Дүйшөн Керимов “кайран Маркес кыргыз үчүн эки өлдү” дейт

  • 25.05.2022
  • 4395

Жазуучу, адабиятчы Дүйшөн Керимов менен учурдагы улут адабияты жаатында кеңири маек...

– Дүйшөн агай, акыркы убактарда адабий сынга, деги эле адабий процесстерге чечкиндүү аралашып келе жатасыз. Бүгүнкү маегибиздин башкы темасы – эне тилдин тазалыгы, кыргыз тилинин өз өлкөбүздөгү кадыр-баркы, тилдин касиети жана кыргыз тилине которулуп жаткан дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармалары жөнүндө болсун.

– Акыркы убакта эмей эле, бүт өмүрүм ушул адабият менен коштолуп келет. Кыргыз окурмандарынын ичинен өзүмдү чыныгы күйөрмандардын катарына кошсом болор. Мен эми үч-төрт китебим чыкканына, өзүмдүн окурмандарым барына карабай, Чыңгыз Айтматовдой дүйнөлүк дөө-шаа жазуучубуз турганда, жазуучумун деп айта албаймын. Мисал үчүн, Т.Касымбеков, А.Жакыпбеков, С.Жигитов, М.Гапаров, К.Жусубалиевдей сөздүн чеберлери турганда кантип айтам? А жигердүү, кылдат, адис окурманмын деп айта аламын. Ооба, адабияттын жан күйөр окурманымын. Анан канчалык казып окуган сайын, ошончолук берметтери калкып чыгат да. Акыркы убактарда эмес, эгемендик алгандан бери эле биздеги адабияттын абалы киши эмес, ит улуй турган абалга кептелди. Китептер иргелип чыкпай, авторлорго калем акы төлөнбөй калды. Акаев доорунан бери калемгерлерге коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандагыдай мамлекет тарабынан көңүл буруу, шарт да жок. Натыйжасында, азил аралаштырып айтканда, “макалёк-сакалёктордун” бүтүндөй армиясы пайда болду.

Же орус, же кыргыз тилин дурус билбеген, ыйманы саламат болсун, Чыңгыз агабыз өзүбүзгө айткан экен, маңкурттардын өлкөсүнө айландык. Себеби, ири алды эне тилиңди билбесең, маңкурт дебегенде эмне дейбиз? Мен кембагал башкасын коюп, өз неберелерим менен “кыргызча сүйлөбөйсүң...”  деп күңкүлдөп  калдым. Бизде, жазуучунун кадыры кетти. Ар ким өз оозуна келгенин жазып жүрөт. Эч көзөмөл жок. Баягы эски башкармаңдан тартып, райкомуңа чейин тарыхчы, романчы, эпопеячы болуп чыга келишти. Анан мындай өлкөдө эмне болот? Мындай өлкөдө сөздүн, мамлекеттик тилдин кадыры кетет. Экинчиден, Акаев орнотуп кеткен расмий тил деген “тушамыш” бар. Орустар орус тилин расмий тил деп, тааныганыбыз үчүн эле жакшы көрбөйт. Өзүң тың, билимдүү, илимдүү  болсоң, башкаларга жемиңди жедирбесең, өлкөңдүн экономикасы гүлдөп турса гана сени сыйлашат. Көшөкөрлүк менен Ельциндин “кашыгынан” жалтанып, расмий тилди кабыл алгандан мына эми бечара акыбалга келбедикпи...

Кыскартып айтканда, бизде сөздүн куту кетти. Эмне үчүн күйөмүн? Кыргыз эли мистиктер, теңирчилер айткандай айдан, күндөн, нурдан бүткөн эл эмес. Биз жөн гана байыркы элбиз, байыркы эл болгондо да улуу көчмөндөр цивилизациясынын башында турган эл болгон. Муну өнөрүң менен, улуу “Манасың”, боз үйүң, комуз күүлөрүң, каада-салтың, жайнаган эпосторуң, кол өнөрчүлүгүң, макал-лакаптарың менен далилдеп турасың. Мынабу коңшу Кытайдын көсөмдүгүн айт, эки жарым миң жыл мурун диндер жок кезде Конфуций, Лао-цзы сыяктуу акылмандар улуу ойлорду кагазга түшүрүп кетишкен да. Ошондо эле кыргыздардын мамлекеттүүлүгү болгон. Демек, Кыргыз элинин кеминде беш миң жылдан ашкан  тарыхы барын ошол кытайдын илимпоздору ачыкташкан. Анан сөз мухити “Манасты” жараткан элдин тили бүгүн ушундай абалга келгенине өзөгүң өрттөнөт.

– Биздеги экономикалык кризистин, анархиянын түпкү себеби мына ушул өз башатыбызды барктабагандыктан, эне тилди аянычтуу абалга алып келгенибизден болуп жүрбөсүн?

- Эне тилдин кусуру урду. Кусур, текебер деген болот. Эне тилибизге текебердик кылдык. Кесепетинде азыр биз өчөйүп олтурабыз. Бир кезде Саян-Тоодон Орол-Тоого (Урал) ат ойноткон кыргыз эли алсыз, тээ жарым жылаңач Африканын карызгор өлкөлөрүнүн катарына кошулдук. Бул эң биринчиден, эне тилдин кусуру. Көөнө тарыхтагы бардык ой булактарында биринчи сөз болгон деп айтылат. Сөз менен гана адам баласы ой бөлүшкөн, аң-сезими өнүккөн.

Анан эми сен котормо жагын сурап атпайсыңбы, котормо эмес, төл адабиятыбыз өлдү да. Кана, бизден отуз жылда тың, Айтматов болбосо дагы, Мурза Гапаровдун же Кубатбек Жусубалиевдин деңгээлинде жазуучу чыга алдыбы? Сөздүн чеберчилигин карачы, Узакбай Абдукаимов “Майдан” деген жапжалгыз романын таштап кеткен, окусаң ыйлайсың. Ошонун деңгээлиндеги роман барбы азыр? Отуз жылдан бери Айтматовду мындай кой, “Сынган кылычтай” бир роман жарата албай атабыз. Мен эми кандай чыгармалар чыгып атканын дайым карап жүрөм. Интернетте күрөшкөн жалгыз жеке баатырыбыз бар, Олжобай Шакир деген. Ал иним чындыгында адабиятка опол тоодой эмгек кылып жүрөт. Анан эми кээде ар кайсыга аралашып ийгенин жактырбайм. Бирок калыстык менен айтканда, адабиятка Олжобайдай кызмат кылган киши жок. Апта сайын биздеги кыргыз китептери сатылган “Нуска” дүкөнүнө кирип турам. Анара Садыкулова деген эжекебиз кырк жылдан ашуун мезгилден бери ошол дүкөндү жетектейт. Кудай акы, дүкөнүнө китеп батпай турат. “Өткөнү өтө аз, ишсиз отурам же аларды кыйбайм” деп, эжеке ыйламакчы болуп отурат.  

Котормо дейсиң, артка бир аз кылчаялычы, котормо өнөрү да Совет доорунун убагында пайда болду да. Кыргыздан убагында мыкты котормочулар чыгышкан. Мисалы үчүн, Сүйүнтбек Бектурсуновду айталы, Толстойдун “Согуш жана тынчтыгын” мыкты которгон киши. Андан берилей келсек, Олжобай Орозбаев “Тынч Дон” деген эпопеяны эне тилдин деңгээлинде которгон. Сагын Наматбаев Шукшинди тим эле ырдатып которду да. Аман Токтогулов 24 жашында айтылуу Расул Гамзатовдун “Менин Дагыстаным” китебин кыргызча сайратты. Илгери Узакбай Абдукаимов Пушкиндин ырларын которгон. “Чал жана деңиз” жомогун кайра-кайра суктанып окучубуз. Сүйүнбай Эралиев которгон Твардовскийдин “Василий Теркин”, Омор Султанов которгон Лермонтовдун “Азреил” чыгармаларын айт. Анан албетте, Алыкул Осмонов Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатырын” эркин которгон. Автандил, Тинатин, Тариэл деген аттар жайнап кеткен. Мына, котормонун күчү... Ашым Жакыпбековдун тил байлыгын атпай ак коё туралы. Бир сөз менен жумгактаганда бизде да тажрыйбага бай котормо мектеби түптөлгөн эле.

– Котормочу мыкты чыгармаларды жакшы которуш үчүн өзү да адабиятка аралашкан адам болушу шартпы?

– Эң алды, тилди мыкты билиши керек. Котормонун өзү да негизинде жазуучулукка жетелеп келет. Мисал үчүн Сагын Наматбаевдин өздүк чыгармалары жок, бирок котормочу катары тилди укмуш билген. Акын-жазуучунун баары эле жакшы котормочу болгон эмес. Советтер Союзунун бир жакшы жери, ошонун баарын пландуу коюп, калем акы төлөгөн. Дагы бир ыраазы болгонум, Салижан Жигитов устатыбыз түп нускадан которгонго күч жумшады. Мисалы, Назым Хикметти түркчөдөн которгон. Мустай Каримди башкыр тилинен түз которгон. Анан эми азыр бизде адабий айдың, тил айдыңы кеңейип кетти го, Сорбонна, Кембрижде окуган жаштар көп. Англис, кытай тилин эне тилиндей үйрөнгөнгө шарт түзүлдү. Баарын которсо болот, бирок ошого карабай котормодогу деңгээлибиз Советтер Союзунун шыйрагына түшүп калды да. Эмне себептен дегенде, тил кадырланбай калды. Анын үстүнө көзөмөл жок. Эч ким көзөмөлдөбөйт, эч ким эч кимге милдеттүү, жооптуу да эмес. Бизде мыйзам иштебейт. Тил комиссиясын алалы, өткөндө Камбаралы Бобуловду эскерүү күнүнө катыштым. Бишкектеги бир мектепке ысымы берилген. Кайран Камбар аке, тилге күйгөн акыркы могикан болду. “Легендарлуу парламенттин” депутаты да болду. Ошол киши чыкканда, айлакер спикер Медеткан Шеримкулов калтырап турчу.  Бобулов менен кошо тилге күйгөн атка минер кошо өлдү.

– Тил комиссиясына кайрадан жаңы жетекчи дайындалды. Ал кишиге үмүт артсак болобу?

– Мамлекеттик тил комиссиясынын колунда чоң рычагдар бар. Бирок аткарган эч ким болгон жок. Борбор калаанын көрнөк-жарнактарын, көчөлөрдү карачы. Күлбөгөн жериң менен күлсөң болот. Мунун бардыгы Ак үй менен Көк үйдөн башталат. Эл башыларыбыз Акаев баштап “Манасты” окуган эмес, көбү орус мектепти бүткөн кишилер. Башкача айтканда, рух тамырынан ажыраган кишилер. Ошонун азабын тартып атабыз. Тил комиссиясына тилчи, адабиятчы келип, эмне кылды? Кана, ошолорду эстейличи. Көзү өтүп кеткендерин айтпай эле коёлу, кечээги эле кыйкырса зал жаңырган Сыртбай Мусаев эмне кылды? Каныбек Осмоналиев жетекчи болгонуна мен бир чети кубанып атам. Себеби, бул кишини сыртынан болсо да жакшы билем. Бул киши биринчиден акыйкатты ачык айтып, ким болбосун, көзгө тик карап сүйлөй алат. Экинчиден, ишмер, жаңычыл киши. Ал физикпи, башкабы, ири алды улутман жана мекенчил... Келгенине кубандым, иш кылат деп ишенем жана колдоп, кубаттайм. Салижан аке айтчу, ал кишидей тилге эч ким күйчү эмес да, “Кыргыз деп, эле кыйкыра бербе, унчукпай эле иштей бер!” Мен кембагал деле тил, элдик рух маселелер боюнча басма сөзгө канчалаган макалаларды жаздым. Туруктуу башкаруу болбосо, датыңды кимге айтасың? Мына, болгон конституциялык укукту Садыр Жапаровдун колуна бердик. Таланып-тонолуп, тентиген эл өзүнүн шордуу тагдырын Садыр Жапаровго байлап отурат. Аны эл ашкере акылмандыгынан шайлаган жок, ушул катаал тагдырлуу жигит элди оңдойт ко, уурдабайт, уурдатпайт, ушул элди зарлантпайт деп шайлады да...

– Кайрадан котормого келсек. Акыркы убакта дүйнөгө атагы чыккан колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин эң атактуу чыгармасы “Жалгыздыктын жүз жылын” кыргызчага адабий айдыңга аты белгисиз Барнахан Сабирова деген эжекебиз которуптур. Маркести ардактаган окурман катары ошол китепти окуп чыга алдыңызбы?

– Алгач Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт” повестин кыргызчалаткан киши Сагын Наматбаев болгон. Ал жогоруда айткандай, Шукшинди кыргызчалаткан. Маркес дагы биздин Айтматовдун курдашы. Интервьюларында ал өзүнүн “Полковникке эч ким кат жазбайт” чыгармасын баарынан артык көрөрүн айткан. Сагын акенин кылдаттыгы ушунда, ал чыгарманы адегенде Маркес тууралуу маалыматтарды, интервьюларды окуп, даярданып, түп тамырын билип которгон. Ошондон котормосу биздин төл чыгармадай болуп калды. “Полковникке эч ким кат жазбайт” повестинин кыргызчасын окуп эле, ыйлагам. Менин суктанганым – Маркестин бардык жактан эркиндиги болду. Маселен, Хэмингуэйди кайра-кайра окудум, Шолоховдун “Тынч Донун” жатка билем. Былтыртан бери эчтеке жазбай үч ай убактымды коротуп, ушул “Жалгыздыктын жүз жылын” кайрадан эзмелеп окуп чыктым. Автордун өзү да айткан, орусчасы Советтер Союзунун убагында идеологиялык алкакка карап которулган. Эми түшүнгөнүм – бул кишиде ченемсиз рух эркиндиги болгон экен. Салыштырмалуу Чыңгыз Айтматов агабызды аядым. Кайран кишиде кандай тормоз болгон, ошого карабай щедеврлерди жазып кетти. Эгерде ал кишиде Маркестей эркиндик болгондо эмне, атаңдынгөрү... “Жалгыздыктын жүз жылын” окуп, дагы да тамшандым. Канчалык  эркиндик, эпопея, карама-каршылыктуу окуялар, образдар... Эмне деген улуулук! Улуу “Манаста” эмне гана жок дегендей, бул романда да эмне гана жок. Чыгарманын негизги өзөгү – турмуш. Колумбия деген өзү азыр дагы кымгуут мамлекет. Азыр дагы кылмыштуулук күч алган, дүйнөдөгү тартипсиз мамлекет. Кайран, жайран Маркес мистиканы жазса да, арбактарды жазса да, мисал үчүн гипербола жазса да, өзөгүнөн чындыктын илеби уруп турат.

– Бул магиялык реализм багытында жазылган чыгарма эмеспи...

– Туура айтасың, “Манастын” өзү да магиялык, тарыхый чыгарма. Маркес өзү улуу манасчыдай төгүп жазган кара сөздүн төкмөсү экен. Мен өзүмдү Маркестин алдында ушундай бир бечел сездим. Мындай эркиндик мени кой, атүгүл Чыңгыз агабызга да берилбептир да. Мына эми баарыбыз эркинбиз. “Жалгыздыктын жүз жылы” кыргызча которулду деп угуп, китепти таап окуп чыктым. Окуп алып, ыза болдум.

– Эмнеге ыйлагыңыз келди?

– Буга чейинки “Полковникке эч ким кат жазбайт” чыгармасын айттык, анан Назгүл Осмонова деген кызыбыз которгон Маркестин акыркы повестин окуп чыкканымды айтайын. Мына ушул акыркы повестин түшүнбөгөндөр бир шайкелең чыгарма деп ойлошу мүмкүн. Андай эмес! Киносу да тартылган. Ал повесть улгайган адамдын башынан өткөн күндөрүн эскерүүсү. Маркес ушунда да жашырып-жаппай, ачык жазган. Кыргыздар ачык жазсаң, “ой неберең эмне дейт, балаң эмне дейт?” деп чыгат эмеспи. А бирок бул деген турмуш да. Аны өздөрү көрүп атат, жазсаң эле айтканы тиги. Мисалы, Чыңгыз агабыздын “Тоолор кулаганда” соңку романынын каарманы Арсен менен журналист Элес кыздын сүйүү мамилелеринен ошол Маркестин таасирлерин байкалат. Аял менен эркектин кошулуусун, лаззатты ошондо бир көркөм ачык жазган. Бул өзүнчө маселе деп коёлу. Эми Маркестин өзүнө келели. Интернетте Меңди Мамазаирова, Садык Алаханга окшогон белгилүү эле калемгерлерибиз менен адабиятчыларыбыздын ошол котормону мактап атышкандарына таң калдым... Барнахан аттуу калемгерди билбейт да экем, анын котормосу колумда турат. Бул киши кыргыз тилин дурус билбейт экен. Эне тилибиздин баа-баркын маңыз, тамырын анчейин аңдабайт экен. Мен анын инсандыгына тийишпейм, бирок ал менин эне тилимди, мамлекеттин тилин бузганына ардандым. Эми аракет кылыптыр дейли, Маркес калем полигонбу машыккыдай? Бул калем сыноо эмес, Маркес –  дүйнөлүк проза өнөрүнүн бирден-бир, беш манжа менен санай турган генийлеринин бири. Дүйнөлүк рухий дөөлөт. Интервьюларын да көп окугам. Эсентур Кылычев деген дүйнө адабиятынын күрөө тамырын окуп алып, өзү эч нерсе жазбай жүргөн акем бар. Ал киши мыкты акын болмок. Маркес жөнүндө айтса жадабай угасың. Айтылуу Алым Токтомушев да Маркести мыкты билчү. Кайран автор, “Жалгыздыктын жүз жылын”, менимче “Жалгыздыкта жүз жыл” болуш керек эле, киного тартууга уруксат бербей кетпедиби. Белгилүү режиссёрлор миллиондогон долларларды сунуштаганда да баш тарткан. Мен ушуга суктанам. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармалары экрандаштырылбадыбы. Биз “Манасты” киного тарттырбашыбыз керек. Маркестен үлгү алыш керек. Ал бул романы үчүн жанын сайган. Жазыш үчүн ошол кездери карызга баткан. Бизде эмне, акчаң болсо эле күргүштөтүп китеп чыгарып атышпайбы. Батышта андай эмес. Аларда адегенде сигналдык нускасын бастырып, элдин элегинен, талкуудан өткөрүп туруп, мыкты китеп болсо гана чыгарышат. Маркес ушул чыгармасы үчүн Нобель сыйлыгын алган. Бул роман ага дүйнөлүк аброй алып келип берген. Анан эми ушул үлкөн китепти эне тилге талкалап алып келишкендери кандай? Эсеби маселен, кайран Маркес ошентип Кыргыз үчүн эки өлдү...

– Бул романды чыгарууга мамлекеттик акча коротулуптур деген сөздөр бар. Буга эмне дейсиз?

– Ошондой деп угуп атам. Эгерде мамлекет бул китепке ошондой акча кетирсе, биз экономикалык коррупция деп, кустуруп атпайбызбы. Бул деле так ошондой коррупциянын бир түгөйү да. Биринчиден, дүйнөлүк шедеврди биздин адабий кыртышка жараксыз кылып алып келишти. Экинчиден, элдин, мамлекеттин акчасы сарпталып атат. Кайран Маркести мунжу кылып, замбилге салып алып келип атышат. Мейли, котормочу аракет кылыптыр дейли. А бирок аракет кыла турган башка жеңил-желпи чыгармалар бар да. Которо берсин башкасын. Ошндой эле Иван Бунинди да жаңы которушуптур. Таштанбек Чакиев деген иним Расул Гамзатовдун бир-эки ырын жакшы которуптур деп колдогом. Себеби, Расулдун жалындаган руху сезилип турат. Бунин дагы дүйнөлүк жазуучу. Буниндин аңгемелери биздин “Аксаткын менен Кулмырза” деген берметибиздей болгон махабат баяндарынан турат. Анда дагы келегей сөз, сүйлөмдөр жүрөт

- Мунун натыйжасы кандай болот?

- Натыйжасы ит болот. Жаңы окурман Маркес ушундай экен дейт... Адабий тилге оңбогондой доо кетет. Мен кыргызча бир эле мисал айтайын. Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгы болду. Акын өзү моңолдор уруусунан болот, мен дагы ошол урууданмын. Анан уруулаштар чогулуп кыргызчылык да, Алыкулдун мааракесин мамлекет өткөрүш керек болсо уруулаштары чогулуп күйгүзүп атпайбы. Ошондо мен кеңеш айттым: “Ай байкелер, силер баланча жылкы сойгону турасыңар, аны койгула эми, Алыкулду Алыкул кылган саналуу эле ырлары бар. Акын 44-жылдан тартып жалгыз калып, эч ким оорунун айынын жанына жолобой калган кезде жан куржунундагы бардык руху көтөрүлүп, анан шедевр ырларды жазган. Кыргыз поэзиясына төңкөрүш жасаган ырларын тандап жыйнак кылып чыгаралы да, жупкадай эле китеп болот, анан “Пушкинское чтение” дегендей Алыкулду мыкты түшүнгөн 10 чакты кишини автобуска салып алып, Кыргызстанды түрө кыдыралы” дедим. “Макул” деп коюшуп, 3 томдугун чыгарышпадыбы. Жогоруда айткандай ошол китепти ачкан жаңы окурман, “Алыкул ушул беле?” деп чочуйт. Адабияттын боткого айланып калганы ошол. Кайрымсыз береги 30 жылдын аралыгында же бүгүнкү талап менен өткөн социализм чактын сандаган китептери окулбайт. Ким окулушу мүмкүн? Ошол мезгилдин жазуучуларын ичинен Мукай Элебаевдин 3-4 чыгармасы, берилеп келсек, Узакбай Абдукаимов деген өмүрү трагедиялуу акебиздин “Майдан” деген шедевр романы, андан берилесек, Айтматовду айтпаганда “Сынган кылыч”, Мурза Гапаров, К.Жусубалиевдин бирин-экин чыгармалары окулат. Поэзиядан Алыкул, Омор, Турар, Жолон, Сагын эже, Карбалас өңдүү саналуу акындардын ырлары калар. Калган “батальондор” катарын тим гана обзор катары окуулуктарга кийирип койсо болот.

Бирок ага болбой эле илимдер академиясы, ошол эле тил комиссиясы Совет доорунан калган чалажан туундуларды мамлекеттин миллиондогон акчаларына  кайрадан бастырып, өздөрү да туйтунат ко, маселен, оозеки адабияттын шедеври “Манас”, жазма адабияттын шедеври Айтматов жараткан элдин адабий айдыңынын кадырын кетиргендин үстүндө алектенип жүргөнү күйбөгөн жериңди күйгүзөт...

Анан ушундай кездерде Маркестин бизге, кыргыз адабий кыртышына кыйраган кейипте кейипте келиши, кыргыз катары намысыма тийет да. Мен бул котормону бүт чийип окуп чыктым. Келсин ошол котормочу, көрсөтүп берейин. Жөнөкөй сөздөр бузулган. Мен таң калдым, кыргыз тилчи, филолог катары таң калдым. ОшМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин, мыкты окутуучу агай-эжейлерден окуп бүтүргөм. Түштүк диалектикасын, ичкилик говорун, азилдеп айтсам, “коңкобайлардын” диалектикасын да жакшы билем. Анан таптакыр эле башка тилдеги котормону окугандай болдум. Мисал келтирсем, төбө чачыңар тик турат.

Эй, сенин мамлекеттүүлүгүң ошол тилиңде. Тил жоголгондой кийин эл деген аты бар да, заты жок. Керек болсо өзү кошо жоголот. Элдин рухий куралы, символикасы, касиети – бул тил! Тил комиссиясынын жетекчиси да буга чара көрүүгө тийиш. Эне тилди коргой турган мамлекеттик мыйзамдар бар. Ошону оңдоолор менен иштетиш керек.

- Котормодон мисал келтире кетпейсизби?...

- Узун сөздүн кыскасы, мисалдар ого эле көп: “Эки-үч жылдын ичинде Макондо үч жүз жан жашай турган таза, тыкан кыштакка айланды. Бул бактылуу кыштактын тургундарынын эч кимиси отуздан ары аша элек эле, алардын эч кимиси өлүмдүн ачуу даамын тата элек болчу”. “Өлүмдүн ачуу даамын тата элек болчу” деп кыргыз айтабы?! Өлүм эмне, ашпы сага? Орусчасында андай сөз жок, кыскача которулуп турат. Маанилери да бузулган, маанисине кирчү болсом, күнү-түнү айтыш керек болот. “Бирок эки жыл, эки ай дегенде да деңизди таба алышпай, көңүлдөрү чөгүп, бирок артка кайтуудан намыстанышып, дал ушул бүгүнкү Макондого конуш курушкан эле” дейт. Конуш деп кыргыз жайдак жерди айтат. Конушка имарат курулат же боз үй тигилет. “Алар өзүлөрү менен итальянча ырдачу көкүлдөрү түркүн түстөгү тотукуштарды, музыканын коштоосунда алтын жумуртка (ар жолу жүз даанадан) тууй турган тоокту, адамдын көңүлүндөгү сөздү айтып берүүчү маймылды, топчу кадоодо да, адамдын температурасын түшүрүүдө да кереги тийчү кереметтүү машинаны, жагымсыз эс тутумду унуттуруучу аппарат, көңүлдү көтөрүүчү жана алаксытуучу башка керемет нерселерди алып келишкен эле”. “Жагымсыз эс тутумду унуттуруучу аппарат” деген эмне дегенди билдирет?! “Башында ал күрсүсүн кайсы бир бурчка коюп алып, бармак соргондон башкага өтпөдү” дейт. “Манаста” айтылып турат, “күрсү менен башка бир салды” деп, ал чокморго окшогон курал болгон. Бул жерде отургуч жөнүндө сөз болууда. “Хосе Аркадио Буэндиа бул аспапты чаркка жайгашкан адам дестелер аркылуу башкарып туруучу айланма сөздүк сыпатында элестетчү” дейт, “чаркка жайгашкан” дегени эмнеси? Сен түшүнөсүңбү ушу сөздү? “Күңкүлдөп калган бул адамдын дабышы титиреп” дейт. Дабыш деп бутуңдун баскан дабышын айтат, добуш болуш керек эле... “Али дубалдагы көрксүз жана маңызсыз сөздөрдү уялганынан окубастан кызарып-бозоруп, ал түгүл жаркын кубанычтан маанайы көтөрүлбөстөн, кайгылуу көзүнө жаш толуп, мейманды тааныды” дейт. “Хосе Аркадио Буэндианын күл түстүү чачтары” деп атат. “Баш мээ шорпосун ичирди” дейт, мээ башта эле болобу же ич менен бутта да болобу? “Кыздар таенесине аза күтүлгөнүнө байланыштуу туптуура үч жыл кийип жүрүшкөн кара кийимдерин гүлдүү көйнөктөргө алмаштыргандыктан өзгөрүп кеткен болчу” дейт. “Анын денеси туптунук” дейт, кыргыз денеси туптунук деп айтпайт да. Таза дене, сулуу дене деши мүмкүн. “Сөөк салынган кап ар кадамда лап этип чыгып калып, куруучулар алардын шагыр-шугурунан кыжыры келчү”. “Келгиндилерди кууп чыгууга башчылык кылат деген ниетте...”. Келгинди эмес, келгин деп айтабыз. “Ал зымырат көздүү кыздын өмүр бою ушул жерде калышын каалады”. “Ребека терезенин жанында узчулук менен алектене туруп, күн сайын саат төрттө өз ашыгынан кабарды чыдамсыздана күтчү”. “Денелеринен соолуган гүлдүн жыты келген бактысыз аялдар күн көрүшчү”, “Шекер камыштын шарабын”, “Ал ошол аялды дээрлик эки ай иниси менен бөлүштү. Инисинин артынан акмалачу, пландарын бузчу, Хосе Аркадио Экинчи жалпы көңүлдөшүнүкүнө барбай турганына толук ынанган түнү, өзү аныкына жол тартчу”, “Ал күмөнсүрөөлөрдөн, баш-аягы жок согуштун кооптуу сокмокторун бойлоп жүрө берип арып-чарчаган, канча аракет кылса да, бир эле жерде айлана берип, улам картайып, улам алсырачу”, “Кирүүгө уруксат бер, Пилар” – дешчү бөлмөгө бастырып кирип. “Мархабат”, – деп жооп узатчу Пилар”, – дейт. “Мархабаты” кайсы тилде?! Айта берсең көп, убакыт тар. Буларды атайын конференцияда көтөрүп чыкса жарашат. Муну бир чоң талкууга салуу зарыл. Себеби, Маркес көптүн бири эмес жана да аталган чыгармасын автор киного да берген эмес! Корректору таланттуу делген карындашым Фатима Абдалова экен. Анын бир топ оңдогону көрүнүп турат. Кеп ошол тектеш тилдүү элдерден да түшүнүксүз сөздөр кирип кеткенинде. Кайсы тил экенин комиссиядан өткөрүш керек жана муну бул бойдон калтырбаш керек. бул Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент), мага окшогон окурмандар, анан Жазуучулар союзу карай турган иш. Дүйнөлүк адабият турсун, кыргыз акын-жазуучулары бири-бирин окушпай калды. Мунун натыйжасы – мамлекеттик тилди өлтүрөт. Буга Президенттен тартып, катардагы окурманга чейин баары баасын бериш керек. Тил – ыймандын башаты, кишилигиңдин, элдүүлүгүңдүн эн белгиси. Улут катары, “Байыркы эл!” деп бакырып атпайбызбы, береги тири укмуш глобалдашуу агымынан өлбөй тирүү калалы деген, ар-намыстын жугу калса, мындай мамлекет, демек шордуу, ансыз да жарды элдин каражатын короткон алешемдиктерди токтотуш керек, жооп сураш керек, о кокуй керек, керек...

Маектешкен Жанара Мырзакул кызы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз