Эсенбай Нурушев: АЙТМАТОВ – БИОСОФ

"Чыңгыз Айтматовдун көркөм антропологиясы" аттуу макаладан

Адегенде бир суроо: "Кылым карытар бир күндө" жазуучу биринчи эле бизди Сары-Өзөктүн кайсы тургуну (обитатель) менен тааныштырат?

Таң калбаңыздар: түлкү менен тааныштырат, ага романдын баштапкы үч-төрт бети арналат, анан ошо түлкү Казангаптын кайтыш болгонун угуп, аны жерге берүүнүн ташпишин ойлонуп келаткан Эдигейге жолугат. "Сага эмне жок?" – деп ал тигиге сөөмөй кезейт. - Эмне тиктейсиң? Жогол!" Түлкү нары секирип, кайра кайрылып отуруп алат. Анын бу жоругуна таң калган Эдигей өзү келип турган олжону таш менен жалпайта чапкысы келип, мээлеп туруп дал шилтеп каларда оюна бирдеме кылт этип, токтоп калат.

Ким бирөөдөн уккан экен, эстеп көрсө "атасын тартпай калган" Сабитжан айтыптыр: Индостанда бир илим бар, ошол илим боюнча адам туула электен мурда дүйнөгө же куш, же кумурска, же дагы бир макулук болуп келип, кийин өлгөндө жаны ошолорго ооп кетет имиш деп. Кокус жаңы эле каза болгон Казангаптын жаны ушу түлкүгө өтүп, ээн тамда жалгыз кала албай, жандай көргөн досуна келип тургандыр, балким? Ошону ойлоп Эдигей тигиге: "Бар, бара гой, бул жер сага жай эмес, талаага кет. Тыякка жолобо, иттер бар, уктуңбу, кудайдын макулугу, жолуң болсун, жөнө!"- деп кобуранат. Анын сөзүн түшүнгөнсүп, түлкү бир-эки кылчайат да, ошо бойдо көздөн кайым болот.

Мунун эмнеси бар экен? – деп айтарсыз. Билгенге бир топ эле нерсеси бар. Баарыдан мурда алгачкы ушул бир сүртүм эпизод Эдигейдин "визиттик карточкасындай" кабылданат, андан бизге романдагы башкы каармандын жан дүйнөсү, анын кандай адам экени жарк этип ачыла түшкөндөй болот. Психоаналитиктер Эдигейди дароо эле биофил – тирүүлүккө, өмүргө, жашоого медилин салган киши – деп аныкташмак.

Биз бугаромандын жүрүшүндө толук ынанабыз. Бул айрыкча Каранар экөөнүн мамилесинде таасын ачылат. Бу буурасын Эдигей сүт бото кезинен кулундай үртүктөп, боорун жылуулап, ороп-чулгап, бапестеп багат. Далай ирет ийрек мойнунан кучактап: "Экөөбүз эмчектеш бир туугандай эле болуп калдык", - деп сылап-сыйпап эркелетет. Минткени – Каранар энеси Акбозбашыл ингендин эмчегин эмип торолсо, Эдигей анын сүтүнөн шубат жасап ичип, согуштан алган контужиндин салакасынан кутулат. Ошо сүт бото кийин ээсине тагдырлаш, бүт Сары-Өзөктүн аймагына атагы чыккан буура болот.

Сары-Өзөккө да иш жүзүндө Эдигей ушу буурасынын аркасы менен таанылат. Аерликтер Эдигей десе Каранарды, Каранар десе Эдигейди эстешет. "Эгер Эдигей Борондуу Эдигей эмес, жөн эле акылы бар, эси бар, кара башыл, кош аяктуу жан болгондо бу Каранар Борондуу Каранар болуп калат беле, ким билет". Айтор, Эдигейдин "өмүрүндө канча жолу жакшылык, канча жолу жамандык болду, качан болсо кыйынчылыктан Каранар куткарып келди".

Каранар тегин мал эмес, ал кадимки Найман-Эненин атактуу акбоз ингени Акмаянын тикелей тукуму, андан бери эки жүз–үч жүз жыл, а балким, беш жүз жыл өткөндүр, айтор, ошол тукумдан желдей учкан желмаян сейрек чыгып калды. Каранар алардын адагыдыр, б.а. акыркысы чыгар. Ушунча кишиден келип Эдигейдин шыбагасына ошондой төө тукуму буйруп калганына ал өзү да корстон. Ким болбосун, айрыкча фотожурналисттер Каранарды "бактериан" (бактриан – camelus bactrianus – эки өркөчтүү төөнүн түпкү тукуму) дешип мактап, сүрөттөрүн гезит-журналдарга чыгарып, салып жиберишкенде, же борондулуктар бу бууранын пилден да күчтүү экенин айтып, тамшанып калышканда "мал ээси машайык" болуп, төөсүн эмей эле өзүн мактап жаткандай Эдигейдин чомочосу көтөрүлүп, эдирейе калат.

Бирок бир жаман жери – кышкы чилдеде киргенде, кудай бетин салбасын, чилденин каары менен бууранын каары төп келишип калат. Ошондой бир жолкуда Каранардын айынан Эдигей көрбөгөнү көр болгондой эле азап тартат. Анан калса бу оңбогур буура өз үйүрүндөгү каймалдарга карабай, бөлөк үйүрдөн инген издеп калат. Андайда Эдигей: "Ии, алаамат дагы башталдыбы? Тыяктагы үйүргө жүгүргөнү калган турбайсыңбы хайван атаңдын оозуна... Элден уялсаң боло!"- деп күпүлдөп алат.

Аңгыча Эдигейдин ичинде да бороон жүрө баштайт. Эки ургаачынын ортосунда аябай чабалактап чайналып, же Зарипа менен ачыкка чыга албайт, же Үкүбаланы таштап кете албайт. Ушундай абалына жини келгенде: "Айбан! Төөң да хайван, өзүң да хайвансың!" - деп өзүн өзү тилдеп алат.

Иши кылып, чыгармада Эдигейдин жарым жаны Каранарга өтүп калгандай сүрөттөлөт. Казангап аны "Эдигейдин жан шериги" деп айтканы бекер эмес.

ЭЗЕЛКИ ИШЕНИМДЕРДИН СӨӨМӨТҮ

Дегинкисинде мындай ишенимдер – адамдын жаны башка бир макулукка, ал эми макулуктун жаны адамга өтөт деген ишенимдер – палеогенетиктер менен археологдордун ырастоолоруна ишенсек, аз болгондо 15 миң, ары барганда 30 миң жыл илгери жаралган болушу мүмкүн. (Мифы народов мира. М., 1980. Т.I). Бери эле дегенде муну санскрит адабияттарында, Упанишаддарда (б.з.ч. VIII – III кк.) реинкарнация, байыркы гректерде (Пифагор, Сократ, Платон) метемпсихоз деп аташкан. Буга ишенгендер биздин заманда деле аз эмес.

Кандай болгон күндө да аталган ишеним-ынанымдарда "тирүү макулукка кыянат кылба, анын да жаны бар" деген жөнөкөй ибарат, карапайым сөөмөт жатат.

Турмуштук ушул насаатты улуу гуманист Алберт Швейцер өз кезинде "өмүрдү кастарлоо" ("благоговения перед жизнью") деп атап, аны универсалдуу этика катары сунуш кылат ("Культура и этика". 1923). Бул этиканын башкы принцибине ылайык, киши баласына жалпы баарынын, анын ичинде өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлардын өмүрү адамдын өмүрүндөй эле ыйык болушу керек.

Кырк жылдан кийин ушул эле идеянын тегерегинде дагы бир түшүнүк жаралып, ал биофилия деп аталат (bios – тирүүлүк, өмүр, жашоо; philia– сүйүү). Бул терминди философ, психоаналитик Эрих Фромм 1964-жылы жарык көргөн китебинде биринчи ирет колдонуп, анын маанисин кийинки эмгектеринде кеңири өнүктүрөт. (Э. Фромм. Душа человека, ее способность к добру и злу. М., 2010). Аларда биофилдердин этикасы мындайча аныкталат: өмүргө кызмат кылгандын баары – жакшылык, өлүмгө кызмат кылгандын баары жамандык.

Өткөн кылымдын этегинде америкалык атактуу биолог, жазуучу Эдвард Уилсон (Edward Osborne Wilson) биофилизмди илимий гипотезага айлантат. (Анынбестселлерге айланган көп китептери бар, кызыккандарга бирөөсүн көрсөтө кетели: Биофилия. Врожденная тяга к живому как связь человека с другими биологическими видами. УРСС: Ленанд. 2017). Биофилияны ал адамдын бу жарык дүйнөдө өмүр сүрүшүнүн бирден бир негизи деп эсептейт. Уилсон киши баласы дээринен табиятка, жан-жаныбарларга жакын келерин, аларга тартылып турарын белгилеп, бирок азыркы замандын кишилери дал ушул касиетин жоготуп алганына кооптонот.

Акырында биздин кылымдын башталышында биоэтика, биоцентристтик аалам сыяктуу концепциялар жаралды. Мунун биринчиси жаңы илим, демек, жаңы дүйнөтааным катары таанылып, ыкчам өнүгүп баратат. Экинчи теория биздин чеке-бакабыздагы реалдуулукту, мезгилди жана ааламды тирүүлүк түзөт, б.а. аалам жашоодон жаралат, жашоо жок жерде аалам да жок деп эсептейт. (Роберт Ланца. Биоцентризм. Как жизнь создает Вселенную. - Biocentrism: How Life and Consciousness are the Keys to Understanding the Universe. 2015).

ТИРҮҮЛҮКТҮН АПОСТОЛУ

Булардын баарын чекенелеп, учкай болсо да атайылап айтып отурганыбыздын эки себеби бар. Биринчиси – өйдөкүдөй ойлор, идеялар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында, айрыкча "Гүлсараттан" тартып "Тоолор кулаганда" романына чейин мүрөл үлгүдө жолугат. Экинчиси, ошол өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында жогоруда аталган түшүнүктөр көпчүлүккө дегеле белгисиз эле, алардын көбү XX жүз жылдыктын этегинде жана XXI жүз жылдыктын башталышында жаралды. Андай болсо Айтматов эң жаңы мына ушул теориялар, концепциялар жана гипотезаларда, жалпы эле гуманитаристикада пайда боло турган маселелер менен проблемаларды алдын ала кантип, кайдан жүрүп билди экен? - деген суроо келип чыгат.

Айтматов адабиятка келген мезгилде адамзат космоско киши учуруп, андан соң Айга барып келип дегендей өзүнө өзү тамшанып, өзүнүн жетишкендигине өзү таң калып, өзүнө өзү табынып турган маал эле. Буга катарлаш көз ирмемде 70 миң адамды набыт кылып, андан да көбүн араңжан бирдемеге айлантып салар куралын (Нагасакидеги бомба жапырыктын мисалы) ого бетер өркүндөтүп, жер бетиндеги жашоону алеки саатта майкандап таштай турган күчкө жеткирип, өз акылынын ойрондуу натыйжасынан адамзат үрөйү учуп, үрпөйүп турган да кез эле. Бул айрыкча Кариб кризисинин маалында таасын сезилди.

Андан көп өтпөй, кылымдын соңуна барып биотехнология адамдын өмүрүнө, анын насилине кийлигише баштады. Башкача айтканда, адамды биологиялык жандыктан технологиялык жандыкка айлантып салуу мүмкүндүгү жаралды. Ошентип, атом бомбасынан жаралган кооптонууга медициналык – биологиялык "бомбанын" коркунучу кошулду. Иши кылып, адамзат өз аракетинен, өз акылынан кутулбас куяга туш болуп алгансыды.

Мына ушундай шарттарда, И. Кант айткандай, "Кантип жашоо керек?" деген маселе келип чыкты. Деги адамзат кайда барат? Анын келечеги кандай болот? Анын мындан аркы эволюциясы "табигый тандам" (естественный отбор) тарыйкасы менен уланабы же "жасалма тандамдын" (искусственный отбор - Ч.Дарвиндин терминдери) азгырыгына кирип кетеби? Өсүү жолу деп жаңылып, балким, өлүү жолуна түшүп алабы?

Мындай глобалдуу, планетардык маанидеги соболдорду, эми, кыргызда айтылгандай, такай түштөн кийин келчү көсөөнүн акылы менен териштире келсек, Айтматов ошол алтымышынчы жылдардын этегиндеги, айрыкча андан кийинки мезгилдеги интервью-маектеринде, абройлуу жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүндө, публицистикалык макалаларында адегенде акырындап аз-аздан кыйытып, анан батылдык менен тикесинен коюп, айта баштаган экен.

Айтор, жапан жаратылыштан бөлүнүп, өзүнүн артыкчылыгын аңдап калгандан тартып бар болгон акылын жалаң табийгатты, жалпы ааламды багындырганга жумшап келаткан адам акыры келип өзү бу дүйнөнүн башкы коркунучуна айланып калышы ажеп эместигин ошо кезде батыны ачык саналуу эле адамдар байкаган экен, алардын ичинде биздин Айтматов да болуптур.

Өз мезгилинен озуп ойлоно алган ошондой кишилердин арасында жазуучу кеменгерлик керетинде homo sapiens аталган айры буттуу, жумур баштуу бу "хайванга" (Эдигейдин сөзү) жер бетиндеги тирүүлүктү түгөл курутуп, ага кошо өзүн да күм-жам кылып албасын үчүн жаңы морал, жаңы ыйман, жаңы этика жана жаңы эстетика керек экенин айкын сезген шекилди. Бери эле дегенде 1966-жылы жарык көргөн "Гүлсараттан" тартып анын повест-романдарында башкача бир апаз – жер бетиндеги тирүүлүктүн баркы менен наркы, керемети менен сулуулугу адамдын өзүндө эле эмес, аны курчап турган сырткы дүйнө менен тыгыз байланыштуу экенин эскерткен көркөм экмет пайда болуп, жүрө-жүрө ал тирүүлүк идеяларынын бүкүлү бир системасына өсүп чыгат. Муну биз азыркы билимдердин, түшүнүктөрдүн жана терминдердин аңытына салып, Айтматовдун көркөм биоцентризми деп эсептесек болот.

Бул биоцентризмдин эки өзгөчөлүгү бар. Бир жагынан адатта эски ойчулдар менен философтордун, сүрөткерлердин көбү, А.Швейцер айткандай, айланып келип эле адамдын адамдыгын динге, кудай жолуна кайтуудан көрсө, Айтматов адамды ал өзү кайдан жаралса, ошол тарапка – табиятка, жаратылышка, космоско жана ааламга кайтарат. Ошол эле учурда кантип жашоо керек проблемасы Айтматовдо өмүрдү, тирүүлүктү, жашоонун өзүн коргоо идеясына айланат.

Ушул биоцентризм бизди Айтматовдун көркөм антропологиясындагы, адамтааным усулундагыдагы бир мүнөздүү белгиге – жазуучунун биософиясына алып чыгат. (Bios – жашоо, тирүүлүк, өмүр, sophia – акылгөйлүк, даанышмандык, билимгөйлүк).

Биософия – жандүйнө, ойлом чөйрөсүндөгү көп кырдуу кубулуштарды камтыйт, анда тирүүлүк, жашоо жана өмүр башкы орунга коюлат, мунун баарына, турмушка акыл-эстүү мамиле жасоону билдирет. Ушул мааниде Айтматов бизге өзүнүн чыгармаларында тирүүлүктүн акылман апостолу болуп көрүнөт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз