Каухар Биймамат кызынын алакан оттой аңгемелери

  • 25.07.2023
  • 0

Сүрөт https://ru.opisanie-kartin.com/ булагынан алынды.

БААТЫР ЭНЕ

– Оо, медалыңыз көк асманга окшоп сонун экен. – Жаш келин медалга суктанды.

– Баатыр эне деп беришкен, – жашы кыйлага барган эне токтоо жооп берди.

– Оо балдарыңыз көп тура, кандай сонун...

– Ооба, шүгүр... – оозу бош сүйлөдү баатыр эне. – Көп бала деле курусун... – деп оор үшкүрүндү кайра.

– Эмнеге? – Ыраңы суу сепкендей бозоргон келин таң калды.

– Ооруп калганымда бирине бири түртө салышат мени. Соо кезимде балдарын каратышат...

ТЫНУУ

– Ушундан көрө эрге тийип тынбайбы?! – Телевизордон олимпиада мелдешинде өлкө намысын коргоп жаткан белгилүү спортчу кызга карата айтты.

– Эмне дейсиз?.. – Жакында жогорку окуу жайга өз күчү менен өткөн кыз ордунан тура калды.

– Тынуу, кайдагы тынуу... Чоң ата, Элиза эжемди спортто машыгып... чет өлкөгө чыгарда уруксат бербей, тынсын деп күйөөгө бербедиңер беле. Тындыбы? Жо-ок, эки балалуу болгондон кийин эри менен ажырашып, мигрант болуп кетти.

Чоң атанын оозунан сөзү ыргыды. Чын эле ошондой болчу...

ЖОГОТУЛГАН ЖЫЛДАР

Бүтүрүү кечесине ата-энеси жеңил машина белек алып келгенине, кубанбаган досуна таң калды.

– Ээ досум, эмнеге күбанбадың?! – Ата-энеси кеткен соң сурады.

– Ата-энем мен алты жашта, карындаштарым төрт жана эки жашта экенинде Орусияга кетишкен. Бизге ал убакта алардан башка эч ким керек эмес эле. Болгону ата-эненин мээрими керек болчу. Кийин өзүм деле таап алчу нерседен... мээрим таба албайм да…

ЗАРЫЛЧЫЛЫК

Машинеси бензин кымбаттыгынан жүрбөй калган жигит эшигинин алдындагы булактын суусун бир ай бензин болуп калса деди кыялында.

Мунай аккан өлкөдөн келген турист бир күн ушул суу менин үйүмдө агып калса деди булакты карап.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз