Мээрим Сайдилкан: Үй-бүлөдөгү эркиндик

  • 26.07.2022
  • 2681

Табылды Эгембердиев атындагы «Эркиндик – эл энчиси» конкурсуна

Канткенде үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөгө жана зордук-зомбулук, ур-токмокко жол бербөөгө мүмкүн?

Сүйүү адамга дем-күч, кубат берет. Сүйүү бирөөгө ээ болуу, аны өзгөрткөнгө аракет кылуу эмес. Сүйүү менен курулган үй-бүлө – эркин үй-бүлө. Бир үй-бүлөдөгү эрди-катын бир-бирин өзгөрткөнгө аракет кыла баштаганда мамилелер бузула баштайт. Бизде аял-эркегине көзкаранды үй-бүлөлөр абдан көп. Менин түшүнүгүмдө, көз каранды үй-бүлөлөр бири-бирин колдошконду билишпейт, колдонушат, эри-аялын же аялы-күйөөсүн башкарганга аракет кылышат. Мындай үй-бүлөдө ишеним болбойт.

Ал тургай сезимдерин айтышпайт. Бир үй-бүлө түзүү үчүн гана турмуш курган эки адам сыяктуу жашай беришет. Билинбеген менен моралдык, психологиялык жактан бир-бирине абдан жапа чектиришет. Тилекке каршы, учурда диний түшүнүктүн аздыгынан, сабатсыздыктан улам кээ бир эркектер аялды башкаруу үчүн анын окуп-билим алуусуна, иштөөсүнө каршы чыгып, эркиндигине бут тосуп жатышат. Бул көйгөй акыркы 2–3 жылда абдан көбөйүп кетти. Башкалардын дегенин ээрчип, “аялдын орду – үй” дешип, аялга зомбулук көрсөткөн үй-бүлөлөр же тескерисинче, эркеги үйдө жатып алып, аялын оор, кара жумушка иштеткендер да жок эмес.

Бир нерсе десең чала диний түшүнүктөгү эркек динде, салтыбызда ушундай деген шылтоону айтса, үйдө жатып алган жалкоо эркек ден соолугум начар өңдүү дагы бир шылтоону ойлоп табат. Чындыгында бул өздөрүнүн ички дүйнөсүндөгү жараат экенин билишпейт. Эркеги аялын башкарууга аракет кылуусу аялдын кайдыгер, эптеп күн өткөрүп жашоосуна себеп болот. Натыйжада, кайдыгер үй-бүлөдөн кыздары басынган, эркектери көкөлөтүлгөн үй-бүлө пайда болот. Себеби, кыз-эркек бала апасынын үйдөгү ордун көрүп эле, өздөрүнүн келечектеги орундарын аныктап алышат.  

Жакын тааныштарымдын көпчүлүгү динге берилген адамдар. Күйөөлөрү намаз окушат, аялдары оронгон, өз ойлорунда дин жолундагы үй-бүлөлөр. Кээ бирлери диний жолдо даваатка чыгып келишкен. Бул үй-бүлөлөр менен чогуу олтуруп калганда көбүнчө илим-билим эмес, экинчи аял алуу, күйөөсүнүн уруксаты жок бир иш кылбоо же баргысы келген жакка барбаш керектиги, пайгамбарлар тууралуу сөздөр болот. Эркекке-аял, аялга-эркек көз каранды болбой, эркин үй-бүлө болгондо гана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо кураларын айтсам, түшүнүшсө да, түшүнгүсү келишпейт. Аял дайыма күйөөсүнөн сүйүү, мээрим, белек күтсө, күйөөсү аялынын баш ийүүсүн талап кылат. Өз максат-мүдөөсүн таңуулабай, бири-бирин ар тараптан өнүктүрүп, колдогон үй-бүлөлөр көп болгондо гана өсөбүз.

Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” деген бала тарбиялоодогу белгилүү китеби бар эмеспи. Кыргыздар баласын балалуу боло электе эле тарбиялашкан. Буга мисал, жубай тандаганда келечекте жарала турган балдарын ойлоп, кыздын дене түзүлүшүнө, саламаттыгына, ата-тегине, энесинин акылман, сарамжалдуулугуна көңүл бурушкан. Кызга да, уулга да өз тегин, тамырын канына сиңирип чоңойткон. Кыздын орду дайыма төрдө болгон. Бул адатыбызды кантип унуттук?

Жогорудагы мисалдагыдай кыргыздын нарк-насилдүүлүгүн унутуп, учурда тилекке каршы, кыздарынын демин басып, чүнчүтүп чоңойткон үй-бүлөлөр көбөйдү. Бул эмнеден кабар берет? Мээримсиздиктен, мерездиктен болуп жүрбөсүн?! Дал ошол үй-бүлөдө аялды экинчи планда көргөн үй-бүлө мүчөлөрү өз ата-энесинен, жакындарынан убагында камкордук, сүйүү көрбөй калгандын кесепетинен улам зордукчул адамдар көбөйүп жаткандыр. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун болушуна түздөн-түз аялдар күнөөлүү. Себеби, кээ бир үй-бүлөлөрдө кызын “сен кызсың, кыздай назик бол” деп басынтып чоңойткону аз келгенсип, турмуш жолуна аттанганда “кыздын барар жери – күйөө, кайын-журтуңду сыйлап, барктап жаша. Ата-энеңди уят кылба” деп узатышат. Экинчи тараптын кылган-кылыгы, мүнөзү эсепке алынбайт.

Үй-бүлөсүндө кандайдыр бир көйгөй жаралса, кыз күнөөлүү. Ата-энесинин сөзүнөн чыкпай өскөн, тарбиялуу кыз барган жеринин бардык шарттарына көнүп жашайт. Кээде балалыктан калган психологиялык жарааты бары үй-бүлө зомбулугуна чыдап, көз жашы менен жууп жашай берет. Зомбулукка каршылык көрсөтпөгөн, зомбунун жеми болгон аялдын өзүндө күнөө эмес, анда күнөө кимде? Мындай үй-бүлөдө төрөлүп-өскөн бала кандай болот? Албетте, апасын сабаган атасын\эркекти жек көрүп өсөт. Же атасына тынчтык бербеген апасын/аялды адам катары көрбөй өсөт.

Бул бара-бара психологиялык ооруга айланат. Эр бой жеткенде зомбулукту нормалдуу көрүнүш катары кабылдайт. Кыргыз үй-бүлөлөрүндө мындай оор абалдагы үй-бүлөлөр абдан көп. Абдан өкүнүчтүү, бирок үй-бүлөдөгү сүйүүнүн, камкордуктун жоктугунан улам таш боор, мерез адамдар көбөйдү. Балага туура мамиле кылууну билбегендиктен, зөөкүр, зомбу балдарды өстүрүп жатабыз. Буга өз эркин, өзүн башкара албаган эркек сөрөйлөрдүн, ажаан аялдардын күндөн-күнгө көбөйүп жатканы күбө.

Эселек кыздарга, наристе балдарга ыдык көрсөткөн зөөкүрлөрдү да эне, ата тарбиялап жатпайбы?! Демек, тарбия сөзү туура эмес окшойт. Себеби, зордук-зомбулук, ыдык көрсөтүү абдан жакшы тарбияланганбыз деген улуулардын арасында көп кездешип жатканы жалганбы? Жогорку билимдүү, 60–70терге барып калган илимдин доктору болгон агайлар деле шилекейин куюлтуп жаш кыздарга тийишкен учурларын баарыбыз билбесек да, көрүп, угуп жүрөбүз. Бул эмнени түшүндүрөт? Абдан билимдүү, тектүү, каада-салтка баш ийген, элге үлгү үй-бүлөлөрдөн да зомбучул “билимдүү”, эл көзүнө маданияттуу көрүнгөн зөөкүрлөр чыгып жатпайбы? Буга эмне себеп? Үй-бүлөсүндөгү туура деп эсептелген туура эмес тарбиябы?

Биз нарк-насилдүү, көз карашы терең, билимдүү, башканы урматтап-сыйлай билген, элге, коомго пайдалуу үй-бүлө түптөгүбүз келсе, анда гумандуу, демократиялык, улуттук баалуулуктарды баланын денине сиңирип өстүрүшүбүз учурдун талабы. Толук мээримге каныккан бала/кыз гана келечекте мыкты үй-бүлөнүн ээси, түзүүчүсү боло алат.

Улуулар жаштарды, жаштар улууларды күнөөлөгөн укмуш шылтоолорду таштап, ар бирибиз өз ичибизге үңүлүп, кайсы жерден адаштык, канткенде бактылуу үй-бүлө кура аламын, жараткан балдарыма карата жоопкерчилигимди кантип татыктуу аткарамын деп ойлонолу.

Адам өз жоопкерчилигин билсе, өзүн сүйсө, сыйласа, сөзсүз жубайына да урмат-сый көрсөтө алат. Эгерде үй-бүлөдөгү эрди-катын бири-бирин түшүнүүгө аракет кылбаса, дайыма талаш-тартыш менен убакыттарын өткөрсө, анда ал үй-бүлөдө бири-бирине болгон аруу махабат өчөт. Мындай “Мендикке” ээ боло албаган, өздөрүнө көзкаранды үй-бүлөдөн, көзкаранды, ээрчиме, өзүн башкара албаган, эрксиз балдар жаралат.

Үй-бүлөдө эркиндик болбосо, эч качан бактылуулук болбойт. Эркиндик аял үчүн да, эркек үчүн да абдан маанилүү. Бири-бирин колдогон эркин көз караштагы, билимдүү үй-бүлөлөрдөн дени сак, сапаттуу балдар төрөлөт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз