(Жарандык активист Улан Үсөйүнгө арнайм)
Кем эмеспиз бөлөк-бөтөн элдерден,
Кем кылышкан бизди мыкты эрлерден.
Чыккан бизден далай көсөм, асыл жан...
алар бирок атылган же асылган.
Калк деп бизди шылдыңдашып жапайы,
караңгы деп басмырлашкан атайы.
Кремлдин саясаты башталган,
чыгаандарды улутчул деп башкарган.
Басмачы деп бай-манапты жаратман,
тоноп малын, сүргүн кылып каматкан.
Томоякты тооткон эмес себеби,
алсыз алар айбат, такаат береби?..
Элибиздин жазган өмүр баянын:
кедей дыйкан, кембагал деп аягын...
Башкарууну алып колго орусу,
баш ийдирүү саясаты болучу.
Малын-мүлкүн кедейлерге тараткан -
элге тамыр болуп келген манаптар.
Куугунтуктап манаптардын тукумун,
кууратышкан элдин эркин укугун.
Эл тарыхын эстутумдан өчүргөн,
таңуулашып: жаңы тарых көчүргөн...
Эң билимдүү, эс-акылдуу молдону,
коммунисттер сабатсыз деп кордоду.
Маңкурт кылып эстутумду, зээниңди -
пайгамбардай таанытышкан Ленинди!
Алып келген ачарчылык заманга -
Сталинди даңазалап анан да!
Караламан, караңгыбыз, түркөйбүз,
каат турмушка кабак-кашты бүркөйбүз.
Каат турмушка алып келген анткорлор
так ошол куу коммунисттер, канкорлор!
Не алардын кылмыштарын актайбыз?!
СССР доорун неге мактайбыз?!
Жетимиш жыл баш ийгенбиз, ооба биз!
Ошон үчүн ээрчимебиз, оомабыз!
Келди бизге баштан баштоо кезеги,
керек эмес эски доордун тезеги!
Жаңы тарых жараталы, келгиле!
Жаш муундарга жарык жолду бергиле!
Алыс өскөн коммунисттик келтектен -
баш ийбеген жаш муун чыйрак - ТЕНТЕКТЕР...
Тарых көчүн баштап кайра башынан,
тайманбас бол, азыркы муун жашыңан!
26.11.23-ж.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR