Кыз-келиндер кыялына жетпегени эмнеден?

  • 06.06.2023
  • 4365

Cүрөт https://www.google.com/ булагынан алынды.

«Менимче, аялдар эркектер менен тең укуктуу дегендин өзү акылга сыйбайт. Аялдар эркектерден алда канча төөлүк өйдө жана ар дайым бийик. Аялга эмне берсең да ал сага эки эселеп кайтарат. Аялга эрендигиңди берсең, ал сага наристе төрөп берет. Сен аны үй-жайлуу кылсаң, ал сага үй-бүлөлүк очок курат. Табарман эркек болсоң, алдыңа дасторконун жайнатып салат. Сен ага күлүп-жайнап эле турсаң, ал сенден жүрөгүн да аябайт. Сен ага эмне берсең да, ал сенден алгандардын берекесин эселеп арттырат. Арийне, аялзаттын көңүлүн таба албаган болсоң, анда эле оозуңа бок толтурары турган иш!»
Вильям Голдинг, адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты

«Кимдир-бирөөнүн сүйүүсүнө арзыган аял гана кудуреттүү инсан болуп чыга келет».
Александр Дюма, жазуучу

«Аялдарды жеңүү мүмкүн эмес. Агер кулак-мээм тынч болсун десең, өзүң чыр баштап алба».
Уильям Фолкнер, жазуучу

«Ар бир акмак эркектин артында да дайыма көтөрүмдүү аял турат».
Жон Леннон, ырчы

«Сүйүүгө гана арзыгысы келген аялдар тажатма келишет. А жек көрө билген аялдар, алда канча кызыктуу».
Оскар Уайльд, жазуучу

«Эгер эркек аялды жеңдим деп ойлосо, ал жеткен аңкоо, эркек эки кадам мурда эле катынга кантип жеңилгенин байкабай калат».
Гари Олдман, актёр

«Аялдар эркектердин кулк-мүнөзүн билбейсиңер да, билгенде барбы – эч качан турмушка чыкпайт элеңер».
Жорж Бернард Шоу, жазуучу

«Эркекке теңелгиси келген аялдын демек, өз дымагы жок"
Мэрилин Монро, актриса

«Аялдар тең укуктуулук үчүн болгон күчүн жумшай берип, орто жолдон адашкан: өздөрүнүн этек-жеңин кыскартуу менен алышып».
Пинк, ырчы

«Сенин ыйлап-сыктап, тагдырга баш ийгениңди эч бир эркек көрбөсүн. Алардын каалаганы да, жек көргөнү да так ушул».
Хелен Миррен, актриса

«Катындар эркекти ийге келтирип, алсыз, бечарага айлантып коё алат, эркекти эмне кылышты өзү билет. Катындар ушунусу менен коркунучтуу».

Зигмунд Фрейд, психоаналитик

«Аял болуп туулбайсың, убакыт өткөн сайын аял болуп баштайсың».
Симон де Бовуар, жазуучу

«Эрге тийсем эле телегейим тегиз жашайм деп ойлонгон кыз-кыркындын демек, кыялы кысыр».
Принцесса Диана

«Кыз-келиндер кыялындагыны айтуудан тартынышат. Алар өз муратына жетпегени ошондон».
Мадонна, ырчы

Кыргызчалаган О`Шакир

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз