О`Шакир: Жанымды чыгарган Жаңыл

  • 04.12.2021
  • 4545

ЭССЕ

*     *     *

KOVID-19 далайларды жакынынан ажыратып, далай тааныш-билиш адамдарды жоктотуп отуруп калдык былтыр. Ошондой күндөрдүн биринде бул балээ биздин үйгө да келди. “Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың” деп колуктумду тамашалайм. Себеби үй-бүлөбүз менен үй күчүк болуп, баарыбыз үймөлөктөшүп эч жакка чыкпас болдук.

Бой жетип солкулдап турган уул-кыздарыңды сыртка чыкпа деп жолун торош кыйын экен. Сүлкүлдөп турган эмелер сүйгөндөрүнө, досторуна жолуга албай алар буулукту үйдө. Демейде үй-бүлөгө эркиндик берип келген жаным коронавирусту укканда, аларды тап жылдырбадым. “Сүйүүң менен сүмүрөң калгырлар. Жандан кечпей, отургула!” – күндө какшайм. Телефон чукулашат аргасыз.

Азык-түлүгүбүз түгөп баратканда дүкөнгө, базарка чапкылаган эле колуктум. Ошондон улам “эч ким менен кол алышып учурашпа, өбүшпө” деп дамамат эскерткениме карабай, ал бир күнү мурду жыт билбей, тамак даамын сезбей калганын айтканда, жүрөк шуу дей түштү. Баарыбыз карбаластап калдык.

– Э кокуй кайдан жугуздуң? – суракка алдым.

– Өзүм да түшүнбөй атам... Болгону супер-маркетке бардым, машинеме бензин куйдум... – деп келип, дагы кайда барганын эстей албай токтоп калат. – Дагы кайда бардым?.. Аптекага барып баарыңа маска алдым... Дагы кайда бардым... А баса банкка барып акча алмаштырдым, – кайда барганын эстей албай буйдалып атып, анан эстей калды...

Кайненем ооруп, анализин текшертип, ар кай жерге барышканын айтты.

Кыскасы, жаман ооруну жугузуп келди.

*     *     *

Дене табы ысып, жаркылдаган кабагынан нур өчкөн келинчегимди тез жардам алып кетти. Үйдө баарыбыз мостоюп отуруп калдык. Улам-улам WhatsApp аркылуу сүйлөшөбүз.

– Кантип калдың?

– Кх-кх-кх-кх... – күрсүлдөп жөтөлү жооп берет. А мен үнүн уккум келет. Өпкөсү айрылып кетчүдөй жөтөлгөнүн угуп, кудайга миң мертебе жалынам ичимден. Ошол күндөрү колуктумдун кадырын билдим. Төмөндөгү ыр ошондо жазылды.

Экөөбүз

Таажы сага жарашсын,
таажывирус адашсын!

Тез жардам алып кеткенден:
тынч күн жок, жаным, эч менде...

Карааның жокто, каралдым,
карантин үйдө. Камалдым!

Ордумда туйлайм, кайсалап.
Ооруңду каргайм, кайталап.

Тынчым жок – уксам жөтөлүң.
Тыбырап турат экемин...

Кучактап түнү жаздыгың,
Кудайлап жатам, Назгүлүм.

Жаншерик, Үмүт, Тилегим,
Жалгыз сен – зоодой тирегим!

Сен жок мен – жалгыз канатмын,
сен жокто – турмуш жадаткыр...

Сен жоктой мага – кордук жок,
сен жоктой – эч бир оордук жок.

Тез жардам жетип келгенде,
нес болуп турдук термелген...

Ээрчишип дайым, жанып күн:
эркелеп көнүп алыпмын.

«Мамам» деп сени жүргөнүм –
түйшүгүм сага үйгөмүн...  

«Мама» деп калбай артыңан,
баргандан азыр тартынам.

Тез айык, тез кайт. Жайдарым,
мен жинди болуп калбайын!

Айжаркын, акак, берметим,
сен үйдө жокто – мен жетим!

Чыдабай улам, чочулайм...
чылымым соруп отурам.

Бир болгон үчүн жаныбыз –
Ишеним, Сүйүү – дарыбыз!

Казалдай кош сап жабышкан,
канатпыз жаным, табышкан...

Каптаган апаат жер бетин,
кайрылып кайта келбесин!

*     *     *

Акыры айыгып чыгып келди. Кубанганыбызды айт. Жерге-сууга батпай жетине албаганымчы...

Мына анан жаншеригимдин көмүскөдө жаткан таланты ачылды. Экөөбүз шаңкылдап аудиожомокторду жаздыра баштадык. Уккандар тамшанып, экөөбүздүн аудиону күнүгө чыдамсыз күткөндөр пайда болду. Бир күнү эле коом агартуудагы санаалаш, тилектеш досторумдун бири Жаңыл (Ыраматылык Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева) ватсаптан ал-акыбал сурап калды.

– Олжобай мырза, кандай турасыздар? Үй-бүлөңүздөр менен аман-эсенсиздерби? “Мамаңыз” келип, санааңыз тындыбы?.. Аудиожомокторду сизге кошулуп окуган чын эле Назгүл айымбы?.. Артисттерден кем калышпайт турбайбы.

– Ооба, өзү... Жаңыл, өзүңүздөрдө кандай?

– “Мамаңыз” Назгүлдүн талантынын урматына биздин Чуңкурчакка мейманга келиңиздер. Мурда да айттым эле... келбедиңер. Үч-төрт күн “мамаңыз” менен таза абада эс алып кеткилечи.

– Баралы. Ыракмат, – дедим.

Жаңылдын мейманга чакырганын уккан колуктум да сүйүндү.

*     *     *

Жума күнгө тууралап, Чуңкурчакка жөнөп калдык. Жетип эле тоо боорундагы бозүйлөрдүн бирине жайгаштык. Шаңкайган тоо түбүндөгү токой-черин аралап, теребелге көз чаптырабыз. Көз тойбойт. Таза абадан кере жутуп, колуктум экөөбүз кыз-жигиттей кол кармашып кырдан кырга чыктык. Тез эле күүгүм басты. Курсак курулдап, ресторанына жүгүрдүк. Сый тамакка карк тоюп, кайра тоо беттедик. Түнкү токойдун арасындагы романтика... Көктөгү жылдыздар алаканыбызга чубуруп түшчүдөй тимеле. Аба таза жерде, жылдыздар жерге жакын көрүнөт эмеспи.

*     *     *

Кызыктын баары эртеси болду. Көңүл чер таркабай, Чуңкурчактын далайын кыдырдык. Сулуулукка көз тойбой, тиягын кыдырабыз, биягын кыдырабыз. Отелдин тегереги эс алуучуларга жык толуптур. Алтынчы күн болгондуктан, шаардыктардын баары Чуңкурчакка көчүп келгендей шыкалыптыр.

Керелдин кечке Назгүл экөөбүз ат миндик, кыз куумайга да түштүк. Шылдыраган булактын ырын уктук, куштардын сайраганына чер жазып токой аралап жүрүп күүгүм батты. Кечки тамактан кийин дагы сейилдей турган болдук. Назгүл теребелге суктанып, артымда келаткан. Анан эле ресепшнде иштегендердин бирөөсү алдыман капыл-тапыл чыгып:

– Коттеджи бошотосуздарбы? – деп калса болобу.

Оозум аңырайып, бир саамга ката түштүм.

– А макул, макул... – дедим шаштым кете.

Кыйла артымда калган Назгүл ресепшндин айтканын чала укса керек.

– Эмне дейт?

– Коттеджи бошотуш керек экен, – дедим оозум бош.

– Тамашалабачы... – камаараган да жок ал. Бассам-турсам тамаша кебиме бышы кулак болуп бүткөн Назгүл ишенбеди мага.

– Эй... чын айтып атам.

– Ишенип калды дейт... Ха-ха-ха! – дегеле ишенгиси жок мага.

Эми аны ресепшндин айтканына ишендирүү кыйын болду мага.

– Тамашасы жок! Жүрү, кетели. Жетет.

– Жаңыл эже өзү да келмек эмес беле... Үч-төрт күн эс алып кеткиле деп атпады беле?.. Чынбы? – деген Назгүл дегеле шаарга кеткиси жок.

– Эй, кой... шүгүр дейли ушуга. Тамагыбызды бекер жеп, жатканыбыз да бекер... бекер эс алганыбыз жетет ушунча. Шыкалып келген эс алуучуларды карачы, мүмкүн ошолорго орун жетпей аткандыр. Болду, кетели! – деп кесе айтканымды уккан Назгүл аргасыз кетүүгө камынды...

*     *     *

Ары-бери жыйналып, жолго чыктык. Бир далай жолду арбытып койгонбуз эбак. Жаңыл телефон чалып калды бейкапар.

– Кандайсыздар? Жакшы эс алып жатасыздарбы?! Мен бираз кармалып атам. Азыр машине келип калсале жетип барам.

– Жаңыл дос, – дедим, – ыракмат. Өлө сонун эс алдык. Биз келатабыз шаарга.

– Опей, эмне дейсиз?.. Тамашалабаңызчы! – чочуп кетти менин жообума таңгалган Жаңыл.

– Тамашасы жок, чын эле айтам.

– Мен алтынчы күнү артыңардан барып калам, чогуу эс алабыз дебедим беле! – Жаңыл чыйпылыктап жиберди. – Эмне болду анча? Шашылыш ишиңер бар беле?!

Мына анан жагдайды түшүндүрүп баштадым, Жаңылдын айласы түгөп турду. Көрсө, ресепшнде иштеген кызга мен түшүнгөн эмесминби... же ал мага түшүнгөн эмеспи... айтор, бири-бирибизди түшүнбөптүрбүз. Жаңылдын алдында мен, менин алдымда Жаңыл ыңгайсыз абалда калдык.

*     *     *

– Жо-оок, болбойт! – деди Жаңыл. – Кайра артка тартпасаңыздар, таарынам силерге... Деги кай жердесиңер азыр?

– Арашанга келип калдык.

– Анда силерди “Супарада” күтүп турам. Чогуу кайра кетебиз. Болбойт минткениңер. Мен атайы силер менен бирге эс алабыз деп, иштин баарын жыйыштырып койсом. А силер...

Уландысы мында>>>>>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз