Бишкек баатыр: санжыранын илимий чындыкка айлануусу

  • 21.08.2020
  • 4459

1991-жылы Москвадан төбөлсүз кыргыз мамлекети жаралгандан бери улут туу тутар ишмерлерди жана баатырларды даңазалоо саамалыгы ого бетер күчөдү. Бул жараян сапаттык мүнөзгө караганда сандык мүнөзгө көбүрөөк ээ. Анткени совет дооруна чейин өткөн баатырлар жана коомдук ишмерлер тууралуу маалыматтар негизинен эл оозунда айтылып жүргөн санжыра жана уламыштарга негизделген.

Элдик оозеки чыгармачылыкта же фольклордо элдин үмүт-тилеги, ушундай болсо экен деген каалоосу чагылдырылып, анын автору жалпы эл, эл ичиндеги сөз баккан өнөрлүү кишилер болот. Арийне, кыргыз калкы эзелден урууга биригип жашагандыктан, өрнөк болчу уруу аксакалдары же башчылары менен баатырларына ар кайсы сапаттар  берилип, алар жасаган иштер (эрдиктер) ырчы-жамакчы, жомокчулардын талантына жана деңгээлине жараша көркөм сүрөттөлүп, аларда жок сыпаттардын берилиши - идеалдаштыруу кадыресе көрүнүш.

Эл башына чоң мүшкүл түшкөндө эрдиги уруунун чегинен чыгып, калың элге тараган баатырлар менен акылмандар жөнүндө улуттук көркөм дөөлөткө айланган эпостор жана дастандар жаралаган. Ал эми башка бир баатырлардын ысымдары жана эрдиктери тууралуу аңыздар уруу ичинде гана сакталып, андан алыс тарабаган.

Муну Кыргызстандын эрктүүлүк күнүнө эстелиги ачылат деп күтүлүп жаткан Бишкек баатырга байланыштуу акыры жылдары массмедиада жарыяланган маалыматтардан да ачык-айкын көрдүк. 

Мындай сөзгө түрткү берген айрым фактыларга кенен-кесир токтоло кетейин.

1. Sputnik Кыргызстан сайтында 2019-жылы апрель-май айларында Гүлдана Талантбекова жарыялаган макалада “... Жергиликтүү эл Кыргызстанга келген орустарга да Бишкек тууралуу уламыштарды айтып берет. 1876-жылы гезитке Бишкек тууралуу макала даярдап, шаар анын атын алып жүргөндүгү тууралуу жазышат. Фактыны даярдоого жардам берген Рыскул Жолдошев белгилегендей, 90-жылдары тарыхчылар бул уламышты так маалымат катары жазып салышат. Жазуучу Асанбек Стамов аны калмактар менен согушкан баатыр деп көркөмдөп, "Туу жыгар" атап, "Бишкек баатыр" деген китеп жазат.

Тарыхчы Өскөн Осмонов көркөм чыгарманы тарыхый очерк кылып жазат. Мындан улам эл арасында Бишкек баатыр деген түшүнүк тарайт. Уламыш, санжырада, жада калса урпактары айтып берген маалыматта анын баатырлыгы тууралуу маалымат жок. Бишкек жунгар, калмак доорунан кийин тынч убакта жашаган киши. Жер талашканда казак-кыргыз чабыштарына катышышы мүмкүн, бирок Осмоновдун варианты боюнча Цинь империясынын баскынчылыгына каршы турганы чындыкка дал келбейт. Себеби Цинь империясы менен кыргыздар эч качан согушкан эмес. Тарыхчы Василий Бартольд 1893-1894-жылдары Кыргызстанга келгенде ага тургундар "шаардын четинде Бишкек атанын чеби бар" деп айтып беришкен, мындан улам мурда кыргыздар Бишкекти "ата" деп айткан деп болжолдоого болот. Жолдошевдин айтымында, Бишкек өз учурунда кыргыздарга чарба маданиятын тараткан, соода кылган, коргон салдырганы менен тарыхта калды. Аны найзакер, кылыч көтөргөн адам эмес, эмгеги менен баатыр атанган, баба дыйкан деп айтуу туура болот. (Булагы: https://sputnik.kg/culture/20190414/1043960088/taryhtagy-bishkek-baatyr-tuuraluu-faktylar.html)

2. Үлкөн илимий даражалуу тарыхчы Өскөн Осмоновдун Бишкек баатыр жөнүндө 2011-жылы айткан кеби: “... Бишкек Кыргызстандын түштүгүндө төрөлүп, түштүк кыргыздарын калмактардан бошотуудагы эрдиктери үчүн “Туу жыгар” деген атак-даңкка ээ болгондугу санжыра, тарыхтарда (Кайсы тарыхый булактарда?) айтылып келет.

Солто уруусу Чүй өрөөнүнө көчүп келип, кыштоо, жайлоо бөлүштүрө баштаганда Бишкек баатырдын энчисине адегенде Аламүдүн өрөөнүнүн үстүндөгү Чуңкурчак деген чакан жайлоо тиет. Түштүктө жашап дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүк менен сооданын маанисин жакшы түшүнгөн баатыр жаз алды менен Аламүдүн суусунун куймасындагы Төрт-Күл деген түзөңгө (азыркы Ысык-Көл кинотеатры, эски автобекет турган жер) болжол менен 1760-жылдары өзүнүн 5 уулу менен көчүп келип, адегенде анжияндыктардыкына окшоштуруп ылайдан сокмо там, короо-сарай курат. Ал конуш алган жердин тегерегине акырындап башка адамдар да көчүп келип, Бишкектикине окшоштуруп там салып отурукташа баштайт. Бишкек устачылык менен катар аштык айдап, бакчачылыкты өздөштүрүп, бул кесипти элге жайылтат. Ошентип, Бишкектин конушунун айланасында дыйканчылык менен кесип кылган жарым көчмөн эл жашаган кыштак пайда болгон. Бул тарыхый фактыны азыркы борбор калаабыздын пайдубалынын түптөлүшү катары кабыл алууга толук негиз бар.” (Бул аңгемени илимпоздун оозунан  “Эркин Тоо” гезитинин кабарчысы Бактыгүл Култаева жазып алган. Караңыз: https://kmb3.kloop.asia/2011/09/29/bishkek-baaty-r-bayany/).

Академик Өскөн Осмоновдун Бишкек баатырды Бишкек кыштагындагы биринчи короо жайлуу тамды курганы тууралуу төмөнкү ырастоосу кайсы далилдер менен тастыкталды?

“... анжияндыктардыкына окшоштуруп ылайдан сокмо там, короо-сарай курат. Ал конуш алган жердин тегерегине акырындап башка адамдар да көчүп келип, Бишкектикине окшоштуруп там салып отурукташа баштайт. Бишкек устачылык менен катар аштык айдап, бакчачылыкты өздөштүрүп, бул кесипти элге жайылтат.” Эгер береги ырастоону жазма булактар тастыктабаса, анда дале уламыш турбайбы деп айтууга толук негиз бар. Же мен жаңыламбы?

Бишкекти баатыр деп атоого архивдерди казып иштеген тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун 1990-жылы табылгасы илимий негиз болгондой. Кыргыз тарыхчысы орус чыгыш таануучусу, археолог Николай Пантусовдун 1876-жылкы “Туркестанские ведомости” гезитине чыккан макаласында жергиликтүү элге шилтеп, Бишкек баатырдын күмбөзү турган жердин айланасында шаар пайда болгонун, баатыр өзү солто уруусунан чыкканын  жарыялаган. Бирок 1990-жылы чыккан Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедиялык сөздүктө, 2003-жылы чыккан Кыргыз тарыхы энциклопедиясында Бишкек баатырдын жасаган баатырлыктары жана иштери жөнүндө эч кандай маалымат жок. Сыягы илимий эмгекке санжыра, уламышты кошуу илимий калпыстык болот деп чечишкен болушу мүмкүн түзүүчүлөр.

Бишкек баатырдын жасаган эрдиктери жана муундан муунга өрнөк болчу эмгектери тууралуу так, ишенимдүү далилдер жок болгондон улам 2019-жылы июнь айында Кыргыз улуттук илимдер академиясы менен «Бишкек баатыр» бирикмеси Бишкек баатырдын өмүр таржымалын изилдеш үчүн сынак да уюштурду.

Адеп Бишкек баатырга эстелик коюу үчүн 2012-жылы уюштурулган марафон “Солто-Ата” коомдук фонду менен “Бишкек баатыр” коомдук бирикмесинин демилесине ылайык өткөн. (Коомдук бирикмени бүгүн Бишкек баатырдын урпагы Жамила Алымбекова жетектейт.)

Анын алдында Асылбек Жээнбеков башындагы Жогорку Кеңеш Бишкек баатырдын 310-жылдыгын өткөрүү боюнча тийиштүү иш-чараларды уюштурсун деген тапшырма берген Өкмөткө. Ага ылайык, вице-премьер-министр Г.Асымбекова башындагы уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитет төрайымынын орун басарлыгына ЖК депутаты Туратбек Мадылбеков, Бишкек мэри Иса Өмүркулов бекитилип, 16 мүчөлүү комиссия да түзүлөт.

Комиссия мүчөлөрүн Президент А.Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов кабыл алып: "Бишкек баатырдын сейрек феноменине өзгөчө мамиле жасашыбыз керек. Ал түштүктө төрөлүп, калмак баскынчыларына каршы салгылаштарда түштүк аймагын бошотууга салым кошкон. Тынчтык жылдары борбор калааны негиздеген. Эл биримдигин орнотууда үлгү болчу инсанга олуттуу карап, маселе чечишибиз керек", - дегенин учурунда “Бишкек баатыр” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Жамила Алымбекова “Кыргыз туусу” гезитине билдирген. (Караңыз: http://www.presskg.com/tuusu/13/0514_11.htm)

Береги комиссиянын 16 мүчөсү Бишкек баатырдын болочок айкели үчүн “Тарых музейинин капталындагы сүрөт галереясынын артындагы жер берилүүсүнө макулдук беришкен.”

Эми Бишкек баатырдын эстелиги чоң салтанат менен ачылгандан кийин үч кылым мурда туулган адамдын жасаган иштери тууралуу эл арасында айтылып жүргөн уламыш илимий тонду кийет дагы Бишкек улуттук деңгээлдеги баатырга жана ордолуу кенттин бирден бир түптөөчүсүнө айланып чыга келет.

Идеалдаштыруунун натыйжасында, кезектеги жолу тарых жана тарыхый инсан жөнүндөгү илимий түшүнүк уламышка моюн сундурулат. (Мен эң алды Бишкек шаарынын негизделиши жөнүндө айтуудамын.) А болочок муун тарыхый булактарга бекем негизделген илимий чындыкка эмес, уламышка ишенип тарбияланчу болот. 

 Минтип айтууга көрүнүктүү окумуштуу Ташманбет Кененсариевдин Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу эрте деп, жакында айткан пикири толук негиз берет. “Бишкек солто, Бишкек саруу болгон деп айткандар бар. Бири Бишкек баатыр десе, бири дыйкан болгон дейт. “Бишкектин түз урпагы болом” деп айтып чыгып жатышат. Ача пикир болбошу үчүн чоң илимий жыйын өткөрүп, изилдеп чыгыш керек. Азыр анын эстелигин коюуга эрте. Бишкек баатыр жөнүндө бир да конференция болгон жок. “Бишкек баатыр” деген китеп чыкты, макалалар жарык көрдү. Бирок коомдо дагы эле ача пикир жаралып, талашып жатышат. Андыктан анын инсан катары өздүгүн тактап, анан эстелигин коюу туура болот...” (Булагы: https://www.azattyk.org/a/culture_bishkek_monument_in_kyrgyzstan_capital_ky/30758886.html)

Менин оюмча, Бишкек баатырга эстелик тургузулгандан мурда, проф. Т.Кенесариев белгилегендей, “анын өздүгүн тактап”, илимий жыйында окумуштуулар бир мунасага келип, окурман журттун негизги бөлүгүн ишендирүү керек эле. Азыр көпчүлүк Бишкектин не баатыр, не Бишкек кыштагынын түптөөчүсү экенине ишенбейт. Ошон үчүн жогоруда мен тизмектеп тиркеген макалалар жаралууда.

Совет дооруна чейинки тарыхый делген инсандарга, ошондо эле кыргыз совет өнөр адамдарына күнкорсуздук жылдары ордолуу шаарыбызда тургузулган бир топ эстеликтер боюнча коомдо орток бир пикир жок. Саясый ишмер даражасындагылардан Ормон хандын, Шабдан баатырдын, Жумабек Ибраимовдун, акын-жазуучулардан Кубанычбек Маликовдун, Темиркул Үмөталиевдин, Калык Акиевдин, артисттерден Таттыбүбү Турсунбаева, Чолпонбек Базарбаевдин эстеликтерине байланыштуу карама-каршы пикирлер, анын ичинде артында жүгүрчү, бийликке таасири бар урпактары, же уруулаштары, же жердештери барларга эстелик тургузулат деген сыяктуу сөздөр эл аралап жүрөт.

Бишкекте береги адамдарга эстелик коюлса, эмне үчүн Үркүн курмандыктарына эстелик жок? Эмне үчүн XVIII кылымда кыргыз жерин баскынчылардан коргогон Шырдакбекке, орус оторчуларына каршы аёосуз күрөштө курман болгон Алымкул аталыкка; Мукай Элебаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Ысмайыл Борончиев сыяктуу сөздүн алп чеберлерине; искусствого зор салым кошкон Төлөмүш Океев, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Болот Миңжылкиев, Асанкан Жумакматов сыяктуу зор таланттарга; койдун уяң жүндүү кыргыз тукумун өстүргөн окумуштуу Михаил Николаевич Лущихинге эстелик коюлбайт деген суроо туулат. Бул тизмени дагы улантса болот. Бул адамдардын ар биринин  ысмы эстелик жок да унутулбайт. Алардын (наамдарын айтпай эле) эмгектерин Маяковский паспорту ырдаган тейде түркүн элге жарыя салып, дүйнө алдында мактанса да, сыймыктанса да болот!

Ошол эле учурда Курманжан датканын эстелгин орнотуу калың журт тарабынан тегиз кабыл алынганын белгилей кетээр элем. Анын негизги себеби: Курманжан датканын акылмандыгын, колунан бийлик учкан учурда да адамдык насилин жоготпой, баскынчылар алдында жалдырап калбаганын тастыктаган жазма далилдердин бар экендигинде!!!

Өлкө борбору Бишкектин ортолугуна эстеликтерди шыкап орнотуу шаардын архитектуралык мейкиндигине тескери таасир тийгизип, гүлзарлар менен бак-дарактуу бөлүгүн азайтат. Күнкорсуздук жылдары батыштан Панфилов көчөсү, түштүктөн Чүй проспектиси, түндүктөн Т.Абдумомунов көчөсү жана чыгыштан Ж.Абдрахманов көчөсү курчаган аймак монументалдык скульптура менен ургаалдуу толтурулууда. Алдагы илдет баш калаанын ортосун эмнеге айлантат? Ал жөнүндө пикир айтчу архитекторлорубуздун үнү угулбайт.

Бул ирет да шаар бийлиги Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишине Бишкек баатырдын айкелин орнотууга уруксат берүү менен борбор калаанын ортолук бөлүгүнө эстеликтерди шыкоо салтын улантты. Бийиктиги үч метрлик айкелдин өзү жана арт жагындагы цемент полусфера ошол тегеректин эстетикалык көрүнүшүн олуттуу өзгөртөт.

Тарыхый инсандарга орнотулган эстеликтерге гигантомания же айкелди жана постаменттин килейтип чоң кылуу мүнөздүү. Бул баатырлар менен улуттук (мамлекеттик) ишмерлердин жасаган иштерин үлкөн кылып көрсөтүүгө, ошону менен алардын тарыхый ордун монументалдык искусствонун жардамы менен ташбыйкаттоого, түбөлүктүк кылууга багытталгандай. Гигантомания атүгүл мелдешке да айланып кетти.

Эстеликтерди бир жайга жүргүнчүлөрдү микроавтобуска тыккандай шыкоо - архитектуралык мейкиндикке көрк бергендин ордуна серт кылат. Алсак, Тоголок Молдо атындагы чакан паркка Тогол Молдонун, Арстанбек Буйлаш уулунун жана Осмонкул Бөлөбалаевдин эстелиги орнотулган.

Ал эми Опера жана балет театрынын маңдай жагында Аалы Токомбаевдин эстелигине өбөктөгөндөй жакын кылып Чолпонбек Базарбаевдин трикочон айкели орун алган.

Карл Маркс менен Фридрих Энгельстин эстелигинен эки кадам жерде Советтик Кыргызстандын мурдакы жетекчилеринин айкелдери  аскердей тизилет.

Бул тизмени уланта берсе болот. А үйлөрдүн капталындагы “чоң ишмерлердин” аты-жөнү, кызматы чегип жазылган мармар тактайчалар эбегейсиз көп. Баары эл үчүн, мекен үчүн жан аябай кызмат кылган!!!

Непада урпактар төбөлсүз өлкөбүздүн чуулгандуу үч президентинин бюстун ал катарга тургузчу болсо, ал жер эмнеге окшоп каларын көз алдыңызга элестетип көрүңүзчү!

Мен дүйнөнүн бир топ эле өлкөлөрүн кыдырып жүрүп, калаа ортосунда мындай шагыраган эстеликтерди көрбөдүм. Сыягы биз чоң кызматка жеткен адамдардын пешине сыйынып, илимпоздор, өнөр адамдары, акын-жазуучулар, доктурлар, педагогдордун эмгегин татыктуу жана калыс баалаганды билбейбиз. 

Ошон үчүн баатырлар менен мамлекеттик ишмерлерибизге эстеликтер көп орнотулуп, дубандын же уруунун эли аларды атап, мактанганыбыз менен өнүккөн эмес, үчүнчү топтогу өлкөлөрдүн катарында жүрөбүз. Бул абалыбызда алдыңкы топко качан кошуларыбыз белгисиз.

Баса, өлкө тынч турмушта жашап жатканда санжыра, уламыштарда айтылган баатырларды даңктап, аларга эстелик тургузууну жарышка айлантуу уруучулук замандын туткунунда жашоо эмеспи!

Амирбек АЗАМ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз