Бери караң: Шайлоолордун тарыхынан

Шайлоо байыртадан бери эле адамзат жашоосунан орун алып келет. Адамдар чогулуп алышып, өздөрүнө башчы шайлашкан. Бийликтин биринчи органы ушинтип пайда болгон.

Азыркы учурдагы шайлоолордун башаты Байыркы Греция менен Римде жатат. Атуулдар элдик чогулуштарга катышууга милдеттүү болушкан. Чогулушта добуш берүү менен кабыл алынган чечим мыйзамдын күчүнө ээ болгон.

Байыркы Грецияда ачык добуш берүү менен катар жашыруун чүчү кулак кармоо да болгон. Бюллетендин ордуна буурчак колдонулган: ак буурчак – макул; көк же кара буурчак – каршы дегенди билдирген.

Афинада жашыруун добуш берүүнүн дагы бир түрү “Карапалардын соту” деген болгон: бул ыкманы колдонгон коом кандай гана коомдук ишмер болбосун, эгерде анын ишмердиги демократиянын негиздерине коркунуч жаратса, аны шаардан көчүрүп жиберүүгө укуктуу болушкан. Кетирүүгө татыктуу деген адамдын атын жазып, аны борбордук аянтчанын атайын тосуп даярдалган жерине алып келип коюшкан. Карапалардын сыныгында кайсы адамдын аты көп кайталанса, ал адам шаардан көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми Байыркы Римде шайлоо кампаниясы добуш бергенге чейин бир топ күн мурда башталган. Талапкер бийлик өкүлдөрүнө өзүнүн шайлоого катышарын билдирген. Ошондон кийин шайлоо алдындагы күрөш башталган. Ал мындайча өткөн: талапкер атайын кандидаттар үчүн кабыл алынып, анын таза абийирин билгизген аппак кийим кийип Шайлоо күнү базарларга, аянттарга барып шайлоочулардын колдоосун сураган. Шайлоо күнү шайлоочуга кичинекей тактайча – шайлоо бюллетенин беришкен. Ал ага талапкердин атын жазып, урнага таштаган.

Жылдар жылып, кылымдар алмашты, мамлекетти башкаруунун жана элди бийлөөнүн формалары өзгөрдү.

Россияда коомдук уюмдардан өсүп чыккан Новгород вечеси –демократиянын алгачкы ачкан бүчүрлөрү болгон. Москва падышачылыгынын убагында мамлекеттин маанилүү маселелерин чечүү үчүн Боярлар думасы жаралып, өтө манилүү маселер пайда болгондо жаңы мүчөлөр менен толукталып, Земский собор деген органга айланышкан. Анын курамына дин өкүлдөрү, боярлар, дворяндар, айылдагы жүздүк башчылары, андан тышкары эркин дыйкандар киришкен. Алардын компетенциясына согуш жана тынчтык маселелери, мамлекетке жаңы жерлерди кошуу, финансы маселелери кирген.

1598 жана 1613-жылдардагы Соборлор Борис Годунов жана Михаил Романовдорду падыша кылып шайлашкан. 1905-жылы 17-октябрда биринчи Мамлекеттик Дума түзүлгөн. Ал Думада кабыл алынган Манифестке ылайык шайлоого катышууга 25 жашка чыккан эркектер укуктуу болушкан. Аялдар, аскер адамдары, студенттер, көчмөн эл, губернаторлор, шаар башчылары, полицияда кызмат кылгандар шайлоого катышуугу укуктары жок эле.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

P. S. Буга улай тарыхчы Белек Солтоноевдин “Кыргыз тарыхы” эмгегинен алынган маалыматтарды окурман назарына сала кетүүнү эп көрдүк. Б.Солтоноевдин эмгегиндеги стилдик өзгөчөлүктү өзгөрүүсүз жарыялайбыз...

1894-1916-жылга жете шайлоо тартиби: манаптар кедей, орто чарбаны эзүү үчүн алардан чыгым алуу максаты менен шайлоо кезинде эки бет болуп урушканда, эгерде бир жагынан киши өлгөн болсо, улук алдында жалаа жаап, жалганынан өлгөн кишиге оро-пара кылмак үчүн өз жагындагы кедейден жаки кулунан киши өлтүрүүчү. Кээ бир манаптар кедейлердин сезин алып коркутуп, мундай иш кылышкан: эч бир жумушу болбосо да улуктар айоз, помощник, судийа, участковый жана ошондойлордун эшигинин алдына өз жигитине атын карматып койуп, улуктун үстүнө кирбестен, анын балдарын көтөрүмүш, эркелетимиш болуп, 4-5 саат элге көрүнбөстөн тура берген. Мунун атын көргөн караңгы кедейлер «Баланча манап улукка абыдан жакын экен, аны улук баласындай көрөт экен», деп ал кан соргуч канчалык чыгым салса да макул алган.

Андай манаптар маселен: Чыныбай Тилекмат уулу, Дүр Сооромбай уулу, жол тазалоо, казыналык бадырет манаптардын олжосу болгон. Сырткы болуштар Суусамыр, Каракече, Жумгал элдери сыртта болсо да, Боом капчыгайынан тийиштүү жолун тазалоо, башка болуштар катарында ал элдердин мойнунда болгон. Алар Каракече, Суусамыр, Жумгалдан алыс болгон себептен, Боом капчыгайына жакын турган элден бадыретчик койуп турган. Манаптар, болуш, бийлер байакы кедей, кара чарба букаралардын канын соруп, этин жемек үчүн шайлоо ишин колдонуп, болуш, бий, старчын болмокко чындап аракет кылып, болуш, бий болуп өз тарабынан тилектешинен, сөөк-тамырынан старчын, бий элүү башы шайлап алып, кан соргучтарды бир ооздон кылып, ала чыгарбастан элди кымтып, бардык чыгымын журттан алып, башка дагы тилеген максатына жетип турган. Эгерде эл эки тарап болсо, өз жагынан элүү башы (Выборный) арттырмак үчүн ар айылды эки тарап кылып, ичине жик салып, түтүн талашкан. Түтүндөргө пара берген, кудалашкан, достошкон, тамырлашкан. Бир түтүнгө 100-200 сом, жаки 4-5 карага жете пара алган. Кээ бир уйатсыз митаамдар катын дагы алган, бул тууралу макал: www.bizdin.kg «Эки тарап  болсо, эптүү жигит катын алат» деген.

Эки кишини талаштырып, ортодон ыгын таап, бирөө болуш, жаки бий болгон. Шайлоонун көбү уруш-талаш, киши өлтүрүү, байлап, катып койуу менен өткөн, айыл чапкан, мал тийген; шайлоо үч жылдык болуп, манаптар, бийлер, болуштар (залим кулак) бүткүл кайратын, кубатын шайлоо ишине жумшаган. Шайлоодо жеңгендер, жеңилген жагынан ат жыгып, киши уруп билгенин кылган, зулумдугун айабаган. Келген улукка аны итере (окулбайт), ак эшикчи, тилмеч, бесир жана башка кызматчыларына жыгылган жагынан доолоп, жыгып, ат мингизген. Канчалык болсо да андан ээсине кайтарылбастан, ээлери көбүнчө кедей-дыйкан болгондуктан колуна тийбестен жыгып алуучулардын пайдасына кеткен.

Шайлоо өткөн соң байагы берген парасын эки-үч эсе кылып кедейлерден алган; көп убакта жыгылган жагы жыгыла замат коркконунан бири калбай, жөө кайтып келе жаткандай болуп, күндөп айылына качкан. Кээ заманда жыгылган жагы жыгыларына көзү жетсе, шайлоого киши жибербестен, өз жагынан элүү башы чыгарбастан качып, жатып алган, мундай болгондо, эгерде аларга улуктан жардам болбосо үстүнөн протокол кылып, Кыршиберге айдаткан. Тең чыгып калса, кара көтөн кармаган, жаки параны көп берген жеңген. Көп убакта жыгылган жакка арага башка манап, болуштарды (зулум) салып жарашкан. Эгерде жарашпастан тирешип калса, болушнай сыйаз ачып, бүткүл бийлер өз жагынан чыккан үчүн не түрлүү бүтүм чыгарып, коркутуп жарашкан. Жарашкан соң шайлоого келген бүткүл чыгымын кара букара, кедейдин мойнуна бирин эки-үч кылып салып алган. Кээ бир кежирленген, бербеймин деген жалгыз-жарым кедей болсо, 12-18 айга жете набакка кескен. Эгерде сыйаз аркалуу жарашпаса, дубан сыйазына жалган жеринен доом бар деп, анын тарабындагы кедей чарбаларды чакырып, сыйазга салып, коркутуп, салган чыгымын алган. Дубан сыйазында дубанды тегеретип билген залим кан ичер манаптардын арааны жүрүп, күнү тууп, айтканы болгон. Тирешкен, тиктешкен эки тараптын түйүнүн чечип, эгерде дубан сыйазында жыгылган жактын эл-журт улук алдында жыгып, анын жагынан кадыры кем болбосо, дубан сыйазында дагы мойун ийбестен тарашып, эрегиш нечен жылга созулуп, келерки шайлоого жете ортодо кедей-дыйкан, орто чарбалардын бары да манап, болуштун ыгым-чыгым, алык-салыктарына таланган.

Мундай эрегиште көп убакта элди эки бөлүп, өз алдынан башка болуш эл болуп бөлүнгөн; эгерде бөлүнүп кете албаса, акыры чындап жеңилип, көп карыздар чыгым болуп, чыгымын элден ала албастан, эл болсо коркконунан жыккан тарапка кирип кетип, баш көтөрө алгыс болуп, бир жалата жеңилип, чала манап болуп калган. Көп убакта эки тарап болгон манаптар шайлоо өтө замат тезинен жарашып алып, кара букара, орто чарба кедейди салык, чыгым менен канын соруп талаган. Шайлоого жаңы исписке 1238 түзгөндө, түтүн арттырып, каршы тарабын жеңмек үчүн жаңы отоо түтүндү көп салган. Айылдан айылга, болуштан болушка алдым-бердим (увольнительн. и приемный приговор) бойунча, кээ чакта жалгыз (приемный) приговор бойунча түтүн чыгарып алып, тарабын көбөйтүп, каршысын жеңген. Кээ чакта улуктарды паралап, бербеймин деген түтүн болсо да, жаки чыкпаймын деген түтүн болсо да сыртынан приговор жасап, чыгарган. Алган эл эки тарап болгондо, элге чыгым салганда, орто чарбадан-букарадан чыккан атка минердин (Середняцкозажиточный верхушка) арааны жүргөн.

Алматы, Жаркент, Каракол, Бишкек, Нарын дубандарында партийасы тынчтык менен дайым шайлоосун өткөргөн, эшитүүбүздө элинен чыгым алып, пайдаланбаган. Алса да эң аз алган, Каракол үйезинде, Түргөн, Кеңсуу элинде арык тукуму уругунан манап Кадыр 1239 Байсаба уулу болгон. Элүү башы Испискеде белгиленген ар бир элүү түтүндөн бир элүү башы шайланган. 75 түтүн болсо, эки элүү башы чыккан. Эгерде 74 түтүн болсо бир элүү башы чыккан. 100 түтүнгө дагы эки элүү башы болгон. 125 түтүн болсо, үч элүү башы чыккан; ушул тартипте жүрө берген.

Элүү башы арттырабыз максат менен «кызыл бутдан 1240» (катын албаган) «отоо» (жаңы үй) чыгаргандар, эрегиштер көп болгон. Кимдин элүү башысы бирөө болсо да ашык болсо да, ошол жеңген, www.bizdin.kg маселен онду он бир жеңген, эгерде ташы 1241 (элүү башы) тең чыгып калса, жогорудагы чараны иштеген. Көрсөтүү бойунча бирин жандыралы бекиткен. Элүү башы, болуш, бий жана алардын орун басарларын шайлаган жана болуш же чегип 1242 бесирдин 1243 жалыйнасын шайлап бекиткен. Старчынды, анын орун басары менен жалыйнасын өз айылы шайлаган. Бесирди ойоз өзү койуп бекиткен. Элүү башы жалыйна жебеген, улуктан бечет 1244 тийбеген. Элүү башынын күнү шайлоодо туулуп, талашта калган. Бир элүү башы (маселен эки жагы ондон элүү башы болуп, ортодо бирөө калса) 400-500 сомго жете пара алган, кыз алган.

Эки айылдын эки болуш элдин дубан арасындагы жер чегин элүү башы чектеген. Элүү башы көбүнчө чолок манаптан болуп, кээде кан соргуч манаптар, бий, болуш болмок максаты менен элүү башылыкка шайланган. Элүү башылардын көбүнчө эрке өздөрүнү манабы-болуш, бий кан соргучтарында болгон. Бир старчын айылдын түтүнү 50-250ге жете болгон. Бир болуштуктун түтүнү 300-2000ге жете болгон. Катын алып, энчиси бөлүнүп, башка тамак ичкендер өзүнчө башка түтүн болгон. Тынчыраак элде мундай түтүндөр, түтүн ээси болбостон, алык-салык, чөп ооз төлөбөстөн жүргөнү көп болгон. 350-400 түтүн бир болуш болуп турган. Мундай түтүнү аз алты дубан Жетисуу облусунан азыркы Казакстан Республикесиндеги Карабулак казагы болгон. Жылдык жалыйна: болуш 500 сом, бесир 240 сом, жечекчи 60 сом, Старшин бир түтүнгө 1 сом алган.

Булак: Б.Солтоноев Кыргыз тарыхы.

Эгемендүү Кыргыз Республикасындагы шайлоолор

Кыргызстанда мыйзам чыгаруу бийлиги беш жылда бир шайлануучу, 350 депутаттан турган Жогорку Кеңешке таандык болгон. Бул орган 1990-ж. февралда шайлангандыктан мөөнөтү бүткүчө иш жүргүзмөк. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши республиканын эгемендүүлүгүнө жетүү жолунда жана көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында саясий мааниге ээ бир катар документтерди: «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияны» (1990ж. 15-декабрь) «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациясын» (1991-ж. 31-августта) кабыл алган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Желегин (1992-ж. 3-март), Гимнин (1992-ж. 18-декабрь), Гербин (1994-ж. 14-январь) аныктоодо да Жогорку Кеңеш чоң иштерди жасаган. Конституцияны кабыл алгандан кийин бийликтин башкы эшелонунда саясий оюндар күч алып, мамлекеттик бийликтин бутактарында кризистик абалдар түзүлгөн. Кризис өзгөчө мыйзам чыгаруучу бийликте курчуган. 1994-ж. сентябрда парламент экиге бөлүнгөн. Анткени депутаттык корпустун көпчүлүгүн аткаруу жана сот бийлигинин тармактарында иштегендер түзгөн. Алар өздөрүнүн депутаттык кол тийбестик укугун жоготуудан чочулашып жаңы Конституциянын негизинде 1993-ж. бийликтин бардык бутактарына шайлоо жүргүзүүгө каршы болушкан. Ошол эле депутаттар 1994-ж. 13-сентябрда өздөрүнөн депутаттык укуктарын өткөрбөй туруп Жогорку Кеңештин ишине катышуудан баш тартышкан. Ушул аркылуу алар парламенттин ишин ичинен токтотууга аракет жасашкан. Натыйжада Кыргызстан парламентсиз калган. Бул учурда коом мыйзамсыздыктан тажап, саясий жана экономикалык реформалар жаңы закондорго өзгөчө муктаж болуп турган. Ошол кезде өкмөт да юридикалык жактан отставкада болуп, формалдуу гана иштеп жаткан. Сот бийлиги реформалана элек болчу. Бардык бийликти Президент өзү жүргүзө баштаган. Мына ушундай кырдаалда Президент Аскар Акаев республикада саясий туруктуулукту камсыз кылуу, Борбордук шайлоо комиссиясын түзүү жана кош палаталуу парламент түзүү боюнча референдум өткөрүу жөнүндө Указ чыгарган. 1994-ж. 22-октябрда өткөн референдумда эл эки палаталуу парламентти түзүүгө макулдугун берген. 1995-ж.  февралда эки палаталуу Жогорку Кеңешке шайлоолор болуп өткөн. 28-мартта Жогорку Кеңештин эки палатасынын: Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын биринчи сессиясы иштей баштаган. Мамлекеттик бийликтин кризиси, мурдагы парламенттин тарап, жаңы эки палаталуу Жогорку Кенештин түзүлүшү Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылган. Ушуга байланыштуу 1996-ж. 10-февралда Республикада референдум өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Бул боюнча Кыргыз Республикасы башкаруунун парламенттик формасынан президенттик башкарууга өткөн. Президентке кенири укуктар берилген. Ал боюнча Президент Өкмөттүн структурасын аныктап, Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен Республиканын Премьер-министрин дайындаган, ал эми Премьер-Министрдин сунушу боюнча өкмөттүн мүчөлөрүн, Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен Кыргызстандын Башкы Прокурорун, Республиканын Улуттук Банкынын Башкармасынын төрагасын дайындаган ж. б. Жогорку Кеңеш эки палатадан: туруктуу иштөөчү 35 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу жана сессиялык жол менен иштөөчү 70 депутаттан турган Эл өкүлдөр жыйынынан турган. Эки палатанын депутаттары тең 5 жылга шайланышкан. 2005-ж. февраль айында Кыргыз Республикасынын бир палаталуу Жогорку Кеңешине шайлоолор болуп өткөн. Бул шайлоолордун жүрүшү саясий кырдаалдын курчушуна алып келген. Мамлекеттик бийликтин жаңыланышы. Кыргыз эли калыстыкты, адилеттикти туу туткан калк. Башына оор күндөр түшсө, аны сабырдуулугу менен жеңип келген. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы кыйынчылыктарда, баарынан да тамак-аштын, нандын тартыштыгында элибиз чыдамкайлыкты көрсөтүп, жашоого үмүттүү карашты. Мурдагы бийлик да көз-карандысыз мамлекетти түптөө, анын эл-аралык аброюн көтөрүү, элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча зор иштерди аткарганын танууга болбойт. Бирок, соңку жылдары бийликтин аракеттери жакшы натыйжа бербей, элдин бир бөлүгүнүн нааразычылыгын пайда кылды. Жашоонун башкы мыйзамы болгон Конституция бийликтегилердин кызыкчылыгына ылайыкташтырып, улам-улам өзгөртүлө берди. Нааразы болуп көчөгө чыккан элге курал колдонуп, Аксы жергесинен 6 киши ок атуудан курман болду. Ондон ашыгы оор жарадар болду. Бул 2002-жылдын 17-18-марты болчу. Өз элине ок аткан ушул окуядан кийин мамлекет жетекчилерине ишенбөө ого бетер күчөдү, Шайлоолор учурунда элдин добушу бурмаланып, адилетсиздик бул жагынан да чектен чыккан. Бийлик башында тургандардын айрымдары өздөрүнүн кызыкчылыгын ар убак биринчи орунга койгон. Аларда ачкөздүк, эбегейсиз байлыкка ээ болуу өзгөчө күчөгөн. Ал эми жалпы элдин 70 пайыздан ашыгы жакыр турмушта жашап жаткан. 2005-жылдын март айында Жалалабат, Ош, Кочкор, Талас, Ысыккөл, Баткен аймактарында бийликке каршы эл көтөрүлгөн. Бийликтин адилетсиздигине каршы аракеттер Бишкекте да уланат. 10-мартта адилеттүүлүктү орнотуу максатын көздөп «Эл биримдиги» кыймылы түзүлөт. Анын башында Курманбек Бакиев турган. 24-мартта «Эл биримдиги» кыймылына бириккен саясатчылар ж. б. Бишкек шаарында тынчтык митингисине чыгышат. 24-мартта Алатоо аянтында мурдагы бийликти колдогон тарап менен «Эл биримдити» кыймылынын ортосунда кан төгүлүү коркунучу жаралган. Ушундай кырдаалда А. Акаев бийлигин таштап, Кыргызстандан кетуүгө аргасыз болгон. Анын артынан өкмөт башчысы Н. Танаев да отставкага кеткен. Ошентип, Бишкек шаарынын Алатоо аянтындагы тирешүүдөн, тынчтык митингисине чыккан тарап жеңишке жетишкен. Мына ушундай татаал мезгилде мамлекеттин башына жаңы жетекчи келүүсү зарыл болгон. А. Акаевдин кеткенине көзү жеткен аянттагы эл Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчылыгына К. С. Бакиевди алып чыгышат. Аны ошол кездеги парламенттин эски жана жаңы депутаттары колдоого алган. Натыйжада, бийлик жаңыланып, К. С. Бакиев бийликке келген. Ал эми 10-июлда жалпы элдик шайлоо болуп, атаандаштардын арасынан ал Кыргыз Республикасыныы Президенти болуп шайланат. 14-августта К. С. Бакиев злдин алдында ант берип, расмий түрдө Президенттик кызматын аткарууга киришкен. 2005-ж. б-октябрында Кыргызстандын Президенти К. Бакиев «Кыргыз Республикасыыын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Указга кол коюп, бул боюнча Конституциялык кеңештин курамы түзүлгөн. 2007-жылдын сентябрь айында Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик талкууга коюлду. 2007-жылдын 21октябрында өткөн жалпы элдик референдум Кыргыз Республикасынын Конституциянын жаңы долбоорун жактырган. 22октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен 2005-ж. шайланган өлкөнүн парламенти таркатылган жана анын ордуна 2007-ж. 16-декабрда өткөн шайлоодо партиялык тизменин негизинде курамы 90 депутаттан турган жаңы Парламент шайланган. Парламенттеги 90 орундун 71ин «Ак жол» партиясы, 11ин Социал-демократиялык партия, ал эми 8 орунду Кыргызстан коммунисттик партиясы ээлеген.

Булак: http://students.com.kg/?p=548

1979-ж. июнда жергиликтүү Советтерге шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал негизинен мурдатан эле келе жаткан шайлоо тартибин бекиткен. Депутаттыкка кандидаттар жогортодон бирден гана көрсөтүлгөн. Эл аларды формалдуу түрдө эле шайлап коюшкан. Жергиликтүү маселелер аткаруу комитеттери тарабынан чечилип, эл өкүлдөрү Советтердин сессияларында мурдатан даярдалган чечимдерге добуш берүү менен чектелген. Натыйжада эл бийлигинин принциптери бузулган, жаңы демилгелерди эски традициялуу башкаруу ыкмалары басып салган. Маселелерди чыгармачылык шык менен талкуулоого, кабыл алынган чечимдерди мезгил-мезгили менен текшерүүгө бөгөт коюлган.

Булак: http://students.com.kg/?p=508

Чогулткан Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз