Алиман Абдыкеримова: Өмүр мени үмүт менен уулаган

  • 26.06.2020
  • 6477

*      *      *

Дүлөй тынчтык дүйнөбүздү бүлдүргөн,
Дудук күздүн күүсүн тыңшап жүрдүм мен.
Карааныңды кара иңирге калтырып,
Калитканы карс жаап үйгө кирдим мен.

Чала калган ырдай болуп бүтпөгөн,
Ушул соңду он жети жыл күттү элем.
Боп-бош, жайдак, аңгыраган талаадай
Босогодо талып турду бүт денем...

Келээриңди билсем дагы күн мурун,
Кере тартты тагдыр ооздук-чылбырын.
Дудук күз тур – майышып бүт далысы,
Көтөрө албай жымжырттыктын зыңгырын.

Сан жылдардын саратаны күйдүргөн,
Сары жайдын дүрмөтүн бүт бүлдүргөн.
Ак кепиндеп дудук күздү аруу жууп,
Ошол түнү кыш келүүгө үлгүргөн.

КЫРДААЛ
Ийгиликтен дос да тарыр чактыңда,
Каткырыгын кабырылтып кастын да.
Башың салып турсуң чиркин тагдырдын,
Ай тутулган асманынын астында...

Жалтантчу элең жалаңдаган жазаны,
Тазаруу бул – мүңкүрөбө, тазаруу.
Бирок неге көлөкөсүз көгүңдүн
Айы муңдуу, жылдыздары азалуу?...

Кайгы сени сестендирчү – калп эле,
Тагдыр сага ушунчалык март эле. 
Сен өзүңдү табыш үчүн жашоодон
Балким бир күн жоголушуң шарт эле.

Көзүмдө жаш жабат сенин элесиң,
Келем дечи... Келесиңби? Келесиң...
Кирпигиме гирь илгендей талыкшып,
Карап турмун жөргөмүштүн желесин.

*      *      *

А менин али күнчө башым катат,
Мен билген бакыт жалгыз өзүң элең...
Үрлөрдүн үнү менен атыңды атап,
Сүйүпмүн пайгамбардын көзү менен.

Кудайдан тилеп сенин ооматыңды,
Мен ордун алып бергем так да, бийдин.
Уккум жок азыр болсо шооратыңды,
Беш гектар асманыңды таштап ийгин!

Мына эми каргышымдан кара басып,
Тагдырдын капканында турсуң ыйлап.
Эр болсоң көрчү өзүңдү ала качып,
Колумда куткармак да, жаның кыймак.

Чындасам чыдабайсың билип койгун,
Каарымдын кары тургай үшүгүнө.
Эсиңе ала көөдөн түйүп койгун,
Садага чаппайм ырдын үтүрүнө!

Жылдарым жыртылышкан себеби жок,
Жылдыздан терип келип келип асыраган.
Сүйүүдөн бакыт күтүп кереги жок,
Сүйүштүн өзү бакыт чачыраган.

Сүйгөндүн өзү бакыт чачыраган.

*      *      *

Мезгил турат мээмди көзөп чыкылдап,
Мазак менен карап менин үстүмөн.
Жашоо сенден алып жаркын күч-кубат,
Жашоо сага үрөйм болгон күчтү мен.

Эртеңдердин этегинде бүгүнкү
күндөр кеткен, кырча-кырча туураган.
Өмүр мени үмүт менен дарымдап,
Өмүр мени үмүт менен уулаган.

Жарма достун, котур таштуу туугандын
Бирине да кыянаттык кылбагам.
... Ысырыктап кирип келип дүйнөмө,
Ыска уулап кеткендерден кыйналам.

Ыкшоолугун – сабырдуулук деп коюп,
Тежиктигин – Кеменгердей тааныгам.
Чачпагыма чаң жугузпайт, эгерим
мыкты жарга кез келгем деп маарыгам...

Арзууларым алкымдаган асманды,
Адилетсиз кор болгонго ыйлагам.
... Тагдыр мени Сүйүү менен жазалап,
Тагдыр мени Сүйүү менен сыйлаган.

Арабага күндү жүктөп баратсам,
Мостоюшуп, баш багышкан барактан -
Ырлар менен үлкөн сыйын тартуулап,
Ырлар менен жазалаган Жараткан!

АСМАНДЫ КАРАГАНДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ
Чагылган түшкөн кезде жандүйнөмө,
Чачымды оңдоп, жашым сүртүп, анан...
Апамдай эркелетип өзүмдү өзүм:
“Эшикке чыгалы, - дейм - жүрчү, балам...”
Асманды караганды жакшы көрөм.

Жер баспай, деңиз келип тушарыман,
Камгактай аз-аз калды учаарыма,
Бактылуу болгон кезде баама батпай,
Баламды кысып алып кучагыма,
Асманды караганды жакшы көрөм.

ЖАНСЫРДАШ КУРБУМ ЖАНАРАГА АРНОО
Буюгат жылдар бурулбай нукка керектүү.
Авазың шаңшыйт. Көмөкөй чертет бөлөк күү.
Талаада калды, санаада калды сан жылдар,
Таба албай жүрүп тагдырга болчу жөлөктү.

Аялга деги күйөөдөн өткөн Мисир жок,
Көзүңдө куса. Муңайым күлкүң,. Ичиңде от.
Жакшынам сени жалгыздык жүрөт кайтарып,
Күүгүмдө сенин утурлап тосчу кишиң жок.

Ырдадык чогуу, ыйладык чогуу... Таң атты.
Узатып сени артыңдан турдум карап бу.
Чыптамаң барат чыкыя сага жарашып,
Көчөнү көрктөп көнүшкөн – бузбай адатты!

Чыйрыгып турдум.., жыя албай дале ой соңун,
Биле албайт бир жан турмуштун келчү оң-солун.
Түн бөлчүү жандар түгөтпөй сенин нуруңду
Үйлөнчүү жанга жолукчу Көздүү мончогум...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз