Аалы Молдоканов: Мамтилдин маршалынын кош махабаты

Айтматовдун атактуу «Ак кемеси»: «…баланын эки жомогу бар эле» деп башталгандай, бүгүн маданий коомчулук 85 жылдыгын таажытумоо шартында белгилеп жаткан белгилүү сынчы жана адабиятчы, акын жана прозачы, коомдук ишмер Камбар аке Бобуловдун өчпөс кош махабаты бар эле.

Эч бир күч кебелте албайт деген СССР чак түштө эле чалкасынан кетип, чакчелекей түшө баштаган өткөн кылымдын 90-жылдарынын соңунда элди ээрчип, биз да азаттыкка умтула баштадык. Чыныгы азаттыктын биринчи белгиси – көптөр ойлоп жүргөндөй – экономика, акча же дин жана саясат эмес, ошол мамлекеттин уюткусун түзгөн элдин эне тили экенин анда көп эле адам түшүнгөнсүгөн. Ошентип, күн менен түн теңелген табияттын ыйык күнү – 1989-жылы тогуздун айынын 23үндө «Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө» өлкөнүн биринчи мыйзамы колубузга тийген. Ага атактуу чабан агабыз, үч жолку эмгек батыры Таштанбек Акматов парламент баштыгы катары колун коюп бекиткен. Аны ишке ашырууну дагы бир баатыр агабыз Камбаралы Бобулов жетектеген «Кыргыз тили» коому колго алган болчу.

Камбар акенин жалындаган жаштыгы «өнүккөн социализмдин» бүктөмдөрүндө калганы менен, 60 жашка таяп калганда атактуу сынчы тилдин аркасы менен парламентке келип, Акаев, Шеримкулов баш болгон даражалууларды өлкөнүн башкы тирибунасынан: «Эй, кыргызча сүйлө!» деп зекип, добулбас кагып турганы алгачкы жылдары бийликтин аткарылбаган жарлык, токтомдоруна караганда күчтүүрөөк таасир берген эле.

Камбар акенин мамтилге мамилесин, ички сезим-туюмун таасындоо үчүн анын алгачкы курултайда айткандарын толугураак күбө тартабыз: «Менин айыкпаган дартым жана арманым кыргыз тили. …Эл тагдыры – тил тагдыры, тил тагдыры –эл тагдыры. Тактап айтканда тилсиз эл болбойт, элсиз тил болбойт. Байыркы тарыхы бар кыргыз элим 2000 жылдан ашык ушул улуу жолунда эмне деген кыйын кезеңдерди башынан кечирбеди. Өзүнүн жерин, боштондугун жана ыйык тилин коргоп жана сактап ушул күнгө жетип, өз эне тилинде эмне деген элдик ырларды, санжыраларды, макал-лакаптарды, “Манас” башында турган өлбөс эпосторду укум-тукумга калтырды.

Тил жөнүндө кыргыздардын жүрөгүндө жашаган учкул сөздөр, улуу сөздөр бизге мурас болуп калды. Мен алардын баарын санап отурбай, адам денесин дүркүрөтүп, курч сезимин ойготкон бир улуу макалын мисал катары келтирейин. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген алмаздай курч макал элдин тил эркиндигинин, сөз эркиндигинин туу чокусу . «Башымды алсаң ал, бирок элдин таламын талашкан, ырын ырдаган, сулуулукту жана боштондукту жактаган тилимди кордобо, деген мааниде. Ал менин элдик байлыгым жана сыймыгым дегендик эмеспи…

ЭНЕ ТИЛ деген кандай ыйык сөз. Адам баласы башына эң чоң коркунуч түшкөндө энесин эстейт, согушта да «апа» деп окко учат. Мен республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти катары чындыкты жашырбай айткым келет. Кыргыз тилин «мамлекеттик тил» деп Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алганыбызга үч жылга жакындап баратат, бирок ушул күнгө чейин бул мыйзам кагазда гана калууда. Бул үчүн биз кыргыздар өзүбүз гана күнөөлүбүз. Урматтуу курултай, биринчи кезекте кыргыздарды кыргызча сүйлөтө албай, “Кыргыз тили” коому чарчап бүттү. Кыргыздардын улуттук ар-намысы начар өнүккөн. Эгерде биз өзүбүздүн элдин тилин урматтабасак, Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам иш жүзүнө ашпайт. Бул жөнүндө сессияда, башка жерлерде айтып тилим тешилди, жаман көрүнүп бүттүм. Атайын барып республикалык академиянын, жогорку окуу жайлардын, министирликтердин имараттарына барып көргүлөчү, көпчүлүгүндө жазуу-сызуу орус тилинде. Биз кыргыздар өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт эле. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кенешинин жана Министрлер кабинетинин аппаратынын иш кагаздары кыргыз тилинде жүрбөсө, ал жерде кыргыз тилине болгон мамиле өзгөрбөсө, кыргыз тили мамлекетик тил болбойт. Башка уюмдар жогорку жакты карап отура беришет. Урматтуу Аскар Акаевич! Кыргыз тилин урматтабай, ал жөнүндө мыйзамды иш жүзүнө ашырбаган бир министирди, бир окуу жайдын ректорун жана бир-эки район акимин өзүңүздүн президенттик указ менен кызматтан алганыңызда гана Кыргыз тили жөнүндөгү мамлекеттик мыйзам иш жүзүнө ашат».

Ушул керез сөзүн кайран Камбар аке баш бийликке жолдогондон берки 30 ЖЫЛ ичинде мамлекеттин тил мыйзамына байланыштуу бир кызмат адамы ишинен айдалмак тургай, эскертүү да ала элек. Тетирисинче, көп жылдан бери жан үрөп, жакшы иштеп жаткан жалал-абаддык тил адиси Үпөл Асаналиеваны жергиликтүү бийлик, тил төрагасы Азимжан Ибраимовду борбордук бийлик ишинен кетиргенин эстеген сайын, коргой албаганыбызга бетим чымырай берет… Кайран гана Камбар аке! Кыргыздын улуттук ар-намысы начар өнүккөн деп ошондо эле пайгамбардай көсөмдүк кылган экен. Өзүбүздүн ыкшоолугубуздан 30 жыл ичинде 30 кадам жыла албадык.

Акаев бөтөнзордук менен «легендарлууларды» таратып ийген соң, кирген буурадай бакырып турган баягы Бобулов жоошуду. Кажары да, кайраты да кетип, мокой түштү. Айлакер Акайыч айланасындагы топ чыккынчынын колдоосу менен Мамтилдин жаназасын окуп, эч жерде жок жорук баштап, орус тилин төргө өткөрүп жатканда Камбар аке кайтпас кеселге кабылган эле. Президентти шыкактаган кошоматчы шакирттерин «балдар, койгула, улут алдында уятка каласыңар» дегенди айта албаган оор абалга кептелген. «Эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени» дегендей, Камбар акени катуу кабатырланткан эне тилдин оорусуна эми аны кусага саргарткан үй бүлөлүк махабат кесели кошул-ташыл болуп, касабадай калдайган кайран киши өчүп бараткан.

Буга чейин анын атагын чыгарган мамлекеттик тил эми жаш кездеринде шилекей алышкан акыреттик жан достору болуп жүрүшүп, ал борборго окууга кетип, мындай чыгары менен кыз алган жарын үч баласы менен бузуп алып, чет өлкөгө кире качкан элдешкис душманын жана бул бузукулукка ортомчу болгон экинчи эски досун кызматка байланыштуу аргасыздан бир мекемеде – Тил комиссиясында бет маңдай отургузуп, махабат мажнунунун айыкпаган эски оорусун картайганда кабылдатып, акыры ал жандуу дарт мамлекеттик тилдин маршалын алып тынган.

Андан бери кыйла суу акты, чачылган чабал өлкө аз-аздап баш көтөрүүдө. Кейиштүүсү – кылым карыткан кыргыз тилинин кол башчысы К.Бобулов, ага удаа эле элибизге Камбар агадан ашпаса, кем кызмат кылбаган жаш кездеги достору Ишенбай менен Салижан 70ке чыгып-чыкпай биринин артынан экинчиси жаш кезде талашка түшкөн байбичелери менен кошо ээрчишип кайта келбес чын жайга узап кетишти.

Түбөлүк жайда, балким, достор кайра табышкандыр, кечиришкендир… Камбар аке өмүр бою аздектеп, өчпөс поэзияга айландырган өзүнүн Лалаханын тосуп алгандыр. Экинчи арманы болгон эне тилинин эмки абалына баягыдай эле туталанып, кейип-кепчип жаткандыр…

Мамлекеттик тил майрамын 20 жылдан бери Камбар акесиз тосуп жатабыз. Эл артисти Элмирбек Иманалиев Алматыга барганыбызда «Кыргыз барда казак бар, Камбар өлсө,Казат бар» деп жубаткан эле. Камбардын жакын үзөнгүлөшү Казат аке да,анын жолун ийгиликтүү уланткан тил төрагасы Ташбоо Жумагулов да, тилин, элин алардан кем сүйбөгөн, тил үчүн, эл үчүн күйгөн агаларын терең урматтаган Элмирбек да, ар бир сабы жүлүндү куйкалап, жүрөктү титиреткен акын Зайырбек да Ысмайыл төкмө айткандай, “Көлдөн учкан бууга окшоп, көрүнбөй кетти асманга”.

Кыргызга күйгөндөр бөксөрүп, кыргызды күйгүзгөндөр таажытумоодой өөрчүп барат…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз