Бектур Иляс: Жан-Чыкпас

  • 25.06.2025
  • 641

РухЭш эскертет: Автор кытайлык кыргыз боордошубуз болгондуктан автордун айрым диалектик сөздүк кору жана стилдик өзгөчөлүгү өзгөртүүсүз жарыяланды...

(ПОВЕСТЬ)

Эркек үндүү аялдын
Ууяты болбойт деп айткан.
Аял үндүү эркектин
Кубаты болбойт деп айткан...
Арыстанбек Буйлаш уулу

1.

Жар дегенде жалгыз ооз жыгач үйү бар күнгөйдү эл ушинтип атайт. Улуулардан уккан уламага караганда, бул жердин мындайча аталып калуусунун төркүнү тээ илгери, мындан элүү-алтымыш же жетимиш-сексен жылдын алдында, мына ушул кыштоодо жашап өткөн Аянаалы аттуу адамдын аялы менен болгон бир жолку жан чочутар окуясы менен байланышат.

Анда Аяналы кырктын жоон жерине барып калган узун бойлуу, сом денелүү, иштесе ишке, жесе ашка тойбогон олбурлуу киши экен. Колунан келген жумуштан өзүн качырбастан каруусун казык, башын токмок кылып канча иштесе да эмнеден эмнегедир иши оңуна тартпай, жилиги жибибей, жокчулуктун жоон таарын жонунан силкип таштап сала алабайт. Бир күнү ууга чыгып жолу болбой, таман акы маңдай тери талаага кетип, алы куруп, абдан чарчаган жаны үшкүрүнүп үйүнө келсе, үңүрөйгөн кепесинде аялы жок дейт. Өзөгү карарып, тишинин кирин соруп араң келсе, аш белендеп алдынан утурлай чыкпаган аялына жаны кашайып, кабагы карыш салаңдап, көпкө тосуптур. Акыры чыдабай талага чыкса, бейбак аялы бир кучак отунду далысына таңып, бойкат неме сүйрөлүп, эски көйнөгүнүн этегин үзө тепсеп араң келаткан экен. Эрин көрө коюп эреркегендей, жол боюна отура калып үн салыптыр:

– Ух, ой, абышка, кел, муну көтөрүш. Эсим ооп калды!

Ошондо орой күйөөсү тигинин назын түшүнбөй, каны башына тепкен бойдон кубарып жетип барыптыр:

– Оо энеңди... Мени эмне, ойноп келди дейсиңби?! Сенин отунуңдун так, сенин касиетиңдин так... – деген эри аялын отунга таңып, жолдон чыкса бут тургус тик беттен томолотуп жиберет.

Бечара аялы ошентип «чоң жинди» атка конгон күйөөсү колдуу болуп, ок даарып аскадан учкан кийиктей анда-санда бир тийип, томолонгон бойдон тээ терең сайдын таманына барып түшөт. Ал кезде бу бет азыркыдай жылаңач эмес, азын оолак бадал-садалы бар экен, кийиминин көбү ошондо калат тытылып... Бу кабарды уккан анын уялаш эжеси эки күндөн кийин келбейби улуп-уңшуп кошок кошуп. Антсе, аялдын жаны али тирүү дейт. Анан аны ошол эле жердеги үңкүрдө эки айга жакын багып, жараатын сакайтып, атүгүл аман-эсен бошотуп алат. Тагдыр колдосо ошо экен да. «Кудайдын буйругусуз кумурска буту сынбайт» деген чын бейм, таш куласа соо түшпөй, аягына жетпей талкаланчу ушу беттен Аянаалынын аялынын аман калганына жакаларын кыса кармап таң калган эл ал жерди кийин «Жан-Чыкпас» атап калышкан дейт.

Оо, андан бери ай алмашты, жыл оошту. Убакыт чиркиндин учкур канаты закымдап арадан жарты кылымдан артык мезгилдин мейкинин сызып өттү. Кара жер эчен жолу түлөдү, ыйык күндүн канча нуру түгөдү андан бери... Эл эчен жолу жайлоого көчтү артынып-тартынып. Эл эчен жолу жайлоодон көчтү кыйкырып-ышкырып. Күздөөдөн кыштоого, кыштоодон көктөөгө ташынды эчен жолу. Ооба, ошентти...

Ушу кыштоонун батыш кыйгач жагында үйдөн анча алыс эмес жеринде жалгыз түп куу четин бар. Эл оозундагы имиштерге караганда бу куу четин тээ илгери, Жан-Чыкпас Жан-Чыкпас атала элек заманда эле бар имиш. Түбү ченебегендей жоон, анан да буржугуй тартып, темирдин ширендиси менен капталгандай катуу. Ошондон улам ага чапкан балтаңдын мизи майтарылат, кайсы бир аксакалдын айтымына караганда ал бала чагында ушул четинге бир аккула аттын байланып турганын, анан аны апапакай кийинген, сакалы күмүштөй жаркыраган бир карыя минип, күн жүрүш жакты көздөй кеткенин өз көзү менен көрүптүр. Дагы бирөөлөрдүн айтышынча, ал четиндин жанынан кезек-кезек адам үнү, ат дүбүртү угулуп турат экен. Өзгөчө аптанын бейшембы, жума күндөрү. Мына ушул аңырт-шабырттардан улам «Касиеттүү жыгач» деп коюшат экен аны. Анын чирип жок болбой, кыймылсыз турганынын себебин да мына ушундай ыйык жүйөлөр менен чечмелеп жүрүшөт. Жети-сегиз жылдан бери ушул жерде жашап келаткан Бечелдин кырсыктан арыла албагандыгынын себебин эл ушул куу четинге байлаштырып калышат. Анткени алар көп кезде ушул куу четин жакка шыпырынды-күрөндү, керексиз буюм, арактын шишелери, мештен чыккан күл сыяктуу ыпыр-сыпырын төгөт, андан калса бирде болбосо бирде ошол жакты карап сийип-чычкан жаман адаттары да жок эмес көрүнөт.

2.

Күз соңуна чыгып бараткан сайын күн караанын качкалактатып, бул тереңдикке кеч көрүнүп, эрте кайып боло баштады. Кыштын илеби улам жакындап, таңкы суунун бетинде муз камгактай калып эрип кетип жатты. Бүгүн Бечелдин аялы күндөгүдөн эртерек турду. Бечелди да эрте ойготту. Жылуу төшөктөн эринген Бечел үстүнө жаман чапанын желбегей жамынып, узун дамбалын балбыраткан боюнча эшик алдынан эки эле кадам ары жылган жеринде заара ушатып, ычкырын чала байлап кайра киргиче ээги шакылдап кетти. Шырылдаган жалыны жок, быкшып, думуга тутанган от илеби эптеп жылыткан кара мешке жакындады. Эки колун аласына кыпчып, бүрүшүп отура калды.

– Кийин! – деди аялы анын кылыгын жактырбай, – эртерек отун даярда. Суу жылытып кир жуюн. Анан атыңды кармап келип бул эле жерге арканда. Эртең эрте аттангандай болоюн. Сенден башка киши болсо эбак туруп, камынып калмак!

Ошентип бул күндүн тирлиги күндөгүдөн эрте эле карбалас башталды. Аялынын айтканы кулагына анча жага бербесе да Бечел ал милдетти так аткарды. Таңкы курсагын сары чай менен көмөч нанга кампайта тойгузду. Анан кечээ сүйрөп келген чегедектерин дөңгөчкө коюп, миздүү кара балтасы менен дүңкүлдөтүп койгулап, аялынын бүгүн кечке керегине жеткидей отун керткен соң үйдөн анча алыс эмес жердеги бай карагайдын түбүнө жыйнаган эмеректеринин арасынан эски кайыш ноктосун алып, бир арканды кошуп далысына таңды да, кызын эрчитип атын издеп жөнөдү.

Эркек бала же ушундан башка экинчилеп урпак көрбөгөн Бечел көп учурда ушу жалгыз кызын эш тутчу болду. Нары-бери басса жанынан калтырбай эрчитип алат. Ээн тоодогу мына бу сүрдүү жымжырттыкта жалгыз баскандан көрө кызын жанына алып алса, негедир санаасы тынч, көңүлү ток. Кызы да тиги-муну сурап, оюн коркунучтан алаксытып кетет.

Бечел бечел дегенчелик эле бар: бою култуюп кыска, башы калдагай, буттары бир карыш, аттаса арымы бир сөөм. Өзүнчө бир киши сөрөй. Тили да бир угулса, бир угулбайт. Анын «Бечел» дегенден башка да бир нече жандама аты бар. Мисалы: «Эргежээл», «Жердин бити», «Кодо»... Ал эми анын азан атынын ким экенин бул жерде эчким билбейт. Кыязы, өзү деле билбесе керек кургур. Ал энеден туулганда эле баладан башкача назик төрөлгөн. Анан аны топуга салып багып жүрүп, эптеп-септеп чоңойтуптур. Беш жашка келгенде араң каз турган дешет. Ошого атасы аны азандагы атын атабай эле: «Бечелим, Бечелим» деп эркелетип жүрүп, акыры эл да «Бечел» атап калган тура.

Калың токойлуу капчыгайды өрдөп экөө бир сааттай жүрдү. Токойдон чыгып көк асман ачык көрүнгөндө гана Жан-Чыкпастын этегине жеткенин сезип, жол четиндеги жыгылган кайыңга кичине көчүк басып эс алышты. Бечел баягы Аянаалынын аялы төрөгөн үңкүргө, андан бийиги көз талдырган Жан-Чыкпастын жалама жайдак бетине чалкая бир карап койду. Азырынча тым-тырс жаткан бул айлана аз күндө мал менен малчылардын үнүнө толорун эстеп, ичинен кымыйды. Кызы да ошол күндү чыдамсыз күтүп жаткандай:

– Ата, – деп калды, – эл качан келет?

– Аз калды, келет жакында, – Бечел ордунан туруп, жолго үңүлдү.

– Мунарлар да келеби? – дагы сурады кыз. Ал кошуналарынын биринин алты жашар кызы.

– Келет, келет, – Бечел баш ыйкеп жооп берди.

– Оо, келсе анда бирге ташкалак тизип ойнойбуз! – деп сүйүндү кыз. Ала жаздан бери жалгыздыктан жадаган көздөрү балбылдап.

Алар сайдын таманындагы булакты бойлоп кеткен жолдон айрылып, бука сийгек ийри жол менен Жан-Чыкпастын тик бетине жармашып өйдө салды. Ал жактагы үйдү көрө кетиш керек. Жаздай көрө элек. Эскилиги жеткен үй эмне болду экен...

Кудайга шүгүр, үй өз оордунда экен! Тээ чоң казан чагыла элек, гомынанын убагында көк карагайдан аштап салынган жалгыз боз үй эми чирип, урап түшчүдөй араң жан. Кичине кыйшайып да калгандай. Жыгачтыгынан эле турса керек. Кудай сактасын, дагы үч-төрт жылдык өмүрү бар өңдүү. Ошентсе да жазга утур кошуналарынан аке-жакелеп көлүк сурап, ашар салып дегендей, үйүн эптеп жөндөп койчудай.

Бечел эшик алдындагы жалпак ташка да бир аз эс алып отурду. Ылдый жак сар куугул болуп мизилдейт. Аз күндө эл көчүп келсе, тиги сар шилең чөптүн берекесин бат эле качырат. Кой туягына кырчылып түгөнөт. Кой деген жарыктык жегенинен да ары-бери чубаганы көп эмеспи, өзгөчө эл кайра көчөргө жакын тиги жогорудагы кыйырына көз жетпей ээн жаткан сары бет бүт эле боп-боз. Кечке жуук кой жайыттан кайткан маалда асманга боз туман учат. Үйгө жеткиче чаңга капталган койчулардын эки көзү эле жылтырап калат.

Азырынча бул жакка тоо кийиктеринен башка ача туяктуу келбейт. Бечелдин он чакты эчкиси болсо тээ ылдыйкы үйгө жакын зоодон алыс кетпейт. Ошого көндүргөн. Кечкисин короого өздөрү түшүп барат. Ошол жерден суу ичет. Анан Бечел суу боюндагы кичинекей ноого болор-болбос туз төгүп коёт. Эчкилер ошону тамшалап байралып калат.

Бечел үчүн ушундан оңой турмуш жолу жок. Ошого бул жерде жайы-кышы жылбай отурган эле өз үй-бүлөсү болуп калды. Бар болгону ошо, кичине конуш которгон болуп тиги Жан-Чыкпастын этегиндеги капчыгайды ылдый бойлоп барып оозуна чыга бериштеги жайыкка, булак боюна көчүп түшүшөт. Бечелдикинен башка да бирин-серин бекетчилердики бар. Бирок алар менен деле болгон арасы анча жакын эмес.

Бечелдин да эл менен кошо жазгысын айылга көчүп кеткиси келет. Бирок ал жакка барганда жан сактар чамасы чак. Андан көрө ушу жерде эки-үч туяк ири карасын, жыйырма-отуз туяк кой-эчкисин багып, төлүн алып жата бергени түзүк. Жанына да жайлуу. Муну эчким кубалабайт. Өзгөнүкү окшоп жайытты эрте жеп коёр түмөн мал жок. Өз кебетеси тиги, айылга барганда эле бышырып-суутуп коюптурбу. Ал жакта чачтан арбын жумуш бар. Бул жердегидей отун-суусу үй түбүндө, жайыты жанында. Колдогу ашыңды жула качар жутунган ууру-тегини да бар. Бечел түгүл Бечелди беш орогон «тыңдарды» да соо коюп жаткан жок ант ургандар! Анан да «Базары жакын байыбайт» дегендей, колдо акча турбайт, майда барат менен түгөнө берет. Эки күндүн биринде ылжып мас жүрмөй да эсте. Өзү арак көрсө шишеси менен жутчудай, напсисин тыя албаган айыбы бар. Тууган уругунан четтеп кеткенинин бир себеби да ушул болду окшойт. Кезинде мастап жүрүп эчен жолу ат-тонунан ажырап, эне-атасынын алдында шерменде болбодубу. Анан алардын да ит атайы тутулбайбы. Бечелге өз энчисин бөлүп берип ирегесин айрыды. «Биз сенин маңдайыңда качаңга чейин турмак элек, андан көрө мына ушу баштан эмгектин даамын тата бер, иште, колуңдан келген ишти кылгандан аянба. Эмгек көрбөгөн адам күн көрбөй көлөкөдө өскөн жашаң чөп сыяк нар-сөлсүз болот» деген атасы.

Эгер ал атасы али тирүү, энеси мурдагыдай дени сак, күчтөн тайбай турганда, азыркыдай чоң уул-келининин колуна карап калбаганда да Бечелди мынча жалгызсырата койбос беле...

Эски үйдүн эшик алдында олтуруп Бечел ушул ойлорго батты. Негедир жакындан бери атасы түшүнө кирчү болду. Бечелдин тагдырына арбагы түйшөлөт окшойт... Ошо атасы каза болгондо да жөн койбой кыркка таяган Бечелди курбулары какшыкташпадыбы. «Атадан жаш калдың, акылдан бош калдың. Эми саа да убал болду» дешип.

Кайран киши! Жылкыны жанындай көрөр эле. Ошого өмүр бою жылкычы болбодубу. Анан Бечел ат жалын тартып мингенден баштап күлүктүн күлүгүн тандап минип өстү. Атасы андан ат аячу эмес. Атүгүл Бечелге жардамдашып атын суутуп, ачуу терин алып, баптап-таптап берчү. Айылдын атактуу ээрчисине Бечел үчүн бир тайга ээр чаптырып, анан өрүмүн өзү өрүп, күмүшүн коңшулаш айылдагы бир казак зергерге чаптырып келген. Көрсө, эл алдында кемсинбей, тетик жүрсүн деп башка балдарына караганда өзгөчө мамиле жасаган тура ыраматылык. Ал киши каза болорунан жарым жыл мурда бир жолу Бечел айыл базарынын сыртына атын байлап коюп, боткеде арак ичип отуруп, жарым түндө кайтайын деп талаага чыкса атынын ээр токумун, жабдыгы менен бүт шыпырып кетиптир. Жүгөн-ноктосу да жок. Бар кылган жакшылыгы ошо – чылбырдын бир учу зым карагайга байлануу бойдон, экинчи учун аттын мойнуна күрмөп коюптур. Кийин бул окуяны укканда атасы катуу кайгырган. Жоголгон дүйнөгө эмес, Бечелдин ичкиликке баш оту менен берилип баратканына жаны күйгөн. «Бечара балам-ай! Менин көзүм өтсө күнүң не болор экен?» деп үшкүрүнгөн. Бирок Бечелге атасы али тың көрүнчү. Дагы далай жылды карытат ко деген. Анткен менен ажал улук экен. Аласасын алгысы келсе алеки саатта экен. Бир эле күн төшөктө жатып, нары оонап кетти. Эзели доктурга барып текшерилип көрбөгөн атасы өмүрүнүн соңгу күнүндө да доктурга жетпей, жарым жолдон көз жумуп кеткен...

Атасы жарым жолдон ошентип көз жумуп кеткенинде да бечара Бечел боткеде олтурган. Ким бирөө боткенин терезе түбүнө келип катуу кыйкырат:

– Ой, Бечел барбы, Бечел?!

Ошондо Бечел апкаарый түшүп, тигинин одоно буйругун негедир кыйшаюусуз аткарып, дүкөнчү аялга жалтак бир карап алып, атына минип дароо ээрчип жөнөйт. Атасы нары карап кеткенин үйгө жете бергенде угузушту. Атасын ат араба менен доктурга алып келатканда «Бечел кайда?» деп кайра-кайра сураптыр. «Ал айылда. Жолдон кошуп алалы» дешиптир берки балдары. Бирок көрүүгө үлгүрбөй калышат. Атасынын аты токулуу бойдон мамыда байланып турганын көрүп, эми анын үстүндө атасы калкайып жүрбөсүн эстегенде Бечелдин асманы көмкөрүлөт. Ал азапты арактын күүсү ансайын алып учту. Ыйлаганды ошондо көр. Баладай бакырып, тытына бериптир. «Эй, акмак! ыйласаң да адам өңдүү ыйласаң!» деп чоң агасы Бечелди ээктен түртүп эсине келтирет. Көрсө, анда бекеринен анча какшап ыйлабаган экен. Таянар тоосу урап түшкөнүн, чындап эле жетим калганын Бечел кийин сезбедибы...

– Ата, сага эмне болду? – Бечелдин кызы таңыркай карады.

– Жөн эле, – Бечел шашып калды. Кызынан жашырып үлгүргөнчө кылгырган жашы мөлт этип кетти.

– Неге ыйлап жатасың?

– Шамалга көзүм ачышып кетти, – демиш болду. Чынында шамал деле жок болчу. – Кой, көп отурбай басалы. – Үнү каргылданып чыкты.

Үйдөн кыйгач өйдө жануурлап аз баскан соң бир кайкыга чыгышты. Ошол жерден жогорку жазык алаканга салгандай көрүндү.

– Аттар тигинде экен, – деди кызы озунуп.

– Ырас, алыс кетпеген экен! – Бечел да кызын коштоду.

– Ата, тиги атасы өлгөн тоо-ээ? – Кызы тээ алыстагы чокусун булут орогон кара асканы көрсөттү.

– Ооба.

Кызынын суроосу жарасын ырбатып кеткенсиди.

Бул тоону эл чын эле «Атасы өлгөн тоо» деп коюшат. «Атасы не болуп өлүптүр?» деген суроого жооп берген киши жок. Жайы-кышы менен уңулдап, боздогон үнү басылбайт. Ошого эл «Атасы өлгөн тоо» дейт. Бечелдин ал тоо менен да сырдашкан күндөрү болгон. «Экөөбүз окшош жетимбиз» дейт Бечел ал тоого карап.

Атты кыйналбай эле кармап алышты. Чоң жалпак таштын бетине кичине туз төгүп, аркандын бир учун таман тузак кура койду эле оңдой берди болуп, ат оңой эле бутун салып берди. Бирок кошкурунуп, бутун силкип жанына араң жакындатты Бечелди. Коё берилгенине үч ай болгон. Анын алдында төмөнкү бекетчи баласын мектепке жеткизгенче айылга бармак болгондо «ун, туз жүктөй келип бер» деп жетелеткен. «Ырас, апарар жүгүбүз көп болуп жатты эле, арта барганга жакшы болду» деп сүйүнүп алып кеткен. Айылга барган соң он күндөй чөпкө иштетиптир. Бирөө бирөөнүкүнө өзүнүкүндөй күйүнбөйт тура. Бирде ач, бирде ток кылып, андан да семиз малды суутунан кетирсе керек. Баш-аягы жыйрма күн дегенде келген. Жону жооруп, тумшугу менен жер сүзүп келди. Атынын үргүлөгөн көзүнө карап Бечелдин ичи ачышса да коңшусуна унчуга алган жок. Эмне демек, берген өзү. Анан да тиги ала келип берген ун, тузуна ыракматын айтып, «базарлык» деп сунган эки шише аракка ичин өрттөп чыккан баардык таарынычын алмашып жиберди. «Эч нерсе эмес, алтын башың аман болсо, Жан-Чыкпастын чөбү жаныңа кубат, жараңа дем болоруна ишен!» деп атынын жүгөнүн шыпырып, жонунан үч мертебе сылады. Айтса айткандай эми аты кошкурук атып калган экен. Соорусу жумурткадай. Чаткаягы кең, сом туяктуу атын айландыра караган Бечел көңүлү толду. «Жан-Чыкпастын чөбүнүн касиети-ай!» деп тамшанды. Анан ошол эле жерден шап мингиси келип, даабады. Жонуна чымын кондурбаганына көп болгон неме эки секирип талпагымды ташка жайбасын деди. Илгеркидей чыйрактык азыр жок. Өзгөчө бала кезинде учунган тентек эле. Төрт аяктан коркуу дегенди билчү эмес. Бу кызындай кезинде музоо-торпокторго асылып, кайбирде желедеги кулундарга артылып мине коюп, далай жер сүзүп жыгылып, атүгүл андан үрккөн кулундар желенин казыгын сууруп кетип бирине бири оролуп жыгылып, үйдөгүлөрдөн чала-бучук таяк жеген күндөрү болгон. Ага деле болбой аралашып ойногону эле мал болчу. Атасына атка мингиз деп алек кылганы канча. Токулуу ат көрсө эле алдына кирип барчу. Коркконду билчү эмес. «Ушунум малсаак. Мейли, бай болот окшойт» деп атасы сүйүнчү. Айткандай Бечел атанын жылкычылыгын улантмак. Кийин жанагы Жантак деген балакетке кайдан жоолукту. Ошондон баштап арактын артынан кетти. Эми минтип андай азоого каргып минер чама да, жүрөк да жок. Жан таттуу. Ошого атты үйгө алып барып ээр токуп бир эле миниш керек деп ойлоду. Анын үстүнө кызы да бар эмеспи.

Кызына билдирбеген менен Бечелди жанатан кандайдыр сүр басып турган. Эмнеден коркорун өзү да түшүнбөйт. Эми болсо карааны көбөйүп калганына кадимкидей маанайы көтөрүңкү. Атын да дем кылгандай. Дем кылбай анан! Дем эле эмес бир кезде Бечелге чоң ийгиликтерди алып берген ушул аты. Буга чейин да бир нече аты болгон. Баары биринен бири калышкан эмес.

Айтылуу жылкычынын баласы ал кезде аттан өксүү болгон жок. Топ жылкыдан чыккан күлүктүн күлүгүн минип улакка салып жүрдү. Ошондо Бечел далай-далай элди чуркураткан десе азыр ишенбейсиң. Оо, бир келген доорон деп ошону айт! Кайда той-торопо болсо, Бечел ошо жерде. Жаймага ташталган улакты калың топтун ичинен сууруп чыккан бир шылуун (албетте, Бечелдин курдаштарынан) эптеп улакты алдына коюп берсе, анан Бечел топтон бөлүнүп бир чыгып алса, бүттү. Далай алкынган аттар Бечелдин чаңын жутуп кала берген. Кайран гана кайрылбас күндөр! Канча менменсиген жигиттердин кол созгон үмүтү сенин такымыңда. Ат башын коё берип аркырата аба жиреп баратсаң, бет алдыңдан урган шамаал ат жалын сапырып, кара жер төрт туяктын алдында чимирилет. Өз дүбүртүңө өз кулагың тунуп, өз дүбүртүңө өз көңүлүң тоюп, ошондо бир жыргайсың, чиркин! Бечелди бечелсинткен шылуундардын кырына чыгып, мизин бир майтарат Бечел ошондо!

Ооба, ал күндөр ошо ат үстүндө эле өткөн. Үй жумушу жөнүндө баш катырбайт. Башка курбуларына караганда колунан акча да үзүлбөйт. Өтө көп да акча эмес. Бар болгону эптеп эки-үч шише арактык акча ар дайым даяр чөнтөгүндө. Ал үчүн акча ошол арак үчүн гана керек болчу ал кезде. Үйгө не керек, не керек эмес – иши жок жүрчү. Кыскасы, өзү үчүн төрт тарабы кыбыладай туюлчу.

3.

Бечел атты үйдүн жанындагы бай карагайдын бир бутагына казык бош чалып байлап, кайра-кайра чойгулап көрүп, чечилбесине көзү жеткен соң үйдөн бир чыны айран ичип чыкты. Эки ую бар. Ошонун сүтү эптеп ушинтип үч жандын жумурун агартканга жарап келет.

Бай карагайдын түбү Бечелдин ыскалаты – ун, туз, ээр токум, ичмек-тердик. Атүгүл жазда кошуна-колоңдору көчкөндө «кийин келгенде алабыз, сеникинде турсун» деп таштап кеткен артык-баш казан-аяк, эмерек-семеректери бүт ушул карагай түбүндө. Ошол жерде үч-төрт айдан бери кыймылдабаган ат жабдыктарын алып атын токунуп минди. Ал абдан көчүк басып отуруп алгыча атты аялы «так-тактап» суулуктан кармап турду. Бечел тизгин-чылбырды бирдей колуна алып ат башын акырын өргө тартты. Ат ооздук басып жулунуп, өзү аба жарып бир чапкылагысы келсе да тизгин жыйып акырын жүрдү. Көңүлү элеп-желеп, зоболосу көтөрүлдү. Капырай, ат жаныбардын касиетин көр деп ичи жылыды. Бирок суутулбаган, семиз атты көп кыйнаган жарабайт.

Үйдөн анча алыстабай, ат нымшып тердегиче ары-бери жүрдү да кайра келгенде жонун жайдактап, карагайга аса байлап салды. Эки күн мурда кармап келип суута бергенде ырас болмок. Бирок Бечелдин жалкоолугу кармап жүрө бербедиби. Эми ат таң аткыча турат ооздук кемирип. Таң кулаанөк болгондо отко койсо, бир саатта тоёт. Анан кудай жол берсе аялы аттанып кетмек «айыл кайдасың?» деп.

Атын байлап коюп, анан айланчыктап тияк-биягынан карап, тулпар сынына көз мээрин кандырып көпкө турду. Шам жанган кош кулагын тикчийтип, чарадай сом туяктары карагайдын жер сыртына жарым чыгып жаткан тамырынын кабыгын эзе тепсеп тыбырчып турду. Каз моюну койкоюп, жибек жалы төгүлгөнү – өзүнчө эле сүрөт!

Бечелдин атасы каза болор жылы бул али желедеги кулун болчу. «Жакшы жылкы болот» деп атасынын кеп салганын угуп калган. Чын айткан экен, өкүнүчтүүсү, бул атына келгенде өзү баягыдай улакчылык доору менен коштошуп, минтип элден да бөлүнүп, ээн тоо, эски журтта отурбайбы. Болбосо баягыдай топ жарып чапкыласа, улактын кызыгына батса сонун болбойт беле. Баарынан да баягы жүрөгүндө тумардай түйүлүп жашап келген сүйгөнү – дүкөнчү аялдын эшигинин алдына кериле бастырып барып, арак ичип, аттанып кетип турбайт беле?!

Ушинтип Бечелдин кыялы кылым кезип турганда аялы эшиктен баш чыгарып кыйкырып калды:

– Жумушуң бүтсө тезирек кел!

Бечел үйгө кирсе аялы кызын жаңы эле киринтип болуптур.

– Сен эшикке чыгып ойноп тур,– – деди Бечелдин аялы кызына, – эми чоң баламды киринтейин!

– Жуунбайым! – Бечел бир аз кыйыктанды. Аялы кызынын көзүнчө айткан тамашасына кыйт эте калды.

– Жуунбаган эмнеси? – аялы ой боюна карабай кийимин чечиндире баштады. Кызы талаага чыгып кетти. – Жуунбаган эмнеси? Мен кайра келгенче бул түрүң менен мокочо болуп кетпе!

Ооба, аялы айткандын жөнү бар. Болбосо өзү кирине албайт кургур. Далысы куушурулуп, курушуп калган жан. Баягы улак чаап жүргөндөгү ийкем жок. Анын үстүнө ал кезде деле улакты элдин колунан өзү сууруп алып жатты беле, өзгө шериктери алдына коюп берген улакты атынын күлүктүгүнө сөөнүп элге бербей жүргөн да. Анан камгактай болгон Бечелди аты да оорлочу эмес. Азыр мезгил башка, күн өткөн сайын оору-сыркоо тооруп, карылыктын илеби эрте келип калгандай. Бир колу бир жак ийинине жетпейт, анан кантип жуунсун. Ошого аялы аны киринткен сайын «чоң уулум» деп шакабалап жүрбөйбү.

Чоң илегенге комсоо отурган Бечел аялы жаба куйган сууга «ий» деп бир жыйрылып жазылды. Анан аялынын эки күндөн берки шайдооттугуна, жаны тынбай иштеген аркетине таңыркагандай кежигесин кейкейтип, көзүнүн үстү менен бир тиктеп койду. Аялы сулуу эле...

Ооба, аялы ажарлуу болчу. Бул чөлкөмдө андан өткөн өңдүү-түстүү аял жок десең артык кетер, бирок сырдуу күлүмсүрөгөн кош көзүндө ажайып мээрим бар, ал мээрим бир гана Бечелге эмес, баардык эркектерге төгүлүп турчу. Ошондон улам кышкысын алда немеден жыт алган байдөбөттөр сыяк бул жерди шыңаарлаган, сугалак сезимге жетеленип, эркин тыя албаган эркектердин аягы үзүлбөйт. Мына ошону эстеп алып Бечелдин ачуусу келди:

– Акырынчы, жулкулдатпай, – корс этти далысын кара самын менен жышыган аялына. Аялы анын олоктогонуна караган жок.

– Кириң бычак менен кырып алчудай. Дүнүйөдө сенден бекер киши жок. Булак боюндагы көлчүккө аптасына бир оонап алсаң деле кетмек ушул какачың,– деп кайра Бечелдин өзүн көр жемеге алды.

Аялы айтканындай эле бар. Дүйнөдө Бечелден өткөн бекер киши жок. Жеке Бечел эмес, кышкысын мында көчүп келгендер бүт бекерчилик менен күн өткөрөт. Бир гана койчулар таңдан кетип, кеч келет кой артында жүрүп.

Былтыр Бердалынын окумал жээни бул жактагы эл турмушун көргөнү келип, убакыт өткөрө албай зеригүүдөн туталанган адамдарды көрүп:

– Силер убакыт миллионери турбайсыңарбы, – деп күлгөн.

– Миллионуң эмне деп сураган Бечел түшүнбөй.

– Сизге таандык миллион акчаңыз болсо, миллионер эсептелесиз. А бул жерде миңдеген мүнөттөр бекер өтүп кетип жатыптыр, – деп түшүндүргөн.

Окумалдар деле кызык болот окшойт деп ойлогон Бечел. Анан эмне, убакытты аркандап коюуга мүмкүн болбосо. Иштесең да, иштебесең да ал өтүп кетчү нерсе да... Колуңда жокту сатып алууга, колуңда болсо сатып берүүгө болбос нерсе экен убакыт. Бирөө жетиштире албай убара, бирөө кор болуп өтчү убакыт ушул. Анан ошо зеригүүдөн кутулуу үчүн кулкулдап арак эле издеп калышат. Демейде ичпегендер да ушул жерге келгенде аракеч болуп кетмейи бар. Атынан айтпай «өлбөстүн дарысы» атап алгандары да кызык. Алгач көчүп келгенде ала келген арактарын ичип бүтүшөт, андан соң малга деп ала келген спирттерине суу куюп ичкен күндөр болот. Ал да түгөнгөндө чыныга суу куюп алып бири-бирине ырдап сунушмайлары бар. Баары зериккендеги жоктон тапкан аргалары.

Ошентип аялы Бечелди киринтип болгон соң калган-каткан кир-коогун жууп тазалады да, кечки тамагын жасап берип эртелеп эс алышты. Жатарда айылдан ала келчү кем-карчыларын Бечелдин тамеки кагазынан алакандай айрып алып, беш-алты жылдан бери бирге жүргөн эски карындаш менен ийрек-муйрак кылып тизимдеди. Аялдын бул жазуусун өзүнөн башка эчким окуй алчу эмес. Ошентсе да ал ушунусу менен Бечелге өзүн сабаттуу көрсөткүсү келчү.

Былтыр көктөмдө эл көчкөндө кошунасынын коюна төрт туяк кой-эчки кошкон. «Сатып акчасын сактап койгула» деп. Кем карчыга керектелчү акчаны ошол кошунасынан алмай болду. Ал малы канча акча болгону да азырча белгисиз.

Эртең менен Бечелдин аялы аттанып жатканда кыз кошо ээрчигиси келип, бирок ишке ашпас оюн думуга ичине тумчуктуруп, мууна ыйлап алды. Ал эмес Бечелдин да көңүлү кадимкидей жарым болду. Кызына тил үйрүгөн таттуу-тамелектин атын айтып соороткон аял, күйөөсүн да жөн калтырбай тамашага чалды:

– Кимге салам айтып коёюн?

Бечел унчукпай күлүп койду. Аялынын жүрөккө тийишип айткан тамашасы ага жаккан эле.

– Абайлап жүр, жолдон атты кичине чалдырып, суугарып ал. Барганда жакшылап суут. Семиз неме кызыл май болбосун, – аялынын суроосуна түз жооп берүүдөн тайсалдаган Бечел ушинтип эскертти.

Аялы аттанып кетти.

Бечел үйүнө киргиси келбей эшик алдында көпкө олтурду. Тээ тоо башынан, бийиктен шаңшыган улардын мукам үнү угулду. Өзү дайым кыңылдап ырдап калчу эски ыр да көңүлүнө оролду.

Улуу бир тоонун боорунан,
Улары шаңшыйт эл жокто.
Убара болуп көп ырдайм,
Урматтуу селки сен жокто.

Көрсө, бул дүйнөгө жаралган баардык адамдын өз ыры болот тура, Бечелдин да өз ыры бар. Ал чын эле ырдаганды жакшы көрөт, бирок үнү келишпейт. Эгер үнү келишкенде, улардын үнүндөй тунук да, бийик да болгондо ушул тоолорду жаңыртып, аскаларды силкинте бир ырдап алса, көңүл көксөөсү кангансып калбайт беле. Илгеркинин ышкыбоздору күү кайрып, обон созсо, агып жаткан суу токтоп, жүрүп жаткан жел токтоп, учкан куш токтоп, жайытта жүргөн кайберен токтоп, обонго арбала кулак төшөйт дешет. Андай таланттар өтө сейрек жаралса керек. Ошондой үн, өнөр болсо кана, атаганат!

Бечел ошентип шыпшынып койду. Бирок бүгүн негедир ырдаган жок.

5.

Убакыт эмнегедир күндөгүдөн жай. Түшкө жуук адатынча эшик алдына эски талпагын салып бир маал күнгө кактанмай. Күнгө кактанып жатып күн көзүнүн короолонуп калганын көрдү. «Күн короолонсо, күрөгүңдү даярда» деген сөз бар. Баса, Бечелдин эки буту тизеден төмөн сөөгү зыркырап ооруп чыкканы да ушундан го. Аба ырайынан маалымат берчү пункуту ушу эки тизеси. Раматизими бар. Күн жаардан эки-үч күн мурда эле ушинтип зыркырап оорумай адат, «күн жаайт тура» деп коёт анан.

Күн көзү мунарыктаса жер бети күңгүрт тартып, өзгөчө бу Жан-Чыкпастын этеги сүрдүү. Ошондон улам Бечелдин боюн белгисиз коркунучтун салкын шамалы урат. Кызын жанынан алыс кетирбей, сак-сактап турат. Кырсыкты кайдан деп болобу. Жаңы тамтуң баскан кезинде кызыл көйнөкчөн болуп үйдөн узап кетип, бүркүт илип кете жаздаган. Көктүн эрке кыраандары менен кичинекей кыздын иши эмне? Гүлдөн-гүлгө учуп конгон темгил канат калдыркандарга кызыгып, жыгылып-туруп баса берип үйдөн узап кетиптир. Анда да жайдын күнү болчу. Конуш которолу деп өгүзгө жүк артып жаткан. Жумушка алаксып, баланы бир саам эстен чыгара коюшуптур. Бир маалда жүктү артып болуп, арканды чыңытып тарта коёюн деп белге салып чалкалай калса эле төбөдө бүркүт айланып, тик куюлчу баштанды. «Бала кайда эле?» деп бакырды башка сөз оозуна түшпөй. Аялы ошондо кыйкырып-бакырып кызын көздөй далбактап жүгүрүп калды. Кудай чоң сактаган экен. Анча көрбөгөндө улак эңгендей эңип кетет беле, ким билет. Ээн тоонун эрке бүркүттөрү муштумдай кыз түгүл Бечелди деле илип кетиштен кайра тартпайт каарына алса.

Бечелди кооптонткон дагы бир нерсе: таштары омкорулуп, бети оюлган суурдун бузулган ийиндерин, шактары ийилип талкаланган карагаттарды көргөндө жүрөгү «шуу» дей түшөт. «Коркконго кош көрүнөт» деген сөз бекер айтылыппы? Бапсайган жүнү жер чийип, удул астынан аюу чыгып келаткансып дене бою дүркүрөйт.

Бечел мына ушуларды денеси жыйрыла дагы бир эстеди. Ойлосо, ала жаздагы өмүрүндө мындай санаанын кечүү бербес албуут дайрасына эчен чумкуп чыгыптыр. Ырас, жайкысын бул жердин табияты ажарына кирип, ажайып сулуулана түшөрү да төгүн эмес. Эчки-теке, бугу-марал дегениң тиги эле бута атым жерде оттоп жүргөнүнө көз канык болуп кетет. Кыйкырып-ышкырганың менен деле баары бир селт этип койбойт аларың, кудум Бечелдин күркөсүн тоотпогон сымал бейкапар оттоп жүрө беришет. Ий, анан өзгө жер куруп калгансып тиги көз тайгылткан көк зоонун жалама беттеринде калдайып кулач жеткис мүйүздөрү ийилип, чычаңына жеткен бири сары, бири ала бел кара текелердин аска жаңырта карсылдашып сүзүшкөнү кандай укмуш! Ал өйүздөн бул өйүзгө, бул чокудан тиги чокуга үн салып учкан улардын мукам добушун кантесиң! «Улуу бир тоонун боорунан, улары шаңшыйт эл жокто» деген ыр саптары мына ушундан калган го... Анан мындай үндү жүрөк сүйгөн адамың менен бирге уксаң, ансайын укмуш болсо керек деп ойлойт Бечел.

Айта берсек кызык көп, Бечелдин жүрөгү көп кезде кандайдыр бир түпөйүл коркунучтан айрыла албай кыйналганы кыйналган. Үйдөн алыс чыкпайт жипсиз байланып. Эртеден кечке бар кылган жумушу ушу. Тиги тал башын ийип жасаган күркөсүнөн солго жыйрма-отуз кадам басып заара кылат, оңго жыйрма-отуз басып булактан суу сузуп келет, кезек-кезек токой четинен чырпык сындырып жипке таңып ташыйт. Анан эртең менен короодон чыгарып жиберген эчкилери кечте сууга түшкөндө жаласын деп суу боюндагы кичинекей ноого болор болбос туз себелеп коёт. А калган убакыт дээрлик бекерчилик. Эшик алдында отуруп, маңдайкы жалама зоодон чубаган кийиктерге, көктөн кайкыган канаттууларга көз салмай, анан туура кыйгач жактагы кичине аскага аралаган эчкилерине карап ышкырып-кыйкырып коймой. Кышкысын ал жакка көчүп барарын, анда эл келгендеги кубанычы менен кызганычын эстемей, ойлой-ойлой ой сокту болуп жадамай, анан кыңылдап ичтен сызып ырдамай, ыр адамдын ичин бошотот эмеспи...

Бечелдин оюна капыстан аялынын жана аттанып жатып айткан тамашасы ороло калды. «Кимге салам айтып коёюн?» деп кытмыр жымыйганычы. Бул сөз Бечелдин маанайын ачты. Ошондогу көз алдынан жылт этип өткөн элести азыр кайрадан кармап алып тиктеп олтурду. Аялынын ал суроосу «Дүкөнчү аялыңа салам айтып коёюнбу?» дегендей эле угулган.

Кайран дүкөнчү аял! Кандай жүрдү экен дечи? Дүйнөгө бир жаралган жан го! Бечелдин ушинтип аны ар дайым эстеп, сагынып жүргөнүн билер бекен?! Ал дагы мында келсе, улуу тоонун уларынын шаңшыганын укса кандай сонун болор эле!

Бечел эски кыялына дагы минди. Мындай кыялды күнүгө сүрөт. Кыялында ушул улуу тоонун боорунда дүкөнчү аял менен бирге жүргөн болот. «Ой, э-ей Бечел! сен укмуштуудай жерде жашайт турбайсыңбы! Мага эмне эртерек айтпайсың? Мени не эртерек эрчитип келбейсиң?!» дейт дүкөнчү аял маңдайынан күлүп. «Бейиште жашайт турбайсыңбы! Бийиктигин карачы, тазалыгын карачы! Кооздугун! Көрсө, сен ушундай улуу тооң бар үчүн бул жакта байыр алган турбайсыңбы. Азаматсың!» деп тим эле тамшанат. «Сен мени да жаныңа алчы, улардын үнүн бирге тыңшап бактылуу өтөбүз. А айылдан иттей зериктим. Арак менен тамеки жыттанган тар боткеде аракечтердин ызы-чуусун уга берип тажадым» дейт даттанып.

Ушунун баарын Бечел чалкасынан, көк асманды тиктеп жатып үнсүз элестетип, өз оюнан өзү ыракат алат. Ушунун баары чын болуп калса дейт. Анан эле аялы менен кызы эсине түшөт да, таттуу кыялдарынан сел агызгандай айрылат. Кызы алда бирдемеге алаксытып улам оюн бөлө берди. Ошондон улам дүкөнчү аял жөнүндөгү таттуу кыялдарын кечте улантмай болду. Түнкүсүн, кызы уктаган соң жуурканды чүмкөнүп, көздү бекем жумуп, өткөн күндүн сулуу эстемелерин кыялы менен кыдырып чыкмай болду.

... Акырын жылып түн да келди. Кечээ жасалган тамактын ашканын чала жылытып жеп Бечел менен кызы эски төшөгүн жайып, тер жыттанган жууркандарын жамынып жатып калышты. Жакындагы булактан алыстагы дайранын шоокуму күч болуп, маңдайкы зоого урулган жаңырыгы түн караңгылыгын сырдуу шуулдатып, Бечелдин оюн коштоп турду.

*   *   *

Ал мындан он жыл мурда болгон окуя. Алиги аял – дүкөнчү болчу. Бир жолу улактан кайткан жолдо Бечел жолдош-жоролору менен бирге ошол аялдын дүкөнүнө түштү да, арак ичип отуруп калышты. Тиги аял эрден чыккан неме экен. Тамашачыл, ачык-жарык көрүндү. Ичип отургандар кезек-кезек ага сөз чылбырын ыргытып, бир маалда Жантак деген жука сары досу айтып калды:

– Ээ, Бечел, качанга бойдок жүрөсүң? Жашың кыркка таяп барат, ушул дүкөнчү аялды эле алып алсаң боло.

Бечелдин боюн капысынан кандайдыр бир жумшак дирил жиреп өттү. Ансыз да арактын кызуулугунда «Аксак иттин көңүлү аркы өйүздө» болуп олтурганда тигинин сөзү кулагына майдай жакты. Ушундай аялым болгондо өмүр бою арманым болбос деп ачык айтпаса да жүрөгүнүн тереңине каткан сыры бар болчу. Жылт этип көз алдынан кызыл үмүт учкуну сызды.

– Кандай дейсиң? – тактай сурады Бечелдин көзүн тиктеп.

– Тиеби? – деди Бечел шыбырай. Тор токуп олтурган дүкөнчү аялга көзүнүн үстү менен акырын карап.

– Тиет! Неге тийбейт экен! – деди тиги тапкан тамашасына жаны жадырап. – Он гүлүнүн бири ачыла элек сендей жигитке тийбей кимге тиймек эле?!

Олтургандардын баары жаалап кетишти. Күдөрү күч ала түшкөн Бечел айланасындагыларга жал-жал карап алды.

– Деги эле көңүлүнүн сергегин! – деп мындай соорунга эң аз катышчу Көчкүн тымызын жымыйып, ууртун бүлк эткизди.

– Эй, сен өзүң бирдеме дечи, – дешти отургандар дүкөнчү аялга.

Тамашага карк болуп кыткылыктай күлүп олтурган сулуу келин сумсая жооп кайрыды:

– Бу жигитиңердин көңүлү жок окшойт менде, болбосо... – үнү ичине түшүп, бери жакты тик карай албай олтурган Бечелге сынай карады. – Жигитте айып жок!

– Жигитте айып жок! – олтургандар жарыша кыйкырышты.

Бечел жандана түшкөндөй тик отуруп, жаак-башын түзөдү. Өзүнөн чоң кылып эпсиз орогон тамекисин бурдуга соруп, анан алдыңкы ээрдин чормойто созуп, түтүндү өйдөгө үйлөдү. Бүтүк көздөрүн үлдүрөтө жумуп, таттуу кыялдын бешигинде термелип кеткендей болду.

– Ал эмесе,– деп калды соорундун оройду колдон бербес сакыйы аны капталга чыканак менен нукуп.– Ал эмесе, Бечел, ак тилектин алды деп ичип салалы. Румкенин соңу да өзүңө келип калган экен... Же-е акча жокпу?

– Бар, бар! – деди Бечел мелт-калт румкени тамекинин түтүнүнө ышталган мыртыйган саргыч манжалары менен бекем уучтай кармап жатып.– Ал, иче бергиле, канча ичем десеңер мына мен даяр!

– Баракелди! Байдын баласы деген мына ушундай болмок!– деп бармагын чыгарды румке сунган немеси,– биздин бычакка сап болор азамат!

– Акча деген эмне? Колдун кири! – деди Бечел эзели айтпаган сөздү айтып.

Демейде тырышып оңойлук менен чөнтөгүнөн тыйын чыгарбаган неме мына ушунда бир марттык кылды. Алар түн жарымына дейре ичип кайтышты. Көктө ай каалгып турган экен, сан жылдыздардын пири сымал жарыгы жер ааламга ак шооласын чачып, дүйнө жапжарык. Жел аргы маңдайдан сылап, мээримдүү үлп этет. Бечел дүкөндөн чыккандан тартып ат үстүндө ары-бери ооп, тынбай ырдап жүрүп олтурду.

Эсейип эр жеткени бир да жолу мынчалык ырдабагандыр. Тилинин бири угулуп, бири угулбай чайналганына карабай тынбай ырдады. Жанындагылардын кайда калып, кимиси качан, кандай кеткенин түк туйбады. Не сүйлөп, не койгонун бүт укпады. Кубанычы жүрөгүн алдейлеп, алиги аял көз алдынан үзүлбөдү. Кыткылыктаган сүйкүм күлкүсү, тунук үнү кулакта жаңырып жатты. Анан ага арнап ырдагандан ырдай берди:

Тишиң бир бермет тизилген,
Тиктесем ичим эзилген...

Ал түнү үйүнө кайсы маалда барып, кантип жатканы эсинде жок. Эртең менен ойгонсо, үнү бүтүп калыптыр. Ошондон кийин ал дүкөнчү аялдын дүкөнүнөн дамамат арак ичип жүрдү. Ал жерден ичкен арак дүйнөнүн өзгө эч жеринен табылгыс дармек эле Бечел үчүн. Көңүлү чөгүп кайгырганда да, маңдайы жарыла сүйүнгөндө да ушу дүкөндү көздөй чапкысы, ушу дүкөнчү аялга учуп жеткиси, бар болгон ишти, бар болгон сырды ийне-жибине чейин койбой айтып бергиси келчү. Бирок келерин келсе да, жарытып кеп кыла албай, жайчылыкта тапкан-ташынган, даярдап-камданган сөздөрү бүт эсинен кайып, кайдандыр келген жолбун ойлор жолуна жолто боло берчү. Атүгүл ал бир жолу дүкөнчү аялдын сураган суроосуна жооп таппай, бүт досторунун көзүнчө шерменде болгон.

– Досторуңуздун баары эле Бечел, Бечел дешет, деги атыңыз ким? Же чын эле атыңыз ошондойбу? – деди дүкөнчү аял.

– Жо, жок, чын атым андай эмес... – Бечел апкаарып калды.

Күтүүсүз суроодон апкаарып, шашкалактаган Бечел канча аракет кылса да өз атын эстей албады.

– Бул төрөлгөндө эле чүрүшүп ара төрөлүп, анан барыбир өлүп калат деп атасы ат деле койбоптур, – деди Жантак карсылдап күлүп.

– Жок-ай, ат коюптур, – деп Бечел ызаа боло түштү.

– Койсо айтпайсыңбы? – дешти.

Бирок Бечел айта албады. Эс тартканы өз атын ата-энесинин оозунан эки-үч жолу гана уккан. Андан бери өз атынын ким экенин эсине албаганына деле көп жыл болгон.

– Канчага келдиңиз? – деди дүкөнчү аял Бечелди өзү батырган кыжалатчылыктан өзү куткаргысы келип. Бечел бугада жооп бере албады. – Кайсы жылы төрөлгөнүңүздү да билбейсизби? – деп сурады аял жаны ачыгандай.

– Мен Качкынаалыны көчкү алган жылы төрөлгөн экем. Энем ошентип айткан, – Бечел чын билгенин айтты.

– Оо, эми сенин жашыңды билиш үчүн одүйнөдөгү Качкынаалыга барып, сени качан көчкү алды эле деп сурап келиш керек экен да. Ага ким барат? өзүң барасыңбы же? – Жантактын бул сөзүнө дүкөн ичи каткырыкка толду. Тек дүкөнчү аял гана күлгөн жок.

А жолу Бечел ошентип күлкү болду. Андай учурлар көп эле болчу. Анткен менен бирге келгендер сүрөп-шилеп арак ал десе, ал аянбайт. Айтор, аракты мээри канганча ичип, дүкөнчү аял дүкөнүн бекиткен кезде камчысын сүйрөй басып, атына асылар эле.

Күнү кечке куу маамыда байланып ачыккан аты аны көргөндө тыбырчып, тезирек кайталы дегенсип окуранып жиберчү.

*   *   *

Бечел мына ушинтип көңүлүндө төгөрөгүндөгү бүт ургаачы атпайды теңине албай, тек дүкөнчү аялды гана эңсеп, тек ошону гана алсам деген эңсөөсү өрт алгандан өрт алып, күдөрү күч болуп жүргөндө ата-энеси капысынан азыркы аялы менен башын курап салышкан. Анда Бечел муну чанып, үйдөн качкан.

– Алчум башка, мунуңдун кереги жок, – деп чортоңдогон, бу аялдын да мээсинин бир бурамасы кем өңдүү жан болчу.

– Тең теңи менен, тезек кабы менен. Сага ушундан артык катын кайда? – дешкен тууган-туушкандары, анан ал экөөнү бир үйгө киргизип, төшөк салып берип, жеңелери кызык көрүп сыртынан аңдыбайбы. Антсе Бечел тултуюп тетир карап жатып алган болот. Оюнда дүкөнчү аялды самап жатканын сырттан шыкаалагандар деле сезишкен окшойт. Кийин шылдың кылып күлүп жүрүштү. Бирөөгө өлүм, бирөөгө күлкү деген ошо да.

Ал түнү Бечелдин көзүнө уйку илинбей, бүт ааламдын иши ошолордун өргөсүндө жыйылып, дымып турду...

Талаада арканда турган айгыры азынап, тээ алыстан алсыз угулган жылкынын кишинегенине кулагын төшөп, куйругун тик көтөрүп казыкты тегерене айланып, улам талпынып секирген сайын бутундагы кыл аркан чыйрала серпилип, кайра жер сабап түшүп жатканын Бечел сезип жатты.

Бир маалда аялы акырын билегин артты. Бечел анын колун нары кагып салды эле, тиги болор эмес.

– Эркексиңби? – деп Бечелдин кулагына шыбырады. Шыбырап эле тим болбой, мырс этип күлүп койгону ыза кылды. – Эмне, дүкөнчү аялыңды кыйбай жатасыңбы? Эр жакпай жесир жүргөн неме саа тиет беле?!

Куу чөпкө ширенке жаккансып Бечелдин өнө бою дүрт эте ачуудан өрттөнүп барып сууду. Кеп-сөзгө келбестен ыргып туруп аялды оозго тепкиси келди. Бирок анте албады. Аз жерден биринчи түн уруш менен баштала жаздады. Бечел негедир ал оюнан өзүн тежеп калды. Аял кайрадан билегин артты. Анын билеги оролгон мойнун толгоого эрки жетпей тим жатып калды. Денесин кандайдыр бир калтырак басып, аялдын деми урулган кулак түбүнөн таралган суу толкуну сымал: таттуу агым бутунун учуна дейре тарагандай болду. Ошондо артына шарт оодарылып, дүкөнчү аял жөнүндөгү баардык ойлорунан кечип, жанында жаткан ушул аялдын алкымына тумшугун батыра, жаш баланы жыттагансып, шуулдата жыттап алгысы келди. Анын бул оюна дем берип коштогондой жан жери камчы саптай катып, акырын тирилип келатты...

Ошентип болор иш болуп, боёсу канып тынды. Антип-минтип арадан он жыл өттү. Ошентсе да андагы дүкөнчү аялды Бечел дале жадынан чыгара алган эмес. Өзү аны сүйөрүнө, анын да өзүн сүйөрүнө бөркүндөй ишенип келет. Кол жетпеген алма таттуу болот экен да. Ага үйлөнө албаганы өчбөс өкүт болуп жүргөндө, тиги да жөн калбай бир-эки жолу Бечелге:

– Сен мени чанып, башка бирөөнү алып алыпсың го, – деп таарынган болуп койгон.

Анын баары Бечелге чын сыр, чын сөз, чын өкүнүч сымал сезилген. Азыр да ошондой сезет. Бул аялын таштап, бакыттын шүдүрүм тамчысындай мөлтүлдөп карегинде калган ошол дүкөнчү аялды издегиси келет. Бир кездеги өз ата-энеси алдында ажыздык кылып, убадасынан тайгандыгы үчүн дүкөнчү аялдан кечирим сурагысы келет, ал кездеги ал-жайды абдан түшүндүргүсү келет. Ошентсем таарынычы жазылар, кабагы ачылар дейт. Айтса, жайлуу дагы сөз көп, мына ошонун күйүтүнө деп канчалаган шишелерди сулатпады, мына ошонун ызасына деп канча жолу канча жерден аракка уукпады...

Жан-Чыкпаста жүргөн бул күндөрдө да Бечел ал аялды эсинен эч чыгара албады. Кээде бир нече күн удаасы менен түшүнө да кирет. Антсе «деги дени сак жүрсө экен» деп ичинен сыздап тилек кылат. Бир-эки жолу уйку-соо ортосунда анын атын айтып кобураганын аялы угуп калган окшойт.

– Эмне эле дүкөнчү аялыңдын аты оозуңан түшпөй калган, түнү менен жөөлүп, – дегени бар.

Ал аз болгонсуп дагы бир жолу таламандын тал түшүндө эле аялын чакырам деп дүкөнчү аялдын атын кыйкырып алып, кошуналарына күлкү болгон. Анын баары аялынын көөнүндө. Бирок анча этибар алып деле кетпейт көрүнөт. Эртең менен ал аттанып жатып бекеринен «кимге салам айтайын?» деген жок. Бул сөз Бечелдин көңүлүнө жылуулук гана багыштарын ал жакшы түшүнөт.

Ошол аялды сүйгөндүгү үчүн Бечел эч ким татпаган азапты да, бакытты да татты. Эгер ким бирөө Бечелден «өлгөн соң кайра адам болуп жаралгың келеби?» десе, так ошол бир кездеги сүйүүсү үчүн гана «албетте» деп жооп бермек балким...

Муңдуу ырдын кайрыгындай болуп, сүйүүнүн эң оор азабы коштошуу белем. Бечел ошондой ойлойт. Ал өзүнүн дүкөнчү аял менен коштошкон күнү дал бүгүнкүдөй көз алдында. Акиретке ала кетчү кыязданып ал күндүн элесин эч бир эсинен жаздым калтыргысы жок. Көңүлүнөн көөнөрбөйт да, эскирбейт. Анан тагдырына аргасыздан көнөт. Ата-энеси алып берген азыркы аялы менен бирге күн кечип калган соң, дүкөнчү аялга айта албай, сурар кечирими суралбагандан суралбай, күндөр өткөндөн өтө берди. Караанын да алыстаткандан алыстата берди, акыры биротоло коштошту. Бирок ошо коштошуу алдында, мына ушул Жан-Чыкпаска көчүп келер жылы күздө дүкөнчү аялды да, элди да таң калтырган бир эрдик жасады.

*   *   *

Ал күнү ошо айылда той болуп, той тараган соң көкбөрү ойнолду. Бечел көптөн бери улакка көп аралашпаса да, атын суутуп минип, жакшы таптап жүргөн. Көрсө, өзү да билип-билбей ошол күнгө даярданып жүргөн тура. Тагдырдын жазганы бар, дегени чын болсо керек. Болбосо Бечелдин оюнда андай план жок болчу. Болгону эртең менен эрте туруп, атын аземдеп токунуп тойго келген. Азыркы аялы минип кеткен атты эмес, мурда улакка көп чаап жүргөн, кийин Жан-Чыкпаска көчөрүндө улуу агасынын колунда калган, жашы улгайса да тулпар сынын жогото элек ак боз аты бар эле. Ошону минип чыккан.

Алгач жеке тартып, андан соң жаймага ташталган улак Бечелдин колуна кокустан тийип калды. Бирин-бири омуроолотуп, улам бир шылуун улакты өзүнө силке тартып, ач кыйкырык куу сүрөөн салып, ортодо чаң көтөрүлүп, дем кысылткан топту жээктей айланып, кареги күйүп турганда Көчкүндүн топко аралашып келе калганы кандай жакшы болгон. Кудай оңунан берет деген ушул. Улактын бир бучкагы анын колуна тийди деген сөз башкалардын колу түгүл такымынан деле жай суурулуп чыга берет. Аны менен силкише коём деп далайынын атынан учуп түшкөнүн Бечел көп эле көргөн. Бул күнү да ошондой болду. Улакты калың топтун арасынан камырдан кыл сууругандай эле сууруп алды! Күч деп ошонукун айт, атаңдын көрү! Аты да өзүнө эле жаралгандай. Элдин атына окшоп омуроолоп кирбейт. Соорусун салып чегинип кирет топко. Бу жолу да ошентип кирди. Анан Көчкүн улакка колу эптеп жеткидей болгондо жа-ай созулуп барып улактын бир бучкагынан кармады да, колун кандай жа-ай созуп барган болсо кайра улакты да ошондой жа-ай гана сууруп алып астына бөктөрдү. Аңгыча аты да айттырбай чү коюп, маңдайындагы топураган топту омуроолой жөөлөп, как бөлүп чыкты. Эки дайра бир өзөндөн кошулган сымал эки күч: улакчы менен атынын бириккен эби-сыны карап турсаң көз кумарың кангыдай кооз көрүнүш эле.

Көчкүн топтон кичине бөлүнө берип улакты Бечелге өңөрттү. Көптөн бери топко арлашпай калган неменин көңүлү ачылып калсын деди окшойт. Дээринде бар эмеспи, калың топко жакындаган сайын каны кызып, кандай-кандай эмес, оңу келип калса деп ичтей даярдыгы күч болуп турган Бечел үмүттү жерге түшүргөн жок. Улакты боортоктой ээрге басып, согончогу менен атын капталга ургулап калды. Арттан күүлөнүп келген бирөөнү Көчкүн нары четтетип сүрүп кетти. Аңгыча Бечелдин ак боз атчан карааны чаң ызгытып топтон бөлүнө берди.

Ал кезде айыл көчөлөрү ээн, адам сейрек болгондуктан, улакчылар таш жолдо чаң уюлгутуп көчө менен эле чапкылай берчү, Бечел да көчөгө салды.

Калың топ ызы-чуу сүрөөн салып артында келатты аттардын өпкөсүн түшүрө теминип. Үзөңгүлөр кагышса от жаркылдап, туяктардын добушунан жер солкулдайт. Ооздук чойгон ооздорунан кан аралаш ак көбүк агып, чаң жуткан аттардын таноолору барбактайт. Антсе да болбой ким бирөө Бечелдин атынча болбогон чобуруна кара жаны кашайып сөгүнгөнү, атынын соорусун жылан боор кыргыз өрмө камчы менен тиле чапчудай парсылдатып келатканы угулат. Жетсең ал, жетпесең сыйпалап кал дегенсип, Бечелдин жалгыз атчан карааны ат үстүндө бир оңго, бир солго ооп түшчүдөй кыйшактап, узагандан узай берди. Арттагылар анын караанынан көздөрү өтүп, алда бир асылын алдырып ийгендей өчөшө кууп баратты. Мындай улактын неченин ушинтип жалгыз алып качып, куйрук карматпай кеткен Бечелдин сырын билген кай бирөөлөр үмүтүн үзө баштады. Ошо ошентип баратканда эл күтпөгөн иш болду. Бечел көчөнүн чыгыш тарабындагы арыкты каргытып өттү да, арыктын наркы жээгиндеги баягы жүрөккө тааныш дүкөндүн эшик түбүнө удул барды.

Улакчылардын жер титиреткен дүбүртүн угуп, кызыга жүгүрүп чыгып караган дүкөнчү аял күтпөгөн жоруктан жүрөгү жарылып кете жаздап, дүкөнүнө безип кирди. Бечел болсо улакты дүкөндүн ачык турган эшигинен ичке киргизе ыргытты да, аттын башын шарт буруп, үйүнө жөнөй берди. Буга чейин эч ким дүкөнгө улак таштап көргөн эмес, ойлогон да эмес. Бечелдин болсо ал аялга болгон эң биринчи да, эң соңку да соогасы ошол болду.

Кең кырканы кесип өткөн топурактуу жол менен Бечел ошондо жай кайтты. Эти кызып, каны суюла түшкөн ат ойдолоп ооздук басат. Бирок Бечел аны жайына койбой, тизгин жыя жүрдү. Өзүнүн ушу кылганы дурус болдубу, жокпу – ошонун аныгын биле албады. Ушул жорук өз акылына кантип ороло калганына эми өзү да таң.

Ат кулагы жапырылып, төрт туягы эликтей бүгүлүп, кулактан шамал ызылдап чаап келатканын, ат тизгинин акырын четке тартканын, ат болсо калганын айтырбай түшүнгөнсүп жол четиндеги арыктан жеңил каргып өтүп, тааныш дүкөндү көздөй удул салганын, капилет жоруктан акылы адашкан дүкөнчү сулуунун дүкөнүнө качып киргенин, ага куйрук улаш жетип барган Бечел килейген ак серкени ээрден оодара бергени, ак серке аттын эпкини менен ала-сала дүкөндүн босогосунан ичти көздөй булак этип оонап түшкөнүн – өтө берип кайрылып көзү чалганын, арттагы калың топ энтиге келип ошол жерге жыйыла токтогонун, ким бирөөнүн Бечелге кыйкырганын, кимдир бирөөлөрдүн дүкөнчү аялга жолдугун сунуп, улакты мага-мага деп кол созгонун, дүкөнчү аял ак серкени оордунан араң аласалдырып босого жакка жылдырганын артына кылчайбастан жүрөгү менен туюп, калың топтон караанын бөлүп узап келаткан кезин эстеп, бир-бирлеп көз алдынан өткөрүп жүрүп отурду. Дүкөнчү аял кандай ойлоду болду экен? «Бул эмне жоругу? Дүкөнгө улак таштаганды кимден көргөн?» деп сөгүнсөчү? Жок, антпес, анте койбос...

«Кайыр кош, кайрылып кайра чыкканча!» деген сыяк күн алоолонуп батып баратты. Кызыл өрт болуп батып бараткан ошол күндү тиктеп, Бечелдин негедир жүрөгү кусага толду. Ошо күндү кубалап жеткиси келгендей аттын башын коё берди да, камчы салды. Ушуну гана күтүп ооздук басып, Бечелдин тизгин кармаган колдорун карыштырып келаткан ат эми алып учту. Бою ээрден араң эле ашкан Бечел алыстан караган көзгө каргадай эле көрүнмөк, бирок ошо каргадай караандын ичинде атан төөнүн белин талдырар оор арман баратты. Жер кайыштай тилинип, как бөлүнүп эки жакта калып жатты. Төрт туяктан учкан тополор уучтап чачкансып аркада чубалгандан чубалып, узун ийрек чаң калды.

Аттын ушунча жан үрөп куштай сызып баратканына карабастан, үстөккө-босток камчы салды, кең жаткан талааны а-бу дегиче артка таштап, тиги күн менен кошо батып кеткиси келгендей, узап кеткен энесинин артынан кошо кол созо чуркап, «мен да барам» деп ыйлаган жаш баладай болуп баратты Бечел. Ага болбой күн чөккөндөн чөгүп, батар жерине кылкына батып кетти. Эртеден бери жерге сепкен нурун эми жыйып алып көккө учургандай нурларынын тик өйдөгө сайылган шоолалары калды. Бечел үмүтү үзүлгөндөй тизгин жыйды. Үзөңгүсүн чирене тээп, тизгинди силке тартып «дыр-дырлап», жүрүшүн акырындатты. Күйүтү басылар эмес. Кайра кандайдыр бир биликтүү от өзөгүн өрттөп бараткандай болду. Ичине толуп чыккан кусалыкты бүркүп салгысы келгендей оор-оор үшкүрүндү. Ал мына жакында Жан-Чыкпаска жөнөрүн, ошону менен дүкөнчү сулуунун караанын кыйладан кыйлага кареги чалбасын ойлоп, жаны күйдү. Ич бошото абдан бир ыйлап алгысы келди, кылгырып чанагына жаш толду...

Ошо ошондой болду, ошентип ошол күнү ал жан кумар улагы менен да, өмүрдөгү бир жолуккан сүйүү жылдызы менен да коштошуп, ошол үчүн ыйлагысы келди. Муун-жүнү шалдырап, аттан кулап түшчүдөй жаны жер тартты. Кыш илеби келип калган ошол кеч күздө, айлана күүгүм тартып караңгылыктын көшөгөсү тартылып келатты. Ошентип сыздады Бечел... Ал кечтин азабын бир Бечел билет, бири – чын сүйүп, ал сүйүүсү менен үнсүз коштошуп көргөн жан билет...

Он жылдын алдындагы ошол окуяны эстеп Бечел азыр да сыздады. Көз кычыгына сыгылып жаш келди. Негедир ал акыркы күндөрү ушинтип жашык болуп барат. Өткөндө аялы алда бир нерседен улам капаланып:

– Кудай, ай. Ээн тоодо жалгыз үй куурап бүтмөй болдук. Ушинтип элден бөлүнүп көргөн күнүң курусун. Кудай же тыңырак күйөө айтпаптыр, же тыңырак кайын журт айтпаптыр, же төркүндөрүм болсочу. Элдин катындары өңдөнүп бастырып барып турганыма, – деп ыйласа, булуңда олтурган Бечел да кошо бышактаган. Аны көрүп аялы оозун ачып отуруп калган.

Бүгүн да эскирбес эзелки сүйүүсүн эстеп, дагы бир ичинен сыздап ыйлап алды. Айыкпас эски жарасынын карты дагы сыйрылып, ырбай түшкөндөй болду.

Ушинтип уйку качкан узун түндүн сааты жүрүп жатты.

6.

Арадан бир жума өткөн. Бечел менен кызы кеч турду. Жаңы эле чай кайнатып ичерде сырттан кишинин ышкырыгы угулгандай болду. Каңырыш угуп жатпайлы дегендей экөө бирдей элеңдеп, кулак түрүштү. Жо, чын эле, дагы угулду. Койчумандын ышкырыгы го!

Ата-бала жарыша талаага атып чыгышты. Ылдыйкы тумшуктан бир короо кой бери имерилип, эки койчуман койлорду ошо жайына коюп, бери Бечелдин үйүн беттеп калган экен.

– Кошуналар келди! – Бечел жаш баладай сүйүндү. – Кызым, чөөгүнгө суу толтур. Бол, тез! Чай кайнаталы. Ачка келатса керек, – өзү да кошо жүгүрүп, муздап бараткан мешке кайрадан от жакты. Ал аңгыча ат дүбүртү жакын келди.

– Ассалому алейкум! – деди келгендердин улуурагы ат үстүнөн кол созуп. Экинчиси да аны коштоду.

– Валийкум ассалам! – Бечел аликти кырааты менен алганга аракет кылды. Анткен менен толкунданганынан үнү дирилдеп чыкты. – Сен. Эркебайсыңбы?

– Ооба да, тааныбай калдыңызбы? – Эркебай аттан түшүп жатып кыткылыктап күлүп койду. «Жол азабы – көр азабы» деп бекер айтылыппы. Үч-төрт күндүк сапар балдарды кадимкидей аздыра түшкөн эле.

– Көзүм жакшы болбой калды, – Бечел чынын айтты,– үнүңдөн тааныдым.

– Коюңузчу, жапжаш туруп. – Эркебай Бечелдин көңүлүн көтөрмөлөп коёюн деди окшойт.

– Жапжаш, дечи! – Бечел ишенгиси келбегендей Эркебайдын сөзүн күбүрөнө кайталап койду.

Балдар кыска аман-саламдан соң тер жыттанып, буусу буркураган аттарынын куржун-кечесин алып, басмайылдарын бошотуп, отко коюшту. «Ачка болду, кичине чалып алышсын. Журтка жеткенде бир эле сууталы» дешти. Анан үйдү көздөй баса берип, босогого таяна корунуп турган Бечелдин кызын көрүп Эркебай кайра артына жанды:

– Ой, сени унуткан турбайынбы. Куржунда бир нерсе калды бекен.

Куржундун бүчүлөрүн шашпай чечип жаткан Эркебайдын кыймылын кыз чыдамсыз тиктеп турду. Эркебай куржундан эки-үч томолок алма алып чыкты. Анысы узун жол, тар куржунда жанчылып, сарала болуп кетиптир.

– Мегой! Бары ушул экен. Калган базарлык артта келатат. Анан жээрсиң.

Кыз кымсына кол сунду. Мындайды көрбөгөнүнө канча болду! Ууртунан аккан шилекей ирмеп калганга үлгүртпөй чууруп кетти.

– Карма! – деп Эркебай күлдү, – атаң экөөң ээн тоодо жата берип, жапайы болоюн дегенсиңер го. Бириң киши тааныбай, бириң кишиге жолобой!

Көч деле көп узабай келип калды. Жолго чыкканына бүгүн төртүнчү күн экен. Түндө саат бирде туруп эле ай жарыгында жүк артып жолго чыгышыптыр. Бечелдин үйүнөн чала-була чай ичкен болушту да андан өйдө сапарын улашты.

– Буйруса жеттик. Конушка барып бир эле эс алалы, – дешти.

Бечел кызы экөө да ошолор менен кошо жөнөштү. Бул Бердалы деген эски тааныштарынын бири. Өзүнүн малы аз эле. Кышкысын туугандарынын койлорун кошо келип, акысын алып багып кетет. Быйыл жездесинин жүздөн ашуун коюн кошо келиптир. Тиги көч айдашып келген Эркебай деген кара-тору жаш жигит ошо жездесинин уулу. Былтыр да келген окумал ушул. Ушу элдин көчмөн турмушун иликтеген бир нерсе жазам деп дагы келиптир малын жеткизишкенче. Аттан өлөрдөй тажап, жөө жетелеп алыптыр. Бечел аны жактыра бербейт. Ал айтат:

– Кыргыздар акмак элбиз, – дейт. – Башка элдер алда качан шаар куруп, асманга учуунун алегинде. Сан кылым мурда салып койгон курулуштары бүгүн урпактан-урпакка жалгашып, маданияттын очогу, байлыктын булагы. Алар тапкан байлык жыл өтүп, канча кылым карытса да бөксөрбөй, улам кордонуп кийинкиге мурас болуп кете берет. А биздин кыргыздар байлыгын малы менен өлчөп, ошонун караанына карк. А бир күнү жутка кеткенде жер сыйпап отуруп калат. «Бай мактанса бир жуттук...» деп койгонун кантесиң анан... Жадагалса ошо малдын кышкысына чөп жулуп жыйнап койгонду билбей келген.

Эркебайдын мындай сөздөрүн ыраматылык Бечелдин атасы укканда кыргыз өрмө камчы менен жон терисин шылый тартары айдан анык эле.

– Анда эми айга учпай сен эмне эшейип мында жүрөсүң, ата-бабаңдын оозун урайын акмак?! – демек...

Эркебай жетелеген атына Бечелдин кызын мингизип койду.

– Жолуңар былтыркыдан да укмуш тура, – Эркебай жолду карай Бечелге кеп салып берди, – былтыркыдан да жаман бузулуптур. Мындай болорун ит билиппи. Болбосо келмек эмесмин. Бердалы таякемдин да тынымы жок экен. Жарым түндөн ойготуп эле жүк арттырат. Жок дегенде айдын жарыгы болсочу. Караңгыда карайлатты го. Жолдон уйку кыстаганын сураба! Эки жолу үргүлөп кетип аттан түшүп кала жаздабадымбы!

– Ээ, көргөнүңдөн көрө элегиң көп, балакай, – нарыдан Бердалы кошумчалады. – Баягыда Элебестин койчусу ушундан кайра кайтканда үч күн удаасы менен жол жүрүп, акыры айылга жетерге аз калганда, кой артынан ээрчип баратып эле аттан ооп түшүп калыптыр. Бир кезде алдыдагылар кылчайып караса, ээр токумчан ат эле келатат дейт. Кайрылып кайра чаап барышса, түшкөн эле жеринде, ак кардын бетинде уктап атыптыр. Ырас, мен да ошо боло жаздадым! – Эркебай күлдү.

– Менин жанталашканыман ушинтип эрте келип олтурабыз! – Бердалы учуру өтүп бараткан мактанып калуунун ороюн кайра кайрып келди. – Болбосо көрдүңөрбү, биз менен бирге чыккандардын далайы жолдо калды. Алар бүгүн мында жетпейт. «Аныңыз ырас» дегенсип Эркебай башын ийкеп келатты.

Алардын айтымына караганда быйыл жол жылдагыдан начар экен. Жаз жаанчыл болгондукубу, тоо бетинен түшчү булактардын суусу көбөйүп, жолдун баары муз, тайгалак дейт. Айтып отурса чын эле коркунучтуу. Алда кимдин зоодой өгүзү эмерек-семереги менен кошо кулап, көз тайгылткан Көк-Суу өзөнүнө түшүп кетиптир. Дагы бирөөнүн ую учуп, бели үзүлүп, бир жерден кайсы бир казак малчынын койчусу кулап өлүптүр, түкүнчөнүн баласы да жол оңшоп жүрүп тайгаланып ташка жыгылып, төшөктө жатат имиш... Дагы көп коогалар жөнүндө сөз болду. Айтор, жакшы кабар аз. Аларды угуп баратып Бечел аты менен аялынан алагды болуп калды. «Аман-эсен келсе экен» деп тиледи ичтей. Анан дүкөнчү аялды да эстей койду. Ал жөнүндө сөз баштагысы, ал-абалын сурагысы келип, бирок батына албады. Сөз ыңгайы да келбей койду.

Бул күнү Бечел кызы экөө Бердалынын үйүндө конуп калышты. Жатарда кичинеден арак ичишти. Бечел кулкулдап дагы ичкиси бар. Бирок Эркебай:

– Аябай чарчадым, жата берейин, – дегенинен улам баардыгы жатмай болду. Дагы күн бар эмеспи. Соорундун жалгашын эртеңкиге калтырышты.

Эртеси Бердалы баш болуп эки өгүз, эки ат менен Бечелдин этектеги үйүнө кайра түшүштү. Ал жердеги жазда бул жактан көчүп жатканда таштап кеткен майда-бараттарын, анан Бечелдин эмерегин биротоло артып, Жан-Чыкпастагы үйүнө алып келип таштады.

Ал күнү дагы беш-алты кош келди. Ошону менен Бечелдин эң жакын кошуналары толукталды. Кечте Бердалынын үйүндө чакан баш кошуу болду. Тамактан мурда эле арак башталды. Ала жаздай жалгыздыктан жаны жадаган Бечел менен кызына чоң майрам болду.

– Бар кезде ичип алалы, – деди Бердалы. – Аз күндө бу да түгөнөт. Анан капа болмой жок.

Бечел баш ийкеп ыраазычылык билдирди. Бердалы андан ары сөзүн улап Эркебайга кайрылды:

– Бул жактын кышы укмуштай зериктирме. Койду балдар багат. А биздин кыларга иш, саларга куш жок дегендей, анан күндө бирибиздин үйүбүзгө чогулуп соорун курабыз. Орозонун күнү экени менен деле эч кимдин иши болбойт, жеке биз эле дейсиңби. Зериккенден арак ичпегендер деле аракка үйрөнүп кеткени арбын. Бирок күндө арак ичкидей бул жерде дүкөн кайда. Алгач көчүп келгенде ала келген арактарыбызды ичебиз. Ал түгөнгөндө малга деп ала келген спирттерге суу кошуп ичебиз. Ал да түгөнгөн соң чыныга суу куюп алып, ошону бири-бирибизге ырдап айландырган күндөр да болот.

– Койгулачы! Кантип эле ошондой болсун?! – Эркебай ишене албай каткырды.

– А сен эртең эле кетип каласың да. Эгер бир ай жашап көргөнүңдө, баарына күбө болмоксуң!

Бердалы чын айтат. Атүгүл таңса деген балакети да бар. Күнү кечке кой багып ичи бышкан койчулар эми үйдү башына киет, «байпак таңсы баштайбыз» деп коюшат. Бүттү, Бечел эзели укпаганды ушулардан угуп, ушулардан көрөт анан.

Бул жерде кайдагы заңгыраган үйлөр бар эле. Баары нечен жылдын алдында салынган жыгач үйлөр. Эми көрсөң жепирейип жер менен жер. Эскилиги жетип, булуң-бучкагы чирип, араң турат урап түшчүдөй. Көчүк айланбаган тардыгына карабастан, тиги таңсакечтер бир эс албайт дейсиң, кудай бетин көргөзбө! Биякта отурган сени тебелеп-тепсеп жүдөтөт. Бүкүрөйүп баштарын ийип алса да болбой, анда-санда ышталган кара устундарга дүңк эткизе төбөсүн уруп алышат. Ага боло токтоп калмакпы, охолоп коюп ойной берет. Көл-шал тердеп алышкан. Ары-бериден соң Бечелди да кыйнашат бийле деп. Бечел корунуп булуңда, бүрүшүп. Аялына го кудай берет. Көктөн тилегени жерден табылганы ушул: оюн дегенде ою миң салаа болуп жүрүп байпагынын таманын жамап алганга жарабай, эми согончогун кызаңдаткан бойдон оюндун кызыгына батат. Алдыртан көз салып олтуруп, «оюн деп жүрүп омурткаң сынат ко бир күнү. Энеңди... Сөөмөйүңө жара чыккыр!» – деп Бечел ичтей ызырынат.

Ал жер, бул жерге көчкөн сайын кошо сүйрөп жүрүп эскирген бир кулагы бар, бир кулагы жок котур үналгылардын түн бир оокумга дейре жаны тынбайт, жаагы басылбайт. Кайдагы бир чуру-чуу, даңкы-дуңку үндөрдөн Бечелдин кулагы тажайт. Же бир ырынын сөзү угулсачы... Бечел комуз үнүн уккусу келет. Атына тили келбеген кайсы бир мамлекеттин, кайсы бир ырчыларынын ыры ушул үйлөрдө жаңырат. Азырынча быйылкы жылдын андай күндөрү жетип келе элек, бирок алыс да эмес. Мына чейрек кыштан соң башталат.

– Сен эмне унчукпай калдың? – Бердалы Бечелдин оюн бөлдү. Ага арак өз күчүн көрсөтө баштаган экен. Тили саал булдуруктай баштаптыр.

– Жеңемди сагынган го, – Эркебай тамаша чалгысы келди. Бул тамаша Бердалыга да жакты.

– Ушу сенин аялыңды бирөө алып алган го,– деп кошуп койду.

– Алып алганда аны эмне кылмак эле? – Бечел чын пейли менен жооп берди тигилердин кытмыр оюн түшүнбөстөн.

– Эмне кылмак эле дейт да, сен эмне кылчу элең аны?! – каткырды Бердалы, анан эски адатына басты,– Ушул аялыңды кичине тыйып жүрсөң боло. Кайтарбасаң катын турбайт. «Камчың каардуу болсо, катының ызааттуу болот» деген. Андай немени камчынын алдына алып, тезге салса болот, же чамаң жетпейбы? Ээ, андай немени илгерки Аянаалынын аялындай кылып колу-бутун таңып, Жан-Чыкпастан учурса да эп. Сага эмне, катын табылбай калат беле, башка болбосо да баягы дүкөнчү аялың бар эмеспи! Эмгиче эрге тийбей жүрөт… сени күтүп боз ала болуп. А сен бир барып көрүнүп койгонго жарабайсың.

Бечел чын бүттү. Көңүлүндө сагыныч менен ызаа аралашып кетти. Өзгөчө аялын келери менен муунтуп салгысы келди. Анын ызадан татарып чыккан өңүн Эркебай сезе коюп, оюн башкага алаксыткысы келди.

– Кой эми, Бечел аке. Мунун баары тамаша. А көрө бир ырдап койбойсузбу.

Бечел аз тарткынчыктады эле, тигилер жайына койгон жок. Баягы эски ырларынын бирин созолонтту!

Ким кыйды экен кырчын талдын бутагын,
Ким койду экен кыргыйекке тузагын?!.

– Ой, укмуш ырыңыз бар го! – Эркебай кол чаап кирди.

– Мунун укмуш ыры көп, – деп коштоду Бердалы.

Бүгүн Бечелдин ыры узунга созулган жок. Көп өтпөй эле кыйшайып жата кетти. Анын мындайы жок болчу. Качан эсин билбей калганда гана болду кылчу.

– Эй, тур! – деди Бердалы аны ийинден тартып. – Кантесиң, бошогон шишедей болуп.

– Тамак даяр болду,– нарыдан Бердалынын аялы үн катты.

Бирок Бечел турбады. Бат эле уйкуга кирди. А кызы эбак уктап калган.

Акыркы оозу ачылган шишенин али жарымы түгөнө элек болчу. Ошону бүткөнчө экөө дагы көпкө отурду. Кеп кайрадан Бечелге ооду.

– Бечара, шайы кеткен экен. Аялы жакшырак болгондо да мындай болбос беле. – Бердалы ушинтип кейиди.

– Аялы сулуу экен-ээ! – Эркебай эсине келгенин тартынбай айтып калды.

– Сулуусу го сулуу. Анык бир кашык сууга кошуп жутар перинин өзү.– Бердалы минтип божурай баштаганда Эркебай анын сөзүн кайра өзү белге тепти.

– Эмне, жеңекемден да укмушпу?– ал бул сөздү бир чети жеңесинин көңүлүн жасап, бир чети Бердалыга тийишип, тамаша болсун деп айтты.

– Жо. Эми өзүң да көрбөдүңбү былтыр. Сулуулугунан өөн таппайсың. Бир айыбы ошо, ычкыры бош. Ага анын келбеттүүлүгү эле эмес, эселегинен жетим калып, кароосуз калган тагдыры, анан эми күйөөсүнүн боштугу да себеп...

Бердалы көп нерсе айтты. Бул тегеректе Бечелдин аялынын ычкырын чечпегендер аз экенин узун сабак кеп кылды. Кейип да алды. Эң мурда өз теңин туш келди жолбун эркекке жалаяк кылып берүүдөн боюн качырбаган аялда не жүз? «Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт» дейт эл. Анан адам уулу бар жерден «бенделик» аттуу бечаранын безе качып кете алмагы да кемде-кем белем, напси бузулганда кыяматтын кыл көпүрөсүн да унутат эмеспи адам. Ошолорду айтып күйгөн киши өңдөнүп отурду:

– «Бышылуу тамактын күйүтү жаман» демек, өзгөнүн ашына кашыгын салгандан уялбас болуп кеткендер арбыбадыбы. Анан бу жерде да не болбосун бир жолку бел бошотуп алганына маашыр болуп чыга берген эргулдар толуп жатат. Өзгөнү го өзгө дээр элек. Оболу өзгөдөн мурда өз кайнагаларынын бирөө да эки-үч жолу бу келини менен төшөктөш болуптур деген айың бар...

«Ошончо кишинин арасында сиз деле кур калбасаңыз керек» дегиси келип барып, Эркебай кайра башка тамашага чаптырды:

– Эми Бечел байкуштун кебетеси тиги болсо, соолуган картөшкөдөй... Бечаранын тиягы деле кайсы дейсиң. Анан аялы мээри канбаган соң... Күүлөсө кой деле кочкор издейт эмеспи!

– Ха, ха, ха, – Бердалы «мунуңдун да жөнү бар» дегенсип көпкө каткырды.

Анан казан-аяк жууштуруп жүргөн аялы жакка бир карап акырын шыбирады. – Сен кеткенче келет ал. Шаардагы кунаажындарыңды сагынып араң жүрсөң керек. Келгенде сен да белиңди бир бошотуп ал!

– Коюңузчу, кайдагыны айтпай.– Эркебай жактырбаган ырай байкатты, – Мени Жан-Чыкпастын тентек текелери ойлоп калдыңызбы?

– Тамаша, тамаша, көңүлүңө алба! – Бердалы кайра бажалактап калды.

Эмнегедир бүгүн Бердалынын аялы экөөнү арактан тыйган жок. Эрте жаткыла деп шаштырган да жок. Айтор, жумушун бүтпөгөн киши болуп казан-аягын көпкө жууштуруп, иреттеп бүтө албай эле алек болуп атты.

7.

Терезе чертып кирип келген кеч күздүн ызгаарын ботке ичинде олтургандар иликке алчу түрү жок. Бечелдин бир кездеки жан-жөкөр жолдошторун Бечелдин аялы бүгүн мында конокко чакырган, чакырганы ошо – эки-үч шише арак менен ач курсак сыйлап жатты. Тигилер деле мындан артык сый талап кылган кейпи жок. Ошонун өзү да жетип ашып жаткандай. Жагдайга жараша сый болорун тиги оозу оозуна тийбей таңдайынан чаң чыккан сары Жантак кеп салып олтурду:

– Ушунуңа да ыракмат! – деди Бечелдин аялын далыга таптап, – Бул жерде мындан артык сый кайда? Шаарда болсо жөн бөлөк, ырас, – кокусунан олуттуу бир акылдын көзүн тапкандай Бечелдин аялын сынчылай тиктеп калды. – Шаар демекчи-ий, ушу сен шаарга эле кирип кетсең кантет?

– Шаарга? – Бечелдин аялы оозун ачып таңыркап сурады, – шаарда мага эмне?

– Тапкан экенсиң акылды, – кекете сүйлөдү жанатан дулдуюп үнсүз олтурган Көчкүн, – сүйлөйт десе оозуңа келгенди оттой берет экенсиң го, буга эмне, аял эмес эр болгон сен кайсы чекең жылыды эле шаардан?

– Мына ошол аял болгондугу үчүн! – Жантак сөөмөйүн чыгара колун бийик көтөрдү. Анан Бечелдин аялына бурулду, – Мен мына бу колумдун беш салаасын кандай билсем, шаар жагдайын да ошондой билем.

– Ээ, баягы тыңсынмайың дагы башталдыбы? – Көчкүн жактырбагандай күңк этти.

Анткени көзүнөн шайтаны куюлган Жантактын сыры да ага беш колундай даана эле. Баягы он нече жылдын алдындагы Бечел менен бирге жүрчү күндөрдүн аягы суугандан кийин Жантактын аздап жаман аты чыгып, үч-төрт жолу суракка тартылып, акыры мал уурдаган айыбы ачылып түрмөгө да жатып чыкты. Анан аралыкта шаарга кирип кете коюп, кайтып келип жүрдү. Айыбы ачылганына болбой эле кысылып-кымтынар түрү жок. Кээде эл чогулган жерде ошо түрмөдөгү «кызык» эстемелерин мактангансып айтып калат. Шуулдап жүргөн-турганы такыр башкача, аны менен Көчкүн деле көп аралашкысы жок. Бирок ага болбой анда-санда ушинтип бирге болуп калышат. Анан эле тиги кызыган соң кайдагы бир кулак сасыткан аңгемесин баштайт да, мактанып кирет.

– Тыңсынбай нетпей эле болгонун болгондой, көргөнүм көргөндөй айтып жатам! – деп Жантак жаагын жаныды.

Көчкүндүн тоготпогонсуган кейпине анын жаны чыгып кете жаздады, – Сен өзүңчө мени сындыргың бар го, амал канча, караңгысың да, айтканды кайдан түшүнөсүң, антпесе ушунча мал-дүнүйөң, байлыгың туруп куурап жүрөт белең?!

– Куурап деп ким айтат! – Көчкүн зуңк этти,– кудайга шүгүр, куунап эле жүрөм!

– Сөзүңдө калет бар, куунаганыңды көрүп жүрөм, ууртуңдан шалыңды куюлтуп эт-май жеген кезиң эле го. Андай эт-майды тоонун ит-кушу деле жеп жүрөт. А башка убакта сийип-чычарга чолоң жок шашып жүрөсүң, дал ушул тапта да «кокуй, малым эмне болду?» деп, бир румке аракты тыңдап жута албай, ичкениң ириң болуп араң отурганыңды билбейт дейсиңбы? Бул жактагы байыңдын баары ошондой, жалаң жаны сеп албаган бечаралар, ойлосоң ичиң сыйрылат. Жылдын он эки айы мал артында жүрсө, салпылдап кудайдын куу азабын жеп, анан анын бир опаасын көрбөсө, андан көрө кедейдики жанга тынч. Күнүмдүк тапкан-тергенине каниет кылып жата берет. Сен, Көчкүн, ушунча болуп оодандан аттап чыгып көргөнүңдү ким билет. Ал оодандын базарын шаар деп болобу, шаар деген нарыда. Эмне десең баары бар ал жакта. Бай деп ошол жактын байларын айт, алдында машина, аны да өзү айдабай, жанына шопур жалдап алат. Шопуру зыр жүгүрүп эшик ачып, жалжылдап тиктеп «эми кайда?» деп турганын көрүп бай болуп калбаганыма канча жолу ичим сыйрылбады десең. Ал эле бекен? Айтпадымбы, акча болсо баары бар деп. Катын деген мына ошол жакта. Не бир ургачынын ургаачысын көрөсүң. Акча болсо бүттү, четтен табасың. Аял деп ошолорду айт. Койнуңда тынч жатпай сезимиңди алып учуп, кучагыңда балыктай туйлаганын айтпа! Атаганат! Шаарда туулуп, шаарда чоңойгонумда, ал жактын балдарындай биттин ичегисине кан куюп өспөйт белем! Же сеникиндей дүйнөм болсо, аптасына болбосо да айына бир барып ойноп келип турбайт белем! Не бир жашы жыйырманын кырына илинбеген жүзүмдөй мөлтүрөгөн кыздарды түпкүчтөй түйүлтпөйт белем, мына ыракат! А сен аны айтсам кыртышың сүйбөй жүз үйрөсүң...

– Ээ, макул дейли, – Көчкүн бир нерсеге акылы жетпей маң болду, – мен го ошентишим керек экен, а бу Бечелдин аялычы, бу эмне кылмак?

– Булбу? – Бечелдин аялына бурулду Жантак, – Билсең, меники акыл. Кара санап, кастык кылып жаткан жерим жок, сенин бул айылдагы сырыңды да, тиги Жан-Чыкпастагы тагдырыңды да мен билем. Өз касиетиң өзүң кор кылып, өз баркыңа өзүң жетпей жүрөсүң. Сендеги сулуулук деген миңде бир аялга буйруса буйрат, буйрубаса жок! Эгер шаарга кирсең, үстүңдөгү эски-уску чүпүрөгүңдү сыйрып ыргытасың да, шаардыктарчасынан жарым жылаңач кийинесиң. Бутта бийик така, көчө тырсылдата жамбаш толгоп басканды үйрөнөсүң. Чач дегенди жайып коё бер желге таралта. Ээрдиңди боёп, кашыңды чий. Бет май дегениңдин сан түркүмү бар. Анан эмне, сен окшоп кам-каймак сүртүп жүрөт дейсиңби... Ошо, ошентип жасанасың, ошондо сенден өткөн сулууну көрөйүн, шаардын аялдарынан ашып түшпөсөң кем калбайсың.

Жантактын оозун тиктеп Бечелдин аялы жаны жадырап жыргап отурду, Жантак болсо ансайын арбап баратты:

– Айтты койду дебе, дал ошондой болот, анда сендейлердин оруну болот. Ошого орноштуруп коём, бүттү, жашай бер, сендей сулууга кардар деген мол чыкпайбы, ар күнүң текке кетпей, акча дегенди суудай тапканды ошондо көр. Жан-Чыкпастагыдай койчуларга кор болгончо тигил жерде бирер байдын көңүлүн бир түн улап койсоң, капчыгыңа палан пул кирди дей бер!

– Эй! Аялын каңгытып жиберип, Бечелди кантмексиң?

– Бу каңгыткандык эмес, каңгыган турмуштан куткаруу экенин билбедиңби? А Бечелди кантмек элек? Анын канча бир тууганы бар? Бардыгы четинен бай, бир Бечелин карап албай өлүппү? Бечелге болсо эми катындын кереги эмне? Катын багар алы калбаган го, карылык ошого эле жеткенсип, көзү көрбөй, кулагы да укпай калыптыр.

– Мээси да иштебей калды, – деп кошуп койду Бечелдин аялы.

– Мына, айтпадымбы! – Жантак алаканын жайып каткырды.

– Бирок, – деп Бечелдин аялы алда неден тарткынчактагандай болду, – канткен менен нечен жыл бирге жашабадыкпы, кызым да бар эмеспи...

– Ушу сени түшүнөт деп айткан кайран сөз! «Эшекти отко айдаса бокко качат» деген ырас экен го. Ушундайыңдан шоруң кайнап, өз тамырыңды өзүң кыйып жүрөсүң да.

Жантак ошентти да, балык көз румкени каргытып жиберип, чекесин таянып, кабаарып отуруп, кайрадан кайнап чыкты:

– Атаганат, мен аял болуп калсамчы, кудай сендеги сулуулукту маа берсечи, не менменсиген эрлердин көз жоосун алып жашабайт белем!

– Тообо! Тообо! – Көчкүн жакасын кармалады, – тагдырына таарынган далай эрди көргөмүн, бирок аял кылбадың деп наалыган эрди тунгуч...

– Наалыса эмне экен?

– Уят-ардан үч күн мурда туулган таамай сен турбайсыңбы, батчагар!

– Уят?! – Жантак Көчкүндүн көзүнө сайылчудай тигиле тиктеди, – Эй, акмак, билесиңби, азыр кайсы заман?! Бирдеме болсо эле уят-уят... Эмне деген түгөнбөгөн уят ал. Түшүнсөң да ушу, түшүнбөсөң да ушу, уят дегендин атасы алда небак өлүп, энеси эчак эрге тийип кеткен.

– Кой, болду, – Көчкүн теңселе оордунан туруп тигиндейректеги бош үстөлдүн үстүндө койгон саңсаң жакалуу палтоосу менен зым оролгон табылгы саптуу камчысына кол созду, – сени менен жаакташып отурууга чолом жок, мен кайтайын.

–  Олтурсаң боло, – деди Бечелдин аялы конок ээси өңдөнүп.

– О, олтуруңуз, бирге кайтабыз, – деди булардын сөзүн каткырыгы менен коштоп отурган Жоке.

– Ыракмат! Мал-баран бар, катын бала-бар.

– Бар, барсын! – Жантак аялдан мурда жооп кайрыды, – барсын, тиякты карышкыр кырып кетпесин!

Ал сөздү капарына алчу түрү жок Көчкүндүн. Кулактын кыры менен узатты да, палтосун жа-ай топчуланып, камчысын бүктөй кармап, коштошпостон эле үңкүйүп, боткенин эшигинен эңкейип чыгып кетти. Жантак болсо аялдын зымдай ичке белине билегин ороп, колтугуна кыса кучактады...

8.

Шейшеби толуп, табарсыгы сыздап чыкканынан улам Бечел ойгонуп кетти. Жаны жер тартып, жалкоолугу кармап турса да аргасыздан көзүн эрине ачып оордунан турду. Караса, жанында кызы, бир булуңда койчу жигит, тигиндейректе Бердалы коңурук тартып бүкүлү бойдон уктап жатат. Үстүнө жаап койгон жамынчыдан жарым денеси ачык. Аял менен Эркебай көрүнбөйт. Бечел оюна эч нерсе деле алган жок. Тезирек заарасын төгүп келип уйкусун улантмак болуп эшикке чыкты. Ошондо үймөк түбүнөн ычкырын көтөрүп жаткан Эркебай менен аялды көзү чалып калды. «Кайран катын! Жаш жигиттин белин суутуп жүргөн экен да!» деген ой заматта шак этти мээсине. Анан антип ойлорун ойлоп, көрөрүн көрүп, көрүүгө тыюу салынган нерсени кокус көрүп калгандай жүрөгү шуу дей түштү. Эч нерсе көрбөгөн болуп артына кайрылды да, карбаластап, колуна чачырата заара кылып, мүдүрүлүп-сүдүрүлүп үйгө кирди.

Көп узабай аялы, андан соң Эркебай кирди. Баары уйкуда, тек Бечел гана жуурканды чүмкөй жамынган менен уйкусу чайыттай ачылып, тигилердин тырс эткен үнүнө дейре кулак түрүп, «кашайган жаным, кайдан да чыга калдым» деп өзүн өзү жемелеп, жүрөгү үшүп жаткан. Аңгыча жууркан акырын сыйрылып ачылды, Бечел көзүн чылк жумуп алган:

– Ач көзүңдү! – деп шыбырады Эркебай муздак колу менен муунта кармап.

Бечел көзүн жүлжүйтө ачып Эркебайдын бетине тике карай албай карегин дубал жакка ала качты эле, тигинин дубалдагы дөөдөй сүрдүү көлөкөсүн көрдү.

– Эмне, бизди аңдып жүрөсүңбү? – деген акырын, бирок зилдүү чыккан үн Бечелдин ыйманын учуруп жиберди.

Мындай болорун ким билиптир иттики! Эмне деп актанарын билбей тили оозуна капташа түштү.

– Жо, жок. Мен жөн эле, заара кылайын деп...

– Калып мас болуп... Уктамыш болуп... Аңдып жаткан экенсиң го!

– Жок, айланайын...

– Эмесе оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук. Кокус оозуңан чыгарат экенсиң, мынабу калдагай башыңды камгактай учурам!

– Чыкпайт, айланайын, чыкпайт...– деп шыбыраган Бечелди тиги дагы бир жолу муунта кармап барып бошотту.

Эртең менен таң заарынан туруп, кызын жетелеп үйүнө кетти. Ал күнү кайрылып кайра барган жок. Улам жалтактап жогорку жолду карап коёт. Качан келип Эркебай ыдык көрсөтөр экен деп жүрөкзаада. Кечкисин көзүн жумса эле Эркебайдын дөөдөй көлөкөсү көз алдында калбактап уйкусу качып, тынчы кетти. Анан баягы эле көкбөрү тарткан күндөрүн, дүкөнчү аялды эстеп өзүн алаксытты. Атаганат, турмуштун баары ошо улакка чаап бараткандагыдай болсо кандай сонун дейт. Тизгин-чылбыр өз колуңда, каалаган жагыңа, каалагандай чабасың. Кара жерди төрт туяктын алдында чимирилтесиң, бирок турмуш андай эмес. Турмуш сени чимирилтет экен. Турмушуңдун тизгин чылбырын өзүң кармай албаган соң жолуңду ар ким ар кай жакка буруп кетет экен го... Бул Бечелге чейин да ушундайбы, же Бечелге келгенде эле ушинтип калдыбы? Аны биле алган жок. Ошентип кыялдын кыйырына чыга албаган Бечел ооналактап жатып, түн ортосу оогондо барып көз илди. Таңдын атканын билбей калыптыр. Таттуу уйкуда жаткан. Капысынан жаман үйдүн эшиги карс ачылып ойгонуп кетти. Көрсө, күн шашке болуп кетиптир. Бердалы чайга чакырып келиптир.

– Кыйкырып жатып үнүм бүттү, өлгөн немедей жым-жыртсың, акыры эмне болду деп өзүм келдим, кашайгыр! – деди Бердалы убара болгонуна ачуусу келип.

Бечел аны »аздан соң барам« деп узатып койду. Бирок баргысы келген жок. Баргысы келди, бирок Эркебайдан коркуп ал күнү барбай калды.

9.

Ай башы күнү кечинде жин чырактын үлпүлдөгөн жарыгынын түбүндө олтуруп Бечелдин кызы айтып калды:

– Ата, апам качан келет?

– Келет ко эми, келер убактысы болуп калды.

Кыз оордунан туруп оң бутун көтөрүп тилек кылды:

– Оо, кудай, апама жол бере көр!

»Муну кимден үйрөндү экен?« деп ойлоду Бечел. Кызы апасын сагынган экен, көп сурачу болду. Жүдөп да кетти. Бала үчүн эненин мээри башкача тура...

– Эми элдикине барбайбызбы?

– Не болду? Баргың келип жатабы? – Бечел зырп эткен жүрөгүнүн дирилин жашырып ушинтти.

– Жо, барбай эле коёлучу, – деди кыз атасынын мойнуна асылып. – Өзүм эле үйдө чай кайнатып берип турам.

– А эмнеге? – Бечел таңыркай карады.

– Болдучу, баргым келбейт, мас болот экенсиңер, анан...– кызы бышактап ыйлады.

Бечелдин каңырыгы түтөп кетти. Көрсө, кыз чоңоюп калган тура, ит ооздордон жаны жадап, өз үйү, өлөң төшөгү экенин түшүнүүгө жетишип калган тура...

Тиги Бердалыдан жогорку кошунасынын үйүнө бир күнү барышкан. Бечелдин кызынан кичүрөөк мунар деген кызы бар. Ошол келсе ойнойм деп күтүп жүрчү ала жаздай. Антсе анысы атасы үйрөткөн ырын ырдап Бечелдин кызын ардантыптыр:

Бечел абам тайпак,
Баскан байпак,
Ичи кеткен,
Төө тепкен.
Азыр келет көрөсүң,
Күлүп жатып өлөсүң...

Бечел мындай сөзгө терикчү эмес. Кайра былтыр эле «ыр» дегенге тили келбей «ый» деп чулдурап жүрдү эле. Чоңоюп калган тура деп сүйүнүп коймок. Бирок кызы антип жөн-жай кабыл албаптыр. Ыза болуп ыйлап кирди сырттан. Антсе үй ээси болгон кыз атасы кызынын кылыгына ачууланмак түгүл аны коштоп «Бечелдин кызы ыйлаак тура, энесин тартып» деп ансайын ызага бууган.

– Макул, – деди Бечел кызынын жашын сүртүп, – бирок эртең айт эмеспи.

Ушуну айткан Бечелдин эсине дагы бир нерсе түштү. Ырас, айт демекчи, ушу кудайдын улуу күнүн бир жуунуп-тазаланып тосуп алса болмок эле да. Жок дегенде кызын жуундуруп койгондо го. Баягы аялы айылга аттанар алдынкы күнү кызы экөөнү жуундуруп кеткен бойдон жүрүшпөйбү шакшактап.

Кызын жуундурууга эми кеч болуп калды. Жылуу суу да жок эле. Суу жылыткыдай отундун да дайны жок экен. Кечке бекер отуруп бир кучак отун сындырып койбогонун көрчү.

– Ыйлаба, ыйлабачы, каралдым! – Бечел жүрөгү сыздап, кызынын жашын сүрттү, – Апаң эртең, бүрсүгүнү келип калгысы бардыр, базарлыкты мол алып келер. Мүмкүн сага айтта кийгидей кийим да ала келер, сен аны кийип аласың, анан чогулуп бирге айттайбыз.

Кыз жаңы кийим кийип алып ата-энеси менен бирге айттап жүргөнүн элестетип кубандыбы, айтор, тынчып калды. Бирок жаткан соң түн ортосунда түшүнөн чочуп ойгонуп, дагы ыйлады. Буулугуп жатып атасына түшүн айтып берди.

– Коркуп жатам! – дейт ал атасына, корккону дирилдеген үнүнөн да билинип турду.

Жаман түш көрүптүр кыз. Түшүндө үйдө олтурса апасы сырттан чакырыптыр. Апам келген тура деп кыз жүрөгү делбиреп талаага жүгүрүп чыкса, апасы энеден туума жыпжылаңач. Ал эле болсо бир жөн. Энесинин үнү менен башы кишиге окшосо да, өзү айбанча төрт буттап жүрөт дейт. Кулач болгон куйругу бар имиш, анысын шыйпаңдатып коёт дейт. Айтуунун өзү кыйын экен, айта албай жатып араң айтты. Ошондон жер кулагын тундура чыңырып алып ойгонуп кетиптир кыз. Угуп алып Бечелдин ыйманы кырк кез учту сокур түндө. Эмне деп айтарын билбей шалдырады.

– Түшүң түлкүнүн богу, – деди мукактана.

Дагы эмне дечү эле, көп сөзү болчу эле го, бирок мындайда эске түшпөй калганына кыжынды ичтей. Эрөөн алып жаттап койбогонуна өкүндү.

– Болду, эч нерсе жок, коркпо, каралдым, түшүң караңгы түн менен кетсин! – демиш болду.

Кыз болсо басылбай кыйлага чейин ыйлады. Же таң атсачы, мындайда эки түн кошулуп кеткенсип таң кылаасы алыстап кетет эмеспи... Кыз ошентип өксүп жатып кыйлада барып жаны сеп алып уктап калгандай болду. Бирок Бечел кирпик иле алган жок, кызынын түшү кыялын буза берди.

Эртеси кыздын өңү кер сары тартып, көзү чычаладай кызарып чыгыптыр, сары куйка чачтары уйпаланып үксүйөт. Эски чапанынын этек-жеңи чолтоюп, кири бир ээли. Эки-үч күндүн алдында муздак сууга шапшып жуумуш болуп жаткан, ага тазара коёт дейсиңби, кыздын чапаны кири чыгып өңү ачылмак түгүл, ансайын батташып калгансыйт. Ансыз да булактын суусу кичине шор өңдүү. Эл кыр-коогун кар эритип алып ошонун суусу менен жууп жүрүшөт.

Ырас, суу демекчи, ушу Жан-Чыкпаста төө көзүндөй болсо да тиги булактын болуп калганына шүгүрчүлүк, антпегенде суу ташымак да бир муң болмок. Кай бир кыштоолордо суу жок, малчылар тээ өзөндөн, Бечелдин баягы жаздагы журтуна барып сандыкча кылып муз чагып, өгүзгө артып алып чыгып, көлөкөгө таштап коюп четинен эритип ичип жүрүшпөйбү. Бечелге бүткөн кайдагы өгүз бар эле антип артып чыккыдай, ал эмес бу бир ууч эмерегин да кошунасынын унаасы менен ташып келип жатса. Өзүндө болсо жалгыз бут артаары баягы аялы минип кеткен аты. «Байкуш атты бул кезге чейин сообун колуна берип ырбыйтып бүтсө керек: бирде ач, бирде ток кылып» деп Бечел аялынан көрө ошол атынан көбүрөк сар-санаа болуп жүрдү бу күндөрдө.

Таңкы чайын эптеп өз үйүнөн кайнатып ичишти каткан нан менен. Эмитен эле тиштен айрылып бүткөн Бечел каткан нанды качыратып жемек кайда? Чайга чылап, жумшартып араң жеди. Нан жеп жатып азыркы нандын негедир күчү жок, даамы жок, кубаты жогуна таң калды. Илгери жаңы жапкан нандын жыты күнчүлүк жерден мурунду жарчу эмес беле ач курсак жандын шилекейин чуурутуп. Анан муштумдай нан жеп койсоң, кадымкидей күптүү кылчу. Азыр бир нанды бүтүн жесең да бекер, азыр тойсо, азыр ачат курсагың. Эмне балээси бар экенин ким билсин. Берекенин качканы ушубу же. Адамда да жан жок, Бечелди бечелсинтип жүргөндөрдүн да алы белгилүү. Өзгөчө жаштар улакты жөндөп эңе албай, бири аттан түшө калып, Экинчисине өңөртчү болуптур. Ошо да оюн болобу! Илгеркидей тоодон тоону жөө кыдырып, жылаңайлак бутун таш тилип, айрылып кетсе кайыш менен көктөп алчу алптарды азыр көзгө сүртөргө жок, атүгүл айтса кулак ишенбейт. Чай үстүндө Бечел ошол ата-бабалар жөнүндө кызына кеп салып берди. Кыздын кабагы ачылар бекен деп ошентти, ата-бабалардын баатырдыгы кыздын көңүлүн сергитер деп ошентти, көз карегиндей кызынын түндө көргөн түшүнөн алаксытайын деп ошентти...

Алар чайын ичип, үстү толбогон дастарконун жыйыштырып, жепирейген кыйшык үйүнөн чыкканда асман ала булуттанып, күн кабагы киртийип калыптыр жаш төкчү көз кыязданып. Тээ ылдыйкы кашатта жалгыз түп »Касийеттүү четин« жалбырагы тонолгон чырпыктай үксүйүп, капалуу жандай тунжурайт.

Айылда болсо бул кезде мечитке барып, айт намазды окуп кайтмак. Намазга чейин молдокелер шарият айтып, адамдарды туура жолдо жүрүүгө, исламдын ыйык шарттарын аткарууга чакырмак. Өзгөчө арактын арамдыгын айтып, кайра-кайра эскертмек. Бирок ага болбой эле, Бечел мечиттен чыгары менен досторуна кошулуп үч-төрт үйгө айттамак да, анан баягы эле дүкөнчү аялдын дүкөнүнө барып аракка уукмак...

Айт демекчи, Бечел дүкөнчү аял менен акыркы жолу беш жыл мурда, айт күнү жолуккан, жолукмак түгүл кечкисин ошонун үйүндө конуп калган. Аны көп киши билбейт.

Ал күнү айылга, тээ ит өлчүдөгү агасынын кыштоосунан таң азандан түшүп келди. Анан эл катары намазга катышты. Бисмилладан башканы билбесе да эл турса туруп, жыгылса жыгылып, элдин оозу кыбыраса кошо кыбыратып, кулак какса кулак кагып, көңүлүндө жүргөн арзуу армандарын айтып, кудайдан жакшылык тиленди. Намаздан чыгып агалары менен бирге көрүстөнгө барып атасынын арбагына атап куран окушту. Андан соң түшкө чейин жакын туугандарынын үйлөрүнө барып, айттап жүрдү. Түштөн кийин баягы дүкөнгө тартты. Алгач апкаарып, эшик алдына барарын барып, түшөр түшпөсүн билбей эки анжы болду. Аңгыча терезеден ичтегилер көрүп калды окшойт, жашырак жигит баш чыгарып кыйкырды:

– Ой, Бечел байке, түшүңүз, түшүңүз.

Бечел аны жакшы тааный алган жок. Бейтааныш кишилердин арасына киргенди жөн көрбөй, атын бура тартып кеткиси келди. Ага болбой эле ичтен күндөй жарк этип дүкөнчү аял чыга келди! Ак жашыл көйнөк кийип, кызгылтым жоолук салынып алыптыр. Жүрөк жылыта жылмайып туруп калды.

– Барсыңбы? – деди анан ортодогу үнсүздүктү бузуп.

– Кудайга шүгүр! Бар элемин. Өзүң кандай? – Бечел жанданды.

– Өзүң көргөндөгүдөй эле.

Бечел аттан түштү. Ичте эки-үчөө арак ичип отуруптур. Баары эле өң тааныш. Сураша келсе мурда кездешип эле жүргөн, бирок ал кичигирек балдар экен. Ошолор менен бирге ичип отуруп калды. Сөз аралыгында баягы улактын кеби болду.

Күүгүм маалда Бечел кайтууга ыңгайланды, бирок тигилер коё берер эмес. Улам бири аракка зордой берди.

– Ичпейим, – деди бир кезде Бечел.

Иче турган алы да калган эмес. Антсе тиги отургандардын бири таш кенедей жабышкан неме экен.

– Ичесиң! – румкени Бечелдин оозуна такады. Бечел анын чекчейген көзүнөн ийменип румкени колуна алды да, көз сүзүп тартып жиберди.

– Эми мен кайтайын.

– Каякка? – жанагы неме болбоду. – Биз кайтмайын кайтпайсың. Соорундун жөрөлгөсү ушундай.

– Илгери мындай эмес болчу! – Бечел булдуруктады.

– Илгери мындай эмес болсо, азыр ушундай.

Бечел улам обдулуп кетем дей берген соң анын чокоюн чечип алдына басып отуруп алышты.

– Кана, жылаңайлак кеткениңди көрөлү... О-уу, бутуң шыбоо болуп кетиптир го. Кел, дизенбексыялап коёлу!

Ошентти да бир румке аракты жаба куюп жиберди.

Аларга оюн керек болгон окшойт. «Жаштарыңдан адеп качкан экен» деп ойлоду Бечел. Эми өздөрү ичпей эле Бечелди кыйнай беришти.

– Ич. Ээн тоодо жатып аракты да сагынсаң керек. Ичип ал бүгүн!

Баш чайкап, тиштиккен Бечелдин бетине чачып жиберди. Анан шише менен эле башы ылдый куюп жиберди.

– Ха, ха, ха. Ал жуунуп ал биротоло. Мына ичпесең!

Ошондо нарыдан дүкөнчү аял атып турду.

– Эй, акмактар! Жоголгула!

– Ишиң болбосун! – жанагы зөөкүр чалыш да бакырды, – бооруң ачып жатабы. Сени издеп келсе керек да. Кебетесин көрсөң! Ашык болгон кишисин кара!

Көрсө, бул жигиттин дүкөнчү аял менен кандайдыр тууганчылык байланышы бар экен. Анан илгерки Бечел менен ал аялдын арасындагы окуялар ошол туугандардын жүзүнө бир аз чыркөө болгон окшойт. Ошонун кегин кетирбей алып жаткандагысы экен.

– Дүкөнгө улак таштагандын кандай болорун көрсөтөм азыр буга! – дейт жинденип. Анан экинчи шишенин оозун ачып Бечелдин оозуна тыкты.

– Тарт! – аял жүгүрүп келип шишени жулуп алды,– Кандай акмаксың?! Качантан бери менин жан ачырым болуп калдыңар?!

– Эмне, ушу Бечелдин сөзүн сүйлөп калдыңбы? – тиги ызадан жарылчудай болуп көзү канталап чыгыптыр. – Коргоп калган экенсиң го. Эмне кылганына? Элге күлкү кылганы үчүнбү?!

– А төөдө сенин жүгүң жок!

– Мына эмесе!

Оордунда ыргалып араң турган Бечел чак эткен муштан улам чалкасынан кулап түштү. Дагы тепкилемек болду эле, аял анын башын басып жыгылды.

– Тыйбегиле дейм!

Тигини жанындагы экөө эки колунан алып эптеп алып чыгып кетишти.

Аял Бечелди башынан сөөп тургузду. Лөңгү алып келип бетин сүрттү.

– Ооруп атабы? Акмак десе, оңдурбай урбадыбы? – деп аял чыр айланат. А Бечел аялдын мээриминен чексиз бакытка бөлөнүп турду.

Дүкөндү бекитип сыртка чыгышты. Асман ачык экен. Жанагы мастардын карааны көрүнбөйт.

Бечел атына мине албады. Мингиси да келбеди. Өзүн колтуктаган дүкөнчү аялга сөөнүп, өмүр бою ушинтип катып калгысы келди. Айлана да эч ким жок эле. Бир колу менен аялдын мойнуна асылып, бир колу менен атынын жалын тутамдап турган ушул түн анын эсинен өмүр бою өчпөс. Ошондогу жол боюндагы арыктан шылдырап аккан суунун добушу күнү бүгүнкүдөй кулагында.

– Бул түрүңдө кете албайт окшойсуң. Жүр менин үйүмө эле конуп кал. Үйдө эч ким жок.

Бечел «мейли» дегенсип ыңырсып койду.

Аялдын үйү дүкөндүн арт жагында эле экен. Атты дарбазадан киргизип байлап койду. Андан үйгө кирерде гана Бечел үстүнүн баары аракка чыланганын эстеп ийменип калды.

– Мен үйгө кирбейм. Сыртта эле жата берем.

Аял ага болгон жок. Үйгө алып кирип ысык чай берди. Кысылып кымтылар түрү жок. Бечелдин тырышканына болбой кийимдерин чечтирип, өзүн төшөккө жаткырды да, наркы бөлмөсүнө, кир жууганы чыгып кетти.

Эртең менен ойгонсо, үйдө жалгыз жатыптыр. Кийимдеринин баарын тап-таза жууп, кургатып, атүгүл көптөн бери шымынын жамалбай жүргөн айрыгын да бүтөп, жанына коюп кетиптир. Аны көрүп уялды. Шашылыш кийинди да, атын дарбазадан акырын жетелеп чыгып кетти. Ошол бойдон кайра айланып ал дүкөнгө барган жок. Эртеси эле бул жакка аттанып кетти.

Мезгилдин көчкүсү көмүп калган ал күндөрдү эми кайрадан күрткү алдынан сууруп алчу күч болсо гана?!

10.

Ушул күнү унчукпай үйүндө жата бергенди туура көргөн жок. Анын үстүнө кечээ Бердалы өзү келип чакырып кетпедиби. Эркебайды эстеп жүрөгү үшүп турса да, башка салганын көрмөй болуп жалгыз аяк жол менен жануурлап жөнөп калды.

Бечелдин аялы ошол биринчи айт күнү кечкурун келди, жолго чыкканына үч күн болуптур, оозунан тамеки аралаш арактын жыты буркурайт. Аты буроодой болуп ачка. Аны күтүп кызы үйгө эртелеп келип алган. Энесин көрүп ыйлап жиберди. А Бечел болсо Бердалынын үйүндө арак ичип олтурган. Көзүн чылк жумуп, кызымтал болуп чыңалып, бар үнү менен муңкана ырдап жаткан. Бул жерде ушундай. Эч ким эч кимдин ырын укпайт, бирок эч кимдин да ырдабай калгысы келбейт.

Сени неге жолуктуруп тагдырым,
Сени менден неге бөлдү кудайым?...

Аңгыча кызы жүгүрүп келип сүйүнчүлөгөндөй, атасынын мойнуна ороло кетип айтты:

– Апам келди!

– Турчу нары! – эзели чекесинен чертпеген кызын мыртыйган колунун сырты менен четке какты. Эртемененкинин бири жок, кызын кыртышы сүйбөй олок этти,– Келсе кантейин?!

Кыз томсоро түштү. Атасын да өзүндөй сүйүнөт деп ойлосо керек, кызыл өңү бозоро түштү. Анан акырын айтты:

– Апам чакырып жатат...

– Ой, апаңдын так... Бар, бара бер, барам анан.

Ошентти да, алдында турган балык көз румкени каргытты.

– Капырай, жан кирип калган го буга, – деп күлүштү жанындагылар, анан Бечелдин кызына айтышты. – Апаң арак ала келиппи?

Кыз аларды алая бир карап койду да, унчукпай чыгып кетти. Казан-аяк менен алек болуп жүргөн аял кейигендей баш чайкап, тирмийген кызды узата тиктеп калды.

Баятан бу кыз жөнүндө да сөз болгон, ал да аялдан башталган. «Эркек туубаган аялдын эмне кымбаты, кыз дегениң элдин мүлкү. Эсейери менен эрге тийип жоголот. Уулуң болбогон соң дүйнөнүн кордугу ошо де. Өлсөң изиңди басар, ордуңду толтурар уул гана? А кыз дегениң... Айтор бар эле болсун» дешкен тигилер. Ошонун уусу тарай элек болчу Бечелдин мээсинен. Ал аз болгонсуп аракка тойгон немелер дагы оттоду оозуна келгенин.

– Эй, Бечел, деги ушу кыз өзүңдүкүбү? – деп калды уурунун союлундай болгон узун Шаршеке.

– Анан кимдики дейсиң?! – деди Бечел кыжырлана.

– Ким билет... Же сага окшобойт, же аялыңа окшобойт, жолбун сийдиктерден сообу деги? Ха, ха, ха... Жанагы Жантак деген неме менин кызым деп айтып жүрөт ко.

Бердалы менен Эркебай санын чаап каткырып калды.

– Жантагыңдын энесин так... – Бечел күйүп кетти,– Бок жейт ал...– Бечелдин оозунан чачыраган шилекей Шаршекенин бетине чачырады.

– Жинденбе,– Бердалы күлкүсүн тыйып Бечелдин тизесин басты,– мен сага айтайын, «бакпаса мал жоголот, карабаса катын кетет» деген бар. Катыныңа жакшы карабайсыңбы анан. «Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт», эл деле бекеринен айтып жаткан жок да. Андай аялды камчынын алдына алып ийлеп туруш керек, теске салыш керек, илгерки Аянаалынын аялындай кылып Жан-Чыкпастан учурса да эп, канча айтам саа?!

Тигиндейде отурган Бердалынын аялынын көзү алайып, жүрөгү оозуна капташа түштү. «Сен өз аялыңды тыйып алчы» деп Бечел абийирди ачабы деп чый-пыйы чыгып кетти.

– Койсоңчу, Бердалы, оозуңа келгенди оттой бересиңбы?! – Бечелден мурда озунуп эрин какты.

Бечел да бирдемени айтмак болуп чулгуй берип, өзүнө канталаган көзү менен кадала тиктеген Эркебайга кареги чагылыша түшүп мукактанып калды.

– Эми караңгы түшө электе үйүңө кайтсаң болчудай, көп ичип коюп Жан-Чыкпастан учуп кетпе, – Эркебайдын зекий айткан сөзү Бечелди сергите түштү.

– Мейли,– Бечел дароо макул болду.

Ал үйүнө кыйла кызуу келди. Алгач үйдүн булуңунда байлануу турган атты көрдү. Айтор, аман-эсен өңдөнөт. Бечелди отко коёр бекен дегенсип окурана жыттагылап койду. «Кичине тура тур. Аздан соң жогору апарып агытып келейин, жаныбарым» деп жалын салаалап тарады.

Үйүнө кирсе аялы күнөөлүү күчүктөй кыйпыңдап калыптыр. Келгенден бери эч эс алган эмес өңдөнөт. Чачылып жаткан жууркан-төшөк, кийим-кечек бүт жыйналыптыр, ийдиш-аяк да иреттелип, мештин оту таптуу, ызылдап чөөгүндө чай кайнап турат. Бирок ал жылуулукту сезбегендей, таназарына илбегендей ачуулуу кирди Бечел:

– Сен эмне өлдүңбү? – аялын жеп ийчүдөй тиктеди,– Нечен күндөн бери эмне кылып жүрдүң?!

– Жумуш бүтпөй...– деп кайсактады аялы.

– Кайдагы жумуш ал? О, касиетиңе сийейин! – Бечел бет багып тик келген жок, бирок чокойчон төргө чыгып, көчүк баскан жеринде күңкүлдөй берди.

Аялдын жообу даяр экен баарына, оозу оозуна тийбей шакылдап, кайдагы-жайдагы шылтоолорду жорголотуп, атүгүл дүкөнчү аялдын саламын айтып, ал берип жиберген аракты алдыга коюп Бечелдин ачуусун басты.

Сырттай түнөрүп сыр алдырбагансыганы менен «менин перизатым, унутпаган экен го!» деп ичинен жыргап отурду. Көрсө, анын жүрөгүндө да бар экен го. Баягыдай кеч дагы бир оролсо... Дегенди да кыялдап жиберди.

Алар жай олтуруп чай ичишти, чайдан соң экөө олтуруп дагы аракка киришти. «Дүкөнчүңдүн арагынан маа да ооз тийгизерсиң-йе» деп шишенин оозун ачып жаткан Бечелге аялы тамашалап койду.

Алгачкы аңгеме кызы жөнүндө болду. Келерки жылы аны окууга берүү, кимдин үйүндө жаткырып окутуу жөнүндө жапжакшынакай кеп куруп олтурушту.

– Элдин мындан да кичик балдары сумка асынып мектепте жүрөт, – дейт Бечелдин аялы.

Мурда шаарда эле болчу. Бала бакча дегени быйыл күз айылга да ачылыптыр. Эми араң төрт-беш жашка илинген балдар ошондо окуп жүргөнүн көрүп, акылы айран таң болуп жакасын кармап келиптир аялы. Мына ошолорду, анан андан да башка уккан-көргөнү жөнүндө кеп салып олтурду ал. Бечел кызы экөө да бияктагы күндөрүн жарыша баяндап, алгач жакшы отурушкан, бирок кийиндеп кайра чүкөлөрү чачылды.

Бечелдин эсине оюн-күлкү десе жүнү жата калчу бу аялы жөнүндөгү мастардын биринин «Бечелге кор болгон кайран аял» деп тамшанганы, дагы бирөөнүн «ушуга кор болгон кайран өң-далат» деп кейигендери түштү. Арактын уусу өткөн сайын акылына жин аралап, тиги Бердалынын үйүндөгү ызасы эми башына тепти көрүнөт:

– Кет! – деди ал кол шилтеп,– сендей неменин кереги жок. Башыңды кесип алам! – бул анын ачуулангандагы адат сөзү эле.

– Кетпейм!– эми аялы да каяша айтты. Анын да жүрөгү чоңоюп калган эми аракка көөп, – Коркутканын жаманын, башым сенин колуңда туруптурбу? Кайсы жазыгыма кубаламаксың?!

– Кайсы жазыгым? Айткан сөзүн көр, шишиң толду сенин, көрсөтөм көргүлүгүңдү!

– Көтөрүп турган асманың болсо таштап жибер! – деди аялы Бечелди жеп ийчүдөй тиктеп.

– Ой, былжыраган энеңди... Сенсиз мага катын табылбай калат бекен, ыя?! Чекесинен чертип жүрүп тандап алам! – Бечел сөөмөйүн кезеп, аялын көздөй теминди.

– Олда шоордуу, ай, черттирип коёт дейт саа,– аялы мурдун чүйрүдү. Бечелге караганда ал алда канча устукандуу эле.

Экөөнүн аразы улгая түштү. Бечел кызыл күрөң тартып чыңалып чыкты. Оозунан шилекейи чачырап, үнү чайылдап, жаңылыш коюлуп калгансып кичик денесине ылайык келбеген чоң башы калчылдады. Акыры бошогон шише менен аялын башка чапты. Тиги да тим калган жок, тим калмакпы, тилин тарткан жок. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, узун үбөлүктү ала коюп Бечелге беттеди:

– Сени сен кылып жүргөн мен эмей ким, ия?!

Бечел булуңда жаткан бош чылбырды колуна алды.

– Оо, энеңди... Мен сени илгерки Аянаалынын аялынча кылбасам, сөөгүңдү сөпөт, этиңди эпет кылып тынбасам атым өчсүн, уктуңбу, атым өчсүн!

– Сенин атың эбак өчкөн!

Ошентип эми алар талаага карай сүйрөлөштү, үйдүн кыйшык каалгасы кайч эте чалкасынан ачылып, аркасына чабылды. Этегине көз жетпеген Жан-Чыкпастын мейкини күүгүм түнгө оронуп, сүрдүү үңкүйүп жаткан бу тапта кеч кыстатып кирип келген кар эми чындап жаай баштаган экен. Удургуган муздак шамал менен кошо уюлгуган кар учкундары да үйгө жутунуп кирип келди.

Ортодо чыркыраган кыз ата-энесин ажыратарга чамасы жетпей, көзүнүн жашы он талаа өксүп жүрдү. Эчен күндөн бери энесин күтүп зарыккан шагы эми муздай сынып, жүрөгү тытылды. Акыры ал жана эле эшигин катуу жаап чыгып кеткен Бердалынын каалгасын кайра кагууга чуркады. Демейде караңгы киргенде бул жерден жалгыз басчу эмес эле, белгисиз бир коркунуч кадамын тушап, үрөйүн алчу. А азыр башка коркунуч, башка өкүт бийлеп баратты. Күрүлдөгөн шамал да бир жактан желкелеп, кыздын коюн-кончуна кар шыкап, кээде көмөлөтө коюп кетчүдөй уюлгуп уруп жатты.

Кошуналар эмне кылып жатты экен дечи, аракка абдан ууккан немелер уйкунун кызыгына баткандыр, кыз барары менен атып туруп Бечелдин үйүн көздөй жүгүрө коёр бекен? Же жастыктан башын ала албай, эркеги аялын жумшап, аялы батына албай, а болбосо ашпай-шашпай кийинип, Жан-Чыкпастын жалгыз аяк жолунан сактана басып, оолжуп жеткиче тигилер эмне болор экен деп кыздын эси чыгып баратты.

Тызылдап алынын барынча жүгүрсө да жол арбыбай, оюна ар балээ кетип муунун алып баратты. Атасы бүгүн чындап эле айтканынан кайтпай, кылам дегенин кылып койсо эмне шумдук?! Кыз ушуларды ойлоп жүрөгү үшүдү. Анан апасынын долулугун да эстеди. Эгер чылбырды Бечелдин колунан жулуп алып, кайра Бечелдин өзүн тырыштыра таңып, Жан-Чыкпастын жалама жайдак бетинен учуруп жиберсечи?.. Кипкичине эт жүрөгү көөдөнүн жарып чыкчудай тепкилеп, дүрсүлдөп баратты.

– Кудай, ай, кудай,– дейт анын жүрөкзаада зардеси,– бир кокус болуп кетпегей эле! Бир кокус болуп кетпегей эле!..

2004-жыл. Көк-Терек айылы.
2012-жыл. Үрүмчү шаары.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз