Эркиндик замандан эмес адамдан көз каранды

  • 04.08.2022
  • 2086

Эркиндик замандан эмес адамдан көз каранды окшобойбу. Чоң энем эркин киши. «Атасыз өстүк», – дейт чоң энем. «Бирок атасыз жетимбиз деп жалтаңдабай, башка кыздар менен тең ата жүргөнгө үйрөндүк. Бакал көтөрүп оокат тапканды үйрөндүк. “Эркектин ишин кылып эркиндикке чыккансыңар” же “ээн-баш болуп көнгөнсүңөр” деген болбогон кеп. Миң бир жолу эркектин ишин кылса да аял баары бир аял бойдон калат.

Болгону эркиндиги же баш көтөрө албаган көзкарандылыгы боюнча гана айырмаланат. Чоң жеңебиз жаш кезинен эле кызыл камчы агабыздын айтканынан чыга алчу эмес, өлүгүңдү көрөйүн. Эч болбосо биздей болуп бакал көтөрүп, өз оокатын кылып, интернаттан билим алып, өз теңдүүсүн тапса болбойт беле, мынча азап чекпей» ― дейт чоң энем.

«Өткөн жолку пенсиямда жаңы өтүк алдым, калганын үйгө ун, майда-чүйдөгө коюп койдум», ― деп чоң энем мен каникулга барган сайын өзүнө алган жаңы нерселерин, пландарын айтып турат. А апамчы?

– Апа, мурда эмне жөнүндө кыялданчу элеңиз?

– Эсимде жок.

– Азырчы?

– Билбейм. Үй-бүлө деп жашап жүрөбүз да, бардык азапка чыдап, сен аны кайдан түшүнмөк элең, – дейт апам.

Кыштын ызгаардуу суугуна карабай, кыпкызыл болуп суукка тоңгон колдоруна кайыл болуп сүзмөдөн курут жайып, аны болбогон баага сатып, бир тыйынын калтырбай атама өткөрүп бергени үй-бүлө үчүн пайдалуубу? (Атам алкоголизмден көп жылдан бери жабыркайт. Атам өз кезегинде бул кемчилиги үчүн туугандар тарабынан психологиялык басмырлоого кабылып келет.) Биз апабыздын бактылуу жүзүн көргүбүз келчү. Бирок дайыма сүзмөгө колун салып отурган муңайымдуу, кайдыгер жүзүн көрчүбүз.

– Апа, өткөндө бирдеме алып алыңыз деп берген акчага эмнеге өтүк алып алган жоксуз?

– Үйдөн эч ким унчуккан жок.

– Өзүңүз эле базарга барып ала бербейсизби.

– Кийинкисинде ошентем...

Кийинкисинде ошенткен жок. Бул өтүккө эле тиешелүү маселе эмес. Жакшы тамакты, жакшы кийимди, жакшы мамилени да өзүнө ыраа көрбөй келет апам. Кимден жалтактайт? Кимден көзкаранды боло берет?

Акыры кантсе да ар бир адам эркин жаратылган Кудайдын пендеси эмеспи. Эркиндикти чектөөгө, бөгөттөөгө Теңирдин гана кийлигишүүсү болбосо, башка эч бир жанга бирөөнүн желкесине минип алып, тизгиндөөгө акысы жок ко дейм.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук структурасынын бир катар түрлөрү болот, алар: психологиялык, экономикалык жана физикалык кордук. Психологиялык зордук-зомбулук личностко карата вербалдык же вербалдык эмес кысым катары каралат. Мында кысымга кабылган адамдын өзүнө болгон баасы төмөндөйт, мүмкүнчүлүктөрүнө жана өз күчүнө болгон ишеними жоголот. Үй-бүлөдөгү экономикалык зордук-зомбулук каржы булактарынан ажыратуу, иштөөгө тыюу салуу, чыгымдарын чектен ашкан тейде көзөмөлдөө, мүлктү адилетсиз бөлүштүрүү түрүндө байкалат.

Физикалык зордук-зомбулук бул – адамдын физикалык эркиндигин чектөө, ур-токмокко алуу, кыйноо, эзүү жолу аркылуу денеге жана психикага зыян келтирүү. Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун себептери эки негизги топтогу факторлор менен байланыштуу. Биринчиси, үй-бүлөдөгү экономикалык оор кырдаал. Экинчиси, салттуу патернализмдик үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана калыптанган көрүнүштөрдү сактоо шартындагы коомдун эски көз карашы менен.

Мен бул чакан макалада зордук-зомбулуктун психологиялык түрүнө токтолгум келет. Себеби көпчүлүк учурда ачык-айкын көрүнгөн физикалык же сексуалдык кордук көрсөтүүлөр гана айтылып, психологиялык кысымдар эске алынбайт. Массалык маалымат каражаттарынан деле үй-бүлө мүчөсүнүн жарым жан болуп калганча сабалган абалы тууралуу же өлүмгө алып барган зордук-зомбулуктар гана чагылдырылат. Физикалык кордуктун келип чыгышы эң оболу психологиялык зомбулукка барып такалат. Тигил же бул үй-бүлө мүчөсү менин апам сыяктуу үй-бүлөнү сактоо, элге кеп болбоо максатында өмүр бою психологиялык зомбулук менен жашап өтүүсү мүмкүн же физикалык кордукка кабылышы ыктымал, чанда гана бул кордуктан арылууга күч топтоп, эркиндиктин желегин желбирете алган учурлар кездешет.

Психологиялык кордук көрсөткөн адамга төмөнкүлөр мүнөздүү: өнөктөшүн, анын турмуштук принциптерин сыйлабоо. Аны ыңгайсыз кылып, кереги жок эле жерден мажбурлап жардам көрсөтүү, баштан-аяк көзөмөлдөө, кызгануу, коркунучка кептеген жүрүм-турум. «Мага болот, сага болбойт» жана «эркек эч качан күнөөлүү эмес» деген кош принципти кармануу.

Психологиялык кордуктун бир катар түрлөрү бар экени анчейин маалым эмес.

Газлайтинг – психологиялык зордук-зомбулуктун эң оор түрү. Газлайтингти колдонгон адам «сага ошондой көрүнүп жатат», «болбогон нерсени айта бербечи», «сен муну түшүнбөйсүң» деген сыяктуу сөздөрдү пайдаланып баласына же өнөктөшүнө карата адекваттуу болуудан баш тартат. Бул кордуктун курмандыгы болгон адам өз ынанымдарынан күмөн санай баштайт дагы, өзүн акылдан азып бараткандай сезет.

Неглект – бардык муктаждыктарды көңүл сыртында калтыруу, мындай муктаждыктар адамга кереги жок деген ишенимди карманып, адамды атайын запкыга дуушар кылуу. Кээде кордукчу өнөктөшүн пластикалык операцияларга мажбурлайт, турмуш-тиричиликке жардам берүүдөн баш тартат, балдарынын милдетин өнөктөшүнө жүктөп коёт.

Висхолдинг – тынчсыздандырган теманы талкуулоодон качуу. Эмоционалдык опуза – өнөктөшүнүн кайсы бир иш-аракеттерин көңүл тышында калтыруу, муздак мамиле жасоо, сүйлөбөй коюу, өзү билген жекече маалымат менен опузалап коркутуу. Атайылап көңүл сыртында калтыруу – эмоционалдык жактан обочолонуу. Изоляция – кордукчунун өзүнөн башка бардык жан менен болгон мамилеге, алака-катышка тыюу салуу. Натыйжада, кимдир-бирөөдөн жардам суроо кыйынчылыкка турат. Көзөмөл – өнөктөштүн ар бир кыймылын катуу көзөмөлдөө. Сындоо – башкаларга шылдың болуп жатканын шылтоолоп кемчиликтерин, талылуу жерлерин чукуп айта берүү.

Эмне үчүн үй-бүлөдө гана эмес кеңири коомдо өз ордун тапкан аялдар бар жана ошол эле учурда өз ордун гана эмес жеке өзүн таппай калган аялдар бар? Касиеттүү Умай эне, сактардын ханышасы Томирис, Манастын жаншериги Каныкей, айжамалдуу Айчүрөк, баатыр кыз Кызсайкал, эр жүрөк Жаңылмырза, акылман эне Курманжан датка, андан бери карай Уркуя Салиева, Айтматова Нагима, Бегматова Сакин, Ибрагимова Галия, Калыкова Равия, Каржаева Сабира, Кондучалова Күлүйпа, Кыдырбаева Фатима, Мырзалиева Анипа, Отунбаева Роза, Осмонова Турсун (Турсун апа), Салиева Батыш, Ташибекова Жамал, Телтаева Сабира, Туганбаева Мария, Түмөнбаева Жаңыл, Айткулова Айнек, Алдашева Шакира, Кайназарова Зууракан, Ногоёва Саадат, Өмүрова Аписа, Сулайманова Күлсара, Үмөтова Гүлбара, Керимбүбү Шопокова, Абылкасымова Майрамкан, Адышева Тенти, Арсыгулова Жумакалый, Бейшеналиева Бүбүсара, Кийизбаева Сайра, Козубекова Мейликан, Күйүкова Даркүл, Күмүшалиева Сабира, Кыдыкеева Бакен, Мадварова Римма, Токтакунова Самарбүбү, Турсунбаева Таттыбүбү, Ысманова Кеңешкан, Абдуазизова Нарпаша, Айдарбекова Рафа, Ачылова Рахат, Болжурова Ишенгүл, Мамбеталиева Гүлмира, Мусаева Жумагүл, Рыскулова Какиш сындуу кыргыздын аялзаттары, ардактуу энелерибиз мамлекеттик жана коомдук иш чөйрөсүндө, экономика жаатында, маданият жана искусство айдыңында, илим жана билим берүү тармагында абдан эле көп.

Демек, илгертеден эле аялдардын акылы бааланган, кеп-кеңештери эске алынган. Бирок азыр эркектер өзгөрдүбү же аялдарбы? Эмнеге «катын сүйлөй берет», «канчыктын кеби кеп бекен», «аялдын орду очок башында» деген көз караштар жайылып кетти? Бул маселенин тамыры үй-бүлөлүк түшүнүктөрдөн улам келип чыкса керек. Алсыз эркек өз алсыздыгын моюндагысы келбей аялынан өчүн чыгарат окшобойбу. Ошол эле учурда тескерисинче, аял кайдыгер болсо же аял киши чөйчөктөй акылын жарытылуу колдонгонду билбеген кырдаалды жаратса, анда эркек киши психологиялык кордукка дуушар болот. Үй-бүлөдө ким кысым көрсөтсө дагы, мейли аял болсун, мейли эркек болсун, ал бара-бара күрөшүүдөн чарчап, чаалыгып жеңиле баштайт. Мындай мамиленин жыйынтыгын ар түрдүү кырдаалда көрүп жатабыз: аялын ур-токмокко алганы, бала-чакасына күн көрсөтпөгөнү, күйөөсү ичкиликке берилип кеткени же турмуштун айынан сезимдерин күнөөлөп башка үй-бүлө курууга ашыккандар...

Буга окшогон көрүнүштөр арбын. Мен азыр бул жерде улам бир сулуу аялды ээрчип кете берген үй-бүлөлүү катынпоз эркектерди же көзүн кысып, үй-бүлөлүү эркектин жибин үздүрүп алган эркекпоз аялдар жөнүндө айткан жокмун. Бул башка кеп. Айтайын дегеним, кордук көргөнүнө кайыл болуп, чүлүктөнгөн торпоктой жашап жүргөн аялдар же эркектер. Ар бир адам кыялданат. Аял дагы, эркек дагы. Же кыялына умтулсун, же учурдагы абалын жакшыртсын. Кулдай кайдыгер жашоо жакшылыкка алып барбайт. Ар бир башта өлүм бар. Бир келген өмүрдө жүрөк каалаган жайлуу жашоодо өмүр сүрсө эмнеге болбосун? «Бала-чака үчүн жашап жатабыз» деп өзүн алдаган болбойт. Биз, балдар ата-энебиздин бактылуу жашашын каалайбыз. Эгер чындап балдары үчүн жашап жаткан болсо ата-эне биринчи өздөрү бактылуу болушсун. Ал үчүн үй-бүлөлүк мамилелеринин үстүнөн иштешсин. Эмне үчүн эркек кишини да чүлүктөнгөн жашоого кабылат деп жатам? Анын себептери бар жана турмушта кездешкен мындай учурлар сейрек эмес.

Мен алыс кетпей эле атамды алайын. Жогоруда айтылгандай, атам ичимдикти көтөрө албайт. Бул алсыздыгы үчүн туугандардын басмырлоосун башынан байма-бай өткөрдү. Теңине албаган туугандарына теңелем деп жүрүп акыры шаабайы суугандай. Жөн эле шаабайы сууп калбайт экен: өзүнө болгон ишеними жоголду, жеке ой пикирин тайсалдатып айтканга өттү, туура болсо дагы бирөөгө кеңеш айтуудан айбыгат («сен кечээ эле тигинтип жүрбөдүң беле!» деген сөздү угуп калбайын десе керек), тез эле муңаят, кайраттуулугу жоголду. Мындан улам, айрыкча туугандары көп кыргыз, казак, түрк, өзбек сыяктуу тектеш элдерде үй-бүлөдөгү психологиялык зордук-зомбулук кеңири жайылган деген тыянак чыгат. Аны менен кошо үй-бүлөлүк эркиндик маселеси да курч бойдон калып келет.

Таң калычтуусу, чоң энем эркин жашайт, чоң энемдин тарбиясын көрүп өскөн атам дайыма чектелип турат. Бейиши болгур таэнем шадыра-шатман эркин киши болсо, апам түнт, бат чүнчүгөн адамга айланган. Эмне үчүн? Мен азыркыга чейин анализдеп, жооп издеп келем. Эмне үчүн эски кишилер эркин дагы, биздин замандын кишилери барган сайын деградацияга учурап жатат?

Марафон, убакытты туура пайдалануу деген сыяктуу акыл-кеңеш айткан блогерлер, эл адамдары жалаң эле аялдарга акыл үйрөтө бербестен эркектерге дагы акыл берсеңер жакшы болмок. «Эркек да, ага баары кечиримдүү» деген заманда жашабайбыз. Азыр көз караштар, жашоонун талаптары башка. Ошондой эле муну менен мен «аялдарыбыз эркектин сөзүн укпасын» деген көз караштан алысмын. Эркектер аялдардын укугун сыйласа жакшы болор эле деген ойду айткым келет. Биз, кыргыздар көбүнесе өтө оройбуз же түнтпүз. Ачык сүйлөшүп, үй-бүлөдөгү мамилени талкуулоодон тартынабыз. Эмне үчүн билимдүү, илимдүү, кыздарын сыйлап, жакшы көргөн атам ичкиликти дос кылып алды деп ойлойсуз?

Себеби, ичиндеги көйгөйүн ачык айта албайт. Кайсы бир турмуштук фактор анын психологиялык же аң-сезимдик эркиндигин чектейт. Биз алгач атамдын бул алсыздыгын оору катары баалап, атайын бейтапканада дарылатканбыз. Бирок кептин баары жан дүйнөдөгү эркиндикте экен. Бейтапкана жардам берген жок. Жакын отуруп сүйлөшүү, ички сезимдерин бөлүшүүгө аракеттенүү, акыл-кеңеш сурап, өздүк баасын көтөрүү аркылуу гана дурус жолго жетелей алдык деп ойлойм.

Мүмүкүнчүлүк боло калса эле саясат жөнүндө талкуу уюштуруп, ар түрдүү ой-пикирлерди жарыялап жаткан сыяктуу эле үй-бүлөлүк психологиялык зордук-зомбулук тууралуу дагы байма-бай сөз кылып, аны чечүүнүн жолдорун сунуштап турсак бул көйгөй бара-бара суюлат беле деген ойго келесиң...

Кордук көрсөткөн адамдан өзүн коргонуунун жолдорун алсыздарга гана айта бербестен, ошол кордукчуларга карата дагы атайын таалим-тарбия бере турган иш-чаралар уюштурулса. Айталы, вебинар, семинар, марафон, курс деген иш-чаралардан көөнө нерсе жок. Алардын басымдуусун сулуулук, материалдык байлык, ийгиликке жетүү же кордук көргөн адамдан кутулуунун жолдору, күчтүү болуу сыяктуу темалар түзөт. Мына ошолор үй-бүлөдөгү психологиялык кордук тууралуу да кеп кылып, андагы кордук көрсөткөн адамга анын мындай иш-аракети туура эместигин чагылдырган иштер жүргүзүлсө...

Психологиялык кордукка кабылган адам дайыма эле мындай кырдаалдан качып жүрө албайт. Мейли, күчтүү аял психологиялык кордуктан суурулуп чыгып кетти дейли. Бирок кача албагандар андан көп. Кордук көргөндөр эптеп кутулганы менен, кийинки курмандыгын күтүп кордук көрсөткөндөр ошол бойдон эле калып жатпайбы. А туугандарынан психологиялык кысымга кабылгандар эмне болот? Тууганчылыктан кечеби? Көп учурда алар тууганчылыктан чыга албайт эмеспи. Ошондуктан бул жаатта комплекстүү иштер жүргүзүлсө, мисалы, айыл жергесинде сыналгы көп көрүшөт, ал аркылуу кыска роликтерди даярдап жайылтуу, азыр актуалдуу болгон диний тармак аркылуу психологиялык зордук-зомбулук тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, социалдык тармактар: Фейсбук, Инстаграм, Твиттер сыяктуу желелерден элге таанымал инсандар аркылуу бул темада кеп козготуп, туура жолдорду көрсөтүү (элдин басымдуу катмары таанымал адамдардын социалдык баракчадагы виртуалдуу жашоосуна көз салганды жактырышат).

Тарбия иши бала-бакчадан, үйдөн башталса сонун болмок. Бирок азырынча бул иш колубуздан келбейт. Себеби биз, чоңдор өзүбүз тарбиялана элекпиз. Ошондуктан жогорудагыдай жолдор сунушталып жатат. Болбосо балдарыбызды жан-жаныбарларды сүйүүгө, аларга кам көрүүгө, үй-бүлө мүчөлөрүн гана эмес коомдогу башка адамдарды да урматтоого, алардын пикирине кулак салууга жана ал боюнча өз алдынча ой жүгүртүүгө, ар бир адамдын ою баалуу экендигине, көз караштар туура келбей калышы мүмкүн экенин жана андай адам менен мамилени чыр-чатаксыз үзүүгө, кек сактабоого, жашоону сүйүүгө үйрөтсөк эмнеге болбосун? Булардын баарын үйрөнгөн адам өзү эле ар бир адам эркин экендигин түшүнөт. Кайсы бир ишке мажбурлоого Жараткан менен мыйзам гана укуктуу экендигин аңдап билет.

Бардык учурдун өзүнө тиешелүү заманы жана адамы болот. Бирок адамды заман өзгөртпөйт. Адамды адам гана өзгөртөт. Эркиндикти же кулчулукту адам өзү гана тандайт. Эркиндикти жана кулчулукту адам өзү гана жаратат. Бардык нерсе адамдын килкилдек мээсинде. Бирөөнүн кул экенин, жашоого татыксыз экенин, башкадан төмөн экенин айта берсе, аны уккан адамдын мээсине айтылгандар сиңип отуруп ал чүнчүйт дагы, коомдогу ордун гана эмес, жеке эркиндигин да унутат. Ошол эле учурда чүнчүткөн экинчи тарап бирөөнүн эркиндигин чектелүү ой жүгүртүүсү аркылуу тартып алып жатканын аңдабайт.

Бул көрүнүш үй-бүлөдөн баштап, коомдун ар кыл чөйрөсүндө кездешкен олуттуу көйгөй. Мыкаачылар же өзүнө кол салган алсыздар мына ушундай чектелген аң-сезимдик эркиндиктен пайда болушат. Билим алыш керек, ооба, сөзсүз, бирок билимдүүлөрдүн арасында психологиялык жактан чектелип, эркиндигинен ажырагандар толтура. Ал эми билим алганга мүмкүнчүлүгү болбой же менин чоң энем сыяктуу орто билимдүү, бирок төрт тарабы кыбыла, кайда барса өз эрки болгон жайдары адамдар да арбын. Мындай адамдардын жанында болуштун өзү эле ырахат.

Күңгүрт жашоо жашылданып, караңгы келечегиң жарыктанат. Жашоого болгон үмүтүң артат. Ошондуктан ар бир адам өзүн тарбияласа, улуу Жаратканды жакшылап таанып билсе, Алла Таала берген эркиндикти тартып алууга эч кимдин укугу жок экенин жүрөгүнө түйсө, жер жүзүндөгү тирүү жандыктарга зыян келтирүүгө (психологиялык, физикалык, моралдык, материалдык ж.б.) болбостугун аңдап түшүнсө деген изги үмүт-тилегим бар.

Азиза СУЛАЙМАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз