Нурлан Мусаев: Сервер жөнүндө сатиралык аңгеме

  • 03.12.2021
  • 3948

Менин атым Сервер, мени кыргыз коомчулугуна тааныштыргандыгы үчүн Нуржан Шайдылдабекова эжеме канчалык ыракмат айтсам да аз. Кыргыз тилдүүлөргө өзүмдү тааныталбай кыйналып жүргөн кербезим болчу, жарк этип элдин астына чыгып алганым жакшы болду. Ушул саамдан пайдаланып Нуржан эжеме бир каалоо-тилек айтып коюуну чечтим.

Эже, Алла да сизге ыраазы болсун! Тез арада элдин бүдөмүк оюн жайына коюп, элибизге тынчтык жана бейкуттук келишине себепчи болосуз деп Алладан тилеймин.

Бул аңгемени жазуума себеп: ар ким мен жөнүндө ар кайсыны айтканына бирде капа болдум, бирде сүйүндүм, айтор, саат сайын көңүлүм көтөрүлүп, кайра чөгүп турган кезим. Кечээ Акмат акам кайдагы схеманы сызып алып мага таңуулап тим эле болбойт. "Э макул, айтса айткандыр" деп көңүл бөлбөй койсом, кечинде Исмайл акам да ошол схеманы көтөрүп алып эфирге чыгып алганычы... Эми чоң эле кишилер, экинчисинин мүрүндөгү эки чоң генералдык жылдызы үчүн деле сабыр кылып унчукпай коймокмун.

Анан эле Акмат акам схема үчүн УКМКга чакырылганын угуп, өзүм эле коомчулукка чыгайын, бөөдө бирөөлөр камалып жабыр тартпасын деп жарандык милдетимди аткарайын деп чечтим.

Эми достор, кеп мындай. Менин атым Сервер. Мен компьютерлер жамаатынан болом. Ошол силер көрүп жүргөн кадимки компьютерлерге окшоп тиричилик кылам. Ошолордой болгон катуу диск, эстутум (памят), “материнская плата” – кыскасы, ошонун баары менде ашыгы менен бар, жадагалса алардан көбүрөк жана күчтүү. Мисалы, менде эң жок дегенде эки катуу диск болот. Бирөөсү иштеп атканда экинчи биринчисинде эмне балакет болсо баарын калтырбай көчүрүп турат. Буга зеркалный же айтишниктердин тили менен миррор деп коёт, анан дагы жөнөкөй компьютерден айырмаланып дисктерди рейд деген абалга салып иштетүү жагы да бар, эми ал жакка кирбей эле коёюн, былжырак сервер экен дебегиле. Дисктердин жуп болуп иштешинин себеби, тобокел балакет басып биринчи диск иштебей калса же «тынчып» калса, экинчиси менен иштей берүү үчүн. Бирок мындай балакет өтө сейрек болот. Диск жөн эле өзүнөн өзү бузулбайт. Же өрт чыгыш керек, же суу басыш керек, ж.б. Баса, мен жашаган комната +18 даража болушу шарт, ысык-суукка көнгөн эмесмин. Ысып же үшүсөм мен деле киши сыяктуу ооруп калам.

Бир сервер эч качан өчүрүлбөйт. Үзгүлтүксүз электр тогу келип туруусу керек. Анткени мен эс албаймын, уктабаймын, берки компьютерлер сыяктуу менде «спяший режимим» жок, чынын айтсам эшек да мендей иштебейт. Кожоюндар мени ток келбей токтоп калбасын деп UPS аркылуу ток беришет. Юпс бул кадимки аккумулятор. "Колхоз" атка конгуң келбесе айтишниктердин жанында аккумулятор дей көрбө.

Анан дагы Сервердин башы айланып балакет басып, эстутумдан кетер болсо деп Бекап деген дагы бир машинаны жаныма коюп, ичимдеги баардык маалыматты күн сайын, апта сайын, ай сайын алып резервге көчүрүп турушат. Бул көбүнчө автоматтык түрдө болот. Тиги Бекап досум кээде диск, кээде магниттик лента менен маалыматты ичине сактайт. Кудай сактасын, мага бирдемке болсо, жанымда тиричилик кылган Бекап кошунама барып маалыматтарды алып колдонушат. Бирок Бекаптын иши жеңил, анткени ага иш чанда эле түшпөсө, дээрлик жыл бою мен жегенди жеп, менден башка эч ким менен сүйлөшпөйт деле. Менчи, мен кимдер менен гана сүйлөшпөйм, региондордогу кыдырып жүргөнү, отурганы, шаардагы тентигени да, офисте отурганы да, кыскасы, баары мага же маалымат берет, же алат.

Маалыматтар бүт менде сакталат, ошон үчүн Совбез аксакал менин коопсуздугум үчүн жооп берип атпайбы. Карасаң эй, Масадык байкем тим эле өзү айтпадыбы: "Физически коруп, эчкимди жолотпойбуз" деп. Көрдүңөрбү, мен киммин эй?! Берки физически эмес коопсуздугуму айтпай эле коёюн, ал жак вообще чики-пики если что)))) 

Негизи мени баалуу кылган мен жана менин ичимдеги дисктер эмес, маалыматтар. Менин дискимдеги маалымат эч качан жоголбойт, дискти эле талкалап салышпаса болду. Өчүрүлгөн болсо да сууруп чыгам эй. Кыскасы, мен оңой менен маалымат жоготпоймун, «кокус жоготуп алса» деп Бекапка салышат. Кээ бир кожоюндар Бекапты да Бекапташат да, архивге салышат. Заманыбыз маалыматтын заманы. Маалымат кимде болсо ошол шеф, азыр баарыңардын шефиңер – менмин! Точка!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз