Муса пайгамбардын доорундагы айкелчи-уста жөнүндө сөз

Саамирий

Ыйык Куранды окуган ар бир адам өзүнө керектүү жана өз кесибине тиешелүү нерселерди изденип окушу керек. Себеби Куран кыяматка чейин биздин жол көрсөтүүчүбүз. Бул макалада өз кесибиме тиешеси бар, Куранда Саамирий аталган Муса пайгамбардын доорундагы айкелчи-уста жөнүндө жазгым келди.

Муса пайгамбар өз элин Фараондун колунан куткарып, өздөрүнчө эгемен жашап калган кезде, Алла таала Муса пайгамбарды тоого чакырат. Муса пайгамбар тоого кеткенден кийин Ысрайыл уулдары Саамирий жасаган Алтын музоого сыйынып кетишет. Бул жөнүндө Куранда мынтип айтылат:

قَالَ فَإِنَّا قَدْ فَتَنَّا قَوْمَكَ مِن بَعْدِكَ وَأَضَلَّهُمُ السَّامِرِيُّ

(Алла) айтты: «(Оо, Муса!) Чындыгында, сен (тоого чыгып кеткенден) кийин элиңди (Алтын музоо менен) сынадык. Ошентип аларды самариялык (уста) жолдон адаштырды».

(Таа Хаа сүрөсү 85-аят)

Тилекке каршы, азыркы кыргыз тилине которулган бардык Куран котормолорунда жана башка көпчүлүк тафсирлерде Саамирий деп адамдын аты катары которуп келиптир. Бирок анын чыныгы өз аты Муса бин Зафар болгонун имам Табари менен имам Замахшари (ра) сыяктуу улуу Ислам аалымдары айтышкан. Кээ бир адамдардын оңой таанылуусу үчүн алардын туулган жерин же улутун кошо айтып, лакап ат катары колдонулуп келет эмеспи. Мисалы: Бухарадан чыккандыктан Имам Бухарий (Бухаралык имам), же Оштон чыкканы үчүн Сиражидин Оший (Оштук Сиражидин) дегендей. Курандагы Саамирий да ошондой. Аны самариялык (уста) же самариялык (Муса) деп которсок дагы да таамай которгон болобуз.

Кайсы Самария? Ыйса пайгамбардын доорундагы Самариябы дешиңиз мүмкүн. Жок, ал Самария тээ байыркы доордогу Самария шаары. Ал жөнүндө Библиядагы 1-Падышалар китебинин 16-бөлүм 23-24-аяттарында жөөттөрдүн Омри аттуу падышасы Шемерден эки талантка Самария тоосун сатып алып, анын үстүнө шаар куруп, Самария деп атагандыгы айтылат. Саамирийдин түпкү теги мына ошол Самария шаарынан болгондуктан, анын аты айтылбай эле самариялык уста деген лакап менен элге таанымал болгон.

Бул аяттан ала турган сабактар:

1. Алла таала бизди ар дайым сынап турарын билебиз. Атүгүл арабызда пайгамбарлар бар болсо да, жок болсо да ар дайым, ар кандай жолдор менен сыналып турабыз.

2. Эл арасында аттуу-баштуу, кээ бир таланты, шыгы же жөндөмү менен өзгөчөлөнгөн атактуу адамдардын айткан бардык сөздөрү акыйкат катары кабыл алынбашы керектигин билебиз. Анткени көпчүлүк адамдар ошондой кишилердин сөздөрүн идеал тутуп, алардын айткан бардык сөздөрүн абсолюттук чындык деп эсептеп отуруп, кээде Кудайдын осуяттарына каршы келип калганын өздөрү да байкабай калышат.

3. Терең анализ кылып караган адам бул аяттан Курандын Кудай сөзү экенин жана Библиянын айрым текстеринин бурмаланып кеткенине күбө болот. Анткени, учурдагы Tоорат китебинин Мисирден чыгуу бөлүмүнүн 32:4 жана 24-аяттарында ошол алтын музоонун айкелин Харун пайгамбар жасаган деп айтылат. А бирок Ыйык Куран акыйкатты баяндап, аны самариялык уста жасагандыгын билдирүүдө. Ыйык Куран Харун пайгамбарды мындай жалган жалаадан куткаруу үчүн жөөттөр менен християндарга жардамчы болууда. Анткени, Библия бир жагынан музоонун айкелин Харунду жасады десе, кайра эле өздөрүнүн Мисирден чыгуу китебинин 32-бөлүмүнүн 27-28-аяттары менен өзүнө-өзү карама-каршы келип жатат. Себеби бул аяттарда музоого сыйынып кеткен 3000ге жакын адамдын өлтүрүлгөндүгү айтылат.

Эгер музоого сыйынгандарды өлүм менен жазалаган болсо, эң башында музоону жасаган Харундун өзүн да өлүмгө тартыш керек эле. Бирок андай болбоду. Же Муса пайгамбар өз элинин кечирилүүсү үчүн Эгесине жалбарып: «Буларды кечире көр. Эгерде кечирбесең, өзүң жазган китебиңден мени чийип ташта!» деп суранган кезде, Кудай: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону китебимден чийип таштайм», – деп айткан (Чыгуу 32:32-33). Ал эми кийинчерек Сандар китебинин 18:5-7-аяттарында Кудай таала Харун пайгамбар менен сүйлөшкөндүгү айтылат. Демек, Харун пайгамбардын аты китептен чийилген эмес, өчүрүлгөн эмес. Анда ал музоого сыйынуу күнөөсүндө эч кандай күнөөкөр болгон эмес. Тескерисинче, Куранда айтылгандай, бүт күч-аракетин музоого сыйынып жаткандарды тыюуга жумшаган.

Даярдаган: Чыныбек Козукеев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз