Эсенбай Нурушев: Чыңгыз Айтматовдун алтер эгосу (Alter Ego)

  • 11.12.2021
  • 5566

"Чыңгыз Айтматовдун көркөм антропологиясы" аттуу макаладан

Чыңгыз Айтматовдун көркөм биософиясы "Гүлсараттан" башталат (аталган макала мында>>>>>) дебедикпи жогоруда. Бул чыгармада жазуучу биринчи жолу элдик уламышты – Карагул (Кожожаш) дастанын эстетип өтөт. Анда Сур эчки кадимки адамча сүйлөп, мергенди каргайт эмеспи.

Мындай ыкма эзелтен белгилүү, ал бардык элдердин жана мезгилдердин мифтерине, уламыш-жомокторуна, жадакалса диндерге мүнөздүү. Муну философияда, адабият таанууда эбактан бери эле антропоморфизм (anthropos – адам,  morphe – түр, образ, форма) деп келатышат.  Анын көркөм-эстетикалык түрүн (aesthetic anthropomorphism) азыркы замандагы постмодернисттик чыгармалардан деле арбын жолуктурабыз.  Эмнеге дегенде " адам эмнени жасаса, табийгат да ошону жасайт деген ишенимди" алмустактан бери эчтеме жана эч ким өзгөртө алган жок (Френсис Бэкон).

Бирок аталган повестте Гүлсары жорго адамча сүйлөбөйт, анын ордуна Танабай, ал аркылуу автор өзү сүйлөйт. Башкача айтканда, жоргонун тигил же бул драмалык кырдаалдагы ички абалын жазуучу баш каармандын ой-санаасы менен туюнтат. Мындай усулду антропоморфизм деп айта албайбыз. Бул башка ыкма, муну биз жазуучунун алтер эгосу (alter ego – "другое я", менин башкача түспөлүм) деп таанысак болот. Көркөм чыгармада негизги кейипкерде тигил же бул өлчөмдө, кээде болсо түздөн-түз, айрыкча лирикалык каарманда автордун өз насили, анын адамдык касиети, ойлоо оролу, дүйнөтаанымы көрүнөт, иши кылып, анын жандүйнөсүнүн мөөрү,  тагы калат.

 "Гүлсараттан" биз Айтматовдун жылкы жаныбарга кандай караганын, анын биоцентризмде айтылган "ички асылнаркын" - кубанычын, кайгысын, жабыр-жапаасын кандай кабылдаганын көрө алабыз. Жан-жаныбарларда адамдардай эле "ички жан дүйнө" болорун азыркы илим, айрыкча нейробиология далилдеди. (Карл Сафина. За гранью слов. О чем думают и что чувствуют животные. - Beyond Words. What Animals Think and Feel. "КоЛибри", 2018).

 Баса, палеогенетиктер бу жаныбардын элүү алты миллион жылдык таржымакалы бар дешет. Ушунча узак тарыхта ал өзү да далай жолу өзгөрүп, адамды да кошо өзгөрткөн. Жылкы жаныбар адамдын эволюциясында ага өнөктөш-жөлөктөш болгон айбанат дүйнөсүнүн бирден-бир өкүлү. (Венди Уильямс.  Лошадь. Биография нашего благородного спутника.  Лучшая книга 2015 года по версии The Wall Street Journal. 2019).

БӨРҮ – БИЗДИН БИРИНЧИ ДОСУБУЗ

Ошентсе да киши баласына биринчи болуп үйүр алган жылкы эмес, таң калат чыгарсыздар, бөрү болуптур, бакма иттердин баары ошол байыркы бөрүлөрдөн тараптыр. Бул иш Муз доору аяктап баратканда, Хомонун тукумдары аңчылык менен жан баккан замандарда болуптур. Алар 20 миң жылдай илгери эле таш бооруна бөрүнүн сөлөкөтүн чегелей башташкан экен .Муну генетика жана археология тармагындагы эң соңку изилдөөлөргө таянып,  эки жыл мурда британдык белгилүү антрополог жана палеоанатом Элис Робертс өзүнүн жаңы китебинде ары бышыктап, ары кызыктуу кылып баяндап берди. (Alice Roberts. Приручение. 10 биологических видов, изменивших мир. -  Tamed: Ten Species that Changed our World. "КоЛибри". 2019).

 "Кыяматтагы" эки бөрү – Акбара менен Ташчайнар – бизге андан бетер кызыктуу. Алардын тиричилигин, таржымакалын, ички дүйнөсүн жазуучу керемет тарыйкада сүрөттөйт. Биз мындай көркөмдүктү Жек Лондондон да ("Ак азуу" –"Белый клык"), А. Чеховдон да ("Каштанка"), башка авторлордон да, мисалы, Г. Троепольскийден ("Белый Бим Черное ухо " -  "Кара кулак куу машке ") анчейин жолуктура албайбыз. Аларда кантсе да айбанаттар дүйнөсүнө кишилик эгонун көзү менен караган ыкма сезилип турат, Айтматовдо болсо, тескерисинче, биологдор айткандай, адамдардын дүйнөсүнө айбанаттар дүйнөсүнөн караган көз караш астам байкалат.

 "Кыяматтагы" эки бөрүнүн баянынан биз өз жашообузду – "акылдуу айбандардын" турмушун, анын көчүрмөсүн, азыркы модалуу түшүнүк менен айтканда, "аватаркасын" (санскрит: avatara –воплощение, инкарнация) көргөндөй болобуз. Акбара менен Ташчайнар Моюнкумдагы чөл бөрүлөрүнүн үйүрүндө  торолушат, тай күчүк маалында табышат. Табият аларга жырткычка керектүү сапаттарды мол берет: экөө тең сезгич, чабытка кыраан, баамчыл, кууса жүйрүк, алышса өмгөктүү көкжалдардан болот. Ушул сапат экөөнү бириктирип, жуп кылат. Көкжал жуптун башчысы, акыл ээси, чабыт баштагычы – Акбара, анын айтканын кың дебей аткара турган жөлөгү – Ташчайнар, ушул мамиле бекем сакталат. Бир жолу гана дөбөтү түн бою дарексиз кетип,таңга жуук бөтөн канчыктын жыты менен келет. Абийири жок акмак дегенсип Акбара анын далысына азуусун батырып, катуу бир каап алат, анан жанына жуутпай, көп күн бою артынан салпактатып ээрчитип койот...

... Өмүрүнүн жыйырма жылын жалаң бөрүлөргө арнап, эки жыл алардын үйүрүндө жашаган грузин этологу, профессор Ясон Бадридзе мындай бир окуяны келтирет: бөлтүрүк кезинен багып өстүргөн бир канчык карышкыры бир ирет капыстан эле аны колкодон алып, аз жерден жара тарта жаздаптыр. Көрсө, биологдон аялдын атыры жыттанып калган экен. Кийин да такыр жанына жолотпой койуптур. Арга жок, аны акыры зоопаркка өткөрүп тыныптыр. "Бөрүлөр өлгүдөй кызганчаак келет",- дейт ал. (Сердце волка – семья. 17 августа 2017. https://sovet.blocknote.info/. Ясон Бадридзе. О волке: что, как и почему. 2019).

Тээ илгери деле эмес, өткөн кылымдын орто чендеринде эле эркек менен ургаачынын ортосундагы ысык ымала киши баласына гана эмес, айбанаттарга, алардын ичинде ири жырткычтарга да мүнөздүү болот деген пикирлерди илимпоз-биологдор: "Койсоңорчу, мунуңар жазуучулардын антропоморфизми (очеловечивание – айбанаттарды адамдаштыруу) эмеспи",- деп кол шилтеп турушчу. Эми болсо нейробиологиялык изилдөөлөр, күнүмдүк байкоолор жаратылыш айбанаттарды эмоциядан куржалак калтырбаганын далилдеди. Алар деле  бизге окшоп өздөрүнө түгөй тандаганды, кызганганды, сагынып-кусаланганды, атүгүл бир-биринин көзүнө чөп салганды да билет экен. (Карап көрүңүздөр: Марк Бекофф. Эмоциональная жизнь животных - Emotional Lives of Animals. 2010; Петер Воллебен. Духовный мир животных. 2018). 

... Аңгыча Акбарада энелик инстинкт ойгонот. Туула турган күчүктөрдүн камын ойлоп, эки бөрү буйтка-буйгаал койбой тинтип жүрүп, акыры жапсарлуу бир ийин табышат. Сөзгө жетилбеген сезиминде Акбара үч күчүктүн ирдүүсүн, Ташчайнарга окшошун Чоңбаш деп ажыратып, узун шыйрак ортончусун Желтаман деп бөлөт. Үчүнчүсүн  - өзүнө окшош көзү көк, жука чабысында алакандай агы бар, оюнкараак ургаачысын Сүйгүнчүк эсептегендей болот. "Эгер ат койо алса, мунусун Сүйүмкан деп эле коймок беле, ким билет. Бойго жетип, суйсалып чыга келгенде не бир дөбөттөрдү өлүм талаш алыштырган айыгыш чыгарар шойкон ушу болор... "

Бирок андай болбой, үч бөлтүрүгү тең облбашкарманын эт планын толтургула деген буйругун "ачыла элек резервдердин" эсебинен аткарганы Моюнкумдун ача туяк, адал жандыктарына кошо төрт аяктуу макулуктардын баарын кара тополоңго салып, асмандан вертолет менен алты айланта имере кубалап, жер бетинен тез атар мылтыктары менен боо түшүрө кырып, кыямат уюштурган "кейпи жексур, түрлөрү суук адам-кудайлардын" колунан өлөт. Ошондон бери доошу жан чыгарып, жер титиреткендей болуп күркүрөгөн ушул темир желмогуздан Акбара өлгүдөй коркуп калат...

...Илимде аныкталгандай, жаныбарларда кыска жана узак мөөнөттүү эстем (память) болот. Биринчисинде баарын текши эстеп калат, бирок тез эле унутуп салат. Экинчисинде жакшылык же жамандык кылганды көпкө чейин көңүлгө түйүп калышат. Ошол эле Бадридзе бөрүлөрдүн бир үйүрүн үч жыл багып, торолтуп, токойго койо берет. Тогуз жылдан соң капыстан аларга жолугуп калганда тигилер аны кадимкидей таанып, атүгүл биологду бир жолу аюунун апсайган чеңгелинен куткарып калышыптыр. (Өйдөдө айтылган интервьюну караңыз).

... Акбара менен Ташчайнар Моюнкумдагы кыяматтан кийин жер которуп, акыры Ысык-Көлдүн тоолоруна ооп келет. Бул жерде төрт бөлтүрүктүү болушат, багы жокко дагы жок болуп, аларды Базарбай деген эки аяктуу желмогуз куржунуна салып уурдап кетип, соодалап жиберет. Акбаранын ошондогу кайгылуу абалын жазуучу ушунчалык ынанымдуу сүрөттөйт дейсиз, окуп олтуруп өзүң да жаныңды койорго жай таппай кетесиң. "Кандай азап, кандай азап! ...Кайдасыңар күчүктөрүм, томолонгон төрт макоом, кайда жоголдуңар, эмне күнгө туш келдиңер? Балтыр этиңер толуп, азууңар катып, жанымда жүрсөңөр мага күч-кубат, бел болбойт белеңер, силердин демиңер мени ой-тоодо чаалыктырбай-чарчатпай алып жүрбөйт беле".

 Түндө уктап кетсе, түшүндө төрт бөлтүрүгү менен Моюнкумда, улуу чөлдө жүргөн болот. "...мына, баарынан оюнкараак, куйругунун учу ак бөлтүрүгү, мына экинчиси – баарынан көп ээмп, эмчекти оозуна салган боюнча уктап калчусу, үчүнчүсү качан болсо каңшылап, бирдемеге нааразы, беркилерди түрткүлөп, уруша да кетет, а да биерде, үч эркектин ортосунда жалгыз ургаачы – көздөрү көпкөк кичинекей бөлтүрүк – төртүнчүсү, бу да биерде"...

...Бу жарыктыкта адамдай эле бардык башка жаныбарлар уктай турганын учурунда Аристотел белгилеген ("О сне и бодрствовании"). Бирок алар түш көрө алабы? "Адамдар эле түш көрбөйт, жылкылар, иттер, бөрүлөр, уй-өгүздөр, ошондой эле кой-эчкилер, дегеле төрт аяктуу жандыктардын баары түш көрө алат",- деп жазган ал башка бир трактатында ("История животных").

Улуу философтун ушул айткандарын дээрлик жыйырма төрт кылымдан кийинки азыркы илим – нейробиология кыйла кеңейтип, алда канча тереңдетип ырастап жатат. ("Что видят животные во сне?" BBC. 30 апреля 2014).

... Бөлтүрүктөрүнөн, көп өтпөй дөбөтүнөн айрылган Акбара көөдөнү өрттөнүп, айды карап улумай адат табат. Бир күнү караса айдагы Бөрү-Ана аны кадимкидей көрүп отургандай, үнүн созсо укчудай сезилет. Ошондо тумшугун тик асманга созуп, эне-кудайга даттанып ыйлап, оозунан бурулдап буу чыгып, озондоп улуп кирет: "О, кудай-эне – Бөрү-Ана, мени карачы бери, мына мен, Акбара, муздак тоолордун арасында шорлуу болуп, жалгыз олтурам. Өрттөнүп-күйүп бүттүм! Көз жашым төгүлгөнүн көрүбатасыңбы? Өксүп-өкүрүп улуганымды угубатасыңбы? ...Түш бери, Бөрү-Ана, мага түшүп кел, жаныма отур, чогуу улуйлу, чогуу өксөп ыйлайлы. Кел бери, жерге түш бөрүнүн эне-кудайы, бу жерде бизге орун калбады, бизге эч жерде орун табылбайт окшоп калды... Эгер түшүп келбесең, Бөрү-Ана, анда мына мени, карып болуп отурган эне-бөрү – Акбараны алып кет, мени өзүң отурган айга, адам жок жерге алып кет, Бөрү-Ана! Мен да сени менен ай бетинде жашап, жер жөнүндө кошок кошуп, көз жаш төгүп отурайын. О, Бөрү-Ана-а-а, менин боздогонумду угубатасыңбы? Ук, ук, ук, Бөрү-Ана, ук менин ыйымды!"

Карабайсызбы, жазуучу жырткычтын – бөрүнүн кайгысын адамдын кайгысынан да ашырып көрсөтүп жатат. Бери эле дегенде Акбаранын бу монологу Толгоной менен Найман-Эненин монологуна тең келсе тең келет, асти кем калбайт.

Айтмакчы, жогоруда аталган профессор Бадридзе өзүнүн аңгеме-маегинде Акбаранын дал ушул монологун келтирет.

УТУРУМДУК МАКУЛУК

"Биз жөн эле айбандарга окшошпойбуз, биз - айбанбыз", - деп жазган британдык философ Мэри Мидгли (Midgley - The Animal, a Man,1978). Табийгат менен жан-жаныбардын, анын ичинде киши баласынын иденттүүлүгү, бир бүтүндүгү жөнүндө философ сунуш кылган теорияга ынансак, адамдын табиятын, анын жаратылышын өзүнчө бөлүп караган түшүнүк дегеле болбошу керек. Баарыбыз үчүн бир гана табият, бир гана жаратылыш бар, биз баарыбыз ошонун мүчөлөрүбүз, болгону биз жашоо формасы жагынан гана айрымаланабыз. Табиятта болсо жашоонун миң түркүн формасы бар. Философия, көркөм өнөр өзүнө керектүү идеяларды, ойлорду ошолордон табышы керек.

Азыркы гуманитаристикада бул концепциянын дагы бир варианты жаралды, анын принциби мындай: адам жан-жаныбарларды, жалпы жаратылышты "өзүнүн алтер эгосу катары кабыл алууга тийиш".(Сб. Второй всероссийский конкурс молодых ученых в области искусств и культуры. 2015. 121).

Чыңгыз Айтматовдун көркөм биософиясындагы башкы өзгөчөлүк да, менимче, дал  ушунда: анын чыгармаларындагы жаныбар-персонаждар жөн эле көркөмдүк үчүн алынган кошумча фон эмес, алардан адам-каармандардын экинчи дүйнөсү, алтернативдүү болмушу – алтер эгосу көрүнөт. "Кыяматта" айбанга келген жамандык адамга да окшош формада келет:  экөө тең тукумунан ажырайт.

  ...- Мына, акыр заман келди! – дейт Бостон оор күрсүнүп. Дал ушерден ага кишинин жүрөгүн түшүргөн бир акыйкат ачылып чыга келет. "Көрсө, бу дүйнө деген кишинин өзү турбайбы. Ойлоп бакса асман да өзү экен, жер да өзү экен, бүткүл жан-жаныбардын улуу энеси, эне-бөрү Акбара да өзү болуптур... кала берсе акыры жазасын алып тынган Базарбай да өзү болуптур, бу өмүрдө эмне көрсө, эмнени баштан кечирсе, ошонун баары өзүнүн ааламы болгон экен..."

 "Такылет колуктудагы" эки каармандын – Арсен менен Жаабарстын турмушу да, тагдыры да окшош болот. Биринчисин ынтыгы чанып кетет, экинчиси канчыгын жаш илбирске тарттырып жиберет. Арап аңчыларынын айынан тутанган баш аламан атышта экөөнө ок жаңылат, экөө тең бир үңкүрдө өлөт. Өлүп баратып Жаабарс адамдарга: "Жакында тоолор кулайт, ошондо силер да оңбойсуңар",- деп эскертет.

Чын эле "тоолор кулап, адамзат оңбой калышы ажеп эместигин" соңку кездери илимпоздор дембе-дем кеп кыла башташты. Эволюциялык биология боюнча дүйнөлүк бедели бар америкалык физиолог Жаред  Даймонд адамзат жок болор күнүнө жакындап баратканын такай эскертип келатат. "Эгер Жер шарындагы ресурстарды азыркыдай арым менен ысырап кылып отурсак, анда ушул кылымдын этегине жетпей өзүбүз тыйпыл болушубуз ыктымал", - деп айткан эле ал бир лекциясында. (II Giornale.19.10.2015).

Ч.Айтматов биринчи ирет бакма жана жапайы айбандарды өз чыгармаларында негизги персонаж кылып алган кезде эч ким, атүгүл илимпоздор да жакынкы аралыкта дүйнөдө жан-жаныбарлардын саны 60 процентке азайып кетерин болжолдой алышкан эмес. Соңку кырк жылдын ичинде эле адам баласы жер шарындагы биологиялык түрлөрдүн тукум курут (extinction) болушун 1000 эсе тездетип жиберди. Планета өзү кырсык зонасына айланып калды. (BBC News. 27 октября 2016).

Мунун баары байкалбай отуруп, биздин кылымда Адам менен Жердин чатагына айланып баратат. Биринчиси табигый ресурстарды тукулжуратып бүтүп, эми түндүк уюл менен түштүк уюлдан да кара май, газ тапканы бургулап казып, элестүү айтканда, планетанын таманына мык, мээсине казык кагып кирди. Жер буга кадимкидей каршылык кылып, чукул кыялын көрсөтүп, адамзатты жерип, өгөйлөй баштады. (Документальный Спецпроект. Земля против человечества: 20 Доказательств. Выпуск от 10.07.2020; Антропоцен: научные споры, реальные угрозы. "Курьер ЮНЕСКО", октябрь-декабрь 2011 года).

Жер менен адамдын, табият менен адамдын кагылышы, цивилизациянын тагдыры жөнүндө арбын айтыла баштаган ар түрдүү кыялый (гипотетикалык), илимий сценарийлердин аңытында алтер эго түшүнүгүнүн чек арасын кеңейтип, проблемалаштырып (проблематизация) карасак Айтматовдон анын глобалдык, планетардык дагы бир вариантын көргөндөй болобуз. Бери эле дегенде адамзат Жер баласы экенин унутуп, "акылдуу маңкуртка" айланып алганы анык. Ал эртең эмне болот, кандай күнгө туш болот, олуялык кылып эч ким айта албайт. Болгону мында талашсыз бир гана нерсе бар: бу кагылышта акылдуу маңкурт айныксыз утулат, эмнеге дегенде Жер эне ансыз эле миллион жылдар жашап келген жана жашай да берет. Бирок адамзат Жерсиз жашай албайт, ал деле жер үстүндө бир жаралып, анан ың-жыңы билинбей кеткен миң-миллион жандыктардай тукум курут болуп кетиши мүмкүн. Демек, адам деген планета үчүн утурумдук эле бир макулук, жок болсо ошол жок болот, Жер түбөлүк турат.

Айтор, Чыңгыз Айтматовдун көркөм антропологиясы менен биософиясын азыркы замандагы интеллектуалдык-философиялык жана гуманитардык түшүнүктөрдүн кеңири контекстине салганда ушундай маанидеги Улуу чындыктар чыгат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз