«Улутчул» атка конгон Юдахин жана улуу муун жөнүндө сөз

Ооруканада төрттөн киши бир столдо отуруп, үч маал тамак ичет экенбиз. Мени академик Константин Кузьмич Юдахин, кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялинов, жигит курагынан министр кызматында жүргөн Узак Жыргалбаевдей атактууларга кошуп отургузушкан. Бала чагыман биздин үй-бүлөдө «быссымылда» деп тамак ооз тийип, «оомийин» деп бата кылганга көнгөнбүз.

Ооруканада улуу кишилерден ыйбаа кылгандыктан аларга көп байкатпай бата кылуу ишаратын жасап жүрдүм. Бир саам Константин Кузьмич тамагын бизден мурда ичип, ордунан турбай отурду. Берки эки карыя ичип бүтүп тура берерде, Константин Кузьмич алакан жайып: «Оо, Жараткан Алла, ичип-жеген тамак-ашыбыз жагымдуу болсун десең, бата кылганды унутуп, дасторкондон тура качкан карыяларга каарыңы төкпөй кайрымдуу боло көр, Жараткан!» деп куюлуштура баштаган какшык аралаш тамашалуу батасын толук эстеп калбаганыма өкүнөм.

Кыйла жылдар бою калайык-калктын сый-урматында келаткан эки карыябыздын бирге басып-турганын мурда көрбөптүрмүн. Экөөнүн арыкчырай турпаты, мүчө түзүлүшү, жаш курагы, кыял-жоругу, сөзгө сараң өтө токтоо, сыпайы мүнөздөрүнө чейин эгиздин түгөйлөрүндөй окшош сыяктанды. Алар унчукпай келип, унчукпай отуруп, унчукпай тамак ичип, бата кылбастан унчукпай туруп кетишчү.

– Ай, Константин, ай, Константин... Мен сени капыр деп жүрсөм, мусулман турбайсыңбы... – Касыке баш чайкап күлгөн эле ошондо.

Бир күнү эки карыя жок, Константин Кузьмич экөөбүз тамак ичип отурдук.

– Жигит, мен сизди кайдандыр көргөнсүйм, же окшоштуруп атамбы? – деп калды Константин Кузьмич.

– Мен сизден окугам, агай, университетте. Курсовой работама жетекчи болгонсуз, – десем, ойлоно калды.

– М-мм... Курстук ишиңин темасы эмне эле?

«Сизден» «сенге» өткөнү кулагыма жакшы угулду.

– Диалектология боюнча жазгам, агай.

– И-и, коё турчу... Эстедим, эстедим... – деди өзүнө өзү сүйлөп. – Калп айтпасам сени тилчи бол десем керек эле?..

– Ооба, агай, «бол» дегенсиз, бирок мен...

– «Болбой моюн толгогом» дечи? – Агайым күлбөй тамашалады. –Эмки кесибиң эмне?

Буйдала түшүп:

– Пьеса жазам, агай, – дедим.

– Пьесабы? Эмне пьесаң бар? – Константин Кузьмич кызыгып сурадыбы, же жөн эле сурамыш болдубу? Билинбеди.

– «Атанын тагдыры», «Миң кыял»...

– «Атанын тагдырыбы?» Кабарым бар. Театрга бара албай жүрөм, чолоом тийбейт. Чолоом болсо, унутуп коём. Карылыгың курусунчу, адамды мазактайт экен. – Константин Кузьмич адатынча күлбөй тамашалуу сүйлөдү. – Короого кире берер калиткама: «Профессор Юдахин К.К. саат 14төн 16га чейин кабыл албайт» деген жазуу илдирип койгом. Бир күнү үйгө келатып, алиги жазууну окудум, саатымы карасам, Юдахиндин кабыл ала турган убактысы өтүп кетиптир: «И-и, кечигипмин, эртең келейин» деп, өзүмүн Юдахин экеними унутуп, кайра кетип калып жүрбөймүнбү. – Константин Кузьмич күлгөн жок. Мен күлдүм. – Ушундай, баатыр, унутчаактык жосун башыман көп өтчү болду. Кабинетимде отуруп, жазып аткан ишиме тиги, же бу окумуштуунун айтканы керек болуп калса, кайсы китепте экенин эстейм, китеп кайсы текчеде экенин да билем. Тепкич коюп чыгып жеткиче, эмнеге чыкканымы унутуп, издей берип шайым оойт. Ошондо бирөө эстете койсо, дароо тапмакмын. – Агайдын айтканынан тамашаны, кейигендикти байкабадым. Жөнөкөй гана боло жүргөн күнүмдүк турмушундагы маалыматтай туюлду.

Көчөдөн жолугуп: «Ким элең?» десем, таң калба дегени эсимен чыкпайт. «Улутчул» деген терминди укпаган адам жоктур. Дүйнө жүзү бирдей түшүнбөйт аны. Айрым өлкөлөрдө патриотизмдин түгөйү катары бааласа, кайсы биринде, маселен, Советтер Союзунда өз улутун башка улуттарга каршы койгон, башка улуттарды кемсинткен гитлердик Германиядагыдай саясаттан айырмасы аз, зыян саясат деп түшүнчүбүз. Дале ошо көз карашта келатабыз. Эгемендүүлүктөн кийин улутчулдукка үгүттөгөн үндөр угула калчу болду. Кыргызстан көп улуттуу өлкөбүз. Кыргыз болгонубузга сыймыктана билбесек, ийгилигине ийгилик кошуп, мүчүлүшүнө кабыргабыз кайышпаса, анда кыргыз болбой куруйлу!

Ал эми көп улуттуу өлкөдө бир улуттун артыкчылыгын даңазалаган саясат жакшылык менен бүтпөсүнө көз жумгандан Кудай бизди сактасын дейли. Советтер Союзунун урап түшкөнү буга күбө. «Улутчул» деген жалаанын азап-тозогун 1950-жылдардан кийин тарткандарды эле эстесек, өмүрүн кыргыз калкынын илим-билимдүү, маданияттуу өсүп-өнүгүшүнө арнап, «Манас» эпосун, руханий мурастарыбызды изилдеп, элге таркатууда сиңирген эбегейсиз сабаттуу ийгиликтери үчүн Зияш Бектенов, Ташым Байжиев, Тазабек Саманчин сүргүнгө айдалган, Кусеин Карасаев, Болот Юнусалиев, Жапар Шүкүровдор куугунтук жеп, Константин Юдахин орус болуп туруп, тигилердей «улутчул» деген балээге калган. Ошондо Константин Кузьмич айып таңуулагандарды шылдыңдап: «Кайсы байкуш мени улутчулдарга кошту экен, орусту «улутчул» дебейт» деп, өзүн өзү жазадан куткарып калганын угуп кубанганбыз.

*     *     *

Түшкү тамактан кийин он чакты кыргыз аркы-беркини кобурашып фойеде отурган. Мен да бар элем. Узун бойлуу, алтымыштар чамасындагы арык чырай, ким экенин, аты-жөнүн билбейм, сыпайы бирөө: «Көзүм соодой карап турат, оорубайт, барбагандын баарына бардым, шыбаа жок» деди эле, белгилүү жазуучу Насирдин Байтемиров: «Эй, көзгө кузгундун чечекейи миңдин бири. Илгери Жумгалда көзгө атар мерген болгон. Жашы өөдөлөп картайганы көзү азиз боло баштап, мергенчиликке жарабай калат. Бир күнү боз үйгө жөлөнүп тышта отурса, тээ асманда бирдеме айланып жүргөнсүйт: болду-болбоду кузгун болуш керек деп, үйүнөн мылтыгын алып чыгып, октоп мээлесе бүл-бүл, тарс бир койсо, «топ» этип астына түшүптүр. Кузгундун бир чечекейин бу көзүнө «бырс» тамызып, дагы бир чечекейин бу көзүнө «бырс» тамызса, тогуз кырдын ар жагын көрүп калыптыр, беш жүз чакырым экен, жолдоштор!» деди.

Отургандардын бирөө: «Насыке, Кудайды карап калп айтсаңыз боло, кантип эле беш жүз чакырымды көрсүн?!» десе, Байтемиров: «Эй, мага ишенбесең, кузгундун өзүнөн барып сура» деп басып кеткен. А жердегилер боорубуз калбай каткырганбыз. Арабызга Аалы Токомбаев келип кошулду. «Келиңиз, Аалыке» деп орун бошоттук. Ага жакында эле Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган болчу. Сөздөн сөз алмашып, бөдөнө уруштурган байге жөнүндө бирөө кеп козгоп: «Бөдөнөнү жеңине салып жүрүп, тумшукка черте берсе, бөдөнө «сотресение мозг» болуп, аябагандай урушчаак болуп калат экен» деп айтып атса, Насирдин Байтемиров келип калды. Анын тор жайып, бөдөнө кармаган мыкчегерлигин укчубуз. Кезинде Аалы Токомбаев экөө ажырагыс достордой ынак эле, кийин аралары ажырап кетиптир. Токомбаев Байтемировго тийишкиси келди окшойт:

– Сизди бөдөнөчү дейт ко? – деди.

– Ооба, ооба, кармайбыз! – деп Байтемиров жандана түштү.

– Сизди ургаачысы болуп алып чакырат дейт ко? – деди Токомбаев илгерки досун кемсинте. Байтемиров кыжырлана калып оңолду да:

– Ооба, чыйп-чыйп чакырасың, келе берет. Чыйп-чыйп чакырасың, келе берет. Аксагы келет, тескеги келет. Карысы келет, жашы келет. Герой соцтрудасы кошо келет дегенде дуу каткырдык. Каткырбаска арга жок эле. Аалыке же күлөрүн билбей, же күлбөсүн билбей, Байтемиров ары басып кеткенде: «Жинди да, жинди да» деп тим болгон.

*     *     *

«Спецтин» жаңы имараты кийин салынды, эскисинде дарыланчубуз. Палаталар тар. Калем кармап, кагаз чиймелемек түгүл, китеп окушка шарт жок, зериккенден түнү бою эмнелерди гана ойлобойт адам. Өзүнөн өзү эсиме Мукем (Муратбек Рыскулов) келчү болду. Он ай мурда көзү өтүп кеткен. Мукем бизди «жаш курбуларым», «жаш теңтуштарым» деп коёр эле. Биз дегендерим – Төлөмүш Океев, Кадыржан Кыдыралиев, Ашым Жакыпбеков, Сагын Ишенов, Мар Байжиев, кинонун дагы башка балдары. «Теңтуш» деп койсо, биз Мукеме тең ата болуп дердейчү эмеспиз, Мукеми ого бетер урматтап, тамашалуу кездерди бирге көп өткөрсөк да а кишинин көзүнчө алды-артыбызды абайлап жазганчубуз, ойноп отурсак да сыйлап турчубуз.

Мукем жөн гана көңүлүбүздү улагандан, же куудулдангандан ошентип «жаш курбулар» дечү эмес бизди, чынында эле сыйлашкан курдаш сыяктуу болчубуз. Кыйынсынып, менменсинип, манчыркануу дегенди билчү эмес. Мукем биз менен жолугушкусу келип турчу, жолугушуу үчүн шылтоо издечү, биз менен чогуу жүргөндү жакшы көрчү. Баамымда, анын себеби мында го: таланты бийик чыгармачылыкта талыкпай изденген адам жашы өөдөлөп улгайган сайын жигит курагына, жаштык кезине куса болот көрүнбөйбү. Аны жоготуудан коркот окшобойбу. Жаштык куракты көңүлдөн жоготкон күнү чыгармачылыктын жалыны өчүп, «чымыны» өлөрүн Мукеңдей адамдар табиятынан туят болуу керек.

Мукем өзү курдуу курбу таппай калганынан, же кайрадан бала болуп жашарайын дегенинен биз менен «теңтуш» болуп жүрбөгөн чыгар? Мукемин өзү курдуу курбулары көп болчу. Бизден, биздин кыял-жоруктан, күлгөн күлкү, оюн-тамашабыздан Мукем, мүмкүн, өз жаштыгын, жигит курагын көргөн чыгар? Ошондуктан биз менен «курдаш» болуу Мукем үчүн кымбат да, кызык да болгондур? Чындыгы ушу!

Эмне үчүн бизди тандады экен? Кайсы сапатыбыз жакты экен ага? А балким, жакпаган жактарыбызга, тетири кыялдарыбызга кызыгып, артистик өнөрүнө жем издегендир? Жок, андай эмес, антип мен ыйманыма шек келтире албайм. Мукем бизди жакшы көрчү, жактырчу. А эмне үчүн бизди жактырчу? Ким билсин аны? Ага жооп издөөнүн деле кажети жоктур. Жанындай жакшы көргөн кызы Нуржамал турмушка чыкканда, мени өкүл ата шайлаганына ишенип-ишенбей таңыркап:

– Муке, дөө-шаа досторуңуз турса, өкүл атага мен жарабайм, жаңылдыңыз окшойт, – десем, Мукем каадасынча тамаша-чыны аралаш:

– Дөө-шаа досторум биригип сенче боло албайт... – деп карс-карс каткырып кутулган.

Мукем «жаш теңтуштарын»:

– Силер шайыр балдарсыңар. Бирөөнү ушактабайсыңар. Айткыңар келсе түз, бетке айтасыңар. Чыгармачылыкка калыссыңар... – дечү.

Мүмкүн, ушу сапатыбыз көңүлүнө туура келгендир? Же мүмкүн, кинонун чөйрөсү Мукеми магнит сымал өзүнө тарткандыр? Анткени өңгөсүн айтпаганда да, искусство дүйнөсүндөгү көркөм-эстетикалык жаңылыктар киного эртерээк жетет. Ошо да кызыктырышы ыктымал.

Мукем дайыма чыгармачылыгын дат бастырбай сүрөткерлик бою-башына каранып жүргөн түйшүкчүл артис болчу. Искусство дүйнөсүндөгү жаңылыктар менен кошо жаңыланып турууну көздөп, мүмкүн, киночөйрөдөн кол үзбөс үчүн да бизди «курдаш» туткандыр? Мындай болсо да жөндүү. Айтор, эмнеси болсо да Мукем бизге умтулуп, биз а кишиге умтулуп, ынтымактуу доор өткөргөнбүз. Мукемин «жаш теңтуштары» – биз ошого сыймыктанчубуз.

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз