Маргарет Тетчэр: Маданияттуу эркектер – эң алсыз эркектер

  • 03.01.2022
  • 2691

Маргарет Хильда Тетчэр – 19791990-жылдардагы Улуу Британиянын 71-министри. Маргарет Европа өлкөлөрүнүн ичинен мындай жогорку кызматты аркалаган биринчи аялзаты. Советтик жетекчиликти аёосуз сындагандыгы үчүн “темир айым” атка конгон Тетчэр саясатта “тетчэризм” аталган агымды калтырып кетти. Маргарет химия илимин окуганы менен кийинчерээк юристтик кесипке ээ болуп, 1959-жылы Парламент мүчөсү болуп шайланат.

197-жылы консерватор Эдвард Хиттин өкмөтүндө билим берүү жана илим министри болуп дайындалат. 1975-жылы Хитти консервативдик партиянын жаңы башчысын шайлоодо жеңип чыгып, оппозициялык парламенттин башына келет. Ошол эле учурда Великобританиядагы негизги партиялардын биринин башында турган алгачкы аял киши болгон. Өкмөт башында турганда саясый жана экономикалык реформаларды жүргүзөт. Эл ичинде кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй өскөн Тетчэр өкмөттү он жылдан ашык мезгил башкарып турган.

* * *

Мен чаалыгып-чарчаганча иштей берем. Британия мага муктаж болуп турган соң мен эч качан чарчабайм.

* * *

Мен өзүмдүн министрлеримди алардын көп сүйлөгөндүктөрү үчүн жемелебейм, бирок бир гана шарт менен жемелейм – алар мен айткан нерсени аткарууга тийиш.

* * *

“Маркс жана Спенсер” Маркс менен Энгельсти жеңип чыгышты.

* * *

Пикирлеш адамың менен тил табышуу үчүн сөзсүз эле анын айтканына макул болуу зарыл эмес.

* * *

Орустарды шайлоо керек, а орус эместерди – дайындоо керек.

* * *

Аялдар “жок” дегенди эркектерге караганда мыкты айта алышат.

* * *

Үй тиричилигин башкарууда пайда болгон ар кандай маселени түшүнө алган ар бир аял өлкөнү башкаруудагы көйгөйлөрдү да түшүнө алат.

* * *

Эгерде сизде башкаларга жагуу керек деген гана ой болсо, анда кандай мезгил жана кандай окуя болбосун, башкалардын ою менен макул болууга даяр болуңуз, бирок анда сиз эч кандай ийгиликке жетише албайсыз.

* * *

Киреше бул – жаман нерсе эмес.

* * *

Социализм өлгөн жок, атүгүл уктаган да жери жок.

* * *

Эгерде мени сындагандар Темзанын толкундарын аттап өтүп баратканымды көрүшсө, мен тууралуу ал сүзүүнү билбегендиги үчүн дарыянын үстүндө басып жүрөт дешмек.

* * *

Экономикалык эркиндиктен башка эч кандай эркиндик болушу мүмкүн эмес.

* * *

Душманыңды жакшылап изилдеп чыгыш керек, ошондо аны качандыр бир мезгилде доско айландыра аласың.

* * *

Мен биринчи көргөн адамымдын кандайлыгын 10 секунд ичинде билемин да, ал оюмду чанда гана өзгөртөмүн.

* * *

Жеке керт башыма асылышканына сүйүнөмүн. Демек, каршылашымда андан башка саясый далилдер калган эмес.

* * *

Колуңда чыныгы бийлик бар деп айтуу – сени чыныгы асылзаадасың деп айтуу менен барабар. Эгерде бул ойлор угузула айтылган болсо, анда ал чындык эмес.

* * *

Коомчулук деген жок нерсе: эркектер жана аялдар гана бар. Ах, анан үй-бүлөлөр бар.

* * *

Эгерде аял кыялын көрсөтсө, ал тууралуу “ажаан аял” деп айтышат. Эгерде мүнөздүн бекемдигин эркек көрсөтсө, аны “жакшы жигит” деп коюшат.

* * *

Бардык эркектер алсыз келишет, ал эми маданияттуу эркектер эң алсыздары.

* * *

Андан интервью алуу – автоматтык жооп берүүчү менен баарлашууга барабар.

* * *

Короз балким, мыкты кыйкыраар, бирок жумуртканы баары бир тоок тууйт.

* * *

Биздин күйүп-бышкан көйгөйлөрүбүздүн 90%ы эч качан ишке ашпай турган нерселер.

* * *

Эверестке чыккандардын бардыгы өздөрү үчүн чыгышат, бирок алардын ар бири тоонун чокусуна өз мамлекетинин туусун сайышат.

Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз