Габриэль Гарсиа Маркестин жашоо аңдоосу

  • 26.05.2023
  • 3530

Сүрөт https://www.rewizor.ru/ булагынан алынды.

  • 15 жашымда жакшы нерселерди апалар, кээде аталар көбүрөк билерин түшүндүм.
  • Жосунсуз ишти канчалык чеберчилик менен жасасаң да эч кандай пайда алып келбестигин 20 жашымда түшүндүм.
  • 25 жашымда бала апасын күндүзгү, а атасын кечки 8 сааттык эс алуудан ажыратарын түшүндүм.
  • Эркектин күчү билекте, эненин күчү жүрөктө экенин 30 жашымда аңдадым.
  • 35 жашымда келечек – бул адамга мураска калган нерсе эмес, өзү жаратар нерсе экенин түшүндүм.
  • Бактылуу жашоонун сыры өзүңө жаккан иш менен алектенүүдө эмес, кылган ишиңди сүйүүдө экенин 40 жашымда түшүндүм.
  • 45 жашымда адам жашоосунун 10% башына түшкөн кыйынчылыктардан, 90% ага болгон мамиледен турарын түшүндүм.
  • Китеп – адамдын эң жакын досу, ал эми душманы башкаларды сокурдай тууроо экенине 50 жашымда акылым жетти.
  • Кичинекей чечимдер мээ менен, чоң чечимдер жүрөк менен кабыл алынарын 55 жашымда түшүндүм.
  • 60 жашымда сүйүүсүз курмандык болорун, бирок курмандыксыз сүйүү жогун түшүндүм.
  • 65 жашымда адам жашоодон ыракат алуу үчүн керектүү нерселерден тышкары да өзү каалаганын жеш керектигин аңдадым.
  • Жашоодо эң негизгиси – колуңда жакшы карталар болушу эмес, жаман карталар менен жакшы ойной билүү экенин 70 жашымда түшүндүм.
  • 75 жашымда адам өзүн кемчиликсиз эсептемейинче кыймылдай берерин, өзүн кемчиликтүү санаса эле кыймылын токтоторун түшүндүм.
  • Сүйүү жана сүйүлүү бул дүйнөдөгү эң таттуу ыракат экенин 80 жашымда түшүндүм.
  • Жашоо керемет экенин 85 жашымда түшүндүм.

Которгон Мухаммадамин ХОЖАКБАРОВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз