат, бирок күчтү үнөмдөөдө ийин сөзсүз биринчи орунда турат деп айтылат.

Кингдин кайра-кайра бүт салмагын атаандашына салып, бекем кучактап, калыс ажыратмайынча аны коё бербей жабышканы, бир аз да болсо күчүн сактоонун айла-амалы болчу. Мындай куулукту алигич өздөштүрө элек Сэндл токтоно албай, булчуңдуу колдорун тынымсыз шилтегендин үстүндө эле.

Кинг ийиндери менен Сэндлдин кабыргасын ныгырып, башын анын сол колтугуна катып, кучактап калган кездерде, тигил Кингдин моюнунан кучактап алып, оң колу менен бетке соккулап жатты. Бул дагы күйөрмандарды уу-дууга салып кубанткан, бирок анчалык зыян алып келе албаган, демек, атаандашынын күч-кубатын алган жакшы ыкма эле. Кинг чыдамкайлык менен мыйыгынан жылмайып, бул соккулаларга туруштук бере алды.

Бир учурда Сэндл оң колу менен Кингдин кабыргасына катуу сокку урду. Сырттан караган кишиге Кинг оңбой калгандай болду, бирок дайыма мындай мелдештерди калтырбай көрүп, көздөрү каныгып калган күйөрмандар, атаандашы муштумун шилтеген көз ирмемдерде, Кингдин мээлейи тигинин каруу булчуңуна тийип жатканын байкашты. Сэндлдин муштуму мээлеген жерине тийип жатса да, бул ыкма соккунун күчүн жоготуп коёрун алар жакшы билишчү.

Тогузунчу раундда Кинг бир мүнөт ичинде удаа-удаа Сэндлди ээк талаштыра үч жолу катуу сокту, үч жолу тең Сэндл теңселип барып бүт салмагы менен күп этип кулады. Ал жыгылган сайын тогуз секундга жетпей ордунан туруп, мээси чайкалып турса да алигиче күчүн жоготпой, мушташка даяр экендигин билгизип жатты. Бирок эми ал чабуулун басаңдатып, абайлап мушташа баштады. Түнөргөн жүзүнөн сактыктын белгилери байкалса да, ал баштагыдай эле басымды өзүнүн негизги байлыгы – жаштыгына коюп жаткан. А Кингдин таянганы – көп жылдан бери жыйнаган мол тажырыйбасы. Кубаты азайып, кайраты кача баштаганда ал бул эки нерсени көп жылдар бою топтогон акылмандыгы, куулугу менен алмаштырып, күчүн эсептеп-ченеп үнөмдөөнү үйрөнгөн.

Ал өз күчүн гана үнөмдөп тим болбостон, атаандашын ашык кыймылдаганга мажбурлап, анын алын кетириштин амалын да жакшы өздөштүргөн эле. Буттары, колдору, денеси менен алдамчы кыймылдарды жасап, Сэндлди артка чегинүүгө, кайра чабуулга өтүүгө, коргонууга түртүп жатты. Кинг өзү эс алып, бирок Сэндлге бир мүнөткө да тыным берген жок. Кыйды Карылыктын стратегиясы мына ушундай эле.

Тогузунчу раунддун башталышында Сэндлдин чабуулдарына сол колу менен бетке түз согуу менен жооп бере баштаган, ошондой учурдун биринде Сэндл сол колу менен бетин тосуп, а оң колу менен Кингди башка урганга үлгүрдү. Сокку бир аз өйдө тийгендиктен, Кинг жыгылбай калды, бирок эзелтеден тааныш абалды башынан өткөздү, – мээсин кандайдыр бир кара жамынчы менен чүмкөп салгансыды. Көз ирмеге, тагыраак айтканда көз ирмемдин эң бир кыска бөлүгүндө Кинг өзүн жоготуп койду.

Атаандашы да, анын артындагы күйөрмандардын бир нерсени күткөн жүздөрү да көрүнбөй; бирок тез эле атаандашы менен көрүүчүлөр олтурган зал кайрадан көз алдында пайда болду. Көз ирмемге уктап ойгонгондой болду. Бул көз ирмем аябай эле кыска болгондуктан Кинг жыгылганга жетишкен жок. Күйөрмандар анын тизелери бир аз бүгүлө түшүп, сендиректеп барып оңолгонун көрүштү. Сэндл бул соккусун бир нече ирет кайталап, Кингди эс-мас абалда кармап турду, бирок Кинг бир убакта эле тосмо чабуул жасоонун жана ошол эле убакта мыкты коргонуунун өзгөчө ыкмасын тапты.

Атаандашынын көңүлүн өзүнүн сол колуна бурдуруп, жарым кадам артка жылды да ошол көз ирмемде болгон күчүн топтоп, оң колу менен ылдыйтадан өйдө, ээк талаштыра басып калды. Муштум даана тийди. Эңкейип келаткан Сэндл катуу сокку тийгенде, өйдө көтөрүлүп барып, башы менен жерге сайылды. Кинг бул ыкманы эки жолу колдонду. Эми ал үнөмдөп олтурбай болгон күчүн жумшап, атаандашына сокку артынан сокку уруп, аны арканга алып барып камады. Ал Сэндлди эсин жыйганга үлгүртпөй, ордуларынан тура калып дуулдап, өкүрүп-бакырып, дүрүлдөтө кол чапкан күйөрмандардын коштоосунда соккуну жамгырдай жаадырды.

Бирок Сэндлдин күчү менен чыдамкайлыгына айла жок эле, ал жыгылган жок. Нокауттук абал мына-мына болчудай көрүнүп, машыктыруучу аягы жаман бүтөрүн баамдап, мушташты токтотуш үчүн аянтчага жакын келди. Аңгыча гонгдун үнү жаңырып раунд аяктаганын кабарлады, Сэндл темтелеңдеп өз бурчуна жетти да, машыктыруучуга бардыгы жайында дегендей, ордунан эки жолу секирип койду. Машыктыруучу кайра ордуна кайтты.

Кинг өз бурчунда чалкалай олтуруп, демин басалбай, оор дем алып кейиди. Эгер мушташты токтотушканда, тагдыр ага жылмаймак, байге аныкы болмок. Ал Сэндлден айырмаланып атак-даңк, карьера үчүн эмес, отуз фунт үчүн күрөшүп жатпайбы. А эми Сэндл бир мүнөттө эс алып калат.

“Жаштык өзүнүкүн алат!” – деген ой мээсинде жылт деп, бул сөздү биринчи жолу Стоушер Биллди жолдон чыгарган түнү укканын эстеди. Муну бир сылаңкороз мушташтан кийин аны виски менен сыйлап жатып, далыга таптап айткан: “Жаштык өзүнүкүн алат!” Ал сылаңкороз туура айтыптыр. Оо, ал кечтин өткөнү качан! – Кинг анда жапжаш эле. А бүгүн Жаштык тигил бурчта, маңдайында олтурат. Карыса да ал жарым сааттан бери аны менен мушташууда. Ал Сэндл сыяктуу өзүн аябай мушташса он беш мүнөттө иши бүтмөк.

Аттиң, эми анын чарчаган булчуңдары мурдагыдай тез калыбына келбей калган. Барсайып көпкөн кан тамырлары, чаалыккан жүрөгү эс алууга берилген бир мүнөттө калыбына келишине кесепетин гана тийгизет. Чынында, мушташ башталганга чейин эле анын күчү чектелүү болчу. Ал буттары салмактанып, муундары титирей баштаганын сезди. Ооба, мелдештин алдында эки миль аралыкты жөө баспашы керек эле!  

Анысы аз келгенсип таң атпай тургандан баштап бир кесим эт көзүнөн учпадыбы! Бул учурда дүйнөдөгү эң жек көргөнү, бир кесим этти карыз берүүдөн баш тарткан дүкөнчүлөр болду. Карыя кишиге тоё тамак жебей, рингге ачка чыгуу оңой бекен. Бир кесим эт деген алар үчүн эмне? Болгону баасы бир нече пенни турган бир майда нерсе. Ага болсо бир кесим эт отуз фунт стерлингге айланышы толук мүмкүн эле да.

Он биринчи раунддун башталышын кабарлаган гонгдун үнү чыгар замат Сэндл кайраты качканын жашырып, чабуул коюуга шашылды. Кинг бул бокстун өзүндөй эле эски опуза экенин жакшы түшүнүп турган. Адегенде атаандашынын чабуулун кучактап токтотту, андан соң Сэндлдин чабуулга камынуусуна мүмкүндүк берди. Бул Кингдин максатына ылайык болчу. Сол колу менен чабуулга даярдангандай, алдамчы кыймыл жасап, аны оң колу менен эңкейип келип капталдан сокку урууга мажбурлады да, дал ошол учурда жарым кадам артка чегинип, ылдыйдан өйдө ээк талаштыра оңбогондой күч менен Сэндлди тоголото сокту.

Ушул мүнөттөн баштап Кинг Сэндлди баш көтөрткөн жок. Ал өзү да муштум жеп, бирок Сэндлди арканга такап, түз, капталдан, кыска, узун аралыктан муштум жаадырып, бирде анын кучагынан бошоп чыгып, бирде кучактап, бирде жыгылып калбас үчүн бир колу менен аны кармай калып, ага караганда алда канча көп сокку урганга үлгүрдү.

Күйөрмандар жинди болгондой өздөрүн билбей калышты: азыр алардын бардыгы Том тарапта эле, бири да калбай бакырып жатышкан:

 – Ур, Том! Сого түш, Том! Токтобо, Том! Жеңиш сеники, Том!

Финал өтө кызыктуу боло турган өңдөндү, күйөрмандар ошон үчүн акча төлөйт эмеспи. Жарым саат бою күчүн аяп ашыкпай кыймылдаган Том Кинг болгон күчүн эми бир катуу чабуулга жумшап, жеңишке жетишке үмүт кылды. Бул анын акыркы мүмкүнчүлүгү болчу – бүгүн же эч качан!

Ал барган сайын алсырап, күчү таптакыр калбаганча атаандашын жыга муштасам дегенде эки көзү төрт. Бирок үстөккө-босток чабуул коюп, сокку артынан сокку урган сайын, Сэндл сыяктуу атаандашын нокаутка чабыш өтө кыйын экенин түшүнө баштады. Анын корогонго үлгүрө элек жаштык деми менен чыдамкайлыгы дагы эле арбын болчу.

Ооба, Сэндл бир топ жерге чейин барат. Бул тубаса мушкерлердин бири экен. Ушуга окшогон бышык материалдардан гана чемпиондор өсүп чыгат. Сэндл теңселип араң жүрдү, бирок Кинг да буттарын сүйрөп калган. Булчуңдары тырышып, кыймылдоо кыйындай баштады. Ошентсе да сынган манжаларынын соккон сайын сыздап ооруганына тиштенип чыдап, каардуу соккуларын улантты. Азыр анын үлүшүнө тийген соккулар жокко эсе болсо да, ал атаандашы сыяктуу эле барган сайын алы кете баштады. Анын муштуму мээлеген жерге тийсе дагы, күчү баштагыдай эмес болчу. Ал ар бир соккуга бүт эркин чогултуп, аябагандай чоң күч жумшаган. Буттарына коргошун байлап койгонсуп, араң сүйрөп жүргөнү көрүнүп турду. Муну көргөн Сэндлдин күйөрмандары өзүлөрүнүн оюнчусун кыйкырык-чуу менен сүрөп киришти.

Бул сүрөөлөр Кингди да чыйралтты. Ал Сэндлди удаа-удаа эки жолу согуп өттү: сол муштуму кемирчектен бир аз жогору, а оң муштуму жаакка тийди. Сокку өтө деле күчтүү болбосо да, алсырап калган Сэндл сендилип барып кулап түштү. Ал денесин титирек басып, тура албай жатып калды. Калыс тагдырды чечээр тогуз секундду санай баштады. Санак онго жеткиче тура албаса Сэндл жеңилмек. Күйөрмандар демдерин ичке алышып, зал ичи жым боло түштү.

Кинг теңселип араң турду; алы таптакыр кетип, башы айланды: күйөрмандардын жүздөрү туман баскансып бүдөмүктөнүп, калыстын санап жаткан үнү кайдадыр бир алыс жактан угулгансыйт. Бирок ал жеңишке жеткенине ишенип жаткан. Мындай таяк жегенден кийин адамдын кайра турушу мүмкүн эмес эле. Бир гана Жаштык аны тургуза алмак, мына эми, ал өз ишин жасап Сэндл келбес жерден туруп келди.

Төртүнчү секунд болгондо ал башын ылдый салган боюнча, колу менен сыйпалап арканды таап, ага жармашты.

Жетинчи секундда тизелеп туруп бир аз эс алды, анын башы мас адамдын башындай эки жакка шылкылдап жаткан. Калыс “Тогуз!” деп кыйкырганда сол колу менен бетин, оң колу менен курсагын тосуп, коргонуу абалын ээлеп турууга жетишти.

Аялуу жерлерин мына ушинтип жаап алган Сэндл, убакытты утуш үчүн атаандашын кучактап калууну көздөп, Кингди көздөй темтелеңдеп жыла баштады. Сэндл турар замат Кинг аны качырып кирип эки ирет сокку урду, бирок бул соккулары аябай алсыз болгондуктан Сэндлдин колдоруна тийип тим болду. Кийинки көз ирмемде Сэндл атаандашын кучактап калганга үлгүрүп, калыстын аракетине карабай ал аны коё бербей бекем жабышып алды. Кинг анын кучагынан бошонуп чыгууга аракет кылды. Жаштык күчтү кандай тез калыбына келтирерин жакшы билгендиктен, ыкчам кыймылдап гана ута аларын түшүнүп турду.

Бир таамай согулган муштум баарын чечмек.

Сэндл утулду, албетте утулду. Ал аны жакшы эле токмоктоду, чеберчилиги жагынан артыкчылыгын көргөздү, андан көп упай топтоду.

Кингди кучагына чыгарып жиберген Сэндл теңселип турду – анын тагдыры кыл учунда турган эле. Эми аны жакшылап бир муштаса иши бүтмөк!

Том Кинг кайрадан бир кесим эт жөнүндө ойлоду, эгерде жок дегенде аз болсо да шорпо-шилең ичип, күч топтоп алганда, чечүүчү соккусу ойдогудай чыкмак. Эмнеси болсо да ал болгон күчү менен Сэндлге сокку узатты, бирок бул соккусу алсыз, өтө жай эле. Сэндл темтелеңдеп барып, арканга сүйөнүп, аны кармап туруп калды. Кинг өзү да жыгылчудай теңселип барып, манжаларынын катуу ооруганына карабай дагы бир жолу муштады. Бирок бул мурунку соккусунан да начар чыкты. Анын шайы эми чындап кетти. Эми анда барган сайын бүлбүлдөп өчүп бараткан жеңишке болгон үмүтүнөн башка эч нерсе калган жок. Ээкке мээлеп соккон муштуму тайып барып  тигинин ийинине тийди. Ооба, жакшы эле өйдө болжогон, бирок чарчаган булчуңдары ага баш ийбеди, өзү жыгыла жаздап араң турган. Кинг кайрадан муштоого аракет кылды. Бул жолу ал тийгизе да алган жок, дарманы калбай, жыгылбастын аргасы кылып Сэндлди кучактап, ага жөлөнгөндөн башка аргасы калбады.

Кинг эми тигини кучагынан чыгаргысы келбей жабышты. Болду, ал колунан келгендин бардыгын жасады, ал үчүн бардыгы бүттү. Жаштык өзүнүкүн алды. Сэндлди кучактап туруп, анын эс алып, күч топтой баштаганын сезди. Калыс аларды ажыратканда, анын көз алдында Жаштык күчүн кандай тездик менен калыбына келтирип жатканын көрдү. Сэндл мүнөт санап өзүнө келе баштады: анын соккулары барган сайын даана жана катуулап баратты. 

Том Кингдин көздөрү тунарып, тумандын арасынан өзүнүн жаагына мээленген муштумду көрдү. Ал колдорун тосуп коргонгусу келди, бирок оор жүк байлап алгансып салмактанган колун көтөргөнгө чамасы жеткен жок. Мына эми, бүт эркин жыйнап колун көтөрүүгө бел байлаган көз ирмемде мээленген мээлей каалаган жерине жетти. Электр тогу ургандай катуу соккудан көзүнөн от чагылып, эсинен танды.

Ал көзүн ачканда өз бурчундагы орундукта олтурган экен, анын кулагына Бонди-Бичтеги деңиз толкунундай күүлдөп-шуулдаган, күйөрмандардын күүлдөгү жаңырып жатты. Кимдир-бирөө сууга малынган губканы желкесине коюп жатыптыр, а Сид Сэлливен анын бетине, төшүнө мүздак суу чачып жаткан экен.

Мээлейин эчак чечип салышыптыр, Сэндл басып келип, эңкейип анын колунан кыса кармады. Ал өз жолун тазалап, аны мелдештен сүрүп чыгарган бул жаш жигитке таарынычы жок эле, ошондуктан ага чын жүрөгү менен эски сыныктары жаңырып, чыдатпай ооруган манжаларын сунуп, Сэндлдин алаканын кысты.

Андан кийин Сэндл рингдин ортосуна чыгып, залдагы ызы-чуу бир аз басылганда жаш Пронтонун чакырыгын кабыл алаарын жана байгени жүз фунтка көтөрүүнү сунуш кыларын жарыялады.

Кинг секунданттар суу болгон денесин кургата сүртүп, аны рингден кетишине даярдап жатышканына көңүлүн бурган да жок. Анын курсагы ачып жаткан. Бул мурдагы боло жүргөндөй жөн эле курсакты кулдураткан ачкалык эмес болчу, а муундарын майда титирек басып, чекесинен муздак тер чыгарып шайын кетирген бир башкача ачкалык эле.

Анын оюна кайрадан Сэндл мына-мына жыгыла жаздап жеңилүүгө бир көз ирмем жетпей калган учур келе калды. Ооба, жок дегенде бир кесим эт жегенде таптакыр башкача болмок! Чечүүчү сокку урарда кашайып алы караманча калбады да! Аттиң ай, бир кесим эт кендирин кесип, бир кесим эт тагдырын чечти!

Секунданттар аны жөлөп аркандан өткөзүүгө камынышты. Бирок ал аларды колу менен түртүп салып, аркандын ортосунан эңкейип өттү да, жерге секирип түштү. Анан залдын чак ортосунда, жол бошотуп бараткан секунданттардын артынан илээлеп жөнөдү.

Чечинүүчү бөлмөдөн чыгып, сыртка чыга бериш жердин каалгасын ачканда бир жаш жигит токтотуп суроо узатты:

 – Эмне үчүн мындай кылдың? Сэндл түртүп койсоң жыгылчудай болуп калды эле го?

 – Бардыгыңарды шайтан алсын! – деди да, Том тепкич менен ылдый түшүп чоң жолдун жээгиндеги жөө адамдар басчу ичке жолго түштү.

Бурчтагы сыракананын эшиги кенен ачылып, ал жактан чыккан жарыкты, ары-бери безилдеп сыра ташып жүргөн официант кыздарды көзү чалды, жаңы эле бүткөн мелдеш жөнүндөгү сөздөрдү, сыра саткан жигиттин алдына ыргытылган тыйындын шылдырын эшитти. Кимдир-бирөө аны сыра ичүүгө чакырды. Бир аз ойлонуп туруп, чакыруудан баш тартып, жолуна түштү.

Чөнтөгүндө сокур тыйыны жок, аңгырап бош эле, үйүнө чейинки эки миль эми ага бүтпөчүдөй сезилди. Ооба, карылыктын башка келгени ушул тура!

Домен гүл бакчасын аралап баратып, үйдө уктабай, мелдештин жыйынтыгын билүү үчүн уктабай күтүп олтурган сүйүктүү аялын ойго түшкөндө аллеядагы отургучка кантип олтура калганын сезбеди. Бул кандай күчтүү нокаут болсо да, андан көп эсе оор сокку болчу, ал аялынын жүзүн кантип карашты билбей турду.

Ал ырп этерге алы жок, шалдайып олтурду, сынган манжаларынын сыздап ооруганы, жок дегенде бир-эки апта колуна кетмен, күрөк кармай албасынан кабар бергендей. Ашказаны бурап ооруп, кускусу келди. Биринин артын бири куйрук улаш келген турмуш соккулары аны сындырган сыяктуу, байкоосуздан эле көзү жашылданып барып, жүзүнөн ылдый көз жашы тоголонду.

Ал жүзүн алакандары менен басып ыйлап жатты. Көз алдына тээ бир алыскы өткөн кечте андан көк ала болуп таяк жеп, көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлап олтурган Стоушер Биллдин элеси тартылды.

Бечара карыя Стоушер Билл!

Мына эми Кинг ошондо анын эмне үчүн боздоп ыйлаганын жакшы түшүндү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз