Айылчы Сарыбаев: Мамлекеттүүлүк тилден башталат

  • 14.12.2020
  • 3213

Канчалык миңдеген жылдарды санап каадалансаң дагы, кыргызга мамлекетти да, тилди, жазууну да советтик түзүлүш берген. Болбосо 1916-жылдагы эл үркүнү кыргыздарды тукум курут кыларына аз эле калган. СССРдин кулашы болсо толук саясый көз карандысыздыкка алып келди.

Кыргыз мамлекети биринчи жолу эл аралык аренага чыкты. Өз алдынча биринчи президент шайлашты. Бирок Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө бир дагы кыргыздын салымы болгон жок. Бардыгын даяр түрдө үч славян өлкөсүнүн президенттери – Б. Ельцин, Л. Кравчук, А. Шушкевич союзду ыдыратып, бизге окшогон мамлекеттер менен эсептешпей эле «көчүккө тээп» айдап чыкты. «Өзүңөрчө мамлекет болуп, өз алдынча оокат кылгыла» – деди.

Андан бери Кыргыз мамлекети аталдык. Желек менен Гербди кабыл алдык. Бирок конституциябызга арсыз жана билимсиз адамдардын тилине кирип эки тилди – орусчасын официалдуу деп, кыргызчасын мамлекеттик деп кийирдик. Чындыгында официалдуу деген сөз менен мамлекеттиктин эч айырмасы жок.Тескерисинче, элдин баары «официалдуу» тилде сүйлөп, «мамлекеттик» деп каадаланган тилде кемпир-чалдар эле сүйлөп калды. А интеллигент сөрөйлөрүбүз болсо жыйырма жылдан бери кыргызча сүйлөсөкпү же жокпу деп талашып келатабыз. Мамлекетибизде эки башка маданият, эки башка тилдүү эл, мектептер, гезит-журналдар, радио-телеберүүлөрү бар, башкача айтканда, эки мамлекет пайда болду.

Анда Кыргыз мамлекетин ким үчүн түздүк? Кыргыздар үчүнбү же кыргыз эместер үчүнбү деген суроо туулат. Эмне себептен орус тилине орустар түртүп, көчүккө тепсе да болбой жабышып жатабыз? Эмне себептен эки өлкөнүн гражданы болот элек деп өпкөлөп жүрөбүз? Эмне үчүн А.Акаев өзүнүн компетенттүү экендигин Россияда 17 жыл окуп жана иштегендиги менен далилдегиси келсе, К.Бакиев: «Аялым орус, уулумдун биринин аты орусча, биринин аты кыргызча, өзүм кызматтан кыргызча, үйдөн орусча сүйлөшөм» – деп мактанып келген? Азыр болсо борбор көчөсү толтура айылдан кара курсактын айынан келген кыргыздар, бирок тамтырашып, окшосо да, окшобосо да орусча сүйлөшөт. Эгерде орусча сүйлөбөсө, бир нерсеси кем болуп калабы? Жадагалса кечээ эле кишинин этин жеген түштүк материгинин бардык калкы өз тилинде сүйлөшөт. Алардын ары-кору, ар-намысы бар, кыргыздыкы жок элби? Деги кыргыз өзү ким? Элби же эл атын жамынган аламан топпу?

7-апрель окуяларынан кийин кыргыздар арына келип, тилине, мамлекетке болгон мамилесин өзгөртүп жаңы нукка түшөбүзбү деген ойду таш каптырып, Ө.Текебаев азыркы конституциябызга орус тилин талашып-тартыштырып отурбай эле кийирип койду. Мен ошол «Конституциялык кеңеш» деп аты укмуш, бирок өзү виртуалдуу комиссия мүчөсү болгом. Бирок ал кеңеш баштала электе эле Ө.Текебаев Улуттук университетке жолугушууга келгенде, бул эки тил кала берерин так кесе айткан. Оштогу кыргыз-өзбек трагедиясынын түбү да ошондо жатат. Себеби саны Кыргызстандын жалпы элинин 10%нен ашпаган орустардын тили эмне үчүн официалдуу болот да, Кыргызстанда жашаган элинин саны, тарыхы орустардан ашса алда канча ашык, асты кем эмес өзбектердин тили пайдалануу укугуна ээ эмес деп, ошол конституциялык кеңештин өзбек улутундагы эки мүчөсү эки күнү чыр чыгарган.

Өзбектер өздөрүн эч качан орустардан кем санаган эмес. Ушул жерде алардын да улуттук намысы ойноп кеткен жокпу? Буга ошол эки тилдүү конституциябыз себеп болгон жокпу? Албетте, болду. Эгерде кыргыздардын мамлекет башчыларынын мамлекеттик деңгээлдеги бир аз акылы болгондо, башынан эле орус тилин «официалдуу» деп кийирбеши керек болчу. Ошондо башка улуттагы элдер дагы атаандашпай жалпы бир мамлекеттик тилге башиймек. Анын үстүнө жыйырма жыл эле мурун кожоюнуң болуп, кыргыздарды башка-көзгө койгулап башкарып туруп, азыр эле кыргызга көз каранды болуп кыргызча сүйлөй баштаганга орустар жана орус тилдүүлөр жөн эле көнө коймок беле. Алар кыргыздарга мурун кандай текебер караса, азыркы кебетебизди көрүп туруп ого бетер текеберленишет. Себеби биз, кыргыздар, алигиче өзүбүзчө мамлекет болуп кетерибизди, кыргыздар мамлекетти башкарып кетерин далилдей элекпиз. Тескерисинче, мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык лөлүгө айландык. Оюбузду орусча айтпасак, билимибиз жетишпей калгансып турабыз. Бир кызыктай феномен бар. Кимдин кызматы канчалык чоң болсо, ошончолук орусча сүйлөгөнгө аракет кылат. Президентибиз, премьер-министрибиз элге кайрылуу жасаса, элден мурун кыргызча сүйлөп, андан кийин өзүн өзү котормолойт. Себеби өзүн орусча сүйлөсө гана мамлекет жетекчиси катары сезет.

Аппаратында иштеген бир эле орус болсо болду, андан паталогиялык түрдө коркот. Мындай коркунуч ар бир өзүн интеллигентмин деген кыргызда бар. Себеби бул коркунуч элдин канына сиңип калган. Биримдик жөнүндө көп сөз кылабыз. Бирок конституциясында бир эле тил болгон өлкөдө биримдик болот. Эки же үч тилдүү өлкөдө эч качан биримдик болушу мүмкүн эмес. Жада калса экономикасы менен маданияты укмуштай өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген, жогорку деңгээлде цивилдешкен Канадада французча сүйлөгөн Квебек провинциясы автономия сурап чыр салып жатат. Ушул эле оору Бельгияда бар. Швейцарияны айтышат. Алар дүйнөнүн бардык жеринен байлык издеп чогулган, тили, дили ар башка өтө көп улуттуу конфедерация. Азыр деле өлкөбүз мындан ары кантип өнүгүшү керек деген суроолордун тегерегинде ой жүгүрткөндөр да, негизинен, орус тилдүү кыргыздар болуп жатат. Алардын көпчүлүгү 24-март менен 7-апрель окуяларынын себебин да түшүнө беришпейт. Окуянын «мотору» 100 % кыргызча сүйлөгөн айылдык кыргыз жаштары болчу. Азыр алар саясый оюндардан четтетилип, дагы эле үмүттүү көздөрү жалдырап, орус тилдүү, орус аялдуу бийлик тегерегинде котолошуп, орун талашып жүргөндөрдү карап турушат. Анан каяктагы улуттук идеология болушу мүмкүн?

Азыр деле Россия менен кош граждандык кабыл алып, жалпы орус тилине өтпөсөк, кыргыз мамлекети өнүгүп кеталбайт деген ойлор көп айтылууда. Ал турсун Россия менен Казакстанды: «Эмне үчүн биздин мигранттарды жөн батырбайсыңар» – деп доомат койгонубуз аргасыз алакан жайдырат. Дагы эле саясатчыларыбыз, же Россияга, же дагы бир башка өлкөлөргө ат тезегин кургатпай чапкылап барып, акыл сурап келип жатышат. Уялган, арданган жок. Себеби кыргыз эли совет мезгилинде эч качан өз алдынча баш оорутуп көлдөлөң төшөп, экономикалык жана социалдык проблемаларды чечип көнгөн эмес. Даяр закондор, инструкциялар, көрсөтмөлөр, окуу китептери Москвадан келчү. Кадрлар проблемасы да ошол жактан чечилчү. Ким республиканы башкара алат деп баш оорутчу эмес. Жергиликтүү бийликтер да өтө терең ойлонулган борбордук сценарий менен башкарылчу. Биздин улуттук кадрлардын өсүшүнө атайын шарттарды да Москва түзгөн.

Кыргыз Республикасы өз алдынча болгон күндөн баштап, улуттук деңгээлдеги лидерлердин жоктугу айкын болду. Мурунку-кийинки партиялык жана советтик кызматкерлердин дээрлик бардыгы функционалдык деңгээлден ашалбады. Алар кайсы бир министрликти да өз алдынча жетектеп, жалпы улуттук саясат жүргүзалбай, уруучулдук, региондук деңгээлге түшүп кетти. Түндүк-түштүк проблемасын да ошол алсыз лидерсымактар ойлоп тапты. А.Акаевдин башкаруу саясатынын таптакыр жоктугу, экономикалык жана социалдык кризис бул проблеманы үйлөнгөн шардай асманга асып салды. Губернаторлук («губернатор» менен «мэр» деген сөздү кайсы маскарапоз киргизгени белгисиз), акимдик, министрлик кызматтарды кайра-кайра лотко койгон сыяктуу конкурстук (ким көп берет?) маанайда сатуу – бул адис эмес кадрлар маселесин ого бетер күчөтүп, алардын толук деградациясына алып келди. Ошондуктан ушул күндө өлкө терең баткан кризистен чыгара турган кыргыз улут интеллигенциясы менен башкаруучу кадрлары жокко эсе экендиги байкалып барат.

Болсо да алар бийликте тургандарга азырынча кереги жоктой. Мамлекеттик бийлик башына бир жолу түндүктүн, бир жолу түштүктүн өкүлү шайланышы керек деген сандырак ойлор айтылууда. Кыргыз элитасы деген эмне? Элита жана элита эмес деп элди экиге бөлүү демократиялык коомду курабыз деген мамлекетте элитага кирбеген адамды кемсинтүү эмеспи? Себеби билими жок, бирок байлыгы бар адамдарыбыз азыр эл башкарып, депутат, элчи болууда. Ал эми интеллекти күчтүүлөрдүн көпчүлүгү эптеп жанын багып же багалбай, ошол байлардын көзүн карап кошомат кылып жүрүшөт. Кандай жол менен болсо да байып кетүүнүн тоталдуу бул мезгилинде улут элитасын издөө эртелик кылбайбы?

Биздин оюбузча, азыр эки башка ой жүгүрткөн, эки башка маданияты бар кыргыздар пайда болду. Экөө тең: «Биз мамлекетти башкарып, анын кызыкчылыгын коргойбуз» – дешет. Бир тарабы кыргыздын экономикалык-социалдык деңгээли өлкөдөгү башка улуттарга караганда өтө төмөн түшүп, элибиз дүйнө кезип тентип кеткенине кабатыр болсо, экинчиси эптеп бийликке жетип, кандай болсо да баюуну максат кылат. Алар үчүн мамлекетти ким башкарса да кыргыз улутунун тилинин, маданиятынын, элитасынын бар-жогу бирдей. Мен европалык цивилдешкен адаммын деп орусча опурулуп, кыргыздардын проблемаларын чечкиси келет. Же орустар аны адам катарына кошсочу. Ошолор бизге эки граждандык керек, экинчи родинабыз Россия болуш керек деп келет. А эмне үчүн Кытай же Казакстан эмес? А эмне үчүн Россия сени гражданин кылып алыш керек? Россиялыктар: «Бул «койлорду» бөлүп койсок, оокат кылалбай кайра эле бизге жабышканы эмнеси» – деп таңгалып жатышат.

Парламент мүчөлөрү (депутаттар), атактуу бизнесмендер же өкмөт мүчөлөрү бир караганда улуттун элитасы сыяктуу туюлат. Жок эле дегенде алар өздөрүн ошондой сезишет. 18-кылымдагы Франция парламентинин мүчөлөрү өзүнө чаң жугузбай таза сактанганы атактуу «Граф Монте Кристо» китебинде даана берилген. Романдын каарманы Эдмонд Дантестин жаш кезинде өзүн каматкан досу кийин парламентке мүчө болгондо илгерки кылмышы билинип калып, парламент катарынан чыгарылат. Ал кабарды уккандан кийин ал өзүн өзү атып өлтүрөт. Биздин азыркы депутаттар ушуга баралабы? Же уурулугун ачкан кишинин өзүн атып өлтүрөбү? Кээ бир өзүн акылман сезген саясатчылар мурунку ууру президенттерибизди аяп, жакшы кишилер эле, күнөөсүн кечип: «Экс-президент дейли» – деп жан үрөшөт. Элдин жүздөгөн, миллиондогон акчасын уурдагандарды кечирип, он сом уурдап он жылга кесилген жетим бала жөнүндө ойлобогон депутат же президент да адамбы? Менимче, андай адамдар президенттикке, депутаттыкка эмес, ошол уурулар менен кошо жазага тартылууга татыктуу.

Бизде элдин 30дан бир аз ашуун пайызын кыргыз эместер жана кыргыз тилдүү эместер түзгөндөн кийин аларды каякка кошобуз деген суроо туулат. Кыргыз тилдүү эместерди вице-президент, вице-премьер, премьерлик кызматтарга койдук. Бир нечесин элчи кылып жиберишти. Бирөө дагы кыргыздын улуттук кызыкчылыгын коргогон жок. Уурдап-тоноп тоюп алып, качып кетишти. Калгандары да качат. Себеби алар керт башынын гана кызыкчылыгын ойлошот. Орус тилинин официалдуулугу, Россияга кош граждандык да ошолор үчүн табылган нерсе.

Өткөндө бир агабыз айтат: «Азыр кыргыз эли, Кыргыз мамлекети ушунчалык оор абалга келди. Мындан чыгыш үчүн эң биринчиси, бардыгына кайыл болуп, төшүн тоскон чечкиндүү президент керек. Экинчиси, элдин турмуш деңгээлин көтөрбөсөк, акырындап бай жашаган майда калкка кул болуп кала беребиз». Бул сөздүн артында терең ой жатат. Себеби совет бийлиги орногонго чейин көптөгөн кыргыздар Токмоктогу бай дунгандардын, орустардын кулу (чааракери) болуп келишкен. Азыр ошол көрүнүш кайталанууда жана күчөөдө.

Кыргыздын жарды болушуна Токмоктогу, Александровкадагы дунгандар, Оштогу, Жалал-Абаддагы бай өзбектер эмес, ошолорго парага сатылган кыргыз жетекчилери күнөөлүү. Парага байып алышып өз элинин кызыкчылыгын коргогондун ордуна алардын добушун алабыз деп кыргыздын ырыскысын сатып жатышат. Азыркы жаштардын (кыргыздардын) маданияты улуу муундагы кыргыздардын маданиятынан башкача. Буларда кыргыз духу жок.

Батыштан келген жаман сапаттарды рынок шарты, цивилизациянын жеткен жери деп кабыл алышып, улуттук кызыкчылык тебеленип жатат. Биздин милдет – ушул турган азыркы жаштарды бизден да ашык улуттук маданияты бар адамдардан кылып тарбиялашыбыз керек. Өз элинин тилин чануу маданияттын белгиси эмес. Аны мен азыр ача калганым жок, аны адамзат ардактаган улуулар айткан.

Салижан Жигитов: «Кыргыздар орусча айтмайынча ишенбейт» – дейт эмеспи. Мен улуу Гегелден орусча келтирейин: «Один из высших факторов образования – говорить на своем языке. Народ принадлежит самому себе».

Жакында өзүн улуу тарыхчымын деп, убагында депутат болуп жүргөн бирөө: «Мен европалык цивилдешкен кыргызмын» – деп орусча төшүн кагат. Убагында ал депутат иш кагаздарынын кыргызча жүргүзүлүшүнө каршы турган.

Менимче, бул жерде эч кандай улутчулдук жок. Тескерисинче, кыргыз улутунун мамлекеттеги мааниси артка сүрүлө баштаганына кооптонуу бар. Кээ бир иши алдыга жылып, анча-мынча байлыкка жеткен чолок акыл саясатчы сөрөйлөрдүн ою боюнча мындай коркунуч жокко эсе. Чынында кыргыздардын азыркы күндөгү абалын байкасак, айыл жергесиндеги, шаар базарында отурган элдин, бардык деңгээлдеги башкаруучулардын интеллекти башка улуттарга салыштырма кыйла төмөн экендиги тынчсыздандырбай койбойт. Деги, улуттук идеология деген эмне? Биздин кошуна мамлекеттердин улуттук идеологиялары барбы? Эгерде бар болсо, бизден эмнеси менен айырмаланат? Же Казакстан жалаң жаратылыш байлыгы менен, Өзбекстан Каримовдун авторитардык саясаты менен өнүгүп келдиби? Орустардын, грузиндердин идеологиясы кайсы? Алар: «Биз Европабыз, Европага кошулабыз» – деп коюшту. Бул алардын идеясы. Казактар таза казакча сүйлөгөнгө өттү. Кыргыздар 1000 жылдан ашык монголдордун, өзбектердин, орустардын хандыктарынын курамында болуп, бирок көз каранды болгон эмес.

Кыргыздардын улут болуп өз алдынча мамлекетке ээ болушуна орустардын эмес, коммунисттик идеянын, советтик системанын ролу зор. Кыргыздарга мамлекетти белек кылып берген 1917-жылдагы Октябрь революциясы менен 1991-жылы үч славян өлкөсүнүн президенттери Б.Ельцин, Л.Кравчук жана С.Шушкевич деп жогоруда айттык. Кыргыздан элинин саны, интеллекти, жаратылыш байлыгы жагынан алда канча артык татар, башкыр, уйгурлардын эмдигиче өз мамлекети жок. Азыр биз, ошол кудайдан белекке келген мамлекетибизди чыңдап, эмдигиче: «Оруссуз күнүбүз өтпөйт» – деп карапайым калкка «кара тумоо» тараткан, кудум, мисалы, англис тилинин анчалык мааниси жок сыяктанып, орус тилисиз илим-билимден артта калабыз деген кулдар психологиясынан арылбаган башкаруучулар жана билимдүүлөр чөйрөсүн тикесинен тургузушубуз керек.

7-апрелдеги курман болгон балдардын улуту болгон кыргыздар, дүйнөлүк деңгээлдеги улут болууга толук акысы бар. Ошондуктан, жалаң эле экономиканы эмес, жалпы кыргыз элинин улуттук деңгээлин мамлекеттик мааниге көтөрүү – улуттук идея болушу керек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз