(“Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос” аттуу китептен).
“Жамийла” бизге улуттук эростун паттерндери – үлгүлөрү, модели, формасы – жөнүндө сөз кылганга да негиз берет.
“Жамийла” жазыла электен он беш жылдай мурда универсалдуу “маданий теология” – аны диалектикалык теология, жаңы ортодоксал теологиясы ж.б. деп да аташат – агымынын көрүнүктүү бир өкүлү, протестант философу сүйүүнүн эң жогорку формаларын түшүнүүдөгү өзгөчөлүктөр Батыш жана Чыгыш маданиятынын өзөктүү айрымачылыгын түзөт, адамдардын дал ушул чөйрөдөгү мамилелеринде христианчылыктын бардык башка диний, маданий салт-санаалардан артыкчылыгы таасын көрүнөт деп ырастаган экен (Paul Tillich -Паул Тиллих. Love,Power and Justice – Любовь,сила и справедливость. 1954).
Мындай ой жорумду азыр төгүндөө кыйын деле эмес. Буга христианчылыктын тарыхы өзү эле жакшы танык болуп берет. Мисалы, Рим католик чиркөөсү эросту чоң күнөө деп эсептеген. Бешинчи кылымда дин кызматкерлерине үйлөнгөнгө же күйөөгө тийгенге тыйуу салган. Никенин өзү көзү ачылбаган караңгы массанын энчисиндеги иш катары таанылган. Мындай мамиле дээрлик он кылымга созулган.
Чиркөө айрыкча аялдарга калганда жүнү тетири айланып турган замандар болгон. Буга Тертуллиан, Амброзий жана Иероним өңдүү диний ойчулдардын эмгектери негиз берген.
Алардын көбү аялды Адамдын кабыргасынан жаралган, ошондуктан ал эркектен кийинки экинчи орунда турат, аны – “бекемдиги жана туруктуулугу жок жаныбар” (Августин), “оңунан чыкпай калган эркек” (Аквинский), “тозоктун дарбазасы” (Тертуллиан) маанисинде сыпатташкан. Еваны – жамандыктын символу, эркекти (Адамды) кудай жолунан чыгарган, биринчи күнөөгө кириптер кылган азыткы аташкан.
Апостол Павел (Саул) адамзат тарыхындагы эң ашынган мизогинист (misogynist – аялды жининдей жек көргөн адам) эсептелет. Буга анын Библиядагы сөздөрү себепчи болгон. Бирок америкалык библеист, кудайтааным доктору, профессор Барт Эрман (Bart Ehrman) ал сөздөрдү апостол өзү эмес, андан бир кылым кийин жашаган белгисиз бир автор жазган деп ырастайт.
Атап айтканда, ал “аялдар өз пикирин айтып, авторитет күтүп, эркектерге акыл үйрөтө баштаганына” кооптонуп, муну токтотуу керектигин айтат. “Эгер аялдар көккө (бейишке) чыккысы келсе, - деп көрсөткөн апостолдун атына жамынган белгисиз автор, - алар оозун басып, бала төрөгөндү гана билиши керек”. Ал ошондой эле аялга биринчи ирет эркекти башкарганга укук бергенде Эдем багында эмне болду эле деп эскертет. (Бул икаяны этюддардын “Жамийла жана Лилит” бөлүгүндө кеп кылабыз).
Иши кылып, профессор Эрмандын айтымында, эртеги христианчылыктын доорунда чиркөө аялдар маселесинде кыйын-кыстоо жагдайга туш болуп, апостолдордун атына жамынып, ыйык китептеги айрым жоболорду өзгөрткөнгө аргасыз болгон.
Мизогинизм диний фалсафада эле эмес, байыркы мифологияда, эллин маданиятында, философиялык системаларда да ачык көрүнгөн. Жадесе атактуу Аристотел деле эркектин үй-бүлөдөгү бийлигин саясий ишмердин бийлигине салыштырып, эркек табияты жагынан, айрым жагдайларды эске албаганда, аялга караганда жетекчилик кылганга алда канча жөндөмдүү келерин белгилеген.
Андан кыйла кийинки, бизге жакын кылымдарда австриялык философ Отто Вейнингер ургаачы затын адам баласынын тукумуна кошкусу келген эмес. Анын концепциясында “эң жаман эркек эң мыкты аялдан өйдө турат” (“Пол и характер. Принципиальное исследование”).
Андан да кызыгы – диалектиканын атасы кадимки Гегель адамзат деген түшүнүккө ургаачыларды киргизген эмес, адам баласы деп ал өңчөй эркектерди тааныган. (“Феноменология духа”. 1959, с.246).
Мизогинизмде Артур Шопенгауэр айрыкча айрымаланган. Бу маселеге ал өзүнчө эле бир философиялык трактат арнаган десек болот.
Философтун ойлорун топтоштуруп айтсак, ток этери мындай: аял дене түзүлүшү жагынан эркекке тең келбейт, анын бою корто, ийни кууш, соорусу томпогой болот; аял жыныс ышкысынан акылы карайлап калган эркекке гана сулуу болуп көрүнөт, анын бар болгон сулуулугу мына ушунда; калган учурда аял эч кандай эстетикалык касиетке ээ эмес, ал не музыканы, не поэзияны, не көркөм өнөрдү түшүнө албайт, кокус ушул иштерге ынтаасын көрсөтө турган болсо, ал муну бар болгону эркекке жагыныш үчүн гана жасайт, аялдын кылыгы маймылдын кылыгындай эле нерсе.
Өздөрүн өнүккөн маданият деп эсептеген европалыктардын буга окшогон өрөскөл ой жорумун өзөртө сынга алгандар да болгон. Ошолордун бири, учурунда “гуманисттердин князы” атыккан Эразм Роттердамский өзүнүн “Кемпайлыктын мактал сөзү” - “Похвальное слово Глупости” же “Похвала Глупости” (1509) – аттуу өлбөс-өчпөс сатирасында бул темага атайы кайрылгансып, “аял деген, албетте, мал сыяктуу маңыроо келет, бирок ал эркекти абдан суктанткан керемет жана келбеттүү макулук” маанисинде ашынган мизогинизмди таамай такмаза кылган.
Эми биздин улуттук эроско келсек, карапайым аң-сезимде аялды басмырлаган түркөй түшүнүктөр ушу азыркы кылымда деле кездешет. “Алтын баштуу аялдан бака баштуу эркекти артык” көргөн сокур көз караш али да кала элек. Жок дегенде бир аптада аялдын жинин кагып турбаса кутуруп кетет деген зөөкүр идея менен жашагандар табылат.
Мал уурдагандан бетер кыздарды ала качып, айрым учурда анын арты трагедия менен аяктаган окуялар болуп жатат. Кыз жыргай турган жерине ыйлап барат деген эски “философиянын” күчү дале күүсүнөн тайа электей сезилет.
Ошол эле учурда кыргыздын элдик эйдосу карапайым аң-сезимдеги мизогинизмдин мындай чекене эпкиндерин европалыктардай эзели концептуалдык деңгээлге чыгарбаптыр. Бери эле дегенде аялзатын физиономиясынан тартып акыл-парасатына чейин кемсинткен же ачыктан-ачык келекелеген андаза-апаздар не элдик ырларда, не дастан-кыссаларда, уламыш-жомоктордо, дегеле улуттун бүткүл чыгармачылык дасмиясында кезикпейт.
Тескерисинче, ургаачы затынын аруулугу, назиктиги, сулуулугу, акылы менен эрдиги, айтор, бардык асыл касиеттери элдик эстетиканын бийик үлгүсүнө жеткирилген.
Изилдөөчүлөр туура белгилешкен: кыргызда Умай энеден башталган ургаачынын культу күчтүү болгон. (C.М.Абрамзон. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Ф.,1990. с.292-297). Орхон-енисей таш жазмаларында, тагыраагы, Төнүкөктүн эпитафиясында Умай эне үч кудайдын бири аталат -Таңрi, Umai, udug Jar sub (жер-суунун эгеси).
Ошол доорлордон көп өтпөй, болжол менен XII кылымдарда кыргызда Акыл Карачач жашап өткөн. Ал кадимки Жээренченин келини аталат.
Айтылуу чечен кайсы бир күнү акылсыз хандын касабына калат, ошондо Карачач акылы, сөзмөрлүгү менен алакөөдөк ханды кепке сындырып, кайнатасын анын каарынан куткарат, ага кошо өз эркиндигин сактап калат.
Көрүнүп тургандай, бул уламышта биздин эл аялдын акылын эң акылдуу делинген эркектин акылынан да жогору койгон. Бүгүнкү түшүнүк менен айтканда, Жээренче чечен гений болсо, Акыл Карачач супергений тейинде көрүнүп жатат.
Жаңыл мырзаны алсак, нойгуттардын бир үйүр жылкысын айдап качкан кыргыздын үч баатырын кууп келип, тигилер түн ичинде отту тегеректеп отурганда Түлкүнү көрөт да, купулуна толтурат. Шер мүнөзү бар көрүнөт, анын үстүнө өзүмө теңтуш неме экен, эгер алары чын болсо тийип алайын деп ниет кылат. Аңгыча Жаңылдын тайганы шыйпаңдап тигилердин жанына бара калганда Түлкү: “Шуркуя өзү келиптир!” - деп ордунан ыргып туруп, баары топурап калышат. Муну уккан Жаңыл баары бир шуркуя атым калбайт экен деп, адегенде Түлкүнү, андан соң Үчүкө менен калгандарын сулайта атат.
Мындан биз кыз намысын кыргыз баарынан, анын ичинде сүйүүдөн да жогору баалаганын көрөбүз.
Кыз Сайкалда улуттук эростун дагы бир өңүтү – ургаачы затынын антка, шертке бекем сапатын көкөлөтүү идеясы жатат. Ал эпосто кадимки Манас бабаңдын өзүн аз эле жерден аттан ыргыта сайа жаздайт эмеспи. Ошентсе да ал баатырдын акыреттик жары болгонго убада берет.
Манас көз жумганда Сайкал атайы анын зыйнатына келип тулга отурат, кийин элине барып, баатырдын артынан аркы дүйнөгө кетет. “Тоолор кулаганда” романынын аңытына салганда, Кыз Сайкалды айкөл Манастын такылеттик колуктусу (вечная невеста) деп атасак болот.
Жалпысынан европалыктардын мизогинизми биздин “Манаста” зордукчу, заалим, таш боор эркек катары “кара мүртөз ал эле, катынга касап жан эле” болуп, терс мүнөздө сыпатталат.
Айтор, кыргыздын маданий-адабий мурастарында мизогинизмден гинофилия (gynophilia – грек. Gyne – аял, philia – сүйүү) алда канча артыкчылык кылат.