Копконбай Турат: Ойношум айткан окуя – 2

  • 15.03.2023
  • 5041

Башталышы>>>>>

Ал экөөбүз адеп таанышып, көңүлдөш болгонго чейинки көөнүмө көк таштай тийген көйгөйүмдү айта кетейин.

Колуктум Сымбат менен жыйырма жыл бирге өмүр сүрүп, уул-кыздарыбыз бой жеткен кезде, экөөбүз бир чамгарактын алдында аңдышкан ит-мышыкка айландык. Болор-болбос кемчилигибизди чукулашып, чырыбыс бүтпөс болду. Турмуштун ысык-суугун ушунча жыл бирге тартып жүрүп эле, уул-кыздарыбызды турмушка узатар бактылуу жашка жеткенде, ажырашып кетүү оңой бекен. Балдарымдын алдында энесин таштап кеткенге дитим барар эмес… 

Сымбат экөөбүз алды-артыбызды карап, эч болбосо кан-жаныбыздан жаралган балдарыбыз үчүн ажырашып тынбайлы, балдарыбызды жер каратпайлы деген бүтүмгө келдик. Экөөбүзгө аргасыздын тагдыр тандоосу болду бул.

Өзүбүздүн бактыбыз үчүн жашабасак да, ушу балдарыбыз өздөрүн бактылуу сезсин, ата-энеси ажырашып акмак болгон түгөйлөрдүн тагдырын кайталабайлы дедик.

Жашоо-тирлигибиз кудайга шүгүр, бирине тартсаң бирине жетпеген турмушубуз артта калган эбак. Шаарда батирден батирге көчүп, далай орустун сасыган кепесин шыпырып-жууп, үстүбүзгө үй тутуп санаган күндөрүбүз канча.

Анан эле турмушубузду жаңыдан оңоп, жаңыдан телегейибиз тегиз жашоо курар мезгилде Сымбат экөөбүз бир төшөктөгү чоочун адамдарга айландык. Эрди-катын болгонубуз менен төшөктүн ыракатын да унуттук. Ал мени көргүсү жок, мен аны көргүм жок. Мындай айтканда, өз колуктума аспабым башын көтөрбөгөн кыял тапты. Эңсегеним башкалар. Бирок ошол башкаларга барсам да, аспабым азабымды колума далай берди. Көргөн түшүм деле секс, бассам-турсам фантазиямдын баары эле секс. Өңүмдө ал кумардын бири жок.

Келин-кесекке колуктумдан жашырынып барып жүргөнүм менен, башкалардын үстүнө чыгып 2-3 мерте ыйкаганда эле бел суум агып калганы жаныма батты. Эрендигим атып кетип, алдымда жаткан кыз-келиндин канчасын бушайманга салбадым… Өзүм кандай бушайман болсом, алдымда эркелеген сулуулардын чала кумарын көргөндөгү азап күндөрүмдү айтып отурбайын эми...

Ачуум шакардай кайнап, өзүмдү өзүм жек көргөн зөөкүр болдум. Кимди айыпташты билбейм: туталанып, ызаланып, заарымды кимден чыгарарды билбей чүнчүдүм. Ушундай жашоонун кереги барбы, жокпу дедим өзүмө. Бу жарык дүйнөгө келген адам тургай айбандардын алган ыракаты деле жыныстык байланыш го, мага эмнеге Кудай-таала ошол ыракатын ыраа көрбөйт деп жүрдүм.

Анан эле жашоомдо жакшылыктын шооласындай болгон Махабатка кезиктим.

Аны менен Твиттерден таанышмын. Жаңылыктарына карасам, менин көңүлүмдөгүдөй шилтемелерге жүрөкчө басып койгонун баамдап жүрдүм. Кээде куйкум сөздүү, ачык мүнөз комментарийлерин окуп калам. Бара-жүрө көңүл ышкыбыз келишип, акыры маңдай-тескей тааныштык.

Шок мүнөзү мени магниттей тартып алды. Шыңкылдашып жүрүп, шыңаарлашкан экөөбүз бир күнү “Достук” мейманканасына жөнөдүк.

Эркек менен ургаачы көңүл табышкандан аркысы баарыга белгилүү го: жан эргиткен жагымдуу сөздөр менен эркелешип, денеге дене жакындап, колдорубуз түз эле ычкырыбызды чечтирди.

Эркек болгонум курусун, жан отум менен берилип турсам да, Махабаттын кынына аспабым жаңыдан кирип эле – соолуду. Эрендигим агып калды тез эле. Баягы азап дагы кайталанды. Сымбат менен көңүлдүбүз сууп тынганы да дал ушул азаптын айынан болгон…

Дене кумары дүүлүгүп алган Махабаттын ошондогу аппак жуурканды мыкчылап, жаздыкты мыжыгып, жаны кыйналганын көрүп, ага мастурбация жасап бергенден башка аргам болгон жок. Ал кургур күйөөсү менен ажырашып кеткен үч жылдан бери эркектин кучагын сагынганын айтып, боздоп берди. Төшөк кумары анын да көзүнөн учуп жүргөнүн укканда, ал эңсеп, ал кыялданып жүргөн эркектик милдетке жарабаганыма өзүм да түйшөлдүм…

Махабат болсо менин колум менен мастурбация ыракатына гана балкыганы болбосо, ал мени аяп, мен аны аяп, ал түнү “Достук” мейманканасында таң атканча болдук. Бирок бир да жолу аны да, өзүмдү да ыраазы кылар секс болбоду ортобузда.

Ошентсе да Махабаттын мага кылган сооп ишин эми баяндап берейин. Анын сооп иши Сымбат экөөбүздүн үй-бүлөлүк бактыбыздын ачкычы болуп калды.

Ал мындай: ажырашып кеткен күйөөсү уролог болгондуктан, Махабат күйөөсү үйрөткөн айрым ыкмалардын сырын билет экен.

– Эки бутуңду кенен ачып, чалкаңдан жатчы, – деди бир убакта.

Кебездей жумшак алаканы менен чатымды кармагылап, бир убакта ортон сөөмөйү менен жыныс мүчөмдүн түтүкчөсүн укалап баштады.

– Кан уюп калган турбайбы,  – деди. – Күйөөм үйрөткөн муну. Мен ага ушинтип массаж жасап калчумун кээде. Мунун себеби, көп жөө баспагандыгың. Велосипедди көбүрөк тээп, атка көп минген эркектерде бул дарт болбойт экен.

Бир убакта мейманкананын шкафынан таап алган шарды көтөрүп келип, ичине жел үйлөдү да, жип менен оозун бууп, шардын оозу эмнеге окшоп калганын сурады:

– Эмнеге окшошту?

– Билбейм, – дедим.

– Улуу сөздө уят жок, түшүндүрүп берейин, – деди. – Шардын оозун жип менен буугандан кийин, бул жери биздин заң чыккан тешигибизге окшошуп калат.

Чын эле заң чыккан тешигибизге окшоп каларын ошондо байкадым.

– Эми ушул шардын оозун элестетип, өзүңдүн заң чыккан тешигиңди күнүгө 100-200 жолудан бекем кыскан көнүгүүнү кайталап жүр. Жыныстык органдын тегерегиндеги кан тамырларың ошондо ачылып, булчуң эттери чыңалып баштайт, – деди.  

Бул айтканы чын экен. Махабат үйрөткөн ушул көнүгүүнү күнүгө жасап, өзүмө өзүм күнүгө чатымдагы жоон түтүкчөнү укалаган сайын, тызылдап ооруган жерлерим мурдагыдай ачышпай калды. Мурда биринчи жолу Махабаттын манжалары укалаганда өзөрүп, табарсыгыма кол тийгизбей секирип, безиме шиш сайгансып туйладым эле, күнүгө кылган аракетимден майнап чыга баштады.

Махабаттын сөөмөйү көтөн чучугума чейинки жоон түтүктүн айланасындагы уюган кандарды баскан сайын тызылдап ооруганынан улам, дартым эмнеде экенин түшүндүм ошондо.

Ошол күндөн баштап Махабат көрсөткөн укалоону күнүгө жасачу болдум. Колум талыганча кайта-кайтадан жасап жүрө бердим. Ал эмес бармак башынан чоңурак эки энегимди кошо күнүгө укалап жүрүп, мурда кол тийгизсем тызылдап ооруган балээ жоголду.

Кудай жалгап бир күнү Сымбат экөөбүздүн маанайыбыз жакшы күн боло калып, түндөсү аны эркелетип, жыныстык катнашыбыз ойдогудай кубандырды. Экөөбүздүн тең дене кумарыбыз жазылып, көңүл түпкүрүндөгү таарынычтарыбыз да кыл жип менен буугандай токтоду.

Ошол түнү ичимден Махабатка миң мертебе алкыш айттым.  

Аңгемемдин мурдагы бөлүмүндөгү Махабаттын ишемби күнү таң эрте жумушуна шашып бараткандагы окуясын өз оозунан ошондо уктум. Көрсө, ал кургур да “Достук” мейманканасынан жолуккан күндүн эртеси эле алиги бука моюн, буура сандуу жигитке жолугуп калып, ал аз келгенсип шефинин алдында абдаарып калгандагысына мен себепкер болуптурмун… 

Бул чыгармамды баштаганымдын бир себеби да ушул. Турмушта Сымбат экөөбүзгө окшоп төшөк таарынычынан улам ажырашып тынган жуптар канча. Кокус тагдырымда Махабат менен кезигип калбаганымда, Сымбат экөөбүздүн мамилебиз эмне менен аяктамак – белгисиз…

А мен Махабат менен болгон мамилемде, андан өтө көп нерсени үйрөндүм. Көрсө, эркектин жыныстык аспабы казыктай катуу, а аялзаттын жыныстык мүчөсү бажырайган гүл сымал ачылып, далай-далай эрди-катындардын бактысы кандай болушу керектигин баяндоо үчүн ушул чыгармамды жазууну чечтим.

Алдыда биз кеп кылар баяныбыз да далай окурмандарыбыз үчүн жыныстык сабаттуулукка басым коюу. Бул темабыз көпчүлүк үчүн чоң мааниге ээ деген ниеттебиз…

Уролог, гникологдордун кеңешин уят көрүп, ак халатчандарга өз дартын айтуудан тартынган замандаштарыбыз канча. Биздин көркөм чыгармабыз дал ошол жыныстык жашоодон жабырлап жүргөндөр үчүн…  

Уландысын баса кал тез>>>>>>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз