Дилазык: Эрди-катындын бакыт сыры эмнеде?

  • 04.08.2023
  • 0

Акыр аягы кашкайган чындыкка жеткен бир адам миң адамга да моюн бербейт.

*     *     *

Динди негиздеген адамдардын баары азилге түшүнбөгөн жандар болгон.
Роберт ИНГЕРСОЛЛ
(1833-1899), америка жазуучусу жана юрист

Улуу адамдын улуулугу майда-чүйдө адамдарга жасаган мамилесинен билинет.

*     *     *

Жаңы пикирлерди жараткан ой – азчылык чөйрөдө жүргөн бир адамдын эле оозунан чыгат.

*     *     *

Тажрыйбадан өткөн мугалим жок, болгону ага төлөнчү акы кымбат.

*     *     *

Талаш-тартыш учурунда ачууга алдырдың дегиче бүттү. Сен анда чыркыраган чындыкты талашпай эле өзүңдүн беделиң үчүн чыркыраган чырды баштайсың.

*     *     *

Жамаатташып акылдуу ойго чакырган түркөйлөрдөн акыл чыгарына таптакыр ишенбейм.
Томас КАРЛЕЙЛЬ
(1795-1881), англис тарыхчысы

Гигиена – чынжырдагы иттей өз жанын кайтарганды гана үйрөтөт.

*     *     *

Колунан жалаң жакшылык эмес, эчбир жамандык келбеген адамды айкөл санайм.

*     *     *

Чырайлуу айымдардын улгайганда акылы тайкы көрүнгөн себеби, мөлтүрөгөн жаштыгы сулуулуктан башканы көрсөткөн эмес.

*     *     *

Майда-чүйдөгө алдынала кылдат болсоң, чоң олжого туйтунасың.

*     *     *

Өз эринен эркек касиетин көрбөгөн аялдар ал касиетти көрүнгөн эркектен издейт.

*     *     *

Башкаларга келесоо көрүнөм дегенден коркпогон адам көп ийгиликке жетет.
Василий КЛЮЧЕВСКИЙ
(1841-1911), орус тарыхчысы

Дөөнүн дөө экенине кодойгондордун качан көзү жетет? Дөөнүн мойнуна мингенден кийин.

*     *     *

Сынчы дегениңер ким? Аныңарды катарыбыздагы же акын, же тарыхчы, же дагы бир кесипти аркалап кеталбаган гана бирөө дээр элем.

*     *     *
Өз көлөкөңдөн өзүң аттай албайсың.

*     *     *
Эң бактылуу эрди-катын деп кимди эсептейм? Бири – сокур, экинчиси дудукту.
Сэмюэл КОЛЬРИДЖ
(1772-1834), англис акыны

Чоң өлкөлөр башкалар менен союз курбаса деле күн көрөт, а майда өлкөлөр союздашы жок жашай албайт.
Гастон де ЛЕВИС
(1764-1830), француз жазуучусу

Көпчүлүк адамдардын мээси өзүмчүл болгонго да жетпейт.

*     *     *

Кечиримсиз адамга кечирим кылыштын кереги жок.
Фридрих НИЦШЕ
(1844-1900), немис философу

Убакыт ордунан жылбайт, биз жылабыз.

*     *     *

Аял эркекке баш кошкондон кийин эркектин ата наамына катталат. Бул деген жеңгендер жеңилген тараптын наамын тартып алгандай кеп.

*     *     *

Адамдар гезит сыяктуу: жаман кабарды майда-чүйдөсүнө чейин узакка кеп кылып, а жакшы кабарга келгенде сөз арасына гана кыпчый кетишет.
Моисей САФИР
(1795-1858), австралиялык жазуучу

Которгон О`Шакир

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз