Белгилүү публицист жана жаратман өндүрүшчү-бизнесмен Таабалды Эгембердиев (1951–2015) атындагы бул конкурстун аталышы: «Эркиндик – эл энчиси». Конкурстун максаты – элибиздин өз алдынча эркиндикке, эгемендикке болгон түшүнүгүн калыптоо. Улут катары өз иденттүүлүгүбүздү издөөдөгү эң башкы приоритеттерге токтолгон бул конкурсубуз жыл сайын салттуу улантылат.
Алгач ирет уюшулуп жаткан бул конкурстун иштелип чыккан Жобосунун негизи өзөгү төмөндөгү темаларга бөлүндү. Ал эми кийинки жылы ушул эле «Эркиндик – эл энчиси» темасын улай коомдун башка салаасындагы аярлуу темалардын айланасында аналитикалык мүнөздөгү публицистика жанрында жазылган эмгектерди кабыл алуу улантылат.
ЖОБО
Аталган конкурска катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Ага публицисттер, блогерлер, журналисттер жана жазуучулар катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. «Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы конкурсубузга катышууну каалоочулар төмөндөгү темалардын бирин тандап алууга тийиш:
- Эгемендиктин мааниси эмнеде (Өлкө эгемендигине сырткы күчтөрдүн кайсы таасири коркунучтуу)?
- Үй-бүлөдөгү эркиндик (канткенде үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөгө жана зордук-зомбулук, ур-токмокко жол бербөөгө мүмкүн?)
- Билим жана таалим-тарбия берүүдөгү эркиндик (мугалимдер жана ата-энелер өздөрүнүн эски баалуулуктарын келечек ээлерине таңуулабай, жаштардын өз алдынча тандоосуна, өз алдынча чечим кабыл алуусуна кантип үйрөнүшү зарыл)?
ЖАЛПЫ БАЙГЕ ФОНДУ – 200 000 (эки жүз миң) сом
1-орунга 100 000 (жүз миң) сом байге.
2-орунга 70 000 (жетимиш миң) сом байге.
3-орунга 30 000 (отуз миң) сом байге.
Эскертүү: конкурска жөнөтүлгөн материалдар көлөмү 12-кегль, arial шрифти менен 5 беттен ашпоого тийиш. Почтабыздын дареги: ruheshsaity@gmail.com
Бир эле автор жогоруда көрсөтүлгөн үч тема боюнча катышса болот, арийне, калыстар курамынын эң жогорку баасына татыган эмгеги гана жеңүүчү байгелердин бирине тандалып алынат.
Конкурстук материалдар 2022-жылдын 1-августуна чейин кабыл алынат. Ал эми конкурс жеңүүчүлөрү ушул жылдын 31-август – Кыргызстандын Эгемендик майрамы күнү акчалай байгелер менен сыйланат!
Ө, Ң, Ү тамгаларысыз жазылган материалдар кабыл алынбайт!
Конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин калыстар курамынындагылардын аты-жөндөрү коомчулукка ачык жарыяланбайт!
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR