Алтын Аман: Сулуусуу

  • 06.07.2023
  • 0

Сүрөт Динара Чокотаеванын калемине таандык.

ЖОМОК

Ысык-Көлдүн ортосунда, адам баралбай турган эӊ тереӊ жеринде Сулуусуу ханышасы жашайт. Анын чачтары көгүш болуп, суу менен суу болуп аягы табылбайт. Ал башын силккенде жээкте толкундар толкуйт. Кээде ал катуу жинденип ары-бери басса, жээкте бийик-бийик толкундар көтөрүлөт. Сулуусуу ханышасы адамдарды жакшы көрбөйт, анткени адамдар сууга керексиз нерселерди ыргытып, Сулуусуунун падышачылыгын булгашат.

Сулуусуу ханышасы тегерек-четтин бардыгы жымжырт болуп турса деп тилейт, анткени жымжырт болуп турганда сууда өскөн өсүмдүктөр жараткан күүлөр угулат. Ал эми жээкте адамдар ызылдаганда Сулуусуу жакшы көргөн күүлөрүн уга албай жинденет. Адамдардын жашоосунда жана кыймылында Сулуусууга бир гана нерсе жагат – бул адамдар жакшы көргөн иймек, шуру, шакектер.

Эгерде адамдар жасалгаларын кокусунан түшүрүп алса, Сулуусуу жашыл-көк көйнөгүнүн этегин тартканда, ал кооз шакек-шурулар суунун толкуну менен Сулуусунун колуна келип түшөт. Жыл сайын жайда чогулта берип, анын падышачылыгында миӊдеген шакек-шурулар чогулган. Сулусуу аларды сууда өскөн балырларга илип койгон, аларды карап колу менен сылап, ырахаттанганды жакшы көрөт. Ошондуктан Ысык-Көлдө жоголгон шуру-шакектер эч качан кайра табылбайт...

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз