Сүйүн Курманова: Мен кантип коммунист болбой калдым?

Табылды Эгембердиев атындагы «Эркиндик – эл энчиси» конкурсуна

Райондук гезит узатасынан салынган жепирейген эски имаратта экен, жыгач полу баскан сайын кырчылдап, дубалынан нымдын илеби сезилет.

Ичкери кирсем жашыл сукно жабылган чоң үстөлдө артка кайрып койгон узун чачынын жартысы көзүнө түшкөн бакжайган киши башын көтөрүп “сен кимсиң?”  дегендей көз айнегин ала коюп карап калды.

Редактордун кабинетин сурадым. “Эмне кылат элең?” деди баштан аяк сыдыра тиктеп.

Мен иштегени келгенимди айттым. Тиги киши таң кала түшүп, ээгин көтөрүп  айнектүү эшиктен көрүнүп турган коридордун наркы бетиндеги эшикти көрсөттү.

“Айылда эки жыл иштесең партияга өтөсүң, андан ары карьера жасап кетсең жаманбы?! Эки жыл адамдын турмушунда анчалык деле маанилүү эмес, коммунист болсоң – өсөрүңө жакшы. Айылга кел, мен сүйлөшүп койдум, орун табылат”.

Атам күн куру эмес кулакка  ушинтип куйганынан “мейли эми, аскердик мөөнөт экен го, чыдайт болушум керек” деп келбедимби.

Ошентип иштеп калдым. Райондук гезиттин редакциясында жалаң эски башкарма, пенсияга чыккан майда чиновниктер, бирөөсү айткандай “далайды көрүп койгон көзөл” абалар иштейт  экен. Алиги чачын кайкыта тараса болбой бир жагы көзүнө түшө берген  аксакал менен бир бөлмөдө  отурабыз.

– Ии, акенбай, кандайсың анан? Айылың аман-эсенби?

Дем алыш күндүн эртеси чоң бапкесин көтөрүп узун чачын артка шилеген абам шаша-буша кирип келет. Кара плащын чечип жатып сурап калат: “Токой чарбанын деректирин билесиң да? Ошо чакырыптыр жалаң чоңдорду, дасторконун эми айтпа! Ошондон бир мынча (сөөмөйдү кесип көрсөтөт) кабырга жеп, элүү грамм коньяк ичип койдум эле, ата-а, ичимди  бурап атат...” Үстөлдүн үстүндө жаткан бир барак кагазды мыкчый кармаган бойдон эшикке жөнөйт.

Оо, бир оокумда адатынча шашылып кирип келет. “Кандай акенбай, жазып эле атасың?”  Анан саатын карайт: “Оой, он эки болоюн деп калган турбайбы, мен барып эжеңдин чайын ичип келейин, болбосо урушат”.

Айыл чарба бөлүмүндөгү жаак териси шалбырап, алагай көзү бирдеме айтып ийчидей болгон агай жумушка чыкпай жок болуп кетти. Жооптуу катчы жыгач полду кычырата басып келип мага тапшырма берди: “Райондо  картошка казылып бүтүптүр, обзорный кылып макала жаз”.

“Маалыматты кайдан алам?” Маданий-социалдык бөлүмдөн айыл чарбасына “өтүп” кеткениме таң калып сурап калдым. Жооптуу катчы мени саамга карап туруп, колун өйдөтөн алып келип үч манжасына түкүрдү да, унчукпай чыгып кетти.

– Бул эмнеси агай? – дедим түшүнбөй.

– Айыл чарба башкармалыгына чалып, сурап жаза бер да, анын эмнесине баш оорутасың? – деди тиги киши камаарабай.

– Мен райкомго кеттим. – Редактор чыгып кетери менен бөлүмдөгүлөр жым-жым жок болушат.

Ар экинчи күнү чогулуш. Ушу күнү гана баарын көрөсүң. Чачтарын кайкыта тарап, олуттуу түр менен редактордун айтканын кунт коюп угуп аткан түр көрсөтүшөт. Мурдагы күнү жакшылап “эс алгандары” шишимек жүздөрүнөн байкалып турат. Булардын  ар кимисинин “өз темасы”, “өз кишилери” бар. Бири атактуу чабанды мактаса, бири ашкананын деректирин мактайт. Гезитке чыккандын эртеси алиги өз киши гезитке чыкканын “жууп”, ойда дуулдап жыргамай.

Кандай материал болбосун баары “КПССтин паланчанчы съездинин чечимине шыктанып...” деп башталат. Ал съезд менен тоонун башында күйпөктөп жүргөн койчу менен саанчынын иши канча экенин бир Кудайдын өзү  билет.

Бара-бара жатыркаганым азайып, чогуу иштегендер менен ымалалашып, тамашаларын да, апендиликтерин да түшүнүп, менин дагы “өз кишилерим” пайда боло баштады. Комсомолдук ячейканын башчысы да болдум.

Иштегениме эки жыл болоюн деп калганда редакциянын партиялык уюмунун башчысына –  алиги полду ныгыра баскан жооптуу катчыга оюмду айттым. Дайыма мурун алдынан зыңылдап не ырдаганы, не ышкырганы билинбей жүрчү катчы саал кекирейе түшүп “анүчүн чогулуш кылыш керек, коммунисттерди жыйнайлы” деп зыңгырады.

Баш-аягы алты киши коммунист экен. Ар бирине жалдырап атып редактордун кабинетине зорго киргиздик. Кечигип кирип келген алтынчы коммунист “Ой, уюм  ооруп...” деп баштады эле “уюңузду коё туруңуз, бул жакта биздин парткомго арыз түшүп атат”, – деп дароо токтотушту.

“Арыз” дегенде алиги киши мостоё түштү.

– Жолдоштор, – деди “парторг” салабаттуу түрдө, –  биздин катарыбызга өтүүгө аракеттенип, жаш кадрлар жолдомо сурап жатышат. Кандай дейсиңер, мына эки жылга жакын убакыттан бери жакшынакай иштеп атат, жүрүм-туруму коммунисттин деңгээлине  шайкеш келет. Жолдомо берилсин деген жолдоштор кол көтөргүлө.

– Аа, мейли, жаштар өссүн, берели... Беши кол көтөрүп бири митайым жылмайып карманып калды.

– Сиз эмне дейсиз?

– Бу жаштар... бизден жолдомо  алып... партиялык белетти чөнтөккө салары менен чуу коюшат да ия, чынбы? А районго жаш адистер абдан керек. Партияга өтүп алып эле шаарга кетип калып атышпайбы? Коё турсун. Дагы иштесин, эмгеги сиңсин. Партия оюнчук бекен?

Баары делдейип калышты. Уурум кармалгандан бетер бетим дуу дей түштү.

– Жолдоштор, коё туралы деген сунуш түштү. Эмне кылалы, коё туралыбы?– парторг өзү баш болуп кол көтөрдү. Тигилер анын артынан “Ооба, коё туралы, шашканда эмне...” – деп дагы жапырт кол көтөрүштү.

Үмүт жалп өчтү. Эки жылдан берки күткөнүм ордунан чыкпай туттугуп калдым. Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, эч кимисин көрөйүн деген көзүм жок.

“Акенбай” десе абамды акшыя карап сүйлөбөйм. Бечара киши кайпактап, колун ушалап,”эмки айда дагы бир аракет кылып көрөлү, ошондо өзүм айтам” дейт.

Көңүлүм чөгүп, кыш андан бетер жүдөтүп, айылга азгырган атама да таарынам. Редакцияда отургум келбей айыл аралайм. Айылдарда  жыйын көп.

Ушундай бир жыйынга катышып калдым. Эл толтура. Астыда ак сакалдар, кемпирлер отурат, арт жакта жаштар тирелип турат. Ортодо бирөө опурулуп сүйлөп жатат.  Элди дүңүнөн эле сөгүп, оозунан ак ит кирип кара ит чыгып, күүлөнгөндөн күүлөнүп, албуттанып жатат. Жанымда отургандан “бул ким?” деп сурадым. “Парторг.  Карагулов” – деди.

“Бирөө кылмыш кылды беле?” десем “Жок” дешти.

Тиги дале кыйкырып, колун силкилдетип, кадимкидей ашатып атат. Аялдар уялып жер карап, аксакалдар ордунан копшолуп... арттан бирөөнүн “ичип алган го” деген шыбыры  кулакка илинди.

Эмнеге  урушуп атканынын себебин билмекке колумду көтөрдүм.

– Эмине? Сен кимсиң? Отур ары!–  деп  тиги мага атырылып,  оозумду ача электе жапырып таштады.

Бу жыйынды баштан аяк жазып алып, эртеси гезитке жарыяладым. Эч кимиси, жооптуу катчыдан редакторго чейин материалды карабай эле өткөрүп жиберишкенби, айтор,  окуп алып  чуу түшүп эле калышты.

“Парторг карыяларды кашына алып отуруп ашата сөктү, себебин эл билбей селейип отурушту, кыязы сеп этип алган окшойт” деген саптарды  көрүп... эски башкарма көз айнегин ала коюп  бакырып жиберди:

– Түү иттики! Тигини мууздабай туруп союп салыпсың!

– Чынында ушундай болду да, аба!

Редакция уу-дуу болуп, ачык айтпаган менен баары келаткан “бороонду” кутүп жаткандай күбүң-шыбың күчөдү. Редакторубузду райкомго чакырышты.

– Бюродо каралат экен, – кирип келип айтканы ушу болду. Күтүп калдык. – Паланчаевге саат экиде барат экенсиң, – деди жооптуу катчы.

Айткан убагында барсам райкомдун экинчи катчысы көзүнүн төбөсү менен карап кабыл алды. Катуу айткандан тартындыбы, астындагы макаланын асты сызылган жери боюнча  сурап жатты.

– Сиз өзүңүз коммунист болбой туруп коммунистти сындаганга кандай акыңыз бар? – деди зекиген үн менен.

– Коммунист карыган адамдарды сөксө болобу?–  десем көзүн акшыйтып карап калды.

– Сөккөнүн далилдей аласызбы?

– Чогулушка катышкандардан сурап көргүлө.

– Ал киши райкомдун бюросунун мүчөсү. Тарбиялык иштерди жүргүзүүгө акылуу. Кыскасы, гезитке мобуну жокко чыгарып, кечирим сурагыла.

– Кантип жокко чыгарам? Сөгүнгөн эмес деппи? Эл эмне дейт?

Экинчи катчынын жини кайнап кетти:

– Бери караңызчы, гезит –  райком партияныкы. Биз эмне  десек ошону чыгарасыңар. Сөз бүттү! – деди да колундагы карандашты үстөлгө ыргытып жиберип, телефонду бурай баштады.

Аягым зорго шилтенип редакцияга келдим.

– Кечирим сурасаң сурап кой да, андан бирдемең кемип калат беле?  Чын эле өзүң коммунист болбой туруп коммунистти сындаганга акың жок! Болгондо да бюронун мүчөсү болсо. Өчөшсө сени жаман кылат... Ээй, биздин баштан эмне гана өткөн жок, ушунчасында кечирим сурап кой...  Өсөйүн десең жөн жүрсөң болмок...   

Улам бири ушинтип менин “күнөөмдү” түшүндүрүп жатышат.

Көңүл чөгүп, көксөп келген көк жээктин артындагы көңдөйлүктү көрүп койгондой көкүрөк сууй баштады. Жумушка мойнунан байлагандай көңүлсүз келем. Менин илең-салаң болуп калганымды байкаган “парткомубуз” “жакында жыйналыш кылабыз, ошондо сага сунуштама берели”, – десе деле кайдыгермин.

Бир күнү биздин Кудайдын өзү да унутуп койгонсуган  редакцияга  кайсы шамал айдап  келгени белгисиз, кадимки акын Алик Акималиев келип калыптыр. Эски досту көргөндөй сүйүнүп кеттим. “Бул чыныгы акын. Таанылбай жүргөн гений” деп биздикилерге тааныштырсам, Аликең эргип кетип үстөлдүн үстүнө шак секирип чыгып, батып бараткан Күнгө эреркеп ырларын окуп кирди.

Жашыл сукно жабылган үстөлдүн үстүндө эргип-кайкып ыр окуп жаткан Аликти биздин  коммунисттер көздөрүн алайтып: “Бул эмнеси, кокуй! Эч ким көргөн жокпу” дегенсип  карап турушту.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз