Бирөөлөрдүн кеңеши менен 1965-жылы жарыкка чыккан “Биринчи Мугалим” тасмасын өмүрүмдө экинчи жолу, 31 жыл арадан кийин кайра көрүп, Айтматовдун чынында гений экенине дагы бир жолу ынандым.
Автор чыгармасында Дүйшөн агайдын образы аркылуу Совет бийлиги жөнүндө оюн айткысы келген деп өзүмө жыйынтык чыгардым. Да Винчи Коду жолдо калат.
Мисалы:
- Дүйшөн өзү – чала сабат, даканса. Пропаганда аркылуу жаттап алган “Партия, социализм, пролетариат” сыяктуу сөздөрдөн башка эч нерсе деле окуган эмес. Окуучуларга ошону эле жаттатат.
- Дүйшөн – диктатор. Чөнтөгүндөгү мыйзам делген кагазды да түшүндүрүп-талкуулап отурбайт. Элди малсыңар деп, өзүнүн оюн күч менен таңуулайт.
- Дүйшөн – психикалык жактан туруксуз адам. Эл менен мамиле курганды такыр билбейт. Бирде ыйлап жиберет, бирде адамдарга, бирде жаныбарларга, бирде табиятка кол салат. Жаш балдарга ар дайым зордук зомбулук көрсөтөт.
- Дүйшөн – фанатик. Ленинге Кудайдай ишенет. “Ленин дагы өлөбү?” деп сураган окуучуну ашатып сөгүп, желкесинен сүйрөп сабактан кууп жиберет. Ленин өлгөндө крышасы тайып кетет.
- Дүйшөн – комплекске кирген кембагал. Өзүнүн проблемаларын бардык байлардын күнөөсү катары көрөт.
- Дүйшөн – экономиканын эң жөнөкөй эрежелерин түшүнбөгөн бийлик. Мектепти айылдын эң алыскы жана логистикалык жактан эң ыңгайсыз жерине уюштурат. Ошондуктан кардарлары аз жана жакшы жыйынтыкка жете албайт. Бирөөнүн менчик мүлкүнө кол салгандан тартынбайт.
- Тасмада бири-бирин сыйлабаган, керексиз учурларда тилдеген жана зомбулук көрсөткөн коом чагылдырат.
- Аягында аксакал айтмакчы, “Разве силой научить можно? Умный человек добрым словом учит, а не плеткой. Плохой ты учитель.”
Евраз Осмондун өмүр баяны бул жакта>>>>>>
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.