Нурланбек Мусаев: Жасалма интеллектин жаратмандык жөндөмү

  • 23.12.2021
  • 2922

Маалыматты анализдөө

Дүйнө коомчулугу бизден айырмаланып “Келечекте космостогу мыйзамдар кандай болот? Метаверст жашообузга канчалык кирет?” – сыяктуу күндемдер менен алек. Бизчи?… “Ким депутат болот?” – менен алекпиз.

2016-жылы бир канча Батыштын адистери санариптик роботко 16-кылымга таандык, Ренессанс доорунун көрүнүктүү сүрөтчүсү Ребранттын портретин тарттырышты. Бул окуя жасалма акылдын чегин даана көрсөттү. Эгер искусство жаатында дасыккан адис болбосоңуз, монитордон карап кайсынысын робот тартканын ажырата албайсыз. Мисалы, бирөөсүн робот тарткан жогорудагы төрт портретти караңызчы. Ажырата аласызбы?

Робот Ребранддын түсүн окшоштуруп, костюмдун ичинде ак көйнөкчөн жана галстукчан кылып деле тартып койсо болмок. Бирок жасалма акыл терең үйрөнүү методу менен накта ошол 16-жүз жылдагы Ребрантты ошол мезгилге таандык кийими, сакалы менен тартып отурат. Анткени компьютердик анализдин жыйынтыгы ушундай болчу.

Албетте, робот колуна кисти алып, боёкторду жуурулуштуруп таркан эмес, балким, ал убак да алыс эместир. Бирок робот азырынча Ребрантты санариптик программалоо менен тартып атат. Ребранддын портреттин тартуу үчүн мурдатан даярдалган, техникалык тил менен айтканда, өзүнө “үйрөтүлгөн маалымат” базаларынан сырткары, Ребранддын картиналарынан 168 263 фрагментти колдонгон. Ребранддын санарип картинасы 148 милион пикселден турат.

Робот бул сүрөттү кантип тартты?

Программа мурдатан киргизилген алгоритмдерди колдонуп, ар бир фрагментти изилдеп чыгат да, алгоритмдердин жардамы менен электен өткөрөт. Мисалы, картинадагы бир эле түс боюнча ондогон алгоритм колдонуп, миңдеген маалыматты маалымат базасынан белгилүү алгоритмдик схемага жараша электен өткөрөт. Ушул эле схема боюнча дене түзүлүшүн, кийимин, андан кийин бет түзүлүшүн, көзүн, мурдун, кулагын ж.б. аныктайт.

Робот Ребранттын көзүн тартыш үчүн фрагменттеги көздөрдүн баарынын орточо түзүлүшүн алат. Мисалы, көздү белгилүү математикалык “x, y” мейкиндигинде “h, w” эсеби менен кординаттык калыбын аныктайт. Кординатка туура келген орточо сандардын аралыгындагы сандарды гана издейт. Мисалы x=10.32 менен y=20,26  ортосунда сандарды, фрагменттердин ичиндеги көздүн кординаттарына туура келген объектерден издеп таап, алгоритмдерге салып анализдейт. Бир анализдин жыйынтыгы башка бир маалымат базасынын кайсы бир бурчундагы ага туура келген маалыматтар менен туташтырылып, келерки алгоритмдин бир элементи болуп калат, андан кийин өзүнөн кийинки алгоритмге өткөрүлүп отуруп, эң акырында портрет тартылып бүтөт.

Жалпак тил менен айтканда, маалыматтардын анализ жыйынтыгы башка бир базага түшөт, ал базада алгоритм кайра иштетилип анализ жасалат, бир канча жолу кайталанып отуруп анан сүрөт тартылат. Ребранттын портрети канча убакытта тартылганын билбейбиз, бирок техникалык жактан алганда, ушунун баары бир канча секундада ишке ашат.

Маалыматты анализдеп жыйынтык чыгаруу – бул жасалма интеллектин эң башкы аргументи. Маалымат канчалык аз болсо, жыйынтыктын тактуулугу ошончолук төмөндөйт. Канчалык көп болгон сайын жыйынтыктын тактуулугу артат.

Кыскасы, жасалма акыл (инттелект) бири-бирине кыпындай пайдасы жок, бири-бирине такыр окшошпогон маалыматтарды колдонуп анализдөө менен келип чыгат. 

Негизинен чыныгы жашоодо деле “билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат” дегендин маңызы так ушуда болсо керек. Билими (маалыматы) болгон киши анализ жасай алат, билими жок болсо, кишинин анализ жасоо жөндөмү да болбойт. Анткени, кандайдыр бир темада анализ жасап, пикир жаратуу үчүн эң биринчи шарт – маалымат базасы болушу керек. Санарип дүйнөсү деле ушундай. Компьютер алгач оңой, түз логика менен эле иштечү. Кийинчерек түз командалар оңой алгоритмдер менен иштеп отуруп, учурда адам баласынын акылы менен гана ишке аша турган сүрөт тартуу сыяктуу татаал функцияларды аткара баштады.

Адам баласы да жашоонун ичине турмушка үйрөнүү каркылуу кирет. Ысык чайнекке кол күйгүзүп алган кичинекей бала акыл туюмунда чайнекке экинчи тийбейт. Бул алгоритм анын өмүр бою акылында калат, жоголбойт, керектүү учурда колдонулат. Ал алгоритмди мезгил өткөн сайын өнүктүрөт. Билими арткан сайын, анализ жасоо жөндөмү да артат.

Адамдын коомдогу кандайдыр бир окуяга болгон реакциясы анын билим деңгээли менен барабар.

SOCIO CODE

Аналист

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз