Сүйүн Курманова: Тарыхта калбаган тагдырлар

  • 28.04.2022
  • 3563

Табылды Эгембердиев атындагы «Эркиндик – эл энчиси» конкурсуна

Орок менен балканы оболото кармап, алга умтулган кыз менен жигиттин айкели Союз учурундагы эң таанымал символ эле. Коммунизмди кура турган жалындуу жаштардын эн белгиси болгон бул сүрөттү кай жерден болбосун – кинотеатрдан, жумушчу цехтерден, кой кашарлардан, көчөдөн, клубдан, гүлбактан кездештирчүсүң. Баскан-турган жериңдин баарында “ээрчип” жүргөн бул экөө бара-бара жакыныңдай, атүгүл кызыл жоолугун чарт байланып, кайраттуу кадам шилтеп турган чечкиндүү кыз башка эмес эле өзүңдөй сезиле баштачу.

70–80-жылдары өндүрүшү артта калган, негизинен кол эмгегин талап кылган айыл чарбасына жаңы, арзан жумушчу күчүн тартуу максатында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “демилгелүү” бригадаларын түзүп, өз айылында калып иштөө идеясы иштелип чыккан. Бул саясатты ишке ашыруу “коммунизмди куруучулардын” “Партия керек!” десе, комсомол “макул дейт” деген идеологиялык урааны менен шөкөттөлүп, учу кыйырсыз “Родинанын” өндүрүшүнө айыл чарба сырьесун ар беш жылдык сайын арбытып берип турган Казакстан, Кыргызстан сыяктуу республикалардын жаштарынын “патриоттук” сезимдерин ойготуу үчүн жайылтылган. Бул жагдайда элеттик уул-кыздарды “классыбыз менен айылда калып, колхоздо иштейбиз” дегизип, аны гезиттер жабалактата жазып, эрдикке тете иш катары даңазалаган, массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылтылган идеологиялык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Дымактуу ал “демилгелер” гезиттер жазгандай “эли-жерине өзгөчө күйүмдүү” жаштардан эмес эле Москвадан “кагазга оролуп түшүрүлгөн” көрсөтмө экенин казак басылмаларындагы төмөнкү материалдан байкоого болот:

КОКП Орталық Комитетінің Бас хатшысы Л.И Брежнев қой шаруашылығының дамуына қанағаттанбайтынын білдірді... Партия мен үкімет мектеп бітіруші жастарды ауыл шаруашылығы жұмыстарына комсомол – жастар бригадасын құру арқылы тартпақ болды. «Қой шаруа шылығы – жастар ісі» деген ұран тасталды. Ол жастар арасында ілезде таралып, қой өсіруші комсомол – жастар бригадаларын құру науқаны басталды. Мәскеудің шешімін Қазақстан Жастар Одағының Орталық Комитеті қолдады. Алғашқы болып республикада қой шаруашылығына көмекке келуге Шығыс Қазақстан облысының Шұбартау ауданының мектеп бітірушілері бастама көтерді. Шұбартаулықтардың бастамасы барлық жастар ұйымдарына жеткізіліп «Қой шаруашылығы – комсомолдың екпінді еңбегі» деп жарияланып, ауыл жастарының ұранына айналды. Алматы, Ақмола, Қостанай, Қарағанды, Шығыс Қазақстан облыстарының мектеп бітіруші түлектері сыныбымен бірден мал фермаларына аттанды.

Мындай “демилгени” Кыргызстан комсомол комитети да “колдогон”. Анын үстүнө ага чейин деле сабакты токтотуп коюп чарбанын түркүн (күзүндө эки ай картошка термей, кышкысын кашар тазаламай, мал сарайлардын карын күрөмөй, жазында үрөндүк картошканы сорттомой, талаадан таш терип, арык тазаламай) иштерине дайыма тартылып келген окуучулдарды мектепти  аяктаары менен айыл чарба өндүрүшүндө калтыруу кыйын деле эмес болчу.

Айыл чарбанын “план эле план” деп демитип турчу талылуу тармагына бул демилгенин пайдасы көп эле тиймек, жаштыктын демине өрөпкүп турган улан-кыздар сүт өндүрүүнү үзгүлтүксүз камсыз кылып декретке чыккан саанчылардын, башы ооруган күнү жумушка чыкпай какшатчу трактористтердин ордун алмаштыра турган жумушчу издеген азап кыйла азаймак.

“Максат” жаштар бригадасы

1977-жылы партиянын “чакырыгы” Ысык-Көлгө да жетип, бир айылдагы мектепти бүтүрүп жаткан улан-кыздардан ичинен жетөө саанчы, жетөө трактористтик кесипти тандап, комсомолдук бригадасын “Максат” деп аташты. Аны гезиттер “бир тууган чарбасына жаштык жигерин арноону максат кылышты” деп көбүртүп жазганы менен биргадага мүчө болгон балдар-кыздардын көбүнүн түпкү тилеги “жогорку окуу жайында окусам” болгон. Ал максатка тикелей барууга айрымдарынын окууга барганга каражатынын жоктугу тоскоол болсо дагы бир жагы ошол кездеги жогорку окуу жайларына кабыл алууда эки жыл өндүрүштө иштеп келгендерге артыкчылык берилет деген шарт себеп болгон.

Дуулдаган чогулуштардагы, шаңдуу жыйындардагы жалындуу сөздөр, колхозчулардын бата-тилектери жаштардын жүрөгүн алеп-желеп кылып, алдыда аларды ажайып тагдыр күтүп тургандай, кандай кыйынчылык болбосун жеңип чыгуучудай өрөпкүткөн.

Ошентип “той-салтанат” да бүтүп, эртеси жаңы колхозчу кыздар өздөрү иштей турган уй фермага келишти.

Бул кадам алардын жеке тагдырына кандай таасир эткенин өздөрү баяндасын.

Анар, саанчы:

Бригададагы кыздар үчүн саанчыларга салынган үйдөн жатакана бөлүнгөн экен. Кире беришин айтпаганда эки чакан бөлмөдө жалгыз темир керебет турат, калган кыздарга бирден бүктөмө керебет төшөнчүсү менен жыйналып туруптур. Дубалда кичинекей күзгү, анын жогору жагында чакылдаган саат илиниптир. Ал саат таңкы төрттө шырылдап бизди ойготуп турат экен. “Он жыл чогуу жүрүп, эми кантип бөлүнүп кетебиз” деп жүргөн бизге  өтө сонун көрүндү. Оюндан башка эчтеме менен ишибиз жок кез болчу да.

Ферма башчысы уй сарайларды аралатып, кыздарга эки маалкы саандын качан башталып, качан бүтөрүн, саалган сүт кантип өлчөнүп, кай жерге топтолорун көрсөттү. Бир сарайда маңдай-тескей 8 саанчынын ар бири 22-25тен уй саайт экен. Улгайган саанчылар кыздарга бөлүнүп берилчү уйлардын мүнөзүн, аттарын айтып, кайсынысынан канча сүт сааларын түшүндүрүп беришти. Буга чейин үйүндө бирин-экин уй саап жүргөнгө бу жумушту оңой деп ойлогон кыздар “план” дегенди ушул жерден угушту. Бул – бир токтобогон, өлсөң-талсаң да жан талашып план аткарууну талап кылган үзгүлтүксүз жумуш экенин түшүнүштү.

Чынар, тракторист:

- Саан таңкы төрттөн калбай башталат экен, биздин жумуш болсо саат үчтө. Тракторубузду от алдырып, жарма кайнаткан цехтен жарма жүктөп алып, саан башталгыча акырларга куюп чыгышыбыз керек. Анан чөп жүктөп келебиз. Ал бүткөндө уйлардын астынан күрөлгөн кыкты талаага төгөбүз. Түшкүсүн акырларга силос чачабыз. Мурда тракторду көчөдөн эле көрчүбүз да. Окуусун окубай эле бир айдай бирден трактористке шакирт болуп үйрөндүк. Бир жарым ай дегенде бизге ЮМЗ-6 тракторлорун бекитип беришти. 

Анара, саанчы:

- Биз деле саат үчтө турчубуз, халат, өтүктү кийип, чака, чыпкабызды дайындап, уйкуң ачылып-ачылбай сарайга жеткиче төрт болот. Ар бирибизге 20-25 тен уй бекитилген. Нечен нөшөр жамгырда өтмө катар суу болуп, уйлардын деминен жып-жылуу сарайга киргенде көз жабышып, кол карышып калчу. Кээде уйдун жамбашына жөлөнгөн бойдон уктап калган күндөр да болду.

Элестетсең, жыйырмадан ашык уйду сааганча манжаларыңдын муундары чоюлуп, карышып эле калат. Күнүгө эки маал ар бир уйдан бери дегенде бир чакадан сүт саайсың. Эптеп саап бүткөндөн кийин флягаларды жууйсуң. Эң жаманы ошо болчу, майланышып калган флягаларды таза жуубасаң “сүтүң кир” деп албай коёт Үйгө барганда батташып калган чыпкаларды жууйсуң. Күнүгө ушу, эки жолудан. Аябай эле кыйналдык, мурда кийин саан саап көрбөсөң... Менин оюмда бир жылча иштеп, акча таап, кийим-кече кылып алып анан шаарга окууга кетсем дегем. Атам эрте өтүп кеткен, энем бизди жанын жанга уруп жүрүп бакты да... Ошо энеме жардам болсун дегем.

Чынар, тракторист:

Түшкүсүн кыздардын кээ бири уктачу, кээ бири үйүнө кетчү. Кимдин үйүндө жумушу болсо чогулуп барып жасап келебиз. Бирөөнүн апасы ала кийиз кылса жабылып барып басабыз, бирөөнүн чөбүн чаап, жыйнашабыз. Бирөөнүн ата-энеси картошка каздырса чогуу терип беребиз. Эс алыш дегенди анда ким ойлоптур.

Биздин бригада айылдын турмушунда чоң жаңылык болуп, чоңдордун да, балдардын да көңүлүн буруп турду. Колхоз концерт болуп калса бизди алып барышат, бригадирибиз райондук, областтык чогулуштан калбайт, гезиттердин кабарчылары улам-улам гезитке чыгарса кечкисин бойдоктор биз жашаган үйдүн тегерегинде. Чоң саанчылар “тиги кызды ала качабыз деп жатышыптыр, бүгүн түнү бул кызды алат экен” деген күбүң-шыбыңдарды таратышат. Чындап эле кечки саандан кийин топтошкон шектүү жигиттер ар кайсы сөздү чаргытып, бура бастырышпайт.

Саан бүткөндөн кийин баарыбыз колдорубузду чырмалыштырып, бекем колтукташып, коркуп-үркүп жатаканабызга жөнөйбүз. Ышкырык, каткырык түн бир оокумга чейин басылбай, “ала качат экен” деген кыздын чапанын башка бирөө алмашып кийип... өзүнчө эле детектив кинодогудай жашоо болчу. Чоң эле адамдар – саанчылар, уйчулар аларды көрсө да көрмөксөн. Бирди-жарым ала качып үйлөнүп алса булардын “шаарга кетем” деген ою ишке ашпай, айылда биротоло калат дешкен окшойт.

Анара, саанчы:

Иштегенибизге жарым жыл өтпөй тракторист кызыбызды чогуу иштеген бирөө ала качты. Чогуубуз менен “кубалап” бардык. Айыл үстү кылып, ак сакал, көк сакалдар бизди баласынтып, жөнөтүп коюшту. Сыртта турган достору шылдыңдап”, эмки кезек кимиңердики?” деп бизге күлүп жатышты. Айткандарындай эле дагы бир тракторист кызыбызды таламандын так түшүндө чырылдатып туруп алып кетишти. Ал деле туйлап жатып аягында отуруп калды.

Биз колхоз үчүн да, комсомол үчүн да көрсөтмө кылчу, ар кандай жыйын, чогулуштарда кеп кылчу топко айландык. Анткен менен ички жашообузга, кантип тирлик кылып, кандай жашап жатканыбызга эч ким деле көңүл бүрчу эмес. “Ушунча болгондон кийин уят болбошуңар керек” деген гана талап бар болчу. “Бизге тигини кылып бергиле, мунубуз жок” деп айтпаптырбыз, айлыгыбыздын канча экенин сурачу деле эмеспиз. Зав ферма келип “эмне керек болсо айткыла” демиш болчу, бала экенбиз, эчтеме ойдо жок, оюн-тамаша менен күн өтүптүр.

Кыш өтүп, жайлоого көчтүк. Өзүбүзчө ат коюп алган уйларыбыз бизге, биз аларга көнүп калдык. Эс-дартыбыз уйларды жоготпой, сүттү азайтпай, артта калбай иштеште. Жайлоого чыгарда ферма башчы “уйларыңарды жакшы карагыла, жоголсо – башыңар менен жооп бересиңер” деп катуу эскерткен. Бир күнү менин жакшы көргөн бир уюм жайыттан келбей калганда өзүм издеп жөнөдүм. Улам арылап, өрдөп кете бериптирмин. Тоодо күүгүм тез эле кирет эмеспи, караңгы кирип кеткенин байкабай да калыптырмын. Карагай черди аралап баратып бир маалда башымды көтөрө койсом... так маңдайымдагы арчанын бутагында бешик илинип туруптур! Акырын термелип турган бешикти көргөндө төбөмдөн тартып таманыма чейин “зырр!” эте түштү. Жүрөгүм оозума тыгылып, артка карай аттап-буттап бир баратам. Андан кийинкисин билбейм, саанчылар ылдый көздөй кыйкырып качып келаткан мени араң кармашып, калтырап-титиреп токтоно албай койгондо “жүрөгү түшүптүр” деп доктурга жеткиришиптир. Ошондон ушу күнгө жүрөгүмдүн ыргагы бузулуп, башым ооруйт. Мынабу манжаларды карабайсыңбы, муундар чоюлуп калган, колдорум жакшы жумулбайт.

Менин уйларымды кыздар бөлүп саашыптыр, аларга жакага түшкөндө гана кошулдум.

Айылга келгенде баягы уй сарайдагы үйдө жашай баштадык. Бүктөмө керебеттин сынып калган жерине темир улап же жип менен таңып коёбуз. Ошондо алган айлыгыбыз азыркы акча менен беш сом болсо керек. Ошондо да планды толтурсаң. Кээде автолавка келет, кызыккан товарыңды карызга жаздырып аласың. Ошентип айдан айга карызды төлөш үчүн иштейсиң. Оорудум, кыйналдым дегенден уяласың.

Чынар, тракторист:

- Кыздар жашаган үчүнбү, биздин үйүбүзгө жаш балдар да үйүр болчу. Бир күнү уктап жатканда бирөө терезеден килейген баканы ыргытып жиберсе, ал бир кыздын так төшүнө балт этип түшүп, ошондон чочуган кыз бакырып эшикке чуркап, өзүн токтото албай талмалуу болуп калды.

Ошондо “эмне болуп атасыңар?” деп бизге көңүл бурган деле жан болгон эмес окшойт. Болгону 17 жашар кыздар болчубуз да! Бизге колхоздун ошончо уюн тапшырып, МТЗ-52 тракторлорун ишенип берип койгондоруна эми таң калам. Ата-энелерибиз деле биздин эмне күндү көрүп, кантип иштеп жатканыбызга көңүл бурушпаптыр. Аял кишиге трактор айдаган зыян экенин кийин, өзүбүзгө сезилгенде анан билдик.

Мактап койсо дардаңдап иштеп жүрүп эми оорукчан болуп калбадыкпы!

Эми бизди “барсыңбы, жоксуңбу” деген деле жан жок. Тарыхта калчудай дедектептирбиз да биз байкуш...

Зина, саанчы:

Канчалык аракет кылсак да болбой улам бир кызыбызды сүйлөшпөй этпей туруп эле ала качып жатышты. Айыл ичинде кимди кантип ала качканы туурасында ар кандай имиш-имиштер аралап турчу.

Азыр ойлосом, ошол кездеги баарынын эмгегинен калпып алып, бирөөгө ыйгарып, “Социалисттик эмгектин Баатырын” чыгарган ыкма бизде да болгон экен. Эки күндүн биринде чогулуш-конференция деп кетип атчу бригадирибиздин уйларын бөлүп саап, сүтүн анын эсебине каттатчубуз. Кийин-кийин, бухгалтериядан ошол кездеги табелдерди карап аябай таң калдым.

Эки ортодо биздин атыбызга жамынып далайлар туйтунуп, жыргашкан экен. Бирдеме болсо “Максатка бердик” деп кызарган нерсе болсо өздөрү бөлүп алып, бала немелер эмнени билмек эле дешкен турбайбы...

Бригадада эки жылга жакын иштедик. Улам бири жумуштан чыгып отуруп акырында баарыбыз ишибизди өткөрүп берип тарап кеттик. Бригадирибизден башка эч кимибиз ойлогон максатыбызга жеткен жокпуз. Ала качып атып өзүбүз каалабаган адамдарга баш кошуп, “таш түшкөн жеринде оор” деп отуруп калдык. Бригададан эстелик – көпчүлүгүбүз  уулдарыбызга Максат деген ат койдук.

*     *     *

Андан бери кырк беш жылдын жүзү болду. Бир өмүргө тете мезгил өтсө да саамайларын ак чалган курбулар жолуккан сайын ошол унутулгус учурду бир күлүп, бир күйүп, эстешет. Жаштайынан түйшүккө салып, эмгегин жеген адамдарга таарынышат, бирок алардын тагдырына таасир эткен “социалисттик” система болгонун, ал система “Жашы жете элек балдарды оор жумуштарга тартууга болбойт” деген эл аралык Эмгек Кодексин одоно бузганын, кыз балдардын трактор айдаганы саламаттыгана олуттуу доо келтирерине карабай, ураан чакырык менен кадимкидей эле арзан акы төлөнгөн амалкөй түзүлүштүн курмандыктары болушканын ойлоп деле коюшпайт.

Бул курбулардын турмуштун барасына оролуп, мезгилдин агымына агып кеткен тагдыры өткөн тумсак түзүлүштүн курмандыгы болгон жүздөгөн, миңдеген замандаштардын бир мисалы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз