Сагын Акматбекова: Экөө

  • 16.03.2024
  • 4661

ЭССЕ

Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды:
— Эмне кылып олтурасың, адам?
— Эс алып олтурам, а өзүңчү?
— Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың?
— Көрүнгөн тоонун боорунан.
— Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен?
— Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей.
— Ошол элеби?
— Кете элек кар жана көзү ачыла элек булак.
— Көрүнгөн тоо сага эмне берди?
— Өмүрдү жана өрөөнгө түшкөн жолду.
— А сен эмне калтырдың?
— Артымда калган жолду.
— Жолдон эмнелерди көрдүң?
— Агын суу менен жайкалган эгинди.
— Дагы?
— Чыккан күн менен бадачыны.
— Жолдон эмнеңи жоготтуң?
— Жаш кезимди жана сүйүүнү.
— Жол сага эмне берди?
— Өкүнүч менен тажрыйбаны.
— Дагы?
— Ишеним менен үмүттү.
— Көрүнгөн тоонун башына чыгып көрдүң беле?
— Көргөм.
— Эмне бар экен?
— Арылдаган шамал жана аңгыраган асман.
— Тоонун башында туруп эмнени көрдүң?
— Ушул өрөөндү.
— Эми кайда баратасың?
— Ушул өрөөндүн этегине. Батып бараткан күнгө жана бадасын айдап келаткан бадачыга. А сенчи?
— Мен ийниме кирем.
— Ийниң караңгыдыр?
— Албетте, бирок караңгысы — түндөй эле.
— Түн таптакыр караңгы эмес. Жылдызы менен Айы бар.
— Мен да ошону айтып жатам. Ийнимдин оозунан аз да болсо шоола өтүп турат. Ошого каниет кылам. А сен бактылуусуңбу?
— Ушул учурда бактылуумун.
— Эмне үчүн?
— Анткени, жолдо баратам.
— Жүрөгүңдө эмне бар, жолоочу?
— Тазаруу жана күтүү.
— Кантип тазардың?
— Алдамчы кыял менен сатып кеткен досумду кечирип — тазардым.
— Эмнени күтөсүң?
— Жакшылыкты.
— Анда жакшы бар, адам. Жолуң шыдыр болсун. Күн жылымы азайды, мен да ийниме кирейин.
Жылан ташты айланып чөптүн арасына сойлоп кетти. Адам да ордунан турду.
1986-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз