Кеңеш кызы Айпери: Баланын тандоосун сыйлайлы

  • 30.07.2022
  • 4029

БИЛИМДЕГИ ЭРКИНДИК

Бүгүнкү күндөгү балдардын эртеңи, келечеги, билими, тарбиясы сизди тынчсыздандырабы? А мени абдан тынчсыздандырат...

Аябай ойго салганы – жаңы муунду тарбиялоодо алардай ойлоно албай жаткандыгыбыз. Балдардын келечеги үчүн мугалим, ата-эне, коомчулук – баарыбыз бирдей кабатырдабыз, бирок алардын максаттары менен эсептешпегендигибиз...

Дүйнө бир орунда турбай, улам жаңы ачылыштар пайда болгон сайын, инсандар жаңыланып, баалуулуктар алмашып жаткан бул күндө мугалимдин бала менен мектепте иштөөсү, ага билим берүүсү кыйла кыйындык туудурса, ошол эле учурда ата-эненин бала менен тил табышуусу да алда канча кыйындап барат.

Менин баамымда, мугалимдин, ата-эненин бирдей катасы – окуучуну  “Адам” катары кабыл алып, анын пикири менен эсептешпегенде. Алардын “Менин” сыйлабагандан, тандоо укугун бербегенибизде.

“Мектепте мугалимдин айтканы мыйзам – үйдө ата-эненин тилинен чыкпаш керек” – деп жатып баланын мажирөө болуусуна себеп болуп жатпайбызбы. Качан адам эркин ой жүгүрткөндө гана жакшы жыйынтыкка жетерин  окумуштуулар айтып, психологдор далилдеп, атайын адистер ынандырып эле келе жатпайбы.

“Дүйнөлүк педагогиканын алкагында ой-жүгүртсөк, биздеги балдардын арасындагы терс көрүнүштөр аларды инсан катары тааныбагандыктан, алардын дили, ою, пикири менен эсептешпегендиктен болоруна ынанасың. Буга Финляндияда болгонумда ого бетер ишендим. Баланы билүү менен анын жүрөгүнөн  түнөк табасың, ишеничине ээ болосуң. Тарбиялык таасириң жемиштүү болот” – деп айтканы бар гумандуу педагогиканы жактаган педагог О.Сайдилканов агайдын.

Мен жаш педагогмун, иш-тажрыйбам  аз экенин билемин. Менин төмөндө балага эркиндик берүү тууралуу айткандарым көпчүлүк кесиптештериме, анын ичинде улуу муундагы кесиптештериме жага бербесин жакшы билемин. Менин оюма толук кошула бербесин сезип турамын. Бирок мен буларды өзүм ойлоп тапкан жокмун, илимге жаңылык деле кошуп жаткан жерим жок. Болгону өзүбүздөгү Гапыр Мадаминов, Орозали Сайдилканов сыяктуу алдыңкы педагогдордун иш-тажрыйбасы менен таанышып, билим берүү жагынан алда кыйла алдыга кеткен, өнүккөн Сингапур, Фин,  Түрк элдеринин билим берүү жөнүндөгү китептерин окуп чыккандан кийин ушундай жыйынтыкка келгенмин.

Сабак өтүп жатканда салттуу педагогикада сакталып келе жаткан айрым түшүнүктөргө башынан каршылыгым бар.

Биринчиден, айрым кесиптештеримдин түшүнүгү боюнча эгер  сабак учурунда  окуучу тынч отурса, класста жымжырттыкты  сактап, мугалимди кунт коюп, бала партанын үстүнөн эки колун жылдырбай, класста “чымындын да үнү” угулбаса, ошол сабакты окуучу абдан терең түшүнүп, мээсине жакшы кабыл алынгандай, мугалим теманы жакшы түшүндүргөндөй, жугумдуу сабактай туюлат. Балким, ал да туурадыр. Бирок өз сабагымда балага эркиндик бергенди, алардын кенен отурганын каалаймын. Эркин ойлонсо, сынчыл ой-жүгүртсө, кези келсе мугалимдин пикирине пикир кошуп, өз оюн эркин жеткире айта алса, бала өзүндөгү демократиялуу укукту сезинсе деймин.

Экинчиден, “бала менен мугалимдин ортосунда дистанция сакталышы керек” деген ойду кармангандарга да кошула албайм. Азыр 11-класстарга сабак беремин. Аларга “достор” деп кайрылып, чоң кишидей эле кабыл аламын. Алар менен чогуу тамактанабыз, 2–3 жолу чогуу кино көрүп, аны чогуу талкууладык. Акын-жазуучулар менен же башка багыттагы тематикалык чогулуштар болсо “барып келүү жоопкерчилигин өз мойнума аламын” деп директордон жооп сурап ээрчитип алмайым бар. Бала билимди класстык бөлмөдөн жана окуу китептен гана алат деп ойлобоймун. Бала канчалык көп, кызыктуу  нерселерди көрсө, өзү аралашса, ошончолук дүйнө таанымы кеңейет.

Үчүнчүдөн, балага тандоо укугун бериш керек деп ойлоймун. Мисалы: менин сабагымда окуучу тапшырманы кайсы багытта аткаргысы келсе, кандай багытта аткаруу ыңгайлуу болсо дал  ошол багытты тандап алсын деп эркиндик бермейим бар. Айталы, адабият сабагынан сүрөт тартканды жакшы көргөн окуучу ошол чыгармадагы  каармандын сүрөтүн тартып келсе эмнеге болбосун, чет тилине кызыгып жүргөн окуучуга ушул чыгармадагы фразаларды сен жакшы көргөн чет тилине которуп кел деп айтсаң  абдан сүйүнөт, жаңы сөздөрдү кошо үйрөнөт. Жазуу ишин жактырган, табиятынан сөзгө жакын окуучуга сиз өткөн чыгармадан  өзүң жактырган тематиканы тандап алып дилбаян жазып кел десеңиз, сиз күткөндөн да мыкты аткарары анык. Сөзсүз эле “окуп келип, түшүнгөнүңдү айт” дебестен, STEAM багытында тапшырма берсеңиз оң натыйжа берери бышык.

21-кылым илим-билимдин, техниканын доору болуп жаткандан кийин бар мүмкүнчүлүктөрдү барынча пайдаланып албайлыбы. Ошол телефондогу программалар менен сабак  өтүп, анын мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин үйрөтүшүбүз керек. Жөнөкөй эле бир мисал, телефондо аткарылган тестти текшерүүчү эң сонун программалар бар, бир нече секунд эле убакыт кетет. Эмне үчүн телефон колдонууну тыйып, ал тесттерди сааттап текшерип отурушубуз керек. Дүйнөнүн булуң-бурчуна электрондук кат жөнөтүп жаткан заманда, биз почта менен колдо баракка кат жазып отура бербейбиз го.

Азыркы  балдарды жазалап окута да, тарбиялай да албайсың. Авторитардык окутуунун да, авторитардык тарбиянын да күнү бүттү. Баланы уруп баркка жеткен бир дагы педагогду көрбөдүм. Баланы кемсинтип сүйлөгөн кесиптештеримдин да сый таап кеткенинен кабардар эмесмин. Балага сый мамиле жасап, аларга эркиндигин кайтарып берип, жанында колдоочусу болгонубузда гана оң натыйжага жетерибиз турган кеп.

“Мугалим баланын окутуучусу гана эмес, анын тагдырынын мугалими. Мектеп – тагдырдын устаканасы!Мектеп – адам тагдырын жасоочу тегирмени... Мектепке келе жатып ар бир мугалим “... мен мектепке баланын тагдырын жасоо үчүн келе жатамын” деп ойлосо деген тилегим бар” – деп ниет кылат педагог С.Рысбаев.

Айтайын дегеним, балдардын кулагына “биздин убакта мындай болчу, советтик тарбия көрбөй калдыңар, баланы мынтип тарбиялаш керек” деп эле, өткөндүн саркындыларын бетибизге кармай бербей, заман талап кылгандай, балдарыбыз өсүп келе жаткан муунга, доорго татыктуу болгондой жаңыча ойлонуп, креативдүү ой-жүгүртүп, келечек муунга татыктуу билим берели. Анткени биз, педагогдор – тагдыр жаратуучуларбыз!

Мен байкагандан, биз – ата-энелердин бир одоно катабыз бар: балалыкта жетпей калган кыялдарыбызга балдарыбыз жетсе дейбиз. “Мен доктор боло албай калдым, ошондуктан балам (кызым) доктор болот. Мен балалыгым да баландай нерсеге жетпей калдым, эми балам ошол нерсеге жетишет” деген сыяктуу өзүбүздүн кызыкчылыкты көздөгөн адаттарыбыз бар. Бала биздин колубуздагы курал же робот эмес, ал өзүнчө личност экенин унутуп калабыз. Анын биздин максаттарды орундаткандан мурун өз жашоосу, өз тандоосу бар экенин унутпасак, сыйласак.

Оюмду жыйынтыктап жатып төмөнкүдөй кайрылуу жасагым келет:

Балдарыбыздын эркиндигин чектебейли, алардын кыялдары менен эсептешели,  максаттарын жүзөгө ашырууда колубуздан колдоо келбесе да, жолтоо болбойлу. Ар бир бала – гений, ар бир бала – талант, ар бир бала – өзүнчө личност.

Т.Эгембердиевдин сөзү менен айтканда: “Биздин балдар жүрөгүндө эркиндиктин рухун өлтүрүүгө мүмкүн болбогон кыргыз балдар. Аларга татыктуу тарбия беришибиз керек. Жаш муунга заман талабындай билим беришибиз абзел. Анткени Чыңгыз Айтматов айткандай: “Билим гана адамды бактылуу жана эркин кылат.”

Т.Эгембердиев жаштарга кайрылып, “Жакшы билим алгыла, ошондо акча дагы, бизнес дагы өзү таап келет” – деп айтканы бар.

Келгиле, кесиптештер, ата-энелер! Баарыбыз биргеликте, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, өлкөбүздүн эртеңи, жаш муундун келечеги үчүн мыкты, билимдүү балдарды тарбиялайлы. Анткени, ата-журтубуз бизден ошону күтөт.

Жашасын, эгемен өлкөнүн эркин, билимдүү балдары!

Ош облусу, Ноокат району

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз