Маргарет Тетчэр: Бийликти көзөмөлдөөгө коомду кантип үйрөтүү керек?

  • 05.07.2023
  • 0

Балаңыз өз маңдай тери менен алгачкы мерте балмуздакка акча тапкан күнү мындай кылыңыз:

1. Балмуздагын оозуна сала берер кезде колунан тартып алып, 20%ин жалмап жибериңиз.

2. Балаңыз көзүн бакырайтып туруп калганда, дагы 30% напсисин жеп салыңыз. Анан балмуздактын калганын колуна карматкандан кийин ага мамлекет да элдин иштеп тапкан акчасын дал ушинтип жалмап коёрун түшүндүрүңүз.

Болбосо өзүнө деп сатып алган ар бир балмуздак баланын напсисине толук буюрбайт. Балмуздакты колдон тартып алып сугуна тургандарга “эмне үчүн баландай % ырыскымды сен жеп алдың?!” – деп отчёт талап кылууга тийиш.

Агер ар бир эне-ата так ушуну жасай турган болсо, мамлекеттик казына ар дайым элдин салык эсебинен гана чогуларын дадил түшүнгөн муундар өсүп чыгарына ишенсе болот. Мамлекеттик казына эл эсебинен гана чогулат.

Салык төгүүчүлөр казынаны гана толтурбастан, арийне, мамлекеттик аткаминерлер акчаны кайда сарптай турганын көзөмөлдөөгө да тийиш.

https://web.telegram.org/k/ булагынан алынды.

Кыргызчалаган О`Шакир

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз