Балдарды өзүңүзгө окшотууга аракет кылбаңыз

  • 12.07.2022
  • 2233

Арабдардын залкар философу жана жазуучусу Жебран Халил Жебран “Пайгамбар” аттуу китеби менен атак-даңкка жеткен. Бул китеп жүздөн ашуун тилге которулуп, баардык замандын эң кадырлуу китептеринин катарын толуктаган. Ошондой эле дүйнө боюнча биринчи бешиликке илинген. Ливандык ойчулдун аталган китебинен башка китептеринде да чоңдор менен балдардын ымаласы жөнүндө кыска жана нуска айтылган учкул сөздөрү арбын кездешет.

* * *

Сиздин балдарыңыз – сиздики эмес. Алар уланууну көксөгөн жашоонун уул-кыздары. Алар сизден жаралбайт, болгону сиз аркылуу жаралат. Алар сиз менен дайым бирге болсо да, сизге таандык эмес.

* * *

Балдарыңызга чексиз сүйүүңүздү жеткире аласыз, бирок оюңузду жеткире албайсыз. Анкени алардын да жеке ойлору бар. Сиз аларга баш калкалоочу жай бере аласыз, бирок жандүйнө калканычы болор жай бере албайсыз. Анткени алардын жандүйнөсү сиз бара алгыс, түшүңүзгө да кирбеген, эртеңки күндүн төрүндө жайгашкан.

* * *

Талаа гүлдөрү – бул күндүн махабаты менен табигаттын кумарынан жаралган тукум. Адам баласы – ата-эненин махабат мээриминен жаралган гүл.

* * *

Сиз деле балдарыңыз кылган аракеттерди кыла аласыз, бирок балдарды өзүңүзгө окшотууга аракет кылбаңыз. Анткени жашоо артка кетенчиктебейт жана басып өткөн жолунда кармалбайт.

* * *

Жаанын огундай алдыга зымыраган балдарыңызды күү менен коё берген жаанын так өзү сиз. Мерген алдында көздөгөн чексиздикке тез жана таамай мээлеш үчүн жааны болушунча керет. Так ошол сымал колуңуздагы жаа менен жебе сизге ар дайым кубаныч тартууласын. Анткени мерген зымыраган жаанын огун кандай аздектесе, колундагы кыймылсыз жааны да так ошондой аздектейт.

Которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз