Нурзат Асанбекова: Элдик педагогиканын эне тилди окутуудагы орду жана ролу

  • 15.12.2021
  • 5312

Кыргыз тилин окутуунун методикасы өзүнчө илим катары калыптанып, объектин, предметин жана максат-милдеттерин аныктап, эне тилди окутуунун теориялык-дидактикалык, методикалык-практикалык маселелерин тигил же бул деңгээлде чыгып келе жатканына аз эле убакыт, тагыраак айтканда, сексен жылга жетип жетпеген убакыт болду.

Бул илимдин алгачкы башаты А.Арабаев, К.Тыныстанов, С.Наматовдун ж.б. окуу китептеринен, эмгектеринен башталган. Методика илими бүгүнкү күндө кыйла өнүгүп, ондогон методикалык эмгектер жазылып, диссертациялык иштер корголуп, кыргыз тилин билим берүү мекемелеринде окутуу ишин өркүндөтүүгө, сабак процессин жакшыртууга карата алгылыктуу иш-аракеттерди жасап жаткандыгын да белгилөөгө милдеттүүбүз.

Ошол эле учурда эне тилди окутуунун методикасы илимине, ал аркылуу эне тилди окутуунун өзүнө жаңыча мамиле кылып, окутуунун мазмунуна, методикасына, жалпы эле концепциясына олуттуу өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгын кечиктирилгис милдет экендигин реалдуу турмуш ырастоодо.

Биздин пикирде, кыргыз тилин окутуунун методикасы илимдеги негизги өксүк же боштук – анын улуттук кыртыштын негизинде калыптанып, өнүгүп, улуттук кыртышта өркүндөтүлбөгөнүндө, андан ары тереңдетип айтканда, методика илиминин пайда болуу, калыптануу мезгилинде анын улуттук түпкү негизине таянуусуна, ал кездеги идеология жол бербегенинде. Кыргыз тил илими да, аны окутунуну методикасы да сырттан келген, Батыштан таңууланган жол-жоболорго, теорияга, көз карашка көзкаранды болуп, бийликтин катуу көзөмөлүндө калыптанып, өнүгүп келди. Мындай деп айтуу менен тил илиминин, аны окутунун методикасынын дүйнөлүк деңгээлде таанылган, кеңири колдонулган илимий-теориялык негиздерине шек келтиргибиз келбейт. Кеп ал теориялардын совет бийлигинин мезгилинде түзүлгөндүгүндө жана кыргыз эли сыяктуу «майда» элдерде тил илиминин өнүгүшүн, окутулушун калыпка салып, чектеп койгонунда.

Бул сыяктуу пикирлерди айтуу менен биз кыргыз тилин окутуунун методикасы илимине да кине коюп, анын ийгиликтерин, табылгаларын танып, практикалык кызматын жокко чыгарбайбыз. Алар азыр да керек, алар окутууда азыр да кызмат кылып жатат. Демек, мындай салттуу багыттагы методикалык изденүү, изилдөө иштерин дагы да жүргүзө берүү зарыл. Айтайын дегеним, өз өнүгүүсүнүн белгилүү бир этабына жеткен тилди окутуунун методикасына мурдатан келе жаткан сырткы булак (мында, эң биринчи иретте орус тилин окутуунун методикасы) менен катар эле ички булак да негиз болушун, бул эки булактын кыргыз тилин окутууну өркүндөтүү үчүн кош канаттай кызмат кылууга багыттоонун, пайдалануунун маанисин ачып көрсөтүү, бул маселеге коомчулуктун, баарынан мурда, окумуштуу-методисттердин, практик мугалимдердин көңүлүн буруу. Биздин пикирде ички булак (негиз) сырткы булактан кем эмес, ал тургай андан ашыгыраак мааниге ээ.

Эне тилди окутуунун методикасын өркүндөтүүгө өзгөчө кызмат кылуучу ички булак катары биз кыргыз элине тиешелүү, мүнөздүү болгон бардык көрүнүштөрдү: тарых, үрп-адат, каада-салт, дүйнө тааным, адабият, искусство, диний жактан түшүнүп кабылдоолорун, жашоо-шартын, медициналык түшүнүктөрүн, оюн-зоокторун, тилге, кепке болгон мамилесин, экологиялык, эстетикалык, этикалык, жарандык ж.б. түшүнүктөрүн эсептейбиз.

Албетте, кыргызды кыргыз кылып тааныткан, башкалардан айырмалап турган бул көрүнүш белгилерди дал ошол турушунда эне тилди окутууда колдонуу кыйла татаал, айрым учурда түздөн-түз карым катышын, байланышын табуу мүмкүн эместей. Анын үстүнө аларды эч өзгөртүүсүз, же тил сабагына алып кирүү, же сабакты кыргыз тили сабагына эмес кыргыз таануу сабагына айлантып жиберет.

Биздин пикирде ички булактын мүмкүнчүлүктөрүн, каражаттарын тил сабагында колдонуу үчүн аны элдик педагогика менен тыгыз байланыштарын, элдик педагогиканын элеги аркылуу өткөрүп алуу керек. Эне тилди, дегеле тилди окутуунун методикасы теориялык жана практикалык жактан кандай бийиктиктерге, кандай өркүндөтүүлөргө жетишпесин, элдик педагогика жеткен бийиктикке жетпейт, ансыз азыркы методика толук кандуу болбойт, билимдин, тил боюнча алган билимдин пайдубалы өтө борпоң болуп калат. Эне тилди окутуу процессинде бул табылганы сөзсүз пайдалануунун зарылдыгын көрөбүз.

Кеп элдик педагогиканы эне тил сабагында колдонуу маселеси тууралуу болгондуктан, андагы сөзгө болгон мамилени пайдалануу жөнүндө бөлүшөбүз. Эне тилди окутуу: «Тыбыш деп эмнени айтабыз?», «Тамга деп эмнени айтабыз?», – деген лингвистикалык-теориялык маселени үйрөтүүдөн эмес, бардык курактагы адамдар үчүн бардык учурларда керектүү болгон саламдашуу, көрүшүү, учурашуу учурунда колдонулуучу сөздөр жана алардын маанисин, ролун окутуудан башталышы ырас. Анткени саламдашуунун, ага колдонулган сөз же сөз айкаштары, алардын мааниси өз ичине көп нерсени камтып, ошол эле учурда көп нерселерден кабар берет.

Учурашуу, саламдашуу ар бир инсандын ким экендигинен гана кабар бербестен, ар бир элдин, улуттук өзгөчөлүктөрүн билдирүүсү тилдик каражат экендиги илимде аныкталган. Мисалы, жалпы мусулман дүйнөсүндө кеңири тараган «салам» деген сөз «тынчтык, бейпилдик» дегенди туюндурат. Демек, мусулман калкы үчүн тынчтык (ааламдагы, коомдогу, үй-бүлөдөгү, ички руханий дүйнөдөгү) баарынан маанилүү, зарыл. Монгол элинде саламдашуу учурунда «Малың кандай?», «Көч кандай?» деген сөздөр, кыргыз элинде да «Мал-жан аманбы?» деген учурашуу колдонулат, грузин элинде «Гамарджоба» (туура бол, жеңүүчү бол) деген сөз колдонулса, Памир жана Гиндукуштагы тоолуктар «Кыраакы бол», «Чарчоону билбе» деген маанидеги сөздөрдү пайдаланышат. Тилекке каршы, саламдашуунун барк-баасы, мааниси тууралуу кыргыз тили сабагында атайылап көңүл бурулбайт, окуу программасында талап кылынбайт, ошондой эле окуу китебинде да маалымат берилбейт, андан тышкары ата-эне, улуулар, коом анча маани бербей келет.

Натыйжада, учурашуунун өзү, андагы колдонулуучу сөз өспүрүм окуучу үчүн анча мааниге ээ болбогон, айтса да, айтпаса да боло турган жөн эле сөз катары кабылданып кеткен учурлар да аз эмес. Айтайын дегенибиз, тилди окутуу анын практикалык-турмуштук маанисинин келип чыгышын, улуу-кичүүнүн тилге болгон мамилесин айкындоодон жөнөкөйдөн (учурашуудан) тартып, улам татаалдашып, улам тереңдеп үйрөтүүгө багытталганы алда канча пайдалуу деп эсептейбиз. Ал эми «тыбыш деп эмнени айтабыз?» деген сыяктуу суроолор жогоркудай тилдик-практикалык маселелерди өздөштүргөндөн кийин, ылайыгына жараша, тилди окутуунун теориялык маселелери берилип, алар берилген суроону чечүүнү кошумча каражатына айланышы кажет.

Өкүнүчтүүсү, ушу күнгө чейинки кыргыз тили сабактарынын көрсөткүчү же натыйжасы катары кайра-кайра айтыла берип, окуучуларды тажаткан грамматикалык эрежелер үстөмдүк кылып келет.

Эне тилди окутуунун максатын канчалык илимий-теориялык, дидактикалык-материалдык теория, жобо, концепциялар менен жабдып, шөкөттөбөйлү, ал булак келип эле окуучуну сүйлөөгө (биз бул сөзгө «тил», «сөз», «кеп» деген түшүнүктөрдүн бардыгын сыйдырууга аракет кылдык), болгондо да жакшы сүйлөөгө көнүктүрүү маселесине барып такалат жана маселенин чечилиш деңгээли менен жыйынтыгын аныкталат. Ал эми жакшы сүйлөөгө үйрөтүү проблемасын жалаң же жалгыз лингвистикалык-теориялык маселелер чечпейт. Ал үчүн окуучу баарынан мурда, тилдин коомдогу, турмуштагы барк-баасын, жеке турмушундагы ордун, ата-бабасынын тилге, сөзгө, кепке болгон мамилесин толук аңдап билип, жеке өзүнүн тилге болгон мамилесин кызыгуусун арттыруу зарыл деп эсептейбиз.

Ошондуктан эне тил боюнча өтүлгөн ар бир сабак кыргыз элиндеги тил жөнүндө, кеп жөнүндө айтылган уламыш, макал-лакап, накыл сөздөр, табышмактар, жаңылмачтар коштолуп, тил жөнүндө фольклордук материалдардан тартып, улуу инсандардын, акын-жазуучулардын коомдук ишмерлердин ж.б. айткан сөздөрү чыгармалары менен ылайыгына жараша дайыма коштолушу керек. Алардын бардыгында кыргыз элдик педагогикасынын эне тил тууралуу айткандарынын каймагы топтолгон. Ал материалдар милдеттүү түрдө турмуш менен, тарых, жашоо-тиричилик менен байланышта, биримдикте берилиши жөндүү. Бирок ал маалыматтар окуучуларды тажатып «...деп аталат» деген өңдүү грамматикалык эрежелерди жаттатпай, улам жаңы ыкмада, улам жаңы формада, улам тереңдеп, улам кошумчаланып берилиши ылайыктуу. Бул учурда мугалимдин чеберчилиги, чыгармачылыгы, билдирүүсү, окутуу ыкмасы, формасы чечүүчү ролго ээ болот.

Эне тилди окутууда элдик педагогиканын сөзгө карата болгон мамилесин, талабын толук эске албоонун натыйжасында жагымсыз көрүнүштөрдүн келип чыкканы өкүнүчтүү, улам кеңири жайылып бара жаткан бир мисал келтирели, элибизде: «Сен деген сенек сөз, Сиз деген сылык сөз», –деп аталып, кеңири тараган улуу накыл кеп бар. Бул накыл кылымдарды карытып, көчмөн турмушта, согуштук-баатырдык доорлордо, туташ сабатсыздык мезгилдерде атадан балага, муундан-муунга берилүүчү ыйык мурас катары сакталып, турмушта айныксыз түрдө жыйырманчы кылымга чейин колдонулуп келди.

Өткөн кылымдын баш жагынан тартып сабатсыздык жоюлуп, кыргыз тили билим берүүнүн негизги каражаты катары да, окутуунун предмети катары окутула баштады. Демек, кыргыз жаштары кыргыз тилин окуп-үйрөнүп келе жатканына кылым болду. Суроо туулат. Бир нече кылымдар бою эне тили элдик педагогиканын негиздерине оозеки формасында үйрөтүлүп, өнүгүп келди. Ал мезгилдерде кыргыз тили элдик, улуттук тил катары сакталып гана келбестен, белгилүү деңгээлде өнүгүү, жакшыруу процесстерин да башынан өткөрдү. Кийинки бир кылымга тете мезгилде кыргыз тили оозеки формасында эмес, жазуу-сызуунун негизинде, илимий-лингвистикалык, дидактикалык-методикалык жоболорго, башка улуттардын окутуу тажрыйбаларына аздыр-көптүр таянуу менен мамлекеттик деңгээлде, милдеттүү түрдө окутулуп келди.

Логика боюнча соңку кылымдагы кыргыз тилин окутуу ага чейинкилерге караганда алда канча артыкчылыктарга ээ болуп, кыргыз тилинде сүйлөгөндөр мурункудан мыкты да, орундуу да, маданияттуу да сүйлөп калышы керек болчу. Тилекке каршы, практика тескери натыйжа берди. Кыргыз тилинин оозеки сүйлөө формасы кыйла жакырланды, чоркок тартты, барынан өкүнүчтүүсү, оозеки кеп мурдакы сылыктыгынан, уккулуктуулугунан ажырап, орой, одоно боло баштады.

Биздин бекем ишенимибизде, кыргыз баласы өзүнөн улуу бардык адамдарга «сен» деп кайрылган эмес. Бүгүнкү күндө жалпы эле улууларды кой, өз ата-энесине, чоӊ ата, чоӊ энесине «сен» деп кайрылуу кеӊири жайылып, бул адат сыяктуу кабыл алынып кетти. Мындай оройлук, жогорудагы накылда айтылгандай «сенектик» кайдан келди? Ал сырттан келди, тагыраак айтканда, башка тилден ойлонбостон, өз каалообуз менен кабыл алдык. Белгилүү болгодой, орус элинде «сен» деп кайрылуу өтө жакындыкты, сыйлагандыкты, берилгендикти билдирүүчү сөз катары колдонулат. Биз аны сындаган же териштирген жерибиз жок. Ар бир тилдин артында, ошол тил аркылуу мүнөзү, тили, тарыхы, адабияты ж.б. чагылдырган эл, улут турат. Ал тургай дүйнөлүк тил деп эсептелген тилдердин бири Англиянын өзүндө гана эмес, Европа, Америка материктеринде жана бир канча өлкөлөрдө мамлекеттик тил катары колдонулган англис тилинде да ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрү белгилүү деӊгээлде чагылдырылган, айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Англис тилдүү көпчүлүк өлкөлөрдө «сен» деген сөздүн адамга карата да колдонула тургандыгы өтө өөн, оройлук катары кабылдап, ал сөздү негизинен жаныбарларга гана айтылуучу сөз деп билишет.

Жыйынтыгында, кыргыз кебинде «сен деген сенек сөздүн» колдонулуп кетишин тилди окутуунун теориялык да, методикалык да негизи, мазмуну сырттан (негизинен орус тилинен) келген жол-жоболорго таянылышынан көрөбүз. Анын башкы, чечүүчү фактору катары кыргыз тилин окутууда кыргыз элдик педагогикасынын идеяларына, табылгаларына, тажрыйбаларына негизделбегендиги, аны пайдаланбагандын кесепети деген тыянакка келебиз.

Элдик педагогикадагы эзелтеден бери колдонулуп келген өтө таасирдүү, белгилүү бир сыйкыр-күчкө, касиетке ээ, инсандын руханий дүйнөсүн, ишенимин калыптандырып, байытууда ашкере кызмат кылып жаткан каражаттардын ичинен дин өзгөчө орунда турат.

Адам өзү тапкан динди түз, өзүнүн түпкү максатында да (адеп-ахлак, ыйман, өнүгүү), башка максаттарында («дин – адамдын башын айландыруучу апийим») да курал каражат катары колдонуп келди. Бул процесс дайыма болуучу процесс.

Ал эми элдик педагогикада дин (анын бардык түрлөрүндө, формаларында) бир гана максатта колдонулуп, ал жашоо-турмуштун, тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндө, бардык баскычтарына элдин рухий дөөлөтүн сактоочу кийинки урпактарга берүүчү негизги курал, каражат болуп келе жатат. Мындай иштер азыр да аткарылууга, колдонулууга тийиш. Ал, баарынан мурда, билим, таалим-тарбия берүүдө, анын ичинде эне тилин окутууда колдонулушу кажет.

Бир караганда эне тилди окутууну дин менен байланыштыруу жөнсүздөй туюлушу мүмкүн. Буга төмөнкүдөй жооп беребиз. Биринчиден, 70-80 жылга жакын динди танып, аны жатка чыгарып, ага кошуп тарыхыбызды, санжырабызды, улуттук рухий дөөлөттөрүбүздү танып, эмнеге жетиштик? Алардын ордуна сырттан келген баалуулуктарды күчкө салып киргизилген миф-идеология рухубузду байытып, улуттук баалуулуктарды байытуу мындай турсун, сактап кала алдыбы? Ошол сексен жылдын ичинде биз толугу менен өзгөрүп, жаӊы идеяга, батыштын жалаӊ жакшы нерселерин өз денебизге сиӊире алдыкпы? Же үйдөн жок же Чүйдөн жок дегендей, эки ортодо калганыбызды кантип танабыз?

Экинчиден, эне тилди окутууда динди дал ошол турушунда, дал ошол мазмунунда жана формасында колдонуу, пайдалануу жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Динге биз жогоруда келтирген түшүнүктөн дал ошол өӊүттөн (аспекттен) мамиле кылууну сунуштап жатабыз. Мисалы, динди, анын айрым жоболорун тилдин коомдук табиятын, жашоо-турмуштагы ордун, барк-баасын, улуулугун түшүндүрүүдө, тилге маани берип, аны урматтоого, баалоого үйрөтүүдө пайдаланууга эмнеге болбосун.

Дүйнөлүк дин аталган диндердин бардыгында тил, сөз жөнүндө атайын түшүндүрмөлөр, мамилелер бар. Айталы, христиан дининде: «Адегенде сөз болгон. Сөз кудайда болгон. Сөз кудай болгон», – деп айтылса, исламда: «Сөз эӊ башында эле Кудайда болгон. Кудай баарын сөз аркылуу жараткан жана жаратылган нерседен ансыз эч нерсе пайда болгон эмес. Сөз өмүрдүн башаты болгон. Сөз азап болуп, арабызда өмүр сүрдү», – деген түшүндүрмөлөр бар. Ал эми буддизмде чыныгы адам болуш үчүн тыюу салынган нерселердин өзүнчө системасы көрсөтүлгөн. Алардын биринде: «Оюӊ менен да, сөзүң менен да, денеӊ менен да күнөө кылба», – деп айтылып, ар бири өзүнчө чечмеленет, түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, ой менен кылган күнөө: дүнүйөкордук, ач көздүк, керт башынын кызыкчылыгын өтө жогору коюу, каардуулук, шек саноо, арам ойлоо; тил менен кылган күнөө: жалгандык, ушак, жалаа, каргыш, чагым, оозу менен орок оруу; дене менен кылган күнөө; өлтүрүү, уурулук, зомбулук ж.б.

Биздин пикирибизде бул жана ушул сыяктуу тил жөнүндөгү диний түшүнүктөрдү окуучулар билүүгө тийиш. Мында динди даӊазалоо, пропагандалоо же анын канондоруна билим берүүнү, тилди окутууну баш ийдирип берүү жөнүндө сөз жок. Тескерисинче, дин тилди окутууга кызмат кылып, аны урматтоонун таасирдүү куралы катары кызмат кылып жатат. Бул сыяктуу тил жөнүндөгү диндик түшүнүктөр, албетте, бир эле сабакта, бир эле класста тилди окутуунун башка маалыматтарынан ажыратылып берилбейт, сабакка мындай тема же максат да коюлбайт. Тек гана бул материалдар тилди окутуунун кошумча каражаты катары мезгил-мезгили менен, ылайыгына жараша айтылып, түшүндүрүлүп, жалпы максатка жуурулушуп кетиши керек деп ойлойбуз.

Ошондон улам эне тилди окутууда элдик педагогиканын сөзгө, динге, карата жасаган мамилелелери, аларды колдонуунун ык-жолдору, тажрыйбасы, мүмкүнчүлүгүнө жараша көбүрөк колдонулуп, негизги каражаттардын, булактардын бирине айланышы зарыл деп эсептейбиз.

Элдик педагогиканы билим, таалим-тарбия берүүгө тартуунун зарылдыгы тууралуу дагы бир факты мисалды келтирели. Эгемендикке ээ болуу өзү менен кошо жоопкерчиликти да алып келди. Улуттук, мамлекеттик өнүгүүнүн тандап алган багытына жараша билим берүүгө, эне тилди окутууга да өзгөртүүлөрдү, жаӊыча мамиле кылуу талаптарын койду. Жалпы эле билим берүүгө, анын ичинде эне тилди окутууга да инновациялык мамиле кылуунун зарылдыгын күн тартибине чыгарды. Жалпы педагогика илиминде окутуунун инновациялык ык-жолдору тууралуу аздыр-көптүр айтыла баштаганы менен кыргыз тилин окутуунун методикасында бул боюнча колго алардык эмгектер жазыла элек. Реалдуу турмуш, билим берүү процесси тилчи-методисттер качан жазып беришет деп күтпөйт экен, ал мезгилдин, учурдун ыргагында алдыга жаӊыча умтула берет.

Ушул жерден дагы бир чындыкты айтуунун учуру бар. Эне тилди окутуунун методикасын илимий практикадан алда канча ардыда жүрүп, азыркы талапты, багытты даана аныктап, сабак берүү процессин жаӊы идеялар, жаӊы каражаттар менен тынымсыз жабдып, эртеӊкиге жол көрсөтүп турушу керек эле. Иш жүзүндө андай болбой, ал тургай, чыгармачыл, жаӊычыл практик мугалимдердин ийгиликтерин, табылгаларын, жалпылаштырып, илимий-методикалык жактан негиздөөгө да үлгүрбөй калды. Методика илими менен эне тилди окутуу практикасынын ортосунда байланыш, катнаш абдан солгундап, ажырым пайда болду. Анын натыйжасы илимдин өзүндө анча байкалбаганы менен практикага, сабак берүүгө өз терс таасирин тийгизүүдө. Жогоруда инновация деген терминди колдондук. Ал терминдин маанисин чечмелесек, «ин» – ичинен, өзүнөн, «новация» – жаӊылануу, өзгөрүү дегенди түшүндүрөт. Демек, билим берүү, сабак өтүү процесси ичинен өзгөрүшү, жаӊыланышы керек.

Бизде иш жүзүндө андай болгон жок, инновация да сырттан даяр түрүндө, эч өзгөрүүсүз кабыл алынды. Киргенде да методика илимине эмес, эне тилди окутуу процессинин өзүнө кирди. Кептин баары инновациялык мамилелердин методикалык-илимий жактан иштелбегендигинде, биздин жашоо-шартка, менталитетке, жагдайга, иденттүүлүккө ж.б. ылайыкталбагандыгында, кыргыз кыртышына өөн болуп, анча сиӊип, тереӊ кете албагандыгында турат. Биз билим берүүнүн, эне тилди окутуунун инновациялык өзгөрүшүнүн негизин, таянычын жана булагын элдик педагогикадан көрөбүз, бул маселеге көӊүл буруунун зарылдыгын баса белгилейбиз. Болбосо ичинен өзгөрүүчү инновация үчүн идеялар гана эмес, мазмуну жана формасы эч өзгөрүүсүз сырттан келген экстроинновациялар ансыз деле тукулжурап турган абалды дагы оорлоштуруп жиберет.

Эне тилди окутууга жаныча инновациялык мамиле кылуу мезгилдин кечиктирилгис милдеттеринин бири экендигин толук аӊдап-билүү менен ал жаӊылануу элдик педагогикага мүмкүн болушунча кеӊири жана ар тараптуу, ар түрдүү формада таянышын, сырттан келип жаткан жаӊылыктар биздин шартка ылайыкталышын туура деп ойлойбуз. Ал эми элдик педагогиканын мүмкүнчүлүктөрү жогоруда биз жалпысынан кеп кылган тил жана дин маселеси менен чектелбейт, аныкталбайт. Анын мүмкүнчүлүктөрү, улут үчүн, келечек муун үчүн кызмат кылар ресурсу бай жана ар түрдүү. Биздин милдет аларды коомго, элге кызмат кылууга багыттоо, иштеп чыгуу деп түшүнөбүз.

Нурзат АСАНБЕКОВА, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз