Дүйшөн Шаматов: Мугалимдин статусу

  • 01.02.2024
  • 3861

Акыркы учурда дүйнө алкагында эл агартуучулардын аброю төмөн түшүп кеткенинин себептери толтура. Ошондон улам мугалимдик кесипти тандагандардын да саны кыскарып, өзгөчө эркек мугалимдердин кескин азайуусу байкалууда (илимпоздор муну мугалимдик кесиптин феминизациясы атады). Бул теманы Ивета Силова, Алан де Янг жана башка илимпоздор кеңири изилдешкен.

Ушул идеяларды айтуу менен Энди Харгревиз (1995) аттуу окумуштуунун ойлоруна токтолоюн. Ал айтат: “Мугалимдин жумушу ары түйшүктүү, ары татаал. Тилекке каршы, акыркы учурда глобалдашуу доорунда; либералдык саясатка байланыштуу, мугалимдерди эч ким баалабай, жада калса аларды эч нерсени билбеген, колунан эч нерсе келбеген адам катары көрүшөт”. Өкүнүчтүүсү, ар кандай реформалар жана аларга байланыштуу жаңы окуу программасы же жаңы усулдар болобу — баарын эксперттер топтору жана борбордо отурган илимпоздор гана иштеп чыгып, катардагы мугалимдерди жөн гана аткаруучу катары көргөнүндө. Мугалимдерге “биз силер үчүн баарын даярдап койдук, эми силер аны колуңарга алып, ушул чектен эле чыкпагыла” деп көрсөтмө бергендей болууда. Мунун кесепети кандай? Мугалимдер бизге эксперттер даярдап берген нерсени гана колдонуп, өздөрүн аткаруучу катарында гана эсептешет. Ошентип аларда чыгармачылык изденүү жоголот.

Кээ бир мугалимдер гана нааразы болушу мүмкүн: “Эмне үчүн мындай окуу программасы келди?”; “Эмне үчүн биздин ой эч кимди кызыктырбайт?”; “Эмнеге каталарга толгон окуу китептери жогорудан келет?”. Бирок кээ бир чыныгы чыгармачыл мугалимдер терс жагдайларга нааразы болуп, өз ойлору эске алынбагандыгына нааразы болуп, аларга берилген стандарттык окуу пландарды өздөрүнчө чечмелеп, өздөрүнчө иштетип билим беришет. А текшерүүчү келсе, талап кандай коюлса, ошону так аткарып жаткандай сезим калтырып, текшерүүлөрдөн өтө алышат.

Тилекке каршы, көптөгөн мугалимдердин абдан кыйналганы, алардын көп жумуш аткарып, эч бир бош убактысы болбой калганында. Реформа артынан реформа, долбоор артынан долбоор келип, мектепти көп жаңылыктар каптайт. Мугалимдердин жумуш жүгү оорлоп, өтө турган сабактары, сабактан кийин текшере турган дептерлери кабат-кабат үйүлүп калат. Ошондон колдору бошобой, жумуштан өтө эле чарчап калган учурлары канча. Үйүнө барганда үй турмушу менен алек, аны менен чектелбестен кийинки өтүлүүчү сабагына да даярданууга туура келет. Арийне, мугалимдин күнүмдүк турмушу көпчүлүк учурда иш менен гана өтүп кетет.

Муну Харгревиз интенсификациясы атайт. Интенсификация — бул мугалим аткарган иштин көлөмү көбөйүп кетүүсү, ар кандай мектеп жетекчилери менен бирге сырттан (мисалы бидин шартта райондук же шаардык билим башкаруучулардын) коюлган талаптарды аткаруу менен алпурушуп, бош – эс алуу убактыларынын кескин жана стабилдүү түрдө азайышы. Интенсификация – мугалимдердин күнүмдүк убактысынын тар болгондугу гана эмес, бул окуу жылы башталгандан бүткөнгө чейинки аралыкты камтыган перманенттик ашыкча жумуш аткаруу. Кесепетинде, мугалим жыл ичинде өтө көп жумуш аткарып, чарчаганына байланыштуу ден соолугу начарлап, ар кандай ооруларга дуушар болушу мүмкүн, же балдарга тарбия берүүдө стресске алдырып каттуу сүйлөп, же корс мамиле кылып коюшу ыктымал. Мугалим дайыма чарчап-чаалыгып иштеп, керек болсо айрым учурда түштөнүүгө да убактысы жетпейт. Ошентип, мугалимдердин ашыкча иштерди аткарышы жакшылыкка алып барбайт.

Эгер мугалимдин колу бош болбосо, дайыма аларга кошумча тапшырмаларды жүктөй берсек эмне болот? Жогоруда айтылгандай, мугалим өз ишине чыгармачыл мамиле жасай албайт, алардын өз алдынча иштөөгө убактылары тар, кошумча адабияттарды окууга жетишпей, жада калса билимин өркүндөткөнү семинарларга катыша алышпайт. Мугалим даярданбастан, мурда даяр нерсени гана аткарууга аракет кылып, сабак өтүүдө да ою башка жакта болуп, сабагын тездетип өтүүгө шашылат.

Өтө өкүнүчтүүсү, кээде мугалимдерди өз ишине тиешеси жок да иш-чараларга кошуп коюшат. Мисалга алсак, шайлоо, референдум, жогорку кызматтан келгендерди тосуп алуу, жергиликтүү өкмөттүн массалык иш-чара акциялары жана башкаларда да мугалимдер даяр күчкө айланды. Кандай гана майрам, параддар болбосун — мугалим жана анын окуучулары универсалдуу катышуучулар. Агартуучулардын айлык маянасы мамлекет тарабынан берилгендиктен, алар мамлекет эмне десе ошону аткарууга милдеттүү сыяктуу. Одоно айтканда, мугалим – системанын кулу.

Менимче, саясатчылар, чиновниктер мугалимдерди ар кандай саясий иш-чараларга, акцияларга, өкмөттүк гезит-журналдарга жазылууга милдеттүү түрдө мажбур кылгандыктан, аларды коргоо үчүн атайын мыйзам керек деп эсептеймин. Бул мыйзам мугалимдин аброюн көтөрүп, алар үчүн эң ыйык – сабакты үзгүлтүксүз өтүүгө кепилдик берет. Мугалимдин сабагын жана жалпы окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга эч кимдин акысы жок деген принципти алып чыгуубуз зарыл. Албетте, мугалим – коомдун мүчөсү, эгер ал коомдук иштерге өз ыктыяры менен катыша алса, жакшы. Бирок эң негизгиси, бир сабакты өтпөй калса, канчалаган окуучу билим ала албай калат деген принципти жогору коюшубуз керек.

Бирок кызык жери, жогоруда айтылган интенсификация мугалимдин чарчап калуусун, чыгырмачылыкка маани бербей, ошол эле учурда кээде мугалимдер өздөрүбүз күнөөлүүбүз: анткени биз кесипкөйлүк түшүнүктү өзүбүзгө тиешесиз көрсөтмөлөр менен адаштырып алабыз. Мисалы, бирөөлөр мени барктаса, сыйласа, аброюм жогору болсо деген дымактагы кээси: ким эмне айтса, кандай тапшырма берсе да ошону аткара беришим керекпи? – деген суроону койбойт. Асыресе, үстүртөдөн түшкөн тапшырманын майын чыгара аткарган мугалим гана мыкты мугалим, кесипкөй катары сыпатталып, ошол мугалим кадырлуу деген түшүнүк бекем калыптанып калгандан улам, өзүбүз да тапшырманы так аткарууга дайым даяр аскерге айланганыбызда кеп!..

Советтер союзу учурунда планды өздөрүнчө ашыгы менен аткарууга жан үрөгөндөр болор эле, ал адамдарды башкаларга үлгү катары көрсөтүшчү. Мисалга, Баланчаев пахта терүү боюнча алдыга чыкты, көмүр өндүрүү боюнча Түкүнчөев алдыга чыкты дешип, эл көзүнчө аларды салтанаттуу даңазалаган сыяктуу – азыркы күндө да мугалимдер арасында ушундай жалган көрүнүштөр кадыресе каадага айланды. Мен канчалык көп иш аткарсам, ишти жакшы аткарсам, мен мыкты мугалиммин деп, өз турмушуна, үй-бүлөсүнө терс таасир тийгизгенине карабастан – мугалимдер да өздөрүнө ашыкча түйшүк артып алып аткан жокпу?!.

Жумушту эбегейсиз аткарып, жогорудан келген реформаларды, жаңылыктарды мугалимдер сөзсүз түрдө макул биз аткарышыбыз керек, аткарбасак биз ошол реформаны колдоочу болбой калабыз, бизди жогорудагылар консерватор, эч нерсени билбеген, карама-каршылык көрсөткөн, эскиче мугалим дебесин дешип, агартуучуларыбыз (!) кандай тапшырма келсе да макул болууну мойнуна ала беришет. Кээде реформа маанисин түшүнүп-түшүнбөй, имитация кылып, жаңылыкты аткарып атабыз деп, аргасыз болгон учурлар да кездешет.

Ушул жерден ойлоп көрүңүзчү, өзүңүздөр жумушта же акыркы жумада, акыркы айдын ичине канча жолу “убакыт тар”, “убакыт тез өтүп жатат”, “эч нерсеге жетишпей жатам”, “түшкү тамакка да убактым жок” деген сөздөрдү айттыңыздар. А Энди Харгревиз мындай дейт: “Мугалимдер кечке чейин мектепте калып жумушумду бүтүрөйүн деген учурлар болот, себеби үйгө барганда өздөрүнүн да балдары, үй-бүлөсү бар, аларды багыш керек, тамагын даярдоо зарыл учурлар да көп кездешет”.

Албетте, буга чейин айтып өткөндөй, мугалим абдан көп жумуш аткарса, интенсификация дедик. Көптөгөн мугалимдердин күндөлүк турмушунда “күнөө”, “күнөөкөр” деген түшүнүк кеңири таркаган. Энди Харгревиз айткандай “мугалимдер өздөрүн күнөөлүү сезгендиктен, ар нерсеге даяр болуп, түрдүүчө жумуштарды аткарышат”. Мугалимдерди ар тараптан күнөөлүү сездирип, муну аткарбасаң болбойт, аны аткарбасаң болбойт деп көбүрөк тапшырма берүү менен аларды контролдогон учурлар болот. Ал учурда мугалим өзүн күнөөкөр, колунан эч нерсе келбей, өзүн эч нерсе аткара албагандай сезет. Ошондон улам бардык нерседен үмүт үзүп койгон учурлары болушу мүмкүн.

Энди Харгревиз айтат “Мугалим өзүн канчалык күнөөлүү сезсе, өзүнө ошончолук көлөмдүү сумка сатып алат. Кичинекей сумкасын чоңуна батырып, мектепте бүтпөгөн жумуштарын ошол сумкага салып үйүнө ала кетет”. Көпчүлүк учурда ошол сумкасына алып барган материадарды үйгө келгенде ачып коюуга да чолосу тийбейт. Харгревиздин ою боюнча мугалимдер аны үйүнөн аткара албасын деле билет, бирок эмнеге сумкасына баарын чогултуп салып алат, көрсө, “жумушум мектепте калганда, өзүмдү андан да көбүрөк күнөөлүү сезет элем, эч болбосо ушул түйшүгүм жанымда жүрсө күнөөмдү азырак сезем” дешкен экен.

Жогорудан иновациялар, реформалар келгенде көпчүлүк мугалимдер түшүнүп-түшүнбөстөн, өзүн күнөөлүү сезүү менен ишти эптеп аткарып койгон учурлары болот. Өтө өкүнүчтүүсү, кээ бир мугалим баардык күнөөнү өзүнө жүктөп, “мен мектептен кетип эле калайын”, “эмнеге өзүмдү кыйнайм” деген учурлары  бар. Себеби, алар эртеден кечке иштесе, көп тапшырма аткарса, жогорудан келгендер тилдеп атса, айлык маянасы аз болсо, гезиттерге ал жөнүндө тескери пикирлер чыкса, аларды шылдыңдашса, анан эмне кылат – “коом түйшүгүн өзүмө артып алдым, кой, кетип эле калайын” деп, жумуштан кетүүгө аргасыз болушат. Бул абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан, мугалимдер күнөөнүн баарын өздөрүнүн мойнуна жүктөй бербестен, кээде муну аткарайын, кийинкиси колуман келбейт деп чечим чыгарганы эп…

Мугалимдин аброю (2-макала)

<<<<<< 1-макала

Эч кандай билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин сапатынан жогору боло албайт. Мугалимдер жаштарга билим жана тарбия берүүчү инсандар экени талашсыз. Билим сапаты мугалимдин профессионалдык деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн бакубат өнүгүп-өсүүсүнө түздөн-түз таасир берет. А билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясий, экономикалык жана руханий маселелердин күчөшүнө таасир этет. Керек болсо мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгы да билим берүү сапатына байланыштуу.

Тилекке каршы, азыр мугалимдердин статусу абдан төмөндөп кетти. Коомчулукта негизинен мугалимдердин жетишпеген жактары сынга алынып, массалык маалымат каражаттары аркылуу көбүнчө терс жактары чагылдырылат. Бул көрүнүш азыркы жаштардын мугалимдик кесипти тандоосуна бөгөт койгону талашсыз. Балким мугалимдердин аброюн көтөрүү максатында алгылыктуу иштер жасалса, мугалимдик кесипти тандагандардын саны артмак. Ошону менен алдыңкы өнүккөн мамлекеттерден билим алып келип, биздин системага тажрыйбасын таркатса жакшы болмок.

Билим берүү системасына олуттуу көңүл бурулбагандын кесепетинен улам окуучуларыбыз мектепте жетишээрлик деңгээлде билим албай, натыйжасында көптөгөн жаштарыбыз мигрант катары кара жумушка ооп кетүүдө. А миграция маселеси татаал жана аны токтотуу кыйын. Бирок биздин жаштар заманбап билим алганда ошол эле чет өлкөгө барган жарандар чет тилдеринде эркин сүйлөп, техникалык кесипттик билими жогоруу болсо, алардын квалификациялык жумуштарга орношуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири болмок, өз укуктарын дагы коргой алышмак.

Өлкөдө билим берүү сапатын оңдоо тууралуу концепция кабыл алыныш керек. Келечегибизди билимдүү жаштар менен камсыздай алган болсок, өлкөбүз башка мамлекеттер менен тең ата болуп, мамилелер да кыйла жакшырмак.

Мугалимдин статусун жогорулатуу өтө керек маселе. Ар кандай мамлекеттерде жана эл аралык деңгээлде мугалимдин статусун жогорулатуу аракеттери болуп жатат. Мына ошондой аракеттердин көрүнүктүү бир мисалын келтирейин: Варки фонду (Varkey Foundation) 2013-2014-жылдан бери Глобалдык Мугалимдер Сыйлыгы (Global Teacher Prize) конкурсун уюштуруп келе жатат. Бул сыйлыкты журналисттер мугалимдер арасындагы Нобель сыйлыгы атап коюшту.

Бул сынакка мугалимдер дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан катыша алышат жана жеңүүчү болгон мугалимге 1 миллион доллар акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле мыкты 50 жана мыкты 10 мугалимдин тизмесине киргендерге да атайын баалуу сыйлыктар берилет. Бул сынактын негизги максаты – мугалимдердин статусун жогорулатуу.

Сынак алдында сурамжылоо изилдөөсү жүргүзүлүп турат. Мисалы, Глобалдык Мугалимдер Статусун аныктоо үчүн ар кандай өлкөлөрдө иштеген мугалимдердин индексин 5 тармактан карап көрүшкөн.

1) Мугалимдик кесиптин башка кесиптерге караганда кадыр-баркы;

2) Мугалимдердин коомдогу орду;

3) Ата-энелер өз балдарын мугалим бол деп үгүттөйбү;

4) Окуучулар өздөрүнүн мугалимдерин урматтайбы;

5) Коомдун мүчөлөрү азыркы мугалимдердин маянасы кандай деген сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Ушул сурамжылоону “Варки” фонду 2013-жылы биринчи жолу өткөрүп, анда алар 21 өлкөдөн 21 000 адамды катыштырышкан. Ар кандай тармактагы адамдарды ар бир өлкөдөн 1000ден адам катыштырышкан, биринчи суроосу башкаларга караганда мугалимдик кесиптин кадыр-баркы кандай деп салыштыруу үчүн баары болуп 14 кесипти сунушташкан. Рейтингге жайгаштыргыла деген суроого жогорку жана төмөнкү орундар деп белгилешкен.

Салыштырууга берилген кесиптерге башталгыч класстын мугалими, орто мектеп мугалими, мектеп мүдүрү, милиция кызматкери, врач, менеджер, дизайнер, китепканачы, айыл өкмөтү, социалдык кызматкер, вебдизайнер, инженер, сот кызматкер кесиптери берилген, мугалимдик кесиптин орду башка кесиптерге салыштырылган. Натыйжада, мугалимдик кесип жогорудагы 14 кесиптин арасынан 7-8-орунга коюлган. Сурамжылоого катышкан көпчүлүк мамлекеттерде жогорку класстын мугалимдери башталгыч класстын мугалимдеринен аброю боюнча жогору бааланган. Ал эми мектеп мүдүрүнүн аброю мугалимдик кесипке караганда жогору көрсөтүлгөн.

Көпчүлүк катышуучулар мугалимдик кесипти китепканачы жана кызматкер менен аброю окшош деп баалашкан. Ата-энелер өз балдарын мугалимдикке үгүттөйбү деген суроого төмөндөкүдөй жооп алышкан: Кытайда көпчүлүк ата-энелер балдары мугалим болушун каалайт жана Греция, Түштүк Корея, Турцияда деле ошондой абал. Окуучулар мугалимдерин урматташабы деген суроонун жыйынтыгы да кызыгуу жаратып, Кытай эл республикасында 75%, Түштүк Кореяда 55% өлчөмгө ээ болгон. Сингапур, Египет, Турция мамлекеттеринде да респонденттер окуучулар мугалимдерин урматташарын тастыкташкан. Ал эми начар көрсөткүчкө Бразилия, Израил мамлекеттери ээ. Салыштырып караганда Кытайда Израилге караганда мугалимдердин саны 100 пайызга көп урматтаганы аныкталган.

Бул конкурсту уюштуруп, сыйлыктарды берүүнүн максаты – мугалимдик кесипти даңктоо, күчтүү адистерди кесипке тартуу. Конкурста мугалим окуучуларына жана жалпы эле коомчулукка тийгизген таасирине басым жасалат. Конкурстун критерийлери төмөнкүдөй:

1) Коомчулуктун колдоосуу жамааттын, окуучулардын сын-пикири;

2) Мугалимдин өз кесибине тийгизген таасири жана башка адамдарды мугалимдик кесипке тарта билүүсү;

3) Окутууда инновациялык окутуу каражаттарын колдоно билүүсү;

4) Окуткан окуучуларынын ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө болуусу;

5) Мектептен тышкаркы учурда мугалимдик кесипти канчалык деңгээлде чагылдырып жатат;

6) Окуучуларды өз мекенин сүйүүгө даярдоо менен чектелип калбастан, аларга жалпы адамзаттык баалуулуктарды таанытып билүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүп бере алдыбы деген кызыктуу критерий болуп саналат.

Ошентип, Global Teacher Prize деген конкурска катышуу - мугалимдердин аброюн көтөрөт деген ишеничтебиз.

Тилекке каршы, 2013-2014-жылдан бери уюштурулуп келаткан бул конкурска Кыргызстандан бир дагы мугалим катыша элек. Бизде мактанаарлык мугалимдерибиз көп, мына ошолор ушул конкурска катышып, биринчи орунду жеңип алса кандай сонун болмок. Олимпиядада медаль уткан спортстендерибизге окшоп, ошол мугалимдерди аэропорттон тосуп алып, коомчулугубуздун каарманы кылып даңазаласак! Канча деген мугалимдерге шык-дем бермек жана мугалимдик кесипке жаштарыбыз дагы кызыга баштамак. Ушул конкурска катышуу үчүн маалыматты бул сайттан тапса болот>>>>>>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз