Мугалим сыйды сурап эмес, адеби, эмгеги менен алат

Кыргызстандагы эң көйгөйлүү, актуалдуу маселенин бири – билим берүү. Эгемендик алган жылдардан бери эч кандай өзгөрүү, жаңылануу... тагыраагы, реформа болбогон тармак ушул.

Окутуунун ар кандай усулдары айтылганы менен совет мезгилиндегиси кандай болсо, так ошол бойдон калды. Рынок экономикасында акча, пайда табуу маселеси биринчи планда болгон үчүн жеке мектептер, менчик окуу жайлары, бейөкмөт уюмдардын долбоору жаңы усулдар менен (менталдык арфиметика, оюн сабак, жайлоо сабак ж.б.у.с.) иштеген түр көрсөтүшкөнү менен билим берүүдө кардиналдуу өзгөрүүлөр боло элек.

Кептин ток этерин айтканда, билим берүү тармагында түп-тамырынан тарта реформа жасалса, ириде мектептердин материалдык-техникалык базасына көңүл бурулуп, билим берүү мекемелеринин окуу программасына өзгөрүү, жаңылануу кирип, турмушка жакын болушу абзел. Азыр Интернет заманы, жаш-карыны аалам төрдүн азгырыгы биротоло чырмап турган кез. Андыктан мектеп программасындагы сабактар балдар үчүн кызыктуу, элестүү, түшүнүктүү гана эмес, балдардын аң-сезимин, дүйнө-таануусун өзгөртүүгө, баланын кыял чабытын кеңейткенге, сөз байлыгын өстүргөнгө, карым-катнаштын эстетикалык-этикалык манераларына багытталышы керек.

Окуучунун бирөөсү угуп жакшы түшүнсө, экинчиси көрүүсү менен, үчүнчүсү эске тутуусунун мыктылыгы менен айырмаланат. Окуучулардын кабыл алышына жараша сабакты слайд-шоу, силлабус, математикалык анализ, божомолдуу аналитика же сынчыл ойлоо, көркөм окуу, жаттатуу жана башка ийкемдүү усулдардын жетишсиздиги байкалат. Көп жылдык тажрыйбасы бар мугалимдер эски дептеринен коштошкусу келбегени канча, жаш мугалимдер окутууда кандай жаңы ыкма-усулдар бар экен деп интернеттен таап, үйрөнгөндөр аз. Мисалы, эне тил сабагында кыргыз элинин турмуш шартына, жашоо образына, тарыхына, каада-салт, нарк-насилинин баалуулуктары, менталитетине байланышкан темалар камтылыш керек. Ошону менен бирге мезгил, доор, заман жаңылыктары баланын кабыл алуусуна жараша берилсе.

Балдар бакчасынан бала эне тилдин кадыр-баркын сезип, эне тили менен сыймыктанып жүрөр деңгээлде тарбияланса, тилди жериген, тилден уялган, сүйлөгүсү келбегендер (зарылчылык үчүн эмес, атуулдук милдет, улуттук сыймык катары) азаят. Мында үй-бүлөнүн, ата-эненин салымы чоң. Бала бакчада ар түрдүү кесиптер жөнүндө маалымат эмес, практикада устачылык, тигүүчүүлүк, кол өнөрчүлүктүн түрлөрү, кыскасы, балдар өздөрү өз колу жасап үйрөнсө, эмгекке болгон сүйүү, эрктик сапаттары, кыял-мүнөздөрү калыптанат. Эмгек сабагы талаптагыдай жабдылышы, турмуштагыдай, керектүү жана зарыл инструменттер, жабдуулар, аспаптар менен камсыздалышы шарт. Тилди үйрөтүү керек окумуштуулардын изилдөөсү боюнча беш жаштагы баланын 7–8 тилди үйрөнүү мүмкүнчүлүгү кенен. Кандай сабак болбосун жупуну, жатык тил менен окулса, кандай өнөргө үйрөтүү турмушка жакын, баланын кызыгуусун ойготкон, өзү умтулуп, өзү аракеттенген деңгээлге жетишине шарт болушу керек.

Балага жомоктун таасири, жомоктун тарбиялык мааниси эбегейсиз. Чоңдор өздөрү жомок билбей туруп, баласына кайсы жомокту айтып бере алмак? Баланын курактык өзгөчөлүгү, кыялкечтиги, ой жүгүртүүсүнүн байышына жомок менен элдик оюндар жакшы таасир берет. Мисалы; “топ таш”, “уюм тууду”, “ак терек, көк терек” ж.б. у.с. Бир гана нерсе, заман талабына ылайык алардын ички маанисин сактап, мазмунун өзгөрткөнгө, шартка жараша иштеп чыкса болот. Мектеп жашындагы балдарды да көбүрөк оюн сабактар, спорт түрлөрү менен алектендирүү зарыл.

Баланын эркиндиги деген эмне? Бала жаңы чөйрөгө барганда өзүн ыңгайсыз, ишенимсиз сезбеши үчүн ага ыкластуу, ишенимдүү жана жакын мамиле керек. Ката кетирсе же бир нерсени туура эмес жасаса, урушуп, тилдеп, жаман сөз менен кемсинтүүнүн кереги жок. Кайра мактап туруп, туура эмес жасаганын достордой эле түшүндүрүп койгон оң. Кемчилигин, туура эмес мамилесин, кыял-жоругунун жаман жактарын көзгө сайып көрсөткөнгө шашылбоо керек.

Албетте, балдардын кабыл алуусунда алардын социалдык абалы, шарты, үй бүлөсү, ата-энесинин коомдогу социалдык-финансылык категориясы эске алынат. Мектепте бала эң начар же жаман баага окуса, жооп берсе да (жообун анализдеп, баланын оюн бөлүп айтып) аны жакшы баа менен баалап коюуну мугалим эстен чыгарбаш керек. Баа баланын тагдырын чечпейт, бирок убактылуу болсо да анын өзүнө болгон ишенимин көтөрөт.

Бала ата-энеси, бир туугандары менен кенен, эркин, ыкластуу мамиледе болушу шарт. Баланы кошунанын же туугандардын баласына теңеп, салыштырып “сен андайсың, сен мындайсың...” деген көржемеге алуудан бир тыйын пайда чыкпайт. Эмнеге кызыгат, эмнеге жөндөмдүү, эмнелерге ыктуу, эмнелерге жөндөмсүз, кайсы сабакка шыктуу же кызыкпайт, булардын баарын ата-эне менен мугалимдер беш колдой билсе, баланын саат сайын эмес, мүнөт сайын өзгөрүп, байып, кеңейип турган жан-дүйнөсүнө жол ачылат. Ар бир балага индивидуалдуу, кайталангыс, жекече, достук мамиле керек!

Психологиялык аспекти ар кандай шартта, кырдаалда окутуунун көңүл борборунан орун алышы зарыл. Баланын мүмкүнчүлүгү менен жөндөмдүүлүгү чексиз, ченемсиз жана кайталангыс. Бир бала экинчисине таптакыр окшошпойт. Тубаса кыял-жоруктуу, тубаса адат-көндүмдүү балдар менен өз алдынча иштөө зарыл. Баладагы эң талылуу, эң назик маселени (атасы же энеси ичкич же таштап кеткен, баланын тилинде артикуляциялык кемчилиги бар; кекеч, маңка, же табият таарынткан транссексуал, гомосексуалист, ж.б.у.с.) көпчүлүктүн көзүнчө ашкерелөө мугалимдин кечирилгис кемчилиги.

Башталгыч классты бүтүргөндөн кийин окуучунун кызыгуусуна, билимди өздөштүрүү деңгээлине, шык-жөндөмүнө, личносттук калыптануусуна карап бөлүштүрүп окутууга мезгил жетти. Европадагы Германия мамлекетиндеги билим берүү системасындагы 3–4 этапка бөлүштүрүүнүн алгылыктуу, натыйжалуу, керектүү жактарын алууга болот.7–8-класстардан тартып, ар түрдүү кесипке үйрөтө турган колледждерде окутуу, эгер мыкты ой жүгүрткөн, башы башкача иштеген балдар болсо, универлерде окуткан жакшы. Биздеги жогорку окуу жайларында Болон процесси деп, өзүбүздөгү шарттын жоктугун эске албай, материалдык-техникалык жетишпестикке, окуу жүктөмдөрүнүн абалына, мугалимдерди тандоо мүмкүнчүлүгү жоктугуна карабай (студент сабакка мажбур түрдө келбейт, каалоосу боюнча), студенттердин катышуусуна эркиндик берилбей, кагаз жүзүндө болсо да ооз көптүрүп келишпедиби... Кагаз жүзүндөгү ар бир усул (метод), ыкма, нускама, көчүрмө жакшы бирок, ал турмушка ашпаса, турмушка жакындашпаса, натыйжа болбосо, анын кимге кереги бар?

Мектептердеги көз көрүнөө жана “көрүнбөгөн”, билинген жана “билинбеген” дискриминациялоону жоготууга, түп-тамырынан жойгонго мезгил жетти. Майда деп маани бербеген адат, көндүм, жөрөлгө, “жазылбаган мыйзамдардын” айынан билим берүү мекемелери аксап, кадыр-баркын жоготуп баратканы жашыруун эмес. Мектеп директору (кемде-кем адистер өз мээнети менен кызматка келбесе, көпчүлүгү тааныш-билиши барлар, сатып алгандар) өзүн хандан кем сезбейт. Айтканы айткан, дегени деген болушун каалайт. Өзү педагогикада билим берүү жана бала тарбиялоодо кызмат, чин, социалдык абал мааниге ээ эмес, тескерисинче, интеллектуалдык деңгээл, менеджердик сапаттар, тажрыйба, эл менен иштешүү маданияты, дипломатия, педагогиялык сапаттар бааланат.

Дискриминация – латын сөзүнөн алынган, ”обособление” – четтетүү, обочолотуу, “различение” – ажыратуу, айырмалоо (Юдахиндин орусча-кыргызча сөздүгү) дегенди түшүндүрөт. Жалпак тил менен айтканда, адамдын укугун жана эркиндигин чектөө же адамдардын, социалдык топтордун кайсы бир белгисине (жашына, жынысына, терисинин түсүнө, социалдык абалына ж.б.ж.б) карап, бөлүп-жарып мамиле жасоо. Мектептерде кол менен кармап алганга мүмкүн болбогон көрүнүштөр толтура.

Окуучунун кандай окуганына, ата-энесинин социалдык абалына, мамилесине, кийингенине, жеп-ичкенине карап мамиле жасоо адатка айланган. Жаман окуса арткы партага отургузуу, декломация айта албаса, кружокторго катыштырбоо, уяткаруу, теңсинбөө, бар же жогун элес албоо сыяктуу класстан сыртка чыгара албаган мамилелер өнүккөн. Мектеп фондусуна көрүнөө жардам берген же көмүскө директордун, предметтик мугалимдин чөнтөгүнө өзүнчө “белек” салган ата-энелерди төбөсүнө көтөрүү, бааны көтөрмөлөп коюу, “сүймөнчүк баланы” ыксыз эркелетүү, чоң класстын балдары майда класстагыларга ыдык көрсөтүү “дедовщина” (азыр кыздар да жасайт), салык салмай, алсыз, психикасы чүнчүгөн балдарды опузалоо, социалдык жактан кемсинген (тоголок жетим, жарым жетим, оорулуу, тубаса майып) балдарга кыр көрсөтүү, кийим-кечесин мазактоо сыяктуу көрүнүштөр эч тыйылбай келет.

Учурда бирдиктүү мектеп формасы керек дегендерге адам укугун тебеленип жатат дегендер чыкты. Бала өзү иштеп бир сом таппаса (каникулду же атайын максат менен иштегени кеткендерди эске албаганда), ата-эненин кароосунда болсо, тегиз, бирдей кийинүүнүн, теңчиликтин эмнеси жаман. Бала кичинесинен баштап кийим-кечеге өзгөчө маани берерин (бири-бирине атаандашат, мактанат, кызганат, өксүйт) табиятындагы нерсени жасарын эске алуубуз зарыл.

Педагогикада кызмат ордуна (райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы, директор менен завучка өзгөчө), социалдык абалына же маянасына карап мамиле жасоо жеткен түркөйлүк! Алар статусу жагынан айырмаланбай, тескерисинче, мугалимдин досу, кеңешчиси, жардамчысы, өнөктөшү болуш керек. Мектептеги каадаларга; биринчи мугалимди сыйлоо, класс жетекчини ардактоо, туулган күндөрүн белгилөө, сынак, жарым жылдыктын отчёту, майрамдардагы сый тамактар, акыркы коңгуроо сыяктуу толгон-токой көңүл ачуу үчүн жасалган адаттардан арылбасак, мектептин кадыр-баркына шек келтирүү калбайт.

Орто мектептердеги эң орчундуу маселенин бири – аттестат. Мектеп директорлорун көптүргөн, көзүн май бастыртып ныксыраткан ушул маселе. “Жебеген жердин астында” деген кептин арааны ачылган бойдон турат. Ким колунда эмне болсо, ошондон пайдаланып калыш керек деген жылаңач чындык арык аттап, суу кечпей калган. Өткөндөгү айрым бир жогорку органдагылардын дипломун, аттестатын мамлекеттик текшерүүдөн, көзөмөлдөн кийин жүз пайыз жоголду деп айтууга болбойт. Балдары чоң шаарларга иштегени кетип же ЖРТ үчүн упай эсептөөгө байланыштуу жасалма аттестат алгандар жоголду деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан мектептин статистикасынын сары изине чөп салып турбаса, оң-солго ооп кетмей адатын таштабайт.

Билим жана таалим-тарбия берүүдөгү эркиндик – ажырагыс нерсе, бир таяктын эки учундай, акындар айткандай, куштун эки канатындай. Эки маселе тең коомдогу личностторду калыптандырууга багытталган. Эзелтен бери эски менен жаңынын күрөшү бүтпөйт. Ар бир доор, мезгил өз талабы, шартты, абалы, кырдаалы, реалий мыйзамдары менен жаңы ой-идеяларды, сунуштарды, долбоорлорду кийирет. Мектеп мугалими менен окуучунун көз карашы, түшүнүгүндө, мамилесинде айырмачылык менен артыкчылыгы арбын. Андыктан экөөнүкүн тең жерибей, ар ким өзүнүн жеке оюн таңуулабай, коллегиалдуулуктуу, өнөктөштүктү камсыздоо зарыл, директор менен мугалим “надзирателдик” (сакчы, көзөмөлдөөчү) бийликтин туткунунан бошонуп, окуу процессин жакшыртууга, окутуунун практикалык усулдарын жеңил, түшүнүктүү, ийкемдүү кылууга аракеттениши керек.

Психологиялык барьерлер, окуучу кыздын чач жасалгасы мугалим агайдын же эжекенин итиркейин келтирсе, же окуучу кимдир-бирөө менен кыз-жигит болсо, же окуучу өзүнө жаккан идеалын туурап кийинсе, кыскасы, жаңжалга жол ачкан учурларды жалпы чогулушка алып чыгып, ортого салып талкууга албай, жеке аңгемелешүү, баарлашуу же сырдашуу менен маселени чечсе болот. Мугалим сабак бергенин милдет катары көрүү оюнан кутулганда, сабакты жоопкерчилик деп сезгенде гана мамиле оңолот, түзөлөт, ишенимдүү болот, сый артат.

Окуучу бир нерсе жөнүндө туура айтабы же туура эмес айтабы, мугалим кесе же чорт жооп берүүдөн качса. Аны теңата көрүп, оюн сыйласа, укса, бөлүшө алса, “менимче мындай жагын карап көрсөң кантет?” деп кеңешсе, окуучунун ишеними, сый-урматы күчөйт. Эң башкысы, окуучу кайсы куракта болбосун, канчанчы класста окубасын оюн түз, так, бетке айтканга акылуу. Баланын жүрөгүнө жол табуу айтканга оңой, бирок ар бир мугалимдин колунан келе бербеген утук. Бизде болсо “чоңдорго каяша айтпагын, унчукпагын” деп үйрөтөт. Мугалим сыйды сурап эмес, адеби, мээнети менен алышы керек.

Бала менен ата-эненин ортосундагы мамиленин эң бир кейиштүүсү – “Канча баа алдың?” деп сурайт. Кыскасы, ата-эне да, мектеп да, мугалим да баланы баага биротоло байлап таштайт. Бала билим үчүн эмес, баа үчүн окуп калат. Баа үчүн күрөшөт. Жакшы, эң жакшы баа албаса шолоктоп ыйлап, бети-башы көөп, психологиялык жабыркоого кептелет. “Эмнени үйрөндүң, бүгүн кандай тема өттүңөр, эмнеси сага кызыктуу болду?” деп сурабайт.

Мектепте кыздар темасы, балдар темасы боюнча башы ачылбаган, оозго алынбаган темалар толтура. Кыздын бой жеткени, баланын өспүрүм, боз улан кезиндеги физиологиялык, психологиялык өзгөчөлүктөрү, өткөөл курактын өксүктөрү, ата-энеси, жакындары менен мамилеси, жыныстык тарбиянын зарылдыгы, интимдик мамиле, нравалык дегредация, сүйүү жана жактыруу деген сезимдин айынан психологиялык абалдын жагдайы жана башка толгон-токой жеке кишинин керт башына тиешелүү сабактар эч качан өтүлбөйт.

Илгери кыздар кеңеши деген уюм болор эле. Кыздын жигитке же жигиттин кызга жазган сүйүү катын тутуп алып, ортого салып, талкуулашат эле. Азыркы муун бири-бирине кат жазбайт. СМС жазат. Толгон-токой грамматикалык каталарын көрүп, эне тилдин морфологиялык, стилистикалык эрежеси бузулганына жаның кашаят. Отуз жылдан ашыгыраак мезгилдеги баш-аягы жыйылбаган ички жана сырткы миграция айынан балдардын психикасы аябай жабыркаган, аны изилдеп, анализдеп, жардамга келген бир дагы мамлекеттик мекеме жок. Социалдык педагогдордун эмне иш кыларын уксаңыз, күлкүңүз гана келет.

Психология сабагын мектеп программасына киргизүү керек. Учурда экономикалык каатчылык, миграция, социалдык дегредация, ата-энелер менен балдардын мамилеси, мектеп менен окуучунун карым-катнашы, мугалим менен окуучунун көз карашында асман менен жердей айырмачылык оркоюп турат. Мугалим 45 мүнөтүн бүткүчө, окуучулар 45 мүнөт өткүчө шашып турат. Убакыттын кантип пайдалуу өтүшү мааниге ээ эмес, убакыттын тездешин каалаган маанай, аура бийлик кылат. Сабак учурунда эшикке акырын чыгып алып же класстын артына туруп алып “телефон менен күн кечирген мугалимдер” бизге өөн учурабайт. Видеокамералар ар бир мектепте, ар бир класста бар дебесеңиз эле, билбейм...

Мугалим эжекелер жаш кыздарга “биздин кезде андай элек, силер мындайсыңар...” деген сөздү этиятташы абзел. Өткөнгө кайтып барган эч ким жок. Учур, мезгил, заман деген абстрактуу түшүнүктөрдүн өзүндө сулк ойлор, таанымдар, карама-каршылыктар, тирешүүлөр, жеришүүлөр жатат. Мектептер буйрук берүү деген өнөкөттүү оорудан алигүнчө арыла элек. Райондун билим берүү башкармалыгынын жетекчиси директорго, директор мугалимге, мугалим окуучуга буйрук бергенди жактырат. Жөпжөнөкөй тиричилик деңгээлиндеги маселеден тартып, мамлекеттик маанидеги иштерде да бир гана буйруп сүйлөө, диктатордук дымак менен айтылат. Келечек ээлерин даярдап жатабыз дегенибиз кайсы да, өзүбүз аларга кандай өрнөк көрсөткөнүбүз кайсы? Парадокс... Чынбы?

Кесип тандоо мектеп партасынан башталары адатка айланган. Бул теманын тегерегинде көп сөз кылса болот. Бирин-экин модалуу кесипти ардактуу деп жарнамалоодон этият болуш керек. Бир убактагы сый менен урматтын кучагындагы мугалим, азыркы кезде тракторист менен комбайн айдаган кишинин же бизнесмендин алдында мартабасы бийик эмес, кадыр-барксыз. Ар бир кесип жөнүндө болгонун болгондой, оор-жеңилин, артыкчылыгын, келечегин жана экономикалык пайдасын туура жеткирүү керек. Баланын башын керексиз ой-кыялдар менен эмес, турмуштагыдай, реалдуу, ишке аша турган нерселер (туура багыт берүү) менен толтуруу пайдалуу.

Учурдагы билим берүү мекемелериндеги уйгу-туйгулуу, талаш-артыштуу маселенин бири – смартфондорду (чөнтөк телефон) колдонуу маданияты. Бешиктен бели чыкпаган баланын да каалоосу ушул. Мектептеги окуучунун, мугалимдин, директордун, ата-эненин жалпы массанын колунан түшпөгөн “сыйкырчыдан” алыстоонун жолун таппай убарабыз. Коом кайда баратат деп кейийбиз. Мектепте смартфонго алаксып, видео же оюн ойноп отурган окуучу сабакка кантип көңүл бурат, кабылдайт? “Заман кооптуу, балдардын каякта жүргөнүн билип турушубуз керек” дейт ата-эне. Баланын билим алуусу эмес, ден соолугу, өмүрү кыскасы, баланын амандыгы биринчи планга чыгат. Кандай болбосун, смартфонго байланбоо, көз каранды болбоонун (көз карандылыктын айынан ден соолугун талкалабаса) жолун таппаса, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу деген жел сөзгө айланары анык. Чөнтөк телефондорун туура пайдаланган, туура колдонгондор саналуу. Бул өзүнчө тарбия! Убакытты кантип туура пайдалануу керек дегендей эле баш катырган маселе.

Чыгыштын улуу акылманы Абу-Али-ибн-Синанын “Фирузнома” деген эмгегинде, даанышмандан минтип сураптыр:

– Илимди окуп-үйрөнүү кандайча пайда келтирет?

– Эгер сен күчтүү болсоң – даңкка жеткирет, жакыр болсоң – байытат, белгисиз болсоң – атагың чыгат.

Мындан канча кылымдар мурда айтылганына карабай, ушул сөз маанисин жоготподу, ыраңын өчүрбөдү. Чындыгында билимсиз коомдун кедергисин азыркы учурда куп эле тартып жатабыз. Мамлекеттик ар кандай даражадагы кызматка, депутаттык мандатка, майлуу-сүттүү орунга тууган-уругу, тааныш-билиши барлар, парасы дайын, айла-амалдуу жолдор менен баргандардын айынан мамлекеттик машинаны алдыга жылдыруу кыйынга туруп калды. Билимсиз, билим алууну каалабаган коомдун акыры эмнеге алып келерин баарыбыз сезип, билип турабыз.

“Мектеп – билим уясы” деген аксиоманын чындыгын билимдин сапаты аныктайт. Билим сапатын мектеп, мугалим жана окуучулар менен мугалимдер жамааты аныктайт. Окуу процесси эки тараптуу кызматташуу, эки тараптуу чын ыкластуу мамиле, өз ара жардамдашуу, бирөө каалап, экинчиси каалабаганына карабайт. Каалабаса аксайт-тексейт, акыры жүрүп, жең учундагы мамилеге түртөт.

Мектептеги олимпиадаларга даярдоонун, ачык сабак өтүүнүн тартибин, эрежесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Мугалим күн мурунтан классын даярдап алып, жасалма сабагы педагогиялык кеңештин талкуусуна коюлса, мындан өткөн эки жүздүүлүк жок. Окуучулар комиссиянын көзүнчө өтүлгөн нерселерди тоту куштай сайрап турса, мыкты окутат деген тыянактын өзү алдамчылык эмеспи.

Ошондуктан, мугалим өз статусун түшүрбөш үчүн, окуучу терең билимге каныгыш үчүн окуу – билим берүү, билим алуу деп аталган үч илтикти ийгиликке жеткирүү ортодогу чоң ташты чогуу-чаран ордунан жылдырганга барабар.

Мугалимге терең билимдүүлүк, ачыктык, калыстык, толлеранттуулук аба менен суудай зарыл. Билгенге мугалим өмүр бою илим-билимге канбай калган, илим-билимге суусаган студенттей. Окуп, өз билимин тереңдетип турганы утук. Окуучулар менен тил табыша алган, окуучуну жакын адамындай көрө алганда гана буйрук бергенди эмес суранганды, талап кылганды эмес, жол көрсөткөндү, көр жемелегенге эмес, туура багыт бергенге адаттанса, жеңишке жол ачылат.

Ризван ИСМАИЛОВА, журналист жана илимпоз-адабиятчы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз