О`Шакир: Жанымды чыгарган Жаңыл (уландысы)

ЭССЕ

Башы мында>>>>>

*     *     *

Жаңылдын айтканын эки кыла албадык. Айткан жерине келдик. Шар жүргөн кишилер кетенчиктемек беле же Жаңыл бизди айнып кетпесин дедиби:

– Менин машинем кечигип атат, силердики менен деле кете берсек болобу? – деп калды.

– Болот!... Болот! – Назгүл экөөбүз жарыша жооп узаттык.

– Анда кеттик!

– Бирок Назгүл караңгыда жакшы айдай албайт, биздин машинени сиз эле айдаңыз, – дей салдым сааттай болуп...

– А өзүңүзчү?.. Эркек киши айдаганы жакшы го...

– А мен айдаганды билбейм да, – дедим.

– Коюңузчу, кантип эле?! Такыр айдай албайсызбы? – Жаңыл такып сурады.

– Өмүрү машине айдап көргөн эмесмин, – дедим.

– Эмнеге?

– Кызыккан эмесмин.

Жаңыл машинебизди бир айланып карады да:

– Тыпыйган сонун машинеңер бар экен э? – деп койду. – Эмне машине бул?

– Билбейм кайсы марка экенин, “маам” билет, – дедим Назгүлдүн оозун карап көнгөн жаным. – Мен чалкалап отурганды эле билем. Машинебиздин маркасы эмне деп жүрдүң эле, “маам”?..

– Ошону эмдигиче билбейсиңби?.. – каткырды экөө. Мени шылдыңдашты... – Toyota Raum дейт биздикин, – Назгүл тимеле оозун чоюп айтты муну.  

Назгүл аркабызга отурду. Алдыда Жаңыл экөөбүз.

“Машине айдаганга кызыкпасаң... анда кызыкты мен көрсөтөйүн” дедиби, Жаңыл рулга отурары менен эле машинебизди шарт чимирип, тоону беттеп калдык. Газды тепти. Жаңыл жаанын огундай сыздырат экен машинени. Мындай ылдамдыкка көнбөгөн жаным жакамды ууштап бараттым. “Йе, кокуй, акырын” дегенге оозум барбады. Уятымдан эле сыр билдирбедим, былк этпедим. Өтө сый мамиледе жүргөн кишиге мындайда ооз ачып бирдеңке дей аласыңбы...

*     *     *  

Күлүп, каткырып, сөзгө алаксып баратсак эле Жаңыл тик жардын кырынан зуу коюп өтүп кетсе болобу. Жаным чыгып кетейин деди. Бакырып ийдим:

– Жаңы-ыл! Эжекебай деп жүрөйүн, акырын айдаңызчы! Аз эле жерден калдык азыр. Жар кырынан...

– Йе, коркпоңуз, Олжобай мырза! – Жаңылдын камаарай турган түрү жок. – Ыраматылык атабыздай (Табыкебизди айтканы) унчукпай кете берсеңиз. Ал киши да машинени мага гана ишенип айдатчу. Жанында мен болгондо такыр айдачу эмес өзү. Сага айдатсам жетчү жерге тез жетем дечү эле, – деп койду.

Унчукпай калдым далайга. Зуулдап баратабыз караңгыда. Бир маалда машинебиздин алды “даң!” деди эле, Жаңыл өзү чочуп кетти:

– Апе-ей, алды ушунча жапыз беле? Джипке көнүп алган жаным, силердин машиненин алды жерге тиерин ойлобой эле...

– Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, – жоокалатымыш болдум.

– Мен да абайлап айдайын эми. Коркпой отургула, – Жаңыл муну жаңы эле айткан кезде мен баягыдан да катуу бакырдым:

– Жаңы-ыы-ыыл, эжекеба-ай! Могул жардын кырынан алысыраак айдаңызчы деги. Жар кырына жарым карыш эле жакын айдап баратасыз. Мен жакты караңызчы! – Жалындым, жалдырап жибердим Жаңылга.

– Жаныңыз иттей таттуу экен э? – Жаңылдын күлкүсү жаңырды ансайын.

Төмөнгө төбөм менен кулачудай жар тарапты көргүм жок. Мойнумду буруп алдым. “Көзүм жамандыкты көрбөсүн” деп ичимден күбүрөнөм... Газды болушунча тепти. Жонумдан кара тер чыпылдап, денем дүр дейт. Жүрөк зырп-зырп. Жаңыл дайыма сол рулдуу Джип айдап көнүп алгангабы, биздин машине оң рулдуу болгондуктан, улам эле мен отурган тараптагы жар кырына көңүл бурбагандай зуулдатканычы...

*     *     *  

Улам бир тик жардын кырынан өтөбүз, улам жакындатып айдайт. Болгондо да жогорку ылдамдык менен. Жаңыл өмүрүндө деле бир жай айдап көнбөптүр. Колум жеткен жердин барына чап жармашып кармап алганымды айт. Артыма кылчайып, “маамды” караганымды айт. Ал деле тырышып, дал-далына жармашып баратканын айт.

– Коркпоңуз дейм. Дайыма каттап жүрүп, бул жолдун кай жеринде жар, кай жеринде аң-чөнөк бар – жаттап деле калгамын, – деген Жаңылдын жаны бекемдигин айт.

А Назгүл экөөбүз кыпылдап баратабыз (кыпылдап араң отурганын Назгүл мага кийин айтып атпайбы). Дагы бир жерден машинебиздин алды “тарс” деди эле, бу жолу Жаңыл өзү чочуду.

Машинебизди эми чындап аяды бейм:

– И-ий, аттиң-ай! – деди өкүнүчтүү. – Кайдан да Жаңылга айдата койдук деп келатсаңыздар керек э? Силерге абыдан айыптуу болдум бүгүн, – деп Жаңыл бизден уялат. – Мен деле чоңураак таштардан буйтаганга аракет кылсам болбой... бу жапыс машиненики ушундай турбайбы, – дейт айласы кетип.

Өтө сый мамиледеги досубузга эмне дей алат элек.

– Эч нерсе эмес, кыжалат болбоңуз, – дейм улам.

Назгүл деле өмүрү адам көңүлүн оорутпаган жан, ал деле эмне десин, мени кайталап келатат. Бирок машиненин алды ташка урунган сайын, өзүм таш тиштеп алгансып кыңкыстаганымды айт...

– Сары санаа болбогула, барарыбыз менен бизде сонун мастер бар. Машинеңерди жакшылап каратып берем. Бир сыйра чечип, текшерип да берсин, – деп көңүлүбүздү жайгарган Жаңыл Чуңкурчакка жеткиче машинебизди тарса-турса айдап, заматта жетип бардык.

Жетерибиз менен эле механигин чакыртты:

– Алдынан май куюлуп атпасын, жакшылап карагылачы, балдар...

– Эми караңгыда жөн эле коюшсун, – дегенибизге көнөр эмес.

– Жок... Өзүм да тынч уктагандай болоюн, азыр эле карап беришсин. Болбосо түнү бою уктай албайм... Эртең менен да карашат, – деди астейдил көнгөн Жаңыл.

Кудай жалгап машинебиз соп-соо келгенин айтышты.

– Өх, ошондой эле болсун, жүрүңүздөр анда. Санаабыз деги тынды, эми сый тамак даяр болуп калды деп атышат. Баралы... – деген Жаңыл менен далайга чейин кадыр түн өткөрдүк.

*     *     *  

Эртең мененки амандашуудан кийин эле машинебиз соп-соо келгенин, алдында бир тамчы да май тамбаганын Жаңыл биринчи сүйүнчүлөдү.

*     *     *  

Ошентип эки-үч күн бою Жаңылдын сыйлуу мейманы болдук. Чуңкурчактын коён жатагынан өйдө өзү кыдыртып чыккан Табыкенин жубайына терең ыраазы болдук ошондо. Кайран Табыкебиз көзү тирүүсүндө аягына чыкпай кеткен иштердин баарын Жаңыл досубуз четинен бүткөрүп, маркумдун идеяларынын бирин калтырбай ишке ашырып келаткан Жаңылдын жаратмандыгын көрүп, кайран Табыкебиз бактылуу инсан экен дедик.

Болбосо артында Жаңылдай асыл жар болбосо, Табыкедей жаратмандын кыргызга калтырар өрнөгү жарым жолдо калар беле...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз